АҢГЕМЕ

(Жаныбек Райга арнайм)

Эң мурда мен анын сүрөт көрсөтмөсүнөн катуу таасир алдым. Чынында сүрөт өнөрүнө жыргатып түшүнчү эмесмин. Ошол кезде Айтматовдун баскан-турган изинен өйдө кызыгып жүргөн кезим. Анан гезит беттеринин биринен «Кыргыз Пикассосунун сүрөт көрсөтмөсүнө биздин ааламга белгилүү улуу жазуучубуз да катышат» деген кабарды окуган үчүн сүрөт көрсөтмө уюшулган жерге келгем. Мен мурда-кийин мындай көрсөтмөлөргө катышпагандыктан чоң залда илинген сүрөттөрдүн салтанаттуу ачылышын күтпөстөн көрсөтмөнүн эң төрүнө өтүп алыптырмын. Аңгыча ошол жердеги бир чети жыгач устадай, бир чети кароолчудай көрүнгөн неме:
– Бул жакка лента кесилгенден кийин киресиз, азыр мындайрак туруңуз, – деп калды.
Карасам, чын эле менден башка казкатар тизилген эл лентанын сыртында турушат. Четке чыга берип, лентадан обочо тургандардын катарына кошулдум. Ангыча:
– Көрсөтмөнүн автору сизби? – деп эки-үчөө жандай калганынан, мен да жөн турбай:
– Ооба – дей койдум. Тигилер ошол замат:
– Сиз менен жакындан таанышууга мүмкүнбү? – деп шак эле бучкактан алганда,
– Жок! – деп кайра безге сайгандай секирдим…
– А биз көрсөтмөнүн автору сиз экен десе…
Ал ангыча дүркүрөгөн кол чабуулар башталып, залдагыларга башын ийкегилеген Чыңгыз Айтматов менен бирге Төлөмүш Океев пайда болду. Алдын тосуп чыккандар кутучадагы кайчыны колуна карматар замат Айтматов лентаны кыркты да, өзү сөз баштардан мурда жанына сүрөт көрсөтмөнүн автору келишин суранды. Сүрөтчү болсо ортого ошол замат чыга калбай улуу жазуучуну да, элди да күттүрө баштады. Күттүргөн убакыт созулуп баратканда:
– Бүгүнкү маданий окуянын күнөөкөрү өзү кайда? – деп жанында курчап жүргөндөргө кылчайды эле,
– Мына келатат… мына, мына… Бираз кечирип коюңуздар, – деген эки жигит кыйпычыктап атты. Бирок алар «мына келатат» дегенден кийинки элди күттүргөн Пикассо дагы бир нече мүнөт кармалды. Чыксале, баягы мени чыканакка түрткөн кароолчу кейиптенген арыкчырай адам көрүндү. Мындай жупуну, мындай жөнөкөй адамдын сүрөтчү экенине мен эмес, эл да ишенбегенсип турду. Бирок аны улуу жазуучу жакындан тааныйт экен:
– Мына биздин кыргыз сүрөт өнөрүнүн Пикассосу, – деп тааныштырары менен турган эл дагы бир дуулдап кол чапты.
Сөздү улуу жазуучудан кийин түшүнүксүз терминдерди саймедиреген искусство таануучулар улантты. Андан соң Пикассого сөз беришкени менен ал деле «келгениңиздерге ракмат» дегенден башка бир сөз жарытып сүйлөгөн жок. Тургандар Пикассонун ракматынан кийин залдын ичин кыдыра баштады. Мен болсо көрсөтмөнү бир сыйра аралап чыккан соң тез эле келген жолума түштүм.
Ошол сүрөт көрсөтмөдөн кийин көпкө чейин дүйнөдө Пикассо деген улуу сүрөтчүнүн жолун улаган экинчи бир Пикассо кыргыз сүрөт өнөрүндө бар экенин курбу-курдаштарыма жаңылык кылып жүрдүм…
Бир күнү караңгы шаардын ээн көчөсүндө троллейбус күткөн бирин-экин караандын арасында баягы Пикассо деген сүрөтчү отурганын көзүм чалды. Ишенип-ишенбей жанына келип, – Ассолом алейкум… – дедим.
– Алейкум салам.
– Троллейбус күтүп турасызбы?
– Ооба… Негедир бүгүн эрте токтоп калганбы…
– Чыгармачылыгыңыз кандай? – Адегенде эски тааныштарынын бирин тааныбай тургансып бүшүркөп калды…
– Ой, сен… биз кайдан жолуктук эле?
– Сиздин Пикассо экениңизди тааныйм, – дедим.
Анын сүрөт көрсөтмөсүндө бир убакта мен да болгонумду укканга сүйүнгөндөй; кабат-кабат ракматын айтып жиберди. Бул учурда баягы сүрөт көрсөтмөсүндө да залдагы жыкжыйма элге так ушундай алкышын баса айткандагысы шак эсиме келди…
– Мени минтип көчөдөгү эл тааный баштаса, демек, мен да белгилүү сүрөтчү турбаймынбы, – деп жетиналбай күлдү. – Эл сахнага чыккан артисттер менен ырчыларды эле эмес, жертөлөдөн чыкпай иштеген мендей сүрөтчүнү да тааныйт экен го… – Анын шаңдана түшкөнүп көрүп, мен дароо эски таанышымды көргөндөй жайдаңдадым.
– Сен да троллейбус күтүп турасыңбы? Кай тарапка барасың?
– Мен эч жакка барбайм, ушул жерде жашайм, – деп жатаканам жакка кол жаңсадым.
– Анда экөөбүз кошуна турбайбызбы… Менин мастерскоюм мынабуле жерде. Бүгүн керелден кечке бир картинанын үстүндө баш көтөрбөй иштеп, убакытты билбей калыптырмын, – деп жакынкы арада дагы бир сүрөт көрсөтмөсүн уюштурганга камданып жүргөнүн айтты.
«Дос изде, душман өзү табылат», – деп ал мени эски таанышын көргөндөй сырдашкысы келип турду. Анын шар мүнөзүнөн улам экөөбүз дароо эле менин жатаканама келдик. Бөлмөдө жалгыз жашаарымды билип, ал да өзүнүн жалгыздыкта жашаган жашоосу жандын жыргалы экенин айтып, бири-бирибизден жумур сырыбызды да жашырышпай масилет курдук. Анын мага чын дилинен сүйлөп атканы – баш көтөрбөй окуй берер китептей туюлду. Менде ага чейин сөзгө чоркоктун баары сүрөтчү болот деген гана түшүнүк бар эле. Жаркын ой жүгүрткөн анын бетмаңдайында кеп тыңшап олтуруп, сүйлөгөн сөзүнүн маанисинен акылга шоола чачырагансып турду. Мен ошол күндөн тартып анын сүйлөгөндөрүн тыңшаганга жипсиз байландым. Азыр ойлосом, көртирликтин бардык түйшүгүн четке кагып жашаган адамга ошондо биринчи жолуккан экемин. Анткени анын көзкараштарына далайга чейин жетеленип жүрдүм.
Сөз удулу келгенде баягы сүрөт көрсөтмөсү болгон күнү эмнеге ракматтан башка сөз айтпаганын сураганымда, «сүрөтчү андай жерде кылкалем менен сүйлөй турганын көрсөтүүгө гана келет» деген так кесе жообун айтты. Сүрөт өнөрүнүн ар кыл сырын ачып берген оозеки аңгемесинен кулактын кумары канар эмес. Леонардо да Винчи, Микеланджело, Рембрандт, Пол Гоген, Ван Гог, Модильяни, Сальвадор Дали сындуу тагдыры татаал улуу таланттардын өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө айткандарынан кийин, ал да өзүнчө тагдыр күтүп жашаган сүрөтчү экенин туйдум.
Бир чети кыргыз Пикассосу менен күтүүсүз жолугушуп, жакындан таанышып калган тагдырыма кубандым. Бирок алгачкы эле мындай жолугушуу опурталдуу көрүндү. Адамдын кулк-мүнөзүн билбей туруп жакын мамиле түзүлүп калганынан алгач сактандым, чочуладым. Эмнеге чочуладым: ошондогу түн мен үчүн ааламдын жаңы бир эшигин ачты. Анын айткандары менин көзкарашымды далай нерселерден буруп, мен ыйык туткан баалуулуктар тез эле жокко чыгып калбаспы. Ошондо өзүмөн-өзүм негедир тез суудум. Ага чейин Гоген, Ван Гог, Пикассонун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө окуган, билгендеримден да анын айткандары алда канча кызык да, узак да эле. Узак деп айтпас элем, аягы жок укмуштуу аңгеме дүкөн эле…
– Мен да сендей бир кезде сүрөтчүнүн баарысы Пикассонун агымын ээрчип, анын таасиринен чыкпай, эмгектерин сөз кылып жүрүшкөндө, Пикассонун бүтүндөй эмгектери менен таанышып чыккам. Бирок мени Пикассонун кенедей бир нерсеси да таңгалтырган эмес. Ошондо мен Пикассого таңгалбаганым үчүн – өзүмө таңгалгам… – деген текебердик мүнөзү, анын кандай сүрөтчү экендигине мени кызыктырып койду.
Сыртка карасам, таң куланөөк болуп калса да сөзүбүз жаңыдан гана улангандай кызыды. Эми ал Хафис, Жаами, Омор Хаям, Фирдоуси баш болгон Чыгыштын улуу акындарынын поэзиясын окуп баштады. А мен бул учурда анын жанында өзүмдү-өзүм уюган коргошундай сездим. Кийин билсем, угумдуу окулган ошол ырлар өзүнүн котормосундагы эмгектер экен. Биз ал түнү уктаганыбыз жок. Андан кийин да жансырыбызды ачкан далай кадыр түндөрдү өткөздүк.
Көп өтпөй анын сүрөт көрсөтмөсү уюшулмай болду. Ошол күндөрү мен колуман келген аракет менен көрсөтмө уюшулган жерге сүрөттөрүн кошо ташышып, кошо басып, кошо жүргөнүм үчүн мамилеси ысык досторго айландык. Мага бул достук сезим ал күндөрү чоң сыймык эле, бирок ошол сезим бир күнү кайтты. Ал экөөбүз бири-бирибизге сыр билги достордой көрүнгөнүбүз менен бир окуядан кийин ортобуз сууп калды.
Он күнгө уланган сүрөт көрсөтмөсү өтүп аткан күндөрдүн биринде четөлкөлүк меймандар келе турган болду. Бул кабар экөөбүзгө тең кубанычтуу кабар эле. Кыргыз сүрөт өнөрүндөгү Пикассо деген жаңы ысымга бүйүрү кызыган четөлкөлүктөрдүн бирөөсү залдагы чебер иштелген эмгектер менен таанышкан соң тилмечин жанына чакырып, Пикассону чыканагынан жетелеп чекеге чыгышты. Сөздөрү узакка улангандан кийин, четөлкөлүк мейман дубалда илинген сүрөттөрдүн бирине колун жаңсады. Ал сүрөттө жашы 20-21деги жигит босогого келип, бешик терметип отурган арттагы ажарлуу келинге кылчайып, сыртка чыгып баратканы… А сыртта даңгыр жол көрүнүп турат. Ошол жолго кадам шилтер-шилтебесин билбей турган жигиттин чечкинсиз абалы сүрөттө сырдуу туюлат. А эгер сүрөткө жакшылап тигилген адам болсо, жолго чыгып бараткан адамдын санаасын окуй алат…
Негедир ошол убакта менин досумдун шаштысы кармап, көпөлөктөй калдаңдап калган. Бирок бир балээ болуп кетерин сезгеним жок. Калдастап турган Пикассо четөлкөлүк мейман көрсөткөн ал сүрөттү өз колу менен дубалдан алып карматты да, тигинин сунган акчасын чөнтөгүнө салды. Бири-биринин колдорун силкилдетип, бирине-бири ыраазычылык билгизгендей болуп аткан. Көп өтпөй четөлкөлүк мейман шып коюп чыгып кетти. Мен да андан эчнерсе шектенгеним жок. А муну башка четөлкөлүк меймандарга алаксыган Пикассо көрбөй калды. Азыр эле кубанычтуу көрүнгөн Пикассо бир заматта өңү купкуу сустайып, жаныма келди:
– Жанагы сүрөттү сатып алган неме чыгып кеттиби!
– Чыгып кетти… – Бул жоопту угары менен жинди болгондой ордунана тегеренип алды.
– Алдап кеттиби?! – Ал жооп бергендин ордуна онтоп жиберди. Оюмда – жасалма акча карматып кеткен экен десем, андай эместей…
Көрсөтмөнү кыдыргандар дагы бир далай эмгектерин сатып алды. Буга Пикассонун көңүлү шайырланып, кайра мурдагысындай эле жайдаңдап тургандай көрүнгөн, бирок көрсөтмөгө келгендердин аягы суюлган кезде, анын өтүнүчү менен чачылып жаткан чеберканасына жөнөдүк. Жолдо катар өңү сустайып келатканын көрүп, көңүлүн улаш үчүн арнерсени жобурамыш болом, бирок ал менин чебелектегениме кенедей маани бербеген тейде үнсүз келатты.
Чеберканага келерибиз менен мурдарак жаныма салып койгон коньякты сууруп чыгып, үстөлдүн үстүнө койдум.
– Кел, досум… Бүгүнкү ийгилигиң үчүн! – Оозуман ушул кепти угары менен өңү кумсарып кетти. – Не болду сага? – Эч кандай жообун угалганым жок. Кайра мага жеккөргөн адамын тиктегендей көздөрүн акшырайтып ордунан турду да, жаак этинин булчуңдары диртилдеп, ойго чөмүлүп калды. Ал өзү менен өзү тургансып, кимдир бирөөгө ачуусу кайнап атканын сездим. Бираз туруп, муштумдары түйүлүп, бою-башы титиреп кетти.
– Менин бүгүн автопортретим сатылды. А сен «ийгилигиң менен» деп… – Сүлкүлдөп ыйлап кирди.
Мындай күтүүсүз абалга мен күнөөлүүдөй, мага эмнеге буркулдайт? Ичимен кыжаалат болуп, кете турган болдум. Ангыча жер муштагылап ыйлаган бечаранын:
– Бир шүмшүктүн акчасына алданыш үчүн ушунча жыл эмгек кылдым беле? Өз өмүр баянымды акчага сатыш үчүн жашап жүрөмбү! – Боюн токтоталбай, көкүрөгүн койгулап ыйлаган анын жанында селейип каттым. Көз алдымдагы сүрөтчүнүн өпкөсү өпкөсүнө батпай ыйлап атканын көрүп, мен да аны жайына койдум. Ал мага жандан чыккан баласынан ажыраган эне куругурдай көрүндү. Сооротсоң эле кайра күчөнчүдөй. Көкүрөк бугу оргуштап турган ага эмне дешти билбедим. Айлам кеткенде тобокел деп, оозу ачылган коньяктан чай чыныга куюп, колуна сундум:
– Кечирип кой, досум… Андайын мен кайдан билипмин… Мынамуну алып жибер… – Чөйчөктөгүнү шак алып жиберди. Андан соң жоошуп да калгансыды. Эми ыйы басылгандан кийин дагы бирди өзү куюп жуткан соң, шарт ордунан турду.
– Кеттик…
Чыгып, экөөбүз эки тарапка багыт алдык.
Кийин Бишкектин эл кыйма-чийме өткөн көчөлөрүнөн жолугуштук. Саламымды алик алган жок. Колунун учун берип, өтүп кетти. Эмне деди билбейм, оозунун учу эле кыбырады.
Көп өтпөй келинчеги менен да жолугушуп, себебин сурадым.
– Сага абдан таарынып жүрөт, – деди.
– Эмнеге таарынат?.. Же мен анын автопортретин ортомчу болуп сатып ийбесем?.. Болгону «ийгилиң үчүн» деп коньяк куюп бергенимби?
– Так ошол «ийгилигиң үчүн» дегенди бекер айтыпсың. Сага андан башка таарынычы жок. Убагында далай азап-тозок менен жараткан картинасы сатылган күнү ал үйгө ызаланып келди. Сен аны куттуктабай эле табалагандай болуптурсуң. Досуңдун андай кыялы үчүн таарынба, – аяшым менден кечирим сурагандын эртеси Пикассонун үйүнө атайы чыгынып жетип бардым.
Босогосун аттаарым менен ортобузда эчнерсе болбогондой кучак жайып көрүштүк. Жаш баладай анда да ыйлап берди.
– Досум, – дейт – менин автопортретимдин тарыхын билбейсиң. Билсең, куттуктабайт элең да… Ошондо душманымдын оозунан укпай турган кепти сен айтпадыңбы. Аны сенин оозуңан угайын деген эмесмин. Мен ал картинанын үстүндө 25 жыл кан-жанымды берип иштеп, бүткөн күндүн эртеси колтамгамды коёлекте бирөөгө кармата бердим. Он сегиз жашымда үйбүлө куруп, алдымда эки жол турду: же үйбүлөнүн, же өнөрдүн адамы болушум керек эле. Ошондо далай жолу мынабул босогодо туруп, же бешик терметип отурган аяшыңды, же чыгармачылык жолду тандай албай, эки жолдун ортосунда жыйырма беш жыл кылчактап жашадым. Жыйырма беш жыл чайналдым. Менин автопортретимди түзгөн ошол картина азыр өзүмдүн колумда эмес!
Эчкирген ыйды ошондо көрдүм. Боздоп ыйлады. Бир убакта биз отурган бөлмөгө кирип-чыккан аяшка муштумун кеседи:
– Эгер ошол күнү мынабул кан ичкир акча таап кел дебесе, сатпайт элем. «Балдарың жылаңач калды. Үйдө бир сындырым наныбыз жок. А сен өмүр бою өзүң менен өзүң жашап келатасың» дегенин укканда, автопортретим эмес, өзүмдү-өзүм сатканга мажбур болдум. Кулак-мээм тынчып калсын дедим. Картинама көзү түшкөн четөлкөлүктүн кол учунда кытырап турган акчанын үнүн укканда, алданып калдым. Ал да менин көзүмөн акча учуп турганын көрдү. Жалдырап калыпмын… Так ошол замат колума акчасын уучтатты. Автопортретти кармата бердим. Кийин эстесем, картинанын эч жерине колтамгамды койбопмун. – Бир далай тыныгуудан кийин кайра эчкирди:
– Мына, автопортретимдин көчүрмөсү! Кайра тарттым!.. – Дубалды каратып койгон картинаны мага каратты. Алиги четөлкөлүккө сатып ийген картинанын өзү. Бирок кылкалемгердин көргөнүн менин көзүм кайдан көрсүн. Ал өзүнө-өзү кыжырданганын картинадан чыгаргансып, аны жеккөргөндөй дубалга кайра тескери каратты.
– Мен муну бир жумада жараттым. Анан кантип ушуну автопортретим деп айтам! Жыйырма беш жылда жаратылган картина менен бир жумадагы эмгектин айырмасы барбы? – Мени суракка алып аткандай маңдайыма келип, таноосу жарылчудай күпүлдөдү. – Өмүрүндө жыйырма беш жылды бир чыгармага арнап, кайра ошону сатып ийген мендей акмакты көрдүң беле! – Ал улам басылып калып, улам ыйлайт. Улам бир себепти айтат. Бирок ошондон кийин да мурдагыдай ысык мамилеге кайталбадык. Ортобуз алыстап, алыстаганда да ал үйбүлөсүн таштап, кийин биротоло Турцияга сапар алды…
Азыр мен андан кат-кабар күтпөйм, ал менден күтпөйт. Кээде гана ал жөнүндө эстеп коём, ал мен жөнүндө эстер-эстебесин билбейм.
Аяштын айтымында, кетеринде картинадагыдай босогодо туруп артына кылчайган жок дейт. Өз колу менен курган там-ташына, чарбагына да, артынан жалдырап тиктеген балдарына, жубайына да кылчайып койбоптур. «Кеттим» деген бойдон, чыккан босогосуна кайрылып келбептир.
2006-2007-ж.ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *