Самсак Станалиевди адабий коомчулук жазма адабиятыбыздын жаралыш, калыптаныш мезгилине байланышкан архивдик документтер менен алышкан абыгер үчүн өзгөчө баалайт. Мындай адабий түйшүккө ар ким эле чыгармачыл өмүрүн сарптай бербесе керек. Өзгөчө бизде. Бу киши соңку жылдары “Чагылгандын көз жашы” (Касым Тыныстанов боюнча тарыхый роман) жана “Залкарлар сүйгөн сулуулар”, “Жылдын эң узак күнү” аттуу олчойгон эмгектеринен сырткары да С.Карачев, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, Т.Сыдыкбеков ж.б. инсандардын өмүр жолун, чыгармачылыгын изилдеген адабий, илимий негиздеги материалдарды жыйнап жүрүп тар чөйрөдө “кемпирчи” деген атка конгон чебер жазуучу. Кепти эми эмнеге “кемпирчи” атка конуп калганынан баштасак, калганын окурман өзү илип кетер…

— Эмне болуп “кемпирчи” атка конгонсуз?
— Мага бул атты устатым Ашым Жакыпбеков койгон, болгондо да 90-жылдын башындагы “Кыргызстан маданияты” гезитинин жаңы жылдык санына. Себеби мындай: 80-жылдардын аягында Касым Тыныстановго дилимди берип, өз алдымча изилдеп жүргөм. 37-жылы репрессияга кеткендердин байбичелеринин көбүн билчүмүн. Алар менен далай жолу дасторкон четинде муңдаш-сырдаш болуп кеткемин. Көбүнчө Турдубүбү апам алар менен сүйлөшүп туруп жиберчү… Ооба, өз апамдай болуп калган бу киши Касым атанын байбичеси. Анан эле көчөдө жүргөндө сымбаттуу, маданияттуу, сылык-сыпаа байбичелерди көрсөм кылчактай карап, бул кайсыл тарыхый инсандын жубайы болду экен дей берчүмүн.

Аялымдын да далай сөгүшүн уктум. “Элдин эркектери өңдүү-түстүү кыз-келиндерди карайт экен, а сен кемпир көрсөң эле кылчактап, мойнуң буралганча жалдырап тиктейсиң” – деп жүрдү. Чынында аялдар өткөн окуянын майда-чүйдөсүнө чейин билишет экен, тигил же бул маалыматтарды жакшы чечмелешет, алардын себебин, эмне үчүн андай иш болгонун жакшы айтышат. Ошонүчүн кемпирлер менен көп сүйлөштүм, көчөдөн кемпир-кесек көрсөм эле кылчактай бергенимден улам Ашыке мени “кемпирчи” дечү.
Редакцияга да кемпирлер көп келип калган, алар түз эле мени издеп келишчү.

Алардан мен 20-30-жылдардагы кыргыз интеллигенциясын, алардын тагдыр-тарыхын, турмуш-жайын сурачумун. Анткени архив материалдары, ар кандай документтер жансыз болот, сүйлөбөйт, жазуулар жалдырап тура берет. Ошол факты-маалыматтар оозеки баяндоолордон кийин жаңы өмүр табат, такталат, толукталат. Сен көрбөгөн адамдардын кыял-мүнөзү, жүрүм-туруму көз алдыга келет, тарыхый инсандардын образдары ушинтип түзүлөт. Архивге отурган адамга өзүнөн-өзү роман жазыла бербейт. Жазуучу ар бир тарыхый инсандын тагдыр-турмушун өзүнүн жашоо-жазмышы катары кабылдашы керек. Касым Тыныстанов жөнүндө жазарымда ошондой тагдыр менен жашагам, түрмөнү да көргөм, кыйноого да кабылгам.

Андагы сүрөттөлгөн айрым окуялар алигиче эле өз башымдан өткөргөн жан чыдагыс тагдырымдай элестейт. Ошондон уламбы, же андагы аянычтуу окуяларданбы, айтор, “Чагылгандын көз жашын” окубайм, окубайм эмес, окуй албайм.
— Себеп?
— Чыдап окуганга дитим барбайт. Окуп баратып эле эмне болорун билем да Тыныстановду аяп кетем, боорум ооруйт, көңүлүм бузулат, өзүмдү-өзүм жек көрүп кетем. Аны НКВД эмес эле өзүм кыйнап, мен атып салгандай боло берем. Ал эми Жоомарт Бөкөнбаев жөнүндөгү “Жылдын эң узак күнү” романымды окуй алам. Жазылышы жана башка жактары өзүмө жагат, сүймөнчүк чыгармам.

— Кайсы бир залкар чыгармалардан да акылыңыз алеңгир болгон чыгармалар болду беле?
— Болгон. Айрыкча Достоевскийге келгенде титиреп кетем. Кол жеткис генийлердин генийи мага табышмак. Акыл-эсим жетпеген татаалдык жана ачык айтканда, коркунуч бар. Кайдан экенин билбейм, айтор, Достовскийдин “Кылмыш жана жазасын” жакшы эле баш көтөрбөй окудум. Анан эле үчүнчү күндүн түнүндө уктап жатып, аталган романдагы окуялар, каармандар түшүмө кире берип, кара терге түшүп, бакырып тура калгам. Ошондон бери Достоевскийди окубайм. Окугум да келбейт, көрөйүн деген көзүм жок. Ал тургай анын жанагы Петров тарткан сүрөтүн көргөндө да жүрөгүм “зырп” эте түшөт. Бирок аны жазуучу-гений катары кадырлайм, сыйлайм. Ал экөөбүздүн мүнөзүбүз, психологиябыз дал келбейт окшойт. Ал эми Лев Толстойду чыгармачылыктагы пайгамбар катары санайм, карасөз менен орус элинин эпосун жаратып кетиптир ал.
— Келиңиз, сыйлык, наам өңдөнгөн моралдык стимулдун тегерегинде ой калчап көрбөйлүбү… Сиздин оюңузча, сыйлык-наам жазуучунун талантын ченеп өлчөй турган критерий боло алабы?
— Сыйлыкты, атак-даңкты да көтөргөн адам көтөрөт. Негизинен бизде эле эмес, башка жактарда деле, сыйлык чыгармага эмес, авторго, анын кадыр-баркына карап берилип жатпайбы. Мына бизде баш-аягы 24 акын-жазуучу Токтогул атындагы мамсыйлыктын лауреаты. 60тан ашыгы эл акыны, эл жазуучусу наамын алгандар. Бир кезекте бул наам-сыйлыкка жетүү Теңирге барып бата алып келгендей ыйык иш эле. Азыр анын кадыры кетти. Ушундан улам КР Баатыры наамын сатып да алсам болот эле деп, акыры алып кетчү кутурма безери кылган акыл айнытма санаа оорусуна кабылгандар, аны нукура алтын менен дарыласаң да айыкпагандар чыкты. Чыкмак түгүл керсары болуп кесерип кезекке туруп алышты.

Чын эле акын-жазуучулардын бардыгы капилеттен Баатыр болуп кетишсе аңгеме, ырларды ким жазат деп коркосуң. Казак туугандардан Совет доорунда бир, бу түбүң түшкүр заманда дагы бир гана – Габит Мусрепов, Абиш Кекилбаев Баатыр чыккан. А бизде жети Баатыр бар. Айтор, кыргыз жазуучуларынын кара туман согушу дал ушул сыйыртмактай болгон сыйлык менен найзадай сунулган наамдан чыгып келген.

— Биздеги сыйлык-наамдардай эле Нобель сыйлыгынын тегерегиндеги ызы-чуулар канча. Москвалык тажик акыны Тимур Зулфикаров Нобелдик сыйлыкты деле акыркы ондогон жылдарда саясый негизге байланыштуу берип жүрүшөт дегени бар. Анын айтымында, негизинен Нобелге жүткүнгөндөрдү колдогон кожолор кандайдыр бир ири таасирдеги коомдук күчтөр болууга тийиш экен, айталы албан-субандай европалык басылмалар, банктар жана католиктик уюмдар. Маселен, Шолоховдун колдоочусу Совет мамлекети болгон дейт…

— Ооба, балакеттин баары ошол жактан башталыптыр. Биздики атамекендик же жарандык согуш болсо, Кудай өзү сактасын, алардыкы бүт дүйнөлүк согуш экен. Ошо Нобель сыйлыгынын 1925-жылдагы лауреаты Бернард Шоу бул сыйлык башталганда эле ызырынган ызы-чуу жаратканын айтып, “Нобелдин жардыргыч заттарына караганда ал ойлоп тапкан сыйлыктын басылбаган чуулганы көп болду”, — дептир. Мейли, башкасын айтпайлы, “Согуш жана тынчтыгы” ааламды аралап, “Анна Каренинасы” Европанын эң сулуу “байбичеси” болуп, “Пейилдин оңолушу” адам дилин тазалап турган Л.Толстой сыйлыкка илинбей калганын билебиз! Эй, Олжоке, ошо мезгилде бүт дүйнө адабиятчылары “Согуш жана тынчтыкты” кадимки “Илиада” менен бир катарга коюшкан экен. Чехов, Блок, Андреев, Горький, мейли, Достоевскийди көңүлгө калтыралы, булардын чыгармалары катардагы көркөм туундулар дегенге болобу?! Ушу элдин баарын уйгу-туйгу кылган сыйлык экинчи жолу берилерде адабий коомчулук уктабай калган дешет. Ошондой болду. Адабият боюнча сыйлык немис тарыхчысы Моммзенге ыйгарылат, ал бир дүйнөдөгү улуу тарыхый жазуучу катары сыпатталат. Чынында анын көркөм чыгармасы жок болчу. Чыңгыз Айтматовго деле ушу Нобель сыйлыгы берилип, анан тескери кетпеди беле.
— Ал эмес тебетейин эртеле көккө ыргыткан кээси Айтматовубуз Нобель сыйлыгын алды деп жууп да жиберишкенин уктум эле…
— Ооба, “Кыямат” романы үчүн ыйгарылган кабар угулганда, жууп жибергендер болуптур. Чынында Нобель комитети жүз жылдан ашык тарыхында биринчи жолу өз чечимин өзгөртүүгө аргасыз болуптур. Өмүрү Айтматовдун жанынан карыш жылбаган Абдылдажан Акматалиев 2009-жылы жергиликтүү басмасөздүн бирине жазбадыбы, көрсө, “ошол жылы Батыш Федеративдүү Германия менен Демократиялык Германия Республикасынын ортосундагы 160 чакырым узундукка созулган Берлин дубалы кулап, эки мамлекет бир мамлекетке биригишпеди беле! Немис элинин тынчтык жолу менен биригишине СССРдин ошондогу Президенти Горбачевдун ролу чоң болгон”, — деп жатпайбы. Ошол эмгеги үчүн берилген. А СССРден бир жолу эки кишиге берүүгө мүмкүн эмес экен!
Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *