* * *

Арасында көпчүлүктүн тирүүнүн,
Айдагында сагынуунун күтүүнүн.
Көңүл үшүп, тыңшайм сенсиз, айласыз
Кыштын муздак,анан салкын күз күүсүн.

Мурдакыдай күрөшпөстөн эми мен,
Муздактыкка билесиң го жеңилгем.
Күкүм болгон улаштырчу күлкүмдү,
Күттүм сени Акбууранын жээгинен.

Маанайы суз күтүп кошо калаанын,
Мажүрүм тал менден сурайт кабарың.
Келем деген кабарыңды айттырып,
Кай жактарга алып кетти кадамың.

Келгин куштар кайтып кайра келишти,
Кечиктиң сен, айлана бүт кейиштүү.
Узатаарда таарынттымбы деген ой
Уйку бербей көкүрөктү жеп-ичти.

Жашыл көйнөк, кызыл гүлүң сагындым,
Жалгыз сага дайын болчу бар чыным.
Көкүрөктүн бугун кетчү чыгарып,
Көздөрүмдөн өбүп жааган жамгырың.

Жабыкканда жалгандарга гүл өңүм,
Жумшак желиң сылап күтчү, күлөөрүм.
Жарык жетпес күндүзүмдөн ак эле,
Айран сүттөй болгон айлуу түндөрүң.

Кечиктирген абалыңдан кайгы жеп,
Күткөн жандар мен сыяктуу канча көп.
Жазым келчи, жылуулугуң жарылып,
Жер бетине, жүрөктөргө чыксын көк.

* * *

Жалындуу жарыгыңды түштө көрөм,
Жанымдан алыстасаң түйшүктөнөм.
Түрүлгөн булут болуп асманымдан
Төгүлөт бүтпөс ойлор түркүн түмөн.

От же күн экениңе эсим жетпейт,
Ойлорум жылынууга эми кеч дейт.
Табыңды танган болуп турганыма
Тагдырым билем бир күн мени жектейт.

Качандыр курчуп мизи сезим балким,
Капасты камап турган тосуп эркин.
Кесет да учат күйүп же өчүүгө
Кеткен күн өтпөс үчүн болуп аттиң.

* * *

Билбейм качан өчтүң экен көңүлдөн,
Бүлбүлдөгөн элес дагы калбады.
Баякыдай от издебей көзүңдөн,
Билгендеймин азыр акты-караны.

Күндөр… Мезгил учурулуп шамалга,
Күлгүн кездин гүлү калды терилбей.
Айланышпай айыкпаган арманга
Андан көрө калсак болмок кезикпей.

Эчен жолу бөлүп сүрдү толкундар,
Эки жээктик экенсиңер дегенсип.
Кемигенде бирин-бири толуктаар,
Бизден үмүт түгөнгөндөй эленип.

* * *

Жазым деген жазыгыма өрттөндүм
Жасалмалуу жан экениң кеч билип.
Басып үшүк, салкындады көөдөнүм,
Бариктери ишенимдин күбүлүп.

Кайрый албай бүгүнкүгө кечээсин,
Келет күндөр, сезимиңе кеч кирер.
Тартылып миң көздөрүңө бир элес,
Тикен болуп көөдөнүңдү миң тилер.

Табы жок от өчсө – дүйнө кошо өчпөйт,
Тоголок жер айланат өз огунда.
Бир гана жаз бизди жоктоп көнөктөйт,
Күтпөгөнгө аны кыштын соңунда.

Ырларымдын тосуп бийик мүдөөсүн,
Ылай басты эми кайра тунубайт.
Сезим менен күрөшүүгө үйрөндүм,
Сендик ырлар эми кыйнап уюбайт.

* * *

Бөлүп мезгил баскан жолдон калбай из,
Бөтөндүккө башты ийип көнгөнбүз.
Көөдөндөгү отту жагып башкага,
Көрүшпөйбүз деп ойлогом эми биз .

Көрсө мен-эх, унутупмун мындайды,
Көрүшпөгөн тоолор гана турбайбы.
Сезсем дагы сездирбедим ал күнү
Сиз тараптан жылуу желдин урганын.

Ошол күнү кыйгач көздөн кыр салган,
Жалгыз тагдыр эмес болчу сынаган.
Желкесинен карап көптөр турүшту
Жылдык тема кылуу үчүн бизди анан .

* * *

Келдиңби күз, келдиңби сен арыбай,
А мен жүрөм санаалардан арылбай.
Кетээриңде сен таштаган кусаны
Жаз, жай дагы албай койду дарылай.

Кийгизген сен ошондогу сарыдан
Көйнөк дале чечилбеди далыдан.
Чамынган кыш, чилдеден да кетти айла
Чыкпай майнап чачкан муздак каарынан.

Маанайыбыз муздак болуп тартып суз,
Мага дайым окшошсуң сен курбу күз.
Суук шамалга сапырылып жыйналып,
Сырдашабыз жалгыз бакта үн-сөзсүз.

Айыктырчы көп дартымдын бирөөсүн,
Арачы бол кайтарууга гул өңүм.
Алтын күзүм аябачы жамгырың,
Ала келсин аруу сезим үрөнүн.

Жамгырыңа айтчы кетсин себелеп,
Жүрөгүмө аруу сезим үрөнүн.

* * *

Аруулугун салганыңа кирдетип,
Аянычтуу согот жүрөк дирт этип.
Сүйүү аккан тамырлары бир кезде
Соолуп барат күндөн күнгө ичкерип.

Уланаарга көз жетпеди эч айкын,
Узак деген жолубузга эх аттиң.
Багытыбыз сапардагы дал келбей,
Басыгымды келип турат кыскарткым.

Жүйөөсү жок жандүйнөмө дарт берип,
Жүргөнүңдө кайра эртеси калп кейип:
Билбедиң ээ сага деген сезимдин
Биликтери өчкөндүгүн жалп этип.

Үйлөп салып каректеги жалынды,
Үмүт дагы караңгыга жашынды.
Уйгак сымал тынчым алды өкүнүч
Уккан үчүн жүрөк эмес акылды.

Уйгак сымал улам өйкөйт өкүнүч
Уккан үчүн жүрөк эмес акылды.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *