Бурят элинин уламышы

Илгери-илгери өткөн заманда алп Байкөл деңизи ак көңүл, шайыр болгон экен. Ал Ангара деген жападан-жалгыз кызын аябай жакшы көрчү.

Бул дүйнөдө андан сулуу кыз жоктой сезилчү. Күндүзү тунуктугу – асмандан да тунук, түндөсү – кара булуттан да карарып турчу. Кимде-ким Ангаранын жанынан өтпөсүн, аны сүйүп калчу да атагын ааламга чыгарып ашык болгонун даңазалашаар эле.

Асман жиреп учуп бараткан канаттуулар: ак куу, каркыра, моюн созгон каздар Ангаранын сулуулугуна тамшанышып, суу үстүнөн учуп өтүшчү, бирок ага чанда гана конуша турган. Алар: таза, тунук сууну булгабайлы дешчү.

Кары Байкөл өз кызын ыйык санап, өзүнүн жүрөгүнөн да кымбат көрүп, сактай турган. Бир жолу Байкөл мемиреп уктап калганда Ангара Енисей деген жактырган жигитине качып кетет.
Атасы ойгонсо кызы жок, каардуу толкуп алды. Байкөлдүн каарынан толкун мурда болуп көрбөгөндөй бийик көтөрүлдү, бороон чапкын болду. Тоолор ыйлап, токойдогу дарактар кычырап сынып, кайгыдан асман карарып-түнөрүп, жан-жаныбарлар коркконунан туш-тарапка качып жөнөдү, балыктар деңиздин түбүнө түшүп жан сакташты, канаттуулар асманга бийик көтөрүлүп, күндү көздөй учуп жөнөштү. Бороон күчөп, улуп-уңшуду – баатыр деңиз жинденип турду.

Байкөл албууттанып картаң тоого урунду, тоонун боорунан жарака кетти. Жарылган бир асканы көтөрүп алып, качып бара жаткан кызынын артынан ыргытты. Ыргытылган аска сулуу кыздын тамагына туруп калгандай сезилди. Көзү көк асмандай көпкөк сулуу Ангара, аба жетпегендей аптыгып, тумчугуп жатып ыйламсырап, атасынан суранды:

– Атаке, тамагым кургап, суу жетпей тумчугуп баратам. Мени кечирип коюңузчу, эң кур дегенде бир тамчы суу бериңизчи?..
Байкөл аны жек көрүү менен каардуу кыйкырды.

– Мен өзүмдүн көз жашымды гана бере алам!

Ошентип, жүздөгөн жылдар бою Ангара сулуу жете албай калган Енисейди көздөй көз жашы менен агып келет, ал эми жалгыз, картайган Байкөл көбүнчө карарып-түнөрүп турат, коркунучтуу да көрүнөт.
Байкөлдүн жинденип, кызынын артынан ыргыткан аска эл арасында азыркыга чейин «шамандын ташы» деп аталат. Байкөлдүн мына ошол жеринде көптөгөн, күтүлбөгөн кырсыктар болот, өлүм-житим, кыйроо болуп турат. Элдин айтуусунда: Байкал ачууланганда, «Шамандын ташын» кулатса, суу атырылып чыгып, бүт дүйнө жүзүн суу каптайт дешчү.

Бул, илгерки уламышта айтылган, эми болсо элдер күчтүү Байкөлдөн коркпойт…
Которгон Абдумажит МУРЗАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *