РУХМУРАС

Залкар окумуштуу Х.Карасаевдин бул интервьюсу Кыргыз радиосунун алтын казынасында сакталуу. Улут даражасында сыймыктанар акын, окумуштуу, мамлекет ишмери Касым Тыныстанов туурасындагы Тенти ОРОКЧИЕВ аксакалыбыздын жеке архивинен алынган бул интервьюну айрым кыскартуулар менен жарыялоону туура таптык.
– Хусейин аба, Касым Тыныстановду сизден артык жакшы билген киши жок болсо керек. Сөздү аны менен кантип таанышып, жолуңар, тагдырыңар кандайча бирге түшүп калганы тууралуу баштасак…
– Касым Тыныстанов менен 1914–1916-жылдары Караколдо орус-тузем мектебинде бирге окудум. Жашыбыз да тең. Бирок бала кезде анча камыр-жумур болуп таанышкан эмеспиз. Андан кийин 1923-жылы мен кайра Караколдо тааныштым. Ал кезде селревкомдун төрагасынын орун басары болуп иштеп жүргөмүн. Бир жолдошум келип:
– Ташкенге окууга балдар кетип жатыптыр, биз да барбайлыбы, Тыныстанов деген менин жакын кишим бар эле, ал ошоякта окуйт экен, ошого сүйлөшөлү, – деп калды. Мен аны макул таап, ал кезде Караколдо кытай тибинде салынган үйгө келдик. Ага кире бергенибизде бир кыз чыга калды, андан биз: «Касым барбы? – десек, – Бар» – деди. Аңгыча өзү да чыга келди, карасам мурдагы бала кезине анча окшобой, бети жайылган келишимдүү жигит болуп калыптыр. Көйнөкчөн, галифе шым кийип, шым тарткычы да бар экен. Сүйлөшө келип, биз ой-максатыбызды айтсак, ал: «Келгиле, Ташкенде таалим-тарбия институту бар, ал казак-кыргыздын экөөнүн тең институту, ошонун бир жерине кирерсиңер», – деди. Эң биринчи таанышканым ушул. Ошентип, 1923-жылы Ташкендеги жогорудагы институтка кирдик.

Анан бирге окуп калгандыктан, жакын тааныша баштадык. 1924-жылы кыргыз облусу бөлүндү. Ошондо баарыбызды чакырып, өкмөттүн адамдары эмгекти бөлүштүрүштү. Касымга: «Сен алиппеден кийинки окуу китебин жазгын, башка нерсе менен алагды болбо», – деди. Анан бизди (Алиев, Карачев, мен, Мустапа Акматовду): «Силер «Эркин-Тоо» гезитин чыгарасыңар», – деди. Арабаевге: «Алиппе» китебин жазуу тапшырылды. Ал эми Касымга «революциялык ырларды кыргыз тилине которосуң» деген кошумча тапшырма берилди. Ошентип ишке кириштик. Аерде Түрк наркомпросунун алдындагы Кара кыргыз билим комиссиясы деген бар болчу. Анда Алиев, Карачев, мен жана Акматов Мустапа иштейбиз. Бизге чейин Тыныстанов, Арабаев, Сарногоев, Данияров иштеп келген экен. Ошентип окуубуз калып, жалаң эле ишке киришип кеттик. Ал жылдары Касым институттун акыркы курсунда болчу. «Интернационалды» ошондо которду.

– Хусейин аба, Касым Тыныстановдун иш усулу кандай эле? Канткен менен көп жыл чогуу иштештиңиз. Ал чоң илимпоз, чоң акын, ар тараптуу киши болгон эмеспи?

– 1926-жылы КасымТыныстанов Бакуда ачылган түркологдордун съездине кетти. Анын ичинде делегаттар Алиев Осмонкул, Данияров Базаркул, Бөлөбалаев Осмонкул бар эле. Чыгаан академик Бартольд бүткүл түрк элдеринин тарыхы, аларды изилдөөнүн мындан кийинки милдети жөнүндө кеңири доклад жасаптыр. Анда кыргызды өтө көп айткан экен. Ошондо Касым Бартольдго: «Сиз кыргыз элинин тарыхын өзүнчө жазып бербейсизби?» – деп өтүнсө, ал киши макул дептир. Ошону менен 1926-жылы жазып, 1927-жылы басмага тапшырып, 1928-жылы Кыргызстандагы Академиялык борбор дегенибиз басып чыгарды. 1928-жылы мен окууга кетип жатканда, Касым менен Токчоро Жолдошов: «Муну өзүңдүн устатыңа бересиң!» – деп колума тапшырды. Аны алып Бартольддун өзүнө тапшырдым. Ошентип, кыргыз элинин биринчи тарыхын жазууга себепкер болгон Касым Тыныстанов. Тыныстанов ар бир жазган ырына идея койчу. Аларды биздин коомчулук билбей калды.

Буга бир мисал келтире кетейин. Анын «Шакирт» деген ыры бар. Ошондо окуп жүргөн бала. 1920-жыл. Ал казакча жазылган.

Түн мезгил, эл уктаган тынч таң.
Ай жарык жатыр дүйнө уйку коюу.
Жалгыз ак шакирт отур китеп окуп,
Шырак пен түз жакпаган ау-гау.
Китептин бардык каты түсүп көзгө,
Ой кирбей көкүрөккө анан өзгө.
Жүрөктү жарып чыккан назик сүйүү,
Байланып улут делген жалгыз сөзгө.
Четинен бир китепти ачып көрүп,
Бекемдеп адабият алды бөлүп.
Текшерип эң түпкүрүн карап көрсө,
Тереңден багыт алып кеткен өрүп.
Сол заты жок, бол кеткен бар кылмакчы,
Табууга тезден издеп кайрымачы?!

Ошол кезде баарыбыз казакча окуйбуз, казакча жазабыз. Касымдын жүрөгү жаш кезинен эле кыргыз калкы үчүн кандай сокконун ушул саптарынан эле байкаса болот.

– Хусейин аба, 1916-жылдагы Үркүндү сиз да, Касым да башыңыздардан кечиргенсиздер. Эми ошондогу элдин көргөн кордугу өзүнчө улуу кеп. Бул туурасында Касымалы Баялиновдун «Ажар», Жусуп Турусбековдун «Ажал ордунасын», Аалы Токомбаевдин «Кандуу жылдарын» эле мисалга тарталы. Мунун ар бири көркөм чыгармалар, ар бири өзүнчө тарых. Ошол доорго Касым да, сиз да кайрылган жоксуздар. Неге?

– Эми аерге баргандагы азапты кудай адамга эмес, итке көргөзбөсүн. Жолдо ашуудан ашып баратканда калмактардын азабы, кийин бир жылдан соң элдин 30–40 проценти кырылып, кыргыз кайра жерине келди. Аларды түзгө келтирбей көпчүлүгүн тоого айдап таштады. Анткени кылмыштуу болуп калды да. Ал эми кытай жеринде кыргыздын канча кыздары, келиндери, балдары тентип калды. Далайы сатылып кетти. Калышкандар калмак, уйгурча сүйлөп, балдары кул, кыз-келиндери күңгө айланды. Бул окуяны Касым да өз башынан өткөзгөн. Мен да ал жактан 1921-жылы келип, кийин «Эркин Тоого»: Баш качан жыйылат, баары кул, күң болуп жүрөт», – деп чакан макала жазгам.

Касымдын жүрөгүн да тентип, тербип жүрүшкөн качкындардын тагдыры эзбей, ойлонтпой койбогон. Ошол кезде өкмөт тарабынан дагы мындай болгон. Кангелдиев Усубакун деген укомбездин секретары (уездный комитет беженцев) качкындардын башын жыйнап, чогултууга аракет кылган. Ошол кезде Какшаалдан ыйлап жазган катты «ЭркинТоого» да чыгарганбыз. «Сурачы, досум, сурачы» деген Касымдын ыры дал ошол темага какшап, зарлап арналган. Касым же мен Үркүн темасына кайрылган эмес деген бекер сөз. Касым элдин чоң патриоту болгон. Муну түз эле кесе айтуу керек. Анын казакча, кыргызча жазган ырларынын дээрлик бардыгы патриоттук духта (окумуштуу келтирген көптөгөн мисалдар кыскартылды. – Ред.). Ошол учурда бала кези. Азыр жыйырмадагылар эмне кылып атышканын жакшы билебиз, телевизорду тиктегенден башка эч нерсе кылышпайт. Касымдын кандай акындыгы мен айтпасам деле дапдаана көрүнүп турбайбы? Акындык чеберчилиги жөнүндө сынчылар дагы кенен түшүндүрөр.

– Сиз жогоруда Касым Тыныстановдун бир топ ырларын окуп, учкай болсо да андагы поэтикалык ойлорго, ырдын мазмунундагы идеяларга токтолдуңуз. Ошондой эле ал киши кара сөздүн да мыкты устасы, мыкчыгери да болгон экен. Мына бул жөнүндө да айтып өтсөңүз?

– Кыргыз эли жалпы алганда сөзгө уста. Андайлыгын айтылуу «Манас» чыгармасынан жана толуп жаткан элдик дастандардан улам деле байкоого болот. Бирок анын бардыгы толугу менен бүгүнкү күнгө чейин деле кагаз бетине түшпөй келе жатат да! Эми ошол көркөм адабиятты баштаган жана ага чоң үлүш кошкон Касым болуп атпайбы? Бул жагынан алганда Касымдын күчү, таланты абдан чоң болчу. Ал ыр жазганда кээ бир сөздөрү кара сөзгө да окшоп кетчү. Мына ушуга «Жаңыл мырзасынан» мисал келтирейинчи.

Мен турдум, тышка чыктым, ай арасы,
Болгондой туманданган тоонун башы.
Четинен ала булут чубап өтүп,
Агайдын убайымдуу көз карашы,
Кыроого үстү-башы чылк оронгон,
Кийгендей күмүш кымкап сайдын ташы.
Коробой из түшүрүп түлкү, бөрү,
Энчилеш жазылгандай шыбагасы.

Мына ушу өзүнчө эле көркөм сүрөт. Ушул өңдөнгөн куплеттер ырында эң эле көп. Ошон үчүн Касым өзү кара сөздүн да устасы болгон. Ал эң алгач «Мариям менен көл боюнда» деген кичинекей аңгеме жазды. Анын каарманы да тааныш болчу, аны жакшы билебиз, ага Айшанын агалары үйлөнгөн. Ал киши жакында өлдү, аны менен Касымдын кандайдыр катташы болгон.

– Канчанчы жылдар эле?

– 1923-жылдар болуш керек. Ошентип, Касым кара сөзгө да чыйыр салган. Анын которгон ырлары да мыкты чыгар эле. Котормолордун көбү чыкпай калды. «Манаста» «Алмамбеттин жомогу» деген бөлүмү бар эмеспи. Ошону кыргыз тилинен орусчага которду. Ошол котормону басып отурган машинистканын окуп алып ыйлаганын көргөмүн. Көркөм сөздү орусча да дал өзүндөй жаза билген киши болчу. Ал гана эмес орус тилинде ыр жазган. Орусча жазылган ырлары чыккан жок. Аны менен бирге иштешкен орус достору: «Ырды Пушкинден кем жазбайт» – деп макташчу. Ал орусчаны акцент менен сулуу сүйлөчү да, өтө мыкты билчү. Бул да болсо табияттын ага берген сыйы. Касым өзү дайым толкуп отурчу. Сөзгө уста болгон адам искусствого да абдан жакын болот эмеспи. Ал дайыма Карамолдону үйүнө чакырып, комузун черттирер эле. Ал анда-санда бир чети тамашага сала: «Молдоке черт, бир кездерде манаптарга чертчү элең, эми мага чертесиң», – дечү. Мен качан барбайын, Карамолдо үйүндө отур чу. Искусствону жете түшүнгөндүгү ушундан эле даана көрүнүп турат.

– Хусейин аба, сиз эң жакшы сөз айттыңыз. Карамолдону дайыма үйүнө чакырып, черттирип турганын укчумун деп. Демек, а кишинин чеберчилигин жогору койгондуктан бир, эки ирет черттирип угуудан талбай жатышы да бекер эмес?

– Андан кийин Касым Боогачы айдалып баратканын угуп, мага мындай деп айтканы күнү бүгүнкүдөй эсимде:
– Эй, Хусейин бул кандай, бул маданияттын адамдарын айдап атат. Бул өзүнчө мектеп түзгөн киши. Таланттын натыйжасында Нарын тараптан Молдобасан, Муса сыяктуу таланттар чыгышкан эмеспи, – деп кейиген. Казактын Магжан Жумабаев деген акыны болгон. Ошол киши Касымды окуткан. 1923-жылы барсам, Магжан Ташкентке кетип жаткан экен. Касым менден эки жыл илгери окуган да. Ошол убакта Касым мандолина чертсе, Магжан:
– Мандолин чертпе, искусство аякташ, талапташ болот. Тиги жакка ооп кетесиң, сен акынсың, ырыңды жазышың керек, – деп токтотконун да уккамын. Ошол Магжан келишкен, чачы да көркөм, сонун жигит болчу. Ал киши кийин атылып кетти.

– Сиз Касым тамашакөй адам эле деп айтып жатасыз. Саякбайды Каркырадан алып келип, Касым менен биринчи таанышканда кызыктуу окуя болгон экен. Мына ушуну да эскере кетсеңиз?

– Саякбай Каралаевди Фрунзеге алып келгенден кийин Касым: «Академиялык кече кылгыла, акча бөлүп берели», – деп калды. Ага макул болуп, көп атактуу кишилерди чакырдым. Бул жөнүндө бир топ эле айтылды, аны кайталап отурбайын. Каралаев келип отурду, анда отузга чыга элек жаш кези. Аны көрүп алып, Касым мындай деди:
– Бозонун тобун жеп тойгон тору быштыдай болгон неме экенсиң, канча жүгүрө аласың. «Манасты» мендей айта аласыңбы? – деп эле «Манасты» коё берип, бир кыйла жерге сабатып барды. Андан соң: «Кана, менден кыйын айтар бекенсиң, баштап көрчү?» – деди. «Макул» – деп эшикке чыгып кеткен. Бир убакта эшикти ачып: «Бери келчи» – деп мени Айша (Х.Карасаевдин зайыбы. – Ред.) чакырат. Барсам: «Жанагы боз жалпак, башы чарадай болгон киши манасчыбы?» – деп Каралаев сурап атат» – дейт. Мен ага: «Жо-ок, ал манасчы эмес. Жаттап алганын айтып атат, андайды мен да билем, жаттап алганды ким болсо да айта бербейби. Манасчы деп коркуп атасыңбы, коркпо» – деп Саякбайдын жүрөгүн басканым бар.
Баарыбыз ал кезде шерине жеп жүрдүк. Касымалы Жантөшев, Касым, мен болуп чогулган кезде, пьеса түзчүбүз. Мисалы, «Майлуу таң» деген пьеса түзгөнбүз. Ал бүтүндөй күлкү болгон. Ошону кайра-кайра айттырып эле күлүп атышчу. Ал отурган жерде жигиттин гүлү, күлкүнүн булагы болчу.

– Хусейин аба, мен да кыргыз тили менен оокат кылып келе жаткан адаммын. Бир нерсеге өзгөчө таң каламын. Кыргыз тилинин грамматикасы, фонетика, морфологиясы, синтаксисин салыштырып көрдүм. Албетте, биринчи ирет орустуку менен. Айталык, фонетикасы менен морфологиясындагы зат атооч, ат атооч, сын атооч, этиш ж.б. терминдер орус тилинен которулса да, нукура кыргыз тилиндей айтылат, окулат. Аны, негизинен,Тыныстанов которуп, ал киши иштеп чыккан экен. Эми, албетте, казакча, татарча, өзбекче ж.б. түрк тилдүү адабияттан пайдаланса керек. Эмнеси болсо да, ушул жагдайда Касымдын эмгеги теңдешсиз экен го?!

– Касым чыныгы окумуштуу болчу. Жогорку билиминин жоктугуна карабастан, жаратылышында зээндүү чыккан адам эле. Кыргызда биринчи тил маселеси коюлганда, анын тил терминдерин иштөө керек эле да. Касым морфологияны биринчи иштеп чыкты. Ошондо жана сен айтып өткөн терминдердин бардыгына ат коюп чыккан. Анын ушунчалык чебердик, ушунчалык мыктылык, ушунча сиңе турган кылып ойлоп тапкан. Морфологиясын иштеп чыкканда бийик даражалуу окумуштуулар аябай таң калышып: «Бул жөн эле докторлук наамга ылайык эмгек» – дешкен. Мунун бардыгы бир жагынан так, экинчиден, нукура кыргыздыкы өңдөнүп турат. Бул киши грамматика жагынан бүткүл Алтай грамматикаларын, казак, өзбек грамматикаларын мыктылап өздөштүргөн болуш керек. Бул киши эң биринчи окуу куралын, анан ичинде морфологияны, синтаксисти жазды. Эми ошол биринчи адамдын аты кандай болбосун калыш керек да. Касым чыгаан окумуштуу, ошондой эле мамлекеттик ишмер да. Ал биринчи Эл агартуу комиссары.
Кыскартып айтканда, Касым Тыныстанов кыргыз элинин Ломоносову. Ар бир элдин өзүнүн башында турган баштоочусу болот тура. Болгондо да эң мыкты, эң таланттууларынан.
Маектешкен Тенти ОРОКЧИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *