АҢГЕМЕ

Алтымышка жакындап, пенсия босогосун аттаганы турганда, бел оору деген балакет жабышты. Бирок анткен менен кыздарым турмушка чыгып, өздөрүнчө түтүн булатып кетишти. Колумда өзүм жакшы көргөн уулум менен келиним бар. Ошентип жакындан бери бел оорунун айынан догдурдан догдурга көрүнүп жүрүп, ырас болуп калгансыдым. Эл «бел ооруга курорт жакшы» дегенинен эптеп жүрүп өзүбүздүн эле курорттордун бирине путевка алдым. Ал курорттун атын атабай эле коёюн. Анткени менин жазайын деген окуямда одоно бир сыр бардай. Ошондуктан окуя кандай өтсө, дал ошондой берүүгө аракеттендим.

Ошентип, путевкамды алгандан кийин: «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» деп үйдөгү уулум менен келиниме таянып, кагаздагы аты аталган жерге жөнөп калдым. Түш оой көздөгөн жериме жетип, жатаканасынан орун алдым. Үч кишилик бөлмөнүн эки орундугун менден мурун барган эки жигит ээлептир. Сүйлөгөн сөздөрүнө караганда келгенине бир топ күн болуп калса керек. Анан калса жайкы курортум чыны менен эле бейишке окшошот. Дарыланбай жатып эле белимдин уюганы жазылгансып, көкүрөгүм кеңелгенсип, дегеле көңүлүм ачык.

Жанымда жаткан эки жигитти сөзгө тартып, бул жердин шартын сурай кеттим:

– Кана, жигиттер, мен эми кандай кылам? Бул жердин жол-жобосу менен тааныштыргыла. Эртең кимисине кайрылам?

– Бүгүн жакшылап эс алыңыз. Жол жүрүп улгайган сиз эмес, кырктын кырындагы биз деле чаарчап-чаалыгып түшкөнбүз. Анын үстүнө өтө алыстан келген экенсиз, – деди тоголок, чоң баш жигит.

– Эртең менен эрте сизди курорттун чоо-жайы менен тааныштыра турган татынакай врач келин менен жолуктурабыз, – деп кошумчалады мурутчан, толук сары жигит. Айткандарындай эртең мененки тамактан кийин, саат тогуздан өтө бергенде, көрүү жана кабыл алуу имаратына ээрчитип келишип, бир эшикти көрсөтүп беришти. Менден мурда келген эки байбиче турган экен. Канча отурдум ким билет, өзүмдүн кезегим келгенде баягы эшикти ачып баш бактым.

– Кирсем болобу, айланайын?

– Кириңиз. Кезек сиздики болсо каршылык жок, – деди эки коңшум мактаган келин.

Алар мактагандай эле өңдү кудай берген экен келинге. «Чырайыңды өз жарыңа кут кылсын» дедим ичимден, чыны менен эле келиндин келбетине сугум түшүп. Мен антип оюмду жыйынтыктаганча догдур келин мага орундук көрсөттү. Анан кадимки эле догдурга көрүнүп жүргөндөгү көнүмүш суроо менен жооптор жүрүп атты ортобузда.

– Качантан бери сыркоосуз?

– Эки жылга айланып баратат.

– Ооруканада канча ирет жаттыңыз?

– Үч ирет.

– Кандай дарылар менен дарыланчу элеңиз?

– Айланайын, кандай дары экенин ким билсин, билген күндө да бул катып калган тил менен аттарын атасам күлөсүң го.

– Атайын алыстан келип, дартыңызга даба издеп жүргөн экенсиз, эми бул жерде врачтын айтканы менен болуп жакшылап дарылануу керек. Мүмкүн, мынча келгенден кийин «кустотерапияга» да көрүнүп жүрбөңүз, – деди акырын жылмайып.

– Көрүнөм, айланайын! Сөз жок көрүнөм! – дедим карбаластап.

– Чын эле көрүнөсүзбү? – деди карагаттай чоң көздөрүн мага кадап.

– Я, айланайын, балам, ошон үчүн келбедимби! – дедим оюмда эчтеке жок.

– Анда белиңиз оорубайбы?

– Ага эмнеге оорусун. Аныңарга дайым эле көрүнүп жүрбөймүнбү.

– Чын эле «кустотерапия» үчүн келдиңизби? – деди таң калгандай түрдө.

– Э, балам, алыстан анан мени бул жерге эмнеге келди дейсиң. Атайын ошону үчүн келбедимби. Өзүң деле түшүнүп тургандырсың.

– Деги мурда «кустотерапия» жөнүндө уктуңуз беле?

– Укпагандачы. Угуп-билгенимден үй-бүлөмдү таштап ушул жерде отурам да.

– Ошентип «кустотерапиянын» жайы менен мурунтан таанышмын деңизчи?

– Таанышмын, садагасы. Мен аз келгенсип үйдөгү байбичем да улгайган сайын ар кайсы жерим деп калчу болду. Жок дегенде ал соо болсочу. Экөөбүз тең сыркообуз десек, жашоо болбой калчудай. Ошон үчүн мен мында келбедимби.

– Кемпириңиз ооруп. Анан аргасыздан «кустотерапия» издеп келген турбайсызбы!

– Деги айланайын, кустасы болобу, башкасы болобу атайын келгенден кийин кайда болсо да бара беремин. Деги эле ушул курортко бөлүнгөн күнүм бекер өтпөсө болду.

– Андай болсо башкы врачка барасыз. Мен сизди бул жерде дарылантпайм, – деп колундагы калемин столго бир чаап, мен мында кирген каалганы көрсөттү.

Келиндин жүзүнө карасам, жайдары өңү кубарып, ачуусу келип алган. Кымындай эч нерсеге түшүнбөгөн жаным, келиндин кубарган кебетесинен коркуп эшикке жөнөдүм.

Ошентип маанайым пас, саат экиде башкы врачтын кашында отурам.

– Келген экенсиз, – деди.

– Ден соолуктун айынан келдим эле, иним. Тигил келинге кирсем башкы врачка барыңыз, мен сизди бул жерде дарылантпайм, – деп чыгарып жиберди.

– Ага жаман сөз айттыңызбы?

– Жан айласын таппай жүрүп жаман сөздүн балакетин аламбы, – деп жибердим жаным ачып, ыза болгонумдан.

– Анан сизди эмнеге чыгарып жиберди?

– «Кустотерапияга» көрүнөсүзбү? – деди.

– Сиз эмне деп жооп бердиңиз?

– Атайын ошон үчүн келбедимби. Анан алыстан эмнеге келди дейсиң, – дедим. Менин жообумду угуп, калган сөзүмдүн аягына чыга элегимде эле башкы врач санын чаап каткырып жиберди. Акыры араң күлкүсүн тыйып: – Турмушта ар кандай боло берет. Ал келиниңиз да, сиз дагы бири-бириңерди туура эмес түшүнүп алган турбайсыңарбы.

– Эмнеси туура эмес?

– «Кустотерапия» деген дарылоочу бөлүм жок жана болбойт. Жанагы болбогон шылтоо, болбогон оорунун аты менен келгендер бул жерден келин-кыздар менен таанышат да, көрүнгөн бадалдын түбүндө күнү-түнү чардашат. Ошентип, алар оорулуу да, доктурлардын да кыжырын келтирип, иштерине кедерги болот. «Куст» деген кыргызчалаганда «бадал» деген сөз. Ошол сөзгө эле терапияны кошуп «бадал терапиясы» деп атап коюшкан. Анан сиз терапия десе эле дарылоочу дагы бир бөлүм экен деген турбайсызбы. Эчтеке эмес, эми мындан ары анын кандай терапия экенин унутпайсыз! – десе болобу.

Ошентип орусча түшүнбөгөндүктүн азабын ушинтип тартканмын. Бул башымдан өткөргөн окуямды айтканымдын дагы бир себеби бул, кокустан мага окшогон улгайган кары-картаңдар ден соолук издеп жүрүп, «кустотерапияга» кабылып калбасын дегеним.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *