Индейс жомогу

Илгери дейт: суу болуптур, кара жер балбан жок экен анда. Жайкалып-чайпалып жаткан деңиз экен баары. Жан-жаныбарлар гана жашаптыр. Канаты бары көктө кайкып, канатсызы көлдө чалкып же абада калкып жашачу экен.

Асмандан аялзат кулап, бирок аны бири ургачы, бири эркек гагары (сууда сүзгөн канаттуукотормочу) канаттарына калкалап сактап калышат. Аялдын салмагы сайдын ташындай оор экен, түгөт. Гагарылар аялды сууга чөктүрүп өлтүрүп албасак экен деп коркуп, жардам сурап чаркырашат. Алардын катуу чаркыраганын уккан жандыктар жабалактап жетип келишет.

Деңиздин зор кеменгер Ташбакасы калдайып үн катат:

– Жаныбарды менин жонума түшүргүлө. Кең жайык жонумдан кайда куламак эле, – дейт.

Гагарылар анын айтканындай кылышат.

Мына шондо жан-жаныбарлардын баштары катат. Не кылышты билишпейт. Зор кеменгер Ташбака аялга кургак жер керектигин айтат.

Жандыктын көбү деңиз түбүнө кезектешип сүзүп, бирок бири да түбүнө жетпейт. Акырында Бака жарайт баарына. Деңиз түбүнө Бака кетет, көптө жетет. Кайра чыкса, уучунда ылай топурак бар экен. Анысын Аялдын колуна карматты. Аял болсо ууч топуракты Ташбаканын жонуна жазып ийет. Кургак жер ошентип пайда болот. Ал анан өсө берет, жайыла берет. Кийин ага бак-дарак тамыр байлайт, салаалап суулар агып баштайт.

Чурулдап-чуркураган балдар пайда болот.

Ошол күндүн ушул күнгө дейре кара жер балбанды зор кеменгер деңиз Ташбакасы көтөрүп турат, – деп айтылат уламышта.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *