Кыргызстанда менчик телерадиокомпаниялар аркылуу шайлоо үгүтүн жүргүзүүгө тыюу салуу сунушталганын Борбор Азиянын маалымат кызматы жарыялап чыкты. Анда маалымдалгандай; Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Ариповдун билдиргенине караганда, шайлоодо бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү принцибин жетекчиликке алып ушундай сунуш киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү сунушу чет элдик өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкканы айтылууда. Маселен, Ариповдун ырастоосунда, Жапонияда шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин үгүт жүргүзүү укугу мамлекеттик телерадиокомпаниялар аркылуу гана жүргүзүлөт.

Суроо ушул жерден туулат: Кыргызстандагы саясый абал менен караламан калк турмушун жапондор өлкөсүнө салыштырып болобу?.. Биздеги КТРК журналисттери элементарлуу кесиптик принциптерге таянып иштөө ыкмасын билбей туруп, кантип Жапониядагы шайлоо өнөктүгүнүн иш тажырыйбасын кынтыксыз ишке ашырмак?!

Ошондой эле кээ бир талапкерлер жеке менчик телерадиокомпаниялар аркылуу акчасын төлөп, көп үгүт жүргүзсө, айрымдарында мындай мүмкүнчүлүк жок экени жүйө келтирилүүдө. Бирок ошол эле учурда БШКнын кээ бир мүчөлөрү мындай сунушту кабыл алууга каршы добуш беришти. Алардын айтымында, бул шайлоочулардын жана талапкерлердин тандоо укугун бузат жана айрым талапкерлерге тоскоолдук жаратууга өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Натыйжада сунуш БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынды. Демек, ушул жылы күзүндө Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоодо бийликтин сүймөнчүк телеканалдарынын гана күнү тууйбу деген собол жаралат…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *