КӨӨНӨРБӨС МУРАС

Кийинки жылдары кытайлык кыргыздар оозеки адабияттарды чогултуу ишине өтө көңүл бөлүүдө. Натыйжасында терең маанилүү, өтө кымбат бир топ элдик казына байлыктары чогулган өңдүү. Буга мисал катары калемгер Асанбай Матилинин Төлөк Туркандан жазып алган «Асан кайгысын» айтсак болот. Чу дегенде эле: Адам ата, Шиш, Анан, Кынан, Милайл, Ыдырыс, Мутабаша, Хинуш, Хинуштан Ламек, Ламектин үч баласы Ноо пайгамбар, Ноо пайгамбардан Запас, Туран, Аран, Түтүк, Ыстам деген урпактары болуп, Ыстамдын баласы Кыркез, Кыркездин балдары: Акылбек, Асан кайгы, Озот, Казат, Басат, Кане, Сан деген жети баласы болгон. Кыркез үрөнбутагы менен 42 жанга толуптур деп башталат.

Муундар энчи бөлүп алат. Акылбектин энчисине Эдил жергеси, Энесай өрөөнү тиет. Ошондо ал башка элден уста алып келип бир чоң шаар салдырат. Ал тойго агасы Асан кайгыны чакырат. Бирок ал тойго келбей коёт. Экинчи жолу Акылбек кулаалы таптап кууну алдырат. Акылбек өкүмүнүн өткүрлүгүнө сөөнүп, дагы да бир чоң той берет. Анда да Асан кайгы келбей коёт. Үчүнчү сапар Акылбек кырк аялынын үстүнө дагы бир кыз алып, урматына улуу той берет. Мында да Асан кайгы келбей коёт. Ошондо Акылбек жини келип: Асан кайгы экөөбүз бир тууганбыз, бир эмчек сүтүн татканбыз. Ал ар убак мени менен каршылашат. Муну адам жумшап өлтүрүп салсамбы, же башын кесип алсамбы, же болбосо жаныма чакыртып көрөйүн. Ичинде айта турган дарты барбы? – деп ойлонуп акыры бир жигитти чаптырат.
Жигит:
– О, Асан кайгы абаке,
Акылың сенин канеке?
Хан жумшады өзүңө,
Ылдамыраак бар аке.
Айланы кандай кыларсың,
Айласыздан турарсың,
Башында барбай тоюна,
Жаман сөзүн угарсың! – деп жалооруп айтыптыр. Асан кайгы эч бир кебелбестен мыйыгынан күлүп мындай дейт:
– Хан чакырса барайын,
Каадалуу сөзүм салайын.
Акыл кимде, жол кимде,
Аягын сындап багайын.
Нечен кыяр сөз болот,
Кээде душман өз болот.
Адамзаттын ичинде,
Ийриси болот, түз болот,
Жер асмандын үстүндө,
Колот болот, зоо болот,
Тура бербейт бул чоңдук.
Зордун түбү кор болот,
Айтышып келчү доо болот,
Атышып чыгаар жоо болот.
Күчтөн тайбас кеп болот,
Кылыч кеспес тил болот.
Ар канча жүктү көтөргөн,
Айбандын чоңу пил болот.
Адамдын куну – акылда,
Акылы барга жакында.
Эстүү болсо башчыңар,
Кары да болсо жашсыңар.
Акылсыз болсо башчыңар,
Муздап турган ташсыңар.
Атадан туулуп уул калат,
Энеден туулуп кыз калат.
Абалтадан өмүрдө
Толбой акыл баратат.
Ушунчалык кеп айтып,
Кайгырба балам, – деп айтып.
Желмаянды миниптир,
Желдирип жүрүп акыры
Хан алдына кириптир.
Айтар кепти сурабай,
Акылы менен билиптир.
Агасы анын Акылбек,
Ачууланып кеп айтат.
– Туугандыктан сени мен,
Өлтүрбөй турам, – деп айтат.
Тар курсакта тебиштим,
Таш эмчекти эмиштим.
Жүрөсүң мага жолобой,
Кай тилегиң кемиттим? –
деп ошентип айтканда,
Асанкайгы айтты анда:
– Биринчи салдың калааны,
Кыргыз салбай… жат салды.
Ишмерлеген өз элиң,
Артта туруп калганы.
Кете берсең ушундай,
Кантер кыргыз айласы?
Бул шаарыңдын кеткени,
Түбүңө калаа жеткени.
Кыш койгон кышын албайбы,
Таш койгон ташын албайбы.
Шаары жок жеке хандыкты,
Кыргыздар тутуп калбайбы?
Экинчи ирет той болду,
Тоюңда жаман ой болду.
Кусурланып шактадың,
Кулоолуну таптадың.
Көлдөн кууну алдырдың,
Көрүнгөн элге дан кылдың
Калкыңа менче кас кылдың.
Карага акты бастырдың,
Акылбек агам кантет? – деп,
Кара көзгө жаш кылдым.
Үчүнчү ирет тойбодуң,
Кырк аялдын үстүнө,
Кыз алууну ойлодуң.
Аттең! Кыргыз элине,
Нуска кылып койгонуң.
Акылбек ага ишиңе,
Канбады менин боорум.
Каршылашып ичимде,
Катышпадым тойлоруң.
Үйүмдө жатып ачынып,
Бактыңа кыйла толгондум.
Карындашым, жанымсың,
Калкыман медет ханымсың.
Кастык болсо сен үчүн,
Кара жаным кагылсын
Өкүмүң улуу барыдан,
Калтырайбыз каарыңан.
Тууганчылык урматы,
Туура өтпөйм алдыңан.
Атсаң ачык оюнум,
Чапсаң даяр моюнум, –
деп ушинтип айтканда,
Акылбек айтат мындайча:
– Өөдө чыкса өбөгүм,
Ылдый түшсөм жөлөгүм.
Акылдуу бала экенсиң,
Асан кайгы бөбөгүм.
Көңүлүм бурбай жан-жактуу,
Күнөөнү сенден көргөнмүн.
Баркыңа мурда барбапмын.
Бапестеп сыйлап албапмын.
Сараң десе ишенип,
Ар кайда таштап кардапмын.
Жакшынын түбү миң болот,
Жамандын түбү бир болот.
Айтпай жүрсө ички сыр,
Адамдын көөнү кир болот.
Ала көңүл адамдар,
Адашсаң жолдон тим коёт.
Кайрылып учсаң алыска,
Канатым менин ким болот?
Ой жетпей калса уларым,
Бой жетпей калса чынарым.
Бүтпөгөн жумуш кыларым
Бузулганым курарым,
Өмүрүң берип кудайым.
Акылбек башын ийиптир,
Кырк уруу кыргыз эл-журту
Асан кайгы чечендин,
Акылманын билиптир.
«Кайгылуу сараң» дечү экен,
Кайбирде камын жечү экен.
– Калп эле акмак кеп айтып,
Кажылдап жүрдү деп айтып
Айылда толгон жаш-кары,
Акылбек үйгө баштады.
Эзген курут, сары май,
Козу этин татканы.
Таттуулардан ар түрдүү,
Татпаганы калбады.
Айылдан айыл барбаган,
Асанкайгы адаты.
Армандын тоосу басчудай,
Ачылбай жүрчү кабагы.
Той бергенге келчү эмес,
Чакырса да атайы.
Калдастап үйгө кайтуучу,
Кармады адат баягы.
Жез буйласын чечтирип,
Желмаян минип кайтканы.
Боз үйгө келип жеткенде,
Тоо башын тиктеп чекчейе,
Ой жүгүртүп өмүргө,
Сыры толкуп көңүлдө
Куу санаага кабылды
Алгач мындай кайгырды:
«Жаман катын – жаш бала,
… экөөлөсө кантесиң?
Жардычылык, куу тагдыр,
Төртөөлөсө кантесиң?
Жарма тапсаң, туз таппай,
Жабыктырса кантесиң?
Нанды тапсаң чайы жок,
Какап калсаң кантесиң?
Катуу ичип ашыңды,
Чакап калсаң кантесиң?
Бала тапсаң чапан жок,
Басып алат жокчулук.
Кенен болсо тамагың,
Кесирди салат токчулук.
Жетпеген жүрөт жүгүрүп,
Жеткени жүрөт сүйүнүп.
Карыпчылык чырмаса,
Каңкыят жүгүт бүгүлүп.
Акылсыз жүрөт алаңдап,
Акмак жүрөт табаңдап.
Ала көөдөн нечендер,
Айылда жүрөт шанаңдап.
Баркы түгөл түгөнсө,
Кантип жашар жан сактап?
Элимдин бар куусу,
Нечен жүрөт уурусу.
Жамандыгы чубалса,
Заманым кыйын куурулду.
Абийирин ойлоп булардын,
Кара чачым суюлду.
Кандим болгон ууруга,
Камчы нечен урулду.
Карчытынан, бетинен
Кара каны куюлду.
Талкаша болбой таякка,
Таштаса кантээр ушуну!
Же бир ачка каларбы,
Кызы менен уулу?
Калпычы сүйлөп каңкылдап,
Ушакчы жүрөт талпылдап.
Алаңказар ашыгып,
Айылга сыйбайт шаңкылдап.
Аш аңдыган байкуштар,
Ар кайда бар салпылдап.
Бала кезден эмгекке,
Барбай жүрөт жакындап.
Жакыны мунун өлбөсө,
Жаман күндү көрбөсө,
Атасы мунун өлбөсө,
Армандын жүзүн көрбөсө,
Базармандуу жаш башы,
Баланы кийин бакпаспы?
Үлпүлдөшүп жасанат,
Үйүнө отун албаспы?
Байлар кантет багжаңдап,
Баса албай талтаңдап.
Бабырашып сүйлөшсө,
Баштары турат калтаңдап.
Ачуусу чындап келгенде,
Абийири кетет чакчаңдап.
Каадалуу киши кептенип,
Карысы сүйлөйт какжаңдап.
Пайда десе жүгүрүп,
Баса калат саксаңдап.
Айылга барса шаңданып,
Аксакал билбей алчаңдап.
Жакшылар муну билбейби,
Жакыны боктоп тилдеди,
Арын сактап жүрсө – деп,
Ачынып ичим зилдеди.
Алып жүрөр ата жок,
Бапестеген апа жок.
Жетим баатыр канткендир?
Карап алар эри жок,
Кайрылып коёр деми жок,
Жесир баатыр канткендир?
Таңдайынан сөз чыккан,
Чечен баатыр канткендир?
Отурган жерде жылалбай
Бечел баатыр канткендир?
Күнү-түнү онтолоп,
Кесел баатыр канткендир?
«Ак» – деп элден алалбай,
Эшен баатыр канткендир?
Мулук ээк келпийген,
Кемпир баатыр канткендир?
Кайненеси бек залим,
Келин баатыр канткендир?
Нанын чайнап жей албай,
Абышка баатыр канткендир?
Чапаны жок жылаңач,
Кедей баатыр канткендир?
Оокат таап кылалбай,
Жалкоо баатыр канткендир?
Бөрк ал десе баш алган,
Шаңкоо баатыр канткендир?
Айткан сөздү элебес,
Аңкоо баатыр канткендир?
Эптүү жумуш бүтө албас,
Энөө баатыр канткендир?
Ичегиси чубалып,
Чурку кургур канткендир?
Үйдөн жүрүп чыга албайт,
Кыркы кургур канткендир?
Бак, дөөлөт, сыймык үч куш бар,
Баш менен эки мүрөңдө.
Ал үчөөн айдап ийүүчү
Кесириң бар тилиңде.
Келбесе сыймык башыңа,
Кейип ага зарлаба.
Кычык сөздүү адамдын,
Кылыгына кармалба.
Башыңан өтөт бул дүйнө,
Байлыгыңа мактанба.
Бактың туура келбесе,
Барлыгы өтөт арманда».
Жорго жолду арбытат,
Жокчулук элди карытат.
Санаа эрди саргартат,
Сабылтып жүрүп карытат.
Жеке эле жалгыз биз эмес,
Түмөн миң дапкыр эл өткөн.
Жакырлык келбей кейибей,
Жоболоң тартпай ким өткөн?
Кейисең байлык келеби,
Кейий берсе кайгырып,
Тилекти кудай береби?
Ой менен оокат кылбаса,
Өмүрдүн эмне кереги?
Кыштын күнү тоңосуң,
Жайда ысып оңосуң.
Түндө уктап бышылдап,
Тамакка күндүз тоёсуң.
Акыл-илим болбосо,
Акыры кор болосуң.
Келгенде сыймык башыңа,
Тийип турган күн болот.
Кеткенде сыймык башыңдан,
Карарып турган түн болот.
Шор бешене жаралган,
Миң адамда бир болот.
Арамзада адамдын,
Ичи толгон кир болот.
Мындайларды эскерсем,
Зардабым кайнап козголот.
Оң тартпаса таалайың,
Жашоо жолуң тар болот.
Жалганбаса тилектер,
Жабыгып жигит кор болот.
Аз дөөлөт берсе кутуруп,
Акмак адам бай болот.
Аз дөөлөткө семирбе,
Эл-журтуңду кемирбе.
Акылдуу адам кептенип.
Алдыда туруп теминбе.
Оңтойсуз сөздү былжырап,
Обу жок жаман дедирбе.
Абалтан акмак дедирбе,
Атаңа наалат дедирбе.
Аз дөөлөт болсо дардаңдап,
Айылыңды кажап кемирбе.
Хан болсоң элге адил бол,
Эл менен агат бу бир жол.
Баатыр болсоң туура бол,
Баатырлык деген улуу жол.
Уксаң акыл насаатым,
Укпасаң сага бей саатым.
Жаш чакта нечен шоктонот,
Жалгабаса кудурет,
Жабыгып жүрүп жок болот.
Бала тапсаң багарга,
Акылын тиле андайда.
Акылын кудай бербесе,
Тапканың оңдон келбесе,
Кайгырган менен пайда жок,
Каласың анда айла жок.
Кара сөөгүң бадырап,
Какшаган менен пайда жок.
Чечекей бышып мындайга,
Батып жүрөм кайгыга.
Ыйлаганды көргөндө,
Жамгырдай бирге төгүлөм.
Кыйналганды көргөндө,
Жик-жигимен бөлүнөм.
Какшаганды укканда,
Топодой болуп жанчылам.
Теңсиздик ой чыкканда,
Сай ташындай чачылам.
Аялдарды көргөндө,
Ичим ооруп ачынам.
Жамандыкты көргөндө,
Тал чыбык болом жашыган.
Муну мындай таштайлы,
Айбандарга Асандын,
Кайгысынан баштайлы.
– Алып алган энчи жок,
Карышкыр баатыр канткендир?
Бөлүп алган малы жок,
Жору баатыр канткендир?
Көрүнгөндөн корголоп,
Чилдер баатыр канткендир?
Денесинде түгү жок,
Пилдер баатыр канткендир?
Топ карышкыр ичинде,
Бугу баатыр канткендир?
Сайгак тийип жөнкүгөн,
Ую баатыр канткендир?
Жамынып алар чапан жок,
Кулан баатыр канткендир?
Жүрө турган буту жок,
Жылан баатыр канткендир?
Тыңшай турган кулак жок,
Коңуз баатыр канткендир?
Кышта жерлер муздады,
Доңуз баатыр канткендир?
Көлдөрдү муздар каптады,
Кантти экен бакалар?
Көчүгү курттап тамызда,
Кантти экен каргалар?
Жорудан жем талашып,
Кантти экен кузгундар?
Кар түшпөй чөлдөп чокуда,
Кантти экен уларлар?
Жылкы болуп жылыбыз,
Көбөйүп калды чырыбыз.
Кургакчылык айынан,
Кетип турат ыркыбыз.
Койдум көчөт-сөгөттү,
Кандай болор көктөшү.
Шамал улуп уулдап,
Бак-дарактар шуулдап.
Суук аяз закымдап,
Чилде келди жакындап.
Тогуз торко тон кийген,
Шилби баатыр кантти экен?
Жалаң кат көк чапандуу,
Ыргай баатыр кантти экен?
Карыш узун тамыр жок,
Камгак баатыр кантти экен?
Али дагы бышпаган,
Жаңгак баатыр кантти экен?
Кеспей жылда бир шагын,
Шаптоол баатыр кантти экен?
Чечекте түштү боз туман,
Өрүк жидип кантти экен?
Жүзүмдөрдү көмбөдүк,
Талдары тоңуп кантти экен?
Аяз жалап кызыл гүл,
Өңү өчүп кантти экен?
Ташка өсөт таш жаргы,
Сөлү качып кантти экен?
Таруу эктим жайыкка,
Таранчы учуп бардыбы?
Данын күүп салдыбы,
Кызыл мыя шортоңдо,
Тамырын доңуз каздыбы?
Түбүн койбой алдыбы,
Мындан кийин түбөлүк,
Көктөбөс болуп калдыбы?
Дүмбүл болду коноктор,
Мегежиндер бардыбы?
Торошону кутуруп,
Марегин чайнап салдыбы?
Мончоктой буудай дандарын,
Шатырап жамгыр жаадыбы?
Бузулуп бул даныбы,
Мөндүр сабап бадырап,
Күбүлүп жерге калдыбы?
Көп коюлуп сууларын,
Тамаки күчтөн тайдыбы?
Семирткичи бап келбей,
Көкчөнүн мурдун жардыбы?
Көк бедеге каргаша.
Сары от чырмап алдыбы?
Калың эле токоюм,
Өрт кетээр деп коркомун.
Жер тегине чөгөр дейм.
Бир кезекте тоолорум,
Урабаган эмине?
Кулар деймин зоолорум,
Акыры коюп жетер дейм,
Жоголбосо жоолорум.
Карыганда бозоруп,
Чырымыман оңормун.
Мен ажалды ойлосом,
Ачынышуу жолдомун.
Көтөргөн мени жер экен,
Төшү жайык кең экен.
Ичи жалын от экен,
Мындай баатыр жок экен.
Шекилине карасаң,
Жумалак бир топ экен.
Эки учун кар баскан,
Алты айгача таң аткан,
Таппайсың жерин чатылуу,
Кутбуга күчү тартылуу.
Исираил жылдызга,
Бир жак каруу артылуу.
Асманымдын чеги жок,
Барган адам деги жок.
Күн-жылдыздын сулуусу,
Сулуу эмес улуусу,
Күн болбосо жарык жок.
Күндө жашоо туушу,
Керебе чачып койгондой,
Асманда жылдыз мончоктой.
Көктө турат каалгып,
Бир калыбында козголбой.
Аз эмес бул жөнүндө,
Атаман калган жомоктор.
Такаган түркүк болбосо,
Бирөө кармап койбосо,
Тоо көтөрмөк оңойбу?
Көтөргөн далай тоолорду,
Жашап турган жериңдей.
Баатырлар мындай болгону?
Бир кезекте бул аалам,
Чакыйган муздай тоңорбу?
Мына ушинтип дүйнөдөн,
Адамзатты жоёрбу.
Акыры мен да карыдым,
Ойлоп далай ойлорду.
Даярдаган Абдылда КАРАСАРТОВ
Жаңы Ала-Тоо 2013, 8 (52)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *