АҢГЕМЕ

Ал жыйырма жылдан бери үйүнө барамын деп коюп чыгыналбай жүрөт. Эки-үч курдай жолдош-жоролоруна айтып койгону бар мактанып. Анда да бир каскак жолун тороп, баралбай калган. Эми жолдоштору тургай катын-балдары да ишенбей калды. Кийинки кезде: «Барып бир көрүп келбесем» – деп айта берчү болду. Атайын бир күндү болжоп, даярданып алып, кайра эле айнып калат. Бир курдай жол азыгын камдап, катын-балдары менен коштошуп, вокзалга чейин барып, поюзду күтпөстөн кайра үйүнө баса берген. Катын-балдары аң-таң калышкан ошондо.
– Айнып калдым,– деген Алексей камырабай, жүктөрүн кайра ордуна коюп жатып, – кийинчерээк бараармын. Ойлоп көрсөм кийинчерээк барганым эле оң экен.
– Көңүлүң,– деп койгон аялы бөлөк сөз айтпай.
– Азырынча кат жазып койсом жетет. Аман-эсендигибизди билишип турсак болду да. Кемпир-чал азыр тың эле болуу керек,– деди Алексей өзүн жооткото.
– Кийин, өлгөндө биротоло барайын дедиңби?– Аялы эринин сөзүн жактырган жок.
– Антпегин,– деди Алексей,– азыр экөө тең тың эле. Бирдеме болушса кабар беришмек эмгиче, кудай сактасын. Буякта менин колумдун бошобосун деле билишет. Бизге таарынышпас.
– Эне-ата сеники, өзүң билесиң да барар-коёруңду. Асти, сени жибербей жаткансып менден көрүшпөсө болду. Маа десең топурагыңы түйүп, почта менен салып жибер.
– Кой, каары, антпе,– деп Алексей чочуп кетти.– Ушинтип да тамаша кыласыңбы? Бирөө укса чын көрөт.
– Чын болбогондо калппы?– деди аялы бурулуп, күйөөсүнүн жүзүнө тике карап. – Өз көздөй эне-атаңы жыйырма жылдан бери көрө элексиң.Өзүң элүүгө чыктың. Буга чейин бу болду, эми карыганда көңүл үчүн деле бир барып келсең боло. Менден көрүп атышкандыр, албарстысы коё бербей атат деп. Баласы сени жамандашмак беле, сөзгө мен калам да…
– Кой, кой,– деди Алексей тыйып. – Барам, барып келем.
– А сен айта бересиң. Барам дегениңе мен билгени жыйырма жыл болду.
– Өзүң көрүбатпайсыңбы, тияк-буякка жүгүрүп жүрүп күн өтүп атканын…– Алексей актана сүйлөдү.
– Койчу, ушу сени…– Аялы кол шилтеди. – Же өз эне-атаң болбосо керек. Жөн, мындайраак тууганың болсо, жашырбай эле айтпайсыңбы…
– Өлүп кетейин,– деп карганып жиберди Алексей мындай сөздү укканда, – өз энем, атам. Өзүмкү.
– Билбейм анда,– дейт аялы,– айтор, акылым жетпейт. Чоочун немедей мамиле кыласың. Мен билгени болгону үч курдай кат жаздың. Анда да акча сурап, айлаң кеткенде жазгансың. Эми…
– Эне-атам да. Анын эмнеси бар экен? Кайрып берем акчаларын сурашса,– деди Алексей актана. Аялынын сөздөрүн боюна жуутпады.
– Кана бергениң? – Аялы ого бетер эринин кыжырына тиет.– Андан бери он эки жыл өттү. Эмгиче берет элең го бирдемени ойлосоң.
– Берем. Жүз жыл өтсө да берем. Азырынча аларга акчанын деле кереги жок. Керектегенде таап берем.
– Өзүң билип бербесең сурашкандан уялып атышкандыр.
– Эмнеге уялмак эле… Кызык, баласынан да уялышабы? Ушу сен кызыксың, бирдемелерди эле болжоп сого бермейиң бар. Мен карыз деп сурасам, алар карыз-парызы жок эле алгын дешкен. Же баласынан аяшмак беле…
– Болуптур, сеники туура, – деп айтып, аялы кутулмак болот. Күйөөсүнө бул да жакпайт. Ал кайра кынтык чыгарат.
– Антип анткорлонбой эле кой. Мени эмне, келесоо деп турасыңбы? Өзүң баштап аласың, анан мындагы элди келесоо көрүп…
– Маа десең азыр алпарып бер,– дейт анда аялы ого бетер күчөп.– Жөнө, азыр жөнө токтобой, мен карап турайын. Же почто менен салып ий…
Алексей чычалап атып өлүп калат.
– Барганда өзүм ала барам,– дейт акыры.– Ага чейин салып жибергенде эмне, аякта деле акча бекер жата берет. Кудай аман койсо келерки жайда барып келем. Ал жагынан сенин ишиң болбосун!
Бул сөз көп учурда ушинтип аяктайт. Алексей менен аялы экөө таарынышып, көпкө сүйлөшпөй калышат. Күйөөсү тамак ичпей тултуят. Дале болсо сөздү аялы баштайт чыдабай.
– Акчаң менен жерге киргирди кайдан айта койдум эле, өрттөнүп кеткирди. Эми болду, тамагыңы ич, байболгур. Барганда ала барарсың акчаны, бербесең бербей деле коёрсуң. Картаң кемпир-чалга акчанын кереги деле жоктур,– дейт аялы акырын сүйлөп.
Күйөөсү катуу айтып койгонуна ыңгайсызданып, бирок анысын билдирбеске мурдагысындай тултуюп үндөбөй отура берет.
– Ич тамагыңы эми, анын эмнесин жаман көргүдөй. Карыганыңы билбейсиң. Уулуң катын алып, кызың эрге кеткиче тултуюп коркутканыңы койбодуң. Мени жутуп тынасың го акыры.– Аялы күрс-күрс жөтөлөт.
Алексей үндөбөстөн алдындагы тамакты жей баштайт. Аялы да тып басылат.
Мындайда үйдө балдары болсо жакшы. Анда чатак ырбап кетпейт. Какшыктары тамаша маанайда айтылат да, аягы күлкү менен бүтүп калат.
Алексей үч бир тууганбыз деп жүрөт. Экөө чоңоюп, эр жетип калганда автокырсыктан пендечилик болуптур. Өзү болсо мынтип алыста, Кыргызстанда жүрөт тагдырдын салган күнүн аркалап. Эне-атасы гана ордуларында калыптыр астанасын ээн таштай албай. Москва аймагынын бир кыштагында дейт. Атасы сексенге барып калыптыр, энеси деле абышкасына тең чамалаш болуу керек Алексейдин айтымында.
Алексей көбүнчө ичип алганда абышка-кемпирди айта берип жадатып жиберет.
– Кудай жол берсе жайда же күздө барамын,– дейт кыштын күнү.– Күздө эле барганым оң го, бышыкчылык маалы. Уулумду ала барсамбы? Кыздар жолдо кыйналып калышат го…
– Кудай жол берсе кышта барамын,– дейт жайдын күнү. – Түн узун, уктап отуруп жетип барам. Уулумду кошо ала барам. Көрсүн. Же кызым менен кийин барсабы…
Ошентип, Алексей кышта да барган жок, жайда да барбады. Бул сөзүн тоту куштай болуп жыйырма жылдан бери тынымсыз айтып келатат. Аялынын кой дегенине да болбойт. Кайра атырылып бир тиет.
Алексейдин кызуу экенин көргөн кошуналары да андайда тамашалап калышат:
– Алексей, азыр күн ысык, тиякка эмки кышта барбасаң азыр кыйналасың. Жол узак, Казакстандын талаасын билесиң, буер мынчалык ысып атат, ал жактан шишкебек болуп каласың. Кышында жөнөгөнүң оң. Түн узун, уктап отуруп жетип барасың поюз менен,– дешет.
Алексей кээде тигилердин сөзүн эп көрүп, сырын айтып берет. Кеңеш бергендерине кайра-кайра ыракматын айтып тажатып жиберет. Эгерде өтө мас эмес, соорок болсо кошуналарынын шылдыңдап тургандарын сезип коёт.
– Эрмегиңер эми мен болуп калган экенмин да. Же мени макоо деп ойлоп атасыңарбы? Алексей силерге оңой менен алдатпайт. Алексей силер ойлогондой келесоо эмес,– деп таарынып калат.
– Койсоңчу, Алёша,– дейт семиз кошунасы чылымын дембе-дем соро берип,– чын айтыбатам. Сени качан шылдыңдачу элем. Жөн эле бирдемелерди ойлой берет экенсиң. Экөөбүздүн эмне, ортобузда талашыбыз бар беле, айтсаң?
– Жок,– дейт Алексей чынын айтып.– Эмне доом болмок эле…
– Ошону атыбатпаймынбы сага жек көрүнүп.
– Сага таарынбайм,– деп Алексей чылымын түтөтөт. –Эмнеге жек көрмөк элем? Окус катуу айтып койсом кечиргин. Кээде ушинтип кишинин көңүлүнө карабай сүйлөп коём. Сенин айткандарың, негизинен чын дечи. Эми кышта барбасам азыр кайдан…Ага чейин аяк-башымды жыйып алып жолго чыкпасам, убакыт өтүп атат…
– Ии, мен деле ошону айтпадымбы… Өзүңдүн кучунашың кармап турса керек, бирөөгө тийише албай. Же башың жакшы жазылбай калганбы, айтор…
Бул сөздү укканда Алексей мыйыгынан күлүп коёт.
– Ошондой болубатат,– дейт чыкыйын кашылап. – Катынымдын берген акчасы тамакка жетеби, тамекиге жетеби, баш жазганга жетеби же чач алдырганга жетеби…
– Мунуң жаман экен, – дейт семиз кошунасы лөкүлдөп күлүп.– Баарыбыздыкы эле ушул, Лёш. Кытып-сытып калуу керек да айлык алганда…
– Кантип катасың? – дейт Алёша алаканын жайып.– Алаар акчаң эсептелүү. Тыйынынан бери эсепте.Мурда үч сом катып калсаң, бир бөтөлкөлүк болуп калучу, эми аның эчтемеге жетпейт. Көбүрөөк кытсаң билинип калат. Айлыкты алганда эле бирдемеге оолаштыралбай эсим оойт, балээ болду… – Алексей бул сөзүн кабагын чытып, нааразы болубатып айтты.
– Элдин баары эле ошо, жеке сен бекен. Андан-мындан кытып-сытып албаса оокат болобу. – Кошуна санын чаап каткырып алды.
– Ал жагынан акылман болуп бүткөм. Бирок кээде акылмандыгың деле айла таппай калат экен, хи-хи-хи… Алыш-бериш көп, бул жагынан бизди, кыргыздарды жакшы билесиң да. Катышпасаң, бербесең, алпарбасаң тууганчылыктан чыгып каласың. Сени киши катары көрбөйт. Өлүм-житим, той-аш… – Кошуна колун шилтеп койду.
– Мен акча каткан жактан академик болуп калгам. Академигиң менчелик амалын таппайт,– деп Алексей чын сырын жашырган жок.
Ошондон кийин Алексейди кошуналары Академик деп коюшчу. Анысы бара-бара башкаларга угулуп, анан иштеген жерине жетти. Атынан айтпай, Академик деп чакырышчу болду. Алексей аты өчүп калды. Аялы адеп укканда чычалап жүрдү. Кийин ал деле эрөөн албай калды, өзү эрин Академик дебегени менен башкалар бышыкулак кылып салды. Ошо Академик отпускесин атайын кышында алып, кемпир-чалына барыштын камын көрө баштады. Адегенде жолуккан тааныштарына жарыялап чыкты. Кошуналарын жадатып жиберди көргөн жерден айта берип. Кээ бирөөлөр Академиктен качып, айланып өтүшчү болду. Академик ага деле болбойт көрүп, билип, түшүнүп турса деле.
– Сага айтпаганда, сага кеңешпегенде кимге айтып, кимге кеңешем,– дей берет жолуккан кишиси болсо эле.– Ушинтип, баягы айтып жүргөн жакка бармай болдум. Кемпир-чал өлөрүндө бир сүйүнүп калсын, бечаралар. Барып келейин дебатам…
– Туура, барып кел. Туура кылыпсың. Барып, көрүп койгонуң эле канча дем берет дейсиң карыган адамдарга,– дешет санаалаштары.
– Алыс жолго чыгыбатыпсың, жуубайсыңбы,– дешип кээ бирөөлөр түз эле качырып кирет.
– Ырас болуптур, ошент,– дейт айрымдар Академиктен кутулуунун айласын издешип. Анан шашып бараткан түр көрсөтүшүп, жөнөп калышат андан-мындан бир тийип калптан эле. Академик алардын кутула жадап баратканын деле сезет, бирок эч нерсе дебейт, билмексен болуп коёт.
– Люб,– дейт Академик түндүн бир убагында аялын кызуу уйкусунан ойготуп,– тияктан сага эмне ала келейин?
– Эчтеме,– дейт аялы уйкусурап.
– Кантип эчтеме!– деп Академик чочуп кетет. – Эртең кагазга тизмелеп бер унута электе.
– Макул,– дейт аялы уйку-соонун ортосунда.– Эртең.
– Ич кийимдериңин да размерлерин унутпай жазып койсоң.
– Болуптур,– дейт аялы оозун араң кыбыратып.
– Люба, Люб,– деп Академик аялын чыканагы менен түрткүлөйт,– эсиңдеби, баягы жылы сага ич кийим апкелгеним, чөгүп кетпедиң беле…
– Ии,– дейт аялы араң.
– Ошо канчанчы размер эле?
Аялы уктап кетет көшүлүп.
– Люб, Люба,– дейт Академик дагы чыканагы менен түртүп,– ошонун размери канча эле?
– Ии, ооба,– дейт аялы эчтеме түшүнбөй.
– Люба, Люб,– дейт Академик чыканагы менен кайра түртүп, – ойгондуңбу? Ойгончу, бир ооз эле сөз.
– И, айта бер,– дейт аялы көзүн зорго ачып.
– Баягы жылы сен чөгүп кеткен ич кийимди айтыбатам. Ошо канчанчы размер эле?
– Алтымышынчы.
Академик солкулдап күлүп калат. Анан күлкүсүнүн арты жөтөлгө айланат.
– Люба,– дейт күйөөсү аялы жөтөлүп токтогондо.
– И-и.
– Ашып кетсе бир жума турам. Болбосо, эки-үч күндөн кийин эле кайра тартам. Картаң немелерди жүдөтүп эмне кылам.
– Кой, антпе,– дейт аялы,– шашканда эмне, бүтпөй аткан жумушуң бар беле.
– Жок, келе берем,– дейт Академик.
– Мынча барып алып… жыйырма жылдан бери бир барсаң, анан жоо тийгендей кайра эле тартсаң…
– Жүрө берем,– дейт Академик чечкиндүү.
– Уктайлычы,– дейт анда аялы кыжырданып,– адегенде барып көрүп, анан айтпайсыңбы… Сенин бараарыңды кудай билет. Барганыңан айныганың бат.
– Барам,– деди Академик ишеничтүү,– барам дегенден кийин жакең барып коёт. Поюзга отурат да кылдырттап кете берет, анын эмнеси бар экен? Бир беттеп алгандан кийин көгөрүп коёрумду билесиң го…
– Уктачы байболгур жобурабай,– дейт аялы бир маалда.
– Сага аяктан бирдеме ала келейин дебатам, албасаң андан ары кой. Мен үчүн киймек белең, маа десең жылаңач басып жүр. Жон териңди кий андай болсо. Кайра маа жакшы, көтөргөн жүгүм жок салт барып, салт келе берем ышкырып коюп. Кулак-мурдум тынып, кудай буюрса сенин жемеңен беш күн болсо да…
Аялы анын сөзүнүн аягын укпастан жамынган жуурканын көтөрүп, кыздарынын үстүнө, бөлөк бөлмөгө кирип кетет. Академик дагы бирдемелерди айтып, оюнун аягына чыккан соң анан барып унчукпай калат. «Сөзгө түшүнбөгөн бир албарсты болуп баратат,– дейт оюнда. – Андай десең да, мындай десең да кемиреңдейт да турат. Элдин мындай катындары эринин сөзүн эки кылбайт экен. Кайдан чыккан жез кемпир экенине акылым түк жетпей койду. Ата көрү-ү, Валя мыкты кыз эле, ошого үйлөнүп албай эки көзүм кашайбаганда. Кайдан мени кара теке сүзгөнүн билбейм. Ушинтип өзүңө душман чыгып аткан соң күйбөгөн жериң күл болот экен да…»
Дагы толгон токой ардеме-бирдемелерди ойлой берип, анан жедеп чарчаганда уктап кетет. Эртеси кузгун саардан ойгонот. Ойгонгондо эле ашканага кирип, адегенде бир калай күрүшкө муздак суу ичет өхүлөп. Анан тамекисин тартат. Ошо бойдон уктабайт, ары-бери басып жүрө берет өзүнчө күбүрөп. Аялы менен таарыныша түшкөнүн деле унутуп коёт. Атүгүл аялынын түндөгү айткандарын эп көрүп калат. «Шашып буякка келгенимде жасаар ишим кайсы? Жыйырма жылдан бери бир басып барбасам, анан бир барып алып, эки түнөп кайра качсам, чынында эле кудайга сыярлык иш эмес го. Бер жагы он күн жүрүп келбейминби. Чал-кемпир деле коё бере койбос кетем дегеним менен. Балким, барып үй-бүлөңү көчүрүп келгин деп кыйнашаар. Анте турган болушса, түшүндүрүп айтам да. Шартты алар деле билер. Айтор, эмне дешсе да шылтоо көп го. Шылтоого да болбой баратышса, кесе айтып салам «келе албаймын» деп. Карыдык-арыдык дешсе көчүрүп ала кетейин дейм. Макул болушса, үйдү сатабыз да баса беребиз. Мен өз катын-баламан, жылуу ордуман козголмок белем кыштакка. Эл шаарга жеталбай жүрсө, мен жинди болупмунбу кайра артка, кыштакка көчүп. Шаардык болуп калбадымбы…»
Аялы туруп келгенде Алексей атайын жанына барып:
– Люба, ойлоп көрсөм сенин айткандарың туура экен. Он-он беш күн жүрбөсөм болбойт ко. Өзүң айткандай жыйырма жылда бир барып атсам кудайга деле жакпайт ко. Канча күн жүрсөм деп ойлойсуң мени?– деди акыл сурап.
– Ай, кудай ай,– дейт аялы,– баягыңы дагы баштадыңбы? Эми ишемби, жекшемби эки күн мээми чагып бүтүрөт экенсиң да…
– Мынтип акыл салсам да болбойсуң. Анда эмне, тез эле кайта берейинби?
– Алёша, кудай жалгагыр, деги батамды берейин,– дейт аялы жалынып,– тажатып жибердиң го, кишини аяганды билесиңби, бу фашисттер мынча кыйнабаса керек, койчу, кагылып кетейин, токтотчу. Акыңды берейин, Алёша, барчы алтыным, сыртка чыгып келчи, байболгур. Ме, мобу акча жетеби? Жетпесе, ме, дагы ал. Барчы, вино ичип алчы, менин жанымды тынч койчу. Ошентчи, берекем…
Аялы айласы куруганда ушинтти. Түндө түшүндө да күйөөсү сүйлөп атыптыр. Ойгонгондо жеңилдей түшкөн түшү экенине кубанып. Турары менен карга пок чокуй электе кайра баштабадыбы өзү таң аткыча эс алган күйөөсү.
Академик эки-үч кагаз акчаны алып, жаш балача кудуңдап тышка чыгып кетти. Ошо бойдон күүгүмдө катуу кызуу келди.Тантыр-мунтур бирдемени айткан болду, бирок аялы териштирип сураган жок. Күйөөсү бир топ аялдардын аттарын атап жатты кайра-кайра.
Бир кезде:
– Мен тиякка тигиним менен бармай болдум. Ал мага тием деди. Ошону ала кетем. Сен калдың буерде. Люба, мен сени жакшы көрчүмүн, кийин антпей баратам, билбейм…
– Ошону ээрчитип алып, орду-түбүң менен жоголуп кетсең кана? Анда мени кудай жалгабайбы. Сенден кутулган күндү майрамдайт элем…
– Люб,– дейт күйөөсү эски темир керебетке кулап,– сен… сен ошентип бойдок калмай болдуң. Бойдоктун иши бойдок да шайтан алгырдыкы. Тигинимен бошой калганда сага деле келип турам. Сен күйөөгө тийбей эле кой… шайтан алгырың…– Эки курдай ыктытып алды.
– Тантыба!– дейт аялы кыйкырып, жууп жаткан кирлери менен шалп эттире берип алат.– Жогол, көзүмө көрүнбөй! Чык үйдөн!
– Чыкпайм!– дейт күйөөсү күңкүлдөп.– Үйдү бөлүшүп алабыз. Мен келесоо эмесмин…– Кайра ыктытып алды.
– Азыр өлтүрүп салам! – дейт аялы калчылдап. – Соо болсоң да, мас болсоң да азабың тартып өлмөй болдум! Балта менен башыңды жара чабамын да, өлтүрүп салдым деп түрмөгө өзүм барам…
Муну укканда Академик ордунан атып тура калды. Аялы балта шилтеп аткандай туюлду ага.
– Койдум, кокуй, койдум,– деди арсаңдап.– Сени ала барайын. И-и, ичиң күйдүбү? Эй, мунун кызганчаактыгын… Көрдүңбү, жөн жүрбөсөң таштаймын да басып кете беремин… Мага эмне, эркек деп коёт мени… Анан кыйын болсоң эрге тийип ал. Сени таштабай жүргөнүмө кудай де. Бактың тоодон кем эмес экен, байкушум, мага туш келип…
– Жетишет! Болду!– дейт аялы тигинин сөздөрүн чала-була угуп. – Мен сени таштабай жүргөнүмө тобо де! Талаада калган катын жок буерде!
– Талаада калбасаң тоого чыгып кет,– дейт Академик ажыкыстанып.– Сени бирөө кармап отуруппу…
– Өлтүрүп, жеп тынмай болдуң го акыры!– деп аялы буркан-шаркан түшүп, жууп жаткан кирин таштап салып сыртка чыгып кетет. –Үйдө болсо эле кажып, жеп турат!– Кетип баратып да күңкүлдөй берет.
– Ой, ой, каякка?!– деп Академик артынан жүгүрүп чыгып кучактай калды.– Мен жөн эле тамашалап, Люб…
– Милисага барам. Алып кеткиле дейм муну! Тойдум сендей эрге!
– Люб, кой эми. Тамашалап атпаймынбы. Сени аябай сүйөм. Ушу сени, чырагым, кантип таштамак элем… Чычаласын дебатпаймбы. Жүрү эми, Люб, үйгө. Кошуналарга шылдың болбойлу. Люб, койдум, экинчи антсем энемди алайын,– дейт Академик ыргалып.
Аялы үндөбөстөн токтоп калат. Күйөөсү алды-артына чыгып жалына берет. Акыры экөө үйгө ээрчишип кирип кетишет. Аялы мелтейип, унчукпастан кирин жууй берет. Академик темир керебетке барып кулайт да, уйкуга кирет.
Аялы үй жумуштарынан тынбай, суй жыгылат. Кечинде эри ойгонот мышыкча керилип-чоюлуп.
– Түү,– дейт терезени карап,– небак түн түшүп калган го. Катуу уктаган экенмин. Люб, жегенге бирдемең барбы? Кардым сурнай тартып калыптыр.– Анан ыргалып туруп, кеңгиреген башын укалайт.
Аялы жооп бербей укмаксанга салат.
– А, Люб, сен буякта белең?– дейт күйөөсү ашканага башбагып.– Люб, курсак ачты го…
– Барчы ары,– дейт аялы жактырбай. – Тигиниме барам, тигинимдин балакетин ал дебатпадың беле эмеле? Эми кардың ачканда мен керек болуп калдымбы? Оолак тур. – Аялы тиртиң-тиртиң этти.
– Масчылык да, Люб. Үйгө кантип келгенимди билбейм. Кудай урсун, Люб. Сени чычалатайын дегенмин го.
– Эне-атама тигинимди ээрчитип алып кетемин дебатпадың беле?.. Эмне турасың маа жалдырап. Барбайсыңбы ошонуңа, ошого барып, кардыңды тойгуз. Буерде саа бирөө суутуп койгон жок.
– Жаркыным,– дейт эри жагынып,– ошолордун баары сенин чыпалагыңан айланып кетсин. Сенин тырмагыңа теңебейм. Келчи, берекем, бир өөп коёюн…
Аялы көкүрөккө түртүп токтотот күйөөсүн.
– Анткорлонбо, тигиниңди барып өп.
– Койчу, эми, берекем. – Күйөөсү келинчегин белден кучактап, чачынан шуу жыттап, желкесинен өөп-өөп алат.
– Ий, сасып эле вино жыттанасың,– дейт аялы ушунда бир аз жоошуй.– Чактап да ичпейсиң…
– Таштайм. Жакпай жүрөт. Боорум өтүшүп кетелекте ичкиликти таштап салбасам болбой баратат. Тиякка, кемпир-чалга барып келгенден кийин биротоло кол үзөм го. Сен да жактырбагандай болуп жүрөсүң. Кээде чыр чыкчу болду. Эми азга чыдай тур, өзүм эле таштайм. Муну го таштаарын таштап салам,– деп кекиртегин чертип койду,– тамекини кантээримди билбей жүрөм. Мындан кутулуш балээ го…
– Аны деле таштап сал, көзүңдү жумуп туруп. Таштап эле коюшпадыбы.– Аялы алданемедей жоошуп калат.
– Антсем деле болот. Муну да тияктан келгенден кийин көрөм го…
– Айтор, убадаң көп болуп кетти, барып да келерсиң… бир жок шылтоо табылар ошондо.
Эрди-катын бат эле табышып калышат таарынычтары унутулуп. Экөөнүн турмушу кайра өз нугуна түшөт. Күйөөсү баягы баш-аягы жок бүтпөс сапарынан баштайт, аялы тигинин сөзүнөн жадап, үйдөн чыгып кетет. Күйөөсү ээрчип алып айта берет. Аялы тажаганда Академиктин колуна бир аз акча карматып кутулат. Ал күнү эри адатынча үйүнө кеч кайтат. Анан алиги сөзүнө кирет бир сулуу келинди сүйүп калганын айтып. Ошентип атып уктап калат. Ойгонгондо деген-эткендеринин бардыгын масчылыкка оодарып салат. Мындай окуялар көбүнесе базар, дем алыш күндөрү болот.
Деген менен Академиктин ичинде кири жок неме. Аялы түгүл башкалардан сыр жашыра албайт. Улуу-кичүүлөргө айта берет болгонун болгондой. Анын сүйүшүп жүргөн тамыры деле жок. Өмүрүнүн ушул элүүгө чыккыча тамыр күтүп көргөн эмес. Ылайыгы келип калса ойнош күтөйүн деп ниет кылган, бирок артынан түшкөн эмес. Мас болгондо тамыр күткүсү келчү, анысы деле сөөлөт үчүн эмес, аялынын жемесинен кутулуунун айласынан ошентчү. Ушу кезге чейин ала жипти аттай элек. Бирок кийинки кездерде бөлөк аялдар көзүнө алданемедей жакшы көрүнүп, айрымдарына лапсиси агылып кетчү болду. Академик мунусун жан кишиге билдирбей жүрдү. Ошолордун бири менен байланыш түзгүсү келет. Анан кайра өзүнүн кебетесинен уялат. Андан калса тамыр күтүшкө чактым деле жок дейт өзүнчө.
Кээ бир эркектерден: «Тамырыма аны алып бердим, муну сатып бердим» дегендерин угуп калуучу арак ичип аткандарында. Анан анча акчаны кайдан табамын дейт чочулап. Анүстүнө Любанын да жини жаман өзү ушундай болуп туруп. Окус бирдеменин шегин алды дегиче бүттү – күлүңдү көккө сапырып жиберет. Тентиретип көчөгө кууп салат. Акебай-жакебайыңы укпайт. Андан көрө көчүктү кысып жөн жүргөнүмөн өтөөрү жок дейт оюнда.
Ошентип, күн өтө берди. Академик карыган кемпир-чалга бармай болду акыры. Поюзга белет сатып алды. Аны-муну, белек-бечкек, жолго тамак-ашынан бери камдады. Аялы узун тизме жазып берди эмне сатып алыш керек экендигин көрсөткөн. Кетээрине эки-үч күн калганда кошуналары сырттан көрүнбөй калышты, көчөгө чыгышса Академикти аңдып калышты. Академик бардыгын тажатып жиберди. Аялы бечара аялдыгынан чыдады. Бар кордугунан да акчасын ката турган жай таппай айласы куруду. Акыры шымынын ичине чөнтөк салдырып, жаны тынды.
Академик бир күнү үйүнөн чыкты түшкө жуук артынып-көтөрүнүп. Аялы, уулу, кызы узатып баратышты вокзалга. Кошуналары терезеден карап турушту. Сыртка эч кимиси чыккан жок.
– Силер бара бергиле, өзүм кете берем,– деди Академик үйдү айлана бергенде катын-балдарына.
– Поюзга салып коёлу,– деди аялы,– биз үйгө жетелекте артыбыздан жете келбегендей бол. Ким билет, биз мындай болор менен поюздан секирип кетесиңби… – Аялы тамашалады.
– Атам антпейт, – деди кызы күлүмсүрөп.
– Антишим деле мүмкүн. – Атасы ишенимдүү үн менен айтты.
Аялы күйөөсүнүн бул сөздү жөндөн-жөн айтпаганына түшүнүп, шаштысы кетип калды.
– Антпейт, этпейт. Атаң эмне ошондой жеңил ойлуу бекен?– деди кызына көзүн кысып.
– Атам андай эмес,– деди кызы дагы күлүмсүрөп.
– Сенин атаң деген бир көгөрүп алса, артына чыкмайын койбойт,– деп аялы дагы көтөрө чалып салды.
– Бир жолу вокзалдан кайра келбедим беле,– деди күйөөсү өөндөгүнү эстеп.
Бул сөздү укканда аялы чочуп кетти дагы балээ болуп, үйгө кайрылып кетет экен деп.
– Качан байболгур?– деди унутумуш болуп.– Качанкыны айтыбатасың?
– Баягычы,– деди күйөөсү,– былтыр бекен? Поюзду күтпөй, белетимди кайра өткөрүп салып баса бербедим беле…
– А-а,– деди аялы эми эстемиш болуп,– ой, кокуй ой, илгеркини айтыбаткан турбайсыңбы. Капырай, ошондон бери унуталексиңби? Унутпаганыңды карачы ой! Түү, балакет экенсиң го чычкандайыңан беркини эсиңе түйүп жүргөн.– Аялы дагы көтөрө чалып сүйлөдү жолдон айнып кетпесин деп.
Академик күлмүңдөп өзүнө ыраазы.
– Ошондо эмне… ооруп калып кайра келдиң беле?– деди аялы билмексен болуп.
Академик башын ийкеди үнсүз.
– Билем, ооруп келгенсиң ошондо. Ырас кылыпсың кайра үйгө жүрө берип. Окус жолдон кырсык болсо…Эми жакшы болду, түн узун. Өзүң айткандай уктап отуруп жетип барасың поюзда термелип. Ой, уйкуң бир кансын…
– Ой, уйкумду бир кандырайын!– деди Академик да коштоп.
– Ошент, жаңы жумушка которулганы жети жылдан бери уйкуң жакшы каналек. Томпоюп жатып алып уктай бергин,– деди аялы алдыртан жылдырып.
– Какшыктаба,– деди күйөөсү шекшип.
– Какшыгы жок чынеле айтыбатам,– деди аялы каадалуу үн менен.
– Ата, чын эле да, дайым эрте турасың. Апам туурасын айтыбатат,– деп кошулду кызы апасынын бул шылдыңына.
– Энең жөн сүйлөбөй калды. Мени сынап атпайбы, коркпой эле кой, кайра артка кайрылбайм. Бу жолу барып келем, сагындым…
– Анткен-эткен жокмун, – деди аялы актанып. – Лёш, ушу сен кызыксың. Бирдемелерди ойлой бересиң. Сени кантип сынайын, сен сындан небак өткөн кишисиң да… Эми карыганда сынашмак белек…
Перрондо эл кыжы-кужу.
– Лёш,– деди аялы эркелеп,– эми чактап ич кирпигиң көрүнбөй калгыча оонабай. Эне-атаңдын оюна жаман кетет антсең.
– Сенсиз деле чактап ичейин дебатам,– деди күйөөсү корс этип.– Дегеле акылман болуп кетет… Сократтай…
– Ошондо деле…– Аялы сөзүнүн артын жутуп койду.
Жүргүнчүлөр вагондорго түшө баштады. Академик жүгүн жайгаштырып коюп, кайра сыртка чыкты..
– Канча күн жүрөйүн тиякта?– деди аялына.
– Ончакты күн жүрөсүң го дейм…Өзүң бил…
– Ончакты күн жүрөйүн,– деди күйөөсү.– Болот ошо.– Анан аялына кайрылды. – Эми мен келгиче оокатыңарды тыңыраак кыла бергиле. Жумушуңа барып-келатканыңда чоң жолдон абайлап өтсөң, макулбу?
Аялы башын ийкеди.
– Силер да сак болгула. Оозуңарды ачпай, тыңыраак болсоңор,– деди кызы менен уулуна.
– Сак болобуз,– деп кызы берки уулу үчүн да жооп берди.
Тепловоз чаңырып-чаңырып алды. Поезд жыла баштады. Академик балдарынын, аялынын бетинен өөп, вагонго секирип чыкты.
– Бизден салам айт!– деп аялы кыйкырып калды.
– Бизден салам айт!– деп балдары да кыйкырды.
Поезд бир кезде куйругун үзүп, шакылдаган боюнча алыстыкка житип кетти.
Купеде төртөө. Бири Академик чамалаш, экөө жашыраак көрүнөт.
– Эмесе, таанышып алалы,– деди күлтүйгөн семиз киши ордунан ыкшалып, чемоданынан бир шише арак сууруп чыкты.– Муну бөлүп ичип, насиптеш бололу.– Анан күшүлдөп-бышылдап атып шишенин оозун ачты.– Кана, ыстаканыңар болсо алып чыккыла, менде бирөө эле, өзүмө.
Академик сегиз кырдуу стаканын сунду. Бардыгыныкы ошондой сегиз кыр экен. Семиз аракты өзү бөлүштүрүп куйду.
– Кана эмесе, туугандар, менин ысмым Касым,– деди ыстаканын колуна алып.
– Алексей,– деди Академик.
Берки экөө да ысымдарын аташты. Анан таанышкандары үчүн алып жиберишти.
Заматта төрт бөтөлкө бошоду. Анан ар кимиси ар нерсени айта баштады. Шилекей алышкан дос болушту. Атүгүл конокко чакырып жиберишти даректерин жазып алышып. Жаш кездерин эскеришти.
Академик да далайды айтты кээде ышкыртып коюп. Ышкырткан сайын: «Булар жанымда турушту беле. Өздөрү деле өрдөктөрүн учуртуп атышкандыр. Кээде ушинтип койсо боло берет. Ким көрүп атыптыр»,– дейт өзүнчө.
Поезд үчүнчү шашкеде Свердловскиге жетти.
– Урматтуу жүргүнчүлөр! Поезд Свердловскиде он беш мүнөт токтойт,– деди кондуктор репродуктордон жарыя айтып.
– Бул шаар эскиче Самара болучу,– деди Академик ордунан туруп баратып.
Анан ал вокзалга чыгып кетти. Вокзалдын ары жак тарабына өтүп, дүкөндү сураштырса жакын эле жерди көрсөтүштү. Дикилдеп жүрүп зорго тапты, буйтка жерге жайгашыптыр атайылап катып койгонсуп. Бирок Академиктин жолу болбоду, буерде арак сатылбайт экен. Арактуу дүкөн аркы көчөдө дешти. Аны бат эле таап алды, заңгырап асман чапчыган он эки кабат үйдүн астында экен. Аракка кезекке турган эч ким жок, Академик буга бир сүйүнүп алды. Анан эки шишени эки чөнтөгүнө салып, кайра артка жөнөдү желип-жортуп. Бышылдап чарчап калды муундары калчылдап. «Ичкилик менен тамекини ташташ керек болуп калыптыр»,– деди өзүнчө.
Кышылдап-күшүлдөп перронго жеткенде поезд күүлөнүп, акыркы вагон алда кайда кетип калыптыр. Академик дендароо болуп, поездди көзү менен узатып, ордунда катып калды. Ошо бойдон эмне кылуу керек экенин билбей бир топко турду. Тура бергенде поезд кайрылып келмек беле, бар аракетимди көрөйүн деп дүжүргө кайрылды.
– Алты сааттан кийин ылдам жүргөн поезд келет. Ошо менен жетип аласың, – деди Академиктин жол белетин текшерип көргөн соң. – Андан бөлөк эч арга жок. – Эки алаканын жайып, далысын куушуруп койду колдон келген жардамым ушу дегенсип.
Академик жеңилдене түштү бул сөздү укканда. Талаада калбасына ишенди.
– Ошол,– деди вокзалдын дүжүрү,– алты сааттан кийин келиңиз, сүйлөшүп салып жиберейин.
Академик көчөгө чыкты каңгып. Башы чарт жарылып кетчүдөй ооруп кирди. Эми ашканага кирүүнү чечти. Ошерден башын оңдоп алчудай.
Эки ашканага кирип, кайра чыкты. Буерден башын жаза алгыдай эмес. Балээ болбосун деп чочулады. Аерден жыла басып, пивоканага башбакты. Ичи кыжы-кужу, тамекинин түтүнү уюп-уюп калыптыр салаңдап. Академик бир күрүшкө пиво алды да, четки үстөлгө барып момпоюп туруп калды. Улам ууртап коёт. Арактан сокмоюн башы оңолоор эмес, кыжылдатып эки чыкыйын, төбөсүн жеп баратты улам кемирип. «Али убакыт көп,– деди ичинен,– дагы төрт сааттан ашык жүрүш керек каңгып».
– Алексей! Алексейсиңби? – деди аркы үстөлдөн тартайган жигит жакындап келип.
Академикке үнү тааныш чыкты. Өзүн тааныбады.
– Ооба, Алексеймин, – деди бош.
– Кайдан жүрөсүң буякта? Канча кыш, канча жаз…
Академик бүшүркөп турду.
– Мен Костя эмесминби… Костямын…
Академик дагы эле бүшүркөдү.
– Целиноградда дан ташып…
– А, Костя! – деди Академик мойнунан кучактап.
Анан экөө жай сөзгө өтүштү. Академик поездден кечигип калганын айтты. Эми төрт сааттан кийин кетемин деди. Костя ушерде жашап, дагы эле шопур экен. Экөө жолуккандын урматына бир шишени бошотушту. Анан экинчисине өтүштү. Пиводон аралаштырып, Академиктин оюнан поезд таптакыр чыгып кетти.
Академик таңга жуук ойгонду. Ойгонуп, эч нерсеге түшүнө албай койду. Турду да чоочун үйдө жатканын туйду. Күшүлдөп-бышылдап кийине баштады.
– Алексей, ойгондуңбу?– деп аркы бөлмөдөн Костя келди.– Жата бер, поездиң кечээ эле кетип калган… Баш кандай?
– Жаман,– деди Академик өхүлөп.– Жаман… Кап, карачы… талаада калып…
– Кайра артка, Пишпекке кетемин деп болбой койбодуңбу кечээ,– деди Костя.
– Масмын да,– деп Академик бурк этти.
– Болор иш болду, кайгырганда эмне? Бир-эки күн мында эс алып жата бер. Кийин өзүм жөнөтүп коём каякка болсун,– деди Костя камырабай.
Академиктин ичи уйгу-туйгу болубатты. «Аракты ташташ керек. Ушу иттин кесепетинен болгон иш да. Эми баарынан да катындын жемесинен кантип кутулам. Кулак-мээни жеп, бүтүрүп салат».
Экөө ашканага кирип, баш жасыш жасашты. Академиктин денеси жумшарып чыкты. Кечээгинин бири да эсинде жок. Костянын үйүнө кантип келгенин таптакыр билбей койду. Үңкүйүп жерден башын албайт.
– Пишпекке кетемин деп кечээ таптакыр болбой койбодуңбу,– деди Костя тигинин кебетесин көрүп.– Көгөрүп алат турбайсыңбы…
– Масчылык да.– Академиктин айтканы ушу болду. – Ай, болуптур да,– деди кайра колун шилтеп,– кайгырганда эмне, болор иш болду…
Ошентип, Алексей Костяныкында үч күн жүрдү. Төртүнчү күн дегенде Костя кайра Пишпекке, үйүнө поездге салып жиберди.
Дагы үч күндөн кийин Алексей үйүнө келди. Келсе, баягы өзү алып кеткен кара чамаданы турат далисте. Көрсө, купедегилер жарты барак кат жазышып, чамаданды салып жиберишиптир. Демек, аялына бардыгы дайын болгон экен да…
– Кайда жүрөсүң тентип?– деди аялы көрөр менен.
– Ушундай болуп калды. Поезд жүрүп кетиптир.– Академик жер тиктемиш болду окуудан эки алган балача.
– Өлүп калган экен деп эсим чыкканычы,– деди аялы ачууланып.– Көрсө, бул алкаш арактын артынан жүргөн тура, карачы кебетеңди…
– Тирүү келгениме сүйүн,– деди күйөөсү күңк этип.
– Я де! – Аялынын үнү буулуга түштү. – Мынтип сенделип жүргөндөн көрө… Кишимин деп басып жүрөт!.. Поезддин алдында калсаң эмне…
Академик чатакты ырбатпайын деп унчукпады.
– Таш ичип калсаңчы! – деп аялы булкулдап атты. – Кошуна-колоңдордон уялып өлмөй болдум, ой! Элдин баарына жарыя кылып кетет дегеле. Сурагандарга эмне дейсиң?..
– Барып келдим деп коём да. Ооруп калдым дейм.
– Оңкоңон кет! – деди аялы ого бетер жинденип.
Ошентип, бул чатак үч-төрт күндөн кийин унутулуп калды. Турмуш кайра мурдагы нугуна түштү. Бир гана өзгөчөлүгү – Академик эми тияк-буякка барамын деп эч кимге айтпай калды. Андан эч ким деле сураган жок.
Арадан дагы үч жыл өткөндөн кийин Академик кайра жолго чыкты. Бул жолу шаан-шөкөтсүз узап кетти. Поездде баратканда аракты ичип эле атты, бирок ашөпкө кеткен жок, акыл-эси менен болду. Вагондон сыртка чыкпады.
Поезд акыры жетер жерине жетип токтоду. Академик чамаданын алып, купедегилер менен кош айтышып, автобуска отурду. Анан автовокзалдан мамык креслолуу комфорт автобус менен туулуп-өскөн үйүн көздөй жөнөдү зуулдап. Жолду ката өзгөрүптүр. Таптакыр бөлөкчө болуп калыптыр буер. Көп жерлер эсинен чыгып кетиптир. Илгерки шалбаа, талаалар жылан сыйпап кеткендей орду-түбү менен жок. Заңгыраган үйлөр турат асман тиреп. Академик таңгалып баратты. Ушунда карып баратканын бир сезди.
Кеч бешимде өз кыштагына жетти. Буер да аябай өзгөрүптүр. Бирок көп нерселерди боолгоп баратты.
Алардын үйү кыштакты жарып өткөн суунун боюнда болучу. Суу боюна кыркалекей тигилген дарактар чытырман болуп кетчү убагында бутап турбаса. Жазгысын буерге нечен түркүн куштар керелден-кечке бака-шака түшүп, базар кылып жиберүүчү. Атасы жаз, жай, күз бою ушу бактын ичинен чыкчу эмес, ушерде уктап, ушерден турчу. Балдары деле бак ичинде ойноп чоңойгон.
Үйгө жакындаган сайын Академиктин жүрөгү алып-учту. Атасы менен энеси сыртта, үйдүн дубалына сүйөнүп жол карап турушкандай сезилди. «Кап, телеграмма жиберип койбой» – деди өзүнчө. «Жибербегеним эле дурус болуптур, – деди бир оюнда,– акырын шоп этип кирип барайын».
Академиктин көз алдына балалык кездеги көп нерселер тартылып баратты. Анда балдар жаш болучу.. Атасы менен энеси кечке жумушта жүрүшөт. Өзгөчө чөп чабык маалында суй жыгылышат.
Кечинде жумуштан кайтып, ылай уютуп, кыш куюшат. Түн ортосу ооп кеткенде барып жатышат. Илмейип, арыктап кетишти жандары кыйналгандан. Анан жайды жайлата, күздү күздөй тырмышып жүрүп, үч бөлмө үй салышты. Өлүп кала турган болушканда бүтүрүшкөн кар бир жааганда.
– Эми балдарга жакшы болбодубу,– дешти сүйүнүшүп,– кенелип калышты байкуштарым, кепеге тыгылып жүдөп жүрүштү эле.
– Бул он беш-жыйырма жылга жетет кебелбей. Кийин, балдар чоңойгондо өздөрү түзүктөшүп салып алышар. Ага чейин аман-эсен болсок каражат деле чогулар, – дешти илгери үмүт менен. Бирок кийин согуш чыгып кетип, бул үй ошол бойдон кала берген.
Мурда опур-топурга толгон үй бара-бара суз тарта баштады. Кийин таптакыр ээнсиреп калды. Чалы менен кемпири экөө гана кирип-чыгып жүрүштү. Кармангандары жалгыз Алексейден да кат-кабар үзүлгөнүнө көп болду.
Академик болжолдоп аяндамадан түшүп калды. Тааныштардан эч кимге жолукпады. Аны да эч ким тааныган жок. Көчө боюнда ойногон балдар чоочун кишини көргөндө элейип-элейип карап калышты.
– Бери келчи,– деди Академик чамаданын жерге коюп, аңырайып турган алаң көз тестиер баланы чакырып.
Бала чочуркабай жанына келди.
– Максим абышканын үйү кайда? – деди Академик.
– Кайсы Максимдин? – деп бала тактап сурады.
– Смышляев…
– А-а,– деди бала эми эсине түшкөнсүп ,– тигине, тетиги жолдун бурулушундагы үйдүн арткысы.
Академик костюмун сол билегине илип, чамаданын көтөрүп жолун улады. Жыйырма жылдын ичинде кыштак аябай өзгөрүп кетиптир. Кыштакка кире бериштеги өзөндөн итапкан суу акчу эле, азыр кургап калыптыр. Арыктын нугу эле жатат.
– Алардын үйүндө эч ким жок, – деген алиги баланын үнүн эшитти узай берип. Бирок аны элес алган жок. «Үйдө болбосо сыртта жүргөндүр», – деди оюнда.
Үйгө жакындаган сайын жүрөгү лакылдай баштады. Туулуп-өскөн үйдүн сагынычы оңой эмес окшойт! Адегенде эле көзүнө тааныш үй урунду. Жепирейип, кичинекей экен. Атүгүл бир жагына кыйшайып бараткандай. Бала кезде арыкта аркырап аккан суунун бир тамчысы жок. Бууланып кеткенсип ың-жың. Жээгинде кыркалакей өскөн бак-шактар суюлуп, арбайып-тарбайып турган менен куурап баратыптыр. Академиктин көзүнө ушулар урунду. Ал эми кемпир-чалдын кебете-кешпирин мындан жыйырма жыл мурдагыдай элестетти. «Тың эле болуу керек кудай буюрса» – деди оюнда.
Көчөдөн бурула бергенде жепирейген үйдүн жамгыр чаба жаап, карала-торала болгон дубалдары Алексейин көргөндө жарк этип күлүп жибергендей болду жоготкон баласын таанып. Азыр энеси чуркап чыгып келчүдөй туюлду. Үйдүн терезелерин кир басып кетиптир.
Эшиктин алдына адам буту тийбегендей, чытыр чөп көрпө сыяктуу төшөлүп жатат көпкөк болуп. «Отпускем бүткүчө эле жүрөйүн» – деп ойлоду Академик ушул тапта. Анан каалганы бир карап алды да көңүлү чөгө түштү. Эшигинде дат баскан кулпу салынып туруптур.
Алиги баланын айтканы эсине түштү. Бир жакка кетишкен экен деп, чамаданына отуруп, костюмун кийди. Эми эне-атасы менен кантип учурашар экен. Бечара эне уулун өзгөчө сагынгандыр. Кемшеңдеп ыйлаар, мойну-башынан жыттагылап. Көптөн бери каттабаганына атасы капа болуп, таарыныч кылар. Неберелерди, келинди эмнеге ээрчите келбедиң дешээр. Кайра Пишпекке кайтаарда дагы ыйлашар коштошо албай. Анан бул аялыңа, бул балдарыңа деп далай нерселерди беришет эмеспи жүк кылып…
Академик отуруп алып, ушуларды ойлой кетти. Бурулуп короону караса, эч нерсе эгилбептир, куурай жыш басыптыр. Кемпир-чалдын шаасы жетпей калган го, карып калышса керек. Сарай ичинде мал да көрүнбөйт. Ую болсо бадага кошулуп, жайыттадыр. Чочколорун сатып жиберишсе керек. Туура кылышыптыр, бир уй экөөнө жетет айран-сүтүн ичкенге кенен. Мал баккандын малдай азабы бар. Оңой бекен. Академик буларды да ойлоду ата-энеси келгиче.
– Жигит, кайдан жүрөсүз буерде? Кимдикине келдиңиз эле? – деген үн жакка жалт карады. Чаарала алжапкычына эки колун катып кемпир туруптур жол жакта. Жүзүнөн мээрим төгүлүп, жакшы адам экени жаспай билинип турду. Академик шашып калды.
– Мен … күтүп турам буерде… кулпу экен…
– Бул үйдө эч ким жашабайт, – деди кемпир. – Үч жыл болбодубу…Биз тиги… – Кемпир ээгин экчеп койду. – Жолдун ары жагындабыз. Он жыл болду шаардан көчүп келгенибизге. Балким, адашып жүрбөңүз, жигит?
Академик ого бетер шашып калды.
– А… бу үй Смышляев Максимдикиби?
– Ооба, Максим менен Варяныкы, – деди кемпир. – Эми экөө тең жок да… Чалы мурда өлгөн, бейиши болгур Варяга үч жыл болду…
Академиктин бүткөн бою титиреп, жүрөгү болк этип, эмне дээрин билбей, нес болуп олтурган жеринде катып калды. Өзү нес болуп калып, көзүнөн жаш салаалап чууруй берди. Анан өксөп жиберди.
Кемпир таңгалып калды. Ал дагы жалдырап тура берди.
– Эмне, таанычу белең? – деди кемпир бир топтон кийин.
Академик баш ийкеди үн катпастан. Анан чамаданын жерге коюп, жепирейген үйдүн дубалын алаканы менен сылап, буркурап жашын төгүп жатты. Каалганын туткасын кармалады. Айнектен үңүлүп ичкери карады эле чамбыл ала кирден эч нерсе көрүнбөдү. Анан астананын алдына көчүк басып отуруп, тамеки тартты. Тартып бүттү да жашын аарчып, чамаданын көтөрүп, кайра жолго чыкты.
Көчөдө ойноп жүрүшкөн киченекей балдар ооздорун ачып, тегеректеп карап турушту. Бул бейтааныш адамга кемпир аябай таңгалды, артынан кошо ээрчий басып келди.
– Үч жыл болду Варянын өлгөнүнө, чалы мурда кеткен,– деди кемпир алиги айтканын кайталап. – Кыштактагы кадырлуу адамдар болучу. Үйдүн ачкычы менде. Бир жакта уулу бар дешкен, келсе берейин деп катып койгом. Кыштакта уулунун кайда экенин билген киши жок экен. Сураштырып, дайынын таппай койдум. Балким, келип калар деп жүрөм. Үйдү саткын дешип, кээде кардарлар келишет. Бирөөнүн үйүн кантип сатмак элем? Уулун тапкыча өлбөй турсам экен… – Кемпир ушуларды кобурады.
Бейтааныш унчуккан жок. Чоң жолго бурулду да автобустун аяндамасына барды. Шаарга бараткан машинеге кол көтөрүп токтотуп, түшүп кетти. Артына кылчайып карап койгон жок. Кемпир аны келесоо чалыш болсо керек деп болжоду.
Машинеде кетип бараткан Академик кайра кайрылып келип, үйдү сатып салсамбы деп ойлоду.
1982

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *