Учур адабияты

Философия илиминин доктору, профессор, адабиятчы жана сынчы. 1937-жылы Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Советтик, партиялык жооптуу кызматтарда иштеген.

1971–1986-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун 1-катчысы болуп эмгектенген. 1986-жылдан Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын философия жана укук институтунун бөлүм башчысы.

Т. Аскаров 300дөн ашык эмгектердин, 10 монографиянын, 4 жыйнактын, 9 китепченин автору. Эмгектери немец, англис, француз, испан жана башка тилдерге которулган.

Кийинки кездердеги көркөм сөздүн баркы бир далай кете түшкөн учурунда, окурман менен образдуу ойдун устаттарынын ортосундагы карым-катнаш мамилелеринин азыркы таптагы өтө эле солгундап калган мезгилинде тигил, же бул автордун чыгармалары жөнүндө пикир айтууга далалат кылган адамдардын кимисинен болсо да тиешелүү шарттарды, мурунку же, кийинки чыгармачылык жагдайларды эске алууну талап кылат. «Макаланын жазылышына түрткү болгон – факт» – деп айтып жатпайбызбы. Андай факторлор, бирин-серин болсо да жолугат. Ошондуктан андай көркөм жаратмалар чыгармачылык процессте сейрек кездешерине карабастан өз ичине адам аң-сезимине, жүрөгүнө, көңүл дүйнөсүнө кайталангыс таасир берүүгө жарамдуу көркөм «дүрмөттү» сыйдырып турары белгилүү.

Ошондой ырларды жазган Жыпара Арыкова аттуу акын кыздын чыгармачылыгына окурмандардын көңүлүн бурууга аракет кылдык. «Айат» гезитинин бетинен Жыпара Арыкованын «Карапа сындуу сынганым ушул, сынганым» аталган ыр түрмөгү менен таанышып калдым. Албетте, бүгүнкү күндө поэзия аркылуу өзүнүн тагдырын, көңүл күүлөрүн, ички дүйнөсүн, коомго көз карашын ачып берүүгө аракеттенген кыз-келиндердин катары суюк эмес экени маалым.

Анын үстүнө аты аталып жаткан кыздын тагдыры бир учурда кейиштүү, кабырга кайыштырган туюмдарды жаратып турганы менен көңүлүбүздү бурса да, ал кездеги жазган ырлары айлана-чөйрөгө, чындыкка сары-санаага батып, убайым тартууга, үмүтсүздүктүн алкагында басылып калбайт. Кыйналып-кысталып, аргасыздыктын, эрксиздиктин капасында буулуккан поэтикалык инсандын образы, ой толгоолору, кайгы-муңу чыныгы поэзиянын боёктору, обондору, өңү-түсү, ички-сырткы дүйнөсүнүн гармониялуу биримдиги менен көз алдыбызга тартыла түшөт. Автор кумарсыз, торго чалынган торгойдой тырпыроо, алсыз канат кагуу менен күн өткөрүүнүн ырайымсыз сынагын баштан кечирет, түрү суук көрүнүштөрдү ашыктык сезимдин күчү менен ары түртөт, көңүл кирлерин жалындуу, максаттуу ой-санаанын, тилектердин күчү менен арылтат, тазалайт.

Акын сүйүү сезиминин, кумарынын объектиси, себепкери ким экендигин атайылап жазып, сүрөттөп берүүнү деле ылайык көрбөйт. Бирок «көшөгө» артындагы «башка жолго жөнөп кеткен» каарман-акын кыздын ашыгы – чыныгы инсандык касиеттерге ээ болгон таза пенде экендиги баамдалат:

Мен эми башка жолго кеттим жөнөп
Мээрими сезимдердин бөлөк-бөлөк.
Корктуң го отко күйүп албайын – деп,
Кош, жаным, бардыгына өмүр көнөт.

 

Корооңо гүл боло албайм жерибеген
Козгобойм сезимдерди кейибеген.
Колумду жылытарга колуң жетпейт,
Кош, жаным, оорулуумун сени менен.

 

Кош, жаным, сүйүү болуп кабылбайбыз
Коломто отундай бир жагылбайбыз.
Бакчада гүлдөбөйбүз, күлбөйбүз бир
Багымдат жылаажындай кагылбайбыз.

 

Күл болуп, мен күйүткө чөккөнүмдү
Күнү-түн сен деп жашап өткөнүмдү.
Күнгө зар болгонуңду эстеп алып,
Күкүктөп күтөрүң чын көктөмүңдү.

 

Муз болуп, жалгыз жашап өтөмүн мен
Муздаган, жылыбаган төшөгүмдө.
Муңканган үн угулса издеп келгин
Муунткан кусалыктан өчөөрүмдө…

 

Бул ырлардын окурманды терең ойлонткон касиети автордун аргасыз абалда камыгып жатса дагы, караңгылыктан, туңгуюктан талыкпай жол издегени, көкүрөк, көңүл күүлөрүнүн күчү менен сары убайымчыл минуттарды артка таштаганы, тиричиликтин убактылуу кыйынчылыктарын жеңе билгени жакшынакай көркөм каражаттар аркылуу туюнтулгандыгында. Бир кездерде мындай ырларды жумшак айтканда пессимизмге ык койгон, турмушка көңүлсүз, ишенимсиз көз карашта болгон, келечегине ишенбей кейикчил пейил күткөн чыгармалар деп баа берип, андай көркөм жаратмаларга сактануу, этияттуулук менен мамиле жасоо көнүмүш, адаттагы иш эмес беле.

Ал эми күндөлүк тиричиликте болсо көңүл чак, куунак маанай менен жанаша аргасыздыктын, амал жоктун тутумунда уйпалануу сыяктуу көрүнүштөр, кырдаалдар далай эле кездеше берчү фактылардан эмеспи.

Жылдызың күйөт, жылмаюуң жүрөк жаралап,
Жылытчы десем жаныңды бөлбө араалап.
Жылгадан ылдый сызылган мөлтүр булактай,
Жылуулук издеп, өзүңдү көздөй жан агат.

 

Жазыксыз кушка жаз болуп жанын жылытпай
Жамгырлайт сезим буулуккан муздак булуттай.
Жаш кечип барып жыгылсам кокус алдыңа,
Жөлөөрсүң жаным, жан куса кушту курутпай.

 

Карегиң мени көргүсү келбей турганын
Кантейин жаным, туйганым ушул, туйганым.
Кара жер мени кучактап тосуп жоголом.
Карапа сындуу сынганым ушул, сынганым.

 

Жыпара Арыкованын келтирилген ушул куплеттерин жалаң гана үмүтсүздүктүн, жакшыдан күдөр үзгөндүктүн айлампасында калган автордун ой-толгоолору деп, бир жактуу, чологураак тыянак чыгарганыбыз туура болбос эле. Кокусунан, ар жак-бер жагын жакшылап ойлонбой, турмуш тузагына чалынгансыган акын кыздын ой-санаалары, көңүл күүлөрү кадимки поэзиянын көркөм каражаттары аркылуу туюнтулган.

Ушул чыгармаларга катылып турган ыр жаратуу өнөрдүн тунуктугу, бийиктиги поэзияга табынып-тайган окурманды гана өзүнө баш ийдирип, багынтып турбастан, ошондой эле тигил, же бул сын пикирге анчалык ынана бербеген скептик окурманды да өзүнө тартпай, ал турсун эстетикалык сезимди канааттандырбай койбойт деп айтар элек. Акындын «ыр жасоо» (Маяковский) шыгы, жөндөмү, чыгармачылык дарамети автордун граждандык туюмдары, көз караштары менен эриш-аркак келип, жакшынакай биримдикти жаратып турат. Ушул бир ыр топтому аркылуу автор тагдырдын башка салган сыноосун жеңип чыгууга болот деген ойду окурман журтуна таамай жеткире алган. Чынында да акындын ушул ыр түрмөгү ошол ойдун чыгармачылык эквиваленти, образдуу формада чагылтып көрүнүшү сымал кабылданат.

Учуру келе калгандыктан бир ойду учкай айта кетели. «Ыр жазуунун техникасы» деген түшүнүк бар эмеспи. Кулагыбызга бир аз кургагыраак, комсоорок угулган ушул сөз тизмегин «технологиялык» өң-түсүнөн, боёгунан ажыратып, анан талдоого алууга аракеттенсек, поэзиянын түпкү маанисине жараша кабылдоого шарт түзүлчүдөй. Бул жерде атактуу акын Владимир Маяковскийдин «ыр жасоо» деген сөзүнө, аныктамасына дагы бир ирет кайрыла кетели.

Жыпара Арыкованын «ыр жасоонун» табиятын, сырларын, ыкмаларын жетишэрлик деңгээлде өздөштүрүп алганы оңой эле байкалат. Бирок «ыр жасоо», ыр чыгаруу «техникасы» акын кыздын тигил же бул ырды жазуу, жаратуу процессинде өзүнчө бөлүнүп турган технологиялык ыкмаларды элестетпейт. Бул – жакшы поэзиянын жакшы белгиси, көрүнүшү да.

Жалпылап айтканда, Жыпара Арыкованын ушул жарашыктуу, тоо булагындай таза, тунук, накта поэзия топтому бир жыл кийин жарыкка чыккан «Жан муза» аттуу ыр жыйнагына жүрөк толкуткан, кубулжуган добуштарга, күүлөргө бай прелюдия болуп кызмат аткаргансыйт…

Өз учурунда акынга Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыктын ыйгарылышы туура иш болгонун да белгилей кетели. «Азыр поэзияны эч ким окубай калды, андыктан мен ыр жазганды таштадым» – деп, атактуу казак акыны Олжас Сулейменовдун айтканы эске түшөт. Албетте, бул – азыркы доордун, руханий турмуштун кейиштүү бир көрүнүшү. Бирок биз жашаган, бизди курчап турган дүйнөнүн миң кубулган белгилери, сапаттары бар эмеспи. Мисалы, өзүбүздүн көркөм чарбабызга кайрылсак, башка фактыларга туш болобуз. Айталы, бир аз жыл илгери акын кыздарыбыздын бири Гүлжамила Шакирова жашаган үйүн сатып, китебин чыгарганын укканбыз. Акындык өнөрдү минтип, тагдыр менен тең карап, ошого жараша чыгармачыл ишти жүргүзүүгө далалат кылгандык алкоого татырлык көрүнүш.

Шакирова мекенчил ырларды жазууга шыктуу, ыкластуу экени аңызга алынып жүрөт. Мисалы, акындын бир ыры улуттук коопсуздук кызматынын гимни болуп калыптыр. Кызык да, жакшы да факт.

Баса, мекенчил, атуулдук ырлар демекчи, ушул темада чыгарма жазган автордун алдында жергебиздин кооз, кенге, данга бай тоо-ташын, чалкыган Ысык-Көлүн, чамынып аккан дайраларын, көк тиреген тоолорун, ак кар көк музун, элдин руханий дүйнөсүн, байыркы тарыхын ж.б. жазуу милдети турары белгилүү. Мисалы, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, таланттуу акын Бактыгүл Чотурова жаратылыш менен адам баласынын ортосундагы байыртадан бери келе жаткан ажырагыс биримдикти кулакка угумдуу, көңүлгө жугумдуу образдар, кырк түркүн кыялдар аркылуу окурмандарга сунуш кылат. Бул сапат айрыкча «Ысык-Көл сүйүүнүн көзүндөй» ыр жыйнагынан даана байкалат:

Күндүн батар кызылын ыраң кылаар,
Күлгүн жашыл жол бойлойт шыралжындар.
Көздөрүмдү сүйдүрүп ушул кечке,
Көлгө түшүп, жөн койсоң сурагым бар…
(«Кечти тосуу»)

Алыстадың күчтөрдөн соолукпаган,
Калдым эле түшүмдү жоруп жаман…
Өзгөрүлмө турмуштун бир күнүнө,
Өзүм кысып жүрөгүм ооруп калам.
(«Качтым сүйгөн толкунга»)

Ошол жолдор күтүүлөрдөн турса анан,
Татаалына карабастан миң тарам.
Токтогусу келбейт неге сагыныч,
Толкундардын үстү менен чуркаган.
(«Күтүү»)

Көптөн күткөн эс алууга чогулуп,
Көл жээгинде обон создук сонун, ук!
Бир күнү бар миң күнүнө татыган,
Бизди мында алып келген жол улук.
(«Айдын жолу»)

Толкунду сезип тааныш басыгынан,
Тоскондой жаңы күнгө шашып улам.
Жалгыз тал жалгыздыкка моюн бербей,
Нур ичип, жалбырагы жашыл ыраң.
(«Жалгыз тал»)

Турмуштун күндөрүндөй түгөнбөгөн,
Толкундар санак жетпей түмөндөгөн.
Бир кечи бүт чарчооңду унуттурган,
Ысык-Көл сөзгө окшошсуң «Сүйөм!» деген.
(«Ысык-Көл сөзгө окшошсуң «сүйөм» деген»)

Бирок эми актанганга ким угат,
Билбеске не, билген билер бир убак.
Жашоодо көп жакшылыктан мурдараак,
Жамандыгың дароо көзгө урунат.
(«Пансионатта»)

Тирүүлүктүн уурдагансып ырысын,
Асыл жанды алып тынаар тымызын.
Ажал бир күн адаштырып айдаган,
Чырагы жок «чын дүйнөсү» курусун.
(«Телефон»)

Жеңген күндөн көбүрөөк жеңилген күн,
Канча жазы калды экен өмүрлөрдүн.
Күчүң жетсе ала кел өзүң менен,
Келет, келет бактынын көзүн көргүм.
(«Жаным алыс жактарда сыяктанат»)

«Сезбей…» – деп, өткөндөргө өкүнөбүз,
Сезимге эскерүүлөр көчүрөбүз.
Эртең да өкүнүүнү билип туруп,
Бүгүндү жайдактатып кетиребиз.
(«Адамдар азга жетип, көпкө куштар»)

Чотурова Бактыгүлдүн сүрөтчүлүк, акындык, инсандык сапаттары, өзгөчөлүктөрү, индивидуалдык белгилери ж.б. жөнүндө окурман мүмкүн болушунча жетишерлик түшүнүк алсын үчүн жогоруда анын айрым ырларынан типтүү, мүнөздүү фактыларды мисалга тартуу ылайык. Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, акын адатта адам менен жаратылыштын, коом мүчөлөрү менен социалдык процесстердин ортосундагы мамилелерден, карым-катнаштардан келип чыккан гармониялуу жагдайларды, кырдаалдарды сүрөттөөнү жактырат, ылайык көрөт. Мына ушундай чыгармачылык позицияны кармануу аркылуу акын турмуштук маанилүү маселелерди талкууга салат жана аларга баа берүүнүн образдык критерийлерин окурмандарга сунуштайт.

Акындын ою боюнча, адеп-ахлактык, моралдык-этикалык жана жалпы эле жүрүм-турум эрежелери менен каныктырылган акындык ой жүгүртүүлөр, кыялдануулар өзүнүн тазалыгын, элдин көөнөрбөс каада-салтын, ой-тилегин боюна сиңирип турушу менен баалуу. Чыгармаларында Б.Чотурова ак менен каранын, жамандык менен жакшылыктын, каармандык менен коркоктуктун, ак ниеттик менен арамдыктын көп учурда жанаша кездешерин дайыма көңүлүндө кармайт. Мында таза, асыл максаттар канчалык көккө чабыттап учкан сайын ага каршы турган айрым пенделик терс сапаттар, мүнөздөр да жанданып, ак ниеттик иштерге бут тосору, көңүлдү кирдетер абалга келери, ичи тар, ыплас жосундарга жол бошотуп берери тастыкталат.

Чотурова Бактыгүлдүн чыгармачылыгына көп жылдардан бери республиканын негизги гезиттеринин бири – «Кыргыз Туусу» гезитинин редакциясында иштеп келе жатканы өзүнүн оң таасирин бербей койгон эмес деп айтаар элек. Мисалы, «Суу астында калган шаар» аттуу публицистикалык көлөмдүү эмгеги (2009-ж.) өз ичине тарыхый, маданий-социалдык, саясый-коомдук окуяларды, фактыларды сыйдырып тургандыгы менен көңүлдү бурат жана ошондой эле аларды жакшынакай адабий формада чечмелеп, сүрөттөп бергендиги менен окурманды өз боюна тартат.

Таланттуу акын Эрнис Турсуновдун: «Азыркы акын, жазуучулардын дүйнө таанымы, деңгээли тайкы» – деп кесе айтканы эске түшөт. Тилекке жараша, Чотурованын ыр же карасөз түрүндө жазган чыгармалары андай кемчиликтерден, мүчүлүштүктөрдөн алыс, таза.

Баса, ушул жерде Эрнис Турсуновдун турмуштук, маданий сонун бир учурду келиштире жазган сүрөттөмөсүн кагаз бетин аябай эле көчүрүп берели. Анткени тигил же бул конкреттүү поэтикалык чыгарма менен искусство устаты жараткан көркөм образдардын бирин бири толуктап турушун айныбай көрө билген, баалай билген сөз чебери Эрнис Турсунов али сонун учур чыгармачылык ачылышка тете көрүнүш, кубулуш экенин ырастайт. Мында сөзүбүз көркөм шыгы, таланты менен өң-түсүнүн, дене турпатынын айкалышы, биримдиги легендага айланган замандашыбыз, актриса Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө кетип жатат:

«Таттыбүбү 1975-жылы академиялык драма театрында режиссёр Офелия Эркинбаева ийгиликтүү койгон «Замандаш» спектаклиндеги башкы ролдордун бирин аткарган. Бир күнү сквердүү бактан жолугуп калды. Жанындагы курбусу Аятбүбү Абдрахманова экен. Жароокер эрке карындашымдай назданып, аземденип мойнуман кучактап калды да:

– Он жолу ойнодум, он жолу зал жыкжыйма болду. Кайда жүрөсүз деги, бир көрүнүп эле жоксуз. Ошондогу Танянын наристе, периште, баланыкындай гүлбурак жыты ай! Азыр да эстегенде каңылжарды өрдөп, мурунду жарып турат. Аттиң дүйнө!

– Ийгилигиңер менен куттуктайм! – деп эки актрисаны колтуктап, «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдынан гүл сатып берип, «Пишпек» ресторанына алып кирдим. Таттыбүбү киргенде зал тең жарылды. Бардыгы ичкен-жеген тамагын тең таштап, кылчайып эле бизди карап калбаспы. Петербург үлпөтүндө Татьяна балга келгендей болду окшойт. Биз аны эркелете Таня дечүбүз. Залга ажайып нур кирди. Көрсө, Таттыбүбү баралына толуп бышып жетилип, толукшуп турган кези экен. Агы ак, кызылы кызыл чырайы шыңга боюна төп келишип, жаркылдаган жайдары мүнөзү отургандарды арбап алыптыр. Бардык көздөр жалдырап биз жакты эле карайт. Сыйга чакырарын чакырып, Таня менен Аятка ээ боло албай калдым. Улам эле бири келип, бийге алып кетет. Суранып турган соң жибербей коюш уят. Алар менин энчимде эмес, эрк өздөрүндө. Тамак жайнаган үстөлдө жалгыз отуруп, акыры музыка заказ берип, эки актрисаны алып бийге бир түштүм да, экөөнү колтуктап салондон чыгып кеттим. Танянын келбети ошончолук келишимдүү көркөм экенин ошондо билдим».

(Турсунов Эрнис. Ак булутту аралап ай баратат. Таттыбүбү Турсунбаева//«Ала-Тоо». 1991. №4).

Не деген көңүлдү көккө сүрөгөн, жүрөк толкуткан, ойду, сезимди эмоция менен чулгаган ажайып көрүнүш! Аялзатынын ички-сырткы сапаттарынын гармонияда турушун эмоциялуу-элестүү сүрөттөгөн не деген сонун образдык-эстетикалык кубулуш!

Макаланы аяктап жатып, азыркы учурдагы кыргыз аялдар поэзиясынын кээ бир жакшы, кызыктуу жактарын жана ошондой эле андагы айрым оош-кыйыш көрүнүштөрдү мүнөздөөгө аракет кылдык. Мындай жондотуп, бирин-экин гана фактынын негизинде айткан ой-пикирибиз учурдагы чыгармачылык процесске үстүртөн байкоо жүргүзүүбүздүн бир учуру деп айткыбыз келет. Ал эми «поэзиянын күнү бүттү, кезек публицистикада» деп, кесе айтылган пикирлердин жолугуп калышы деле азыркы ал-абалдан кабар берет («Жаңы агым», 8-июль, 2011-жыл).

Мындай кырдаалда кээде артка кайрылып, басып өткөн жолубуздан таканчык издегенибиз дурус го. Мисалы, белгилүү жазуучубуз Аман Саспаев өткөн, 2011-жылы: «Союз убагында адабият кирген суудай буркан-шаркан түшүп, ташкындап турар эле» – деп акыйкат сөзүн элге сунуш кылды. Азыркы адабият жөнүндөгү бир чындыктын мааниси ушул сөздөрдө катылган (Саспаев Аман. «Өлгөндөн кийин сыйлык албай, көзүмдүн тирүүсүндө алсам болот эле» «Фабула», 2-август, 2011-жыл).

Баса, Аман Саспаев чындыкты чындыктай айта алгандыгы менен гана эмес, ошондой эле чыгармачылыктын татаал, спецификалуу жактарында да ийгиликтүү иштей ала тургандыгын далилдеп кетти. Бул жерде биз жазуучунун 55 миң сөздөн турган «Кытайча-кыргызча сөздүгүн» түзүп, жарыкка чыгарганын айтып жатабыз.

Чындыгына келгенде бул – таң каларлык иш. Ал турсун фантастика деген түшүнүккө төп келерлик чыгармачылык эрдик десек, аша чапкандыкка жатпас. Илгери Жазуучулар союзунда бирге иштеп жүргөн учурубузда Саспаевдин дегеле кытай тилин билем деп айтканы эсибизде жок. Көрсө көкүрөгүндө, көңүлүндө катылган арымдуу чыгармачылык дарамети пайдалануу мүмкүнчүлүгү келерин интуициялык туюу аркылуу жүрөгүндө багып жүргөн экен. Ошондуктан бир кездерде «Сарала ит» аңгемесинин айынан жазуучулардын, адабиятчылардын сынына, жемесине кабылганда буга өтө эле теригип же болбосо бушайман болуу абалына кептелгенин анчалык деле сезген, байкаган эмеспиз. Так ошол учурдагы кара сөздүн кадырман авторлорунун бири катары таанылып калган автордун ал жайын, психологиялык ой жорууларын таланттуу акын Токтосун Самудинов өзүнүн «Эпиграммалар, пародиялар» аттуу жыйнакка кирген «Аман Саспаевге» деген ырында төмөнкүчө сүрөттөгөн:

Багып жүргөн болучу
Күчүгүнөн телчитип.
«Сарала итин» бир күнү
Алып келсе ээрчитип,
Жоругуна кээлердин
Жүрөгүнөн кан акты.
Ит аларды талабай,
Алар итти талашты.
Коргоймун деп анысын
Муш да жеди башына.
Тобоо кылды ичинен
«Аман» деген атына.
«Сарала итин» сурашса
Союздагы кишилер,
Айтат экен: «Көп тура,
Өзүңөрдүн итиңер…»
Токтосун Самудиновду болсо биз ыр жазуу өнөрүн чыныгы искусствонун деңгээлинде кармай билген, коомдук-саясый окуяларды көркөм образдар менен туюнтуунун нагыз маданиятын бекем өздөштүрүп алган, социалдык, коомдук кубулуштарды сүрөттөгөндө ырды жаратуу, жазуу техникасын терең мазмун менен айкалыштыра алган сүрөткер деп билебиз.

Дегеле ыр жазуу өнөрү, искусствосу демекчи, азыркы учурда такыр эле табигый шыгы жоктор деле акын болуп, китептин үстүнөн китеп чыгарып жатышканын ким билбейт? Бирок чыныгы поэзияны жаратуу ыр саптарын эптеп уйкаштыра салып, поэтикалык түргө келтиримиш эткендердин аракетине окшобойт да. Ыр жазуунун азап-тозогун Эгемберди Эрматов өзүнүн бир куплет ырында эң сонун айтып берген:

Ыр эмне?
Ыр деген бир Кожожаштай
Артынан ээрчип алуу Сур эчкинин,
Камалуу жалама зоо, көк аскага.
Өлүмдөн куткаруучу жок эч кимиң….

Азыркы кездеги адабий процесстин солгундап калган кезинде так ошол Кожожашка окшоп, аска-зоолордон, тоо-таштардан жол таап, жакшынакай бийиктиктерди багынтып жаткан акын кыздарга, жалпы поэзия устаттарына чоң ийгиликтерди каалайбыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *