АҢГЕМЕ

Анда союз мезгили Бекташ менен Сапарбек бир ферманын зоотехниктери. Бири субай малдын, бири бодо малдыкы. Совхоздун малы өз жайлоолорунда, алыскы төрлөрдө бөлөк-бөлөк. Ишке жараша бул эки теңтуш жайлоого бирге аттанып малчыларды кыдырат. Чабандардын жашоо тиричилиги, малынын ал абалы, эмне кем-карчтарынын бар-жогу менен таанышышат.

Кээ күндөрү жайлоолорду кыдырып, иштери бүтпөй калган учурларда, өз көңүлдөрүнө туура келген чабандардын бириникине конуп калмайлары да бар. Экөө тең айрым адамдардай төгүлүп-чачылып, ала качып бакылдап жибермейлери жок токтоо курдаштар. Толугунан келип, ээрге килейлеп койгонсуп бекем отурган, дайым кара шляпачаны Сапарбек. Кырдач, белдүү муруну, мурундун астында кара муруту бар, атка бошураак отурганы Бекташ. Экөөнүн тең күнгө чагылышып, өтүктөрү капкара. Колдорунда сабы кызыл табылгыдан өрмө камчы.

Эки курдаш Көк-Булактагы чабандарды кыдырып бүтүшүп, айыл тарапты карай жол тартышты. Жон ылдый түшүп келатышат, ар кимиси өз ойлору менен алек. Алардан анча алыс эмес жерде, кырдан түшө калышта таштан-ташка урунуп, Каракол суусу жатат, күрпүлдөп.

Бүгүн эмнегедир экөөндө үзүл-кесил сүйлөшө калчу сөздөр түгөнүп калгандай үн да, сөз да жок. Тек гана ылдыйта түшкөн аттын басыгына жараша бирде онго, бирде солго кыйшаңдаган болушат. Чабандыкынан аттанарда тамак артынан кайталап ичилген кымызга денелери балкып, көктөн тийген күн нурунун ачуу табына талыкшып үргүлөгөнсүшөт. Бир маалда ортодогу жымжырттыкты бузуп Сапарбек:

– Э, Бекташ, тиги Караколдун суусуна бирден чумкуп-чумкуп алсак кантет. Курсактагы кымыз бөксөрүп, уйку ачылып кетсин, – дебеспи.

Оюнда мындай бүтүмү жок Бекташ атка уюган белин түзөй калып:

– Чумкуса чумкуп алалы. Шашып кайда бараттык эле, – деп Сапарбек курдашынын чечимине чын дилинен макул болду.

Бул жоопту уккан Сапарбек курдашын карап сырдуу жылмайып койду. Экөө көк ирим болуп агып жаткан чоң сайды жээктеп, түшүүгө ылайык жер издеп, өзүлөрү туш келген жерден өйдөлөп бастырышты. Акыры жээкке жакын эбегейсиз чоң таштын астындагы мелмилдеп жай аккан жерин тандап алышты. Өзүлөрүнүн сүйлөшкөнү боюнча жылаңач түшмөк болушту. Кадимки жаш балача кубанып чечинип, өз курсагын чапкылап Бекташ сууга кирип кетти. Мелмилдеп аккан жайылма сууга ары чабак уруп, бирдемелерди кобурап, бери чабак уруп сүзүп жүрөт.

Ушул учурда эчактан бышыктап алган ою боюнча Бекташтын атын жетелеп, анын болгон кийимин канжыгага байлап, өз атына минген Сапарбек, суудагы балык болуп жүргөн курдашына жылмайып карап турган эле. Бекташ, суудан жонун күнгө тосуп, чыгып турган көк ташка эс алганы отурган.

Жээкти караса эле, анын атын жетелеп, сууга түшпөй эле Сапарбек турат жээкте.

– Ой эмне!? – деди кыйкырып.
– Эчтеме эмес, – деди шашпай жылмайып, Сапарбек.
– Каякка!?
– Кыштакка.
– Сууга түшпөйсүңбү?
– Сен эле түшө бер. Ысып атпайсыңбы.
– Сен дагы түшөм дебедиң беле, – деди Бекташ жаш балача үнү жумшарып.
– Мен сууга түшпөй калдым. Тигил жол менен өйдө-төмөн жайлоого атчан, машина менен кишилер өтөт экен. Мени көрсө уят, – деди Сапарбек мостоюп.
– А мени көрбөйт бекен? Мени деле көрүшөт да алар, – деди өйүздөгү жол тарапты карап коопсунуп, эки тизесин бириктирип.
– Сен аларга көрүнбө да. Атың менен кийимдериңди эртең айылдан аласың, – деди Сапарбек адаттагыдан бөлөкчө жылмайып. Атын акырын моюнга чаап, өзүнчө ыракатка баткан Сапарбек айылды көздөй бастыра берди. Анын бул жоругун көргөн Бекташ чыдабай:
– Ой, жинди болбосоңчу. Мен кантем!? – деген Бекташ энеден туума дырдай жылаңач экенин унутуп, таштын үстүнө тура калды.
– Сен кантмек элең, жылаңач каласың ушинтип. Жолдон өйдө-төмөн өткөндөрдү коркутуп, – деди кебелбеген түр менен атын бурбай, башын кыйшайтып.
– Акылыңдан айныгандан соосуңбу деги, Сапарбек? Жок дегенде кийимдеримди ташта. Жылаңач кайда барам мен!?

Сапарбек сөз кайрыгандын ордуна атты жетелеген бойдон урдуруп жөнөдү. Өз кылыгына сүйүнүп, мулуңдап, каткырып бараткандай. Эки жагын элеңдеген Бекташ кайда бараарын билбей туруп калды. Айыл менен булар сууга түшкөн жердин ортосундагы аралык бери болгондо төрт чакырымдай алыстыкта эле. Ошентип, ишенчээк Бекташ, сөгүнгөн бойдон Каракол суусунун жээгинде дырдай жылаңач жалгыз калды.

Күндүн батышына дагы беш саат чамасында убакыт бар. Эми эмне кылат? Ушинтип сууда отура береби? Отура бергенде ага кийимди ким алып келип берет кыштактан? Бекташтын бактысына ушул күндөгү күндүн жылуулугун айтпа. Эмнеси болсо да бүгүнкү күн жылаңач калган суудагы Бекташтын бактысына тийгендей. Адатта түш оой тоо баштарынан жабыла чыгып, күндүн бетин каптап калчу кара булуттардын бири жок. Сапарбектин чын эле муну дырдай жылаңач кылып алдап кетип калганына көзү жеткен Бекташ, суунун аркы кырындагы жайлоо менен кыштакты жиптей туташтырып турган жолду карады. Анда эч кандай машина да, атчан адамдар да көрүнбөйт. Анын азыркы ою, ушундай караан жокто суудан чыгып, тигиндеги жылгын бадалдын арасына жетүү.

Айланасын, анан тиги кырдагы жолдо эч ким көрүнбөгөнүнө көзү жетип, эс тартканы күн көрбөгөн апаппак жамбаштарын күнгө чагылтып, суудан чыгып, бөкчөңдөп чуркап баятадан өзү болжогон жылгындардын арасына кирди. Бадалдардын арасына мал жайылбай, көк шибери бийик жана таза эле. Кокус, тиги тамашалап, мындай барып кайра келеби деп, өзүнөн бир чакырымдай алыстыктагы кыркын сарайдын артындагы жол имерилген булуңду анда-санда бадалдан башын чыгарып карай берип, андан да үмүтү үзүлдү. Эми эмне кылыш керек? Кайда барат? Барганда кантип барат? Күндүн батышына дагы далай бар. Ушинтип башы каткан, кырктын кырынан ашкан Бекташтын оюна мындан эки кыр ары, Шамалтийбес жайлоосунун этегиндеги чабыр кой баккан бир курдашыныкы эң ыңгайлуу болуп табылды. Күүгүмдү күтүп бүрүшүп отуруп калды.

…Үйгө жакын тартылган, зым короонун четиндеги бийик үйүлгөн тезектин түбүндө жылаңач киши отурат. Эки колунда эки муштумдай таш. Абылдын эки кыргыз ити алдарынын келишинче ажылдап жаактары басылбайт. Жылаңач киши түнкүсүн бир укмуш, кокунучтуу көрүнөт деген да чын окшойт. Тиги жылаңач киши кыймылдаган сайын, иттер коркконунан кээде артка кетенчиктейт. Жаагын жанып, жан алакетке түшүп үргөн иттеринин үнүнөн ойгонгон Абыл үйдөн чыкты. Тегеректе эч бир караан көрүнбөйт. Ай сүттөй жарык. Ал эми тезектин артын тиктеп ажылдаган иттердин үнү басылчудай эмес. Үй ээси үйүлгөн тезекти көздөй басып, кайра коопсунуп коркуп, токтоп үн чыгарды:

– Ой, бул ким!
– Менмин, – деди тезектин артынан чыккан үн.
– Мен деген ким!? Бери бас. Мен элемин.
– Сен эле болсоң, кимсиң деги! Өзүң бери баспайсыңбы?
– Ой, менмин. Бекташмын.
– Кайсы Бекташ!? Зоотехник Бекташсыңбы?
– Ооба, анан кайсы Бекташ болмок элем.
– Анан бери чыкпайсыңбы? – Атын угуп турса да, үн чыккан жакка жакын барууга жүрөгү даабай турду Абылдын.
– Чыкканга болбой жатпайбы. – Ушул саам курдашы Бекташтын үнү экенине ынана түшкөн Абыл тезекке жакындап келип, жылаңач кишини көргөндө, кайра кетенчиктеди.
– Тааныдыңбы? – деди ордунан турбай Бекташ.
– Мончого түшчүдөй болуп, жылаңач эмне отурасың? Кийимиң кана кокуй?!
– Кийимим болсо ушул сенин үйгөн тезегиңдин артында эмнеге жашынып отурмак элем.
– Деги айтчы эмне болду?
– Эмне болгонун анан угасың. Кийим болсо алып кел эми.
– Бас үйгө. Үйдөн…
– Үйгө жылаңач кирчү беле. Балдарың менен аяш көрсө эмне дейт.
– А кокуй анысы да бар, – деген Абыл шашып үйүн карай жүгүрдү.
Андан бери далай жыл өттү. Бекташ менен Сапарбек азыр деле жакшы теңтуш. Кектешкендери жок. Тескерисинче, өткөн жоруктарын эскеришкенде, черлери жазылып, каткырып калышат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *