Башын береги шилтемелерден табасыз: (1-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору, (2-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги, (3-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май айындагы окуялар (4-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларын иликтөө жана анын тыянактары

III БӨЛҮК

Жогоруда айтылгандай, 2010-жылдын декабрь айында 2-жолку аракетте мүмкүн Ө.Бабановдун ишмердүүлүгүнүн эмес, “чайкоочулук ишмердүүлүгүнүн” натыйжасында Жогорку Кеңеш башында КСДПнын лидери А.Атамбаев турган коалициялык Өкмөттү түзүүгө жетишти. Атамбаев максатына жетти. Ал эми өзүм спикер болом деген Текебаев максатына жетпей калды. Ал, анын партиясы “Ата-Мекен” Парламенттик оппозицияда калды. Ушул жерде Парламенттик оппозиция жөнүндө айта кетейин. 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституциянын 70-беренесинин 3-п. 2-абзацында “Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат”-деп жөнөкөй, жалпак тил менен бекитилген.

Тилекке каршы, бул жобону айрым серепчи-политологдор, окумуштуулар, айрым саясатчылар “биринчи жолу конституциялык деңгээлде оппозиция аныкталды, таанылды” кыязында ой-пикирлерин айтып жүрүшөт. Оппозицияны Парламентке байлап койгусу келишет. Бул жерде болгону “Парламенттик көпчүлүккө кирбей калган” партиялык фракция жөнүндө сөз болуп жатат, эгерде ал фракция көпчүлүктүн курамына кирген эле күнү бул статустан айрыларын эске алышпайт.
Президент Атамбаев дагы “оппозиция менен сүйлөшүү керек” деген пикирлерге “мен оппозиция менен күндө эле сүйлөшүп жатпаймынбы”-деп Парламенттеги, “көпчүлүктүн коалициясына киргизип коюңузчу?”-деп өзүнүн эшигин сагалап жүргөн депутаттарды айтып жүрөт. Өлкөдөгү оппозицияны, парламенттеги оппозиция менен чектеп келген Парламенттин сыртындагы оппозицияны “эл бузарлар, бузукулар, менин душмандарым” деп атоо демократияны, сөз эркиндигин туу тутам, улуттун, өлкөнүн лидеримин деген өлкөнүн жетекчилеринин статусуна шайкеш келбейт.

Парламенттеги азчылык утурумдук көрүнүш экенин, алар саясий күрөшүн, парламенттик көпчүлүктүн курамына кирүү үчүн гана жүргүзөрүн, көпчүлүк коалицияга кирери менен, оппозициялык көз караштарын айта албай каларын 2010-2015-жылдарда 5-чакырылыштагы Жогорку Кенеште олтурган “Ата-Мекен”, “Ата-Журт”, “Ар-Намыс”, “Республика” партияларынын жоруктарынан жалпы эл түшүндү го деп ойлойм. Ал эми чыныгы оппозиция ал өлкөдөгү Жогорку Кенеш, анын түзгөн Өкмөтү, Президент, башка бийлик бутактары тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий режимге, социалдык-экономикалык саясатка, мыйзамдуулуктун, адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына, жүргүзүлүп жаткан же жүргүзүлбөй жаткан реформаларга, жалпы элдин келечеги, руханий дүйнөсү, элибиздин тарыхы, маданияты илим, билим, спорт тармактары, айтор бир эле Парламенттеги эмес, өлкөдөгү бардык көйгөйлүү маселелерге, анын ичинде Конституция боюнча да аракеттеги бийликтен башка көз карашы бар саясий күчтөр эсептелет.

Алар Парламентке өтпөй калган саясий партиялардан, коомдук-саясий кыймылдардан, жеке коомдук-саясий ишмерлердин, жаштардын кыймылдарынан, керек болсо диний, этникалык уюмдардан турат. Алардын баарын “эл бузарлар, бузукулар, террорист” катары эсептеп, күндө Президенттин эшигинде көпчүлүктүн коалициясына киргизип коюуну суранып олтурган Папрламенттеги айрым партиялык фракциялар менен өлкөдөгү башка оппозицияны алмаштырып, чектөө түпкүлүгүндө коомдун өнүгүүсүнө зыянын тийгизет.
2010-жылдын күзүндөгү шайлоодон кийин “Ата-Мекен” партиясынын, анын лидери Ө.Текебаевдин оппозицияда калышы жеке менин пикиримде өлкө, жалпы эл үчүн жакшы болду. Анткени, ошол кездеги бийликтин “издержек и противовес” деген түркүгү Текебаевдин өзү болчу. 5-чакырылыштагы Жогорку Кенеште олтурган 120 депутаттын баары бир тең, жалгыз Текебаев өзү бир тең десем аша чапкандык болбойт эле. Ооба, прогрессивдүү көз караштагы айрым жаштар, М.Абдылдаевге, И.Исаковго, Т.Бакир уулуна, Б.Мамыровага окшогон таза, тажрыйбалуу саясатчылар да жок эмес эле, бирок алар ар кимиси мүчө болуп олтурган партияларында “погода” кыла алышмак эмес. Ал эми Текебаев дегенде “Ата-Мекенди”, “Ата-Мекен” дегенде Текебаевди түшүнсө болот. Ошол үчүн “Ата-Мекендин” ичинде партиялык демократия, сөз, ой эркиндиги жок үчүн “Ата-Мекен” фракциясынан Ө.Абдрахманов менен Р.Жээнбеков чыгып, эркин депутат катары жүрүштү. Кеп мында деле эмес, кеп жаңы эле төрөлгөн башкаруунун Парламенттик түрү Кыргызстанда жашап кетеби же жашабай жатып “өлөбү”, ушунда болчу.

Ошол үчүн мен Парламентаризмди көп жылдан бери туу тутуп келген Ө.Текебаев жок дегенде өзү жазган Конституцияны өз денгээлинде сактап, андан ары өсүп-өнүгүүсүнө шарт түзүп, жаш депутаттарга парламентаризм эмне экенин иш жүзүндө үйрөтүп, аларга үлгү болот деп үмүттөнгөм.
Убактылуу Өкмөттүн тарыхта сейрек кездешчү оор кырдаалда, өлкөнүн, элдин тагдырын өз мойнуна алып, өзгөчө кырдаал мезгилинде жүргүзгөн реформасын Ө.Текебаев Парламентте, А.Атамбаев Өкмөттө, Р.Отунбаева Президент болуп иш жүзүндө ишке ашырат ко деп бекем ишенгем. Текебаевдин Парламенттик оппозицияда калганы, анын спикер болгонуна караганда кокус бийлик парламентаризмдин принциптеринен тайып, кайра авторитаризмге багыт алса, парламенттик оппозиция катары ээн-эркин сындап, ага бөгөт болуп аракет жасаганга мүмкүндүк берет эле. Эгерде ал Парламенттик көпчүлүктө калып, спикер болгондо көпчүлүктү түзгөн коалициялык келишиминен чыга албай өзү жазган Конституциянын жоболорун өзү бузганга жол берген адам катары эсептелмек. Мен ошол үчүн Текебаевдин парламенттик оппозицияда калганы өлкө үчүн, демократиянын өнүгүшү, парламентаризмдин түптөлүшүнө пайдалуу болот деп үмүт кылдым.

Ал эми Атамбаевге эски Жогорку Кенештин чоң залында 2010-жылдын 21-декабрында Убактылуу Өкмөт өзүбүздү-өзүбүз тараткан Декретти жарыялап, А.Атамбаев башында турган жаңы Өкмөткө бийликти өткөрүп жатканда ага, Парламенттеги коалицияны түзүп, өзүм Өкмөт башчы болом дебей, Атамбаевди Өкмөт башчы кылган Бабановго ыраазылык айтып, бирок жаңы Өкмөт мүчөлөрү, айрыкча “Ата-Журт” партиясынан кечээги эле акаевчи, бакиевчилер экенин айтып, ушулар менен Өкмөттүн башында олтуруу зарыл беле дегендей оюмду айттым. Мисал келтирип, Бакиевдин Өкмөттөрүн айтып, аягы эмне менен бүтөрүн эскерттим. Албетте, менин бул сөзүм Атамбаевге, жаңы Өкмөт мүчөлөрүнө жаккан жок, бирок ошону билип туруп Атамбаевди, “булар сени Акаев менен Бакиевди аңга сүйрөгөндөй, сени да аңга түртүп жибербесин этият бол” дегендей каалоо, чакырык эле.

Аларга кыйын мезгилге карабай токтун, газдан, суунун, жылуулуктун тарифтерин калыбына келтирип, өткөрүп берип жатканыбызды, аны жогорулатпай, колдон келсе арзандатууну, элүүгө жакын улутташтырылган обьектилерди, Максим Бакиев уурдаган акчаларды, “ячейкалардан” табылган акчаларды да айрымдар айткандай “бөлүп албай”, тескерисинче, мамлекетке алып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеткенибизди, ал эми Кумтөргө окшогон кыргыз экономикасынын өзөгүн түзүүчү ишкананы, башка бир топ “прихватташтырылган” обьектилерди улутташтырып үлгүрбөгөнүбүздү, ушул саясатты улантууну аларга кааладым. Бул аларга жаккан жок.

Жыйын бүтүп сыртка баратканда Президент Р.Отунбаева мага жакын келип, колумду кысып, “Азике муну сен гана айта аласың, туура айттың”-деди. Анын жүзүнөн, кол кысуусунан мени чын жүрөгүнөн колдоп турганын сездим. Ал эми А.Атамбаев мага каршы ушак-айың саясатын улантарын сезип турдум. Анын адаты ушундай болчу. Бирөөнүн эрдигин, эмгегин таануу, баалоо үчүн күчтүү эрк керек да. Анда ал жок.
2010-2011-жылдын кышында эл токтун, газдын, суунун, жылуулуктун баасын Убактылуу Өкмөт калыбына келтирген баада төлөп, свет өчпөй, социалдык чыңалуу болбой кыштан жакшы чыкты. Жаңы Жогорку Кенеш менен жаңы Өкмөт ал бааларга тийишкен жок.

2011-жылдын жайкы каникулуна чейин Жогорку Кенеш бийликти толук бөлүштүрүү, жогоруда жазылгандай апрель-июнь окуяларынын күнөөлүүлөрүн аныктоо табуу, комитеттерди бөлүштүрүү, Эсептөө палатасын, БШК, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн (өздөрүнө тиешелүү бөлүгүн) бөлүшүү менен алектеништи. Бийлик бөлүштүрүүнү мурда Президент, анын үй-бүлөсү, жакындары чечип келгендиктен эми жаңы Конституцияга ылайык, биринчи жолу Парламенттеги депутаттарга, болгондо да көпчүлүктү түзүшкөн КСДП, “Ата-Журт”, “Республика” партияларына тийгендиктен, бул ырыскыны көтөрө алышпады. Мурдагы бийликтерден өздөрүнө эптеп кызмат алып жүрүшкөн фракция жетекчилери (Атамбаевден башкасы), (лидерлери) Кыргызстандын бийлигин – борбордук органдарды айтпайын, айыл өкмөттөрүнө, өкмөттүк гезиттин редакторлоруна чейин бөлүп алышты.

Бийлик түгөнсө Москвага чейин Жогорку Кенештин жаңы атайын өкүлчүлүгүн ачып, бийликтин айланасында “өлүмтүккө түшкөн жоорулардай” эле болушту. Бийлик бөлүштүрүүдө фракциялардын ичинде, анын жетекчилеринин арасында да өз ара бөлүштүрүү болуп жатты.
Убактылуу Өкмөт учурунда кызматтарынан четтетилгендер, мурдагы бийликтин камчысын чапкандар кайра бийликке келишти. Жогорку Соттун кызматынан четтетилген айрым судьялары Конституцияны одоно бузуу менен кайра Жогорку Сотко жумушка чыгарылды. Мен үмүт кылган Ө.Текебаев аларга тоскоол боло албады. Өзү жазган Конституциянын талаптарынын одоно бузулуп жатканын көрүп туруп чырылдап, коргогон жок. А.Атамбаев болсо Премьер-министр болордо, “эмне кылсаңар өзүңөр билгиле, мени Премьер-министр кылсаңар болду”- деп колду көтөрүп бергендей, түр көрсөттү.

Президент Р.Отунбаева болсо жаңы Өкмөт ишине киришкен күндөн тартып 2007-жылкы Конституциядагы ыйгарым укугунан ажырап, 2010-жылдын 27-июнундагы Конституциядагы Президенттин укугуна ээ болгон. Ага ылайык К.Дүйшебаев (УКМК) менен Р.Казакбаевди (ТИМ) сактап, ошого ыраазы болуп олтуруп калды.
Жаңы Конституция боюнча шайлоодо утуп келген партия же көпчүлүктү түзгөн коалиция Премьер-министрди, Өкмөттү, анын программасын, курамын, түзүмүн аныктап, шайлайт. Ал эми Өкмөттүн курамына, түзүмүнө кирген башка аткаруу бийликтерин КР Өкмөтү жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын негизинде Премьер-министрдин ыйгарым укуктары экенин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары өзүнчө мыйзамда аныкталган тартипте, жергиликтүү кенештин депутаттары тарабынан шайланарын алар эске албады.

Ушунун баары Премьер-министр Атамбаевдин, жогоруда айткандай мен ишенген Текебаевдин “үн чыгарбаган” макулдугу менен болуп жатты. Алар “туура эмес кылып жатасыңар” деп сын айткан Президент Р.Отунбаевага, “өзүңдүн ишинди кыл” дегендей, “тиштерин да көрсөтүштү”.
2011-жылдын июль айынын башында мурда сүйлөшүлгөндөй мен Р.Отунбаевага анын Жогорку Кенештеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана сот, укук маселелери боюнча кеңешчиси кызматынан бошотуу жөнүндөгү арызымды бердим, ал канааттандырды. Ушул маселеде көптөр мага “туура эле кылдың, эжең КСДПнын, Бабановдун, Каптагаевдин айтканынан чыгалбай калды, сен ал жерде депутаттарга жаман көрүнбөй кеткениң туура болду”-дегендер болду. Чындыгында өлкөдөгү реалдуу бийлик А.Атамбаевдин колунда болгон, эми акырындап ачыкка баштады. “Эми Атамбаев күзүндө Президент болот”-дешип, Сарпашовго окшогон “шамдагай” жигиттер биринчилерден болуп КСДПга кирсе, Р.Отунбаева өзүнүн инисинен бери КСДПга киргизип, өзү болсо кетер мөөнөтүн эле күтүп калгандай болду.

Ким эмне десе, ошо десин, мен Р.Отунбаевага эле эмес, башында БЭК, анан Убактылуу Өкмөт жүргүзгөн саясаттарды ишке ашырууда башынан аягына чейин түз турдум. “Убактылуу Өкмөттү тарыхта кара тамгалар менен калтырабыз, алар Батыровго окшогондордун өнөктөштөрү”-деген реваншисттердин жалаасын жокко чыгарууга, июнь окуясынан кийин өлкөнүн ичинде да, сыртында да Убактылуу Өкмөт “өзбектерди геноцид кылды”, аскер, укук коргоо органдары менен “погром кылды”, “адамзатына каршы кылмыштарды жасады” деген бизге эле эмес, кыргыз улутуна коюлуучу жалаа саясатка каршы туруп, эл аралык деңгээлде, Жогорку Кенештин деңгээлинде расмий түрдө, анын баары калп, жалаа экенин тастыктоочу тарыхый, расмий документтерди кабыл алууга, башкаларга окшоп жеке кызыкчылык үчүн эмес, кыргыз улутунун намысы, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн ак дилден, кыргыздын көптөгөн саясатчыларындай эле өз салымымды коштум деп эсептейм.

Ал эмгегим үчүн Президент Р.Отунбаева берген “Манас” орденин алуудан баш тарттым. Себеби, биздин эмгекти өзүбүз баалабай, өзүбүз-өзүбүздү сыйлабай, тарых, мезгил сыйласын, ошолор баа берсин дедим. Баарын ошого чакырдым. Бирок бул кылганымды да жактырбай, “Манастан” баш тарткыдай Бекназаров ким экен?”- деп, бир топ Таластык туугандарым (албетте, бирөөлөрдүн шыкагы менен) “Алиби” гезити аркылуу “жемелешти”.
2011-жыл бою саясий аренада анча көрүнбөй, өлкөнүн чарбалык иштери менен алектенген А.Атамбаев 2011-жылдын 30-октябрында биринчи турда Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды. БЭКтин, андан кийинки Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү айрымдарыбыз ачык, айрымдарыбыз унчукпай анын талапкерлигин колдодук. 2011-жылдын эрте күзүндө А.Атамбаевге “Медиа-Форумга” барып жолугуп, анын Президенттикке баруусун, мен өзүм аны колдой тургандыгымды айттым. Анткени ага чейин мага анын айрым адамдары: “Досуң сени да Президенттикке барат” деп жатат, барар-барбашынды ачык айтып койбойсуңбу?”-дешкен эле. Ал рахмат деди.

Шайлоо учурунда мен Бабановго же Сариевге окшоп, “Республика”, “Ак-Шумкар” партиялары Атамбаевди колдойт” деп, жарнак илип, ашкере чуркаган жокмун. Себеби, А.Атамбаев биздин жардамыбыз жок эле, талашсыз өтөрү белгилүү болчу. Анын оппоненттери болушкан менин үкөлөрүм 2010-жылдын октябрь айында Парламенттик шайлоодо элге берген “жогорку убадаларын” аткара алышпай, алардан элдин көңүлү муздай баштаган. Экинчиден, “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары ичинен бөлүнүп, же “бөлдүртүлүп”, 2010-жылдын күзүндөгүдөй болбой бир жылда күчүн кетирип алган, ошондуктан алар Атамбаевге атаандаш боло алмак эмес.

2009-жылы Атамбаевге конкурент болуп оппозициядан чыгып кеткен Сариев бул жолу алын билип, өз кызыкчылыгы, карьерасы үчүн уят-сыйытты жыйып коюп, “Атамбаевдин ырын ырдап калды”. Сариевдин бул жолу туура жана перспективалуу болчу. Кийин Атамбаев Сариевдин бул эмгегин баалап, мурда өзү каралап жүргөн “Ячейкаларды” унутуп, аны министр, Өкмөт башчысына чейин көтөрдү. Ошону менен өзү ушак айтып жүргөнүн элге далилдеди. Сариевдин Атамбаевге арманы деле жок болсо керек.
Бабанов, “Атамбаев Президент, мен Премьер-министр”- деген картасын мурда эле 2010-жылдын күзүндө Өкмөт түзүп жатканда сызып, ошол картасы менен Атамбаев, Келдибеков үчөө биригип, Текебаевди да “жайлашкан”. Мындайча айтканда, Атамбаевге жол ачык эле. 2011-жылы Президенттик шайлоодо Атамбаев мурдагыдай бизге муктаж болбой калды. Маселе, ал Президент болгондон кийин эмне болот, ошондо болчу. БШКнын төрагасы Т.Абдраимовго тамашалап, 90-100% кылып жибербей, 60-70%тин ортосун эле карма, деп жүрдүм.

А.Атамбаевди 2011-жылдын 30-октябрдагы шайлоодо шайлоочулардын 62 пайызы колдоду. 2011-жылдын 1-декабрында А.Атамбаевдин Президент катары инаугурациясы болду. Ошентип өткөөл мезгилдин Президенти Р.Отунбаева бүткүл элдик добуш берүү менен алынган Конституцияда белгиленген мөөнөтүнөн туура бир ай мурда кызматынан кетүүгө аргасыз болду. Бул дагы илимий-теориялык жактан талашып-тартыша турган факты.

Инаугурациянын алдында ошол күнү түшкө чейин Р.Отунбаева Президент катары, а мүмкүн иним деп эсептедиби, айтор мага өзү телефон чалып, “мен акыркы жарлыктарым менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн, бизди колдогондорду мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлап кетейин деп жатам, кандай дейсиң?”-деп сурады. Мен эжеге каршы экенимди, жазуучу, акын, илимпоз, врач, мугалим, артисттерди ж.б. кесип ээлерин сыйласаңыз болот, бирок Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн, БЭКтин активисттерин, аны колдогондорду сыйлаганыңыз, бийлик өзүн-өзү сыйлап жатат деп элде тескери пикир жаратат, дедим, Ал, жок качан эле эл оң пикирде болчу эле , деди. Мен эжеге өзүңүз билиңиз, кандай болгондо да мени сыйлыкка кошпоңуз, мен алалбайм дедим.
Роза Исаковна: — “Дагы бир кеңеше турган маселе, мен Кубат Байболовго берген генералдык наамды алып салайын деп жатам”-деди. Мен эжеге, — Роза Исаковна анда сиз Президент эмес, аялдык кылган болуп каласыз, ага барбаңыз, сиз Президент катары мурдараак себебин айтып бул ишти кылсаңыз эл түшүнөт эле, эми Президенттиктен кетип жатып муну кылсаңыз туура эмес болот, аны өзүңүз “эркелетип” жүрдүңүз, эми ал сизди сындап койсо, андан өч алгандай болуп калат, сиз Президент бойдон калыңыз, ага теңелбеңиз деп, бул оюна да каршы болдум. Р.Отунбаеванын бул кеңеш сураганы Президент катары акыркы болду. Көп жылдан бери эже-ини болуп телефондон сүйлөшүүбүз ушуну менен токтоду.

К.Байболов генерал бойдон калды. Бирок көпкө чейин Р.Отунбаевага асылып, кээде ага кошуп мени да “согуп” өтүүсүн акыркы жылдары койбой келе жатат. Байболовдун Отунбаевага асылуулары, көпчүлүк билдирүүлөрү чындыкка дал келбеген “дейди” сөздөр эле. Жакшысы Отунбаева ага теңелген жок. Көпчүлук учурларда жооп бербей келүүдө. Ага мисал кылып, 2016-жылдын жайындагы А.Аскаровдун кылмыш иши боюнча фактыны айтсак жетиштүү болот.
Ошентип, башында БЭК баштаган, Убактылуу Өкмөт ишке ашырган, 25 жыл ичинде биринчи жолу мамлекеттик бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү процесси 2011-жылдын 1-декабрында аягына чыкты. Башында Р.Отунбаева турган Убактылуу Өкмөт Бакиевдер тарабынан өз элине ок атылып, өлтүрүлүп, анан өлкөнү башаламандыкта, согуш абалында таштап койгон оор мезгилде бийликти колго алып, элди граждандык согушка жеткиртпей, бириктирип, ишеним берип, Бакиевдер, аны колдоочулар тарабынан Убактылуу Өкмөткө каршы уюштурган “чабуулдарга” туруштук берип, үй-бүлөлүк режимге каршы КЭК, “Реформа үчүн” жана БЭК саясий-коомдук кыймылдары көп жылдан бери айтып, күрөшүп келген өлкөнүн саясий системасына реформа жасап, ошол реформанын негизинде мамлекеттик бийликти этап-этабы менен эл шайлаган жаңы органдарга, адамдарга өткөрүп берип, өзүнүн кыргыз элине, дүйнөлүк коомчулукка берген убадасына турду.

Азыр көпчүлүк саясий серепчилер атайылап же билип-билбей, 2011-жылдан тартып өлкөдө болуп жаткан “жаман нерселерди” Убактылуу Өкмөткө, жакшы иштер болсо Атамбаевге ыйгарып жүрүшөт. 2010-жылдын декабрь айынан берки Кыргызстандын тышкы жана ички саясий-экономикалык жана социалдык саясаттарына Убактылуу Өкмөттүн эч бир тиешеси жок. Ага 5-чакырылыштагы Жогорку Кенеш жана башында А.Атамбаев турган Өкмөт жооп берет. Атамбаевдин мурда Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгондугу 2010-жылдын декабрь айынан берки жүргүзгөн саясаттарына байланышы, тиешеси да жок экенин илимпоз-тарыхчылар, саясатчылар, саясат таануучулар мезгилдерди так аныктоо, белгилөө менен Кыргызстандын тарыхына адилеттүү калтыруусу бүгүн актуалдуу.

Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн билимдүү, эл сыйлаган айрым адамдар кээде жогоруда мен айткан бийликтин тынчтык жолу менен өткөрүлгөнүн билбей же билгиси келбей, мени менен талашкан учурлары да көп кездешет. Аны Атамбаев өзү да колдоп, уюштуруп жүрөт. Ушундай Атамбаевдин ичи тардык, кэк сактаган, өзүнүн алсыздыгын көрсөткөн “өйдүк-сөйдүк” ойлонбой сүйлөгөн жоруктарынын туу чокусу — 2016-жылдын 31-августунда көз карандысыздыктын 25 жылдык мааракесинде көрсөтүлүп, Отунбаева чыдабай трибунадан басып кетип, Атамбаев өзү шерменде болду.

А.Атамбаевдин жеке бийлигинин башталышы же 2012-жыл
2011-жылдын жайкы каникулунан келишкен депутаттар Парламенттик башкаруунун “даамын” сезе башташтыбы, айтор, ачыктан-ачык Конституциянын өзүнө кол салып, биринчиден, Конституциянын айрым кемчиликтеринен пайдаланып, экинчиден, “бийлик кумары” менен “кой дээрге кожо жок”, үчүнчүдөн, Атамбаевдин Президенттик шайлоого кеткенинен пайдаланышып, “Конституциядагы кемчиликтерди мыйзам менен оңдоп-түзөп жатабыз” деген шылтоо менен Конституцияны да буза башташты. Кыргыз коомчулугу али даяр эмес, жат нерселерди, мисалы, Жогорку Кенеште намазкана ачуу, жума күнүн иш күнү эмес деп жарыялоо жана башка ушундай маселелер Жогорку Кенештин ыйык трибунасынан жаңыра баштады.

Кыргызстандагы бийлик толук бөлүштүрүлүп, эми кен-байлыктар кайра бөлүштүрүлүп, мурдагы берилген лицензиялар жокко чыгарылып, депутаттар тарабынан жаңы лицензиялар алынып жатты. Убактылуу Өкмөттүн мезгилинде козголгон кылмыш иштер жабылып, кылмыш иштердин алкагында арест салынган обьектилер аресттен чыгарылып, улутташтырылган обьектилер жең учунан өз партиялаштарына берилип жатканы боюнча эл арасында каңшаар сөз күчөдү.
Ушундай эл арасындагы пикирлерди жаңы эле Президент болуп иштеп жаткан А.Атамбаевге кирип билдирейин десем, мага “жол жабылганын” угуп, бир нече жолу И.Исаков аркылуу айттырдым. И.Исаков: — “Баягы досуң жок, ал уккусу келбейт, башка адамдарды — Ч.Турсунбековду, А.Жээнбековду, Т.Сарпашев, А.Карашев, Д.Нарынбаев, К.Кулматов, Ж.Сатыбалдиевдерди угуп калды, азыр ал башка адам, мен деле айтып жатам, бирок айткан сайын мени жаман көрүп жатат”-деди. Ошондон кийин 2012-жылдын 23-январында Атамбаевге биринчи жолу “Унчукпай коюуга укугум жок”-деген ачык кат менен кайрылдым. Бул катымды окурмандарга толук берейин, анткени бул китепти ал кат өзүнөн-өзү толуктап турат.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге ачык кат
Унчукпай коюуга укугум жок
Урматтуу Алмазбек Шаршенович,
Бул ачык катты жазууга эл арасында, коомчулукта өтө кызуу талкууланып жаткан төмөнкү жагдайлар түрткү болду:
1). Өткөөл мезгилдин Президенти Р.Отунбаева аягына чыкпай калган сот реформасы (эмне үчүн чыгарылбады ал узун сөз) убактылуу бийликтин сизге мурас катары калды. Сот бийлигин тазалоо, реформалоо эки революциянын тең башкы максаттарынан болгон жана бүгүн да эң актуалдуу маселе.
7-апрелден кийин көпчүлүк эл, коомчулук сот бийлигин да, Президентти, Өкмөттү иштетпей кууп чыккандай эле кууп чыгууну каалаганын, Жогорку Соттун, Конституциялык соттун имараттарын өрттөөгө чейин аракеттер болгонун өзүңүз жакшы билесиз. Ошол кездеги сот бийлигинин куратору катары, менден Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү бир жагынан, экинчи тараптан элдин өкүлдөрү катуу талап кылышкан.
Ошондо биз, үй-бүлөлүк башкарууну гүлдөтүүгө чоң салым кошкон Конституциялык сотту, сот адилеттиги боюнча Улуттук кеңешти таркатып, Жогорку Соттун, жергиликтүү соттордун иштешин таптакыр токтотууга мүмкүн эместигин, себеби, соттордун өндүрүшүндө миңдеген адамдардын тагдыры байланган жүздөгөн ар түрдүү иштер бар экенин, алар өз убагында каралбаса болбостугун түшүндүрүп, ошол эле учурда Убактылуу Өкмөт тарабынан судьялдарды тазалоо аракеттери жүргүзүлөрүн, мыйзамдарды одоно бузуп, “үй-бүлөгө” зор кызмат өтөгөн судьялар кызматтарынан убактылуу болсо да четтетилерин айтып, а чындыгында аз болсо да ошондой иштерди иш жүзүндө жүргүзүп, элге ишеним берип, ошол эле кезде сот системасын таптакыр кыйроодон сактап калдык десем жанылбаймын.

Бул процесстерде Убактылуу Өкмөттүн башчысы, өткөөл мезгилдин Президенти Р.Отунбаева чечкиндүү, ишенимдүү кадамдарды, ээлеген позициясы зор рол ойногон. Жогорку Соттун төрайымы Ж.Алиеваны баш кылып бир нече судьялар кызматынан четтетилгенде коомчулук сот реформасы болоруна, судьялар тазаланарына аз да болсо ишенип, ушул мезгилге чейин күтүп келишти. Биздин революциялык реформабызды укуктук талаада улантат деген Жогорку Кенеш бир жылдан ашык мөөнөт өтсө да бул ишти алга жылдыра алган жок.
Анын ордуна Жогорку Кенеш 7-апрелден кийин кызматтарынан убактылуу четтетилген Жогорку Соттун бир нече судьяларын КР Конституциясын одоно бузуу менен кызматтарына кайра койду. Сиздин расмий Президент болуп шайланышыңыз менен кайрадан структурасын, жетекчилигин жаңылаган Жогорку Кенештин бул аракетин сиздин ишмердүүлүгүнүзгө байланыштырып, өз реформасын революциядан кийин кызматтарынан четтетилген Жогорку Соттун судьяларын кайра ордуна коюу менен баштады деген пикир жаралып жатканы мени өкүндүрөт.
Муну менен өлкөдө Конституция иштебей:
— Кыргызстан башкаруунун Парламенттик жолуна багытталгандан бери укуктук жолдон мурдагыдан да катуу тайып, бардык нерсе – анын ичинде Президенттик шайлоо да, Жогорку Кенештин өзү да бир гана коалициялык Өкмөттү түзүү процессине байланып калганы, бүт нерсе Парламенттеги көпчүлүктү түзүүгө байланышкан келишимге көз каранды, ошол эле эч бир бийликке көз карандысыз деген сот системасы, жүргүзүлө турган сот реформасы да саясий кызыл кулактыкка, “алың”, “алыңга” түшкөнүнө ишенбей коюуга аргаң калбайт.
Буга далил катары Ө.Бабановдун Өкмөтүн түзөрдө Парламенттик көпчүлүккө кирген 4 фракциянын келишиминен үзүндү берейин:
“…Очередную страницу своей истории суверенному Кыргызстану предстоит писать с новой главой государства и с новыми руководителями Правительства и Жогорку Кенеша…”
Жаңы өлкө башчысы менен жаңы Өкмөт башчысына, Өкмөт мүчөлөрүнө макул бололу, анткени алардын жаныланары Конституцияда каралган, бирок жаныланары Конституцияда каралбаган жаны Жогорку Кенештин башчысын да саясий соодага кошуп алганына эмне дейбиз?
“…Существенное реформирование судебной системы включающее в себя в частности:
— Отмену итогов отбора кандидатов на должность судей Верховного суда, а также ограничением срока полномочий членов Конституционной палаты Верховно суда до 10 лет…”

Жогорку Соттун судьялык кызматына талапкерлерди тандоочу Судьяларды тандап алуу боюнча кенештин жыйынтыгын жокко чыгарганга аларга ким укук берди? Конституциянын долбоорун акыркы күнү талкуулап жатканда бул маселе катуу талкууга алынып, акыркы эки баштуу сот системасын жоюп, Конституциялык соттун ордуна Жогорку Соттун курамына кирген Конституциялык палатага токтогонубуз эсиңиздедир.
Ошентип, КР Конституциясынын 93-беренесинин 3-бөлүгүндө “Кыргыз Республикасынын сот системасы… Жогорку Соттон жана жергиликтүү соттордон турат: Жогорку Соттун курамында Конституциялык палата иштейт”-деп так белгиленген. Конституциялык палата өз алдынча сот системасы эмес, Жогорку Сотко кирген палата катары анын судьяларынын да Жогорку Соттун судьяларындай эле статусу бар. 94-берененин 6-бөлүгүндө “Жогорку Соттун судьялары курактык чегине жеткенге чейин шайланат”-деп аныкталган. Конституциялык палатанын судьялары 10 жылдык мөөнөткө шайланат деп Конституциянын жоболорун бузганга бул фракцияларга ким укук берди? Ал гана эмес, мыйзам да токулуп жатканы айтылып жатат.
Мунун өзү өлкөбүз Конституциянын үстөмдүгү менен өнүкпөй, 4 партиялык фракциянын келишиминин үстөмдүгү менен алга баратканынын далили эмей эмне?

Урматтуу Президент, сиз экөөбүз Кыргызстандын эли менен бирге мурдагы качкын Президенттердин ушундай эле өзүм билемдиги менен эки жолу күрөшпөдүк беле?! Булар менен бүгүн ким күрөшөт?! Буларды ким токтотот?! Же, бардык Президенттердин “башкы юристимин” деген Д.Нарынбаев менен “Конституциянын атасымын” деген Ө.Текебаевдин билгениндей боло береби?
2). Азыркы күчүндө турган Конституцияга ылайык, Жогорку Соттун судьялары “Судьялар кенешинин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы менен Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен … кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат. (КР Конституциясы 64-бер. 3-б.2-т., 74-бер.4-б.1-т. Жана 95-бер.2-б.)
7-апрелден кийин кызматтарынан убактылуу четтелилген Жогорку Соттун судьяларынын тагдыры ушул конституциялык жол менен чечилсе болмок.
Бирок, Жогорку Кенештин Жогорку Соттун кызматынан четтетилген судьяларынын маселесин Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы жок караганы башкы мыйзамды бузгандык, өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыккандык деп эсептелет
Мен билгенден, Президент Р.Отунбаева тарабынан Конституциянын талабына ылайык болгону эки Жогорку Соттун судьяларына, К.Момбеков менен О.Сыдыков боюнча сунуштама Жогорку Кенешке киргизилип, тиешелүү комитеттер карашып, Парламентке К.Момбековдун маселеси чыгарылган. (О.Сыдыковдун сунуштамасы белгисиз себептер менен Парламенттин кароосуна чыгарылган эмес) Бирок К.Момбековду мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуштама Конституцияда белгиленген добушка ээ болбой, четке кагылган. Калган судьяларга Президент тарабынан сунуштама берилген эмес. Бул маселени чечүүнүн конституциялык жолу болуп, экс-Президент Р.Отунбаева тарабынан судьяларга берилбеген сунуштаманы сиз Президент катары Жогорку Кенешке киргизгениниз эсептелет. Президент Р.Отунбаеванын аларды кызматынан убактылуу четтеткен Жарлыгы бүгүн күчүндө турат. Президентин Жарлыгын Жогорку Кенеш жокко чыгара албайт же сиз Жогорку Кенештин токтомуна макул болуп, Р.Отунбаеванын Жарлыгын өз Жарлыгыңыз менен жокко чыгарышыңыз керек. Бул экинчи жол. Башка жол жок.

Бул маселенин Жогорку Кенеш тарабынан ушундай шартта каралышы да, жогоруда мен белгилегендей Кыргызстанда мыйзамдуулук өкүм сүрбөй бараткандыгынын далили. Себеби, революциядан кийин кызматтарынан четтетилген судьялар топ-топ болуп азыр бийликте олтурган партиялардын мүчөлүгүнө киришип, айрымдары шайлоодо тизмелерде да жүрүшкөн. Айрымдары сиздин Өкмөттө министр болуп да иштеди (А.Мухамеджанов).
Кыскасын айтканда, кызматтан четтетилген ар бир судьяга атайын түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталган бир эле факты менен эмес, эки же андан көп фактылар, же акылга сыйбаган чечимдери үчүн Президент Р.Отунбаева кызматтан четтетүү чечимине барган.
Эгерде Р.Отунбаева гумандуулук кылып аларды кызматтарынан убактылуу эле четтетип токтоп калбай, алардын материалдарын прокуратурага өткөрүп бергенде, ал судьялар кызматтарына кайра келмек тургай, мыйзамсыз чыгарган чечимдери үчүн соттолуп кетишмек. Мисалы, Н.Азимжанов Акаевдин пайдасы үчүн билип туруп Ф.Куловду мыйзамсыз соттогонун, кийинки чечими менен өзү далилдесе, А.Мухамеджанов билип туруп мыйзамсыз чечим чыгарганын мойнуна алып, Башкы прокурор К.Байболовго жазып берген түшүнүк катында көрсөтөт. Э.Токтомамбетов, К.Турганбековдордун чечими мыйзамсыз экенин КЦЩКнын 13,8% акциясы мамлекетке өткөрүлгөнү менен далилденет.

Жогорку Кенештин бул 10 судьянын үстүнөн чыгарган Токтомун окуп бир жагынан алардын Президент Р.Отунбаева Жогорку Соттун 10 судьясын кызматтан четтетүүдө “КР судьялардын статусу” жөнүндөгү КР мыйзамынын 25-беренесинин 2-бөлүгүн туура эмес колдонгон жана эмгек укуктарын бузган деген бүтүмүнө бүгүнкү күндүн талабы менен ынанасың. Бирок, ошол эле депутаттар эмне үчүн 2010-жылдын 7-апрелинен кийинки мезгилдеги саясий курч абалды, ошондогу элдин пикирин же ал судьялардын чечимдери менен жүздөгөн адамдар, мамлекет жабыр тартканына көнүл бурбаганына кейийсиң. Бул депутаттар эмне, космостон түшүштүбү? Анда алар өздөрүнөн мурдагы Парламентте олтурушкан “Ак Жолчу” депутаттарды да ордуна кайра коюшсун! Алардын да укуктары бузулган, алар да ошондой саясий кырдаалда кызматтарынан кетишкен…
Урматтуу Президент, бул маселе боюнча төмөнкүдөй сунуш берет элем:
Бул маселе боюнча атайын мамлекеттик комиссия тузүүнү; Ар бир судьянын кызматынан кетирген кемчиликтери боюнча терен, ар тараптуу изилдетүүнү; андан кийин алардын тагдырын Парламент же прокуратура аркылуу чечүүнү.
3). Жакында Аксы окуясына 10 жыл, март революциясына 7 жыл, апрель революциясына 2 жыл удаа-удаасы менен болот экен. Ошого байланыштуу жеке архивдеримди карап олтуруп, Аксы окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын документтеринен Президент А.Акаевдин администрациясында иштеген А.Карашев деген фамилияны кокусунан жолуктуруп калдым. Ал документте Аксыда болуп жаткан окуялар А.Карашевге билдирилип турганы айтылат. Бул А.Карашев деген өзү ким деп териштирсем, кийин К.Бакиевдин заманында губернатор, Өкмөттүн Аппарат башчысы, 7-апрелде Ак үйдөн ок атылганда Бакиевдин жанында олтурган, сиздин Президенттик шайлоодо штаб башчыныз, сиздин колдоонуз менен азыркы жамаачыланган Өкмөттө экинчи адам экен. Ал эми Өкмөттөгү биринчи жана үчүнчү адамдар кимдер экени жалпы элге белгилүү.
Азыр Өкмөттө эле эмес, сиздин Аппаратыңызда да негизинен Акаевдин эски кадрлары иштеп жатат. Революциянын талабы болгон эски кадрлардан тазалануу саясаты жүргүзүлбөшүнө эл ишене баштады. Өткөндө телевидение аркылуу “Акаев, Бакиевдики деп бөлбөгүлө, кадр жок болсо кайдан алабыз?”-деген кыяздагы сөзүңүз, март революциясынан кийин ушундай эле чоң сынга кабылган Бакиевдин эле сөзүн кайталоо болду.
Ал кадрлар менен Бакиев эмне болгонун эстен чыгарбоо керек. А.Карашев, Д.Нарынбаев, Ж.Сатыбалдиев, Ж.Оторбаев, К.Кулматовго окшогон Акаевдин кадрларын Акаевдики деп айтабыз да, Атамбаевдики деп кантип айталы.
Ондогон жылдар бою сатпай, сен менен өмүрүн тобокелге салып жүргөн И.Илмияновду жакшы кызматка койгонунду угуп аябай сүйүндүм. Туура кыласың. Сен революциянын шарапаты менен бийликке келдиң, кадрларың да революциялык маанайдагы, жаңы, таза, жаш, кийин Атамбаевдин өстүргөн кадрлары деп айтыла турган болуш керек.
Күчтүү жетекчи күчтүү кадрларга муктаж болот. Күчсүз жетекчи күчтүү кадрлардан коркот. Ал айланасына кошоматчы, шылуундарды топтойт. И.Илмиянов, Б.Сүйүмбаев, Д.Аттокуровго окшогон революцияларда такшалган, мекенчил, сага берилген, билимдүү жүздөгөн жаш кадрлар жүрөт. Эмне үчүн алардан Аппарат башчы, Өкмөт мүчөлөрү болбойт. Р.Момбеков, Ж.Мусабекова ж.б. сенин саясатынды, айтканыңды даңазалап жүрүшкөн журналисттер пресс-катчы, Президенттин кенешчиси, же жардамчы боло алышпайт…
4). Революциянын дагы бир негизги талабы коррупция менен күрөшүү болгон. Бир кездерде Акаев: — “Коррупция Ак үйдүн 7-кабатына чыгып кетиптир”-деп айтты эле. Андан бери 15 жыл өттү. Ошол Акаев айткан Ак үйдүн 7-кабатына чыккан коррупционерлер ошол бойдон Ак үйдөн чыкпай келе жатышат. Эки революциядан кийин 3-4 айга чет элге качып кетишет да кайра эле келип, Ак үйдөгү жаңы чиновниктердин колтугунан орун алышат.
Алардын соолмок тургай, кайра жашап кеткенинин башкы себеби, алардын жазасыз калышы. Бир да коррупционер башкалары чоочугудай да жазасын алган жок.
Эки революциядан кийин аларды жазалайбыз деген укук коргоо органдарынын жетекчилерин тескерисинче алар жазалатып, шылдындап келе жатышат. Мен алыс барбай эле, 7-апрелден кийин башында Б.Ибраев турган прокуратураны айтайын. Алар мамлекеттин менчигин “үй-бүлө” менен бирге уурдашкан, сатышкан чиновниктерге, алардын шериктерине кылмыш ишин козгоду. Үй мүлкүнө аресттерди салышты. Анча-мынча обьекти, мүлк, акча каражаттарын мамлекетке кайтарышты. Кылмыш иштердин айрымдары сотко өткөрүлдү. Анан эле 5 айга жетпей Б.Ибраев кызматтан түшүп калат, аны өзү да билбейт. Б.Ибраев кызматтан кеткен 2010-жылдын сентябрь айынан бери жакында бир жарым жыл болот экен. Козголгон иштер, жоопко тартылган адамдардын акталганын укпасак, кылмыш иштердин эмне болгонун эч ким билбейт.

Б.Ибраевдин артынан эле элдик прокурор атынган, КЦЩКны, Идеал-Хаусту, Кайыңды кантты ж.б. обьектилерди элге кайтарган Чүй областынын прокурору К.Жунушалиев орун басарлары менен, Ысык-Ата районунун прокурору Ф.Иманалиева, Жалал-Абаддан прокурорлор качып кеткенде коркпой, Бакиевдердин уюгуна барып иш козгоп, Бакиевдердин мыйзамсыз ээлеген обьектилерин элге кайтарган Жалал-Абаддын облпрокурору К.Турдумамбетов, Бишкектен бир нече обьектилерди элге кайтарып, Бакиведердин ячейкаларынан акчаларын табышкан Бишкек шаарынын прокурору К.Абылов орун басарлары менен кызматтан четтетилет. Ушундай эле четтетүүгө Ош областынын, Ош шаарынын прокурорлору кабылды. Андан кийин ушул кызматкерлер кайтарган обьектилерден башка же алар козгогондон башка корупционерлерге, чиновниктерге кылмыш иштери козголуп, обьектилер кайтарылдыбы? Албетте жок. Муну кандай түшүнсө болот?
5). Урматтуу Президент, дагы бир кеңешим, эгерде революциянын шарапаты, духу менен бийликке келген, реформатор Президент катары тарыхта калайын десениз ага бүгүн сизде толук мүмкүнчүлүк, шарт бар. Ал үчүн менин оюмча төмөндөгүдөй чечкиндүү кадамдарга баруу керек.
а) Өлкөдө саясий системаны демократиялык багытка оодарган конституциялык реформаны улантуу. Ал үчүн оор тарыхый мезгилде көп ийленбей кабыл алынып калган Конституцияга, анын саясий системасын камтыган өзөгүн бузбай туруп, оңдоп-түзөтүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү керек.
Башкасын айтпаганда да тышкы саясатты ким аныктаары көрсөтүлбөй калган. Бүгүн өлкөбүздө сырткы саясатка байланыштуу көп маселелер бар.
Мисалы, келечекте Кыргызстан бажы союзуна кирсе өлкөдө мүмкүн чоң социалдык-экономикалык силкинүү болбойт деп, же азыркы дуйнөдөгү курч маселе болуп жаткан Иран менен Американын мамилесинен улам Иран биздин “Манас” аэропортунан Американын аскер базасына сокку урбайт деп ким кепилдик бере алат? Конституциялык денгээлде сырткы саясатты аныктоочу, жоопкерчилик алуучу орган, менин оюмча ал өлкө башчысы болот деп, ал Конституцияда так аныкталыш керек. Бул маселеге Жогорку Кенеш менен биргеликте атайын комиссия түзүлүп, 2012-жылдын күзүнө чейин чечиш керек. Бул сунушту “Конституциянын атасымын” деген Ө.Текебаев колдойт деп ойлойм;
б) Көп жылдан бери сөз болуп, конституциялык денгээлде чечилип, бирок иш жүзүндө аткарылбай келе жаткан административдик-аймактык реформага да чекит коюлушу зарыл. Жөнөкөй сөз менен айтканда область, райондордун бирдиктери статустары боюнча маселе;
в) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-б. 5-б. “Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиктери, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары КР гана менчиги болуп эсептелет… Кыргызстан элинин жашоосу менен иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болот”-деп аныкталган. Мисалы, бүгүнкү “Кумтөр” кайсы элдин жашоосунун негизи болуп жатканы белгилүү да. Бул тармактарда эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Кыргызстандын төбөлдөрү чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгы үчүн гана иштеп келе жатышат. Кен байлыктарыбыз чет элдик инвесторлордун ортосуна коюлган дасторконго айланган. Кимиси көп берсе ошого берилип келди. Экологиялык кыйроодон башка Кыргызстандын элине кыпындай да пайда жок. Бул тармактарга түп тамырынан саясатты өзгөртүү керек. Кумтөрдүн келишимин бузуу учурдун талабы, Ата-бабаларыбыз алтын, күмүштү кол менен казып эле иштетип келген, азыркы заманда кантип эле өзүбүз иштете албайбыз?

Ушуга окшогон элибиз күтүп жаткан реформаларды аткаруу Парламент менен бирге сизге жүктөлгөн. Жогоруда аталган реформаларды жүргүзүү үчүн алдын ала сиз үч чечкинүү кадамга барууңуз зарыл.
Анын биринчиси, Жогорку Кенеш менен кенешип, макулдашып Конституцияга ондоо, түзөтүү, толуктоолорду киргизүүнүн жолун табуу;
Экинчиси, сот системасын, укук коргоо органдарын саясатташып, партиялашып кетүүдөн сактоо, сот реформасын жүргүзүү үчүн кайрадан эле Жогорку Кенеш менен макулдашып, саясатташып кеткен бүгүнкү Судьяларды тандап алуу боюнча кенештин тагдырын чечүү. Же, алардын ишине кийлигишпей, өз алдынча уюм катары иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү, же, Конституцияга ылайык кайрадан түзүү;
Үчүнчүсү, бир жылдан ашык мөөнөт ичинде иштеген мезгилде жок дегенде сот реформасын жүргүзө албаганы, өлкөдө Конституциялык реформаларды мындан ары улантууга жөндөмсүздүгү, каалабагандыгы үчүн Жогорку Кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышы керек. Бул Жогорку Кенеш бир гана нерсени – бийлик менен байлыкты бөлүштүрүү маселесинде тил табышаары белгилүү болуп калды…
Жыйынтыктап айтканда, жамаачыланган Парламент, жамаачыланган Өкмөт менен Кыргызстан алдыга жыла албашына мен бекем ишенем.

Депутаттар деле муну жакшы түшүнүшөт. Дүйнө жүзүндөгү баардык Парламенттик өлкөлөрдө качан гана бир же эки партиянын бийлиги орногондо туруктуу өнүгүүлөр жүргөн. Ага бүгүнкү сиз суктанган Турциянын Парламенти күбө. Биз бир эле Парламенттен шайлоо өткөрүүдөн коркпошубуз керек. Биз бир эле Парламенттен 4 Парламентке, бир эле Өкмөттөн 4 Өкмөткө ээ болгондон коркушубуз керек. Ошондуктан, азыркы Парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууну, жаңы шайлоону 2013-жылдын февраль айларына чейин бүтүрүүнү сунуш кылам, жолдорун кааласыңыз таап аласыз.
Эгерде өлкө алдыга жылбаса, реформалар жүрбөсө Парламенттен, сизден сурап алыш элдин колунда. Кыргызда бир сөз бар, “Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат”-деген, айрым сөздөрүм катуу тийсе кечирип кой, андай сөздөрдү сага мен айтпасам ким айтат. Унчукпай коюуга укугум жок.
Урматтоо менен,
Азимбек Бекназаров
23.01.2012-ж. Бишкек шаары
Президентке “заказной” почта менен бул катты киргиздик. Ал кат бир нече гезитке да чыкты. Эч кандай реакция болбоду. Кайра мен мисал келтирген К.Турганбеков деген Жогорку Соттун судьясы — Соттор кеңешинин төрагасы, Жогорку Сотто кылмыш иштер боюнча коллегиянын төрагасы, Жогорку Соттун төрайымынын орун басары болуп көтөрүлүп, кийин 2015-жылы Тулеев-Коркмазов-Нарынбаев үчилтигинде, андан кийин да айрым коомчулук жазып чыккан чыр-чатактын ичинде жүргөнү маалым болду. ММКда болсо К.Турганбеков Атамбаевдин хан-кудасы А.Султановдун эн жакын досу болгондуктан, ага эч кимдин күчү жетпейт деген пикирлер айтылды.
Менин катым жазылгандан кийин эле Президент А.Атамбаев 2012-жылдын февраль айында коррупция менен келишпес күрөш жүргүзүү боюнча өз Жарлыгын жарыялады. Ушул Жарлык менен өзүнө гана баш ийген, УКМКнын түзүмүнө кирген Коррупцияга каршы кызматты (мындан кийин АКС) түздү. Мен буга ишенбей ал Жарлыкты кайра-кайра окудум. Анткени, А.Атамбаев жаңы Конституцияга ылайык өзүнө баш ийген, куугунтуктоочу органды түзүүгө укугу жок болчу. Ага чейин да Коргоо Кенешин мурдагы Коопсуздук Кенешине айлантып, ал жерде кылмыштуулукка, коррупцияга каршы маселелер каралып жатканын угуп ишенбей жүргөм.
АКСтин түзүлгөнүнөн окугандан кийин айланасында олтургандар адаттарынча Атамбаевдин да “колтугуна суу бүркүп” бир жакка түртүүгө даярданып калышкан экен деген бүтүмгө келдим. Ага чейинки Жогорку Кенеште кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү мыйзам, Атамбаевдин АКСти түзүү, Чек ара кызматын өзүнө баш ийдирген Жарлыгын, Коргоо кенеши боюнча мыйзамдарды талдап, анын авторитаризмге аттанганына толук ишендим. Ошондон тарта “кардым үчүн эмес, кадырым үчүн” деп Акаев, Бакиевдерди кандай сындасам, Атамбаевди да сындап, Кокон ханына теңеп, интервьюларды бере баштадым, болгону “кетсин” ураанын кошкон жокмун.
2012-жылы жайында “Унчукпай коюуга укугум жок” деген автордук-публицистикалык чакан китепче жазып, (Кыргызстандын эгемен доорундагы (1991-1992-жж.) коррупциялык схемалар, анын катышуучулары, кесепеттери жөнүндө) аны сентябрь айында жарыкка чыгарып, Атамбаевге “заказной” почта менен дагы жибердим. Ал китепте Атамбаев коррупция менен чындап күрөш жүргүзсө, мүмкүн туура жолду тандоого пайдасы тиер деп, өз сунуштарымды китепте бердим. Окурмандарга ошол китепченин “Отунбаева-Атамбаевдин мезгили” деген бөлүмүнүн “Атамбаевдин коррупцияга каршы “согушу” деген темадагы бөлүгүн жана ага берген сунушумду толук берейин.
Атамбаевдин коррупцияга каршы «согушу»
1. Эгемен Кыргыз мамлекетин карызга олтургузушкан, элдин менчигин күл сапыргандай жок кылышкан, сырттан келген кредит, гранттарды бөлүп алышкан, тонналаган алтындарды сыртка алып кеткен, Кыргыздын келечегин кескен келишимдерге кол коюшкан ж.б. кылмыштары үчүн качып кетишкен А.Акаев, Н.Танаев, К.Нанаев, А.Сарыгулов ж.б. үстүнөн козголгон кылмыш иштерди калыбына келтирүү, алардын өзүн алып келбесе да, уурдаган алтындарды, акчаларды кайтаруу иш аракеттери жүргүзүлгөн жок. Андай тапшырма Атамбаев өзү түзгөн АКСке берилген жок.
Коррупция – бул пара алгандар эле эмес, биринчи кезекте, уюмдашып алып мамлекетти сызга олтургузгандар, элдин байлыгын уурдагандар, өлкөнү саясий, экономикалык кризиске алып келчү келишимдерге кол коюу, мамлекеттик бийликти бир адамдын, топтун колуна өткөрүп берүү, ага шарттарды түзүү, бюджеттик акчаларды максатсыз иштетүү ж.б. бийлик адамдарынын мыйзамсыз жоруктары да экени эске алынбай жатат.
Азыркы Кыргызстандын бийлиги өрттөлүп кеткен кылмыш иштерди калыбына келтирүүнүн ордуна ал коррупциялык схеманын авторлору, катышуучулары менен ачык эле кызматташууга (партиялашууга) өтүштү. Мисалдар абдан көп. Жазаланбоо – бул да эң чоң кылмыш, анткени, ал кылмыштуу жосундарды, аны жасагандарды шердентет дагы, көнгөн адатка түшүүгө өбөлгө түзөт.
2. Коррупция менен күрөшүү боюнча.
2012-жылдын башында Коргоо Кеңешинде Президент А.Атамбаев «коррупцияга каршы согуш» жарыялайт. УКМКнын курамына «Коррупция менен күрөшүүчү Кызматты» да ачты (мындан кийин АКС). Ага Конституцияда, мыйзамдарда жок ыйгарым укуктар берилди. Бир жылдан бери Конституция боюнча кызмат кылмыштары менен иш жүргүзүү жүктөлгөн Башкы прокуратура негизинен «бытовой коррупция» менен гана иш алып келе жатат, эгерде, Н.Тюлеевдин иштерин албаганда.
Н.Тюлеевдин иши боюнча дагы бир коррупциялык схема эмне үчүн 2010-жылдын 12-майында козголгон кылмыш иш тергелбей «чаң басып жатты»? Ким, кимдин буйругу менен токтоткон же кыскарткан? Ал адам да кошо жоопко тартылса, эл ишенмек, мына коррупция менен күрөш эми башталды деп, Бишкек шаардык кеңешине шайлоо бүтөрү менен Н.Тюлеевдин «өзгөчө оор» иштери «анчалык оор эмес» кылмышка айланып, Тюлеевди бошотуп жиберсе, коррупция Тюлеевдин ишинде эмес, анын иштерин кайра козгогон адамдарда экени далилденет.
Апрель окуясынан кийин козголгон жогоруда айтылган коррупциялык иштер боюнча Акаевдин мезгилиндеги алтын уурдоо, кредиттерди уурдоо, жерлерди сатуу ж.б. иштер боюнча Президент «тапшырма» берген жок. Укук коргоо органдары унчукпайт.
«Мегакомдун» иши эки жылга жакын Биринчи май райондук сотунда жатып, өкүм чыгарда Башкы прокуратура чакырып алды деген сөз бар. Эмне үчүн?
«Мегакомдогу» кийинки уурдоолор боюнча Байболов айткан «Силичти эң жогорку адам коё бердирген», материалдык жоопкерчилик тарта турган адамды коё берип, сырткы башкаруучулар бери жакта калып, ортодо жаш баласы бар Рыкунова дегенди бир жылдан бери камап алып, «тигиге мынча, ага түкүнчө акча бергем же берилген» деп арыз жаздыруу менен алек.
Ортодо М.Суталинов капыстан сотко келсе, «кокусунан» А.Бакиев сыртка чыгып кетет. 7-апрелден кийин козголуп, ал иштер боюнча арест салынган мүлктөр, объектилердин тагдыры белгисиз. Мисалы, №150-10-42 сандуу кылмыш иш боюнча жоопко тартылышкан:
Максим Бакиевдин 1) Бишкек ш. Жибек-Жолу көч.№521-үйгө; 2) Учредители М.Бакиев болгон “Новая Азия” ЖЧКнын мүлктөрүнө; 3) “Лидер Маркет” ЖЧКнын мүлктөрүнө;
Гурьевичтин: Учредители Е.Гурьевич болгон 1) “MGN Group” ЖАКтын мүлкүнө; 2) “Капитэл эскроу” ЖЧКнын мүлктөрүнө; 3) “Эскроу Эдвайзерс” ЖЧКнын мүлктөрүнө; 4) “Сентрекс Трейдинг” ЖЧКнын мүлктөрүнө; 5) “Эм Джи Эн Катитал Партнерз” ЖЧКнын мүлктөрүнө;
А.Елисеевдин: 1) Бишкек ш. Семашко көч. №14, №10-бириктирилген квартираларына; 2) Бишкек ш. Табышалиев көч. №15 үйүнө; 3) Бишкек ш. Манас пр.12 “а” жер участогуна; 4) Бишкек ш.Чүй пр.№172де жайгашкан №2 квартирасына; 5) Таш-Көмүр ш. Кызыл-Алма шаарчасындагы №113-1 үйүнө; 6) Ысык-Көл областындагы Чок-Тал айылындагы пансионатка; Учредители Елисеев болгон “Свет инвест ”ЖЧКнын мүлкүнө; “В Инновация” ЖАКнын мүлкүнө; 9) “Центр инвест групп” ЖАКтын мүлкүнө; 10)”Таш-Көмүр Силикон Инвестмент” ЖАКтын мүлкүнө; 11) “Альфа-телеком” ЖАКтын мүлкүнө; 12) “VIP консалтинг” ЖЧКнын мүлкүнө; 13) “Т.Д. “В.А.В.С.” ЖЧКнын мүлкүнө; 14) “Альфа-телекомдун” “Мегакомдогу” 51 % акциясына (2010-ж.7-майында арест салынып, мамлекеттик мүлк фондуна тапшырылган).
И.Чудиновдун: 1) Бишкек ш. Красаев көч. 57-үйүнө (26.04.2010-ж.арест салынган); 2) Ысык-Көл областынын Бостери айылындагы ГЛФ жер участогуна; 3) Бишкек ш. Куттубаев көч. №2 жер участогуна; 4) Учредители И.Чудинов болгон “Альянс-плюс” ЖЧКнын мүлктөрүнө; 5) “Альянс” ЖЧКнын мүлктөрүнө; 6) “Трансистема-Бишкек) ЖЧКнын мүлктөрүнө 2010-жылдын 7-майында арест салынган. Жалпы арест салынган обьектилердин, мүлктөрдүн баасы эле 20 млн. АКШ долларынан ашат.
А.Бакиевдин сыртка чыгышына соттор күнөөлүү эмес, өз учурунда мыйзам чегинде соттордун алдына сунуштарды бербей, чечимдер күчүнө киргенден кийин «кассация» берилиши болгону же «амнистияны туура эмес колдонгон» деген маселени сотко койбогон прокуратура кызматкерлери күнөөлүү.
Б.Ибраевдин убагында козголгон экономикалык кылмыш иштер ал кызматтан четтетилгенден кийин, оор конфискация каралган статьялары, конфискация каралбаган жеңил бөлүктөргө же башка статьяларга өзгөртүлүп, соттолуучулар жеңил-желпи соттон чыгып кеткендей абалда сотко берилип, анан сотто айыптоону колдогон прокурорлорго “ооз ачпайсыңар” деген тапшырмалар берилип, И.Чудиновдун, А.Ширшов жана башка соттолуучулар акталып же эптеп-септеп соттолуп жатышат.
Бул “мыйзамдаштырылган коррупция” боюнча убагында Президент Р.Отунбаевага канча жолу айтылды. Атайын комиссия түзүлүп (Б.Таабалдиевдин бөлүмү аркылуу) чала-була текшеримиш болду. “Б.Ибраевди А.Саляновага орун басар кылып койсоңуз өзү баштаган ишти акырына чыгарууга жардам берет” деп Р.Отунбаеваны көндүрүп, Б.Ибраев А.Саляновага орун басар болду. Кайра эле Отунбаева кетери менен аны кызматынан кетиришти. Ушуну менен Байболовду, кийин Салянованы Башкы прокурорлук кызматка алып келишкен күчтөр революциядан кийин козголгон кылмыш иштерин аягына чыгарылышын, алардын обьектилеринин конфискация болушун каалабаган күчтөр экенин далилдеди…
Бытовой коррупциядан башка «саясий коррупция», «мыйзамдаштырылган коррупция», «коалициялык коррупциялар» ж.б. коррупциялык схемалар боюнча иш жүргүзүү көрүнбөйт.
3. 2010-жылдын 7-апрелинен кийинки саясий система – Парламенттик башкаруу – өлкөгө коррупциялык схеманын дагы бир түрүн Кыргызстанда жаратты. Аны мен шарттуу түрдө «коалициялык коррупция» деп атадым. Парламенттик система – бир үй-бүлөнүн, Президенттин кызмат абалынан пайдаланып кетирген кемчиликтерди, өзүнүн ишинин ачыктыгы, коллективдүүлүгү, бюджет маселеси Парламенттик оппозициянын колунда болгондугу менен, бийликтин бир да адамдын колунда болбогону менен, жокко чыгарганы менен, ошол эле учурда бүгүнкү Парламенттеги фракциялардын Конституция, мыйзамдар менен иштебей, «коалициялык келишимдер» менен аракеттениши, коррупциянын жаңы схемасынын түзүлүшүнө жол ачты.
Конституциянын талаптарына ылайык Парламенттик көпчүлүктү түзүшкөн фракциялар: Премьер-министрди, Өкмөттүн түзүмүн, курамын гана аныктайт.
Иш жүзүндө биздин Парламентте парламенттик көпчүлүктү түзүшкөн фракциялар өздөрүнүн «коалициялык келишими» менен Өкмөттүн курамына, структурасына кирбеген бүт аткаруу бийлигин, жергиликтүү бийликтерди (район, облус кылып), акционердик коомдорду, мамлекеттик делген гезиттерге чейин бөлүштүрүшүүдө. Эң коркунучтуу синдром – кайсы бир жеке, партиялык кызыкчылыктар үчүн Парламенттик көпчүлүк кайра-кайра бузулуп, кайрадан жаңыдан саясий соодалашуунун негизинде жаңы «парламенттик көпчүлүк» түзүлүп, ага ылайык коалициялык келишимдер түзүлүп, бүт Кыргызстан жаңы «алың -алыңга» түшүп жатканы.
Өкмөт мүчөлөрүнө, башка бийликтерге кайсы бир партияга көп акча берген, партияда мурда мүчө болбогон эле адамдар же кайсы бир партиянын лидеринин кудалары, туугандары келип жатышат.
Мындай жоруктар жаңы эле Парламенттик системаны тандаган саясий системабызга, мамлекетти бийлик органдарынын туруксуздугунан өлкөбүздүн экономикасына орду толгус орчундуу зыян келтирет. Айрыкча, кайсы бир партиянын саясий идеологиясын билбеген, ал партияда мүчө болбогон, кызмат, байлык үчүн белгилүү сумманы партиянын же анын лидеринин «бюджетине» төккөн «саясий сойкулардын» Кыргыз Өкмөтүнө, башка бийликтерге келиши, эми түптөлүп жаткан саясий системабызга, биринчи кезекте күчтүү саясий партиялардын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө сөзсүз кедергисин тийгизет, коомчулук тарабынан мамлекеттик бийлик органдарына, саясий партияларга ишенимди жоготот.
Мамлекет үчүн, элибиз үчүн мындай «коалициялык коррупция» Акаевдин, Бакиевдин үй-бүлөлүк коррупциясынан да коркунучтуу.
4. Жогоруда белгилегендей, көп коррупциялык көрүнүштөр, айрыкча бюджеттик-кредиттик чөйрөлөрдө токтогону менен Отунбаева-Атамбаевдин мезгилинде жер алдындагы кен байлыктарыбызды лицензия берүү жолу менен чет элдиктерге “сатуу” бүгүнкү күндө биринчи орунга чыкты. Себеби Кыргызстанда азыр кен байлыктардан башка сата турган эч нерсе калбады.
5. «Бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө, алууда берилчү алым-бериштер (откаттар), Бажы органдарындагы «коррупциялык схема», мурдагыга караганда жогорку тепкичтерде, тар чөйрөлөрдө, жарым легалдаштырылган» түрүндө уланып жатат.
6. Азыр Кыргызстанда кен байлыктарды сатып алуу, анан мамлекеттик бийлик орундарын Парламентте олтурган партиялык фракциялар аркылуу «сатып алуу» эң популярдуу болуп калды.
7. Саясий коррупция боюнча:
Конституцияга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду референдум жолу менен өткөрүп, бир адамга – Президент Акаевге – мамлекеттик бийликти топтогондой эле, кайсы саясий топтун кызыкчылыгы үчүн же саясий соодалашуунун кесепетинен Конституциянын ченемдерин бурмалоо, бузуу азыр да уланып жатат. Ал мурдагы эле «бессменный» Конституциялык Кеңешмелердин мүчөлөрү, азыркы Конституциянын «атасы», «энесимин» дегендер тарабынан, бирок референдум жолу менен эмес, жаңы мыйзам долбоорун даярдоо, кабыл алдыруу жолдору менен ишке ашырылууда.
Конституциялык Кеңешме тарабынан «унутулуп» калган Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ким аныктаары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мыйзамдарынын ченемдери талаш-тартышты жаратканда чечмелеп берүү (толкование) же түшүндүрүү (разңяснение) укуктары, Конституциянын кыргыз жана орус тилдериндеги тексттериндеги дал келбөөчүлүктөрү ж.б. кемчилдиктерди жоюу үчүн «Конституцияны күчүнө киргизүү жөнүндөгү, Конституцияны 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүлүүгө жатпайт» — деген жобосун кайра референдумга чыгарып, өзгөртүүнүн ордуна, Конституцияга каршы келген мыйзамдар кабыл алынууда.
Мисалы: 1. 2011-жылдын 25-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 3-ст. 1-б. 35-пункту менен Жогорку Кеңеш өзүнө Конституцияда көрсөтүлбөгөн «Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши боюнча Жогорку соттун төрагасынын ар жылдык маалыматын угат» деген ыйгарым укук алган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-ст. 6-п. Жогорку Кеңеш Конституцияда аныкталган гана ыйгарым укуктарга ээ.
2. Жогорку Кенеш, КР Президенти Р.Отунбаева тарабынан бошотулган Жогорку Соттун 9 судьясын Президенттин сунуштамасы жок, жеке арыздарынын негизинде карап, аларды кайра жумушун калыбына келтирип, Конституциянын 64 жана 74-статьяларын одоно бузушкан. КР Президентинин жана депутаттык фракциялардын тымызын келишүүсүнөн коомчулуктун бул маселе боюнча көтөргөн маселеси көңүлгө алынбай, ал судьялардын айрымдары (Президенттин, айрым депутаттардын туугандары) кайрадан келишим түрүндө шектүү добуш берүү менен “оптом” Жогорку Кенештен “шайланды”.
3. «Кыргыз Республикасынын тышкы саясий чөйрөсүндө мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттери» деген 2012-ж. 4-июлундагы №96 мыйзам менен «Кыргыз Республикасынын Президенти:
— Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын аныктайт;
— Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына жалпы жетекчиликти ишке ашырат» деген ж.б. Конституцияда көрсөтүлбөгөн ыйгарым укуктар берилген.
Ооба, тышкы саясатты өлкө башчысы Президент аныктап, жүргүзүш керек. Талаш жок. Бирок, маселе Конституциянын бузулушунда, укуктук мамлекетте болуп жатпайбы. Конституциянын 64-ст. Президент Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга гана ээ экенин Конституциянын «ата-энелери» билбейби?
4. 2012-жылдын 26-майында Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамга толуктоолорду киргизип, бир эле 15-ст. бир нече жолу Конституцияга карама-каршы келген кошумчаларды киргизген:
— Биринчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялыгына талапкерлер үчүн «…беш жылдык судьялык иш стажы керек» деп, Конституцияда жок кошумча талап киргизилген (п.1);
— Экинчиси, Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерге Конституцияда жок «… мамлекеттик жана расмий тилди билген» деген кошумча талап киргизилген (п.1 абзац 2.). Эмне үчүн Жогорку Соттун судьялыгына мындай талап жок?
— Үчүнчүсү, Конституциялык Палатанын судьясы «Биринчи жолу 7 жылдык мөөнөткө шайланат» деп Конституцияда бекитилблбеген мөөнөт киргизилген (п.2).
Конституцияда (94-ст. 9-п.) Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерге кошумча талаптар Конституциялык мыйзамдар менен кошулушу каралган. Бирок, бардык Жогорку Соттун судьяларына бирдей каралыш керек. Конституциялык палата Жогорку Соттун курамында иштейт, өзүнчө сот органы эмес.
5. Райондун акимдери райондук кеңештин депутаттары тарабынан шайланары Конституцияда так көрсөтүлүп турса да, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү мыйзамдар менен райкеңештин депутаттары нотариустун кейпин кийишип, Премьер-министр көрсөткөн үч адамды гана шайлайт болуп калган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-ст. «Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы… өз бийлигин түздөн-түз же өздөрүнүн өкүлдөрү (депутаттар) аркылуу жүзөгө ашырат» деп жазылган. Райондун акимдерин шайлоо элдин атынан райондун депутаттары аркылуу (кыйыр шайлоо) ишке ашырылсын деген Конституциянын түпкү маңызы бурмаланган. Ошентип, кайсы бир бийликтеги партиялардын, же Премьер-министрдин партиясынын өкүлү райондун акими болуп калышы нааразычылык туудурууда.
6. Бүгүн Парламентте мыйзамдарды үч окуудан өткөрүүнүн маңызы да бузулуп, үч жолу добушка коюу менен алмаштырылды.
7. 2012-жылдын 4-сентябрында КР Президенти А.Атамбаев өзүнүн №161 “Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндөгү” Жарлыгы менен чек ара аскерлерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин курамынан чыгарып, өзүнө баш ийген КР Мамлекеттик чек ара кызматы кылып, өзүнчө мамлекеттик орган кылып түзүп алды.. Мамлекеттик чек ара кызматы МУКК аркылуу Өкмөттүн түзүмүнө кирет. Аткаруу бийлигинин системасына кирген органдарды жоюу же кайра түзүү “Кыргыз Республикасынын Өкмөту жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамдын 26-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-минисринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
КР Президентинин ыйгарым укуктары аныкталган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-ст. аткаруу органдарын же анын системасына кирген мамлекеттик органдарды түзүү же кайра түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын Президентине берилген эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “ата-энелери” же Жогорку Кенеш, бийликтер узурпацияланып жатканын көрбөйбү?
Акыркы тенденция өлкөдөгү бийликти бир адамга Президентке, анын партиясына берүү багытында, бул жеңил-желпи жеке амбициялар, таарынычтар менен коштолуп, өтүп жатканы кооптондурат. Анткени, Кыргыз эли жеке Президенттик бийликти, анын үй-бүлөлүк партияларын да көргөн, тагдырлары белгилүү.
Ал убактарда (Акаев, Бакиевдер доорунда) Парламентти таркатып же Конституциялык соттун жардамы менен Президенттин командасынын бир жылдаган мээнетинен кийин «Алга Кыргызстан», «Ак Жол» пайда болчу эле. Бүгүн болсо, бир партия лидери экинчи бир партия лидери менен эрегишип, анан «сени менен ойнобойм, кеттим» деп экинчи бир балдарга кошулуп кеткен баланын жоругун элестетет. Ушу да мамлекеттик саясатпы же саясатчынын ишиби? Ошол эле бала «сени менен да ойнобойм, кеттим» деп, эртең берки балдарга кетип калбайт деп ким кепил болот? Аны кетирбеш үчүн берки бала ал балага «майлуу токоч», «ширин момпосуй» берип туруш керек.
Бул саясий коррупциянын схемасынын катышуучулары Парламенттик көпчүлүктү түзгөн фракциялардын жетекчилери.
8. Эгемен мезгилинде, Кыргызстандын аймагынын бүтүндүгү эле бузулбай, улуттун биримдигине, өзгөчөлүктөрүнө тилине, дилине, динине, менталитетине тескери таасир тийгизе турган, айрыкча жаштарды тарбиялап өстүрүүдө улуттук патроиоттук ан сезимге терс таасир тийгизе турган, ар кандай диний секталар, окуу жайлар, ар кандай оюн-зоок мекемелери ж.б. чексиз, эбегейсиз көбөйдү. Мамлекеттик бийлик тарабынан бул багытта ушул күнгө чейин алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн жок. Азыр деле улантылып жатат. Мисалы, 1995-жылы 30-сентябрда Түркия республикасынын өкмөтү менен КР өкмөтүнүн ортосундагы “…Бишкек шарында “Манас” атындагы кыргыз-түрк Университети ачылыш жөнүндө келишимге кол коюлуп, ага ылайык Университет бюджетинин 50 пайызы Түркия республикасы, 50 пайызы Кыргыз республикасы тарабынан каржыланары бекиген. (10-ст)
9. Университеттин ректору камкорчулар кенешинин сунуштоосу менен кыргыз тарабынан дайындалары аныкталган. (6-ст). 2011-жылдын 26-апрелинде бул статья КР өкмөтүнүн атынан кол койгон КР билим берүү жана илим министри К.Ж.Садыков тарабынан бул статья өзгөртүлүп, эми ректор түрк тарабынан 4 жылга дайындалары бекитилген.
10. Бул деген аталган университет “түрктөштүрүлүүдө” деген саясаттын далили. Мындай коомчулуктун, өкмөттүн, Жогорку Кенгештин профилдик комитетиинин кортунудусу жок, өз билемдик менен кол коюлган келишимдер Үзөнгү-Куушту Кытайга берген келишимге барабар жана “саясий коррупциялык схемага” кирет. Мындай схема Кыргызстанды жакшылыкка алып келбейт. (56-65-беттер)
Мен негизинен 2012-жылы А.Атамбаев өз ишин коррупцияга согуш жарыялоо менен баштаганын, ал күрөш кандайча багытта кеткенин, өзүмдүн ошол кездеги макалаларым менен окурмандарга жеткирүүгө аракет кылдым.
2012-жылдын башында жана аягында Кыргызстандын башкы саясий органы болгон Жогорку Кенеште, аткаруу бийлиги Өкмөттө да эсте калчу окуялар болду. Айрыкча менин аксылыктарымын эсинде калчу, Аксы окуясынын 10 жылдыгы эң кыска мөөнөттө колго алынса да Президенттин кийлигишүүсүнөн кийин, жогорку республикалык деңгээлде өткөрүлгөнү болду. Февраль айынын аягында мен И.Исаковго жолугуп, Аксыда Аксы окуясы боюнча музей ачып жатканымды айтып, анын Аксы окуясы боюнча иликтеген Парламенттик комиссиянын документтерин сурадым. Ага, Исмаил аке, мен Аксыда кичинекей Аксы окуясына байланыштуу музей салып жатам, ага Аксы окуясына байланыштуу бүт документ, буюмдарды, сүрөттөрдү топтоп ошол жерге коеюн деген оюм бар, дедим. Эл көрсүн, окусун, билсин, аксылыктар Акаевдин режими менен Бекназаров үчүн эле эмес, кыргыздын жеринин бүтүндүгү, Үзөнгү-Кууш, Жаңы-Жер, Хан-Теңири, Каркыра, Маймак, Көк-Сай ж.б. жерлерибиз үчүн шейит болушканын эстей жүрсүн, аны изилдеген сиз билесиз, мен билем, көпчүлүк элибиз билбейт, “Аксылыктар бир тополондо өлдү да” деген пикирде, эртеңки муун деги эле эч нерсе билбей калышы мүмкүн, Боспиектен табылган патрондорду, өзүңүздүн отчетту бериңиз музейге койдурайын дедим. Музей Жеңижоктун музейинин жанында болот. Сары-Челекке келишкен туристтер, Женижоктун музейине келгендер окуйт, көрөт дедим. Ал таң калып, музейди Өкмөт салып жатабы?-деп сурады. Мен жок, биз өзүбүз, ашар ыкмасы менен салып жатабыз дедим.
Ал, — эмне үчүн Боспиекте эмес?- деп сурады. Мен Боспиекте ток, суу жок экенин, анан музейди карай турган адам болуш керектигин, андай мүмкүнчүлүк элде жок экенин айттым. Ошондуктан Женижоктун музейинин жанына куруп жатабыз. Женижоктун музейин караган адам карай берет, экинчиден жол бою ыңгайлуу десем, ойлонуп туруп туура кылыпсыңар деди. Анын үстүнө өлгөндөрдүн көбү, жарадар болгондор – Аксы окуясынын аягына чейин жүрүштөргө чыккандардын көпчүлүгү ошол Кара-Суу айылынан, музейди да ошолор куруп жатат дедим.
Сиз Президентке кирсеңиз айтып койбойсузбу, мүмкүн болсо Аксы окуясынын 10 жылдыгында 17-мартта Аксыга барып катышып берсин, музейдин ачылышына да барып катышып берсе жакшы болот эле дедим. Ошондон көп өтпөй Президенттин Аппарат башчысы Ж.Сатыбалдиев телефон чалып, Президетке жолугуп кетпейсизби?-деди, Мен макул болуп барып жолуктум. Жолугушууда музей жөнүндө айтып, эртеңден музейдин айланасына карагай, арча олтургузганы баратам, уруксат берсеңиз сиздин атыңыздан да бир карагай олтургузуп коелу, Аксылыктарды аябай колдогонсуз, дагы деле колдоп жүрөсүз десем, мага музей жөнүндө эч ким айткан жокко деди. Мен ага музей эмне үчүн курулуп жатканын айтып, ошол элдин каармандыгы, эрдиги өчүп калбасын деген ой, азырынча чакан музей ачып болгон документ, буюмдарды ошол жерге коюп коелу деп жатабыз. Документтер ар кайсы жерде жатат, эл билбейт, музейге топтоп койсок, бүгүн болбосо эртеңки муунга кызык болор, бул биздин тарых да, дедим.
Президент ойлонуп калды. Ага, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көпчүлүгү макул болушту, алардын атынан да карагай отургуза турган болдук- деп кошумчаладым. Музейди өзүңүз ачсаңыз жакшы болот эле, музей кичинекей, шашылыш, анча деле көрксүз салынганы менен, саясий салмагы чоң, келечектүү, сиз барып өзүңүз ачсаңыз андан бетер салмактуу болот десем, — “Ойлоноюн”-деди.
Марттын ондорунан кийин дагы чакырышты. Бул сапар Президент Жарлыктын долбоорун көрсөттү. Аксы окуясын тарыхта калтыруу, анда өлгөндөрдү эскерип жүрүү, ар жылы 17-мартта Аксы окуясынын күнү катары эскерүү, мектептерде окутуу жөнүндө экен. Ал кошумчаң болсо кош, Жантөрөгө айт деди. Ж.Сатыбалдиевге анча-мынча кошумча-алымчамы айттым. Президент: — “Даярдап келгиле, мен дароо кол коеюн”-деди. Эмнегедир көңүлү ачык, жайдары экен. Ушундай маанайда ак көңүл, ачык болуп каларын башынан билчүмүн. Указды даярдап келгиче ал: — “Досум, Каптагаев экөөңдөн башка бардык Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн иш менен камсыз кылдым. Апичеңдин арманы жок, резиденциядагы жашап жаткан Президенттин үйүн ага калтырдым, машина, жардамчысы менен айлыгы сакталып калды, кудаа кааласа эжең ыраазы эле болот ко, эми Эмил экөөңө жакында иш карап жатам”-деди. Мен Рахмат, дедим.
Ангыча Жантөрө Указды алып кирди. Экөөбүз тең окудук. Ал: — “Жагабы досум?”, деди. Ал кол коюп берип, печать басып дароо алып келгиле, бир экземплярын өзүм колум менен берейин деп жөнөттү. Айтканын кылды. Мен рахмат деп, ыраазылык билдирдим. Ал 17-мартта Аксыга бармак болду. (№ 14-тиркеме)
Ошондон кийин түндөп Аксыга барып, күнү-түнү иштеп, эптеп 17-мартка карата музейди бүтүрдүк. Президенттин Жарлыгы чыккандан кийин Бишкекте борбордук тарых музейинде Аксы окуясынын 10 жылдыгына арналган бир жумалык жарыяланды. Тарых музейинин кызматкерлери материал таппай мага чалышат, мен музейге коюла турган сүрөттөрдүн копиясын аларга бердим. Менин “Аксы окуясы — улут кайгысы” аттуу китебимди коюшту. Мына бийликтин күчү, эгерде Президент колдобосо, Жарлык чыгарбаса эч ким деле эстемек эмес, Боспиекте куран окуп, музейди ачып келе бермекпиз. Аксыда жүргөн мага эмне жардам керек деп жергиликтүү бийлик “ат тезегин кургатпай” келип турду. Музейдин ичине бир күндө свет киргизишти. “Бекназаров менен Атамбаев дагы деле “дос” окшойт, Президент өзү келет экен”-дешип шайлоо учурунда Атамбаев мени “эч бир бийликке жолотпойм”-деп айтканын уккан атка минерлер, айрым туугандарым, менден качып калган эле. Эми болсо Президенттин Жарлыгынан кийин анын Аксыга келерин угушуп, “Бекназаров дагы деле күчүндө экен, шайлоодо Атамбаев саясат кылып айтып койсо керек, Азикеге баралы, кабар алалы”-дешип чуркап калышты, ошондой сөз райондо дуулдап жатканын да айтышты.
Ичимен ошол “Азикелеп” калган чиновниктерди көрүп, ээ байкуш элим, ушундай эл башы, эл жакшыларың менен али көпкө чейин шорун бар го, деп аяп кеттим. 17-мартка бир жума калганда ушинтип абал өзгөрдү. Башкы уста Смаил кайним усталары менен уйкуну унутушту. Музейди 16-марттан 17сине караган түнкү 3тө таңга маал тазалап, жууп бүтүрдүк. Элге, айылдаштарыма рахмат, нөшөрлөп тынбай жааган жамгырга карабай, бири сырдаса, бири сүрөттөрдү илип, бири жууп-тазалап, көчөттөрдү отургузуп, актеп бүтүрүштү.
Арча-карагайлар мурда эле отургузулду эле, кошумча дагы отургуздук.

Жалпы Аксы элинин атынан, Президенттин, Отунбаеванын, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн атынан, Кочкор, Жети-Өгүз, Алай, Токтогул ж.б. райондордун атынан өкүлдөр келип отургузуп кетишти. Жалал-Абадэлектронун башчысы С.Авазов музейге ток киргизүү, монтаждоодо өзү башында туруп, өздөрүнүн атынан сосна дарагын отургузду. Азыр музейдин алды арча-карагайлуу аллея болуп калган. Түндө ИИМдин орун басары К.Асанов телефон чалып, “Президент Кербенге келе жатат, тосуп аласызбы?”-дегенинен, мен Курсан иним, музейди түнү менен өзүм башында туруп бүтүрбөсөм уят болом го, кечигип жатабыз, баралбай калам го, туура түшүнсун”-дедим.
Президент келип музейди ачты. Музейдин китепчесине биринчи болуп өз колу менен каалоосун жазды. Ошондо анча-мынча жергиликтүү ОБОНчуларды бирөөлөр күнүмдүк башка нерселерди айткыла деп күүлөп жатканын билип, Аксы окуясында командирлик кылып жүргөн азаматтар аларды үнү чыккыс кылып тынчытышты. Мындан кийин 17-мартта бийликтен ким келсе да Аксы окуясында өлгөндөрдүн туугандары, жарадар болгондордон башкалар күнүмдүк проблемадарды айтмай жок деп чечишиптир. Ошол тартип, эреже ушул күнгө чейин сакталып келүүдө. Канча жолу Атамбаев өзү, кээде Т.Сарпашев, А.Карашев, И.Илмияновдор келишсе эч ким башка маселе көтөрбөйт. Бул дагы Аксы элинин улуулугу болуп калды окшойт.

Музейди ачкандан кийин Президент баш болуп Боспиекке келдик. Ал жерде куран окутулуп, А.Атамбаев сөз сүйлөдү. Ошол Боспиекте сүйлөгөн Президенттин сөзү Атамбаевдин мен билген бардык жерде сүйлөгөн сөздөрүнүн алды болду окшойт.
Ал: -”17-марттагы Аксы окуясы, 24-марттагы март революциясы (2005-ж), 7-апрелдеги апрель революциясы (2010-ж.), 10-июндагы Улуттар аралык жаңжал (2010-ж) бул бир тизмектеги өз ара байланышы бар биздин тарых, биз эч качан бул окуяларды унутпай эстеп жүрүшүбүз керек. Бул тарыхты аксылыктар баштаган. Акаев, Бакиевдердин үй-бүлөлүк режимине каршы аксылыктар биринчи болуп чыккан, аксылыктар биринчи өлдү, мен Президент катары муну тарыхтан ордун татыктуу табуу үчүн аракет кылам. Биз кыргыздар жаңы тарыхыбызды өзүбүз так жазышыбыз керек, унутпашыбыз керек”-дегенде, жанында турган мен, — 1916-жылкы Үркүндү дагы десем, — “Ооба, Азике досум, 1916-жылкы Үркүндү да кошуп, тарыхты такташыбыз керек”-деген.
Кийин 2016-жылды “Тарых жана маданият жылы” деп жарыялап, Аксыга, Боспиекке өзү келип, 7-апрелдин жылдарын уюштуруп, 2015-жылы Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча атайын Жарлык чыгарып, ошондо Боспиекте айткан сөздөрүн ишке ашырууга аракет кылды, көбүн аткарды.
Ошондо Боспиекке Президенттен башка губернатор, райондун акими, Бишкектен Т.Тургуналиев, И.Масалиев, Жалал-Абаддан Аксы улуу жүрүштөрүнүн командирлери М.Усенов, Б.Асанов, А.Шакиров командасы менен, Аксылык активисттердин баары барышты. Аксынын 12 айыл өкмөтүнөн адамдар келишти. Бишкектеги жоро-жолдоштордон Болот (Карышкыр), чоң Болот, Акен, Каныбек, Авас, Чынгыз ж.б. курсташ, ини-достор келишип көчөттөрүн отургузуп кетишти.
Аллеянын башында “Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев отургузган”-деген көк карагайдын балатысын көрүп, Президент мага: — “Ушул жерге бул карагай өспөйт ко, отургузбай эле койсоң болмок экен”-деп мага акырын элге угузбай айтты. Азыр мына 4 жыл өттү. Ал көчөттөр адам бою болуп өсүп турат. Ошондо отургузулган арча-карагайларды жери цементтей катып калуучу кызыл чап жерде өстүрүп жаткан ошол жердеги Жеңижок, Аксы окуясы музейлеринин кызматкерлерине, музейдин директору Урмат Назаровго рахмат айталы, чын дилинен эмгектенип жатышат.
Президент музейди ачканы келгенде кадырлуу аксакал Кайып Кенжебаев элдин атынан сүйлөп, А.Атамбаевге бата берип, дуба кылды. Ал: — “Алмазбек балам, сен Кара-Суунун (биздин айыл) уулу эле болуп калдың, сага мен үчүнчү жолу бата берип жатам, сен Президент болосуң деп сен оппозицияда жүргөндө да бата бергем, эми Президент болдуң, элиңди кара, элиңе кызмат кыл деп бата берейин”-деп агайым бата берди эле.
Аксыдан Бишкекке келсем, Жантөрө Сатыбалдиев телефон чалып, — “Азике кандай ыраазысыңбы?”-деп сурады. Мен ага, Аксынын элинин атынан, өзүмдүн атыман Президент экөөңөргө терең ыраазылык билдирем, дедим. Дагы бир ирет аксылыктардын төбөсүн көтөрүп койдуңар! Президентке ыраазы экенимди айтып кой, ошондо Кербенге барганда анын куран окутуусуна катышып, ыраазылык айта албай калдым дедим. Ал, -“Жакшы болот”-деди.
План боюнча негизги элге музейдин жанында куран окутуп, чай бермекпиз. Ал эми Кербенде Президенттин атынан чакырылгандарга куран окутулуп, чай берилди. Мен Боспиекте көпчүлүк эл менен болоюн, деп Президентке айтып, Кыргызстандын туш тарабынан келген конокторду узатуу үчүн Боспиектен кайра Кара-Сууга кеттим. Бирок өзүм оңтойсуз абалда калып, жакшы болбой калганын сезип турдум, Президент атайын Аксынын элин, мени сыйлап келип жатса, убактым жетип тосуп баралбадым, куран окуткан жерге да кошо барып катышпадым, туура эмес болуп калды го, Президент таарынып кетти го деп, Жантөрөгө үстүртөн кыйытып айтып, Президент капа болбосун, кечирим сурайм дедим.
Боспиекте элди атканды тартып алган видеокамера, башка документтер баары ошол музейге коюлду. Боспиектеги окуяны ошондо эл тартып алган видеожазууну да эл видеодон койдуруп көрө ала турган шарт түздүк.
Аксы окуясы боюнча бардык күнөөкөрлөрдү эл каалагандай кылып дароо соттото албасак да 2010-жылы козголгон иштер менен 2016-жылы Аксы окуясы боюнча башкы күнөөкөр деп эсептелишкен К.Бакиев, Ч.Абышкаев, Б.Жанузаковдор соттолду. Бирок Абышкаев менен Жанузаков, — Кудайбергенов, Мамбеталиев ж.б. окшоп, жоопко тартуу мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жаза өтөөдөн бошотулду.
А.Атамбаев Президент болгондон кийин мурда сүйлөшүлгөндөй Ө.Бабанов Өкмөт башчысы болду. Эми Парламенттик көпчүлүк өзгөрүлүп, “Ата-Журтту” оппозицияга калтырышты. Менин Атамбаев менен Текебаевди жакшы билген адам катары жеке пикиримде “Ата-Журтту” талкалоо үчүн анын ичин бөлүп-жарууну, анын үч лидеринин — А.Келдибеков, К.Ташиев, С.Жапаровдун ортосуна ар тараптуу чок салуу саясаты да колго алынды. Атамбаев, Текебаевдерге 2010-жылдын күзүндөгү жеңилүү ызаларынын өчүн алуу керек болчу. Атамбаев биринчи аракетте Өкмөт түзө алабай калып, ыза болуп жүргөн. Текебаев спикер болбой калып Бакиевдерге жеке душман болгондой, эми Келдибековго жеке душман болуп калган эле.
Алар биринчи кезекте “Ата-Журтту” ичинен бузуп, сыртынан да элге жек көрсөтүү аракетин көрүп, ошол эле учурда Келдибековду спикерликтен кетирүүнүн айласын издеп жүрүштү. Ошол эле учурда “тил тапкыч” коалиция түзгөн Ө.Бабановдун да өсүп бараткан аброю буларды чоочутуп, Текебаев, Атамбаев да бийликтен аны кошо шыпырууну унутушкан жок. Менин оппозицяда жүрүп такшалган досторумдун алдында Акаев, Бакиевдин короосунда чоңоюшкан, өз алдынча саясий күрөш жүргүзүүгө көнбөгөн Бабанов, Ташиев, Келдибековдор “борпоңдук” кылышты. “Ата-Журтту” алсыратуу үчүн кандай гана жол менен болбосун Келдибеков менен Ташиевдин ортосунда ар түрдүү чагымчыл иштер ошол эле “Ата-Журт” партиясынын айрым мүчөлөрү аркылуу жүргүзүлүп жатты. Келдибеков, Ташиев экөө тең “жылдыз” ооруусу менен ооруп, анча-мынча моралдык-этикалык кемчиликтерге жол берип жүрүштү.

Ө.Бабанов Өкмөт башчы болгондон кийин өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерин өзүнүн бизнесин өркүндөткөндөй жол менен өркүндөтүүнү, азыркы заманбап технология, ыкмалар менен жаңыча аракеттерди жасай баштады. Бул жаңылык, көрүнүш табиятынан ичи тар менин досторума жаккан жок. Айрыкча Текебаевге Бабановдун аброю жогорулаганы жаккан жок. Келечекте Президент болуу тилеги өчө элек Текебаев кандай жол менен болбосун ушундайында Бабановду жайлап салууну көздөдү.
Бабановдун Өкмөтү 4 фракциядан түзүлүп, Өкмөттүн ичинде 4 Өкмөт, Бабановдон башка дагы коалициядагы фракциялардын лидерлери көмүскөдө өздөрүнө тиешелүү Өкмөт мүчөлөрүн башкарып жатканы жашыруун эмес болчу. 2012-жылы жайында Текебаев Атамбаев менен тымызын Бабановго каршы заговорго барышып, Бабановду кетирүүнүн жеңил-желпи жолу катары, Парламенттик көпчүлүктөн “Ата-Мекен” фракциясынын чыгып кетишин пайдаланышты.
Көпчүлүк коалициянын таркашы Өкмөттүн таркашыа алып келет. Менин жеке пикиримде, Текебаев, Атамбаевдин да талылуу жеринен кармагандай болду. Ал Бабановдун Өкмөттү башкарууда өз алдынчалыгы, Атамбаевге ал каалагандай моюн сунбаганы эле. Текебаев Атамбаевге ушул маселени айтып, “мага Бабанов кетсе болду, Өкмөттү өзүңүз каалагандай түзө бериңиз, каалаган адамыңызды Премьер-министр кылыңыз, мен колдоп берем”-деп айтып, аны көндүрдү окшойт. Атамбаев Өкмөттү, сотту, укук коргоо органдарын баарын өзү башкаргысы, Атамбаев ким экенин элге көрсөткүсү келип жүргөн. Ага Текебаевдин сунушундай “акыл” керек болчу.
Атамбаев: — “Жок дегенде депутаттар жайкы каникулдан келсин, Бабановдун формалдуу болсо да отчетун угуп коелу, анан чечели деп, Текебаевди токтотконго кудурети жетет эле, бирок ал аны кылбады. Текебаевди колдоду. Ага Ж.Сатыбалдиевдей Премьер керек болчу. Ошентип Текебаев Атамбаев тандеми Бабановду “башка чапты”. Коомчулукка бул жаккан жок. Себеби ушундай темп менен кете берсек, биринчи кезекте өлкө, эл жабыр тартат. Өкмөт түзүлүп жатканда жакшыбы, жаманбы Өкмөттүн программасын Жогорку Кенеш угат, жакса бекитет, бул деген Өкмөттү колдогондук деген болот. Анан эле айрым депутаттардын же фракция башчысынын, Президент менен жашыруун бүтүмгө келип, Өкмөттүн отчетун же кетирген кемчилигин программасынын ишке ашып жатканын же ашры албай жатканын Жогорку Кенеште угуп, талкуулабай, жең ичинен Бабановду кетиргендей кетире берсе ортодо элге, мамлекетке зыян болот. Парламенттик өлкөдө айрыкча Кыргызстанга окшоп жаңы эле Парламенттик башкаруу системасына кирген, Парламентте көпчүлүктү түзгөн бир саясий партиясы жок өлкө үчүн ар бир жаңы Өкмөттү түзүү бул кайрадан партиялар арасында бийлик бөлүштүрүү, кайрадан “соодалашуу”, кайрадан жаңы программа, жаңы Өкмөттүн курамын, түзүмүн аныктоо, өлкөдөгү саясий туруктуулукту бузуу болуп эсептелет. Мындан мамлекет, эл жабыркайт.

Мисалы, Атамбаев койгон акимдерин Бабанов алмаштырып бүтө элек болчу. Өз учурунда аким райондун чиновниктерин, айыл өкмөтүнө чейин алмаштырат, же КСДП партиясынан “Республика” партиясына киргизет, ушундай эле көрүнүштөр башка бийликтерде да болот. Мен өз сын-пикиримди дагы айтып чыктым. Айрымдар Бабановду “инисин” колдоп жатат деп мени сындагандар болду. Мен Бабановго эмес, Кыргызстанга, анын бийлик системасына боорум ооруп, анын бирөөлөрдүн шайтан оюндарынын кесепетинен алардын колундагы куурчакка айланып баратканына тынчсызданып өз пикиримди ачык билдирип жаткам.
Кийин мен айткандай болду. “Шайтан оюн” Бабанов менен чектелбеди. Өкмөттөр беш жолу алмашты. Анын ичинен Ж.Сатыбалдиев Атамбаевдин техникалык Өкмөтү болсо, Ж.Оторбаев Текебаев менен Атамбаевдин орток техникалык Өкмөтү болду. Бабанов менен Сариев тигилерге караганда өз алдынчалыгын көрсөтүшүп, бирок айрыкча Сариев Атамбаевден алыс кете алган жок.
Ал эми Конституция боюнча Премьер-министрди аныктап, анын программасына, Өкмөттүн курамын, түзүмүн бекитип, Өкмөттүн ишин контролдоп, отчетун угуп, иштей албаса кетирип, жакшы иштей тургандарын колдой турган Өкмөттүн кожоюну болчу Парламент 5 жыл ичинде бир жолу да өздөрү билип Өкмөт башчысын (Атамбаевди кошпогондо) аныктаган жок. Бир жолу да сен начар иштеп жатасың деп Өкмөт башчысын кетирген жок. Бир жолу да өздөрү бекиткен Өкмөттүн программасынын аткарылышынын отчетун уккан жок. Беш жыл ичинде Атамбаев эмне десе ошону кылып гана олтурушту.
Өлкөдө кайрадан Атамбаевдин авторитардык режими орноду. Акаев, Бакиевдердин үй-бүлөлүк, кландык режимдеринен айрымаланып Атамбаев өз авторитардык режимин үй-бүлө мүчөлөрүн аралаштырбай, Конституцияга өзгөртүүлөрдү референдум менен киргизбей, түздөн-түз өзү Конституцияны бузуу менен же КСДП партиясы же баягы эле А.Карашев, Ж.Оторбаев, Ж.Сатыбалдиев, Т.Сарпашев, Б.Таабалдиев, А.Сегизбаев, К.Кулматов, Ф.Ниязов, Ч.Турсунбеков, Асилбек жана Сооронбай Жээнбековдор окшогон өз позициясы жок аткаруучулардын колдору менен ишке ашырды. Атамбаев Бакиевге окшоп эле аны сындап, же туура эмес болуп жатат, Конституцияны бузуп жатасыңар деген мурдагы үзөнгүлөштөрүн душман ойлоп, Отунбаева, Исаков, Бекназаровдор ага “душман” болуп калдык. Отунбаева колун шилтеп, 6 жыл бою таптакыр аралашпай, “дарексиз” жоголуп кетсе, Исаков КСДПдан чыгууга аргасыз болду. Бекназаров көчөдөгү “эл бузар”, “журт бузар” аталып жүрдү.
И.Өмүркуловдун үстүнөн текшертүү башталып, акырында кылмыш иши козголду. Ал эми мен үмүт кылып ишенген Текебаев эски адатынча кээде оппозиция терисин кийип, сүйлөмүш болгону менен тымызын Атамбаевди колдоп, айрым Конституцияга каршы келген мыйзамдарды жазып берип, кайра Атамбаевдин авторитаризмге барышына жардам берип жүрдү. Ага Бабановду “кулаткандан” кийин Атамбаевдин жардамы менен “жеке душманы” болуп калган Келдибековду спикерликтен кулатуу үчүн Атамбаевдин жардамы керек эле.
Келдибековду спикерликтен кетирүү бул Жогорку Кенештин депутаттарынын жеке иши, аны кулатуу үчүн депутаттардын үчтөн экиси макул деп добуш бериши керек болчу. Ошондуктан Текебаевге Бабановго караганда Келдибековду кулатуу кыйын болду.
“Ата-Мекен” фракциясы тарабынан 2011-жылы бою Келдибековдун үстүнөн депутаттык иликтөө өткөрүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, иштеди. Текебаевге болгон менин да парламентаризмди өнүктүрүүгө авангард болот, кайра авторитаризмге кайтарууга жол бербейт деген үмүтүм үзүлө баштады. Ошентип мен да аны ачык сындоого өттүм.
Ал А.Келдибековдун ишинен кыйкым табуу учүн Эсептөө палатасына кайрылды, Парламентте нечен жолу сүйлөдү. Текебаев өзү атасымын деген Конституциянын бузулуп жатканы, өлкө кайра авторитаризмге баратканы, Кумтөр, Кыргызгаз, Камбар-Ата ГЭСтери коррупциялык схемалар менен иштеп же чет өлкөлөргө берилгени жаткан маселелер, светтин баасы көтөрүлүп, 7-апрель окуясы боюнча кылмыш иш 5 жыл бою аягына чыкпай, улутташтырылган обьектилер жең ичинан сатылып жатканы кызыктырган жок.
Акырында Текебаев өзү максатына жетти. Ага А.Келдибековдун өзүнүн саясаттагы чабалдыгы, “боец” эместиги жардам берди. Кезектеги Келдибековдун үстүнөн болгон депутаттык комиссиянын ишин Парламентте карап жатканда “соодалашууга” барып, же айрым кеңешчилеринин тилине кирип, 2012-жылдын декабрь айынын аягында өз ыктыяры менен Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетүү боюнча арызын жазып берди. Жогорку Кенеш ошого жараша токтом кабыл алды. Анын ордуна А.Жээнбеков төрага болуп шайланды. Ошентип Текебаев Атамбаевдин колдоосу менен “жеке душмандарын” Өкмөт башчылыгынан, Жогорку Кенештин төрагалыгынан кулатып, моралдык-саясий жактан жеңүүчү болсо, Атамбаев Текебаевдин колу менен бошотулган кызмат орундарына (Премьер-министр, спикер) өз айтканынан чыкпаган КСДПнын адамдарын коюп, өлкөнүн толук кандуу “кожоюнуна” айланды. 2012-жыл Атамбаев-Текебаев тандеминин жеңиши менен аяктады.

Кумтөр алтын кени – кайрадан саясат чордонунда
2012-жылдын 15-февралында 5-чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаттары Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан берки бардык Жогорку Кенештер текшерип, бирок аягына чыга албай койгон Кумтөр алтын кенин иликтөө боюнча атайын убактылуу депутаттык комиссияны №1642-V-токтому менен түзүштү. Комиссиянын төрагасы болуп “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров шайланды. Бул комиссия түзүлгөнгө чейин да Жогорку Кеңеш КСДП депутаты Э.Иманкожоеванын Кумтөр алтын кени боюнча иликтөөсүнүн билдирүүсүн уккан эле. Ал негизинен Кумтөр алтын кени иштетиле баштагандан бери Барскоон жана башка айылдарга тийип жаткан зыяндар жөнүндө болчу. Ал эми 15-февралдагы комиссияга Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан “Кумтөр Оперейтинг Компани” (Мындан ары КОК деп берилет) жабык акционердик коомунун (ЖАКтын) жаратылыш ресурстарын акыл-эстүү пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугун аяктоо, алтын казып алынуучу рудниктин иштеринин таасири тийген райондо калкты социалдык жактан коргоо, ошондой эле мамлекеттик контролду ишке ашыруунун абалы боюнча нормалардын жана талаптардын аткарылышын текшерүү жана иликтөө боюнча комиссия деп аталды.

Комиссиянын аталышынан эле комиссия эмне максатта түзүлгөнү түшүнүктүү болуп турат. Бул жерде КОКтун жогорудагы эсептелген маселелер боюнча кандай иштеп жатат же кандай иш чараларды көрүп жатат, ушуну текшерүү маселеси коюлган. Эгерде Жогорку Кеңеш КОКтун Кумтөр алтын кени боюнча иштешинин мыйзамдуулугу, түзүлгөн келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы канчалык денгээлде каралган, келишимдердеги “коррупциялык схемалардын” бар жогу, Кумтөр алтын кенин иштетүүдө Кыргызстанга келтирилген зыяндарды иликтөө деп аталганда укуктук жактан туура, акырында туура юридикалык тыянак чыгарууга да жеңил болмок.
Жогорку Кеңештин табиятын түшүнгөн адамга чу дегенде эле КОКтун ишинин кемчилигин табууну гана көздөгөн, КОК юридикалык жактан туура иштеп жатабы, эгерде туура эмес иштесе, ал кайсы документтер (келишимдер) менен бекитилген, туура эмес келишимдерге кимдер кол койгон, күнөөлүүлөр кимдер, Кыргызстанга келтирилген зыяндын өлчөмү канча, жана бул коррупциялык келишимден чыгуунун жолдору жөнүндө сөз болуш керек эле. Анткени, 1992-1994-жылдары Кумтөр алтын кени боюнча биринчи Өкмөт башчы И.Исанов, УКМКнын башчысы А.Бакаев “автокырсыкка учуратылган”, легендарлык Парламент таркатылган, Акаев, Танаев, Абилдаев ж.б. Кумтөрдүн акчаларына Россиянын “Газпромунун” акцияларын сатып алышкан, 2007-жылы Атамбаев, 2009-жылы Кумтөр алтын кени боюнча жаңы шарттар каралган макулдашууну Жогорку Кенештен өткөргөнү үчүн М.Бакиев, И.Чудинов, айрым депутаттар ж.б. ири суммадагы акчаларды алышкан деген расмий далилдер, документтер менен такталбаган имиштер эл арасында 1992-жылдан бери жашап келүүдө. Эмнеси болсо да Парламент 1992-жылдан берки кыргыз бийлигинин талуу жери болгон Кумтөр маселесине комиссия түзүп туура кылышты.
Комиссия толук кандуу иштөө үчүн көз карандысыз эксперттер тобун, жумушчу топторун жалдап иштетишти. Ошого эле “Кыргызалтындан” 150 миңдей АКШ долларын бөлдүртүштү. 2012-жылдын июнь айында комиссия өз ишин жыйынтыктап, Жогорку Кенеште отчет берди. Ага чейин “Ата-Журт” фракциясы парламенттик оппозиция катары аларды колдогон башка партиялар, саясий күчтөр, жеке саясатчылар менен Кыргызстандын түштүгүндөгү 3 областтын борборунда “Эл ишениминдеги Өкмөт түзүлсүн” деген талап менен миңдеген адамдар катышкан жыйындарды өткөрүштү. Ал жыйындарда негизинен А.Келдибеков, К.Ташиев, С.Жапаров, Б.Талгарбеков, А.Мадумаров, М.Мырзакматов, ж.б. сүйлөп Өкмөт башчысы Ө.Бабановго, айрымдары анын “энесине чейин асылып” сүйлөштү. Акциянын аталышы айтып тургандай, алар эптеп Өкмөткө аралашкысы келип, көпчүлүктүн коалициясына кирип, бизди мынча эл колдоп жатат деп көчөнүн күчү менен бийликке таасир эткилери келди. Бир Б.Талгарбековдон башкасы Президент А.Атамбаевге сөз тийгизбей, негизинен Бабановго “таш ыргытышты”. Бабановду миндеген элди көчөгө чыгарбай эле, Текебаев өзү эле жакында “оодарып” түшөрүн, ошондон кийин деле Өкмөткө кирбей, Бабановго кошулуп “көчөдө каларын” анда менин үкөлөрүм түшүнө элек болчу.
Кумтөр боюнча изилдөө жүргүзгөн комиссия өтө чоң обьемдуу иш жасады. Комиссиянын төрагасы С.Жапаров ага чейинки бардык депутаттык комиссиялардын отчетторун пайдаланганы, Кумтөр алтын кени боюнча бардык келишимдерди изилдегени, козголгон кылмыш иштер жөнүндө, Кыргызстанга келтирилип жаткан зыяндар, мөңгүлөрдүн ээрип жатканы, айтор ар тараптуу жакшы отчет берди. Депутаттык комиссиянын жакшы иштегени отчетунан көрүнүп турду.
Маселе депутаттарда жана Атамбаев башында турган реалдуу бийликте болчу. Ушул сапар Кумтөр алтын кени боюнча чекит коюлабы же жаңы бийлик мурдагылардын жолуна түшүп, коррупция деген балеенин торунан чыгалбай, чет элдик коммерсанттар тарабында болобу? Коомчулук ушуну күтүп турду. Парламентте абдан кызуу талкуу болду. Кумтөр алтын кенин Б.Бирштейн аркылуу чет элдиктерге берип койгон күнөөлүүлөрдүн аттары А.Акаевден тартып Санжар Айтматовго чейин, К.Бакиевден тартып А.Елисеевге чейин айтылды.
Көп күндүк талкуудан кийин 2012-жылдын 27-июнунда №2117 –V сандуу токтом кабыл алышты. Токтомдун 2-пункту менен Кыргыз Өкмөтү менен “Центерра Голд Инк” компаниясынын жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын ортосунда 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн инвестициялык келишимди, кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген ошол кездеги Кыргыз Өкмөтүнүн башчыларынын “коррупциялык кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн” деп таанылды. Токтомдун 3-пункту менен депутаттык комиссиянын отчетундагы көрсөтүлгөн маалыматтарды ар тараптуу, обьективдүү жана толук иликтөө максатында 2012-жылдын 10-июлуна чейин курамына Жогорку Кенештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан жана Өкмөт мүчөлөрү, көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн Мамлекеттик комиссия түзүү Кыргыз Өкмөтүнө тапшырылды.
4-пункт менен Өкмөт түзгөн Мамлекеттик комиссия 2012-жылдын 1-октябрына чейин эл аралык эксперттерди тартуу менен КОК ЖАКы тарабынан Кумтөр алтын кени чыккан жерге кетирген экологиялык, өндүрүштүк жана социалдык зыяндын баасын аныктоо, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча КОК ЖАКнын долбоордук-сметалык техникалык документтерин түзүүдөгү ишмердүүлүгүн изилдөө, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча башкаруу компанияларындагы кыргыз өкүлдөрүнүн сандык жана сапаттык курамын кайра карап чыгуу;
2012-жылдын 1-октябрына чейин экологиялык жана экономикалык кызыкчылыктарды коргоо максатында Кумтөр алтын кени боюнча Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Өкмөтү “Кыргызалтын” ААКу менен “Центерра Голд ИНК” компаниясы, КОК ЖАКы “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын ортосунда жаңы шарттарда түзүлгөн макулдашууну кайра карап чугуу; Ошондой эле укуктук-ченемдик актылардын:
— Кумтөр алтын кенинде жер участкаларын рекультивация кылуу жана экологиялык иш чараларга акча каражатын көбөйтүү;
— Кыргыз тараптын үлүшүн көбөйтүү жана товардык продукция менен бөлүштүрүүгө алмаштыруу;
— Кумтөр долбоору боюнча концессиялык жер аянттарын карап чыгуу;
— Салык режимин карап чыгуу;
— Кирешелерди бөлүштүрүүдө эл аралык стандарттарга ылайык формуланы карап чыгуу ж.б. каралды.
Ушул иштердин аткарылышы боюнча 2012-жылдын 1-ноябрына чейин Жогорку Кенешке отчет берүү да белгиленди.
5-пункт менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
— 2010-жылдын 25-мартындагы КР Өкмөтүнүн №168 токтому менен КОК ЖАКна жер участогу берилген токтомду жокко чыгаруу;
— 2009-жылдын 5-июнунда №356 Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен “Сары-Чат – Эрташ” мамлекеттик коругуна байланыштуу 1995-жылдын 10-мартындагы КР Өкмөтүнүн №76 токтомуна киргизилген өзгөртүүлөрдү жокко чыгаруу;
— “Кумтөр оперейтинг Компани” ЖАКы жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын Кыргыз Республикасына 1997-жылдан 2008-жылга чейинки төлөбөй келген 1359 млн. сомдук салык милдеттенмесин мыйзамсыз чыгарган (списание) КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №684-р токтомун жокко чыгаруу;
— 2003-жылдын 31-декабрындагы Кыргыз Өкмөтү менен КОК жана КГК ЖАКнун ортосундагы инвестициялык макулдашуусунан кыргыз тараптын чыгуусу боюнча чечимдин долбоору даярдалсын;
— Башкы прокуратуранын тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча макулдашууга тиешеси бар кыргыз тараптын тизмесин ММКда жарыялоо;
— Мыйзамсыз кошумча берилген “Коендуу”, “Үч-Көл” жер участоктору ж.б. лицензияларды жокко чыгаруу;
— Мамлекеттик комиссиянын ишин каржылоо ж.б. каралды.
Ал эми КР Президентине: 2009-жылдын 12-июнундагы УП №272 сандуу “Тоо-кен тармагын башкарууну реформалаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү” указын жокко чыгаруу;
Башкы прокуратурага:
— Депутаттык комиссия жарыялаган Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн макулдашуулардагы, башка документтердеги даталар боюнча атайын ведомстволор аралык тергөө тобун түзүп, тергөө иштерин жүргүзүүнү;
— Кумтөр алтын кени боюнча мурда козголгон, бардык жоголгон (өрттөлгөн) иштерди калыбына келтирип, тергөө иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Чындыгында, 1992-жылдан бери Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиялар, топтор же депутаттык иликтөөлдөрдүн (1993-1994), (2003-2004), (2006-2007), (2007-2008) эн көлөмдүүсү, эң жыйынтыктуусу С.Жапаров башында турган комиссиянын отчету болду деп ойлойм. Ага далил катары жогоруда мен атаган токтомдун чечимдери болот.
Эми маселе Мамлекеттик комиссиянын ишине байланыштуу болот. Мен Жогорку Кенештен башка радикалдуу чечимди күткөм. Депутаттар 1992-жылдан берки бардык макулдашууларды бир тараптуу жокко чыгарып, “Камекону”, “Центерра Голдду” кыргыз чиновниктери менен коррупциялык иш жүргүзгөнү үчүн эл аралык сотко берүү маселеси боюнча атайын мамлекеттик комиссия (же топту) түзөт ко деп ойлогом. Анткени 1992-жылдан берки бардык келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы каралбай, Президент А.Акаев менен Б.Бирштейндин түзгөн коррупциялык схемалары менен Кыргызстанга ушул күнгө чейин орду толгус экономикалык, экологиялык, социалдык, саясий-моралдык зыян болуп жатканы, чынын айтсак көчөдөгү жаш балага деле түшүнүктүү эле. Депутаттык комиссиянын тыянагы кыргыз коомчулугу үчүн жаңылык деле эмес, жаңылык алар чыгарган чечимде болмок.
Өздөрү чече турган маселени чечпей, Мамлекеттик комиссия түзүп, “футболит” эткени “Кумтөр боюнча маселе жакында чечилбейт окшойт” деген пикирди мага да жаратты. Ошол эле учурда Мамлекеттик комиссияга, Өкмөткө, Президентке, Башкы прокуратурага конкреттүү маселелер берилип, анын даталары коюлганы менин үмүтүмү биротоло өчүргөн жок.
Мамлекеттик комиссиянын башында Экономика министри Т.Сариев дайындалган Кыргыз Өкмөтүнүн №465 токтому 2012-жылдын 13-июлунда чыкты. Ушул эле токтом менен Парламенттик комиссиянын алдына Жогорку Кенештин 2012-жылдын 27-июнундагы №2117-V-токтомунда көрсөтүлгөн тапшырмаларды эл аралык экспертизалардын корутундусун эске алуу менен иштеп чыгуу, аткарылган иштер боюнча 2012-жылдын 1-октябрына чейин КР Өкмөтүнө, 1-ноябрга чейин Жогорку Кенешке маалымат берүүнү тапшырды.
Өкмөт башчысы Ө.Бабанов КГК ЖАКна кошумча жер участогу берилген экс-Премьер-министр Д.Усеновдун 2010-жылдын 25-мартындагы №168 токтомун да 2012-жылдын 5-июнунда дароо жокко чыгарды. Бул кадамдары менен табиятынан “шамдагай” Өмүрбек иним Кумтөр маселесинде өзүнүн бекем көз карашы, пикири бар экенин, ал депутаттык комиссиянын тыянагына шайкеш келерин далилдеди. Мен анын алгачкы ушундай кадамдарын колдоп, ага телефон чалып, колдоо көрсөттүм. Бирок, атаңдын көрү дүнүйө… жогоруда жазылгандай, Өмүрбек инимди экинчи бир Өмүрбек үкөм күзгө жеткирбей отчетун да, акыркы сөзүн айттырбай “жыга чаап” салды.
Мамлекеттик комиссиянын негизги аткара турган иши Жогорку Кенештин токтому менен аныкталып калгандыктан ар бир алардын алдына коюлган тапшырмалар боюнча төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарышты:
“4.1. Юридикалык бөлүк боюнча:
1992-1994-жылдардагы Макулдашуулар (Т.Чынгышев, Д.Сарыгулов, А.Жумагуловдор кол коюшкан) “КР Өкмөтү жөнүндөгү” мыйзам боюнча Өкмөттү КР Президенти жетектеген, бирок 1992-ж. Башкы келишимге Премьер-министр кол койгон;
— “КР Кен-байлыктар жөнүндөгү” мыйзамды бузуу менен, экспертизанын жыйынтыгын күтпөй 1994-жылы май айында атайын токтом менен КР Өкмөтү ТЭНди (техникалык-экономикалык негиздемелер) бекитип, курулуш-монтаждоо жана алгачкы даярдык иштерди техникалык долбоору жок баштаганга уруксат берген; Зыян 175,6 млн. АКШ долларын түзөт.
— “КР Акционердик коому жөнүндөгү” мыйзамды бузуп КОК ЖАКнын жогорку орган болгон акционерлердин жыйынын (кыргыз тарабы 2/3 түзгөн) өткөрбөй аны “Камеконун” аткаруу комитети менен алмаштырган;
— Камеко КР жарандарынан кадрларды окутуу аларды жогорку кызматтарда пайдалануу милдеттерин аткарган эмес;
— Кыргыз Өкмөтү “Концессия жана чет элдик концессиялык ишканалар жөнүндөгү” мыйзамдын 10-ст. одоно бузуп Кумтөрдү концессияга берүүдө конкурс өткөргөн эмес;
— Кумтөр алтын кенин чалгындоо иштерине жумшалуучу 30 млн. АКШ доллары макулдашууга мыйзамсыз түрдө концессиялык төлөм катары киргизилген.
2003-2004-ж. Макулдашуу боюнча:
(Н.Танаев, К.Кудайбергенов кол койгон)
Бул келишим Кыргызстан үчүн эн пайдасыз, зыяндуу келишим болгон. Кайра түзүмдөштүрүү (реструктуризация) макулдашуусу менен Кыргызстан өзүнүн КГК ЖАКдагы 67% акциясын Центерранын 33% акциясына алмаштырып иш жүзүндө Кумтөр долбоору боюнча башкаруу укугун чектеп алган.
— Макулдашуулар Жогорку Кенештин МЧЖнын 2003-ж. 20.06. № 1232; 2004-ж. 25.06. З №1694-11; 2005-ж. 20.01. З №1906-11 сандуу токтомдоруна карама-каршы, аны аткарбай кол коюлган;
— Макулдашууда “Камеко” “Центеррага” укук жана жеңилдиктерди гана берип, Кыргыз Өкмөтү “Камекону” 1992-жылкы башка макулдашууда көрсөтүлгөн ачык карьераларды калыбына келтирүү милдеттенмелеринен тартып бардык милдеттерден бошоткон.
2009-жылкы макулдашуу:
(Кол койгондор И.Чудинов, А.Жакыпов, расмий сүйлөшүүлөрдү А.Елисеев, расмий эмес, бирок реалдуу сүйлөшүүнү Максим Бакиев жүргүзгөн).
— Бул макулдашууну “КР Эл аралык келишимдер жөнүндөгү” мыйзамды бузуу менен Жогорку Кенеш ратификация кылган, себеби, Кумтөр алтын кени боюнча макулдашуу эл аралык келишимге кирбейт.
Ратификация – макулдашууда көрсөтүлгөн гана милдеттенмелерден башка КР мыйзамдарында бекитилген салык, төлөмдөрдү башка милдеттенмелерди аткарбоо максатында гана “Центерранын” кызыкчылыгы үчүн ратификация болгон.
— КР Конституциясын одоно бузуп (атуулдар, юридикалык жактар мыйзам алдында бирдей) Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоордук компанияларды салыктан бошотуу максатында салык кодексинин 3-ст. өзгөртүүлөр киргизилген;
— Бул ратификация мыйзамын Конституцияга ылайыктуулугу маселеси чыкпашы үчүн, алдын ала депутат М.Исанованын колу менен Конституциялык сотко кайрылуу жиберип, чечим чыгарткан;
— 2009-жылкы макулдашуу Конституция КР Президентинин, Жогорку Кенештин жана КР Өкмөтүнүн конституциялык ыйгарым укугун чектеген б.а. алар бул макулдашууга тиешеси бар эч кандай чечим, аракеттерди жасабастыгы бекитилген.
Тоо кен жана экология боюнча:
1. Алтын өндүрүү боюнча комплексти курууда 176 млн. долларында ашыкча чыгым болгон;
2. 2012-жылы июль айына чейин КОК №1 жана №2 “наклонник съездерди” курууда 170, 1 млн. доллар акча коротуп, жер түбүнө кирип казуу иштерине киришүүнү токтоткон, анын ордуна карьердик түштүк-батыш участогундагы Сары-Төр муз-мөңгүсүн кесүүнү баштаган;
— Калдыктарды эрежеге ылайык жашыруунун ордуна мөңгүлөрдүн үстүнө төгүп, жыйынтыгында Давыдов мөңгүсү жарылып, алтын өндүрүү, калдыктарды бир жерден экинчи жерге которуу чыгымдары көбөйгөн;
— Өндүрүштүк калдыктар, өндүрүштүк суулардын калдык-саркындылары Кумтөр-Нарын суусунун жогорку бассейнинде булгануунун эң жогорку коркунучунда – бул орду толгус суу ресурстарына зыян келтириши мүмкүн;
— Калдыктардан аккан саркындылар, уулуу заттар Нарын дарыясына кошулуу коркунучу реалдуу;
— Эгерде кен чыккан жерди (рудникти) жапса, же жабылса калдыктардын көлөмү 1,7 млрд. тоннаны түзөт;
— КОК ТЭНде каралган сууну кайра иштетүү, кайра камсыз кылуу системасын жүргүзбөгөн;
— Калдыктарды жайгаштыруу жайдын ремонтуна эле 43 млн. АКШ долларын короткон, жаңы хвостохранилища 60-70 млн. АКШ долларын түзөт;
— Петров көлү жарылышы мүмкүн. Эгер Петров көлү жарылса хвостохранилищаны талкалап, андагы сакталган цианид Нарын дарыясына куйулуу коркунучу бар. Петров көлүн бекемдөө иши жүргүзүлгөн эмес.
— КОК Петров көлүнөн өндүрүштүн жана турумуш-тиричиликке эч кандай төлөмсүз суу пайдаланат;
— Кумтөрдүн айланасындагы Кызыл китепке түшкөн өсүмдүктөр, жаныбарлар азайган.
— Социалдык-экономикалык маселелер боюнча:
— 2003-2004 жылкы Кыргыз Өкмөтүнүн келишиминен кийин Кыргыз Өкмөтү өзүнүн 7,5 млн. акциясын саткандан кийин “Центеррадагы” үлүшү 15,66% чейин азайган. Мамлекеттик комиссия муну: “…весь процесс согласований не может, не рассматриваться как без влияния высщих должностных лиц КР, включая руководства Кыргызстана и вовлеченности в коррупцию”-деп атаган.
Ал эми 2009-жылдагы жаңы шарттардагы келишим менен, 2003-2004 жж. келишимдерге караганда Кыргызстан абалын 15,66% тен 32, 75% көтөрүп жакшыртканы менен, “Центерра” буга 2009-жылдагы келишим менен кошумча 16,3 миң га. жана 40,43тн. Борбордук участкадан өндүрүүнүн эсебинен болгон. Премьер-министр Д.Усенов Коендуу жана Кара-Сай участкаларынан 16,3 га концессиялык участкаларды берген.
Мамлекеттик комиссия ишин аяктап 2009-жылдын 24-апрелиндеги макулдашуу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы, КР Президентинин, Жогорку Кенешинин, Өкмөтүнүн конституциялык укуктарын чектеген макулдашуу катары баалап:
Кыргыз Өкмөтүнө:
1. “Центерра Голд Инк” компаниясы менен Кумтөр долбоору боюнча 2009-ж. макулдашууну бузуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
2. Мамлекеттик комиссиянын отчету Жогорку Кенеште каралган күндөн 3 айдан кийин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы келишим түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, мында:
— Айлана-чөйрөнү булгаганы боюнча 310 миң АКШ долларындагы ар жылдык төлөмдү КР мыйзамдарына ылайык, кайра эсептөө менен көтөрүү;
— Рекультивация иштерин жүргүзүү боюнча КГКны милдеттендирүү;
— КР мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө өтүү;
— КР мыйзамдарына ылайык бардык төлөмдөрдү төлөө; ж.б. сунуштарды берип, эгерде Центерра менен мындай макулдашууга жетише албаса, анда КР Өкмөтүнө мындай сунуштарды берди:
1. 2009-жылдын 30-апрелиндеги жаңы шарттардагы макулдашууну ратификация кылуу жөнүндөгү мыйзамды күчүн жоготту деп табуу;
2. Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилген 2009-ж. 30.04 №143 жана 2009-ж. 29.05.№175 мыйзамдарды күчүн жоготту деп табуу;
3. 2009-ж. 6-июндагы кайра каралган инвестициялык, концессиялык келишимдерди бузуу;
4. Кумтөр долбоору боюнча башка келишимдерди бузуу;
5. Бабанов 2012-ж. 5-июлунда кол койгон токтом менен жокко чыгарылган, 2010-ж. 25.03. Д.Усенов кол койгон токтом менен берилген жер участогун алуу боюнча сотко кайрылуу.
Башкы прокуратурага:
1. Кумтөр долбоорун ишке ашырууда Кыргызстанга келтирилген орду толгус зыяндарга жол бергени үчүн: А.Акаевдин, К.Бакиевдин, Т.Чынгышевдин, Д.Сарыгуловдун, А.Жумагуловдун, Б.Силаевдин, К.Кудайбергеновдун, А.Джакыповдун, Н.Танаевдин, И.Чудиновдун, Д.Усеновдун, А.Елисеевдин, Максим Бакиевдин, К.Курманалиевдин ж.б. тиешеси бар кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү жана жоопко тартуу;
2. Оффщордук компания “Эккердке” которулган 4 жана 11 млн. АКШ доллары;
3. Мөңгү үстүнө калдыктарды жайгаштыргандыгы боюнча;
4. Айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткарбаганы үчүн КГК менен КОКтун жетекчилеринин аракеттерине юридикалык баа берип, жоопко тартуу тапшырылды;
Мамлекеттик комиссия депутаттык комиссия тапшырган айрым негизги маселелерге “көзүн жумуп” жооп бербеди. Мисалы:
— Алынган кирешени (пайданы) эмес, өндүрүрлгөн товарды бөлүштүрүү маселеси;
— 2007-жылкы Атамбаев кол койгон жаңы шарттардагы макулдашууга;
— Д.Усенов “списать” эткен 1 млрд. 359 млн. сом салыкты кайра төлөтүү маселеси, жана башка маселелерге;
— Мамлекеттик, депутаттык комиссиялардын тыянактары, бири-бирине берген тапшырма, сунуш түрүндө ушул күнгө чейин Жогорку Кенеш менен Өкмөттүн ортосунда “футболдонуп” жүрөт.
Өкмөт башчылары Ж.Сатыбалдиев, Ж.Оторбаевдер маал-маалы менен иштеп жаткан түр көрсөтүшүп, эптеп-септеп бир варианттарды “токуп” Жогорку Кенешке отчет беримиш болуп жүрдү.
Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Т.Сариев жок дегенде өзү Өкмөткө берген сунуштарын өзү Өкмөт башчы болгондо аткарууга аракет да кылган жок. Ал Балыкчы-Чолпон-Ата, Бишкек-Манас аэропорту, Аксыдагы Унгар-Тоо маселелери боюнча “жол саткыч, жер саткыч статусу менен” “крайный” болуп Өкмөттөн кетти.
Башкы прокуратура депутаттык жана Мамлекеттик комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча К.Осмонов, Н.Алымбаев, Т.Акматалиев, Б.Абилдаев ж.б. сурак кылынымыш болуп, силер “завизировать” этипсиңер деп күнөөлөнүп, бирок жоопко тартуу “мөөнөтү эскириптир” деп кылмыш иштерди жапты. Ошол эле учурда башкы күнөөкөрлөр А.Акаев, К.Бакиев, Н.Танаев, Б.Силаев, И.Чудинов, Д.Усенов, А.Жумагулов, Т.Чынгышев ж.б. Москвада, Минскиде, Бишкекте эле интервьюларды берип жүрүшөт, алар боюнча “дым-дым”. 2016-жылдын жазында “мамлекеттик төңкөрүш жасаганы жатат” деген шылтоо менен Д.Сарыгулов айыпталып, ага кошуп Хоменьюктун арызын кошумча алып Кумтөр боюнча да жоопко тартылды да камакка алынды.
Ошол эле учурда “Сарыгуловго акча бергем” деген Хоменьюкка тийишкен жок. Кайрадан мыйзамдар тандалуу, кош стандарттуу, максаттуу колдонулду. Эмне үчүн Хоменьюк кармалбады деген суроо туулат. Ал 2005-жылкы март революциясынан кийин Бекназаров Башкы прокурор кезинде Кумтөр долбоору боюнча козголгон кылмыш иште (2005-ж.21-апрель) Н.Танаев, А.Сарыгулов, К.Нанаев, Б.Бирштейн, А.Акаев сыяктуу эле шектүү адам эмес беле? Депутаттык комиссиянын отчетунда бул кылмыш иштер жөнүндө айтылып, Жогорку Кенештин токтомунда “мурда козголгон, жоголгон кылмыш иштер калыбына келтирилсин”-деп турат, анда эмне үчүн жалгыз Д.Сарыгулов камалышы керек? Хоменьюктун өзүнүн мыйзамсыз жоруктары депутаттык комиссиянын отчетторунда так жазылган, эми Д.Сарыгуловдун үстүнөн арыз жазган фактынын өзү кыргыз бийлигин Кумтөр долбоорун түзүүдө, иштетүүдө коррупциялык элементтердин бардыгын далилдөөчү факты катары эл аралык сотко кайрылууга жетиштүү далил болот.
Бирок кыргыз эли бекеринен алтынды “ал”, “тын” алсаң, анан тынасың деген эмес. Илгертен алтын, банги зат, алкоголь менен байыган кишилер аягында “тынышып” же ызы-чуу өз ара разборкалар менен бүткөнүн окуп, көрүп, угуп жүрбөйбүзбү. Биз бала кезде өзбектер айткандай, “Маккенбайдын дилделери” деген кинону көрүп чоңойгон элек. Алтын талашкандар өзүн-өзү өлтүрүп, кырып, же жаратылыштын каардуу жазасына кабылып, жер, таш көчкүлөрдүн алдында алтындары менен калышкан, андан башка нечендеген кинолорду, чыгармаларды көргөнбүз, окуганбыз.
Алыс кетпей, эгемен кыргыз мамлекетинин 25 жылдык тарыхын изилдеп, терең ойлонуп олтурсам Кумтөр алтын кени да кыргыз мамлекетинин, анын саясатынын, кылмышынын, тополондорунун, куугунтуктоолорунун, Жогорку Кенештин, Өкмөттүн таркатылышынын, Президенттеринин качышынын, айрым адамдардын майып болушунун айрым депутат-саясатчылардын камалышынын башкы себептери экен.
Мисалы, Кумтөр алтын кени быйыл 24 жылдан бери (2016) Кыргызстанда бекем орноп калган коррупциянын туу чокусу:
— Качып жүргөн экс-президенттер А.Акаев, К.Бакиев экөө тең ага аралашканы;
— Өкмөт башчылары Т.Чынгышев, А.Жумагулов, Н.Танаев, А.Муралиев, А.Атамбаев, И.Чудинов, Д.Усеновдор кайсы бир денгээлдерде Кумтөр долбоорлору боюнча макулдашууларга кол коюшканы;
— Н.Исанов, А.Бакаевдер Кумтөр боюнча бийликтин саясатына каршы болгону үчүн “автокырсыкка дуушар болушкан” деген эл арасында каңшаар;
— 1995-жылдын 10-октябрында Кумтөрдөн Бишкекке вертолет менен учуп келе жаткан 12 пасажир 3 экипажы менен авария болуп өлүшү; 25.04.2006-ж. кайрадан авариядан бир адам өлгөнү;
— Д.Сарыгулов, К.Кудайбергенов, А.Джакыпов, К.Курманалиевдер “Кыргызалтындын” жетекчилери катары күнөөлүү деп, ар кандай комиссиялар тарабынан аныкталганы;
— Максим Бакиев, А.Елисеев, 4-чакырылыштагы Жогорку Кенештин “Ак Жол” фракциясынын, коммунисттер партиясынын депутаттары (Б.Акуновдон башкасы), КСДПнын Асылбек Жээнбеков, К.Кадыровго окшогон “Ак Жолчуларды” колдогон депутаттары 2009-жылы макулдашууну “Центерра Голд Инк” эмне десе ошондой кылып, мыйзам түрүндө бекитип, милдеттенме, салыктардан бошотуп, аны эч ким (Президент, Жогорку Кенеш, Өкмөт, сот) буза албай турган кылып, Конституциялык соттун чечими менен бекемдеп бергени;
— Кумтөр маселеси боюнча “Алтын комиссиясын түзүп” ошонун натыйжасында легендарлуу Парламенттин таркатылышы, “Алтын комиссиясынын” сатылбаган айрым Р.Дырылдаевге окшогон депутаттарынын куугунтукталып чет элге качышы;
— 1998-ж. май айында машинанын авариясынан Барскоон суусуна цианид төгүлүп, ага ууланган Барскоон элинин сабалып, токмоктолуп камалышы, басылышы;
— 1999-ж. январь айында Б.Силаевдин цианид төгүлүү боюнча зыянды Кыргыз Өкмөтү төлөйт деп кол коюшу;
— К.Бөкөнбаевдин Барскоондо көлдө чабак урушу; 2002-ж. 8.07. Кумтөр шахтасында авария болуп бир адам өлүшү;
— Кумтөр маселесин көтөрүшкөн К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдун камалышы, анан депутаттык мандаттарынын айрылышы;
— Саруулук бир нече жигиттердин Кумтөр үчүн камалышы;
— Кумтөр маселесине “күйүп-бышып” жаткан 5-чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаттары С.Жапаров, К.Ташиев, Т.Мамытовдор соттолгондон кийин 5 жыл бою үнү өчүп жок дегенде өз чечимдерин ишке ашырбай тынч олтурушу;
— Кумтөр маселеси “жасалма түрдө” Жогорку Кенеш менен Өкмөттүн ортосунда “футбол тобуна” айланып жүргөнү;
— Жогорку Кенештин “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылынын демилгеси менен КР Конституциясынын 79-б.1-п. ылайык элдик демилге тартибинде даярдалган 16 миң шайлоочунун Кумтөр алтын кени боюнча келишимди денонсация кылуу боюнча мыйзамынын каралбаганы;
— “Эл үнү” кыймылы ишенген “Ата-Мекен” фракциясынын элдик демилгени колдобой койгону;
— 2016-жылы күтүлбөгөн жерден Хоменьюктун Д.Сарыгуловдун үстүнөн арыз жазып бергени;
— 6-чакырылыштын депутаттарынын “Кумтөр маселесиндеги кылмыш кылды деп шектенген адамдарга карата жазалоонун эскирүү мөөнөтү алынсын” деген популисттик мыйзам долбоору; Эгерде бул долбоор өтсө 4-чакырылыштагы ратификацияга макул деп добуш бергендер, 5-чакырылыштагы 5 жыл бою саясий чайкоочулук кылышып өздөрү чече турган маселени чечпей, “Центеррага” 5 жыл бою ондогон тонна алтынды ташып чыгууга жол берген депутаттар да “колго, торго” түшүшү мүмкүн. Анткени алар буга билип туруп жол беришти.
— Эки элдик революциянын (2005-ж. март, 2010-ж. апрель) башкы талабы Кумтөрдү элге кайтаруу — эки революциядан кийинки бийлик тарабынан аткарылбаганы ж.б. окуя, фактылар “Кумтөр алтын кени” алдыда дагы Кыргызстанда канчалаган саясий окуялардын булагы болору шексиз.
Ага бир эле депутаттардын, Өкмөттүн ортосунда чечилбей жүргөн Кумтөр маселесинин өзү эле эмес, күндөн-күнгө эл арасында, ар кандай ММКда, интернет сайттарда Кыргызстанга таандык дайынсыз жоголгон 20-30% акцияларга кимдер ээ, эмне үчүн Кумтөр алтын кени депутаттык комиссиялар, Жогорку Кенеш, ал түгүл мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлү, анын ичинен Президенттин Аппаратынан өкүлдөр катышып, мамлекеттин атынан Кумтөр долбоору башынан бери Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн эмес, коррупциялык схемалар менен 3-4 чиновниктин жана чет элдиктердин кызыкчылыгы үчүн иштетилип жатканын, ага эки Президент (Акаев, Бакиев) нечендеген Премьер-министрлердин катыштыгы бар деп аныкталса да Кыргызстанга келтирилип жаткан зыяндар ондогон миллиарддаган АКШ долларына жетип, эми экологиялык чоң кырсыкка дуушар болушубуз мүмкүн экени айтылса Атамбаев башында турган бийлик бул мыйзамсыз алтын казууну токтотуп, экологиялык катастрофанын алдын алуунун ордуна “футбол” оюну ойнотулуп жатканы да негиз болчудай.
Мындан сырткары Кумтөр маселесинде депутаттык комиссия, Мамлекеттик комиссия айтпаган же толук чыгарбаган фактыларды көз карандысыз эксперттер, адистер айтып жүрүшкөн факторлор буга таасирин тийгизбей койбойт. Мисалы, депутаттык жана мамлекеттик комиссияларда эксперт катары катышкан Кутманова Динаранын отчету боюнча депутаттык жана мамлекеттик комиссиялардын тыянактары бул болгону КОК ЖАКнын комиссия мүчөлөрүнө же эксперттерге берген документтердин гана алкагында чыгарылган. А, чындыгында абал андан үч эсе, а мүмкүн 5-10 эсе жаман.
Ал Кумтөр долбоору боюнча иштеген чет элдик компаниялардын Кыргызстандын айлана-чөйрөсүнө, суу ресурстарына келтирген зыяндары боюнча ата-мекендик жана эл аралык мыйзам актылардын негизинде, дүйнөлүк стандарттагы эрежелер, методдор менен эсептеп мындай тыянак чыгарган:
— Кыргызстандын биринчи Президенти А.Акаевдин колдоосу менен КОК биринчи эле күндөн тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу менен ТЭНдин долбоорлорунан чыгып, өз билгениндей курулуштарды куруп, айлана-чөйрөнү талкалай баштаганы;
— КОК жана Центерра тарабынан чакырылып өткөрүлгөн көптөгөн экспертизалар, алардын корутундулары чындыкты жашырып, КОК менен Центерра каалагандай чыгарылып турганы;
— КОК өзүнүн эле берген документтердеги маалыматы боюнча иш баштаган күндөн 2012-жылдын октябрь айына чейин 77,9 млн. куб мөңгүнү алышканы (жок кылганы) бул деген 60 млрд. литр таза суунун жок болгондугу экени; Эгерде 1 литр сууну 1 сом деп эсептесек, 60 млрд сомдук суу жок болгонуна барабар;
— Кыргызстанда бардык адамдар, ишканалар суу пайдаланганы үчүн акы төлөйт (Бишкекте 1 куб суу учун 7 сом төлөйт). КОК ушул күнгө чейин пайдаланган суу үчүн бир тыйын да төлөбөйт. КОКтун өзүнүн берген маалыматы боюнча бир жылда 6 млн. куб м. суу пайдаланылат. КОК Кыргызстанда иштей баштаган күндөн бери 90 млн. куб м. суу пайдаланган. 1 литр сууну 1 сом деп бааласак КОК 1,9 млрд сомдук сууну бекер пайдаланган болот. Андан бери канча суу пайдаланды?!
Айлана-чөйрөгө келтирүүчү зыяндын түрлөрүнө Д.Кутманова:
— Айлана-чөйрөнү 11 түрдүү калдыктарды жайгаштыруу, булганган заттарды, калдыктарды топтоп коюу же таштап салуу, анын ичинде эки түрдүү жараксыз пародаларды таштоонун зыяны 1 млрд АКШ долларынан ашса, ал эми жогоруда айтылгандай суу ресурсу 3,2 млрд АКШ доллары, баары биригип 4,2 млрд АКШ долларындагы зыян келтирилген. Бул КОКтун берген документтери боюнча чыгарылган эсеп, а чындыгында андан да көп.
Ошондо 1996-2012-жылдар аралыгында 4,8 млрд АКШ долларындагы алтынды КОК сатып, анын 1,8 млрд АКШ долларын Кыргызстанга төлөгөн, анын 44,1 миллионун дивиденд катары. Эми зыян менен өндүрүлгөн алтындын акчасынын айрымасын эсептеп көргүлөчү? Бизге болсо экология үчүн жыл сайын 310 миң доллар гана төлөйт.
— КОК калдыктарды (отходдорду) жайгаштыруу үчүн Кыргызстанга бир тыйын да төлөбөйт.
— Абаны булгаганы, булганган, ууланган таштандылар калдыктарын жайгаштырганы үчүн да эч нерсе төлөбөйт. Эл аралык стандарт, эрежелер боюнча төлөөгө милдеттүү дейт Д.Кутманова.
Кыргыз Өкмөтү тарабынан жалданган дагы бир Ю.Мушкаттын юридикалык компаниясы (мындан ары Мушкат) Барлевдин командасы менен (бухгалтерлер) биргелешип КОКтон көп документ сураган, бирок, “2010-жыылдын апрель революциясында күйүп кетти”-деген шылтоо менен суратылган документтердин көбү берилбеген. Ага карабай эл аралык көз карандысыз Мушкаттын юридикалык компаниясы Барлевдин тобу Кумтөр долбоору боюнча өздөрүнүн юридикалык, бухгалтериялык, корутундусун чыгарган, анын айрымдарын окурмандарга сунуш кылайын:
1. Пара берүүгө (Коррупцияга) шек катары бир нече төлөмдөрдү эсептеген, ага:
2002-жылы сентябрь айында “Камеко Голд Инк” компаниясы Кыргызстанга келечектеги салыктар (налоговой аванс) үчүн 4 млн АКШ долларын которгон; 2003-жылдын 11-июнунда Камеконун директору Хоменьюк 4 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү акчаны Кыргыз Республикасынын карызы “келечектеги салык” (налоговой аванс) катары каралат деп жарыялап бирок, 2003-жылдын 5-июлундагы “Кыргызалтын” менен “Эккердтя” түзгөн келишимде: “Кыргызалтын представляет Эккерд принимает от своего имени долг бюджета КР в размере 4 миллионов”-деп ал акчаны адалдаштырат. 2003-2004-жылкы реструктуризация боюнча келишимдер бүткөндөн кийин Кыргызалтын карызды кайра өз мойнуна алган, мурда карыз бар деп эч жерде айтылбаган;
2. Экинчи шектүү төлөм 11 млн АКШ доллары. Бул акча 2003-2004-жылдары Центерра тарабынан Кыргызалтынга Центерранын кошумча үлүшүн сатып алышыңар мүмкүн деп берилген. 2004-жылы үлүштү сатып алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин 11 млн АКШ доллары үчүнчү мамлекет Латвияга, баягы Эккердке камсыздандыруу төлөмү катары которулган;
3. Үчүнчү шектүү төлөм, бул 7,5 млн Кыргызстандын акциясын Центерра Кыргызалтындан экинчи жолу сатып алышы үчүн болгон төлөм. Кыргызалтын формалдуу өз акциясынын баасын 80 млн доллардан 95 млн долларга чейин көбөйткөн, бирок бул акчанын кайда экенин, кайда жумшалганын эч ким билбейт. Кыргызалтындын эсебинде жок!
4. Коррупциялык схема – 1992-жылы 4-декабрда тендерсиз өткөрүлүп түзүлгөн Башкы макулдашуудан башталат.
— Кумтөр долбооруна Камеко тендерсиз ээ болгон;
— Камеко алтындан башка Кумтөрдөн чыккан күмүш, теллур, сульфат, вольфрамга ээ болот;
— Кумтөр алтын кенин иштетүү үчүн Исполком түзүлөт, ал өндүрүш башталган биринчи 10 жыл ичинде башкаруучу болот. Исполкомго КГК, ЗКК жана Кыргызалтындын өкүлдөрү кирмек, бирок санын Камеко аныктаган; Аларга КОК 50 млн доллардын 5% айлык кылып төлөө каралган;
— Камеко КГК, КОК, ЗКК 5 жыл бою бардык салыктан бошотулат (жол салыгы, НДСтен башкасы);
— Камеко алдын ала Ысык-Көл областына 1 млн АКШ долларын инвестиция катары бермек;
— Камеко Кумтөр долборун иштетүү үчүн бардыгы болуп 1995-жылга карата 452 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит алган;
— Башкы келишимдин шарттары 1994-жылы 30-майда биротоло аныкталат, алтын өндүрүү 516 тн. 716 тн. көтөрүлөт, күмүш өндүрүү кошулат; Камекого ЗККнын 33%, Кыргызалтынга 67% акциясы тиет;
— Камеко 45 млн долларлык алдын ала инвестиция алып келүү каралат, бирок алып келинбейт;
— КР Президенти А.Акаевдин 1991-жылдын октябрь айындагы Жарлыгы менен Канаданын жараны Б.Бирштейн КР Президентинин алдындагы Экономикалык комитеттин жетекчиси болуп дайындалат да, ушул эле Жарлык менен алтын кендерин өндүрүүнү өнүктүрүү үчүн инвесторлор Б.Бирштейндин жеке фирмасы “Сиабеко” аркылуу жүргүзүлөрү көрсөтүлөт жана “Кыргызстан – Сиабеко” мамлекеттик жеке акционердик коому түзүлөт. Төрагасы болуп Б.Бирштейн дайындалат.
— Б.Бирштейндин жардамы менен Камеко Кыргызстанга келет.
Жогорудагылардын негизинде Мушкат: “Камеко признает что, Бирштейн был их агентом, и знает что в то же самое время он был председателем комиссии. Этот конфликт интересов дает основания для подозрения по взятничестве”-деген тыянак чыгарат.
Мушкат: “Как следствие, КОК действовало в конфликте интересов, т.к. с одной стороны, КОК было ответственно за эффективное управления проектом, с требуемыми минимальними расходами и с другой стороны, КОК имело прямой интерес в увеличении расходов проекта для увеличение управленческого сбора”-деп дагы бир коррупциялык схеманы аныктаган.
Мушкат: “Нам также не ясно куда были переведены деньги (7,5 млн сатылган акциянын акчасын айтып жатат) так как деньги как мы выяснили не оказались на счетах Кыргызалтына. В результате этой продажи Кыргызалтын размыл свою долю в Центерре приблизительно 15%”.
Мушкат: 2007-жылы 30-августтагы Кумтөр долбоору боюнча түзүлгөн жаңы шарттардагы макулдашууну эки тараптуу кызыкчылык үчүн түзүлгөн келишим катары баалайт:
Кыргыз тарап, Кыргызалтындын Центеррадагы үлүшүн 30% айланасына көтөрүү, Центерра болсо концессиялык территориясын кеңейтүү, финансалык спорлорду чечүү жана жаны салык режимин киргизүүнү жана ратификациядан өткөрүүнү көздөгөн. Бул келишим эки себеп менен ратификация болбогон, биринчиси Парламент таркатылган, (а, чындыгында ага чейин Парламент жыңыдан комиссия түзүү үчүн артка кайтарган) экинчиси К.Исабеков кыргыз сотторуна доо берип келишимдердин аткарылышын убактылуу токтоткон;
2006-2008-жылдары Кумтөр маселеси боюнча К.Исабеков мүчө болгон депутаттык комиссия Кумтөр менен Центерранын каржы жана салык төлөмдөрү боюнча иликтөө жүргүзгөн. К.Исабековдун арызы менен Жогорку сот 2004-жылкы макулдашуунун бир катар жоболорунун аткарылуусун убактылуу токтотуу чечимин чыгарган. Экс-депутат К.Исабеков өзүнүн “Кумтөрдөгү алтын мафия” деген китебинде Кумтөр алтын кени боюнча 45 жолу соттошконун белгилеп, 2006-жылдын 30-декабрында соттун чечиминин негизинде КОК 45 691 000 сом жер салыгын, 2007-жылдын 22-мартында соттун чечиминин негизинде 2006-жылдын жер ижарасы үчүн 15 091 750 сом, 2007жыл үчүн 15 091 075 сом, андан кийин Жогорку Сот аркылуу 94 177 541 сом, бардыгы болуп 170 052 041 сом акча КОКтон жергиликтүү бюджетке түшкөнүн жазган. (Аталган китеп 7-бет)
К.Исабеков өз китебинде, Барскоондогу цианид кырсыгы боюнча бөлүнгөн 4 млн. 400 миң АКШ долларын дээрлик 11 жылдан кийин, же 2009-жылы 5 транш менен араң төлөгөнүн да белгилеген. (23-бет) К.Исабеков: “А.Акаев, Н.Танаев – булар Центерра түзүлгөндө сөзсүз түрдө “шапкесин алышкан”… Экинчиден, Центерранын акциясынын 8,4% (миллиондогон акциялар) кыргыздын коррупционер жарандарына берилген… алар кимдер болушу мүмкүн? Менимче, Акаев, Танаев, алардын балдары жана башкалар”-дейт. (Аталган китеп 27-б.)
Бирок К.Исабеков мырза ушул жерде бул фактылар боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, “Н.Танаевге 2008-жылы 5-февралда иш козготтум”-деген оюн билдирген. К.Исабековго Башкы прокурордун биринчи орун басары К.Асангельдиевдин жазган катында (28-бет) Танаевге Кумтөр маселеси боюнча 2005-жылдын 21-апрелинде кылмыш иши козголгону тууралуу билдирилгенин белгилебейт. Н.Танаев К.Исабеков менен Жогорку Кенеште олтурган бир нече депутаттардын өтүнүчү жана Башкы прокурор К.Конгантиевдин уруксаты менен 2006-жылы февралда Москвага дарыланууга кетип, ошол бойдон келбей койгонун К.Исабеков жакшы билген, бирок негедир аны да жашырып койгон. К.Исабековдун соттошуу процесстери 2009-жылкы келишим менен токтотулган, ага негедир Исабеков макул деп добуш берген. (№ 15-тиркеме)
К.Исабековдун “Кумтөрдөгү алтын мафия” деген китебинде Акаев, Танаев, Ч.Айтматов, Санжар Айтматовдор жөнүндөгү жеке “шектенүүлөрдөн” башка да 2007-жылкы А.Атамбаев кол койгон келишим жөнүндө, ал кандайча кол коюлганы, ошондогу, андан кийинки И.Чудиновдун мезгилиндеги комиссиянын мүчөсү катары да өзү көргөн, уккан, текшерген кызыктуу фактылар айтылган. Кубанычбек мырза 2005-2008-жылдары Кумтөр маселеси боюнча эң жогорку деңгээлде КР Президенти К.Бакиев, анын Өкмөт башчылары А.Атамбаев, И.Чудинов, Д.Усенов “Центерра Голд Инктин” башчылары Лен Хоменьюк, П.Джеймс, М.Стивен ж.б. менен көзмө-көз нечен жолу сүйлөшкөнүн далилдүү фактылар менен жазган. А.Атамбаев кол койгон 2007-жылкы келишимде да көп “шектүү” маселелер бар экенин, келишимге кол коердо Атамбаев мурдагы сөзүнөн баш тартып, комиссиянын мүчөлөрүн катыштырбай, өз кабинетинде жеке кол койгонун айтат.
С.Жапаровдун, Т.Сариевдин отчетундагы “Атамбаевдин кол койгон келишими депутаттар таркатылып кеткенине байланыштуу ратификация болбой, күчүнө кирбеген” деген тыянакты жокко чыгарып, тескерисинче, ал келишимди депутаттар колдобой, четке кагып, жаңы Өкмөттүк комиссия түзгөн фактыны далилдейт. Өз каражаттарына Торонтого, Канадага, Невадага баргандары, ошол эле учурда КСДПнын, “Ак Жол” фракциясынын айрым депутаттары, аны таштап кеткенинен бери жазган. Акырында Лен Хоменьюктун, П.Джеймстин А.Атамбаев менен түзгөн келишимин “лоббировать” эткен сөздөрүнө, А.Елисеев экөө каршы турганын минтип көрсөткөн: “…ранее вы знали что есть Парламент, который не согласен… сейчас изменились природа Парламента… по поводу соглашения с Атамбаевым, нам неизвестно как передаются 15% акций, было много пятен. Увеличение доли до 40% выгода для всех… поймите нынешное положение в КР. Невозможно одобрение Соглашения А.Атамбаева. Если сейчас договоримся, это будет в последний раз, после ратификации ответственность возложена на Правительство за принятые обязательства…” “Бул Центеррадагы кыргыз өкмөтүнүн үлүшүн көбөйтүү боюнча “кыл чайнаша” тартышкан талкуунун бир үзүмү”-дейт Кубанычбек мырза. (82-бет).
Кубанычбек мырза өз китебинде 2008-жылдын 23,24,25-апрелиндеги Өкмөттүк комиссиянын атынан ЖКнын депутаты С.Ибраимов, Геология боюнча Агенттиктин директору К.Курманалиев, “Кыргызалтын” ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы А.Елисеев, Канада тараптан “Центерра Голддун” Президенти Л.Хоменьюк, директорлор кеңешинин төрагасы П.Джеймс, компаниянын юристи М.Стивен, КОКтун президенти А.Сазанов менен болгон сүйлөшүүлөрдү өз китебинин 75-82-беттеринде толук берген. Бул сүйлөшүүдө Канадалык тараптар 2007-жылы А.Атамбаев кол койгон келишимди бекем кармаганы – кыргыз тарап 2009-жылы И.Чудинов кол койгон жаңы келишимге аракет кылганы далилденип турат. К.Исабековдун 2009-жылдагы жаңы шарттардагы келишимди колдогону мурдагы өзүнүн кыргыз өкмөтүн сотко берген арыздарын, сот, прокуратурадагы “разборкаларды” өзү чакырып токтотконунун бир себеби – өзү “переговоршик” болгону үчүн деп тыянак чыгарганга бизге укук берет. Канткен менен К.Исабеков Кумтөр маселесинде бир топ алгылыктуу иштерди жасаган. Ошондуктан К.Исабековдун китебин таап окууну окурмандарга сунуш кылам.
Мушкаттын тыянагы да Кумтөр долбоору боюнча түзүлгөн 2009-жылкы жаңы шарттардагы макулдашуу Кыргызстан үчүн 2004-жылкы келишимге караганда “пайдасы аз” деп белгиленет.
Мушкат: мисал катары лицензиялык төлөмдөрдүн алынып салынышы же 2009-жылдын деңгээлинде калышын; келечекте өзгөртүлбөй турган жаңы салык режими киргизилгенин; айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн 310 миң АКШ долларындагы жылдык төлөм жаңы шарттардагы келишим боюнча концессиялык территория кеңейтилгенине карабай мурдагыдай калтырылганын; Ысык-Көл фондуна 2004-жылкы келишимде каралган 2-4% төлөм 1%ке чейин аймактын кеңейтилгенине карабай азайтылганын; Кыргыз Өкмөтү макулдашууда көрсөтүлгөндөн башка салык, башка төлөмдөрдү алуу көбөйтүү, өзгөртүү белгилөө укугунан ажыратылганын (мисал катары жол салыгынан бошотулганын айткан); кошумча берилген концессиялык аймактан түшө турган кирешелерден куру калганын, бир гана 15,66% үлүш акциясын 32,75% чейин көбөйтүү менен гана Кыргызстан утту деп жыйынтыкка келүү туура эмес, деп белгилейт.
Мушкат: “Кыргыз тарабынан 2008-жылдары текшерилип жаткан соттордо, прокуратурада, каржы полициясындагы иштердин жаңы шарттардагы макулдашуунун талабы менен токтотулушу туура эмес, анткени бул Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө кийлигишүү”,- деп эсептеген.
2012-жылдын 3-октябрында Кумтөр маселеси боюнча Жогорку Кенештин депутаты С.Жапаров, ж.б. Бишкек шаарынын борбордук аянтында митинг өткөрмөй болушкан. Митинг өткөрүү боюнча башында К.Кожоналиев турган атайын штаб түзүлөт. Тынчтык митингин өткөрүү боюнча билдирүүлөр Бишкек шаарынын Мэри И.Өмүркуловго, Ички иштер министри З.Рысалиевге, УКМКнын төрагасы Ш.Атахановго берилген.
2012-жылдын 3-октябрындагы митинг Ала-Тоо аянтында өткөн. Анда К.Кожоналиев модераторлук кылган. Жыйын таркап, резолюция кабыл алып жатканда “Ата-Журт” фракциясынын лидери К.Ташиев күтүлбөгөн жерден элди, — “Ак үйгө кирип депутаттардын кабинеттерине жатып алгыла, Кумтөрдү бүгүн өзүбүз чечебиз”-деп, эл арасында айтылган “Чынгызхан болгусу келет”. К.Ташиев баштаган топ Ак үйдүн Жогорку Кенешке кирүүчү батыш тарабына келишип, эшик бек болгондугуна байланыштуу Ак үйдүн короосунан ашып түшө башташат. Ак үйдүн кайтаруучулары короодон ашып түшкөн элди кармап, кайра чыгарышат, көпчүлүгүн административдик жазага кириптер кылышат. Ал эми К.Ташиевге жан сакчылары менен, Т.Мамытовго, короодон ашкан элден бөлүнүп үйүнө кеткен К.Кожоналиевге, ошондой эле өз кабинетине кирип олтурган С.Жапаровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 233-ст. (Массалык баш аламандык), жана 30-295-ст. (Күч менен мамлекеттик бийликти басып алууга жана кармап турууга аракеттенгендик)-деген статьялар менен кылмыш иш козгоп, камакка алышат.
Мен К.Ташиевдин, Т.Мамытовдун, С.Жапаровдун жана К.Ташиевдин жан сакчыларынын жактоочусу болгондуктан жана саясатчы-юрист катары бул кылмыш иш мыйзамсыз жана негизсиз козголгон деп айтам. Бул жерде бийлик мыйзамга, фактыга таянбай, бийликтин оппозицияга күч көрсөтүү, буюртма, жасалма жолдор менен бийликтин заказы катары кылмыш иш козголуп, тергелип жана сот процесси да ошондой бүттү.
Ага, биринчиден, Ак үйдүн короосунан ашып түшүшкөн 200-300 адамдын көпчүлүгү административдик жоопко кириптер болгону; экинчиден, айрымдарына 234-ст. (хулигандык) статьясы менен жоопко тартылганы, ал эми Ташиев, Мамытов, Жапаров, Кожоналиев, үч жан сакчы баардыгы 7 адам бийликти күч менен басып алгычтар болуп, бирдей жосундар үч башка квалификацияланып, жоопко тартылышканынын өзү ага далил болот.
Сот учурунда К.Кожоналиев да таза акталып, Кожоналиевге окшоп эле “Чынгызхандарды” ээрчибей кабинетине кеткен С.Жапаровду “Чынгызхандарды” кабинетинде күтүп олтурган”- деген эч нерсе менен далилденбеген тергөөнүн божомолу менен гана соттун өкүмү чыгарылганы да, кылмыш иштин максаты кылмышкерди соттоо эмес, оппозициялык депутаттардын депутаттык мандатын алууну көздөгөнүн далилдейт.
Айтор тергөө да, соттук териштирүү да эртеби, кечпи ондоп карала турган Т.Тургуналиевдин, Ф.Куловдун, А.Бекназаровдун, И.Исаковдун кылмыш иштерине окшош болду, ошондой чечим чыгарылды жана ошолордун иштериндей эле оңдоп каралып, алар кийин акталарына мен ишенем.
Тергөөдө, соттук териштирүүдө деле алардын күнөөсүн далилдөөчү далил табылган жок. Бир гана факт депутат К.Ташиевдин “Чынгызхандай болобуз” кыязында сүйлөгөн сөзү менен гана өкүм чыгарылып, бийлик максатына жетти. Кумтөр маселесин көтөрүшкөн кезектеги Жогорку Кенештин активдүү депутаттары “коррупционерлерден” дагы бир жолу жеңилип, оюндан чыгарылды. Бийлик сотто далилдер жоктугунан эмне кыларын билбей, Ташиевге 10 жыл, Мамытовго 9 жыл, Жапаровго 10 жыл, Кожоналиевге 8 жыл сураганына карабай, 30-295-ст. менен күнөөлүү деп таап, бирок эптеп-септеп 1-2 жылдын мөөнөтүндө шарттуу соттоп, СИЗОдо олтурган күндөр менен аларды чыгарууну көздөштү жана ошондой кылышты.
Бирок экинчи инстанцияда Бишкек шаардык сотунда төрагалык кылуучу Зулумов сульялар М.Сатиев, С.Бранчиевалар 2013-жылдын 2-майында Ташиев, Жапаров, Мамытовдун ишин кароону баштап, актоо өкүмүн чыгарышты. Бийлик ызы-чуу түшүп, ишти дароо Жогорку Сотко бердиртип, өздөрү даярдаткан 1-май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Шаардык соттогу актоо өкүмүнө “макул” болгон Зулумов менен Сатиевдер кызматынан кетирилип, “каршы” болгон Бранчиева кызматында калды. Бул фактынын өзү кылмыш иштин саясий буюртма экенин, өкүмдү соттор эмес, Ак үй чыгарып турганын дагы бир жолу тастыктады. Ошону менен Атамбаевдин доорунда сот реформасы кандай жүрүп жатканы, Атамбаевдин коррупцияга каршы жарыялаган согушу кандай ишке ашып жатканы иш жүзүндө көрүндү. Соттор чыгарган чечимдери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт деген Конституциялык принцип иш жүзүндө кандай экени да ачыкка чыкты.
Эми бийликтин баш оорусу “Ата-Журттун” дагы бир лидери А.Келдибеков болчу. Аны спикерликтен алганы менен ал Парламентте бюджет комитетинин төрагасы катары “Кыргызгаз”, Камбар-Ата ГЭСи боюнча маселелерде терс корутунду берип, бийликке “жолтоо” болуп жаткан. Текебаевдин аракеттери менен УКМК жана Башкы прокуратура Келдибековдун эски жана жаңы “кылмыштарын” улам топтоп, Ак үйгө отчет берип турду.
Кумтөр маселеси Жогорку Кенеште туура көтөрүлүп, бирок аягы С.Жапаровдун, К.Ташиевдин, Т.Мамытовдун 3 депутаттын камалышы менен, депутаттар мурдагыдай Кумтөр боюнча “таскактабай” эсине келип калышты. 3 депутаттын, башка дагы 3 адамдын камалышы менен Кумтөрдүн кезектеги чыры бүттү. Жаңы Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев деле сөз менен, “Кумтөр долбоору 2-3 коррупционердин кызыкчылыгы менен келишимдер түзүлүп, иштеп жатат”-деп айтканы менен, иш жүзүндө эч кандай иш жасаган жок. Коомчулукта ого бетер күмөндүү божомолдор көбөйдү. “Кумтөр долбоору коррупциялык схемалар менен, 2-3 коррупционердин кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөбөйт”-деп Жогорку Кенеш, Өкмөт башчыларынын баары айтат. Бирок, бул коррупциялык келишимди ошол эле Өкмөт, Жогорку Кенеш бузгусу келбейт. Мисалы, С.Жапаровдун айтымына караганда, анын Кумтөрдү мамлекетке алалы деген сунушун 36 гана депутат колдоптур. Макулдашууну бузуп, жокко чыгаруу, же жаңы келишимди түзүү Өкмөт менен Жогорку Кенештин Конституциялык укугу. Буларды ким кой деп жатат?! Эгерде Жогорку Кенеш, Өкмөт бул макулдашууну жокко чыгаргысы келбесе, булардын үстүндө да өз кызыкчылыгы бар “ажыдаар” бар го! Ал ким? Мына ушул суроого эл арасында “Ал азыркы Президент Атамбаев” деген жооп айтылып жатты. Анда күтө тургула, Атамбаев да Акаев, Бакиевге окшоп качкандан кийин ошондо кылмыш ишин козгойбуз, деп бир жагы тамашалап, бир жагы арга кеткендеги сөзүмдү айтып коюп жүрдүм.
Кумтөр маселесинде Центерранын “крышасы” азыркы бийликтин ичинен ким? Атамбаевби, же дагы деле Максим же Айдарбы? же башкаларбы? Ушуну да тактоо үчүн азыркы жаңы Конституциянын 79-беренесинин 1-пунктуна ылайык мыйзам жазууга Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт сыяктуу эле 10 миң шайлоочунун дагы укугу бар, биз да аракет кылып көрбөйлүбү, деп Кумтөрдү мамлекетке алабыз деген патриот инсандардан “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылын 2012-жылдын ноябрь айында түздүк. 2012-жылдын 1-декабрында Кожомкул атындагы спорт сарайында кыймылдын биринчи жыйынын өткөрмөй болдук. Ага бийликти, оппозиция өкүлдөрүн чакырдык. КР Конституциясынын 79-б. 1-п. ылайык элдик демилге тартибинде Кумтөрдү мамлекетке алуу боюнча мыйзам долбоорун даярдадык. Жогорку Кенештин депутаттарынын катачылыгы, 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлуп 30-майда ратификация болгон ага чейинки Танаев кол койгон бардык макулдушууну денонсация кылуу менен жокко чыгаруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдаган эмес.
С.Жапаровдун комиссиясынын катачылыгы да отчет менен ушундай мыйзам долбоорун кошо даярдабай Кумтөр маселесин кезектеги көп сөзгө, саясатка айлантып, анан аягында Өкмөткө “футболит” эткенинде болду. Дагы бир кемчилиги, мурдатан эле белгилүү факты, маалыматтарды кайра көтөрүп чыкканы. Парламенттик деңгээлде талкууга алынганы туура болгону менен С.Жапаровдун көптөгөн “мени” бул маселени С.Жапаровго чейин эч ким көтөрбөй келгендей түр көрсөткөнү да депутаттардын көпчүлүгүнө жакпады. С.Жапаров өзү айткандай Бакиевдин коррупция боюнча комиссары болуп турганда ушул коррупциянын туу чокусу болгон Кумтөр долбоору боюнча бир жолу да маселе көтөрбөгөнү, бир да кат же документ даярдабаганы, эми болсо “документ топтоп жүргөм” дегени да көпчүлүк депутаттар тарабынан тескери кабыл алынды.
Анткени залда олтургандардын 70% 2-3-4-чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаттары болгондуктан, Кумтөр долбоору боюнча 2003-2005-жылдары Жогорку Кенештин оппозициялык көз караштагы депутаттары тарабынан нечендеген токтомдор, Парламенттик угуулар, Өкмөттүк сааттар өткөрүлгөнү, Башкы прокуратурага кылмыш ишин козгоо тапшырмалары берилгени, 2005-жылдагы март революциясынан кийин Кумтөр маселеси боюнча кылмыш иши козголуп, экс-премьер-министр Н.Танаевге ошол иш боюнча айыбы угузулуп, камакта, кийин үй камагында олтурганын, 2005-2008-жылдары Жогорку Кенеш тарабынан үч жолу Кумтөр маселеси боюнча курамына К.Исабеков, А.Малиев, Б.Шерниязов ж.б депутаттар кирген Өкмөттүк комиссиялар иштегени, 2007-жылы Премьер-министр А.Атамбаев ошол комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен жаңы шарттагы келишимге кол койгону, бирок Жогорку Кенеш аны да жаратпай койгону, ушул жылдары Жети-Өгүздөн депутат болгон К.Исабеков комиссиянын мүчөсү катары чон иштерди жасап, кыргыз өкмөтүнө чейин сотко берип, башкы келишимди бузуу жөнүндө Жогорку Кенеште демилге көтөрүп, Исабековдун жана Жети-Өгүз райондук чиновниктеринин аракеттеринен “Центерра Голд” Кыргызстанга миллиондогон акча каражаттарын төлөгөнүн да эске алгысы келбей, Кумтөр маселесин жалгыз “Ата-Журт” партиясынын, же С.Жапаровдун жаңы иш аракеттери катары көрсөткүсү келгени үчүн да туура маселе болуп, туура көтөрүлүп жатса да депутаттар эле эмес, коомчулук да жаңылык катары кабыл алып, “ураалап” колдогон жок.
Бирок биз “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылы С.Жапаровдун комиссиясы баштаган бул ишти эми коомчулуктун иши катары уланталы деп чечтик. Биздин иш аракетибизге “Жашылдар”, “Асаба”, “Ата-Журт” партиясынын активисттери, түрмөдө олтурушкан К.Ташиевдин, С.Жапаровдун, Т.Мамытовдун туугандары, колдоочулары катышышты. “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылы ошону менен бирге Кумтөр маселеси үчүн камалган депутаттарга да моралдык жардам берүүнү көздөдүк.
2012-жылдын 1-декабрында Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында жыйын өткөрдүк. Жыйынга партия, кыймыл өкүлдөрүнөн тышкары саясий-коомдук ишмерлер Т.Тургуналиев, О.Нарбеков, Д.Шадыбеков, Б.Жээнбеков, Ө.Суваналиев, Б.Наргозуев, Б.Назаралиев, М.Чолпонбаев, Н.Мотуев, Т.Уметалиева ж.б. келишти. Бирок Жогорку Кенештен бир да депутат басып келген жок. Жыйын болгонго чейин эле “Ак үй тарабынан силерге каршы провакация даярдалып жатат”-деген маалымат келип түшкөн эле. Биз да жаштардан кырк чоро даярдаганбыз. Бирок провакацияга алдырбаш үчүн аларды эл арасына жайгаштырдык. Жыйынга келгендерге менин “Унчукпай коюуга укугум жок” деген китепчеми, жана “Эл үнү” саясий коомдук кыймылы тарабынан даярдалган Кумтөр долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен Центерранын ортосундагы бардык макулдашууларды денонсация кылуу мыйзамынын долбоору, негиздемеси менен талкуулоо үчүн таркатылды.
Спорт сарайына эл толду. Камалган депутаттардын жактоочулары алардын сүрөттөрү, аларды боштондукка чыгаруу талаптары менен келишти. Залды айланта лозунгдар илинди. Бизге каршы гражданча кийинген органдын кызматкерлерин, жаштар кыймылыбыз деген ат менен жаш “ОБОНчуларды” залга киргизишиптир. Жыйын башталганда эле алар “Бекназаров, Тургуналиев кетсин” деп кыйкыра баштады. Мунун башында атактуу “дүжүр” “Нышанов” деген жүрдү. Тургуналиев, Нарбеков, Жээнбековдор ызы-чуу башталганда залдан чыгып кетишти. Артынан Суваналиевдин тобу кетти. Ызы-чуу салгандарды биздин жигиттер тынчытты. Кумтөр маселесин көтөрүп, бийликтин кезектеги каарына калдык. Аягында жыйын жөнгө салынып, сүйлөөчүлөр сүйлөп, чечим кабыл алдык. (№ 16-тиркеме)
Ошондон кийин Бишкектин Жумабек көчөсүндөгү илгери 2002-жылы “Акаевге отставка эл үчүн реформа” кыймылы түзүлгөн укук коргоочу Р.Дырылдаевдин офисинде “Эл үнү” кыймылы Кумтөр долбоору боюнча макулдашууну денонсация кылуу, мыйзам долбоорун Юстиция министрлигинде каттатуу, 10 мин шайлоочунун колун топтоо боюнча М.Абылов штаб башчысы болуп турган топ өз ишин баштады. Мыйзам долбоорун каттоо жана күбөлүк алуу үчүн Юстиция министрлигине тапшырылды. Долбоор “Алиби” гезитине жарыяланды. 2013-жылдын 18-февралында Юстиция министрлигинен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу элдик демилге тартибинде мыйзам долбоору катталып, бизге № 001 деген күбөлүк берилди. (Мыйзам долбоору жана күбөлүк тиркелет) (№17-тиркеме)
Мына ушундан кийин коомчулукта, депутаттар арасында да биз даярдаган мыйзам долбоору боюнча сөз боло баштады. Текебаев: “Эмнеге Бекназаровго күбөлүк бересиң?”-деп, “Ата-Мекенчи” министр А.Шыкамаматовду урушуптур”- деген сөз тарады. “Ата-Мекен” фракциясы да биздикине окшош эле мыйзам долбоорун даярдап жатканын Текебаев мырза өзү ММКларга билдирди.
2013-жылдын 24-мартында Ала-Тоо аянтында “Эл үнү” саясий коомдук кыймылы Кумтөр маселеси боюнча митинг өткөрдүк. “Ата-Журтчулар” депутаттарын камактан бошотуу талаптарын коюшту. “Ата-Журтчу” Д.Жаныкулов ораторлук жөндөмүн көрсөтүп, Кумтөр элдики, Атамбаев кетсин деген ачуу сөздөрүн айтты.
Кол топтоо ийгиликтүү аяктап, 20 миндин тегерегиндеги шайлоочулардын колун топтоп Жогорку Кенешке тапшырууну чечтик. Бирок Жогорку Кенештин төрагасы А.Жээнбековдун буйругу менен мени Жогорку Кенешке киргизбей коюшту. А.Сулайманов, А.Келдибеков, Т. Бакир уулу ж.б. ондогон депутаттар да мени Жогорку Кенештин ичине киргизе алышкан жок. Ошондуктан бардык документтерди М.Абылов Жогорку Кенешке, фракция жетекчилерине тапшырды. Мыйзам долбоорун “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары тез эле карашып, колдоо чечимдерин чыгарышты. Мен жеке ишенген, эки революцияда тең Кумтөр элдики деп мени менен катар жүргөн КСДП, “Ата-Мекен”, “Ар-Намыс” фракциялары бул мыйзам долбоорун карабай коюшту. Текебаев, Атамбаевдер интервьюларында Кумтөрдү улутташтырыш керек деп жүрүшүп, иш жүзүнө келгенде чыныгы жүзүн көрсөтүштү. Текебаев февраль-март айларында эле “Кумтөрдү улутташтыруу керек, мен мыйзам долбоорун даярдадым, Бекназаровдукунан сапаттуу” деп нечен жолу айтты эле, эми болсо ошол 20 минге жакын шайлоочулар тарабынан Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу даярдалып келсе жок дегенде “менин Конституциям иштеп жатат деп, өзү айткан “сапатсыз мыйзамды” биринчилерден болуп караш керек эле. Ал биздин долбоор эмес, өзүнүн “сапаттуу” долбоорун да 6 жылдан бери расмий киргизген жок, сөз бойдон калды.
Конституция, мыйзам боюнча депутаттар, фракциялар, комитеттер мыйзам долбоорун кароого милдеттүү, кандай чечим чыгарат алардын иши, бирок мыйзам долбоорун кабыл алыш же кабыл албоо Жогорку Кенештин иши болчу. Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн үч фракция КСДП, “Ата-Мекен”, “Ар-Намыс” элдик демилге менен биринчи жолу кирген мыйзам долбоорун кайсы бир кызыкчылыктарынын айынан карабай коюшту деп ойлоп калдым.
Муну менен эмнени айтмакчымын. Кумтөр маселеси 1992-жылдан бери оппозициянын гана көтөрүп келген маселеси болуп калганына, кечээ оппозицияда, бүгүн бийликте олтурушкан Текебаев, Атамбаев, Куловдор кечээги Акаев, Бакиев, Танаев, Чудинов, Усеновдорго айланып, бүгүнкү “Ата-Мекен”, КСДП, “Ар-Намыс” кечээги “Ак Жол” партиясынын милдетин аткарып, тескерисинче мурдагы бир нече “Ак Жолчулар” азыр кечээги КСДПнын ролун аткарып жатканын белгилегим келет.
Ошентип бизге Кумтөрдү мыкчып жаткан “ажыдаар” белгилүү болду, ал Парламенттик көпчүлүктү түзүшкөн КСДП, “Ата-Мекен”, “Ар-Намыс” партияларынын депутаттары жана Парламенттик көпчүлүктүн реалдуу кожоюну А.Атамбаевге окшоп турат. Камакта жаткан С.Жапаровдун Кыргызстандын элине, Атамбаевдин өзүнө жазган каттарындагы Атамбаевди Л.Хоменьюк экөөнү байланыштырып 30 млн. сомду “кымырганы” боюнча шеги туурадай болуп чыкты. Л.Хоменьюк менен Атамбаевдин 2007-жылдагы келишимдеги байланышы жөнүндөгү К.Исабековдун айткандарын да турмуш, мезгил өзү тастыктоодо. Ошентип биз “Эл үнүнүн” мыйзам долбоорун Жогорку Кенеш 2013-жылдын күзүнө чейин кармап жатып, күзүндө Жогорку Кенештин бир бөлүмү эле “шайлоочулардын колдору туура эмес документтештирилген”-деп кайтарып берди. Албетте эптеп шылтоо табышты. Бирок биз жогоруда айткандай Кумтөрдү басып жаткан “ажыдаарды” жаңы Акаев, Бакиевди таптык, ал “Эл үнүнүн” оюнча Атамбаев окшоп калды. Убагы келгенде мунун баары ачыкка чыгаар.
2012-жылдын 4-декабрында камакта жаткан С.Жапаров: “Кумтөр маселеси боюнча Мамлекеттик комиссия жана Өкмөт Жогорку Кенеште отчет берет экен, ошол күнү мени убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы катары Жогорку Кенештин жыйынына катыштырууну суранам”- деп спикер А.Жээнбековдун атына кат жазды. Анын катына эч ким деле көңүл бурган жок. С.Жапаров УКМКнын түрмөсүндө жатып КР Башкы прокуроруна, ИИМ, УКМКнын башчыларына “талаптарды” жиберди. Анда КОКтун, КГКнын жетекчилерине кошуп Саляновага жана Усеновго КР УКнын 304 жана 305-ст. менен иш козгоону талап кылды, анткени алар КОК менен КГК ишканалары мурда Кыргызстанга төлөбөй жүргөн салыктар боюнча 1 млрд 359 млн сом карызын төлөөнүн ордуна 2009-жылдын 15-декабрь күнү №684-в буйругу менен жоюп (списание) жиберген. А.Салянова Юстиция министринин статс-катчысы катары Премьер-министр Д.Усеновго, “Өкмөттүн токтому менен эмес, буйрук түрүндө жоюп (списание) кылыңыз”-деп сунуш берген десе, С.Жапаров: “2011-жылы 20-май күнү №180-б сандуу Өкмөттүн буйругу менен Кыргызстанга “Центерра Голд” тарабынан дивиденд катары түшкөн акчаны “Кыргызалтын” ААКнын өнүгүүсү үчүн иштетилсин деп Премьер-министр А.Атамбаев жеке өзү билип чечип салган. Ал акча мамлекеттин бюджетине түшүп, андан соң мыйзам менен бөлүштүрүлүш керек болчу. Ошондуктан А.Атамбаевге КР УКнын 304, 305 жана 308-ст. менен кылмыш ишин козгоо жөнүндө” кат жиберген.
С.Жапаровдун бир тууган иниси Дөөлөтбек Жапаров агасынын түрмөдөн жиберген кайрылууларын агасынын Кумтөр боюнча камалганын жана С.Жапаровдун Жогорку Кенеште Кумтөр долбоору боюнча депутаттык комиссиянын отчетун окуган докладынан жана С.Жапаровдун эмне үчүн, кантип камалганы боюнча (Ташиевдин ойлонбой кылган иши үчүн кыязында) кайрылууларын топтоп, “Кыянат, ууланган Кумтөр баяны” деген китепти 2012-жылы чыгарган. Китеп К.Исабековдун китебиндей эле окурмандарды Кумтөр маселесинде кайдыгер калтырбайт. Мен ал китепти да таап окууну сунуш кылам.
Кумтөр маселеси боюнча Жогорку Кенеш 2013-жылы февраль айында мамлекеттик комиссиянын төрагасы Т.Сариевдин жана Өкмөттүн (Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев) отчетторун угуп, дагы бир жолу Центерра менен сүйлөшкүлө деп “пас” беришти. Эми мындай деген чечим кабыл алышты: (Кыскача)
1. ….Отчеттор эске алынсын;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кумтөр долбоорунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын;
3. 3 айлык мөөнөт ичинде “Центерра Голд” менен Мамлекеттик комиссиянын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу, аны чечүүнүн жолдорун табуу боюнча сүйлөшүүлөрдү, консультацияларды жүргүзсүн:
— депутаттардын берген сунуштарын топтоп, анализдеп, аны аткаруунун иш планын иштеп чыксын;
— ар бир ай сайын ал иш чаралар боюнча Жогорку Кенешке билдирилип турсун;
— Эгерде Центерра Голд менен өз ара пайдалуу жана ыңгайлуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албаса – бардык мурдагы келишимдерди денонсация кылуу демилгесин көтөрсүн;
— Жаңы келишим түзөрдүн алдында жаңы келишимдин шарттары боюнча Жогорку Кенешке билдирсин;
4. Башкы прокуратурага УКМК менен биргеликте макулдашууларга кол койгон кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилсин.
Көрдүңөрбү урматтуу окурман, эми Акаев, Бакиевдер жок. Себеби эртеби, кечпи 2011-жылдан бери “Центерра Голдко” “крыша” болгону үчүн деп Атамбаевдин аты да аталышы мүмкүндүгүн эске алышкан. “Ким кол койсо ошолор гана жооп берсин”-дешкен. Өкмөт коллегиалдуу орган экенин депутаттар унутушту.
Ушул эле учурда “Центерра Голд” да тынч жаткан жок. Алар да 2013-жылдын 14-февралында О.Артыкбаев менен Ж.Сатыбалдиевдин наамына эскертүү түрүндө “силерди ала жатабыз” дегендей билдирүү жөнөттү. Анын айрым жерлеринен окурмандарга сунуш кылайын:
“…ключевые вопросы на которые мы отмечаем относяться к выводом и рекомендациям госкомиссии: …прежде всего, отмечаем, что деятельность проекта Кумтор регулируется условиями пересмотренного соглашения между Правительством КР и КГК, КОК от 6 июня 2009 года. (ушул жерде эскерте кетейин, ушул макулдашууларды Жогорку Кенеш 2009-жылы 30-апрелде алдын ала бул келишимдер түзүлө жана кол коюла электе эле көрбөй, окубай ратификация кылышкан) Пересмотренное Инвестиционное соглашение предусматривает полный режим выплат, производимых Правительству от проекта Кумтор.
Также, Центерра, КГК, КОК, “Камеко Голд Инк” и корпорация “Кумтор Маунтин”, Правительство КР и ОАО “Кыргызалтын” являются сторонами. Соглашения об отказе от требований от 6.06.2009 года, согласно которому стороны договорились отказаться от любых требований дуруг к другу в отношении любого вопроса, включая любые юридические, налоговые и фискальные вопросы, возникщего и существовавщего до 6.06.2009 года. Стороны также согласились никогда не иницировать судебное или арбитражное разбирательство, прямо или косвенно по любым урегулированным таким образом вопросам…
Однако, рассмотрев в рамках сотрудничество указанные в отчете разные претензии, касающиеся вопросов существовавщих до 2009 г. Центерра, КОК и КГК приводит ниже обобщенные ответы…
Некоторые из утверждений в отчете основываются на том, что нынешные Правительство КР не должна нести ответственности по обьязательствам, принятым прежными правительствами, в публичном международным праве четко установлено что “на юридические права и ответственность гросударства не влияют изменение в правлении государства или внутренней форме руководства” … соответственно правительство стороны находящееся ныне у власти, должны признавать обьязательства и соглашения, принятые прежними правительствами …. и эти обьязательства применимы по нынешний день несмотря на все изменения в руководстве страны или заявления о неправомерных действиях преступной деятельности или халатности со стороны прежних правительств.
Мы были бы рады возможности обсудить эти вопросы с тем, чтобы найти конструктивный выход из сложившейся ситуации.
Ян Аткинсон — Президент и главное испольнительное лицо Корпорации “Центерра Голд Инк”
Мына сага. Жаңы бийлик түзүлгөндөн бери 5 жыл өттүбү, ошол коррупциялык схемалар менен түзүлгөн келишимдер менен бардыгы иштеп жатабы? Иштеп жатат! Демек, 5-чакырылыштагы, 6-чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт башчылар А.Атамбаев, Ө.Бабанов, Ж.Сатыбалдиев, Ж.Оторбеав, Т.Сариев, С.Жээнбеков, Президент А.Атамбаев — качандыр бир мезгилде (жогоруда Аткинсон жазгандай) ошол эле Акаев, Бакиев, Чынгышев, Жумагулов, Танаев, Чудинов, Усеновдорду толуктап, алардын катарынан Кумтөр долбоору боюнча орун алат турбайбы?!
Эмне үчүн? Жөнөкөй тил менен айтканда, биринчилер өздөрүнө пайда табыш үчүн кандай “коррупциялык схемаларды” түзсө, экинчилер алардан ошол “коррупциялык схемаларды” Акаевден, Бакиевден тартып алып, ошол схемалар менен иштеп, жашап жатышат. Бакиевдер Акаевден ал схеманы алгандан кийин 4 жылдан кийин аны “капремонттоп” анан пайдаланышты, азыркылар Бакиевден алгандарын 7 жылдан бери жок дегенде косметикалык ремонттон өткөрбөй пайдаланып, тигилердей эле элге, мамлекетке зыян келтиришүүдө. Кумтөр маселесин көтөргөндөрдү уруп-сабап, камап, куугунтуктап (мурункулар Барскоондуктарды, азыркылар Саруулуктарды, депутаттарды) келе жатышат.
Парламенттик депутаттар, саруулуктар, аларды колдошкон “Асаба”, “Ата-Журт” партияларынын айрым активисттери куугунтукталгандан кийин “Эл үнү” кыймылынын жетекчилиги эки маселе боюнча, Кумтөр маселеси жана куугунтуктар боюнча улуттук деңгээлдеги оппозицияны түзүп, анын курамына Парламенттеги айрым оппозициялык көз караштагы депутаттардан жана көчө оппозициясынан бириктирип түзүүнү максат кылдык. Улуттук Оппозициялык Кыймылды (УОК) Ысык-Көлдөгү Саруу айылында түзүүнү Кубан Кадыров сунуш кылды. Оппозиция жетекчилигине эки талапкер сунушталды. Жогорку Кенештин депутаты Равшан Жээнбеков жана Аликбек Жекшенкулов. Мен экөөн тең КЭК жана БЭКтин курамында жүрүшкөн саясатчылар катары мурдатан билгендиктен колдодум. Талашып тартышып атып, УОКтун лидерлигине Р.Жээнбековго токтодук.
2013-жылдын кышында Саруу айылында өткөн жыйында Р.Жээнбековду Улуттук Оппозициялык Кыймылдын төрагасы кылып шайладык. Кубан Кадыров Ысык-Көл областы боюнча координатор болду. Ошол жыйынга “СССР” партиясынын лидерлеринин бири, белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов катышып Атамбаевдин Нарындын элин “баран” дегенин, Жогорку Кенештеги 120 кой, бир теке жөнүндөгү акиясын айтып берди. Ал кийин көпкө интернет-сайттарында жүрдү. Ошондон кийин Борончу иними бийлик катуу куугунтукка алып, ошондон кийин ал саясатчы болбой калды. Ал эми оппозициянын улуттук денгээлде биригип иштеп кетиши Равшан мырзанын колунда калды.
2013-жыл Кыргызстанда көптөгөн саясий күчтөрдүн өз ара кагылышууларынын жылы болду жана бул Президент А.Атамбаевдин жеңиши менен аяктады. 2013-жылы бийликтин оппоненти болгон “Ата-Журт” партиясынын лидерлери К.Ташиев, Т.Мамытов, С.Жапаровдор биротоло соттолуп бүтүштү.
Кумтөр маселеси боюнча көтөрүлүшкөн саруулуктарды бийлик басып, анын лидерлеринин айрымдарын кармап, кылмыш иштерин козгоп, камакка алышты. Ысык-Көл областынын губернатору Э.Каптагаев жабырлануучу болуп расмий таанылды. Бийлик саруулуктардын “козголоңун” басууга күч структураларын эле эмес, “караларды” да тартты.
2013-жылдын жазында күтүлбөгөн жерден “каралардын авторитети” делген А.Батукаев эки-үч күндүн ичинде Нарындагы түрмөдөн бошотулуп, атайын түзүлгөн коштоо отряды менен Манас аэропортуна жеткирилип, ал жерден мамлекеттин башчыларындай жолуна килем төшөтүлүп жеке менчик самолет менен Чечняга узатылды. Кыргыз-кыргыз болуп жаралгандан бери өз душмандарына, кылмышкерлерине Батукаевге окшотуп мамиле жасаган эмес.
Ушул жерде 2005-жылдагы А.Батукаев аралашкан окуя эске түшөт. Жакшыбы, жаманбы өзүнүн мыйзамдуу ыйгарым укуктарынын чегинде, кылмышкерлер жазасын өтөп жаткан мекемеге барышкан КР ЖКнын депутаты Т.Акматбаевге, түрмөнүн чонуна өздөрүнүн “кожоюнуна” жана башка чиновниктерге кол салып, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү “кызылдардын” эле эмес, “каралардын” өздөрүнүн мыйзамында да жок.
Ошондо (2005-жыл кеч күз) буга окшогон кылмыш үчүн Батукаевди катуу жазалагандын ордуна Өкмөт башчысы Ф.Куловдун А.Батукаевге дароо жетип барып, аны менен бир нече саат бою сүйлөшүү өткөргөнү кыргыз бийлигинин аброюна шек келтирген. Ошондон кийин бир тууган иниси Тыныч Акматбаев үчүн, бир жагы намыс үчүн Ф.Куловго каршы активдүү иш чараларды жүргүзүп жаткан “каралардын” дагы бир авторитети Рысбек Акматбаевдин өлтүрүлүшү “Бакиев-Кулов” тандеминин кыргыздарга, анын намысына канчалык деңгээлде күйүшөрүнүн далили болду.
Эми болсо ошол А.Батукаевдин Кыргызстандан расмий, шандуу узатылганы акылга сыйбаган иш болду. Бул факты боюнча Парламентте башында Б.Шер турган депутаттык комиссия түзүлүп, аягы Акыйкатчы Турсунбек Акун, ГСИНдин башчысы З.Рысалиев күнөөлүү деп табылып, иштен кетирилип, жабык аяк жабык бойдон калды. А.Батукаевди түрмөдөн бошотуу чечимин Т.Акун, З.Рысалиев да чыгара албашы юристтер эмес, көчөдөгү карапайым адамга да түшүнүктүү болчу. Т.Акун Акыйкатчы катары 20 эмес, мейли 100 жолу Батукаевге кирип чыкса да аны бошотуу боюнча чечим чыгарууга эч кандай тиешеси жок эле. Ал эми З.Рысалиев соттун чечими менен бошотулган Батукаевди жеке өзү баш болуп Манас аэропортуна жеткирип узатуусу, бул биринчиден соттун чечимин аткарып, Батукаев эсен-аман кетишине кам көрүү – ГСИНдин милдетине кирет, бирок Рысалиевдин өзүнүн Батукаевди узатуусу жалпы “кызылдар” үчүн “позор” болду. Рысалиев бул жерде “өзүнүн кожоюнунун” эркин аргасыз аткарып, ошого барган болуш керек?
Б.Шер башында турган комиссия мына ошол З.Рысалиевдин “кожоюнунун” атын атоонун ордуна “Ата-Мекен” партиясынын жеке кызыкчылыгын көздөп, эптеп Т.Акунду бошотуп, анын ордуна А.Сасыкбаеваны Акыйкатчы кылуу жагын көздөдү.
Жогорку Кенеште А.Батукаевдин чыгарылышы боюнча түзүлгөн комиссиянын отчету угулуп жатканда “А.Батукаевдин чыгарылышы мыйзамдуу болгон”-деп Башкы прокурор А.Салянова ж.б. чиновниктер, врачтар, А.Батукаевдин “адвокатына” айланышканынын өзү, Батукаевдин чыгарылышынын артында да, Кумтөрдүн артындагыдай “ажыдаар” турганынан кабар берет. Эл арасында “А.Батукаевди КР Президенти А.Атамбаев, Ф.Кулов экөө Россиянын Президенти В.Путиндин, Чечнянын Президенти Р.Кадыровдун өтүнүчтөрү менен чыгарган”-деген имиш сөздөр тарады. Ал боюнча Жогорку Кенеште иши каралып жаткан Т.Акун да түз Президент тарапты, тагыраак айтканда баягы эле Б.Таабалдиевди күнөөлөп сүйлөгөн.
Б.Шер башында турган комиссия Батукаевдин чыгарылышынын башында Президент А.Атамбаев турат дегенди жашырганын, же “морадерлук” иштери менен соодаланып, ачык айтылбаганы, кийин 2016-жылы сентябрь айында Ө.Текебаев тарабынан ачыкка чыкты. Ал 17-сентябрдагы пресс-конференцияда Батукаевдин чыгарылышын Атамбаев чечкен деп жарыялады жана ошону менен өзү, Б.Шердин комиссиясы, партиялашы А.Салянова болуп мурда жашырып жүрүшкөнүн ачыкка чыгарып, далилдеп салды.
Эмнеси болсо да А.Батукаевдин чыгарлышы Кыргызстандын мыйзамдарына, мамлекеттин эле аброюна шек келтирбей, биринчи кезекте кыргыз улутунун намысына шек келтирди. Муну өңү кыргыз, жан дүйнөсү маңкурт кыргыз бийлигинин аброюна коелу.
Саруулуктарды камоо, айрымдарын сындыруу саясаты ушул күнгө чейин (2016-ж) улантылууда. Кумтөр маселеси коомчулуктун көзүн бое үчүн кээде Өкмөттө, кээде Жогорку Кенеште сөз болумуш болуп, “Центерра” ушул күнгө чейин экологияны талкалап иштеп жатат. 2016-жылы Д.Сарыгуловго каршы Л.Хоменьюкка арыз жаздырышып (кайра Хоменьюк өзүнүн арызынан баш тартып) азыркы бийлик Хоменьюк менен тыгыз байланышта турарын өздөрү тастыктап койду.
Жогорку Кенештеги оппозициялык “Ата-Журт” партиясынын лидерлерин колдошкон башка фракциялардагы депутаттар бери дегенде өздөрү турган фракциялардан чыгууга аргасыз болду же чыгарылды. Ага “Ата-Мекен” фракциясынан Р.Жээнбеков, Ө.Абдрахмановдун чыгышы, И.Исаковдун КСДПдан чыгышы, Б.Мамырованын “Ар-Намыс” партиясынан өгөйлөнүшү, “Ата-Журт”, “Республика”, “Ар-Намыс” партияларынын үч-төрткө бөлүнүшү мисал болот. Айрымдары түрмөгө чейин отургузулуп жазаланды. Ага “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Р.Сабировдун айтымында, ал Парламентте Ташиев, Келдибековдорду колдогондугу үчүн жеке Ө.Текебаев тарабынан куугунтукка кабылганын далил катары айтсак болот.
Р.Сабировдун айтымында, ал биринчи жолу 2012-жылдын 24-декабрында Ө.Бабановдун Өкмөтү түзүлүп жатканда “Ата-Мекенден” Социалдык жактан өнүктүрүү министри болуп Жогорку Кенештен кетирилет. Андан соң министр болуп 6 ай иштей элегинде Текебаев ага жардамчы кылып берген “өкүл баласына” Р.Сабировдун үстүнөн баягы эле А.Саляновага арыз жаздырып, камакка алдырткан. Р.Сабировдун болгон күнөөсү 2011-жылкы Президенттик шайлоого барайын деген Ө.Текебаевге: “Ата-Мекен” партиясынын эл арасында, айрыкча түштүктөгү аброю түщүп кетти, сиз өтпөйсүз, андан көрө “Ата-Мекенден” башка жаңы адамды көрсөтөлү, же Ташиевди, мүмкүн Атамбаевди колдойлу”-деп фракциянын жыйынында каршы сүйлөгөнү жана спикер А.Келдибековду колдогону болгон. Сабиров камакта бир жыл 13 күн олтургандан кийин Жогорку Соттун чечими менен иши кыскартылып чыкты.
Тагдыр экен, Р.Сабировду 2015-жылкы Жогорку Кенешке болгон шайлоодо жакындан таанып калдым. Өз элинде (таджик элдинде) абдан кадырлуу жигит экен. Биз “Азаттык” партиясынын лидерлери Лейлекке барганда (Үч-Коргон айылы) керней-сурнайлар менен тосуп алганын көрүп, чын жүрөгүмөн таджик туугандарга, Равшан иниме ыраазычылык билдирдим. Себеби, бизди кайсы жерге барбайлы оппозиция деп, бийлик эл менен жолугушууга бут тосуп, жыйын өткөрө албай, жамандалып жүргөнбүз. Анан эле Равшан иним таджиктер менен бизди деле адам катары тосуп алса, аргасыз айтат экенсиң.
2013-жылы 20-ноябрда Башкы прокуратура А.Келдибековго айыбын угузуп камакка алды. Ошол күнү А.Келдибеков мага үйгө келип Башкы прокуратурага чакырып жатканын, мага адвокат болуп бериңиз, дегенинен аны менен Башкы прокуратурага бирге бардым. А.Келдибековго, К.Ташиевге 2010-жылдын 7-апрелинен кийин эле Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү, УКМКга, ИИМге тапшырма берип, “бир нерсе таап камагыла же үнүн баскыла”-деп жүргөнүн мен жогоруда айттым эле. Алардын үстүнөн айрыкча УКМК кылмыш иштерди токуп, К.Дүйшебаев интервью берген учурлар да болгон. Ошондо мен жок жерден кылмыш иштерди жасаганды, издегенди койбойлубу, өзүбүздүн башыбыздан өтпөдү беле, деп нечен жолу Убактылуу Өкмөттө каршы туруп, анын айынан, “Бекназаров түштүктөгү үкөлөрүнө болушуп жатат” деген ушакка да кабылгам, мага каршы “заказной” макалалар да жазылган.
Башкы прокуратура менен УКМК ошол эски иштерди “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин демилгеси менен “Ата-Мекен” фракциясынын чечими менен, колу, печаты жок, эч ким тастыктабаган Эсептөө Палатасынын Жогорку Кенештин Москва шаарындагы Атайын өкүлчүлүгүнүн иш аракеттери боюнча чыгарган аудиттин корутунду актысын Жогорку Кенештин фракциясына таанышуу жана өз пикирлерин берүү үчүн алдын ала жиберген “черновой” варианты Башкы прокуратурага жиберилген. Ошол “Ата-Мекен” партиясы жиберген колу, печаты жок Аудиттин корутундусунун негизинде Башкы прокуратура А.Келдибековго кылмыш ишин козгоп, 2013-жылдын 20-ноябрында дагы башка эки эпизод менен айыбын угузуп, камакка алды.
А, чындыгында А.Келдибековдун камалышына таптакыр башка себептер негиз болду. 2013-жылдын башында Жалал-Абад шаарында Ташиевдин колдоочулары тарабынан чоң жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев, “Ата-Журттун” депутаттары, А.Мадумаров, мен да чакырылган элем. Ошол жыйынга Ж.Сатыбалдиевдин ордуна Вице-премьер-министр К.Талиева жана А.Келдибеков, мен, А.Мадумаров катыштык, сөз сүйлөдүк.
Ошол эле жылы жазга маал “Эл үнү” кыймылынын түштүк региону боюнча координатору М.Усеновдун жетекчилиги менен Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында элдик курултай өткөрүлдү. Анын чыгымын А.Келдибеков көтөрдү. Элдик курултайга мен, Р.Жээнбеков, А.Келдибеков, А.Мадумаров, Б.Асанов, Э.Булекбаев, Д.Кутманова ж.б. саясатчылар, жергиликтүү лидерлер катышты.
Элдик курултай Кумтөр алтын кени боюнча келишимди денонсациялоону, саясий куугунтуктарды токтотууну, Ташиев, Мамытов, Жапаровду, Саруулуктарды актоону бийликтен талап кылган чечим кабыл алды. Мына ушул иш чараларды уюштурууну А.Келдибеков жалгыз өзү, досу К.Ташиев үчүн колго алып көтөрдү. Муну бийлик билип турду.
Мындан сырткары, бийлик тарабынан Россиянын “Газпром”, “Роснефть” сыяктуу компанияларына “Кыргызгазды”, Камбар-Ата ГЭСин, Манас аэропортун берүү жөнүндөгү, айрыкча “Кыргызгаз” жөнүндө өзү жетектеген комитетинин тескери чечими, өзүнүн айрым сүйлөгөн сөздөрү А.Келдибековдун кылмыш ишин тездетүүгө себеп болду. Текебаевге кошулуп, Атамбаев да “команда” берген деген сөз болду. Эмнеси болсо да бийлик эптеп шылтоо таап А.Келдибековду камакка алды. Мен ага адвокат болгонум үчүн бийлик тарабынан жана өзүмдүн эле саясаттагы бир топ үзөнгүлөштөрүмөн жеме уктум. Бийликти го түшүнөм, бирок өздөрү бийликтин буюртмаларынан камалышкан аке, үкө үзөнгүлөштөрүмө түшүндүрүү кыйын болду. Алар баягы эле бийликтин кара ящиги болгон КТР аркылуу прокуратура берген тизмелерге, Келдибековдун “коррупциялык схемаларына”, байлыктарына ишенишип, “ушуну эмне коргоп жатасың, сен өзүң өмүр бою коррупция менен күрөшөсүн да анан кайра коррупционерди коргойсуң”-дешкенде, жок андай эмес деп айтсам, ого бетер Келдибековду коргогон адам болуп жүрдүм. КТРден күндө бир нече жолу Келдибековдун байлыктары деп узун тизмени көрсөтө берип, эптеп жашап жүргөн эл арасында Келдибековду Кыргызстанды жалгыз жеген “желмогуздай” көрсөтүп коюшту. Бул жагынан КТР эч кимди алдына салбайт эмеспи!
Кылмыш иштин ичинде андай узун тизмек жок экенине, камакка алынды деген айрым обьектилерге, мисалы Талас өрөөнүндөгү бир топ обьектилердин деги эле Келдибековго эч кандай тиешеси жок, эптеп эле жек көрсөтүү үчүн жазып коюлган тизмек экенине “ушакты айтсан ишенген, чындыкты айтсан өзүң ушакчы көрүнгөн” кыргыз элин ынандыруу кыйын болчу. Убагында Ф.Кулов, Т.Тургуналиев, И.Исаков деле ушундай ушак-айыңдарга кабылып, кийин акталышкан. Мага каршы Акаев, Бакиевдер “токуган” “ичкич-жегич” ушагын эми Атамбаев “токуп” улантып жүрөт. Эл деген сел экен да, кайда бурсан, ошол жакка ага берет экен.
Бийлик Келдибековго карата маалымат согушун ийгиликтүү өткөрүп, эл арасында “башкы коррупционер” катары көрсөтө алды. Ошол эле учурда Келдибеков коррупциялык иштери үчүн эмес, Кумтөрдү элге алдырбай жаткандарга, “Батукаевди чыгаргандарга”, “Кыргызгазды”, Манас аэропортун сатканы жаткандарга, “морадерлорго” каршы чыгып, саясий көз карашы үчүн камалып жатканын аз да болсо түшүнгөн адамдар бар болчу.
Эгерде Ташиев өзүнүн ойлонбой ала көөдөндүк кылып, Ак үйдүн короосун ашкан майда хулигандык аракеттери менен бийлик өкүлдөрүнө ага каршы кылмыш иш козгогонго негиз берсе, бийлик аны мамлекеттик бийликти басып ала турган аракеттерди жасаган деп, анын майда хулигандыгын “өзгөчө чон кылмышкер” катары көрсөтсө, Келдибековдун “эн коркунучтуу коррупционер” болуп көрсөтүлүшүнө эч кандай негиз жок болгондуктан, аргасы кеткен бийлик Жогорку Кенештин 120 депутатынын 89 депутаты “макул” деп добуш берип, Москвада ачылган Жогорку Кенештин атайын өкүлчүлүгү үчүн жалгыз Келдибековду күнөөлөдү. Ал атайын өкүлчүлүккө республиканын бюджети жөнүндөгү мыйзамы менен Кыргыз Өкмөтү акча каражатын бөлсө да, аны депуттар мыйзам түрүндө бекитсе да, ал мыйзамга Президент кол койсо да, Атайын өкүлчүлүктүн кызматкерлери республикалык бюджетте каралып аныкталган акчаны айлык катары алышкан болсо да, Эсептөө Палатасынын атайын өкүлчүлүктүн акча каражаттары мыйзам чегинде иштетилген деген корутундусуна карабай жалгыз Келдибековдун соттолгону эгемен кыргыз сот адилеттигиндеги жаңылык болду.
Коллегиалдуу орган болгон Жогорку Кенештин токтому үчүн бир гана добушка ээ анын спикери жалгыз соттолгон факты дүйнө жүзүндө Парламентаризм институту жаралгандан бери болгон биринчи окуя болуш керек. Бул Кыргызстанда Атамбаевдин доорунда болду. Жогорку Кенештин 50дөн ашык депутаты сотто “биз өзүбүз мыйзамдуу ыйгарым укугубуздун чегинде токтомдун долбооруна добуш бергенбиз” дегенине, Жогорку Кенеш, анын тиешелүү комитеттери Жогорку Кенештин Москвадагы атайын өкүлчүлүгү мыйзамдуу түзүлгөн деген расмий документтерине карабай, бир гана Текебаевдин көрсөтмөсүнө таянып, Келдибеков 2016-жылы жазында Бишкек шаардык соту тарабынан күнөөлүү деп биротоло табылды.
Мурда сотко келбей жүрүп, анан экинчи инстанциядагы сотко капыстан келген Текебаевди соттун дароо эле сурайм дегени, келип көрсөтмө берген Текебаев “мен сотко келип Келдибековго каршы көрсөтмө бербейт элем, мени анын адвокаты Бекназаров сотко келүүгө мажбурлады…” кыязында интервьюсун сотко келгенден кийин дароо эле чыгарганы да көп нерседен кабар берет. Коомчулук Текебаевдин макаласын окуду. Буга жооп бербесем, коомчулук түшүнбөй калышы мүмкүн эле, ошондуктан Текебаевге мен да жооп жаздым. Ошол жооптон окурмандар Келдибековдун кылмыш ишинин манызын туура түшүнөт болуш керек.
Аман эле болчу, Текебаев!
Өмүрбек Чиркешович, сен айткандай “Майдаланбай, дүңүнөн ой жүгүрткөн баатыр” катары мен жөнүндө ММКга чыккан интервью-маалыматтарга, анын ичинде буюртма ушактарга да жооп бербей, сага окшоп журналисттер менен соттошуп көрбөгөн жаным бу сапар сен Келдибековдун сотуна келип, “калчылдап-титиреп” берген көрсөтмөңдөн кийин бир эле убакта ондогон ММКга “граждандык позицияң” менен “адамгерчилик позицияңдын” ортосунда күрөшүп жатып “прагматик саясатчы” катары “Азимбек Бекназаровдун койгон тузагына түшүп бербеген, аңкоо саясатчы болбой”, берген интервью-макалаңдан кийин, мен да сага окшоп анча-мынча “граждандык парзымдан” кутулайын деп жооп жазууга аргасыз болдум.
Макала-интервьюңдун башынан аягына чейин өзүңдү “прагматик саясатчы” катары көрсөтүп, эгерде Келдибеков соттолуп кетсе “мен сотко барбайм десем болбой Бекназаров чакыртпадыбы”, ошол үчүн мен чындыкты аргасыз айткам, ал эми акталып кетсе, “сотто мен Келдибеков чоң коркунуч болбой калды, бул иш актуалдуу эмес, жоопко тартпаса деле болот деп айткам, Келдибеков ошол үчүн акталды”- деген кош максатты көздөп, баягы эле өтө этияттык кылып, “оппозиция терисин жамынган, бийликчил” эки Текебаев бойдон дагы деле жүргөнүңдү далилдепсиң. Дагы бир максатың Бекназаров менен Келдибековдун ортосуна от коюу.
Сотко сени мен Келдибековду соттотуп же актатып алуу үчүн эмес, Башкы прокуратурага Келдибековдун үстүнөн кылмыш иш козгоо боюнча “Ата-Мекен” фракциясынын чечимин чыгарып, кол коюлбаган, печаты жок, эч ким күбөлөндүрбөгөн ксерокопия документтерди тиркеп жөнөткөн катыңды “кантип эле республикага эмгек сиңирген юрист Текебаев ушуну жиберсин” деп күмөн санагандан кийин, аны тактоо үчүн чакырткам.
Сотто болсо, менин берген суроолорума: “биз жибере беребиз да, аны кылмыш козгогондордон сура”-деп бардык мыйзамсыз нерселерди адатыңча Салянова айымга аңтара салып кутулуп жаттың… Мына сенин “адамгерчилик позицияң”!
Сотто Келдибековдун Парламентте айткан стенограммада сакталып калган сөзүн окуп, “мына биз 3-4 кошумча штатка добуш бергенбиз, а Келдибеков “спецпредставитель” деген токтомго алмаштырып салыптыр”-деп анын өзүңө ыңгайлуу жерин окуп бердиң, же төрагалык кылуучу судьянын кыргыз тилин билбегенинен пайдаландың. Биздин сага: бул окуганың депутат Келдибековдун Парламентте сүйлөгөн сөзүбү?- деген сурообузга “Ооба”-дедиң.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72-беренеси боюнча депутат Келдибеков Парламентте айткан ой-пикири үчүн жооп береби?- десек “Жок” –дедиң. Анда эмне үчүн Келдибеков жоопко тартылып жатат?-десек, “аны прокурорлордон сура “-дегендей, аны да бечара Саляновага түртө салгандай болдуң. Ушубу сенин “граждандык позицияң?
Өмүрбек Чиркешович, биз сотто 50дөн ашык депутатты сурадык, анын ичинде 10 чактысы “Ата-Мекенчилер”, алар “биз “спецпредставитель” каралган токтом долбооруна добуш бергенбиз дешти, жалгыз сен “андай токтом жок болчу” деп жатасың?-деген суроого: “Алардын уяттары жок да, айта берет да деп, ал депутаттарды шылдыңдагандай жооп берип, анан Өмүрбек Абдрахманов деген экс-депутаттын “түбүнө жетериңди”, анын устүнөн жаңы арыз жиберип жатканыңды “калчылдап” жатып айттын. Ошондо сенин жан-дүйнөңдүн позициясы кандай абалда экени байкалып турду. Абдрахмановдун үстүнөн арыз жазып жатканыңдын Келдибековдун ишине эмне тиешеси бар эле? Жан-дүйнөсү соо адам аны айтпайт эле. Муну кандай позицияң деп түшүнөбүз?
Акырында, 89 депутат добуш берип токтом алынса, Өкмөт аны каржыласа, бюджет мыйзамына Президент кол койсо, бул маселе каралып жатканда Өкмөт менен Президенттин өкүлдөрү каршы болбосо, эмне үчүн бул токтом мыйзамсыз болот?-деген суроого: “Биз баарыбыз заблуждались”-дедиң, мен баарыңардын “заблуждениеңер үчүн жалгыз Келдибеков жооп бериш керекпи?-десем, унчукпадын. Муну Заслуженный юрист Текебаевдин кандай позициясы деп түшүнсө болот?
Дагы бир суроого, “Келдибеков “атайын өкүлчүлүктү” партиялашы үчүн өзү эле ачып салыптыр, аны биз кийин билдик”-деп жооп бердиң.
Иштин ичиндеги “Ата-Мекен” фракциясынын бардык документтеринде “спецпредставительство” жөнүндө айтылып эле жүрбөйбү, ал жерде Келдибеков “өзү токтомду жасап салыптыр”-деген бир да сөз жок, аны сотто 1-жолу өзүң айттың, мурда “подмена” деген сөз айтылбаган, бул Текебаевдин эмне деген позициясы?
Интервьюңда “мени сотко Бекназаров эле алып келди, болбосо келбейт элем, сотто мындай чындыкты айтпайт элем”-деп кайра-кайра өзүңдүн жеке “чындыгынды” айтыпсың. Бүгүнкү күндө сенин прокуратурага жиберген “фальшивый” документтериң менен кылмыш иш токулганы, Келдибековго айып угузулганы, сенин көрсөтмөң менен кылмыш иш козгоо токтому коендой окшош экени менен далилденүүдө, бирок сенин айткандарыңды колдогон, тастыктаган бир дагы башка далил жок, жок дегенде сени колдогон “уяттуу” 2-3 ата-мекенчи депутатты, “буйругуңду” аткарган Салянованы ээрчитип келип көрсөтмө бердиртип койсоң жүзүң жарык болмок, бирок ага “прагматик” чамаң жетпейт ко?!
Акыркы жылдары эл аралап жүргөн бир макал бар: “Азимбектей адвокатын болсо, прокурордун кереги жок”-депсин. Эл арасындагы “Текебаев морадерлордун ана башчысы”, “10 чакты ата-мекенчи, Текебаев бизди алдап кетти деп “мощенник” катары сотко бергени жатат экен”, “БНКны рейдерлик кылып басып алды”, “Бакиевдин үйлөрүн өрттөп, айрым офистерин тартып алган”-деген эл арасындагы сөздөрдү кокусунан укпадыңбы?
Спикерлик орун талашууда Келдибековго утулуп калганың үчүн атайын буюртма кылмыш токутуп, ал ишиң Салянованын Башкы прокурорлуктан, Нарынбаевдин Президенттин Аппарат жетекчилигинен кеткенден кийин “катуу көзөмөлгө” алынбай, сотто сенин фальшивый көрсөтмөң, каттарыңдан башка далил жоктугунан, соттор эмне кыларын билбей турганда өз мезгилинде “кош максаттуу” интервью менен өтө “прагматиктик” кылып басым жасоого аракеттенипсиң.
Өмүрбек Чиркешович, мен сендей акаевдик заслуженный юрист болбосом да, советтик доордо эки юридикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөн юрист катары Жогорку Кеңештин Москвада ачылган “атайын өкүлчүлүгү” үчүн кимдир бирөөнү соттойлу десек, анда өзүңдү баш кылып добуш берген 89 депутатты, ошол күнү Парламентте Өкмөттүн өкүлү болуп олтурган Д.Нарынбаевди, Президенттин өкүлү болгон А.Салянованы, Бюджет жөнүндө мыйзамга кол койгон бардык Өкмөт мүчөлөрүн, Президент Р.Отунбаеваны – баардыгын жоопко тартуу керек деп айтаар элем.
Анткени бюджеттин акчасы ушулардын айынан “талаага” чачылды. Ушундай болсо адилеттүү, мыйзамдуу, калыс чечим болот, ага Келдибеков да макул. Мен аны көндүрөм, сен айткандай “прокурор” болуп.
Антпесе, баарыңар үчүн бир Келдибеков жооп бергени кудайга да жакпайт, урматтуу “заслуженный юристим!”
Убагында сага окшогон эле адам бийлик адамдарынын жалган арыз-билдирүүлөрү менен буюртма жалган кылмыш иштер токулуп, жоопко тартылышкан И.Исаковдун, И.Кадырбековдун, Э.Булекбаевдин, У.Рыскуловдун, С.Аргынбаевдин, Балыкчыдагы 19 адамдын, К.Ташиевдин, Т.Мамытовдун, С.Жапаровдун ж.б. адвокаты да болгом.”Матрешка-гейтте” сени да жактагам. Келдибековдун сотуна келип көрсөтмө бергендеги абалыңды көрүп, ал жерде турган адамдарга “Текебаев досумдун бүгүнкү акывалын көрүп, Акмат сени эмес, Текебаевди коргогум келип кетти, деп айттым. Бул сөз жөн жерден айтылган жок, Өмүрбек Чиркешович! Мен сенден айырмаланып Келдибеков мага эч качан саясий оппонентим болгон эмес. Саясий өңүттөн, жасалма буйрук иштер токулуп, ким болбосун ак жерден саясаттан четтетүү үчүн жоопко тартылса, эгерде ал мага юридикалык жардам бер деп кайрылса, ал “Акаевдики”, “Бакиевдики” же Атамбаев, Текебаевдики экенине карабай, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук үчүн колумдан келишинче чын жүрөктөн жардам берем.
Адилеттүүлүк, мыйзамдуулук учүн күрөшүү менин тубаса позициям. Мен саясий оппоненттерим менен бетме-бет, тике, мыйзам талаасында ачык, көзмө-көз туруп күрөшөм. Сага окшоп бирөөнү артынан, же бирөөнүн колу менен душманыма эч качан бычак сайбайм. Саясатта Келдибековго караганда сен мага жакынсың, үзөнгүлөш болгонсуң. Нечендеген саясий күрөштөрдө катар жүргөнбүз. Бирок көбүнчө оппозиция терисин жамынып 25 жылдан бери саясатта жүргөнүң менен, тымызын ар качан бийлик менен жүрөсүң. Бул сенин саясатчы катары акылдуулугуң, куулугуң. “Экөөбүз бири-бирибизди абдан жакшы билебиз”-деп туура айткансың.
Ошон үчүн сени жакшы билген киши катары сага менин кааларым, аман эле болчу, Текебаев! Азимбек Бекназаров
«Искра плюс» №7 01.03.2016
2014-жылы март айында Улуттук Оппозициялык Кыймылдын Бишкек шаарында курултайы болду. Курултай М.Горький атындагы паркта өттү. Курултайды УОКтун теңтөрагалары К.Ташиев менен Р.Жээнбеков уюштурушту жана алып барышты, сөз сүйлөштү. Р.Жээнбеков “Атамбаев Манастан колунду тарт!”-деп Манас аэропортунун Россиянын “Роснефть” компаниясына өткөрүлүп жатканын, мурда болсо “Кыргызгаз” 1 долларга “Газпромго” сатылганын, ушундай маселелерге каршы болушкан Келдибеков түрмөдө жатканын, өтө чечендик, жүрөктүүлүк менен элге түшүндүрүп берди.
Курултай жанжалсыз өткөн жок. Нарындан курултайга келе жаткан Б.Жумабаева баш болгон делегацияны, М.Чолпонбаев баштаган бир топ аксакалдарды, К.Кадыров баштаган Ысык-Көлдүк делегацияны, С.Жапаровдун жактоочуларын жолдон кармап, кармай албагандарын курултайга өткөрбөй койгонго министр М.Турганбаев чон салым кошту. Курултайга Ош, Жалал-Абаддан келген делегаттар гана катышып калышты. Курултай бүтө элегинде кармалгандарды бошотуп келебиз деп Жээнбеков, Ташиевдер кетишип, ошол бойдон кайра келишкен жок. Р.Жээнбековдун өтүнүчү боюнча курултайды мен аягына чыгарып, элди таркаттым. Курултайга чакырылган бир да депутат келип катышкан жок. Ошондон кийин Р.Жээнбеков менен К.Ташиевдер илгери биз түзгөн КЭК, БЭКтин денгээлиндей УОКтун денгээлин көтөрүүгө кудуреттери жетерине күмөн санап калдым.
2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өзүн Атамбаевдин бийлигине келишпес оппозиция катары эсептеген А.Мадумаров күтүлбөгөн жерден Атамбаев менен “тил табышып” 2014-жылдын башында түрк тилдүү элдеринин Ассамблеясына Кыргызстандын өкүлү катары Стамбулга кызматка кетти. Анын мындай кадамына колдоп жүргөн түштүктүн саясатчылары нааразы болушту. Ошол эле учурда Атамбаевге да “эмне үчүн бизди бандит деген Мадумаровго кызмат бересиң”–деп бир топ революциялык уюмдар нааразылык билдиришти.
УОКтун дагы бир лидери М.Мырзакматов качып жүргөнүнө байланыштуу 2014-жылы анын үстүнөн “заочный” өкүм чыкты. Ал, анын партиясы, колдоочулары Атамбаевге каршы ар кайсы интернет сайттардан, ММКдан “муштумун” көрсөтүмүш болгону менен реалдуу эч нерсе кылышкан жок. Мырзакматовдун “популист-патриот” экенин сезишкен Ж.Рустембековго окшогон партиялаштары “Улуттар биримдиги” партиясынан чыгып кетишти.
Ушул жерде бир фактыны айта кетейин. А.Келдибеков камалган күнү кечинде К.Ташиевдин үйүндө түштүктүн бир топ лидерлери чогулушуп, мени анын адвокаты катары чакырышыптыр. М.Мырзакматов да бар экен. Ошондо баары биригип А.Келдибековду чыгарып алуу боюнча катуу иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырышты. Ошто өтө чоң митинг өткөрүүнү, ага Келдибековду коргоо боюнча башында М.Абылов, А.Абдугапаров ж.б. турган комитеттин өкүлдөрүн чакырууну макулдашышты.
Мен алардын “биз бириктик, ака сиз аксакал катары башыбызда туруп бериңиз” дегендерине ичимен ишенген жокмун. Себеби, мындай сөздү мурда да бир нече жолу айтышкандыктан бул үкөлөрүмү жакшы билип калгам. Болгону бириксеңер эн жакшы экен, Камчы сен түрмөдө жатканда сени колдоп Келдибеков нечендеген жыйындарга катышты, аны уюштурууга материалдык жардам берди, ошол үчүн да бийликке жек көрүндү, эми кезек сеники, жакшылыкка жакшылык менен жооп бер, дедим. Жыйынга Оштон келген Керим Сарбашев деген жигит катышып олтурду. Кийин М.Абыловдор Мырзакматовго ишенишип Ошко барып, Мырзакматовго жолугуп, бирок өтө чоң жыйын өткөрө алышкан жок. Бирок Ошто башында Керим Сарбашев турган Келдибековду коргоо комитети түзүлдү. Мырзакматов Ош шаардык кенешинен өтпөй каламбы деп кылчактап, Сарбашевге жакшы жардам берген жок. Аргасы кеткен К.Сарбашев 2013-жылдын 2-декабрында Ошто чон жыйынды өзү өткөрдү.
2014-жылдын жайында Керим Сарбашев үкөмдүн командасы Ош-Эркечтам жолун Сопу-Коргондон тостуруп, бийликти бир топ шаштырып, Келдибековду камактан үй камагына жана чет өлкөдө дарыланууга уруксат бергенге чоң көмөк көрсөтүштү. Мен жол тосуп турган элге алардын чакыруусу боюнча бардым. Келдибековдун иштеринин кандайча козголгонун, иштин жагдайларын, анын акыбалын жана жол тоскон элди мыйзам бузбоосун өтүнүп сөз сүйлөдүм. Ошондо Жогорку Кенештеги Алайлык 13 депутаттын бири да, бийликтен, же Келдибековдун партиялаштары, досторунан жол тоскондорго келбегенин угуп, Керим үкөмөн, — кана баягы нан тиштешип, кучакташкан достору?-деп сурасам, “Аке билбейм, алардын дареги жок, сиз ошондо эле аларга ишенбей, унчукпай басып кеткенсиз, аларды билген экенсиз да”-деп жооп берди. Болгону менден кийин К.Осмонов барыптыр.

Бирок жол ачылып, Келдибеков үй камагына чыккандан кийин “Атамбаевге чейин кирип мен чыгардым” дегендер байчечектей көбөйдү. Мурда Ташиевдер акталып чыкканда да сотко бир жолу да келип койбогондор пайда болуп, аны тегеректеп алгандай, Келдибековдун да айланасында ондогон ошондой достору пайда болуп калышты. Бирок азапты Керим үкөм тартып, жол тоскону үчүн камалып да чыкты, шарттуу болсо да соттолду, муну Келдибеков унутпашы керек, башка кыйынчылык түшүп турганда ким күйөрүн, ал эми ишин жүрүп, бийлигиң, байлыгың ташып турганда айланаңа да кимдер жүрөрүн талдап, билип, ажыратып жүрсө экен деген ак ниет менен айтып койдум. Келдибековдун досторунун ортосуна чок салайын деген ойдон алысмын.
М.Мырзакматовдун өзүнүн башында да “кара булут” турган эле. Мелиске Убактылуу Өкмөт таркагыча Мэр болуп турасың деген Бекназаров, Убактылуу Өкмөт таркагандан кийин өзү да бош калган. Андан кийин М.Мырзакматовдун Ошто Мэр болуп иштеп турушуна жардам беришкен Ташиев соттолуп, Келдибеков эми соттолууга жакындап түрмөдө жаткан, ал эми Мадумаров Мырзакматовдун “түштүктүн ханындай замашкаларына” өз пикирин ачык билдирип, Атамбаевге ыктап кетти.
Ушундай кырдаалда М.Мырзакматов акыркы күчүн жыйнап 2014-жылдын 14-январында Ошто өтө чон жыйын өткөрдү. Жыйынды Келдибековдун жактоочуларынын жардамы менен өткөргөнүнө карабай негизинен өзүн пияр кылды. Бирок ага бул жыйын жардам бербеди. Аны өзүнүн мурдагы партиялаштары, башкалар сатып, бийлик акыры Мырзакматовду Оштун “хандыгынан” алып түштү. Мырзакматов 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Бакиевди Ошко киргизбей койгонго чон жардам берип, Кыргызстанды граждандык согуштан сактап калганга, июнь окуясында өзбек сепаратисттерине бекем каршы туруп, жана Ош шаарына бир топ алгылыктуу, мисалы, Манастын, Барсбектин, Алымбек датканын эстеликтерин ж.б. орнотуп, жолдорду, көпүрөлөрдү салдырганы үчүн элдин, менин да эсимде калды.
Бийлик аны Мэрликтен эле алып түшүп тынчыган жок. Текебаевдин тымызын аракетине алданган Мырзакматов Атамбаевге жеке душмандай көрсөтүлүп, акырында соттолуп кетти. 2015-жылкы Жогорку Кенешке болгон шайлоодо Текебаев Мырзакматовго ошол эле Салянованын колу менен кылмыш иш козголгонуна карабай, Салянова экөөн тең “бир короого айдап кирип” өз максатына жетти. Анын “Мырзакматовду актатам, Кыргызстанга алып келем” деген сөздөрү “шайлоонун шайтан оюндары” экенине Мырзакматовдун акылы жеткен жок. Жок дегенде, өзүнө кылмыш иш козгогон Саляновага кошулбай койбой, же ага “Мырзакматовдун күнөөсү жок, мен бийликтин заказы менен иш козготком же менин прокурорлорум мен айтканды укпай койду”-деген сөздү элге ачык айттыра алган жок. Себеби, 2014-жылдын башында М.Мырзакматов дээрлик мурдагы командасынан, досторунан айрылып, жалгыз калган болчу. Анын ишенген А.Кадырбаев, С.Өмүрзаков, К.Асанов ж.б. кыйышпас достору Жаныш Бакиевди кандай унутушса, эми Мелисти да ошондой унутушуп, КСДПга өтүшүп, И.Илмиянов менен достошуп кетишкен эле.
Ал эми Келдибековго, Ташиевге, Мадумаровго болсо, “силер Ошто эч ким эмессиңер, мен кожоюнмун”-деген мамилесин көрсөтүп жүрүп, акырында Текебаев менен Атамбаев аларды бир-бирден “жайлады”. Ташиев менен Келдибеков аз болсо да каршылык көрсөтүп, түрмөгө олтурганга, соттолгонго чейин барышты, ал эми Мелис соттолуп жатса да өзүн-өзү “кара кулак шер”, “жолборс””, “арстан” деп элди кыйкыртып жүрүп акырында сыртка качып кеткени “жолборстун” иши болбой калды. Анын үстүнө, 2015-жылкы Жогорку Кенешке болгон шайлоодо Атамбаев өз партиясына үгүт иштерин жүргүзүп жүрүп: — “Мырзакматов мени бала кылып алыңыз, ата деп жүрөйүн деген, ошо бойдон жүрө бергенде булар жок эле”-дегендей кыйытып айткандарына, Мырзакматов “жок андай деп айткан эмесмин, менин бир эле атам бар, Атамбаев мага ата эмес”-деп жооп бербеди. Демек, Атамбаевдин айткандары чын болду.

Чыныгы саясатчы бийликте турган каршылашынын Топчукем айткандай, “курортунда” эс алуусунан коркпоо керек, керек болсо аяктын да тузун татыш керек. Бийликтин кысымына чыдабай, сыртка чыгып кеткендер же майда-чүйдө кызматка “сатылып” кеткендер чыныгы саясатчы эмес, алар эптеп кызмат алыш үчүн же байлыгын сактап калыш үчүн убактылуу оппозиция терисин кийишкендер болот. Атамбаевдин доорунда да нечендеген “оппозиция” пайда болуп, бирок улуттук денгээлге алигече чыга албай турат. Көпчүлүк оппозиционерлер интернет-сайттардан интервью бергенден, сындап койгондон башка конкреттүү иш-чараларды кылууга аракеттенишпеди. Нечендери куугунтукка чыдабай качууга аргасыз болсо, айрымдары кичине эле куугунтук болсо сынып “дүжүргө” айланып калышууда. Айрымдары түрмөгө камалышты, ынтымак болбоду.
Алардын акыркылары 2016-жылдын 24-мартындагы Ош шаарында өтө турган элдик курултайга шылтоолонуп камакка алынышты. Алар К.Кадыров, Б.Асанов, Д.Сарыгулов ж.б. Алардан көп өтпөй эле “Коомдук парламент” менен Атамбаевди “Ормон опузага” салып коркуткан Б.Талгарбековдун командасы болду. Менин жеке пикиримде жогоруда аталган оппозиционерлердин аракеттеринде Кыргызстандын Конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө же мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракеттенгендик кылмышынын курамдары жок.
Бул жерде “Эл үнү” тарабынан Ош шаарындагы 2016-жылдын 24-мартына белгиленген элдик курултай Атамбаевге уйку бербей, акырында чыдабай ал өзү Ошко барып курултай өткөрүүчүлөргө ар кандай ярлыктарды таккан чакырыктары тескерисинче кылмыш болот. Анткени, элдик курултай өткөрүү бул Кыргызстандын жарандарынын Конституциялык укугу. Элдик курултайда бийликтин иштерин сындоо, ага сунуштарды берүү да Конституциялык укукка кирет. Аны өткөрүүгө карышылык кылуу кылмыш болуп эсептелет.
Бирок Атамбаев үчүн бул өтө коркунучтуу көрүндү. Себеби, Атамбаев Акаев, Бакиев да курултайлардагы элдин талаптарын аткарбаганы үчүн эки элдик революция болгонун билет. Атамбаев кезегинде элдик курултайларды уюштургандардын бири катары аны жакшы түшүнөт. Ал эми азыркы “оппозициядамын” дегендердин көпчүлүгү элдик курултайдын күчү эмнеде экенин билишпегендигинде жана бул Конституциялык институтту жарандардын укугу эмес, элдик бийликтин түрү катары эсептешип жаңылып жүрүшкөнүндө.
“Эл үнү” тарабынан 2016-жылдын 22-мартында Аксы районунун борбору Кербен шаарында өткөрүлгөн курултайдын 1-этабы бийликти чоочутуп, тездик менен айрым радикалдык көз караштагы оппозиционерлерди камоо менен 24-марттагы курултайды өткөрбөй койгонго жасаган иш чараларынын бири болду. Ош шаарына оппозицияга каршы топтолгон 3 миңдей күч структуралары, “ОБОНчулар” бийликтин канчалык деңгээлде өз бийлигинен ажырап калам деп коркконунан кабар берип турду.
Аксыдагы чек ара маселеси боюнча, Оштогу түзүлгөн кырдаалды эске алып, 24-марттагы курултайды белгисиз башка мезгилге жылдырууга аргасыз болдук. Бийликтин андан кийинки кадамдарын көрүп, биз “Эл үнү” 24-мартта курултай өткөрбөсөк да бийликти бир жолу эсине келтирдик деп эсептейбиз. Аксыда өткөн 2016-жылдын 22-мартындагы курултайдын биринчи этабында Премьер-министр Т.Сариев курултай өткөртпөөгө аракет кылды. Бирок ага карабай, курултай өттү жана чечим кабыл алды.
“Эл үнү” саясий-коомдук кыймылы 2016-жылдын февраль айынын башында 24-мартта Ош шаарында элдик курултай өткөрүү боюнча чечим кабыл алган эле. Ал курултайга бир ай мурда Атамбаевден тартып бардык саясий партиялар чакырылган. Максат — өлкөдөгү саясий экономикалык, социалдык маселелерди талкуулоо, газдын, токтун, суунун, башка коммуналдык төлөмдөрүн, жөлөкпулдарды, тоолуу, катаал шарттуу калктуу конуштардан жеңилдиктерди алып салууну, чек ара маселелери, акча-насыя саясаттарын, Кумтөр, Жер-Үй жана башка кен байлыктар жөнүндө, сөз эркиндигин муунтуу саясаты боюнча кенен элдик талкуу уюштуруу болгон.
Элдик курултайга дээрлик оппозиция маанайындагы саясий партиялар, саясатчылар катышаары белгилүү болду. 24-мартта Ошто элдик курултай өткөрүү жарыяланган күндөн баштап бийликтин тынчы кетти. Президент Атамбаев өзү Ошко, Жалал-Абадга 15-17-мартта иш сапарга чыгып, Ошто элдик курултай өткөрбөөгө күч структураларын, элди үндөдү. Ал курултай өткөрүүчүлөрдү “эл бузарлар”, “канга тойбогон кузгундар”, “аларды ташбараңга алгыла”-деген чакырыктар менен элге кайрылды.
Күтүлбөгөн жерден 2016-жылдын 18-мартында Аксы-Ала-Бука жолунун Сары-Булак участкасын Өзбекстандын аскерлери кирип басып алды. Атамбаев Парламент же Өкмөт оппозицияга каршы иш жүргүзгөндөй чек араны бузуп келгендерди чыгаруу боюнча иш чара көргөн жок. “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылынын мүчөлөрү 24-марттагы Ошто өтө турган элдик курултайдын 1-этабын Аксы районунун борбору Кербенде 22-мартта өткөрүп, жергиликтүү элге колдоо көрсөтүүнү чечтик. 22-мартта Кербенде жыйындын алдында Сары-Булакка барып, чек арачылар менен жолугуштук. Абалды көрдүк. Өзбектер Кыргызстандын жерин, жолун бир тараптуу басып алган экен.
Кайра Кербенге келсек эл алдында Т.Сариев: “Бул жерлер спорный жерлер экен, ошол үчүн Өзбекстан басып алды, аларды сүрүп чыгарабыз…”-деп сүйлөп жатыптыр. Анын Сары-Булакты “спорный” деп билбей туруп айтып жатканына ачуум келип, Сариев кете элегинде айтып калууну туура көрүп, чыгып айттым. – Силер Акаев баш болуп Үзөнгү-Куушту да “спорный” дер жүрүп Кытайга бергенсиңер, эми Аксынын талаш эмес жерин “спорный” деп жатасыңар, жок дегенде өзбектер басып алган жердин кимики экенин жакшылап билип албайсыңарбы? Сары-Булак кыргыздардыкы, болгондо да ал жерлер элге үлүшкө берилген жерлер. Мурдагы Аксы- Ала-Бука каттам жолун Өзбекстан бир тараптуу басып алгандан кийин, Кыргызстан 1998-2000-жылдары талаш эмес Сары-Булак аркылуу айлампа жолун салууга аргасыз болуп, ошондо жол “спорный эмес” Сары-Булак аркылуу өткөн -деп Сариевге жооп бердим. Ал мага каяша кылып, “Азимбек Анаркулович, көзүңүздү карап туруп айтам, муну өзүңөр мурда чечип койбойсуңарбы!”-деп кызууланды, ачуу чындыкка чычалап кетип калды.

Жыйында көптөгөн адамдар сүйлөдү. Аксы районунун акими М.Айдаралиев уюштурган менин мурдагы айрым шайлоочуларым, Оштон атайын алып келинген, гражданча кийинген милиция кызматкерлери менен жыйынды бузууга аракет кылды. Бирок маселе жер жөнүндө, Унгар-Тоо, Сары-Булак жөнүндө болуп жаткандыктан көпчүлүк эл бийликтин айтканын колдободу.
Акырында жыйын “Эл үнү” тарабынан сунушталган чечимдин долбоорун бир добуштан колдоду.
Аксы районунун Кербен шаарында 2016-жылдын 22-мартында өткөрүлгөн Элдик Курултайдын
Ч Е Ч И М И :
1. 2016-жылдын 18-мартындагы Кербен — Ала-Бука автожолундагы Кыргыз Республикасынын Аксы районуна караштуу Сары-Булак участкасын Өзбекстандын аскер күчтөрүнүн бир тараптуу ээлеп алышы, Эл аралык укуктардын, Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жана бири-биринин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын таанууда, мурдагы СССРдин курамындагы Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин чек ара аймактарындагы келишимдерди Өзбекстан тарабынан одоно бузуу деп белгиленсин;
2. Өзбекстандын Кыргыз Республикасынын чек арасын бир тараптуу бузуусу кылымдардан бери базары, мазары, дини, тили бир, бирге кошуна жашап келген, дагы түбөлүк кошуна жашай бере турган кыргыз улуту менен өзбек улутунун бир туугандыгына доо кетирүүчү жол берилгис кокустук катары баалансын;
3. Бул кокустукту эгемендиктин 25 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын мурдагы жана азыркы бийлигинин тышкы саясат жүргүзүүдө, өзгөчө коңшу өлкөлөр менен теңата, туруктуу, эгемендүү мамиле жүргүзө албагандыгынын кесепети деп таанылсын;
4. Аксы – Ала-Бука автожолундагы Сары-Булак участкасы кылымдардан бери, совет доорунда да, эгемен доорунда да, азыр да кыргыз жери экендиги белгиленсин;
5. Өзбекстан Республикасынын Президенти И.Каримовдон бул инцидентти кыргыз, өзбек элинин түбөлүк коңшу, бир тууган эл экенин эске алып, тез аранын ичинде тынчтык жолу менен жөнгө салуу суралсын;
6. Россия Федерациясынын Президенти В.Путинден – дүйнөлүк жана постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлеринин бири, СНГ, ШОС, ОДКБ, ЕврАзЕС сыяктуу регионалдык саясий-экономикалык уюмдарынын жетекчилеринин бири катары, Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосунда пайда болгон чек ара конфликттин жөнгө салуу боюнча ортомчулук кылуу жагы суралсын;
7. Биз кыргыз эли ата-бабаларыбыз көздүн карегиндей сактап келген кыргыз жерин эч качан коңшу өлкөлөргө кандай гана жол менен болбосун тарттырып жиберүүгө жол бербей турганыбызды БУУга жана башка Эл аралык уюмдарга ачык билдиребиз жана алардан бул конфликттен чоң эл аралык жаңжал чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнөбүз.
Бул чечим 2016-жылдын 22-мартында Аксы районунун Кербен шаарында Кыргызстандын баардык региондорунун өкүлдөрү катышкан элдик жыйында кабыл алынды.
Жыйында Ч.Абыкеев, К.Кадыров, К.Ташиев, М.Усенов, А.Айтикеев ж.б. жергиликтүү лидерлер сүйлөштү. Ошол чечимди шылтоолоп мени Өзбекстандын “агенти” деп бийлик жамандаганга үлгүрдү. Бул эми күлкүлүү окуя болду. Биз Өзбекстандын Президенти И.Каримов менен биздин Президент А.Атамбаевдин мамилеси өтө начар экендигин, а, Каримов болсо Сары-Булакты басып алуу менен Атамбаевден Унгар-Тоонун чокусун эртелеп бошоттуруп алуу үчүн жасап жатканын билгенбиз. Ошондуктан Атамбаевди сыйлабасаң, кыргыз элин сыйла, жолду бошот деп Каримовго кайрылдык. Ошол Каримовго кайрылганым үчүн аларга “агент” болуп калдым. Кербен шаардык кеңеши тарабынан Т.Сариевдин Унгар-Тоону Өзбекстандыкы деп эсептеп, ал жердеги биздин станцияларды башка жакка көчүрүү үчүн чыгарган Протоколун, ага 100% каршы болгон Кербен шардык кенешинин чечимдерин угуп, айрым документтерди алып “Сары-Булактын чырынын” тамыры башка жакта экенин билдик. Т.Сариевдин: “Бизде секретный документтер бар, аны силерге айталбайм”-деп элге актанган документи өзүнүн Протоколу экен. Ал документти бизге жергиликтүү кенештин депутаты Жаки Надырбеков берди. (№ 18-тиркеме)
Ал документти окуп, Жалал-Абадга келип, 24-мартта Ошто элдик курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ жыйналып, түзүлгөн кырдаалды эске алып, жана “Ата-Журт” партиясынын лидери К.Ташиевдин “Оштогу курултайды өткөрбөй кое туралы, Ош шаардык кенешине “Ата-Журт” партиясынын лидерлери талапкер, аларга курултайдын залакасы тийип калышы мүмкүн”-деген өтүнүчүн да эске алып, курултайды башка белгисиз күнгө котордук. 23-мартта Бишкекке келип атайын пресс-конференция өткөрүп, курултайды Аксыда, Ошто түзүлгөн кырдаалдарга ылайык башка күнгө которгонубузду жарыяладык. Эн башкысы Премьер-министрдин “жашыруун документин” элге жарыя кылдык. Пресс-конференция аркылуу мен, Т.Сариевге өз протоколун өзү жокко чыгарууну, ал эми Жогорку Кенешке болсо, эгерде Т.Сариев өз документин жокко чыгарбаса Жогорку Кенеш аркылуу жокко чыгаруу боюнча Аксы элинин, Аксыда өткөн элдик жыйындын, “Эл үнү” кыймылынын атынан өтүнүч келтирдим. Ал документтерди Аксы коомуна билдирип, Аксы коомунда да башында атактуу сүрөтчү А.Турсункулов турган Унгар-Тоону коргоо тобун түздүк. Аксы коомунун атынан атайын кайрылуу кабыл алып, аны Аксынын депутаты К.Жумалиевге тапшырдык. Ал кайрылууга Т.Тургуналиев баш болгон бир топ Аксынын мыктылары кол койду.
Бирок бийлик бийликтигин кылды. Депутат К.Жумалиевдин Унгар-Тоону Өзбекстандыкы деген Т.Сариевдин протоколун жокко чыгарууга күчү жетпеди. Аксылык “мыктычыкмалар” Т.Сариевге кирип чыгып, бийликти “туура түшүнгөнүн” билдиришти. Унгар-Тоо аферасын ачыкка чыгарган мени “Өкмөттүн документин бурмалаган” деп Башкы прокуратурага ал документтерди кошуп текшерүү үчүн жиберишти. Ошол эле учурда Кербен шаардык кенешинин бир катар депутаттары Т.Сариевдин протоколу чын экенин, алар жергиликтүү кенеште караганын айтып чыгышты. Т.Сариевге Президент А.Атамбаев жардамга келди. Адаттарынча күнөөнү кеткен бийликке, К.Бакиевге, А.Жекшенкуловго шылташты. Бирок аны жокко чыгарабыз деп моюндарына алышпады. Башкы прокуратурасы текшерүүнүн жыйынтыгын элге жарыялаган жок. Өз беттерин өздөрү ачкылары келген жок.
Мен Унгар-Тоо, Сары-Булак үчүн бийликтин кезектеги “жамандоосуна” кабылдым. Бирок кыргыз жеринин тынч, жең ичинен Өзбекстанга өтүп кетишине бөгөт койдум. Ага карабай эгер Унгар-Тоо чокусу Өзбекстанга өтүп кетсе, тарых алдында Президент А.Атамбаев, Премьер-министр Т.Сариев, аким М.Айдаралиев, Аксы коомунун айрым “мыктычыкмалары”, депутат К.Жумалиев күнөөлүү болот. Анткени Т.Сариевдин токуган протоколу иш жүзүндө Унгар-Тоону “Өзбектердики” деген документти жокко чыгарууга Жогорку Кенештин 100% укугу бар эле!
2016-жылдын 19-августунда Өзбекстандын аскер күчтөрү Аксыдагы Унгар-Тоону басып алды. Унгар-Тоодогу телерадио, байланыш станцияларында иштеп жүргөн Кыргызстандын төрт жаранын уурдап Өзбекстанга алып кетишти. Өзбекстандын чек арачылары Кербен айылынын айрым тургундарынын чек арага жакын жерде, Унгар-Тоонун этегинде жайылып жүргөн малынан бери айдап кетишкен.
25 жыл ичинде чек ара тилкелеринде, айрыкча Өзбекстан, Казахстан, Таджикстан менен мындай окуялар көп эле болгон. Бирок мындай оройлук, өзүм билемдик, “колуңардан эмне келет?”-дегендей тоготпогондук менен чек араны бузуп кирип, кыргыз жерлерин ээлеп алуу, кыргыз жарандарын кармап кетүү болгон эмес.
2016-жылдын март айындагы Аксы- Ала-Бука жолундагы Сары-Булак участкасын басып алгандан бери 6 ай өттү. 2016-жылдын 23-мартында “Эл үнү” саясий коомдук кыймылы бийликке Өкмөт башчы Т.Сариевдин “Унгар-Тоону Өзбекстандыкы, ал жердеги Кыргызстандын обьектилерин башка жакка көчүрүү үчүн башка жер бөлүп бергиле”- деген протоколун ачыкка чыгарып, Унгар-Тоону Өзбекстандыкы эмес, кылымдардан бери кыргыздын жери болгондугун айтып, Сариевдин документтерине окшогон өкмөттүк документтерди жокко чыгаруу керек деп Жогорку Кенешке депутат К.Жумалиев аркылуу кайрылдык.
Өкмөттүк документтерди жокко чыгаруунун ордуна “Бекназаров Өкмөттүн документтерин жасалмалап койгон”-дешип, Башкы прокуратурага беришкен. Ошол боюнча Унгар-Тоону унутуп коюшкан эле. Эми өзбектер Унгар-Тоонун өзүн ээлеп алышты.
Унгар-Тоо боюнча 2016-жылдын 26-августунда Кербенде митинг болду. Митингге менин чакырылганымды билген бийлик адатынча мага каршы күч топтоп, митингди өткөртпөөгө аракет кылды. УКМКнын биринчи орун басары Д.Чоткараев, ИИМдин биринчи орун басары К.Асанов жетектеген 300дөй күч органдарынын кызматкерлери Ош, Жалал-Абаддан алып келинди. Кербен эмес, андан 45 чакырымдай алыстыктагы Кара-Суудагы үйүмөн бери “кайтарып” турушту. Аким М.Айдаралиев өзүнүн адамдарын, бюджетниктерди мага каршы топтогону угулду. Ал эми Унгар-Тоону коргоо комитетин жана башка активисттерди, мени чакырган Курулуш, Торук айылдарынын айрым тургундарын митингге чыгарткан жок.
Ага карбай митинг өттү. Мен элге чек ара маселесинде оппозиция, позиция дебей бир муштумдай бир болууну, Унгар-Тоону колдон чыгарбоо үчүн активдүү болууга чакырдым. Бирок элге, 2016-жылдын 23-мартынан бери 6 ай өттү. Сариевдин “Унгар-Тоону Өзбекстандыкы” деген протоколун жокко чыгарып, ал тууралуу Өзбекстанга нота жиберип, бир ротаны Унгар-Тоонун үстүндөгү стратегиялык обьектилерди кайтартып койгонго бийликте реалдуу мүмкүнчүлүк бар эле, аны кылбады, анын ордуна “Унгар-Тоо мурда эле Бакиевдердин тушунда Өзбекстанга өткөрүлгөн” деген саясатты КТР, ЭлТР аркылуу жүргүзүп жатканы “Унгар-Тоонун үстүндөгү радио-линейный станцияларды, башка обьектилерди которуу үчүн Кербен шаардык Кенешинен жер бөлүп бергиле”-дегени, Кербен шаардык кенеши жер бөлүп бергени туура эмес,- деп айттым.
2016-жылдын 31-августунда Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдык мааракеси Унгар-Тоону Өзбекстан бир тараптуу басып алып, Кыргызстандын кол тийбестиги бузулуп, Атамбаев башында турган бийлик эмне кыларын билбей, 25 жылдык мааракеге келген Р.Отунбаевага, башкаларга адатынча асылып сүйлөө менен өткөрүлдү. Атамбаевдин дайыны жок, “өйдүк-сөйдүк” сөздөрүнө чыдабаган экс-Президент Р.Отунбаева борбордук аянттын трибунасын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Көз карандысыздыктын, эегемендиктин 25 жылдыгы Атамбаевдин өз оозуна алы жетпеген “дөөдүрөктүгү”, Унгар-Тоону Өзбекстандын басып алуусу, Кыргызстандын жарандары мал-кели менен өзбек чек арачылары тарабынан кармалып, айдалып кеткени менен белгиленди. Бул Атамбаевдин алты жылдык “хандыгынын” жыйынтыгы болду.
Алты жылдан бери тышкы саясатты жеке өзү аныктап, мамлекет башчы, башкы кол башчы, Коргоо кенешинин төрагасы катары, чек ара кызматын жеке өзү башкарган кызмат адамы катары ал мамлекетке орду толгус саясий, материалдык зыян алып келди.
2016-жылдын 31-августунда Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүн уккандан кийин менин ага болгон үмүтүм биротоло өчтү. Мен кыскача видеокайрылуу менен элге чыктым. Унгар-Тоону бийлик чечпесе, биз элдик курултай өткөрүп элге чыгууга аргасыз болорубуз жөнүндө, Унгар-Тоону өзүбүз коргоорубуз жөнүндө элге, Президентке кайрылдым. Унгар-Тоонун басылып жатканына бүгүнкү башында Атамбаев турган бийлик күнөөлүү экенин дагы бир жолу белгиледим.
Бийлик болсо Унгар-Тоодон өзбектерди кууп чыгуунун, өзбектер тарабынан кармалып кеткен кыргыз жарандарын бошотуунун ордуна, Ысык-Көлдө көчмөндөр оюнун баштады. Кайсы көчмөн жерин бастырып коюп ат чабыш, көк бөрү ойночу эле?! Бүгүнкү кыргыз бийлигинде олтургандардын чыныгы көчмөн тукумдарынан экенине ушундан кийин кантип ишенесиң?!
Жогорку Кенеш 12-сентябрга чейин “каникулга” кетти. “Унгар-Тоо үчүн Бекназаров күнөөлүү, дагы тополоң кылганы жатат”,-деп КТР, ЭлТР, НТС аркылуу дагы шыбала баштадым. Чындыгында, “уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат”-деген ушул эмеспи?!
6 айдан бери Унгар-Тоону Өзбекстандыкы деген Сариевдин протоколундай, документтерди жокко чыгарып, ал тууралуу Өзбекстанга нота жиберип, Унгар-Тоого бир рота коюп кайтартып койбогон бийлик, кайра Унгар-Тоо боюнча Бакиев, Жекшенкуловдор мурда эле кол коюп коюшкан дешип, Кумтөрдү Акаев, Бакиевдерге шылтагандай, күнөөнү Бакиевге шылтап, башка чара корбөгөнүнө караганда Унгар-Тоону Өзбекстанга биротоло берип койгондой сезилди. Бакиев, Жекшенкуловдор кол коюп берген күндө да, кыргыз-өзбек чек арасы Жогорку Кенеш аркылуу ратификация болуп, биротоло чечиле электигин элге айтышкан жок. Аларды жооко чыгарып коюу азыркы бийликтин ыйгарым укугу. Эгерде Унгар-Тоо Өзбекстанга өтүп кетсе, ага күнөөлүү азыркы бийлик болот.
Ал эми Б.Талгарбековдун “Коомдук Парламент” деген уюм аркылуу эки жолу пресс-конференция берип бийликти катуу коркутканы бийликтин чындыкты сүйлөгөн, бийликтин кемчилигин бетке айткандарды камап салгандан башка аргасы жок экенин дагы бир жолу тастыктады. Д.Сарыгуловду, анын командасына, К.Кадыров менен Б.Асановду, Б.Талгарбековду жана анын командасына кылмыш иш козгоого негиз жок болчу. Алардын өйдө-ылдый “Ормон опузалары” боюнча Башкы прокуратура же башка тергөө органдары аларды чакырып сүйлөгөн сөздөрү, айрым чакырыктары боюнча аларга катуу эскертүүлөрдү берип чектелиши керек эле. Ага болбой дагы ошондой кадамдарын, чакырыктарын улантышса анан кылмыш ишин козгоп тийиштүү чара көрсө болмок.
Атамбаевдин доорунда да сөз эркиндиги кескин чектелди. Бакиевдин доорундагыдай журналисттер токмоктолуп, өлтүрбөсө да миллиндогон айыптарга сот аркылуу “сындырылып”, анан соттун чечимин аткарбаганы үчүн кылмыш куугунтугуна алып же ММК каражаттарынан мыйзамсыз ажыратылды же жабылды. Ага мисал кылып, У. Ботобеков, Д.Орунбеков, А.Айтикеев, Т.Акимовдорду ж.б. атасак болот.
Атамбаевдин бийлиги коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Казахстан, Таджикстан, Кытай менен көзгө көрүнөрлүк жаңы алака мамиле түзө алган жок. Тескерисинче айрым кошуна өлкөлөрдүн Президенттеринин атына үйрөнгөн адатынча оппозицияга асылгандай жаман сөздөрдү айтып, мамилени татаалдантты. Жыйынтыгында Өзбекстан бир тараптуу Кыргызстандын аймагына 2016-жылдын 18-мартында куралдуу кирип келип, Аксы – Ала-Бука жолунун Сары-Булак участкасын ээлеп алды. Аксы районунун Унгар-Тоосун “Өзбекстандын аймагы” деп өкмөттүк документтерди мыйзамсыз чыгарышып, андай катачылыкты моюнга алгандын ордуна Сариев экөө бет тырмачылыкты көрсөтүштү. Ушул күнгө чейин эки тараптуу делимитация, деморкация иштери бүтпөй туруп, башы чечиле элек Унгар-Тоосундай участокторду “Өзбекстандыкы” деп Өкмөттүк документтерге жазып, аны өздөрүнүн КТРи, ЭлТРи аркылуу “мурдагы бийлик чечип койгон” дегендей кылып, элдин кулагына куюп көрсөтүп, иш-чараларды өткөрүү чыккынчылыкка тете иш болот. Мурдагы Өкмөт мүчөлөрү А.Жекшенкулов же кайсы бир губернатор кетирген катачылык болсо да, кыргыз-өзбек чек арасы Жогорку Кенеш аркылуу биротоло бүтө элек, аны ондоп, түзөөгө дагы деле болсо мүмкүнчүлүк бар. Сары-Булакты кайтарбай, өзбек аскерлерине бастырып жиберген ошол кездеги Чек ара кызматынан башчысы жазалануунун ордуна, көп өтпөй Генштабдын башчылыгына көтөрүлдү!
Чек ара маселеси да Атамбаевдин саясатында анын Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн депутаттары, Өкмөтү үчүн Кумтөр маселесине окшош жүргүзүлдү. Баарына Акаев, Бакиев күнөөлүү, Атамбаев эмес! Ооба, алар күнөөлүү, бирок Атамбаевге элдик революция менен Кыргызстандын эли Акаев менен Бакиевдин кетирген, жаңылган кемчилик-каталарын ондо деген тарыхый миссия берди да, алардын түзүп кеткен “коррупциялык схемалары” менен бийлигинди жүргүзө бер деген жок да!
Ал эми Конституцияга каршы болсо да мыйзам деңгээлинде тышкы саясатты “узурпация” кылган Атамбаев бир сөз менен айтканда өзү эле эмес, Кыргызстанды да эл аралык денгээлде уят кылды. Атамбаевдин айрыкча Россия Федерациясы менен Камбар-Ата ГЭСтери, Бажы союзуна кирүү маселесиндеги аракеттери К.Бакиевдин Манас аэропортундагы АКШнын аскер күчтөрүн чыгаруу боюнча Россия менен “ойногон” оюндарына окшоп кетет. К.Бакиев уулу Максимдин ач көздүгүнөн ошого барган. Ал эми Атамбаев эмне себептен андай катачылыкты кетирди? Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүнбү? Андай десек, Бажы союзуна кирип жатканда эмнени ойлоду эле? Элге эмне деген убада, сөздөрдү айтпады?! Назарбаев экөө чек араны да ачышкан болчу. Жыйынтыгы кана?
Ошондо эле бир топ саясатчылар, серепчилер, анын ичинде мен дагы “шашкан шайтандын иши”, Кыргызстан өнүгүп келе жаткан жаш өлкө катары тышкы саясатта “нейтралитет статусун” карманышыбыз керек деп, “Унчукпай коюуга укугум жок-2” деген ачык каттарымды Атамбаевге жибергем. Анда ал кимди укту?! Кийин кайра Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди денонсация кылганга эмне түрткү болду? Камбар-Атаны Россияга бергенде кетирген катачылыкты, аны денонсация кылганда дагы кайталады. Экөө тең жеңил ойлуулуктун иши болду. Кыргызстан Атамбаевдин жеке үйүнө же Медиа-Форумуна айланды. Эмне кылам десе кылып жатты.
Менин жеке оюмча тышкы саясатта Атамбаев мамлекеттик ишмер эмес, ийгиликтүү коммерсанттын денгээлиндеги иштерди жүргүзө алган жок. Буга 5-жана 6-чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаттарынын да күнөөсү бар. Алар Атамбаев эмне десе ошону аткарып, нотариалдык конторага айланып калышты.
Атамбаев менен Жогорку Кенештин тышкы саясатты жүргүзүүдө көп жылдык программалык стратегиялык багыты, иш пландары жоктугунан тышкы саясат Атамбаевдин Россиянын Президенти В.Путинге карата болгон жеке саясатына жараша, жаш баланын ишиндей кейипке түштү. В.Путин күлүп жакшы кабыл алса, Атамбаев Кыргызстанды Россиянын бир областына айлантканга даяр, эгерде ал кабагын салып койсо, Атамбаев сөгүнгөнгө чейин барып, “жаман аял төркүнүмө кетем”-деп таарынгандай түйтөңдөп, өзү берген Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди бузганга чейин барды.
Таджикстандын Президенти Э.Рахмонов тышкы саясатын Россияга жагыныш үчүн эмес, өз элинин экономикалык өнүгүшүнө, эегемендүүлүгүнүн бекемделишине карата жүргүзүп жатат. Аны В.Путин “Бажы союзуна кирбей койдуң же орус тилин экинчи мамлекеттик тил деген статусун алып койдуң”-деп “атып жиберген жок ко?! Мына бүгүн Таджикстан тышкы саясатты “нейтралитет статусу” менен жүргүзгөнүнүн жемишин таджик эли көрүп жатат. Алар энергетика боюнча эч кимге көз каранды эмес, 2016-жылдан баштап Кыргызстанга, башка өлкөлөргө ток сатып жатат. Ал эми биз болсо Камабар-Ата ГЭСтерин 10-15 жылдан бери Россия бүтүрүп берет деп Москваны карап олтуруп, Бакиевдин учурунда тезек терүүгө, Атамбаевдин учурунда “жамгыр жаабай койду” деп кудайга нааразы болуп олтурабыз. Эгерде ойлонулуп, жеке кызыкчылыкты карабай, жеңил ойлуулукту кетирбей тышкы саясатты жүргүзгөндө Камбат-Ата ГЭСтери эмес, андан башка ГЭСтерди да бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк бар эле. Ушул күнгө чейин эки же бир райондук деңгээлдеги Чакан ГЭСти куруу колго алынган жок. Чакан ГЭСти курууда ыйгарым укукту жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга ишеним артуу менен берүү керек эле. 25 жыл бою энергетика тармагын Ширшовдун “схемалары” менен борбордо кармап олтуруу коррупциясынан айрылып, энергетика тармагындагы реформа жүргөн жок.
Атамбаевдин, анын Өкмөттөрүнүн “сүт бербеген” Жогорку Кенештеги күн карама депутаттарынын айынан токтун, газдын, жылуулуктун, башка коммуналдык төлөмдөрдүн өлчөмү Атамбаев экөөбүз Бакиевди күнөөлөгөн деңгээлге жетти. Айрым “дүжүргө” айланган чалдар, балдар, “ит куйруктар” мурдагыдай эле “Атамбаевдин кетирип жаткан кемчиликтерин эле айта бербей, жакшы жактарын да айтыш керек”-дешип, анча-мынча курулуп жаткан жолдорду, Датка-Кемин электр линиясын айтып, жазып жүрүшөт. “Датка-Кемин” проекти, Бишкек-Нарын-Торугарт, Балыкчы-Чолпон-Ата жолдору эл аралык деңгээлде ратификация мыйзамдары менен чет өлкөлүк долбоорлор аркылуу тээ Акаевдин доорунан бери эле пландаштырылып, курула баштаган.
Атамбаевди жол курулуштары менен мактайлы десек, анда Жалал-Абад-Тогуз-Торо-Балыкчы жолу, Манас аэропортунун жолу, Арашан айылындагы жолдор менен мактасак болот. Ооба, өз айылына чыгыштан, батыштан да, айылдын ичине да конкреттүү асфальт төшөттү.
Атамбаевди мактайлы десек конкреттүү жаңы иш чаралары же кадамдары менен мактасак болот. Мисалы, мен анын 2015-жылдын 27-майындагы Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш чараларды өткөрүү боюнча Жарлык чыгарган кадамын жогору баалаймын. 1916-жылкы окуяны ал өзү түзгөн тарыхчылары кандай баалайт, ал башка кеп, бирок атайын Жарлык менен кыргыз элинин тарыхында кара тамгалар менен турган, ушул күнгө чейин “малга окшоп үркүп баратып, ачкалыктан, сууктан, бийик ашуулардан өлгөн” деген “киргиздердин” тыянагын өз жери үчүн, орус колонизаторлорунан бошонуу үчүн, тең эмес согушта, Орус падышачылыгынын аскер күчтөрү, орус-казак отряддары, жазалоочу отряддарынан кыргынга учурап, бул Орус падышачылыгынын кыргыздарды геноцид (тукумкурут) кылуу саясатынан чыккан ааламат экенин айтууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.
2015-жылы июнь айында кыргыз улутунун бир топ көз карандысыз саясатчылары, илимпоздор, чыгармачыл адамдардан турган коомдук комиссия түзүлүп, анын ичинен төртөө Өкмөттүк комиссиянын курамына кирип, өздөрүнүн изилдеген тыянагын 2015-жылдын 11-августунда Барскоон өрөөнүндө өткөн элдик курултайда республиканын бардык аймактарынан келген делегаттарга жарыя кылды.
Кыргызстанда биринчи жолу коомдук денгээлде болсо да элдик курултай 1916-жылкы окуяны кыргыздардын улуттук боштондук көтөрүлүшү деп дагы бекемдеп, ал эми ошол көтөрүлүштөгү Орус падышачылыгы тарабынан кыргыздарды кырган фактыны геноцид (тукумкурут) деп курултайдын делегаттары бир добуштан чечим кабыл алды.
Президенттин быйылкы 2016-жылды тарых жана маданият жылы деп жарыялаганы да кыргыз улутунун өз тарыхына көз чаптырып, маданиятын өнүктүрүүгө чон салым кошот деген ойдомун. Бирок, жергиликтүү бийликтер, атайын түзүлгөн бийлик органдары Президенттин Жарлыгын кандай денгээлде аткарат, кандай чечимдерди чыгарат бул башка кеп. Анткени кыргыздар 25 жыл ичинде ушундай улуу тарыхый окуяларды өткөрүүдө муну аш, той түрүндө өткөрүп, концерт берүүгө айландырып, түпкү маңызын жоготуп койгонун көрүп эле жүрбөйбүзбү.
Атамбаевдин Үркүндүн 100 жылдыгын өткөрүү боюнча Өкмөттүк комиссияга биздин берген сунуштар төмөндөгүдөй болду:
— Бишкек шаарында 1916-жылкы окуяга байланыштуу атайын мемориалдык-тарых музейин ачып, ага архивдерде жаткан бардык материалдардын көчүрмөлөрүн, Үркүнгө байланыштуу илимий жана көркөм чыгармаларды, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн баатырларын, жетекчилерин аныктап, тизмесин түзүп жазууну, кызыктуу, сейрек кездешчү фактыларды жайгаштыруу;
— Анын алдына 1916-жылкы элдик көтөрүлүштүн башчыларынын бири Канат хандын айкелин орнотуу;
— 2016-жылга карата архивдерде жаткан материалдардын кыргызча-орусча жыйнактарын чыгаруу;
— Мектептерде, жогорку жана атайын окуу жайларында 1916-жылкы окуяны окутууну, ал үчүн окуу куралдарын иштеп чыгууну ж.б. ондогон сунуштарды бердик.
Президенттин 1916-жылкы окуя боюнча чыгарган Жарлыгы толук өз максатына жеткен жок, мамлекеттик чоң иш чара катары 2015-2016-жылдар арасында конкреттүү деле жумуш аткарылбай, тескерисинче, 1916-жылкы окуяда кыргыздар өздөрү күнөөлүү делген иш чара көбүрөөк өткөрүлдү жана расмий ММКларда байма-бай айтылды. Эң башкысы 1916-жылкы көтөрүлүштө 200 миңден 400 миңге жакын кыргыздар эмне себептен, кимдин саясатынан кырылган деген суроого эл аралык укуктук же өзүбүздүн ата мекендик укуктун алкагында укуктук саясий жактан эгемен кыргыз бийлигинин атынан расмий баа берилбеди. 1916-жылкы окуя улуттук боштондук көтөрүлүш экенин совет доорунда 1920-1930-жылдары эле совет тарыхчылары баа берген. Ошол улуттук көтөрүлүш деген аныктама кээде элдик көтөрүлүш деп айтылып өзгөрүлгөн жок. Ошондуктан 1916-жылкы окуяга тарыхый эмес, саясий-укуктук баа берилиши керек болчу.
Биз 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштү иликтөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөлөрү мен, Р.Дырылдаев, М.Абылов, Б.Жолбунов, иним Жылдызбек Жайчыбеков, кудам Абдрахман, курсташым Байтемир Ибраев ж.б. болуп 2016-жылдын 7-августунда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылына бардык. Максатыбыз 1916-жылкы окуяга байланыштуу Ата-Бейитте курулуп жаткан эстелик үчүн 100 жылдан бери көмүлбөй жаткан ата-бабаларыбыздын сөөгүнөн таап келип көмүү болгон.
Албетте, Ата-Бейиттеги эстеликти бийлик ачып жаткандыктан, бизди ал жерге киргизбешин билгенбиз. Бирок бийлик Үркүндүн шейиттеринин сөөгүн таппай жатканын угуп, мен 2006-жылы Үркүндүн 90 жылдыгына карата, ашууда көмүлбөй жаткан сөөктөрдү терип жерге жашырган жерлерден бийликке алып келип берүүнү туура көрдүм.
Барскоон өрөөнүнүн Чаар-Арча участогунан (Сары-Мойноктун түбү) 2006-жылы чоң таштын түбүнө корумдаган адамдын сөөгүн кайра ачып алдык. 2006-жылы бул сөөктөрдү бизге Барскоондук Тезеков Сооданбек, анын уулу Жумагул, неберелери Кадыр, Бейшен дегендер көрсөтүп беришкен эле. Сооданбек аксакал, анын небереси Бейшен бул сөөктөр ар кайсы жерлерде 90 жыл көмүлбөй жатканын, көп жылдар бою көрүңгөндөрүн топтоп ар кайсы таштын түбүнө корумдап жүрүшкөнүн, орустардан коркконунан кыргыздар ачык каада-салт менен көмгөндөн коркуп келишкенин айтышкан эле.
Биз ошол Сооданбек аксакал балдары менен көрсөткөн жердеги сөөктү Бишкекке алып жөнөдүк. (Сөөктүн сүрөтү берилет) Бишкекке чыгардан мурда Сөөк ашуусунун белине чейин бардык. Сөөктүн белиндеги Кадыр мергендин жаңы коюлган эстелигин көрдүк. Мурда 2006-жылы койгон эстеликти Кадыр мергендин небереси Жолой жаңылап, чоң кылып койгон экен. Сөөктүн белиндеги “Кадырдын кара ташы” көркүнө чыгып калыптыр. Биз сөөктөрдү Чаар-Арчадан алып жатканда, Сөөктүн белине чыкканга чейин мамлекеттик органдардын кызматкерлери бизди машина менен аңдышып, коштоп жүрүштү.
Бишкекке келгенден кийин коомдук комиссиянын мүчөсү Ч.Абыкеевге, тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын директору С.Раевге кирип, Ысык-Көлдөн Үркүндө шейит кеткендердин сөөгү алынып келингенин айтып, кабыл алып Ата-Бейитке символика катары эстелик түбүнө коюусун өтүндүк. С.Раев Ч.Абыкеевге “мен бул маселени чече албайм”-деп айтыптыр.
Эртеси Президенттин Аппарат жетекчисинин орун басары М.Карыбаевага кайрылганыбызда ал биздин коомдук комиссиянын мүчөсү С.Мукамбетовго: — “Силер алып келген сөөк боюнча Өкмөт башчысы С.Жээнбековго кат жазгыла, ошол чечет”-дептир. Биз С.Жээнбековго кат жазып бердик.
Кечинде экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун мага үйгө келип, — “М.Карыбаева бир күн же 11-августка чейин кое тургула, сөөктү 11-августта Ата-Бейитке көмөбүз, ошол жерде экспертиза өткөрөбүз”-дегенин айтты. Биз макул болдук. Эртеси 11-август күнү Ата-Бейитке сөөктү алып келсек, “жогортон жаңы буйрук түштү, сөөктү С.Раевге өткөрүп бергиле, бүгүн коюлбайт”-дешти. Т.Акун ортомчулук милдетин аткарып “сөөктү өткөрүп бересиңерби?”-деди. Мурда мындай шарт коюлбаганына байланыштуу, биз, коомдук комиссиянын мүчөлөрү өзүбүзчө бөлүнүп алып кеңештик. Биздин алдыбызда эки жол турду. Биинчиси алынып келинген сөөктөрдү экспертиза өткөрүү үчүн С.Раевдин комиссиясына өткөрүп берүү, экинчиси, сөөктөрдү бербей, артка алып кетип, кайра ордуна жашыруу.
Комиссиянын мүчөлөрү Р.Жээнбеков, М.Абылов, Ч.Абыкеев, Б.Назаралиев, Р.Дырылдаевдер сөөктү опистеп, видеого, сүрөткө тартып өткөрүп берели дешти. Бирок кечээ эле макулдашылып, бул жерге тиешелүү минстр, адистер, эксперттер келип, азыр жалпыбыздын көзүбүзчө экспертиза жүргүзүп, куран окуп жерге берүүнүн ордуна, “кийинкиге калтырылсын, эркспертиза үчүн С.Раевдин комиссиясына өткөрүлүп берилсин”-деген бийликтин дагы айныган буйругу, оюн сыяктуу шек жаратты. Мен, — сөөктөрдү алган бийлик, эртең бул сөөктөр 1916-жылга тиешеси жок экен, башка эле бир селсаяктын сөөгү экен, десе эмне болобуз, мен ата-бабаларыбыздын сөөктөрү 100 жыл көмүлбөй кор болгону аз келгенсип, эми азыркы бийлик тарабынан да шылдың болушуна жол берип койбойбузбу? Сөөктөр бүгүн жерге берилиши керек, үч күндөн бери ойнотуп жаткан бийликке ишенбей турам дедим. — Оболу сөөктү өткөрүп берели десек, албайбыз дешти, Өкмөткө кат жазгыла дешти, кат жазсак, 11-августта Ата-Бейитте экспертиза өткөрүп, ошондо көмөбүз дешти, эми болсо кайрадан сөөк жерге берилбейт, экспертиза өткөрүү үчүн бергиле деп жатышат. Мейли экспертиза өткөрүшсүн, эртең эксперттер бул сөөктөргө атайылап 50-60 жыл эле болуптур деп корутунду чыгарса, биз го мейли, бийликтин мындай атайын каралоолоруна көнүп калганбыз, сөөктөрдү, арбактарды кор кылып койбойбузбу, достор?! — дедим
— Сөөктөр кимдики, качандан бери Чаар-Арчада жаткандыгы боюнча күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү 2006-жылы видеотасмага тартылган. Ал эми эксперттердин корутундусу баары бир болжолдуу чыгарылат. Бул сөөктөр 1916-жылы Чаар-Арчада кырылып өлгөн белгисиз кыргыздардын сөөктөрү бүгүн жерге берилиши керек, эркспертизага шылтап, дагы бир жерлерде калганына каршымын, алар арбактарды сыйлап жерге жашыра турган ою жок, анын үстүнө, бул жерлердегилердин “силер сөөк көмөбүз деп брусчатканы бузуп коесуңар”-деп, Россиянын Президентине көрсөтүү үчүн эстелик куруп жатканы түшүнүктүү болду, -дедим. Менин оюмча, эгерде сөөктөрдү бүгүн Ата-Бейитке жашыргылары келбесе, анда биз сөөктөрдү кор кылбай кайра Барскоонго алып барып жашырып, ошол жерге элдин, коомдук комиссиянын атынан эстелик тургузганыбыз туура болот. Добуш менен чечели дедим.
Көпчүлүк кайра мени колдоду. Биз кабыл алган чечимибиз боюнча С.Раевге, Саламаттыкты сактоо министрине, ж.б. билдирдик. Кетээрде эксперти чакырып, сөөктөрдү корсөтүп, бул сөөктөр адамдыкыбы, ачык, бийик айтып койчу, эл уксун деп сурандым. Эксперт сөөктөр адамдыкы деп айтты. Ошондон кийин биз сөөктөрдү алып жолго чыктык.
Барскоонго Болот Жолбуновго телефон чалып, болгон окуяны айтып, Р.Дырылдаев, Ж.Жайчыбеков ж.б. болуп түндөп Барскоонго келип, жол боюна, алган жерибизге сөөктү жашырдык. Сөөктү жашырууда жергиликтүү Акымбаев Жаныбек Шарше уулу активдүүлүгүн көрсөтүп, “бул менин ата-бабаларымдын сөөгү, султан сөөгүн кордобойт дейт, Ата-Бейитке сөөк койдурбаса Атамбаев султан эмес ко, С.Раев деген Акаев, Бакиевден бери жүрөт, теги “кул” го, чын султан болсо Атамбаевди көндүрөт эле”-деп күйүп-бышты.
Айылдык карапайым жигиттин айткан сөзүнө толкундап, мен ага, — Жаныбек иним, Султан Раевдин теги кулбу, манапбы билбейт экемин, бирок иним сен туура айтасын, Акаев, Бакиев, Атамбаевдер хандарга окшоп бийлик жүргүзүп, айланасында кулга окшоп кызмат кылгандар жүргөнү ырас. С.Раев Атамбаевге “мындай кылалы, тигиндей кылалы” деп жаман көрүнгүсү келбейт, алар айтканды гана аткарат, сүйлө дегенди сүйлөп, жаз дегенди жазган адамдар. Кеп Раевде эмес, Атамбаевдин өзүндө, туура айттың, ал султан эместигин дагы бир жолу далилдеди,-дедим.
Жаныбек: — “100 жылдыкка миллиондогон акча бөлүнүптүр, аларга эмне иш аткарылды?”-деп сурады. Мен ага, биз коомдук комиссия өз каражаттарыбыздын эсебинен иштедик, мына сен деле биз менен бекер иштеп жатпайсынбы, соопчулук, намыс үчүн. Жүз жыл мурда кыргыздар Орус падышалыгынын аскерлери тарабынан улуттун боштондугу, кыргыз жери үчүн теңдешсиз согушта каармандарча согушуп өлгөнү үчүн, алардын арбагын сыйлап ушул иштерди кылып жатабыз, дедим.
Арадан үч күн өткөндөн кийин Бишкекте 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата түзүлгөн саясий-коомдук комиссия өзүнүн бир жарым жыл ичинде аткарган иштери боюнча пресс-конференция аркылуу элге отчет берүү менен өз ишин аяктады.
Көз карандысыз коомдук комиссиянын мүчөлөрү: М.Абыловго, Р.Дырылдаевге, Ч.Абыкеевге, Б.Туралга, Р.Жээнбековго, А.Кайназаровго, С.Мукамбетовго, Б.Жолбуновго, М.Мадмаровго, У.Маматаевге, Б.Назаралиевге, ж.б. атуулдук позициясы үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазылык билдиремин. Жүз миңдеген ата-бабаларыбыздын арбактары аларды колдосун!
Биз саясий коомдук комиссия 1916-жылкы окуяны улуттук боштондук көтөрүлүш деп тарыхчылар 1924-1927-жылдарда чыгарган тыянакты колдодук.
— Улуттук-боштондук көтөрүлүштө кеминде 150 миң кыргыз улуту Орус падышачылыгынын аскерлери, карательдик отряддары тарабынан кырылганын архивдик документтер менен тастыктоого аракет жасадык;
— Өз жери, эркиндиги үчүн көтөрүлүшкө чыккан кыргыздарды Орус падышачылыгы, анын аскерлери, генерал-губернаторлору тукумкурут (геноцид) кылууга активдүү аракеттенгенин, бирок аны 1917-жылдагы февраль, октябрь революциясынын кесепетинен толук ишке ашыра албай калганын белгиледик;
— Улуттук боштондук көтөрүлүштүн башчылары эл арасынан чыккан элдик баатырлар, Канат ханга окшогон манаптар экенин ачык айттык;
— Көтөрүлүшкө жалпы кыргыз, жалпы оруска каршы чыкканын да, эч качан кедей орус, кедей кыргыз менен, бай кулак орустарына кыргыздын бай-манаптары биригип, бай-кедей болуп экиге бөлүнүп көтөрүлбөгөнү да белгиленди.
2016-жылдын 1-сентябрында Ата-Бейиттеги 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшү үчүн курулган эстеликти А.Атамбаев ачты. Россиянын Президенти В.Путин келген жок. Ал кийин КМШ өлкөлөрүнүн Бишкекте өткөн саммитине келгенде 2016-жылдын 16-сентябрында Ата-Бейитке барып эстеликке гүл койду. Ата-Бейитке сөөгү жок эстелик коюлду. Мындай эстеликти бульвар, парктарга Улуу ата-мекендик согушта курман болгондор үчүн коюлган эстеликтей койсо болмок, бирок сөөктөр жаткан Ата-Бейитке сөөгү жок эстелик орнотуу туура эмес болду. 1916-жылкы окуя боюнча кенен архивдик маалыматты менин “1916-жылкы геноцид” деген китебимен окусаңар болот.
Атамбаевдин 2012-жылы коррупцияга каршы жүргүзгөн “согушу” 2016-жылдын жазында ага гана баш ийген АКСнин (Антикоррупциялык кызматынын) Кыргыз Мамлекеттик медициналык Академиясына жасаган кезектеги “жортуулунан” кийин бул эмне деген “согуш” экени ачыкка чыкты. Атамбаев өзү койгон АКСтин жетекчиси Акаевдин балдызынын уулу, Бакиев Мараттын (Бакиевдин чоң уулунун) досу катары Акаев, Бакиев доорунда прокуратура системасында, Президенттик Аппаратта иштеп жүргөн Б.Казаковду кызматынан алуу менен бир аз солгундады. Атамбаев корорупция менен күрөшүүдө ишенген жоокерлери мурдагы акаевчилер А.Сегизбаев, Б.Таабалдиев, Б.Казаков ж.б. жетекчилигинде 2012-2016-жылдар аралыгында АКС өзү “коррупцияланган” орган катары коомчулукка билинди. АКСтин Атамбаевге жакшы көрүнүү үчүн же “план толтурабыз” деген мыйзамсыз иш аракеттеринен улам ондогон адамдар күнөөсүз күнөөлүү аталышып, ошонун кесепетинен намыска чыдабай айыкпас ооруларга чалдыгып, же каза болгондор да болду. Кой дээр кожосу жалгыз Кыргызстандын ажосу болгондуктан АКС күнөөлүү деген адамдар күнөөлүү, соттотом деген адамдар соттолуп жатты. АКС өз кураторлугун Жогорку Кенешке, сотторго, сотторду тандоо кенешине чейин жүрүзүшүп, бардык бийлик бутактарын көзөмөлгө алды. Алар каалаган адамга, каалаган жерде “подстава” уюштуруп, судьялардын, башка чиновниктердин үстүнөн жасалма арыздарды жаздырышып, кабинеттерге мыйзамсыз тыншоочу аппараттарды коюшуп, өздөрү акча каражаттарын кабинеттерге таштатып, “кылмыштын бетин ачканды” өнөкөткө айлантышкан. Аны менен кошо АКСтин иши КТРден Президенттин коррупцияга каршы жүргүзгөн саясаты катары коштолуп көрсөтүлүп турду.
2016-жылдын жаз айында Кыргыз Мамлекеттик медициналык Академиясынын ректоруна 3-4 жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан куугунтуктоону аягына чыгаруу максатында Медакадемиянын иш башкармасынын кабинетине чак түштө “террористти” кармап жаткандай мамиле жасашып, ректорго каршы компромат табуу үчүн Медакадемиянын аппарат башчысына (Гапаров Абдыкерим) “кыйноо” иштерин уюштуруп, жыйынтыгында ал кыйноого чыдабай, ошол жерде кабинетинде каза болот. АКСтин кызматкерлери Медакадемиянын башка кызматкерлерине да коркутуу-зомбулук аракеттерин жүргүзүшкөн.
Мен, АКСтин мыйзамсыз аракеттерине, анын Конституцияга ылайык эмес түзүлгөнүнө (Президенттин өзүнө баш ийген карательдик орган түзүүгө укугу жок), аны түзгөн Президенттин Жарлыгына АКСтин аракеттеринин кесепеттерине эртеби, кечпи укуктук баа берилет деп ойлоймун. Бирок ал Атамбаев бийликтен кеткенден кийин болот. Эгерде Президент элди, Конституцияны сыйласа бул мыйзамсыз нерселерди өзү токтотуп, элден кечирим сурап, АКСти жоюусу керек. Албетте, коррупция менен күрөшүү керек. Бирок анын мыйзамдуу органдары, жолдору бар.
А.Атамбаевдин 2012-жылдын башында жарыялаган коррупцияга каршы согушу чу дегенде “Ак-Кеме” отелинен башталды десек болот, Анткени, 2012-жылдын башында Премьер-министр Ө.Бабанов “Ак-Кемеге” келип, анын ар жак, бер жагын өзү кыдырып, көрөт. Андан көп өтпөй эле “Ак-Кеменин” 4 млн. карызы бар, төлөбөгөн”- деп Каржы министри сотко доо арыз берет. Максат, “Ак-Кемени” банкрот кылып “тартып алуу” болгон.
Жогорку Кенештин Соттук, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы, Башкы прокурор катары “Ак-Кеме” боюнча башынан ондогон арыздарды карап жүрүп, бул маселени жакшы билемин. Айрым саясатчылар “түрк бизнесмендеринен Р.Сарымсаков 2005-жылы март революциясында тартып алган”, дешсе, айрымдары “Ак-Кеме” март революциясынан кийин улутташтырылган”, деп айтып жүрүшөт. Аны Атамбаев да кээде мага байланыштырып сүйлөп коет.
А, чындыгында мындай болгон:
1993-жылы Турция Кыргызстанга 75 млн. АКШ долларындагы техникалык кредит берген. Кредиттин шарты боюнча ал кредитти Кыргызстанда иштей турган түрк компаниялары иштетиш керек болгон. 1994-жылдан тарта курула баштаган 4 жылдыздуу отелин курууга түртөрдүн “Систем Мюхендислик Иншаат” компаниясы, “Ак-Кеме” акционердик коому 50х50% үлүш менен келишим түзөт. Келишим боюнча түрк компаниясы 12,5 млн АКШ долларындагы акчасын киргизмек болот жана жогоруда айтылган Турциянын Кыргызстанга берген техникалык кредитинен 8,5 млн. АКШ долларын “Эксимбанктан” “Ак-Кемеге” акционердик коомунун үлүшү катары алмак болушуп, “Ак-Кеме-Пинара” кыргыз-түрк биргелешкен ишканасын түзүшөт.
Турциянын 75 млн. долларлык кредитинен “Ак-Кеме-Пинарадан” башка 9 обьект кредит алышкан. Мисалы, Токмок радиозаводу 18378 00 доллар, 32 млн долларды Бишкек тери заводу алышкан. Кыргыз-түрк келишими боюнча түрктөр кредитти Кыргыз Өкмөтүнө берген, ошондуктан кредитти түрктөргө кредит алган обьектилер эмес, Кыргыз Өкмөтү төлөмөк болгон. Бирок ушул күнгө чейин Кыргыз Өкмөтүнө ошол 75 млн. долларлык кредиттен “Ак-Кеме” гана жалгыз төлөп, калган бир да обьект төлөгөн эмес. А.Атамбаев коррупцияны табам десе, ошол жакты да кошо карашы керек эле.
Түрктөр ал кредитти кийин (2005-2013-жж.) аралыгында узартып жүрүп, акырында кечип жиберишти. Бирок, “Ак-Кеме” гана Өкмөт алдында карыз деп эсептелип, соттон сотко сүйрөлүп жүрөт.
Туркиялык компаниянын кожоюну Фехим Ениже “Ак-Кеме” отелин курууда өзүнүн 12,5 млн. доллар үлүшүн төлөбөгөн. Ал алган кредитке Туркияда мебель фабрикасын куруп, ошол мебель фабрикасынын мебелдерин дүйнөлүк баадан жогорку баада “Ак-Кеме” отелине алып келген. Акыры “Ак-Кеме” АКы менен “Систем Мюхендислик Иншаат” ортосунда конфликт чыгат. Анткени отелди 1995-жылы ишке бериш керек эле, курулушка деп Туркиялык кредиттен алынган 8,5 млн доллар (“Ак-Кеменин” үлүшү) Систем Мюхендислик алып келбей коет.
1995-жылы Фехим Ениже Кыргызстанды таштап кетет. “Ак-Кеме” АКы аргасы кетип башка кредит издей баштайт. Акыры Малайзиялык компания менен келишим түзүп, алар “Ак-Кемеге” 2 млн. доллар инвестиция алып келишет. Эми тараптар кыргыз-малайзия биргелешкен “Ак-Кеме” ишканасын түзүшүп, 1999-жылга карата “Ак-Кеме” отелин курушат. 1998-жылы Президент А.Акаевдин жеке кийлигишүүсү менен Каржы министри “Ак-Кеме” кыргыз-малайзиялык ишкананы банкрот деп табуу жөнүндө сотко кайрылып, банкрот кылышат. Анан вице-премьер-министр Б.Силаев, Каржы министри С.Медеров, спецадминистратор Т.Алымкулов, М.Кенешов ж.б. “Ак-Кеме” отелин кайра эле баягы Систем Мюхендисликке “эки эсе арзан баага” сатып жиберишет. Эми Систем Мюхендислик “Ак-Кеме” отелин пайдаланганга жана алган пайдадан 50% төмөндөтүлгөн бааны 25 жыл ичинде төлөөгө милдеттенген. Акаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен “Ак-Кемени” кыргыз соттору 1998, 2002-жылдары эки жолу банкрот кылышкан.
Ушул жерде тергөө органдары тарабынан аныкталган фактыны айта кетейин. Систем Мюхендислик “Ак-Кеменин” баасын өзү арзан баада Өкмөттөн сатып алгандан кийин, кайра аны кымбатка сатуу үчүн Премьер-министр Н.Танаевдин, Каржы министринин орун басары Э.Төрөмырзаевдин макулдугу менен, биринчи жолу 10,5 млн. долларга, экинчи жолу 24 млн. долларга 2002-жылы баалаткан. Максат — өзү “Ак-Кеме” үчүн алган, бирок Туркияда мебель фабрикасын курууга жумшап жиберген 12,5 млн. долларды “Ак-Кеменин” курулушуна кетти” деп жабыш үчүн болгон. Ошентип Систем Мюхендислик кыргыз чиновниктеринин кийлигишүүсү менен 340 млн. сом акча каражатын “Ак-Кеме” отелин курдук деп “отмывать” эткен. Бул фактылар 2005-жылдын март революциясынан кийин дароо качып кеткен Фехим Ениженин үстүнөн козголгон кылмыш иштер менен толук далилденген.
Дагы бир кызыгы, Систем Мюхендислик Кыргыз Өкмөтүнөн “Ак-Кеме” отелин 1999-жылы сатып алганы боюнча документ жок, болгону “Ак-Кемени” 25 жылга “рассрочкага” жана 25 жыл ичинде пайданын 50% өкмөткө төлөө, 50% пайда катары өздөрү алары тууралуу келишим бар. Ушундай шартта Акаевдин, Танаевдин Өкмөтү “Ак-Кемени” көчөдө жүргөн бир “бомж” адамга берсе да иштете бермек.
2002-жылы И.Кадырбековдун Курулуш боюнча жана мен жетектеген Соттук, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча комитет биргелешип Өкмөттүн бул келшимин Мамлекетин кызыкчылыгына каршы турган келишим деп таап, Кыргыз Өкмөтүнө келишимди жокко чыгаруу боюнча тапшырма бергенбиз. Ошондо комитетте 8,7 млн. доллар кредиттин 5092900 долларын Систем Мюхендислик “кымтып” кеткени да белгиленген. 2006-жыл кыргыз соттору тарабынан 5092900 доллар Фехим Ениже тарабынан уурдалганы боюнча чечим чыгарылып, Ф.Енижеге эл аралык издөө жарыяланган.
Бирок ага карабай, эл аралык соттордон, биздин Өкмөттүн шалаакылыгынан Систем Мюхендислик бринин артынан экинчи сот прцесстерин ута баштайт. Бир дагы эл аралык сотторго Кыргыз Өкмөтүнүн расмий өкүлү катышкан эмес. 2007-жылы Өкмөттүн ишеним каты менен “Ак-Кеменин” атынан Индира Сатаркулова деген кыз сотко биринчи жолу катышкан.
Эл аралык сотко Систем Мюхендислик жетекчилигине кылмыш иштери козголуп, ал издөөдө экени, кылмыш ишке Кыргызстандын эн жогорку денгээлдеги чиновниктери аралашканы боюнча расмий документтер берилбеген.
Тескерисинче, 2012-жылдан тартып күчөтүлгөн режимде “Ак-Кемеден” ошол Ф.Ениже уурдаган 5092900 доллар каражатты өндүрүү, “Ак-Кемени” банкрот кылып Өкмөткө алуу процедуралары жеке А.Атамбаевдин “контролунда” жүргүзүлө баштады.
Эң кызыгы Эл аралык соттун Систем Мюхендисликтин пайдасына чечилген 8,5 млн. доллар акча каражатын “төлөшүүнүн”, “соттошуунун” ордуна, Кыргыз Өкмөтү түрк компаниясынын утушуна кызыкдар экенин бир нече жолу билдирип койду. Себеби, нечендеген коррупциялык схемалар, мүмкүн “уткан суммада да кыргыз чиновниктеринин кызыкчылыгы болушу мүмкүн”. Болбосо, Премьер-министр Ж.Оторбаев 2014-2015-жылы бюджеттик акчадан 11 млн. долларды (проценти менен 8,5 млн доллар ошончо болуп калган имиш) “максатсыз” Систем Мюхендисликке “аткаруу баракчасын аткардым” деп, дароо которуп бергени дагы оор кылмыш. Себеби, өзү билип 11 млн. долларлык бюджеттин акчасын которууга укугу жок болчу. Буга да баа бериле турган мезгил келет.
“Ак-Кеме” отелине байланыштуу мунун көп жылдык чырын билишкен айрым саясатчылардын жоруктары да кызык. Мисалы, Систем Мюхендислик 2005-жылы март революциясынан кийин качып кеткенине байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасы “Ак-Кеме” отелине арест салып, опистеп, аны Р.Сарымсаковдун сактоосуна убактылуу берип, биротоло “Ак-Кеменин” тагдырын чеүү үчүн Башкы прокуратура Кыргыз Өкмөтүнө сунуш берген. Кыргыз Өкмөтү (Ф.Кулов) Каржы министри А.Жапаровго берип, ал Кыргыз Өкмөтүнүн атынан Р.Сарымсаков менен келишимге кол коюп, ага отелди өткөрүп берген. Ушул адамдар А.Атамбаев жана анын чиновниктери “март революциясынан кийин Р.Сарымсаков “Ак-Кемени” басып алган” деген негизсиз күнөөлөрүн угуп туруп, адилеттүүлүк үчүн “андай болгон эмес, мындай болгон” деп үн чыгарып койгонго жарашкан жок.
А.Жапаров 2006-жылдан бери “Ак-Кеменин” тагдырын эн жакшы билген адам, чиновник катары депутат жана комитет төрагасы катары өзү чыгарган чечимди, өзү Каржы министри болуп келгенде өзү аткара алган жок.
Ошентип 2016-жылдын август айына чейин Р.Сарымсаковдун айтымында, “Ак-Кеме” отели боюнча 1994-жылдан бери 24 миңдей сот заседаниеси болуп, анын 2011-жылдан беркиси эле 6 минден ашары, ошол күндөн ушул күнгө чейин өмүрү сотто өтүп жатканы, азыр болсо Каржы министри “Ак-Кемени” арзан баалатып, арзан алып, кийин кимдир бирөөсү алып, анан кымбат сатуу үчүн 2016-жылы эле 3 жолу баалатуу экспертизасын дайындатканы эле эмнеден кабар берип турат.
Акевдин доорундагы “Ак-Кемени” түрктөргө алып берүү процесси кайра кайталанып жаткандай. Бабанов, Сатыбалдиев, Оторбаев, Сариевдер Өкмөт башчы катары “Ак-Кемени” эң маанилүү маселе сыяктуу контролдошуп, бирок аягына чыгара алышпай кетишкенин да Р.Сарымсаков айтып: — “Я устал, но я не смогу и никогда не говорю себе, что я не смогу, вот мой жизненный принцип” –деп 20 жылдан ашуун мезгил ичинде кыргыз бийлигинен кордолуп, түрмөгө олтургузулуп, жаманатты болуп, бирок сынбай өз эмгеги, өз курулушу үчүн, өз боор этинен жаралган баласындай болгон “Ак-Кеме” үчүн өткөргөн өмүрүн, тагдырын башка бир дагы ишкерге, бизнесменге каалабай турганын айтып олтурат.
2012-2016-жылдар аралыгында коррупцияга каршы жарыяланган “согуштун” отчетун эч ким берген жок. 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциядан кийинки Бакиевдин коррупциялык иштери боюнча козголгон жүздөгөн иштердин жыйынтыгы, улутташтырылган обьектилердин тагдыры, улутташтырылбай калган “Нарын” рестораны, “Айпери” салону, “Шампанвинкомбинат” ж.б. иштер боюнча жыйынтыкты Атамбаев чыгарган жок. М.Бакиев, Е.Гурьевич, А.Надель, Белоконь, А.Елисеев, А.Ширшов, К.Исаев, И.Чудиновдордун кылмыш иштери эмне болду? Алардын арест салынган обьектилери каякка кетти? Эгер соттон акталып, же обьектилери кайтарылса кимдин жардамы менен акталды, деп элге отчет, маалымат бериши керек эле. Бул элдик революциянын талабы болгон.
2011-жылдын 8-апрелинен кийин Президент Р.Отунбаеванын Жарлыгы менен Президенттин соттук, укуктук маселелер боюнча кенешчиси болуп калдым. Ошол кездеги Р.Отунбаева менен К.Байболовдун өз ара согушуна аралашкым келген жок. Себеби, жогоруда айтылгандай, К.Байболов менин уулдарым Русландын 2010-жылы июнь окуясында “автомат көтөрүп түштүктө жүргөнү” боюнча, экинчи уулум Эрнистин “эски ишин” кайра жандандыргысы келген фактылар, мага тийишкен интервьюлары боюнча Отунбаева, Байболов болуп көзмө-көз “разборка” кылгандан кийин кимисине ишенерди билбей, кол шилтеп кетип, ойлонуп жүргөм.
Ошол кезде финполдун башчысы Э.Булекбаев да “Отунбаеванын көзү сизге түз эмес экен”-деп айткан эле. Мына эми тагдыр экен, кайра Отунбаева менен бир команда, болгондо да укуктук маселелер боюнча кенешчи болгондуктан, Байболов экөөнүн “конфликттери” эмнеден чыкканын билүүгө менде мүмкүнчүлүк болду.
Бир жолу Президент Р.Отунбаева мага: — “2010-жылдагы революциядан кийинки иштер эмне болгону белгисиз, силер көп иштерди козгоп, көп обьектилерди улутташтырдыңар эле, баары токтоду, жыйынтыгы жок?”-деп калды.
— Менин угушумча, кылмыш иштер баягы 2005-жылы К.Бакиев мени кызматтан кетиргендей абалда болсо керек, себеби, эл арасында сөз болуп жатат, мисалы, 2010-жылдын июль айына чейин же мен кураторлук кылган кезге чейинки кылмыш иштер боюнча издөө жарыяланган УКМК, ИИМге тергөөгө кармап келгиле деген тапшырмалардын биринде эле 55 адамдын тизмеси бар эле. Ал тизмедегилердин көбү азыр Бишкекте эле ачык жүрүшөт. Кылмыш иштердин эмне болгонун эч ким билбейт, дедим. Эртеси ошол тизменин көчүрмөсүн Р.Отунбаевага бердим.
Р.Отунбаева Башкы прокурор А.Саляновага инвентаризация кылуу үчүн тапшырма бериптир. А.Салянова 2011-жылдын 26-апрелинде №43-р буйругу менен комиссия түзүп, комиссиянын курамына Президенттин Аппаратынан, ИИМдин, УКМКнын кызматкерлерин да кошуптур. Комиссиянын жетекчиси болуп Башкы прокурордун биринчи орун басары Р.Бактыбаев дайындалыптыр. Комиссия кылмыш иштерди детально иликтебей, (анткени 100гө жакын кылмыш иштерди кыска мөөнөттө окуу кыйын, экинчиден айрым иштер сотто болгон) үстүртөн изилдөө жүргүзүп, 2011-жылдын 10-майында справка түзүшөт. Айрыкча К.Боорсоков менен М.Эшперовдун жетекчилигиндеги кылмыш иштер негизсиз көп кыскартылганы, токтотулганы тууралуу белгиленген. Ар бир тергөө тобу боюнча тактамалар тиркелген.
Ошол справканы, ага тиркелген бардык тергөө топтору тергеген иштер боюнча маалыматты окурмандарга бере кетейин.
2010-жылдын май айынын аягында Президент мага Башкы прокурор А.Салянованын ага жазган дагы бир катын жиберип, “оюңду, пикиринди айтчы”- деди. Мен А.Салянованын катын окуп чыгып, аны колдоорумду айттым. Ал катта УКМКнын башчысы К.Дүйшебаевдин Президент Р.Отунбаевага 2010-жылдын 11-апрелинде К.Байболовдун үстүнөн жазылган маалымат бар экен. (№ 19 -тиркеме)
К.Дүйшебаевдин жазган катындагы К.Байболовдун жоруктарын окуп, Кубат аке кантип ушуга барсын деп ишенген жокмун. Башкы прокурор К.Байболов ушунун баарын өзү жасадыбы? Же анын үстүндө мурда Таабалдиевдин, Конгантиевдин, Сатыбалдиевдин, Турсункуловдун үстүндө Бакиевдер тургандай, Отунбаева өзү турабы? Андай десек, ал экөө ит-мышык болуп тытышпайт эле да. Текебаев десем, ал ага барбайт эле. Атамбаевби? Акыры 2011-жылдын 26-майында К.Байболовдун расмий билдирүүсү боюнча Парламентте Парламенттик көпчүлүк менен оппозиция биргелешип карай турган эле, эмнегедир ал каралбай, КСДПнын депутаты Туманов башында турган комиссиянын тыянагы боюнча К.Байболовдун билдирүүсүн текшерип, юридикалык баа берүү боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берген токтом токулуп, маселе жабык бойдон калды.
Менин Парламентке Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп келгеним бул маселени Парламентте кароого жолтоо болду окшойт. Ушул жагдайлардан кийин мунун артында Атамбаев турганына ишене баштадым. Байболовдун менин балдарыма кылмыш иш козгогону, бир нече жолу интервью бергени, анан аны “нагло” Отунбаевага шылтаганы, 7-апрель боюнча ишти мыйзамсыз экиге бөлгөнү, ячейкалар боюнча шаардын прокурору К.Абыловду баш кылып, бир нече кызматкерге кылмыш иш козгогону (алар кийин соттон акталышты), “Бекназаровдун кадры” деп өзүнүн биринчи орун басары Р.Бактыбаевди чакырып кызматтан кетүү боюнча арыз жаз дегени, ушундай эле жорукту аскер прокурору А.Турганбаевге, Ош областынын прокурору М.Алымбековго, Жалал-Абад областынын прокурору К.Турдумамбетовго, Бишкек шаарынын прокурору К.Абыловго ж.б. колдонгонун баарын анализдеп, маселе А.Атамбаевде экенине толук көзүм жетти.
Мен июль айында кызматыман кеткенде Р.Отунбаева эч кандай чечкиндүү кадамдарга бара алган жок. Күзүндө октябрь айында телефондон “Сенин Ибраевин кайда? Саляновага орун басар кылам, келсин”-деди. Б.Ибраев орун басар болду, ошол кезде Байболовго эки эпизод менен кылмыш иши козголду деген маалымат таркады. Бир жолу Байболов мага чалып, “балдарынды кой деп койбойсунбу, Отунбаеванын тилине кирип мага кылмыш иш козгоп жатат”- деди. Мен, Кубат аке айтса, айтайын, бирок алар менин балдарым эмес, профессионал прокурорлор, сизге мурда эле УКМК даярдаган материал бар экен, дедим.
Б.Ибраевге телефон чалсам, “Кубат Байке Максим Бакиевдин эң жакын адамы, издөөдө жүргөн Маянху Хусей дегендин аресттеги үйүн аресттен чыгарып сатып жибериптир, далилдер жетиштүү, экинчиси, “Сарамжал-транс” деген ОсОО менен бир нече махинацияларды кылыптыр”-деди. Байболовго алдын ала айыбы угузулуп, баш коргоо чарасы тандалганын айтты.
Р.Отунбаеванын ордуна А.Атамбаев Президент болуп келгенден кийин эки айга жетпей Б.Ибраев кайра кызматтан кетирилди. К.Байболовдун иши ушул кезге чейин токтотулуп турат. Ушундан кийин, А.Атамбаевдин 2016-жылдын 31-августунда сүйлөгөн сөзүнөн кийин бардык балакеттердин артында А.Атамбаевдин өзү турганына толук ишендим.
Ушул жерде сөзүм куру болбош үчүн 2005-жылдын март революциясынан жана 2010-жылдын апрель революциясынан кийин эки качкын президенттер Акаевдин жана Бакиевдин, алардын жакындарынын үстүнөн козголгон кылмыш иштердин толук маалыматын окурмандарга сунуш кыламын. (№ 20, 21 -тиркемелер) Окурман өзү окуп, элдик ынкылаптардан кийин коррупция менен күрөшүү кандай иштер башталып, андан кийин токтотулганына күбө болсун. Бул менин тарыхый эмгектерим.
“Кумтөр алтын кени”, “Жер үй” ж.б. кен байлыктарга азыр ким “кожоюн”? Эмне үчүн УКМКнын төрагасы Б.Таабалдиев өзүнүн кабылдамасынан “Атамбаевдин тапшырмасы менен” деп “Жер үй” боюнча жалдырагандай болуп “Жер үйдүн” жаңы кожоюну Россиялык олигарх Муса Бажанов менен “бүжүрөп” сүйлөшкөнү эмнеден кабар берет? Эмне үчүн буга укуктук баа берилген жок? Аларга элдин байлыгын ким, кандай шартта берди? “Жер үй” экинчи Кумтөр болгону турабы? Эмне, кен-байлыктар Президенттердин, алардын айланасындагы шылуундардын менчигиби? Коррупция деп 2012-2016-жылдар аралыгында козголгон министр Р.Сабировдун, Мэр И.Өмүркуловдун, ж.б. иштери жасалма, алардын кызмат орундары керектиги үчүн эле козголгону далилденбедиби? Кылмыш иш козгогондор жаза алыштыбы?
Чындыгында, ушундай жасалма кылмыш иштерди токугандар, Кулматовго окшогон чет элдин жаранын, чет элдик бийликтин кызыкчылыгы менен “лоббировать” этип кызматка койгон да коррупция болуп эсептелет. Кулматову бажыда Р.Матраимовго окшогондор менен бийликке “акча ташыгандан башка”, Бишкек шаарын “мусурканага” айлантып, акырын өз мекенине Россияга кете берди же Роосия берген акчага “кожоюн” болуп калды. Бул тууралуу Атамабевге 2010-жылы ал Кулматовду Россиядан алып келгенде эле айтылып, анын айрым “коррупциялык схемалары” боюнча кылмыш иштер бар экендиги да билдирилген, бирок ага карабай чет элдин жарандарын кызматтарга коюу дагы коррупцияга кирет.
Манас аэропортуна бараткан жолдо чоңоюп өсүп калган карагайларды жулуп ыргытуу, бул стратегиялык Кыргызстандын босогосу болгон жолдун 2-3 жылдан бери бүтпөй жатышы, бүткөнү өңгүл-дөңгүл болуп, айылдын жолундай асфальтталышы да коррупция жыттанат. Өлкөнүн, мамлекеттин кызыкчылыгына караганда партиянын кызыкчылыгын жогору коюу да коррупциянын түрүнө кирет. Атамбаев өзү айткандай, каржылык булагы, планы, келишими жок Балыкчы-Чолпон-Ата автожолу боюнча жайкы сезон учурунда жол салуу Ысык-Көл элине, мамлекетке карата жүргүзгөн диверсияны элестетет. Эмне үчүн АКС булар боюнча кылмыш ишин козгобойт? Же алар Атамбаевдин буйругун күтүп жатышабы?
Президент Атамбаевдин коррупция менен канчалык денгээлде күрөшүп жатканынын талашсыз далили өзүнүн Аппарат башчысы Д.Нарымбаевдин жасаган иштери менен далилденди. Көрсө коррупция Акаевдин доорунда Ак үйдүн 7-кабатына көтөрүлгөн бойдон дагы деле ошол жерде жүрүптүр. Атамбаев коррупция менен күрөшүүнү ошол Ак үйдө олтургандардан баштап тазалашы керек болчу деп ойлойм. Кыргызстандагы коррупциянын денгээли “бытовой” майда коррупциянын көрсөткүчтөрү менен аныкталбайт. “Бытовой” коррупция менен күрөшүү укук коргоо органдарынын ар замандагы ыйык милдетине кирет. Ага АКСти түзүүнүн кереги жок болчу. Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли эки жолу көтөрүлгөң элдин талабында айтылгандай өлкөнүн эн жогорку бийлигинде, саясий режиминде, “үй-бүлөлүк” башкарууда, азыр да мыйзамсыз улантылып жаткан авторитаризмде, Парламенттеги көпчүлүктүн коалициясын түзүп жаткандагы процесстерде, анын келишиминде, ошонун кесепетинен “Кумтөр”, “Жер-Үй”, “Кыргызгаз”, Камбар-Ата ГЭСтери дагы деле коррупциянын баткагынан чыкпай турат. Ошонун кесепетинен майлуу-сүттүү жерлер партиялаштарына берилип жатат. Ошонун кесепетинен 5 жылда 5 Өкмөт, 6 жылда 6 Өкмөт, эч нерсеге жооп бербей жөн гана кетирилип жатат. Акаев, Бакиевдер коррупцияны үй-бүлө мүчөлөрү, саналуу жакындары менен жүргүзсө, Атамбаев өз менчик партиясы КСДП менен, анын ичиндеги өзүнө жакын “табакташ”, “чөнтөктөштөрү”, “шопур”, “катчылары” менен пайдалуу жерлерди кое бербей, Кумтөрдү, Жер-Үйдү мыкчып олтурат. Айрымасы ушул эле. Мамлекетке, элге пайдасы тийбеген ишканалардын дагы деле элге пайдасы тие элек.
Атамбаевдин Президент катары ишмердүүлүгүнө белгилүү коомдук ишмер, укук коргоочу Э.Байсалов мындай деп так, туура баа бериптир: “Атамбаев превратился в дракона шварца, о котором сам нам рассказывал… “семейное правление” которое вы сейчас ругаете, было в 10 раз блогороднее вашей власти… Не счет дела Нарымбаева он говорит: “Мне не надо было давать указания для возбуждения дела и аресту Данияра”. Он что прокурор, судья, или следователь? Нет таких функций у Президента… Акаев, если назначил свою жену вторым Президентом, что чем отличается от него Атамбаев, который назначает, своего водителя на ту же позицию? (“Республика” №11 (672) 24.03.2016 г.)
Атамбаевдин доорунда коррупция бир үй-бүлөнүн таасиринен чыгып, жеке адамдын Атамбаевдин өзүнүн таасиринде жашап жатат. Атамбаевдин доорунда саясий куугунтуктоолор мурдагыдай эле жүргүзүлүп жатат. Ага К.Ташиевдин, Т.Мамытовдун, С.Жапаровдун, А.Келдибековдун, М.Мырзакматовдун соттолушу, И.Өмүркуловго, Р.Сабировго, К.Самаковго, Д.Нарымбаевге кылмыш иштеринин козголушу, К.Кадыровдун, Б.Асановдун, Д.Сарыгуловдун, Б.Талгарбековдун, ж.б. камалышын атасак болот. Бул кылмыш иштердин козголушунан, соттолушуна чейин Атамбаевдин жеке контролунда туруп, соттор Ак үйдүн даярдаган өкүмдөрүн жарыялап турганы да коррупциянын уюгу Ак үйдүн 7-кабатында экенин тастыктайт.
Атамбаевдин доорунда Парламенттик системаны андан ары өркүндөтүү реформасы жүргүзүлбөй Жогорку Кенештин “бычмалдыгынан” бир адамдын – Атамбаевдин авторитардык диктатурасы орноду. Атамбаевдин доорунда анын жеке жүргүзгөн бийлигинин кесепетинен өлкөдө экономикалык, социалдык өнүгүү болгон жок. Импорт менен экспорт 50-70 пайызга чейин кыскарса, жылдык бюджеттин тартыштыгы 30 млд. сомго чапчып чыгып калды. Алты жылда 6 Өкмөттүн, 6 Премьер-министрдин алмашышынын кесепетинен өлкөдө кадрдык туруксуздук орун алып, калктын жарды жашаган катмары элдин тең жарымына жакындап калды. Атамбаев келгендеги 2,5 млрд. доллар тышкы карыз алты жылда 4 млрд. доллардан ашты.
Атамбаевдин доорунда сөз эркиндиги мурдагыдай куугунтукталып, нечендеген журналисттер чет элде баш калкалоого мажбур болушууда. Канчалаган ММКлар жабылып, журналисттер миллиндогон айыптарга жыгылып жатат.
2010-жылдын 17-мартындагы башында Атамбаев турган БЭК тарабынан уюштурулган XI элдик курултайда ошондогу оппозициянын 7 талабынын бири сөз эркиндигин калыбына келтирүү, оппозиция өкүлдөрүнө КТРден, ЭлТРден жана башка мамлекеттик телерадиодон атайын убакыт бөлдүрүп берүү болгон. Башкасын айтпай эле коеюн мен өзүм Атамбаевдин доорунда бир да жолу КТРден чыгууга мүмкүнчүлүк алган жокмун. Эгерде мени КТРден көрсөтсө эптеп элге жек көрсөтө тургандай кылып сүрөтүмөн бери ылгап жүрүп, “эң сулуусун” таап, анан сүрөтүмдү коюп, үнүмү чыгарбай “каралап” жүрөт. Менин КТРге сүрөтүмдү койбой эле өзүмү чакыргылачы, акыры мен тирүүмүн го, суроолоруңарга тирүү кишидей жооп берейин деген өтүнүчтөрүм, пресс-конференцияларда түз айткан өтүнүнүчтөрүм аткарылмак тургай таптакыр көрсөтүлбөйт.
Атамбаевдин доорунда “Бекназаров жок” деген денгээлге түшүрүү саясаты ийгиликтүү жүргүзүлүүдө. Бирок ошол эле учурда “жаман нерселерди ушул уюштуруп жатат”- деп, баарын мага шылтап, Президент кайсы жерде болбосун атымды атап, же түшүнүктүү кылып “достугун” эсинен чыгарбай айтып жүрөт. Атамбаевдин доорунда мени “жок” денгээлине түшүрөм деген саясаты жеке Атамбаевдин көзөмөлүндө экени да ошонусу менен белгилүү болуп турат.
Атамбаев 2016-жылдын 24-мартында, андан кийинки берген интервьюларында Кыргызстандагы эгемен доорундагы тарыхый процесстердин башында жеке өзү тургандай, 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революцияны ал жасагандай, “Назаралиевдин медборборуна келгендер “криминал-бандиттер”, мына биз КСДП тюльпан революциясын жасаганбыз, тюльпан биздин эмблема, аны криминал-бандиттер уурдап алышты”-деп жарыялаганы тарыхчыларга берген “намегу” болсо керек. Ата-бабасынан бери Алма-Атанын архивинен “таптырганы” ал Кыргызстандын жаңы тарыхын өзүнө ылайыктап жаздыргысы келип жатканынан кабар берет. Бул кудайга да жакпаган иш. 2005-жылдын 24-мартын, андан кийинки окуялардын каармандары али тирүү экенин ал унутуп коет окшобойбу?
Мен жакшы көргөн, урматтаган кыргыздын бир обончу-пародисти, кыргыздын белгилүү обончусу И.Жунусовдун “Эламан” деген чыгармасын туурап ырдап, анан “Жаман-жаман эң жаман, ырды бузган эн жаман”-деп ырдагандай эле, Атамбаевдин тарыхты бурмалайм деген аракети да “эң жаман”. Эл атасына айланган И.Сталинди “шовинист” Н.Хрущев бийликке келип, тарыхтан өчүрөм дегендей, же Т.Усубалиев И.Раззаковду кыргыз тарыхынан жок кылам деген аракеттери текке кетип, Сталин менен Раззаков тарыхта Хрущев менен Усубалиевге караганда улам жаңыланып, эл оозунда жүрбөйбү, анткени алар иш кылган да. Ансыз да убагында жазылбай, такталбай, Москва эмне десе ошону жазып, КПССтин, Россиянын тарыхын окуп жетилген кыргыз интеллигенциясына Атамбаевдин “намек” кылганы эле жетиштүү. Алар биринин артынан бири Атамбаевдин өзү эле эмес, ата-бабаларынан бери “хан тукуму” кылып жиберишет. Ага далил айрым тарыхчылар Алма-Атадагы архивден Атамбаевдин чоң атасын аныктап, таап келди.
Үркүн маселесинде айрым тарыхчыларыбыз кыргыздардын өздөрүн күнөөлөп жазып жатышпайбы. Орус падышачылыгынын Орто Азия эмес, Сибирь элдерин да орусташтырып, орусташпаганын кырып жок кылуу саясаттары, кыргыздын жерлерин тартып алып, өздөрүн акырындап жок боло турган катаал шарттуу тоо зоналарына резервуацияда кармоо, 1916-жылкы көтөрүлүшкө кыргыздарга каршы (арачачы эмес) аскер күчтөрүн алып келип, атайын жазалоочу органдарын түзүп, алар кыргыздарды Кытайга чейин кууп жүрүп атып кырышканын жашыргысы келет.
Ал эми бул фактылар кыргыздарга каршы геноцид экенин Орус падышачылыгынын кыргыздарды “киргиздештирген” саясатынан улам “киргиз” болушкандардын “киргиз” тукумдары геноцид болгонун тааныгысы келбейт. Ошол үчүн биз коомдук-саясий комиссия өз иликтөөлөрүбүздүн тыянагы жарыяланган китепчени “Үркүн 100 жылдан кийин, шейиттердин урпактарынын көзү менен”-деп атадык. Шейит болгондор жалаң кыргыздар болушкан. Ошондо да жаңы пайда боло баштаган “киргиздер” орус падышачылыгына кызмат кылышкан. Азыр алардын урпактары өңү кыргыз болгону менен, жан дүйнөсү, тили, жашоосу орустуку. Кыргыздын өлгөн-тирилгени алар үчүн баары бир. Айрымдары чокунушат же атеистмин дешет. Алардын айрымдарынын чон аталары кыргыздарды кырганга жардам бергени үчүн Орус падышалыгынан сыйлыктарды, чин, наамдарды алышкан. Бул ачуу чындык биздин тарых. Ошондуктан өзүбүздүн тарыхты так туура жазып, аны бир адамга байлабай элдик мүнөзгө алып келүүнү колго алуу, кыргыздардын өзүнүн колунда.
Эл башы, журт башы болгон Президент тарыхчыларга туура багыт гана бериш керек. Улуттук Илимдер Академиясында 1950-жылдары, ошол кездеги Кыргыз ССРинин мамлекет жана партия башчысы И.Раззаков илимпоз тарыхчылардан үч нерсени суранганы тууралуу материалдар сакталып турат. Ал, Кокон хандыгы кыргыз хандыгы болгонун, 1898-жылкы Анжияндагы “эшендердин козголоңу” бул кыргыздардын көтөрүлүшү жана 1916-жылкы көтөрүлүшкө туура, акыйкат баа берилүүсүн суранган экен. Анан эмне болду? Ал үчүн Раззаковдун түбүнө да ошол “киргиздер” жетпедиби. Анын ордуна келген Т.Усубалиев “киргиздерди” кыргыз кылгандын ордуна кайра “киргиздештирүү” саясатын жүргүзүп келгенин биз деле көрүп калдык.
Ал эми Атамбаевде болсо 6 жыл ичинде эмне саясат жүргүзүп жатканынын бир да колго урунчусу жок. Маал-маалы менен бир жерде жүргөндөй кылып, өзүнө караштуу журналисттерди топтоп алып, колунан келишинче журналисттерди, айрыкча кыргыз журналисттерин, кээде жалпы кыргыз элин, же нарындыктар, таластыктар, саруулар деп бөлүп, ага кошуп саясаттагы оппоненттерин “канга тойбогон кузгундар”, “эл бузарлар”, “бандиттер”, “дракондор” , “акаевчилер, “бакиевчилер”, “динозаврлар”, ж.б. оозго алгыс сөздөр менен сөгүп алмай анын стабилдүү саясаты болуп калды. Кээде өлкөнүн ичиндеги “душмандарына” кошуп, кошуна мамлекеттердин Президенттерине да “таш ыргытып коймою” адатка айланып калды. Анын ою боюнча өлкөдөгү бардык жакшы нерселер Атамбаевдики, жаман нерселер башкалардыкы.
Атамбаевдин доору эмнеси менен эсте калат:
— Албетте, биринчи кезекте 6 жыл бою стабилдүү, бирөөлөргө “өйдүк-сөйдүк” асылып сүйлөгөн, Президенттин “кереметтүү” сөздөрү менен калат;
— Кумтөрдү чет элдик эски достору үчүн “тили кызыктыктан” Кыргызстанга алдырбай, сактап ажыдаардай басып жатканы, Жер үйдү Бажановго ж.б. “жең ичинен бергени” менен;
— Сары-Булакты, Унгар-Тоону жумалап, айлап Өзбекстан басып алганга жол бергени менен;
— Ата-Бейитке 1916-жылкы шейит болгондордун сөөгү жок эстелик койгону менен;
— А.Батукаевди “килем төшөп” узатканы менен;
— Өлкөдөгү айрым морадерлорду коргоп жүргөнү менен;
— “Кыргызгазды” 1долларга сатып, Манас аэропортун, Камбар-Ата ГЭСтерин “сатууга” аракет кылганы үчүн;
— “Майлуу-сүттүү” тармактарда, кен-байлыктар чыккан жерлерди, өлкөдөгү банк системаларын өз жакындарынын колунда кармап турганы менен;
— Кошуна өлкөлөр, Россия жана чет мамлекеттер менен стабилдүү тышкы саясат жүргүзө албагандыгы менен;
— Мыйзамсыз АКСти түзүп, коррупцияны ооздуктабай, кайра коррупцияны күчөткөндүгү үчүн;
— Жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык көп тармактуу реформаларды жүргүзбөгөнү менен;
— Мамлекетте өзүнүн авторитардык режимин орноткону менен;
— Акаев, Бакиевдерге окшоп, өзүнө керек болгондо өзүнө ылайыктуу кылып Конституцияга мыйзамсыз өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө жасаган аракеттери менен;
— Өзүн сындаган журналисттерге, саясатчыларга мыйзамсыз кылмыш иштерин ачтырып, соттотуп, айыпка жыгып, куугунтуктаганы үчүн;
— Көз карашы, позициясы бар, кыргыз мамлекети, эли, жери үчүн күйгөн, кошоматты билбеген адамдарды бийликке жолотпой куугунтуктатканы;
— Эн башкысы 6 жыл ичинде Жогорку Кенеште, Өкмөттө, башка мамлекеттик бийлик бутактарына өңчөй саясий көз карашы, позициясы жок байлардын келишине шарт түзүп, Кыргызстандын саясий системасын, саясий элитасын байбатча, кошоматчылар менен жаңылаганы;
— Өзүн бийликке алып келген үзөнгүлөштөрүн сөгүп, шылдындап, бир гана өзү “ак карга” болгусу келгени менен;
— Тымызын улутту түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлгөн саясаттары менен Атамбаевдин доору эсте калып, мунун доорунун чыныгы жүзү ал бийликтен кеткенден кийин “көркүнө” чыгат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *