ОКШОШТУК

«Ит тукуму – кумайык» дейт илгертен кыргыз. Даңгыт бирок кумайыктан айлансын. Даңгыт илгери эле чыгыптыр. Кумайык тукумунан эмес экен ал. Билермандар аны бычылган дөбөт ит дейт. Шалтурук дейт. Чала бычылып калыптыр. Чала бычылганы менен даңгыттан деле тукум тарайт экен, бирок кадыресе ит тукумуна окшобойт экен алардыкы. Тукумум калсын деп, канчык көрсөле баса калмайы бар дейт. Көрүнгөн канчыкка асылбайт экен, алсыз канчыктарга тап берген адаты калбаптыр илгертен. Үйүгүшкөн иттердин эң артынан шалпаңдап ээрчип алган адаты илгертен калбаптыр.

Даңгыт өзү же чөө эмес, же түлкү эмес, же ит эмес бир жандык болуптур. Жандан ашкан куу дейт аны. Шимшилеп жугунду аңдып, сөөк аңдыганы биякта калсын, андан шумдугу – талашып аткан иттерди көрсө, кылыйып карап жатат да, талашкан иттердин кайсынысы үстөмдүк кыла баштаса, ошол күчтүү итке барып болушмайы бар. Алсырап баратканына тиш салып, алдуу иттин алдында шыйпаңдайт дейт. Алдуу-күчтүү дөбөттүн артын жалап-жуктап жүргөн даңгыт бир күнү иттердин ичине бузук салыптыр. Анысы мынамындай имиш: жашоого нааразы болгон иттер чогулат. «Адамдардын үйүн, короо-жайын уурудан биз кайтарабыз, анан сыйга келгенде мышыктар үйгө кирип, биз сыртта калганыбыз акыйкатпы!» – деп кудайга нааразычылык билдирмей болушат.

Канткен менен адамдар ит менен эсептешби. Иттердин нааразычылыгын бир да адам укпайт. Эмне кылышат? Укугубузду коргоп бер дешип, Көк Теңирге кайрылмай болушат. Кайрылуу каты жазылат. «Эми кимден бердиребиз?» Баштары катат. Акыры Көк Теңирге көкөлөп учкан куш жакын эмеспи дешип, кайрылууну куштан бердирмей болушат.

– Жок! – дейт бирөөсү, – куш деле адамдар жем чачып койсо, торуна түшкөндөн кийин адам көңүлү сүйгөн ырын сайрайт. Кашайып биздин кудайга жазган кайрылууну адамдарга окутуп койсочу?..
Жүйөлү кеп экен дешип, демдери сууй түшөт.
– Анда кимден бердиребиз?
– Эмне болсо да өз колубуз менен бергенибиз оң дейт, –бирөөсү.
– А кантип?
– Анда ажылдабай мени уккула! Карагылачы, аянтта канча ит турабыз?
– Элүү миң.
– Жүз миң.
Айтор аянтта жыйналган ар ит, ар санды айтат. Анда баягы оратор ит кебин улайт:
– Улубагыла! Демек, ушунча ит жүрүп кантип эле кудайга үнүбүздү жеткиралбайлы. Келгиле, баарыбыз ынтымак менен бирибиздин жонубузга бирибизди көтөрүп, кудайга жетчү жолго көпүрө болобуз, – дегенин аянттын баары колдойт.

Иттер биринин үстүнө бири минип, шатыдай узарып отуруп, көктү тирейт. Мына-мына кудайга колдору жетейин дегенде, иттердин арасында шимеңдеген даңгыттын көчүгүнө күч келип, жыт чыгарып жиберет.

– Өф-и-иий… кимден кетти?

Колдору менен мурдун баскан иттин баары кулап жыгылышат. «Иттик менден кетти» деп кайсы ит айтсын, баары жым. Ангыча биринин артын бири жыттай баштайт. Бирок жыт кайсыл иттен кеткени табылбай, даңгыттын айынан ошол күндөн ушул күнгө чейин иттер биринин артын бири жыттаганын койбойт экен. Даңгыт да али күнгө дейре сасытканын койбойт дейт…
Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *