АҢГЕМЕ

Жаңы ишке көпкө көнө албай жүрдүм… Мурда мектепте иштегенде сабагымды окутуп коюп, үйгө «жылт» койчумун. Ата-энемдин бешенесинде үлпүлдөп жүрүп, жогорку окуу жайын бүткүчө турмуш эмне экенин түшүнбөпмүн. Беш кыздын кенжеси дешип, эпсиз эркелетишкениненби, көңүлүмө жакканын жасап, өз тагдырымдын ээси «өзүммүн» деп, ичимен дердейгеним куп бекер болду.

Институтту бүтүп, эки-үч жыл иштеп калганымда колумду сураган киши чыкпады. Балдар дүйнөсүнө аралашып, чыга албай жүрүп, баштараак арадан жети-сегиз жыл өткүчө деле анчалык эрөөн-төрөөн алганым жок. Жанда жок кыялкеч элем. Кыялдангандан эч тажачу эмесмин. Түпсүз кыялдын кемесине түшүп алып, учу-кыйырсыз мейкиндиктерде калаксыз сүзөр элем… Таттуу көз ирмемдериме кимдир бирөө тоскоолдук кылчу болсо туталанып, чачырап кетем. Мунум үйдөгүлөрдүн эч кимисине жакпай калды. Кыздардын баары тууруна конуп, менин үйгө оролошуп калганымдын себебин алар ар түрдүүчө жорушту. Өз дүйнөм менен өзүм «аалам Гүлстан» болуп жүргөнүм, кишиге тез аралаша албаганым, апам айтмакчы «чырай берген менен жылдызың болбосо, сулуулугуң бир пул» деген бүтүмүндөй, отсуздугуман эжелериме окшоп өтүмдүү боло албай, атамдын төрүндө отуруп калдым.

Бирге иштегендердин «түнт, башы оор, кишиге жугумсуз» деген мүнөздөмөлөрүн анчейин кулагыма илбегеним кайсы да, бир күнү үй жумушунун айынан жеңем менен кыжыңдашып кеткенде, бир билдим…
Түштөн кийин адабият кружогун өтөйүн деп камынып жатсам:
– Э-э, кыз, камырды ийлеп коюп кетиң, мен бала карайм, – деди жеңем заарланып.
– Келгенимде кылайынчы…
– Түндөсү кайсы жинди нан жабат? Ага чейин үйдөгүлөр таш балээни жейби? Куржок-муржогуңду жыйыштырып, жасап кет. Даяр тамакка тап коюп, жешти билесиң…– Жеңем алкынып кетти. Ачууга алдырып, мени мектепке баргызбай турган ким элең дегендей, тоготпогондой түр көрсөткөнүмө итатайы тутулуп, ансайын жаагын жанды. – Уй, кыз, мууздаган төөнүн санындай мелтейип, аптама-апта тил-ооздон калгыча көзүмө көрүнбөчү! Жакшы болсоң, талашка түшүп эрге тиймексиң… Жамандыгыңдан төр кары болуп жүрөсүң… – дегенде, бүткөн боюмду муз каптап өткөнсүп ооз ачалбай, мелтейип туруп бердим.
Күзгүдөн өзүмдү карап, кылыйып сес көрсөтө баштаган суук кептен, териме тескери ойдон жабыгып, мектепте бугум чыккыча ыйладым, өзүмдү артыкбаш сездим.

Үйгө баргым келбеди, мектепти жууп-тазалагандар кеткиче китепти бетиме тутуп, отура бердим. Чоң эжем жакшы жерге турмушка чыккан. Күйөөсү күйпөлөктөп көзүн карап турат. Эзели жөө жүрбөдү. Машинеде чалкалап келип, чалкалап кетет. Биздикине келгенде кант-курс, чай-чамегин кошо буунуп-түйүнүп, дасторконду толтуруп ар кимдин көңүлүн алат. Апамдын кубанычы койнуна батпай, учурашканда табышкер күйөө баласынын колунан сүйүп, бизден бекиткендерин алдыларына жайнатат. Жездем сыртка чыкканда, апам эжеме ыктай түшүп, бетинин отун чымчый кармап, шыбырап сүйлөдү:
– Мынаву эр жини бар менен үйдөгү без бет экөө батышпай калды. Алда канча болду сүйлөшүшпөйт. Бир күнү экөө чачташып, элге шарманда болобу деп, жүрөгүм оозума тыгылып турат. Эмне кылышты да билбей калдым…
Эжем олурайып мени карады.
– Айт, жеңең экөөңдүн талашың эмне, айт?
Апамдын үнү баягыдан дадил чыкты. Эжесине арызданат деген тейде апам үмүттүү тигилди. Эч нерсе айткым келбеди. Ордуман туруп, эшикке чыгып кеттим. Бир топко чейин апам менен эжем баштары бириге калып, кайра бой түздөп, бирдемелерди шыбырашып, күдүңдөп жатышты.
Ошондон кийин арадан көп өтпөй эле, эжем такси жалдап келди, дасторконго күйбөй, мени жанына чакырды. Көңүлү ачык, шайдоот мүнөзүнөнбү, үнү шаңкылдап таза, бийик чыкты:
– Жакшы кабар алып келдим. Сага көзү түшкөн бирөө сөз айттырып жатат.
– Сизгеби?.. – дедим өлүмүш болуп.
– Анан кимге? Сага айтмакпы?
– Ким экен ал?
– Билесиң сен, силердин мектебиңерге жардам алып келет.
– …
Ойлоно калдым. Ким болушу мүмкүн? Эжемдин үй-бүлөсү чоң кызматта иштегендерди такыр атынан айтчу эмес. Баланча Түкүнчөевич же «евич», «евна» дешип, өздөрүнчө да, башкалардын көзүнчө да урматтаппы же жасакерлениппи, атын атасынын атына жалгаштырып сүйлөйт.
– Төрөгелди Мамырович сага ашык болуп калыптыр…
– Соцфонддо иштегенби? Ал чоң киши го… Атамдай кишиниби?
– Сен эмне, жапжаш секелек белең? Жашыңды айтчы? – Эжем зекип, өктөм сүйлөдү.
Бир аздан кийин кайра жумшаргансып, көңүлүмдү жайгара уга берип бышыкулак болгон сөздөрүн кайталады.
– Качанга чейин атам-апамдын бешенесинде отурмак элең? Өз тирилигиңди кылып, бала-чакалуу болушуң керек. Бара турган жериңдин өлсө, өлүгү артык. Ал кишиге көз арткан, шилекейи аккан кыз-келиндер канча? Сен билбейсиң да… – Акыркы сөзүн улутунгансып, арманы барсынып, муңайым айтты.
А менин кыялымда башка бирөө жашайт. Сүрөтүн да тартып алгам. Орундуу сүйлөгөн, мүнөзү токтоо, билимдүү, жандүйнөсү өзгөчө бирөө. Анын келишкен сымбаты, өң-түсү, бай-кедейлиги роль ойнобойт. Турмуштун өйдө-ылдыйында, жакшы-жаманында сени түшүнүүгө аракеттенген адамдын жаныңда болгону канимет. Чечекейим чеч боло сүйүнгөнүмдө, бирдемеге капа болуп, маанайым түшкөндө аны менен сүйлөшөм, сырдашам. Ал мени таппай жүрөт деп өзүмдү өзүм сооротом. Ал мени издеп жүрөт, мен аны издейм…

Тагдырымды өзүмдүн жакын адамдарым бийлеп, каерден орун-очок аларымды өздөрүнчө чечип коюшкан шекил. Башымды байлагысы келген кишини канча жолу кыйытып айтышса деле дилиме жугузбай койгом.
Акырын сүрүштүрсөм, эки баласы менен аялын кетирген, өзүбүздүн айылдын аркы башындагы чоң эжеме сөз айтып, эзилишип кат алышып жүргөн классташы беле же эжемден эки-үч жыл мурун окуганбы, ошол экен. Эсим кирди-чыкты маалым, элес-булас эжем менен ошонун романы эсимде калыптыр. Апам байкуш аны үйгө камап, кайтарып отуруп деле качырып жиберчү. Эжем терезеден ууру мышыктай жылмышып, секирип түшүп, сүйгөнүнө кездешүүгө кетчү. Сезимдин алоосуна ошончолук күйүп-жанып, баш-оту менен кирип кеткен эжемди эч ким, эч нерсе токтото албай, эптеп онунчуну бүтүрткөнгө шашышкан. Райондун финансы бөлүмүндө иштегенин билдирип турган кыял-жоругу, кадыр-баркынан айылдаштарыбыз жакшы таанышат. Баса, биздин мектепке эки-үч жолу гуманитардык жардам алып келген. Анча-мынча адамга салам бербеген, мырза теректей керсейип, боюн катырып койгондой какайып, кербезденгени ашыкча биздин деректирдин.

Эркектердин атырын (шипр) үзбөй себинип жүрчү. Өзүнөн башкага жакпаган бир мүнөзү бар. Жаш мугалимдерди кажып сүйлөгөн бир желимдей жабышкан фразасы оозунан түшпөйт: «Силер, жаштар, жалкоосуңар…» – дей берчү эки сөзүнүн биринде. Директорубуз «комиссия келет» деп буту-бутуна тийбей, тызылдап калды бир күнү. Мектептин класстарын мизилдете тазалатып, боёгу агарып-бозоргон коридордун тактайын керосин менен сүргүзүп, жалтыратып койду. Кол саатын дембе-дем карап коюп, утуру-утуру эшикке кирип-чыгат. Күттүргөн кишилери келгенде кучак жайып учурашып, көптөн бери көрбөгөндөй, бооруна кысып койду. Замандын түрү калтыс мезгил болчу. Ун, май, туз, кумшекер жана башка тамак-аштын айрым түрлөрү таңсыкка айланып, дүкөндөрдө жоголуп, ар бир кожолукка карточка менен бериле баштаган. Жут каптап кетпегей эле деп элдин үрпөйү учуп турганда, эбин тапкан бийликтегилер май талкандын үстүндө тайраңдап, шапар тээп жүрүшпөдүбү?..

Окуучулар мектептин алдына «П» формасында катарга тизилишти. Директор сөзүн салтанаттуу үн менен баштап, борбордо жаткан өкмөт жөн жатпай, каатчылыкта боору жарты балдарды ойлоп, камкордук көрүп жатканын, ошол гумжардамдын чекесине кол тийгиздирбей, сары майдай сактап, өзүбүздүн «соцфонддогу бала» апкелгенин «өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт» демекчи, биздин мектепке көбүрөк берилгенин саймедиреп өттү. Белек тапшыруу үчүн «өз балага» сөз тийди.

Узун бойлуу, ак саргыл, төбөсүндөгү чачы жыдып түшкөн, бүтүйгөн көгүш көзү ойноктоп, колун жаңсап сүйлөгөнү артыкбаш сезилген, кундуз жакалуу тери тонду чатыратып кийген, элүүнүн ары-беркисиндеги киши чыкты. Жүрөгүм опкоолжуй, бир булкуп алды… Көз токтотуп, бир көргөндөгү туюмумдан иренжий түштүм.
…Өлкөнүн өзүнчө түтүн булатып, өз түндүгүн өзү көтөргөн мезгили (канча убакыт өтсө деле, дүжүр ой баштан кетпей) оор болот турбайбы деп саясаттан баштап, саясат менен сөзүн бүтүрдү да, журт эгеси ата-энеси жок, тоголок жетим жана жарым жетим балдарга кийим-кече бергенин, аны ээлерине тапшырып коюуга уруксат сурады. Теңтуш, ар кандай курактагы чоң-кичиненин арасынан «сен жетимсиң» деп, сөөмөйү менен көрсөткөндөй, тирүүлүктүн өйдө-ылдыйында тагдырга энчидей жазылганы аз келгенсип, өз ичинде атасынын же энесинин ордун жоктоп, ансыз да кез-кез жүрөгү кусага толуп, өзүн кем сезип жүргөн балдардын жарасын тырмагансып, бир бирден атынан, атасынын атынан чакырып тапшырды.

Жыйындан кийин бапыраңдаган март конокту төгүл-чачыл дасторконго отургузду. Оозу жыйылбай күлүп, жашыраак эжекелерге көз кысып, тийишип сүйлөп, жасакерлене ысылык сунуп, ойноктогон көзү менен келбеттүүрөөк, сулууча кыз-келиндерди оюнда чечиндирип көрүп да, үлгүрдү окшойт… Жетимдердин тонун майлоо отурушу баштан-аяк бир кишинин каш-кирпигин койбой мактап-жактаган кооз сөздөр менен башталып, ичкиликтен бошогон бөтөлкөлөр бутка чалынышканга чейин түгөнбөдү.
* * *
Күндөрдүн биринде экинчи класстын эжекеси ооруп келбеди, директор мени сабактарын окуткун деди. Класска кирсем чаң-тополоңдон көз көрүнбөй, ызы-чуудан кулак тунат. Балдардын эки-үчөө Мауглидей партадан партага улак чаап учуп жүрөт, башка дагы үч-төртөө терезеден улактай секирип ойноп жатат. Бир кызды чыңыртып, колундагысын ала албай, бирөөсү басып алган. Акыркы партанын үстүндө топ кыздар кыркалекей чабалекейлердей тизилип алып сүйлөп атабы, урушуп атабы билип болбойт… Менин киргенимди эч ким аңдоос албады. Алымын жетишинче: «Тынчтангыла!» – деп кыйкырдым. Тепилдеген бир бала жаныма чуркап келди.
– Сиз окутасызбы? Биздин эжеке келбейби?
– Ооба, эжекеңер ооруп… – оозумду жыя электе тиги:
– Ур-аа, эжекебиз келбейт, ураа! – деди эле, калгандары аны бир үндөн коштоп кетти.
Мени уккан эч ким жок, уккусу да келбеди. Ушундай да жапайы класс болобу деп жакамды кармайм. Айлам кеткенде баш бербегенин сызгыч менен шыйракка чаап, үч-төртөөнүн кулагынан чоюп, партага ныктап отургуздум. Үнүмдүн айбатын көрсөтмөккө, катуу-катуу басымдуу сүйлөп, араң эпке келтирдим.
Үй тапшырмасын сурап, жаңы теманы эми баштаганымда ортоңку партада отурган экөө чабыша кетти.
– Альва-халва жесең маза…
– Бочка-бочка немецкий чочко… – деп алмак-салмак текилдеп, уруша башташты.
Бири чачын экиге бөлүп өргөн, жаңы туулган козунун баёо, кирсиз көзүндөй бакырайган, мурдунун таноосу топчудай тыпыйып, эрини боёлгондой кызгалдак түспөл татына кыз менен беркиси маңдайына бир тутам көкүлү бар, тегерек бет, томолок, көздөрү ойноктоп тынч турбаган, өзү теңдүүлөрдөн кыйла дадилирээк көрүнгөн эткээл бала.
Экөөнү араң тыйып, тартипсиздиги кайталанса сабак бүткөнчө «экөөңдү бурчка тургузам» деп эскерттим. Кичинекей кыздын атына мен да таңыркадым.
– Альва, Альва… Атыңды ким койгон?
– Апам. Москвада окуп жүргөндө украиналык досу бар экен. Ошондой кыз болсун деп коюптур… – Альва өз атына сыймыктангандай шаттанып айтты.
Аңгыча бир парта артында отурган жана эле чокуша кеткен Медет эки колун оозуна тосмолоп, сыр угузгандай айтты:
– Апасы жиндиканада… акылынан адашкан…
«Селт» дей түштүм. Альва албууттанып, ыйламсырап туталанды.
– Жалган айтпа! Бочка, сен ушакчы кемпирдин эрке талтаңысың. Апам дарыланып жатат. Жакында келет…
– Келбейт. Апаңдын келбегенине көп болду.
– Жетишет. Оозуңду бас! – Медетти айбат менен барып, катуу тыйдым.
Баланы кичинесинен чоң ата, чоң энеси баккан экен. Сабакты бир пейили келсе жакшы окуйт, аракеттенет, бирок пейили келбесе окубайт, баладай алданбайт, курту кайнап турган немедей шоктонот. Партага байлап коюп жаның тынбаса, бир мүнөт жаны жай албайт. Чунаңдап, жөн турбай кыжырыңды келтирген жоруктарды ойлоп тапканга маш. Класстын атаманы. Кыздарды адам катары санабайт, муштап, уруп ыйлатып кумардан чыгат. Айылдагы кыбыр эткен жаңылыкты, урушуп-талашканды, чайлашып-пайлашканды да биринчи Медеттин оозунан угабыз.

Мурдагы окуткан эжекеси «радио» деп койчу экен. Чоң адамдардай сөөгүңө сайып сүйлөгөнү жаныңды чыгарат. Бардар жердин, мартабалуу адамдардын небереси болгонунан аны эч ким деле тыйганга даабайт. Чоң энесинин кыял-жоругун жазбай тартыптыр дешет эжекелер. Кемпир-чалдын койнунда жаткан бала эркеликтен чалжаңдап, кутуруп кеткендей шоктонсо, укпай турса, сабакты бузса, кимге айтаарды билбей, эмне кылар айламды таппай калган күндөрүм болду.

Сабактан кийин Альва менен сүйлөшкүм келди. Апасы жөнүндө эмес… Жөн-жай көңүлүн көтөрүп, тумандуу көөнүн алагды кылайын дедим. Бирдеме айтсаң «шып» илип алган кунттуулугу, тез өздөштүргөн зиректиги, аябай боорукер, жапакечтиги өзүнө имерип турду. Бой-башынын тыкандыгын айтсаң. Энеси жок кыздай эмес, дайыма таптаза, куурчактай кулпунуп турат. Мектепке келатсам алдыман тосо чуркап, кетип баратсам дөңгө чейин узатып коюп, ылым санагандай жакындашат. Кээде колдорумду кошоктой кармалап, жүзүнө басып көпкө турат, апасынын жытын издейби көздөрү жайнай түшөт, кайра колумду аяр коё берип, элеңдей эки жагын каранат…

Майда классты окутуу азап экенин ошондо билдим. Тезирээк эжекеси айыгып чыкса, колуна тапшырсам дегенде эки көзүм төрт. Бир күнү Альва мектепке капалуу, ызалуу келди. Сабактан деле жооп бергиси келбей, партага башын жөлөп, ооруп жаткандай түр көрсөтүп отурду.
Кабатырландым, бирок билдирбедим. Көзүмдүн кыйыгы менен уурдана ар бир кыймылын көзөмөлдөп, сабакты бүтүрдүм.
Экөөбүз ээрчише мектептен чыктык. Кабагы дале ачылбады. Маңдайын сылап, эркелете боорума кыстым. Ушуну эле күтүп тургандай кичинекей кыз өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоду. Эч нерсе дебедим. Ыйлап бугу чыккандан кийин энтиге-энтиге барып токтоду. Бир оокумда алдыман тороп алды да, эки колумду бекем тартып, жалынып жиберди.
– Сиз мени апама алып барасызбы?!
– …
Эмне дээримди билбедим. Бир канча тынымдан кийин билсем деле, оозум барбай жатып сурадым.
– Апаң каякта?
– Ооруканада…
– Оштобу, же каякта?
– Майлы-Суу деген жерде деген таэнем. Баргансызбы?
– Альва, мени укчу, каникулда алып барсам болобу? Азыр мектептен чыга албайм. Эки маал окутам, билесиң да.
– Каникулдабы?
Ал ишенкиребей кайрадан сурады.
– Ооба.
– Сөзсүз, алып барасыз ээ. Апама барганда таэнем алып берген жаңы көйнөгүмдү кийип барам.
Көзүмө жаш тегеренип кетти.
Эки жумадан кийин Альванын өз эжекеси келди. Оор жүк желкемен түшкөндөй жеңилдей түштүм. Кичинекей кыздын балалык кыялын кыя албай, сезимине суу сепким келбей, каникулда сөзсүз апасын көрсөтүп келүүгө өзүмө сөз бердим.
Кайсы бир күнү чоң жолдо келатсам, эки аял артыбыздагы бирөөнү сөздөп кирди. Ортобуз алысыраак, карадым, тааныбадым.
– А-а, бечара жакшы боло албаптыр да. Жаңы келин болуп келген кезинде кандай эле!.. Атаң көрү, турмуш…
– Тиричилик деп кажынып жүрүп, өзүн түгөтүп бүттү. Эмнеси жетпейт эле?
– Оорудан ушинтип калдыбы же күйөөсү түбүнө жеттиби? Эркек эч нерсе болбойт. Катын алам деп камынып жатыптыр.
Экөөнүн сөзү угулбай калды, менден алыстап баратышты. Басыгымды акырындатып, арттагыны күттүм. Бутунда галош, жуула берип, шалбырай түшкөн жемпирчен, башындагы жоолугу да эски, элеңдеп-энтигип, эки тарабын корккондой жал-жал тиктеп, шашкандай бейтааныш келин келатат… Колунда баланын башындай түйүнчөк. Көздөрүнөн эч нерсени туюп болбойт. Карегин чөктүрүп жибергендей… Нестей муңайым, жанын жоготкон каректен эч нерсе окулбайт.

Мага катарлаша түшкөндө, жалт бир тиктеп, арышын ылдамдатты. Арыраак жүргөндө бирөөнүн атынан чакырдыбы же бакырдыбы, айтор, бирөө кууп бараткандай чуркап кетти. Энелик сезими козголуп, балдарынын сагыныч кусалыгы, балдарынын мээрим-шапааты чуркаттыбы, ким билсин…
Ошол жылы күз көпкө салтанаттады, ар кандай чубалжыган күндөрү узакка созулгансып, абанын ысыктыгынан теребелдегилер биринен бири жарышкандай боёгун түрлөнтүп жатты… Айланада чаң тозуду, күздүн акыркы сапары өтө эле кунарсыз тартты, кечээги шаңданган боёктордун өңү өчүп, бак-дарактар дырдай жылаңачтанды. Декабрда же тамчы жамгыр жок, же сууктан кабар жок, күн жылмаңдап турганына карабай, коңур күзгө кош айталбаган токсон түштү. Жыл тогошкондо самаган кардан кабар келбей, дыбырап-себелеп, бар-жоктун ортосундагы жамгыр жаады. Жаңы жылды жамгыр менен тостук. Айылда балаты майрамын шаан-шөкөт менен тоскондор кемде кем. Январдын баш жагында аптаптуу күндүн кебетеси жаздын илебин чакырып тургансыганынан: «Быйыл кыш болбойбу?» – деп бүшүркөгөн менен аппак кардын кадыры өтүп, кыштын кыштай эле болгону жакшы деген үмүт үзүлбөдү.

Балдарга кышкы каникул башталган. Мугалимдер, биз, мектепке көз көрсөтүш үчүн барып-келмей. Бир күнү сумканы мүрүмө асып коюп, мектептен келатсам, асфальтталган чоң жолдо жеңил машине турган. Оюмда шексүү, коркуу же сезүү деген кыпындай нерсе жок. Сезмек түгүл, машиненин жанына келгенче ким бар-жоктугун аңдабаптырмын.
Күржүйгөн сөөк-саактуу, бейтааныш экөө түшүп, Кожо аксакалдын үйүн сурашты. Өң-түсү, бети-башы, кийим-кечеси деле көзүмө токтобоптур, эстей албайм. Баары ушунчалык тез, эс-учту жыйгыча болбой, колумду толгоп, делдектете сүйрөп, машинеге көтөрүп салды. «Даат!» – деп бакырып-чакырганымы, кимдир бирөөдөн жардам сурап жалынып-жалбарганымы уккан бирөө жок, баягы экөө желкемден ныгыра басып, ортого алып отургузганда, шопуру музыканы жаңыртып коюп, зуулдап айдап жөнөдү.
Заманам тарып, үнүм барынча кыйкырып жатам, жырткычтын чеңгелиндеги байкуш макулуктай тыбырчылап жатам…

Айылдын четки жолу менен бир үйдүн алдына барып токтоду. Короого сүдүрөп киргизгенде, топурап бир топ кишилер жүрөт. Капилет четирээкте тиктеп турган кичине кыздын көзүнө көзүм уруна түштү. Эстей албай жаттым… Боюм дүрт этип, денемден жылуу-жумшак кан дүрбөп өткөнсүп, жакынымды көргөндөй эреркедим, көз жашым көлкүлдөп төгүлдү.
Койчу, эстегим келбейт, жоолук салгандагы туш-тушумдагылардын аракеттин… Колумду кайырганда жаным көзүмө көрүнүп, тартышып-түртүшүүдөн, жеңелери менен жулмалашуудан бүткөн боюм жанчылды. Колу-бутумдун, сан этимдин соо жерин койбой, өчү бардай чымчылашканына жаным кейиди… Бир оокумда лөкүйгөн бирөөсү күпүлдөп кирип, «шак-шук» уруп жиберчүдөй атырылды:
– Болду да эми! Жаш кыз да сенчелик өнөр көрсөтпөйт. Атаңдын төрүндө кара далы атыгып отургуча, эр алганына кудай де… Жогорку билимдүү, түшүнгөн неме деп жээндин жактырганы ушубу?… Тыйтаңдаба, эл-журтка, тууган-урукка сөз болгуча, эсиңе кел. Иш бүткөнүн билип туруп, кылыктанып коёсуң да. Ата-энең ыраазы болуп, берип аткандан кийин сенин колуңдан эмне келет? Жөн койсо…
Аялдардын бирөөсү кой-айга келбегенде жанагы неме каалашынча жекирет беле. Сөзү сөөгүмдү көзөп өткөнсүдү… Туш-тараптан аялдар жаалап кирди.
– Ырас айтпадыңызбы? Бизди суй жыкмай болду. Көөнү болбосо, ачыгын айтпайбы, эшик аттагандан кийин үйүндөгүлөрүн, бизди убара кылып минткени эмнеси?– деди чакчаңдаган бирөөсү.
– Калп эле тайтаңдап жатат. Ичинен сүйүнүп атса керек…
Көөнүм таштай муздап, колумдан эч нерсе келбесин, өзү каалап келди деген жарлыкка каяша айта албай, каршылыгым куру убарагерчилик экенине көзүм жетип, нес болуп отуруп калдым…
Кыялымда эңсеп, зарыга бапестеп жүргөн бактымдын жылуулугун зордоп өчүрүп, бешенемдеги чоочун бакытты карманбаска аргасыз болдум. Жети бөлмөлүү, кызыл кыштан келиштирип салган үйдү тикелеп, ичин жасалгалап толтургуча кимиси кайсы күндү көрдү? Мурунку аялын аядым… талма оорудан катардан чыгып, өз коломтосуна эгедер боло албай калган аялды аядым. Чоочун үйдөгү буюм-тайым, жылтырак-жултурак, жер төлөсүндөгү тирелип-тизилип, бир жолу да таңгагынан чыкпаган жапжаңы идиш-аяк, деги адам өзүн кооздош үчүн өмүрүн коротуп, убарагерчилик тарттырган дүйнө-мүлктүн мен үчүн чыпалактай жылуулугу болбоду. Кайра жети бөлмөнүн жетимиш убарасын тартып, таш коргондо күн өткөрүп жүргөнсүдүм…

Ар бир бөлмөгө кирген сайын Альванын көзү тиктеп турат. Байкушум, назик жүрөгүң менен мени канча жектеп кыйналдың экен? Анын так ушул үйдүн ээси, бактысын менден тапкысы келген күйөөмдүн тун кызы экенин билдим. Ошол зордукталган күндөн кийин Альваны бир да жолу көрбөдүм. Сүйлөшкүм келди. Болгон чындыкты айтып бергим келди. Мектептен мени көрсө шарт бурулуп кетет же жолдон бет келишсек, чымын-куюн боло чуркап өтөт. Мени түшүнөт беле же актанды дейби?..
Ата-энесинин очогун коруп, жылуу түнөгүнөн айрылганына жаны ачып, күнөөнү менден издеп, жек көрсө керек…

Крандын суусу токтоп, айылдын башындагы каналдан желкеме бакандап суу көтөрүп келатсам, көчөдөгү арыктын жээгине коомайланып отурушкан эки кемпир күңкүлдөп сүйлөшүп турду.
– Мунусу канчанчысы болуп кетти?
– Таң ай… Эки баласы менен оорукчан келинди кетирген деп уккам. Андан мурда дагы эки аял алса керек эле… Алардан балдары барбы, жокпу, билбедим. Эркектин деле бешенеси келишпесе кыйын экен…
– Чоң болуп иштесе, дүйнөсүнө кызыккан кыз-кыркын чыга берет да. Эрге тийбеген кыз алды дешпедиби…
Эки аялдын кеби кулагыма утуру-утуру жаңырып, бутум баспай, бүткөн боюмду алсыраткан абалдан араң үйгө жеттим. «Аа-ий, ушундай да аңкоо боломбу? Кимге тийгенмин өзү? Анда эмнеге мектептегилер жер-сууга тийгизбей мактайт? Байлыгы, мансабы үчүнбү…» Отуруп-отуруп ар кыл ойлор самсаалап, бирөөнө жооп таба алсамчы… Эмне кылышым керек? Күйөөмдүн баскан-турганы, сүйлөгөнү, мамилеси, койчу, турган-турпаты териме жакпай итеркейимди келтирет. Жумушка кеткенде, эркинирээк дем алгансып, кысылбай калам. Танимди таштаганым менен ого бетер басынып, жылуулугу жок үйдүн, мага эр болгон неменин туткунунан чүнчүп, тумандаган ойлордон жол таба албай, айлам кетип жүрдү.

Жумуштан дайым кеч келет. Жашоо ошонуку эле. Алагүү кызып, кээде бутуна тура албай мас келет да, күп түшөт. Эртеси эчтеме болбогондой жуунуп-таранып, кырынып-себинип, чыкыйып ишине жөнөйт. Шопуру көзүнүн агы менен тең айланып, башынан ылдый жугунду куйса унчукпаган, оозу бекем неме. Эл жатаарга камынып калганда, дарбазанын жанына токтогон машиненин бипилдеген сигналы чыкты.
Шопуруна буйруп:
– Багаждагыларды үйгө киргиз, жеңеңе өткөрүп бер, – деди өзүнүн камдуу, тиричиликке бүйрө экенин көргөзгүсү келгендей дердейип. Мындайда мен тилими жутуп алгандай тунжурап, сөзүм оозуман түшүп, эч нерсе дей албайм. Эмнегедир Альваны ойлоп, мээме келе калган ойдон ачылып айттым:
– Апкелгендериңиз көп го. Балдарыңызга таштатып койбойсузбу?
– Даяр тамак-ашты, жыргал жашоону чанып кеткен таэнеси бага берсин аларды. Гулжуңдап, жакшына жүргөн балдарды үйдөн алып кетти. Сүт сатып канчага багаар экен? Көрөөрмүн… – деди кекенгенсип.
Анда-санда жааган кыламык кар тез эле эрип, жер бошоду, алыскы-жакындан жашынмак ойногонсуган жаздын жыты келет. Эшик алдындагы огороддун тескей тарабындагы үч-төрт жердеги коюу чыккан нарцисстин кулагы күнгө баш бакты. Күн жылыган сайын кулагын делдейтип, бой керген гүлдөрдү казып, мандалагын кошо үйдү тегерете бирден отургузуп чыктым. Аш-паш дегиче, жаз кенен-кесири батынып келгиче, тамырын бекемдеп көчөттөр көгөрүп алат дейм. Нарцисс ой-кырдагы, тоо-таштагы байчечекейге удаалаш эле гүлдөйт. Ак, сары, пушту гүлдөрүн сеңселтип, капилет келген жагымдуу сезимден толкуган кыздын жүзүндөй албырып, жаздын ырын ырдайт. Бой жетип, базарың кызып, баш бармактагы тамчы суудай төгүлө албай турган кезиңде мени эстерсиң Альва!

Ай-ааламга кулачың жеткендей толуп-ташып, жандүйнөңдүн эркиндиги баарынан кымбат сезилген бир учурда мени түшүнөрсүң…
Баягы күн… Эсимде. Күндөрдүн биринде күйөөм жумуштан кеч, кызуураак келди. Төшөктө жатканда эңкейип жерден чөп албаган ак кол, болпойгон жумшак колу менен сылап-сыйпап, төгүлө өпкүлөп, кулакка жагымы ушундай бир дүүлүктүргөн сөздөрдү айтып, эркелетип, жанын сабап козгогусу, кумарланткысы келди дейсиң… Деңдароо сыяктуу ындымым өчүп, кубаттап, коштоп жооп берүүгө алым жетпей, үлүл сыяктуу кабыгымда бүрүшүп-тырышып, мазесин кетирдим. Ошондогу анын бир сөзү акыркы чечимимди тездетип жибергенсиди…
– Чын эле мерез турбайсыңбы… Муздагыңдан жаныңа жан алгыч да жолой албайт… – деди оор үшкүрүп, кыйгачына оодарылып, артын салып жатып алды.

Сырттагы чымчылаган ызгаарга үйдүн суугу кошулуп, туштарабымдан ызырынгансып, жанагы уу сөз мээме сайылып, калчылдап үшүгөнүмдү көр… Жерге чубалган узун, апапакай үлбүрөгөн түнкү көйнөктүн какшагын, оордугун көтөрө албай, жаным карайды. Азаптуу күндөрүм көпкө созулбады. Эч кимге жаман айталбадым. Мени тындыргысы келген апамды, бирөөнүн оокатына кызыгып, тагдырымды оңой эле экчеп койгон атамды, менин паанам менен пайда көргүсү келген эжемди, кала берсе мени жактырып калган адамды да күнөөлөп-күнөөлөй албай шаарга, облустун борборуна келе бердим…
Чоочун үйдүн астанасын экинчи баспайын деп аттанган күндүн эртеси кышты биротоло узаткансып, учуп-күйүп балбалактап, бармактай-бармактай сары кар жаады.
* * *
Шаарга ишке кириш оңой эмес экен. Апамдын инисинен башка жан адамга басып барганга даабадым. Айыпташкандарын уктум. Алы жеткенче ушакташты. «Топурагымды түйүп койдум. Көзүмө көрүнбөсүн…» – дептир апам.
Баарын жаңыдан баштагым келди. Адамдарга аралашып жугумдуу, батымдуу болоюнчу деп, мурунку түнт кыялдарымды азгырыктай кыялкечтигимен четтеп, окчун жандүйнөмдү акырындап өзгөрткөнгө өттүм. Шаарга келгени сырткы кебетем да өзгөрдү. Аздектеп, айранга жууп, чалкандын тунмасына чайкап, кулпуруп желге таралган жибек чачымды кырктырганга көзүм кыйбай жатып, көз жумдум. Белимди орогон билектей жоон чачымды кестирип, «Мода» журналдагы чачтын үлгүсүндө жасалгалаттым. Жеңем экөөбүздүн мамилебиз келишип, эже-сиңдидей болуп калдык. Жарым жылдан кийин тагамдын таанышы облустук билим берүү башкармалыгынын башчысынын тилин таап, аке-жакелеп мени эптеп ишке киргизди.
Кабинетине биринчи киргенимде жылуудай кабыл алганы менен бир нерсени колко кылгандай ноюп, күйшөлүп-ыңгыранып жатып, арызыма кол койду.
– Так, мугалим турбайсыңбы. Руслитти бүткөнүңдөн эле ишке алып жатам. Министерствого документацияны орусча, грамотный даярдаган кадр жок эле. Посмотрим…
Сыртка чыгып баратсам токтотуп, челкейген курсагын сылай ордунан туруп, кызыкканын билдиргиси келбегендей, жөн эле сурагансып:
– Турмушка чыккансыңбы?
– Жок…
Ушул сөздү айтаарын айтып алып, айыбым ачылып калгандай коркуп кеттим. Ушул айыбым жыл өткүчө бир мертебе эмес, миң мертебе «тык» эте көңүлүмө кол салып, жүрөгүмдү «шуу» эттирип жүрдү.
Өмүр дагы бир барагын ачты. Сокур кишидей таягын таптап, кыр ашкандай мезгил-өмүрүм учуп, кезектеги курактын белин ашты… Жалгыздыгым сезилди… Бар билгеним жумуш. Орус тилин сабаттуу билгеним аброй алып келди. Котормого үйрөндүм. Эки жагымды кайсалактап караганга, буту-колумду узун сунуп отурганга убактым болбойт. Жеңемдин кеңеши менен юриспруденцияга сырттан окууга тапшырдым. Башкармалыктын кагаз иштерине менчелик такыба, жоопкер киши жоктой башчыбыз да биротоло таянып алды. Арыздарды, райондордогу бөлүмдөрдү текшерүүгө, аттестациялоого башкармалыктын комиссиясынын жооптуу өкүлү катары көбүрөөк мени жөнөтүшөт.

Колу-жолум бош, жалгыз бойлуулугумду бетиме кармашат мекеменин аялдары. Алыскы аймактардагы командировканын оор-жеңилине кайыл болдум, анткени көңүлүмдү алагдылатып, көөдөнгө бүлүк түшүргөн, эстен кеткис элестери менен көкүрөктө уюду. Талаа кезип жүрүп, таалайымбы дедирткен сизди кездештирдим…
Бир арыздын үстүнөн текшерүүгө баргам. «Шевченко» атындагы мектептин директору Гүлшайым Аманбаева чырдуу аттестатты райононун чоңу айтканынан улам жазып берүүгө аргасыз болгонун, мынчалык ызы-чууга түшөрүн билбегенин, күнөөсүн моюнга алаардан мурда бир маселени менден тактап коюуну өтүндү.
Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Азамат агай жасакерлене комплимент айтып, эшиктин оозунан жайдары тосуп алды. Иштин чоо-жайын билдирип, канткен менен түшүнүк кат жазып беришиңиз керек дедим. Оболу алдап-соолап, бал тилге сала жойпуланып, катты жаап-жайгарып койсом, куру кол калтырбасын айтты. Мен макул болбодум. Бул биринчи, экинчиси да эмес… Канча жолу арыз түшөт, башчыбыз менен жакындыгынан, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат. «Колуңдан эмне келди?» деген мыскылдуу көзү менен кыйытып, текеберленгеничи…
Экөөбүз кайым айтышып отуруп, катуу уруштук.
– Кайып Карабековичтен да чоң болуп кеттиңби? Кабинеттен чыкпай, отчет алгандан башка эмнени билесиң? Колуңдан келгенин жаса. Бар, жогол!
Мени такыр теңсинбей, титиреңдеп, уруп жиберчүдөй теминди. Кайтып баратканымда: «Райондун биринчи жетекчиси чакырып жатат» – деп бирөөсү артымдан жете келди. Бир чети таң кала, бир саам чочулап, кабылдамага бардым. Кезек күтүп тургандар көп экен. Канча өткөнүн билбейм, бир оокумда секретарша:
– Кириңиз, – деди.
Өтө сыпайы, эч кандай эмоциясыз кабыл алды.
– Атыңыз ким?
– Акдана.
– Мм-м. Мен баарын уктум. Өзүм Азамат Арапбаевич менен сүйлөшүп чара көрөм. Комиссия ак-карасын аныктайт, андан ары иштеш-иштебеши чечилет. Бул жөнүндө сөз бүттү.
Анын астыртадан табышмактуу тиктешинен көзүмдү ала качтым. Жоодур, мээримдүү көз карашы бүт тулкумду ээлегендей, эңги-деңги боло түштүм. Бул жарыкчылыктын бүт жакшылыгы кучагыма батпай тургансып, элжиреткен купуя сезимдин чабагына бой сермедим. Ордуман туруп, эшикти көздөй баратканымда:
– Сиз меймансыз, түштөнүп кетпесеңиз болбойт, – деди.
Ошентип, тагдыр бизди ой-боюбузга койбой, кездештирчү болду…
«Саламатсызбы…»
Ушул катты жазуу мага кандай оор. Ички сезимдин албууттанган уйгу-туйгусун моюнга алуу, ачык айтуунун өзү кыйын. Ошондогу биринчи кездешүүнүн таасиринен алиге чейин чыга албайм. Көзүмдү жумуп, элесиңизди өзүмдөн алыстаткым келет. Унутмак тургай, бассам-турсам көз алдымдан кетпей койдуңуз. Кайда барбайын элесиңиз ээрчип, тула боюмду дегдеткен сезимден өзүмдү коёрго жер таппайм. Бизди эмнеге мынчалык жакындаткан, эмнеге бат-бат эстеткен, тез-тез издеттирип эңсеттирген кайсы күч? Ошондо экөөбүз ыпысык, таттуу сезимдерге бийлетип койдук окшойт.

«Бир келген өмүрдө кыялымда самап-күткөн аялзатын кезиктирдим, тагдырыма ыраазымын» – деп ич-койнуңузга батпай турдуңуз. Дасторкондогу өрүктүн жаңы чагылган данегинен тизилген шуруну колума тагып: «Жан дүйнөмдүн данегиндей жаныма кубат болуп жүрүңүзчү…» – деген сөзүңүз көөдөнүмдү көлкүтүп, жарты көңүлүмдү кайыптан келген бакытка мелт-калт толтургансыды…
Мен кандай болсом, ошол турушумда кабылдадыңыз. Өтмүшүмдү сурап, икки-чиккисине кызыгып, тайып-жазып жаңылган турмушума баш бакпадыңыз… Ой-дүйнөбүз окшошуп, жашоого көз карашыбыз, бири-бирибизди толуктаганыбыз, ал эле эмес кыялдарыбыздын жакындыгы бирибизди бирибизге тартып турду. Жолукканда сөзүбүз бүтпөй, бүт ааламды алаканга салып алгандай толуп-ташып, бирибиз экинчибизге дем, кубат беребиз. «Мунун өзү бакыт дейм…» көкүрөгүмө колумду коюп, бөтөн көздөн, суук сөздөн сактай гөр деп Жаратканга жалбарам. А-а, телефондо такыр сүйлөшө албайм. Ар бир жолу телефон чалып, «сүйлөңүзчү…» дегениңизде, айтам дегенимди таппай апкаарып, тилин жутуп алган немедей мелтейип туруп калам. Чалкыган көл сыяктуу дилимде куюлушкан сөз тизмегинин көкүрөгүмдө камалып, сыртка чыга албаганы эмнеси..?

Адатта башкармалыктын календарлык иш планын мага түздүрүп, чогуу талкуулап отурганбыз. Бөлүм башчынын милдетине кирбесе деле башкаруучунун буйругун аткарбаганга айлаң барбы? Олутуу маселе чече тургансып, секретаршасына:
– Мага эч кимди киргизбегин… – деген буйругун таназарга албадым.
Жазгандарымды карап, ийненин учунда отургансып, даярдагандарыма макул болсо экен… – деп чый-пыйым чыгып отурам. Көптөн бери көөнү бузулуп жүргөнсүгөн. Түз жүргөнүм жеттиби же сынагысы келдиби, оюн айтаарга оңтой издеп, болор-болбос иштерге кабинетине чакырып, жарым сөздөн туйгусун кыңгырап, өзүнө имерүүнүн жолун таба албай жаткансыган… Туюмум жаңылбаптыр. Бир маалда ордунан туруп, терезеге жакындап, керилип-чоюлуп алды да, жаныма келди.
– Кыз деле эмес турбайсыңбы? – Үнү мыскылдуу, шашылбай пауза менен, – биринен болбосо экинчисинен… Мага буйругандырсың… Жүрсөң жүрө бересиң. Тирүү жансың, сага турмуш керек. Туурабы? Аа-а…
Чачымды жумшак сылап, мойнума билегин ороп, өзүнө имере бекем кысып койду. Ордуман турууга обдулдум, демиккени, жүрөгүнүн тез-тез соккону сезилип турду. Өзүмөн түртүмүш этип:
– Антпеңизчи… – дегеним менен оозума бир сөз кирбей, тилим буулуп, жүрөгүм кабынан атып чыкчудай тынчтана албай, оюмда «менин таржымалымды кимден уккан?» деген суроо менен алпурушуп турдум.
– Менде иштеп жаман болдуңбу? Эми дагы көтөрүлөсүң. Бирөөнү төрөп берсең, башыма көтөрүп өтөйүн. Үйлүү кылам. Бир бөлмөң барып-барып эки, үч болот. Үйдөгү катындан безип жүрөм. Аягымды байлап, болор-болбоско кызганат, күндө уруш. Жашырын барып турайын азырынча, сагынганыңда… Серьезно айтып жатам. Ойлонуп көр.

… Ух-ух, заманамдын тарыганы ай, бешенеме ушундайлар жазылганбы? Дароо элестетип, үркүп кеттим. Теримди чыйрыктыра бирдеме жөргөлөп жүргөндөй, туңгуюк, нес, ары калтыс сезимден уулуктум. Атамдын жашына чамалаш кишинин тепсендисинде калгыча… дейм да, кайра намысым ойгоно, чыйрала түштүм. Же сынап жатабы? Жеңилдик кылам деп кадыр-барктуу ишимден ажырабайынчы деп корктум. Чычаңдабай эле айлакерликке ыктап:
– Жок десемчи?.. – дедим калп эле жойпуланганым менен зардам кайнап, ичимден жек көрүп.
– Жок дебейсиң. Кантип жок дейсиң?…
Арсар оюмду окуп алгансып, артыман келип, кош канатын аяр жайып, бооруна тарта көкүрөгүмө колун соймоңдоткону калганда, Кудай жалгап, ички телефондордун бири шыңгырап калды. Тройкасынын үнүн жазбай тааныганынанбы, адатынанбы трубканы «шып» көтөрө койду. Эмелеки элеп-желеп, жойпоңдогон үнүнүн тону өзгөрүлө, салмак менен пас чыгып, жогорку жактагы кимдир бирөөнүн сөзүнө кошоматтана желпеңдеп, илбиреңки үнү менен жооп берип жатып, «бара бер» дегендей, мага колун жаңсады. Ичимен жымың эте эшикке атып чыктым.

Министрликтен, өкмөттүн аппаратынан комиссия келет деп дүрбөштү. Адатыбызча башкармалыктагылар чакчелекей түшүп тыпылдайбыз. Башчыбыздын ордуна отура албай калганына караганда, жогортон келе турган кишинин кадыр-кымбаты өтө эле бийикпи же биздин иштин аңтар-теңтерин чыгара турган текшерүүбү, болжош кыйын. Ошол кезде мектепте окубай эле, иштеп же талаалап жүрүп, жасалма аттестаттарды сатып алуу көнүмүшкө айланып кеткен фактылар жеринде текшерилип-териштирилет экен деген сөз тарады. Бир апта түндүн бир оокумуна чейин, обо-добо үйүлгөн документтер оңдолуп-түзөлүп, шектүүсү кайра жазылып, иреттелди. Сөөмөй тийгизсе, чаң жукпаган кабинеттерди жууп-чайыганы бир, райондогуларды дүрбөткөн маалыматтар кулак кагыш үчүн эмес, түздөн-түз буйрук берилип, буйруктун аткарылышын кайра сураган телефондордун кулагы тынчыбаганы эки болду.

Кыжаалатчылыктан өзүн коёрго жер таппаган башчыбыз болор-болбоско сөгүнүп-кагынып, бизди кан кууруп кирди. Кирип-чыккандардан эшиктин туруму үзүлчүдөй тынбайт, дагы бирдеме таап, мени урушпасын деп, шефтин көзүнө чалдыгуудан безилдейбиз. Кийинки жуманын биринчи күнү комиссияны аэропорттон тосуп келишти. Облустук бийлик өкүлдөрү күтүп алганына караганда министрликтеги эки-үчөө эчтеме эмес, биздин тармакты тейлеген ак үйдөгү чоң кызматтагы аялдын келиши маанилүү болду.
Арык чырай, шыңга бой, баскан-турганы тыкылдап жеңил, борбордун акыркы үлгүсүндө кийинген каадалуу аялдын көзүн баары эле тиктешет.

«Гүлмира Абасовна мындай да…» – дешип көзүнүн агы менен тең айланган чиновниктер аялдын көңүлүн бургузганга жан далбастайт. Бир карасаң кадыресе аялдай көрүнгөнү менен анын дымагы кызматынын зоболосунда, салмак-орду менен кимди болбосун эсептештиргенинде эле…
Салабат күткөнүбү же дээринде сыпайы этиканын талабына көнгөнүбү басканы, сүйлөгөнү, жылмайганы, угуп-укмаксанга салганы, баш ийкемиш болуп коштогону жада калса кызыккандай түр көрсөтүш үчүн суроо бергени да бүт баары рамкага салынгандай зыңкыйып, кадыр-кымбатын калп эле кошоматтангандарга кетиргиси келбегенин анчалык байкатпаганы менен зардалуу дымагынан сезилип турду.

Түштөн кийин түз эле райондорду кыдырат экен деген сөз кабинеттен кабинетке желдей учуп жетип, жеңилдей түштүк. Демейде бутун оорутуп алган кишидей аярлай баскан, эпсиз семирген салмагын тарзан боюна салып, чалкалап жүрчү чоңубуз деле шыпылдап, ийкемине келе калыптыр.
Имараттан чыгып, жөнөмөкчү болушканда алдыда бараткан аял чоңдордун тобунан бөлүнө калып мындай деди:
– Кайып Карабекович, кыздардан бирөөнү кошуп берсеңиз. Жол узак, өзүбүзчө… кенен-кесири жол тарталы…
– Албетте, албетте…
Шашкалактаган башчыбыздын көзү мага токтоду. Ак түстөгү «Волганын» арткы орундугуна мейман, алдына мен отурдум. Жөнөй бергенде, машинанын арткы эшигинин ичинен караңгылатылган айнегине өбөктөй калып, туткасын акырын ачып башчыбыз:
– Гүлмира Абасовна, шоферго баары дайын… Биз артыңыздардан, – деп сөзүн бүтүрө электе, каадалуу аял камырабай минтти:
– Сиздин барышыңыздын кажети жок. Эч ким убара болбосун. Өзүңөрдөн өкүл турбайбы… – деди да шопурга айдагын деп буйруду.
Эмелеки дардаңдаган чоңумун шаабайы сууп, кагуу жеген жаш баладай үрпөйүп шагы сынып, кичирейгенин элестетип, өзүмөн өзүм ыңгайсыздандым. Ал киши эмес, өзүм осол болгондой бушайман жедим. Ызасын менден чыгарарын, жер-сууну тепкилеп ызырынарын ойлоп, кыжалат болдум.
Аял өтө сезимтал эле. Менин абалымды туюп калгандай, сөздү өзү баштады.
– Ии-и, сүйлөй отур, чоң кыз, иштегениңе көп болдубу?
– Эки жыл.
– Үй-бүлөң барбы?
– Жок. – Ал мени эмне дээр экен дедиби же жөн эле ушинттиби:
– Тандап жүрөм де…
– Тандабай эле… – уялган кишиче күңк-мыңк эттим.
Тынымга унчугушпадык. Бир топтон кийин:
– Жакшы эрди табыш деле кыйын. Акчалуусунун жүрөгү жок, сүйүүсү бардын дүйнөсү жок. Экөө тең бары кайда? – деп дилиндегини айтты.
Өзүнүнбү же көпчүлүк аялзатынын бүтүмүбү мага да жагып, экөөбүздүн аңгемебиз уланды. Кысылбай калдым. Чоң жолго чыкканыбызда, көңүлү жайына түштүбү, баягы рамкасынан суурулуп чыга калгансып, «эс алайынчы» деп, бутун орундукка узата сунуп, жамбаштай жата кетти. Ал акырын паригин алып, этият артка кондуруп койду. Заматта эле өз үйүндө эч ким көрбөйт деп чач-башына карабаган, нымжан, суйдаң баш аял жатты. Жашы деле кыркка таяп калгандай…

Ак жуумалданган сертирээк өңүнүн бир көркү, ажарлуусу көзү. Табышмактуудай сыр каткансып, сүйлөгөндө, күлгөндө өзүнө тарта арбап жибергени жагымдуу. Тез ымалаштык. Жактырганым, кыйытып деле өзүн көрсөтүп, өзү жөнүндө бир ооз сөз айтпады. Кызмат даражасын, мартабасын сездирмекке ишараттаган ургаачыларга таандык менменсинүүнү, кадырын өткөргүсү келип, болор-болбоско чыртыйган кыял-жоругун сезбедим. Эски тааныштардай асиреттешип келдик. Көзү илиндиби, аял унчукпай калды. Жүрөгүм алып-учуп, сизди ойлоп келаттым. Жолугар бекем? Арабыздын алыстыгы аз келгендей, жолукканга убакыт таппаганыңызга таарынып, издешкенге даабаганыбызды түшүнө албайм. Өткөндө дагы кат жазып, ичимдеги бугумду бөксөрткөндөй, жеңилденгенсип калдым…

Эсиңиздеби…Театрдагы чоң жыйынга барбасам деле болмок. Кызматтык милдеттен эмес, сизди келеби деп бардым. Кечигип бардым. Пушкиндин Онегинине окшоп койкоңдоп көңүл бурдуртпай, эңкейе басып ортоңку орундуктун четине отурдум. Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Түштүк бөлүмүнүн мааракесине карата салтанат өтүп жатты. Залдын ичи толо. Көзүм сахнада болгону менен көңүлүм залда, уурданып сизди издеп жүрөм… Менден арттагы орундуктарда болсо «көргөндүр…» деп өзүмдү өзүм жооткотом. Жанымдагы бейтааныш бирөө менен сүйлөшүмүш этип, карааныңызга көз таштайм. Буурул баскан чачты, тааныш турпатты, карекке уюп калган караанды карайм… Орундугум ыңгайлуу, баары көрүнөт. Токточу… таанышыма көз токтоду. Алдыңкы катардагы орундуктардын ортосунда отурасыз… Жаныңыздагы райондук кеңештин төрагасы болуш керек. Кайрылып сүйлөштүңөр. Көзүмө ээ боло албай калдым. Утуру-утуру чуркап кетет… Мени байкады го, көрдү го дегенсип, ички сезимдер тыпырайт, бирок өзүм көрбөгөндөй түр көрсөтөм. Таанып туруп, таанымаксанга салган адатыңызды билсем деле көзүңүзгө илешип калууга жандалбастайм. Берки жаныңыздагы киши орундугуна чалкалай калганда, сизди даана көрдүм… Сиз деле мени көрдүңүз, чынбы?..

Кызматыңыздын аброюна шек келе тургансып, мындайда жаныңыздагылардан бөлүнүп учурашып коюуга кудуретиңиз жетпейт. Сиз эле эмес, стол кучактагандардын баары таанышын, дос-жарын чоңунун алдында, мансабы бийиктегилер менен турса, көрмөксөнгө салышат. Зыңкыйып, каадасы бузулуп кала тургансып, бешенесинде турганды көрбөй өтүшөт… Эмнеге жолукпай кеттиңиз? Таарынычымды туйсаңыз-туйбасаңыз деле таарынып жүрөм…

Каттын аягын эч бүтүрө алчу эмесмин. Айтайын деген оюм түгөнбөчүдөй, бүтпөчүдөй сезиле берчү. Жолдун жарымына жеткенибизде, биз бара турган райондун жетекчиси өзү тосуп алды. Мурдатан таанышпы өтө жакынсынып учурашты. Кеч бешим ченде борборуна жетип, мейманканадан орун алдык. Эртеси кафеден тамактанган соң, эжекем биринчиге кирип кеткен бойдон көпкө отуруп калды.

Капыстан телефон чырылдайт. Көбүнчө кечки саат тогуз, ондордун ортосунда. Ошондо колу бошойт ко. Киргендер азайып, каны кайнап турган турмуштун илеби басаңдайбы, эптеп убакыт тапканына ыраазы болуп кетем. Трубкадан үнүн угаарым менен опколжуй, жагымдуу сезимдерден чатырап толом. Заматта шаттыкка бийлетип, кубанганымды билдирип коём. Эч качан, эч качан суз же кайдыгер боло албайм. Маанайым түшүп, сиркем суу көтөрө албай турса да мындайда ууртум өзүнөн өзү жарылып жылмаям… Беш-алты күн дарексиз болсо, телефон чалбаса, ага болгон кусалык ашып-ташат. Үнүн укканымда жанымда тургандай каниеттенип, көпшүнүм сууп, жектегенге, таарынганга, назданганга шылтоо издегеним менен дарексиз кетсе тепчилген, санааркаткан калтыс сезимдердин жаныңды сабап киргени эмнеси?…

Билесизби… Баягы-баягыдагы чукул кездешүүнү?… Жумуш боюнча борборго чакыртышты. Кышта самолетто учуунун азабы көп. Айрыкча туман каптап калса, аэропортто акыйып күнүң өтөт. Рейстер артка жылат, учактар уча албай абаны аңдыйт. Ушунчалык көңүлүм сыздаганда үч жарым сааттын кандай өткөнүн туйбадым. Оюм менен алпурушуп, түпсүз санаанын тузагында «Кудайдын айтканы болор» дегендей мелтиреп отура бердим.

Мурдагыдай түртүшмөй, жүткүнмөй жок. Уча турган аянтка чыгуучу жайда кармалып тургандарды түз эле трапка алып келип, эки-үчтөн киргизе баштады. Самолетко баш бакканда кире бериштеги орундуктан сиз менен досуңузду көрдүм. Жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй шуулдай түштү. Досуңуз түсмөлдөп таанып, саламыма жооп бергенсиди. Бош орундук издеп, биринчи салондун эң четки орундугуна жеткенде, эрксизден артыма кылчайып бурулуп карасам, тигиле тиктеп турупсуз… Билбейм, күтүлбөгөн кездешүү сизди да алдастаттыбы?.. Көзүңүз менен учурашып, акыркы салонго чейин узатып турганыңызды туюп турдум.
Аттиң, эч ким болбогондо, ээндик бизге бийлигин бергенде кучагыңызга жыгылып, дилимдегини төгүп, өксүп-өксүп ыйлап албайт белем…

Жылуу жерге киргенденби, муздап, какшап калган денем ныксырап, уктай түштүмбү же көзүм жазгырдыбы, учактын терезесинен карасам, үлпүлдөк булуттарды аралап, ак кардын кучагында баратыптырбыз. Мойнумду созуп, сизди издедим… Баш кийимиңизди алып коюп, гезит окуп жатыпсыз. Тилкеден тилкеге өтүп, кыламык кар жааган борборго жакындап калганда кандай учурашарыбызды түк ойлобопмун. Эл түшкөн аэропорттун автобусунан учурашабыз го деген ойдо эшикти көздөй шашып бараттым.

Сиз мени көпкө издедиңиз, мен аны туйдум. Шаша-буша траптан түшүп келатканымда самолеттон беш-алты кадам нары турган РАФты көзүм чалды. Сиз досуңуз менен дагы бирөө, шопурдун алдында дагы бир аял менен турупсуздар. Боюмду түптүз кармап, эч нерсени байкабаган, билбеген-туйбаган нес кишидей траптан түштүм.
– Келиңиз мында, чогуу кетели, – деп сиз чакырдыңыз.
Келет деп ойлодуңузбу, күттүңүз… ал гана эмес, машинени токтотуп турдуңуз. Кандай күч бийлегенин билбейм: «Жүгүм бар» – деп тескери бурулуп кеттим…
Ичим туз куйгандай ачышты. «Поезд кеткенден кийин» сизди издеп, ары чуркадым, бери чуркадым. Кайырмакка илинген чабактай туйлаган сезим шарында менчелик түйшөлүп, менчелик күймөлүп көрдүңүз бекен?..
Эки күн эжеке тынбай текшерүүдө жүрдү. Коңшу районго да жетишип, мектептерди, маданият очокторун бүт кыдырды. Күндөлүк иш дептерине утуру-утуру чиймелеп, көрсөтмө бергени, кем-кетигине ой айтып, баарлашканы баарына макул келгенсиди. Өз ишин жакшы билгени, ынтаасын коюп, үңүлө түшкөн жооптуу, кунттуу мамилеси жакты. Эч кимди кагып-силкпей, «коллегияда каралат» деген күбүр-шыбыры көп, опурталдуу фактысы менен шектелген билим берүү башчылары менен жекеме-жеке сүйлөштү.

Эртең кайтат деген күнү меймандын урматына чалкыган жапжашыл өрөөндөй учу-кыйыры билинбеген жүзүмзарлуу аймактын ажайып кооз бир жеринде чай беришти. Тилке-тилке жүзүм багынын бир жак капталы чымкый кыпкызыл роза гүлүндөй шагынан самсаалап, көз азгырган анардын көчөттөрү экен. Болгону беш-алты киши эч кемтиги жок, дүйүм тамак-ашы жайнаган столдо тегеректей отурдук.
Коңшу райондон сиз келдиңиз. Эжекемдин чечекейи чеч боло: «Канча жыл, канча кылым болду сиз менен көрүшпөгөнгө!..» – деп орусчалап, келгениңизге кубанды. Кучак жайып, өбүшүп көрүшкөнүңөргө, үзүлө түшүп, мээрим төккөнгө караганда илгертен тааныш окшойсуздар.

Катардагы кызматкердин бириндей кол бердиңиз мага. Сиз да, мен да эзели көрүшпөгөндөй, бири-бирибизди таанымаксанга салдык.
Ээн жаткан талаанын аркырап соккон шамалы күндүн-жердин ысык аптабын кайтарып, жан жыргаткан мелүүндүгүн айт. Канча жылдардан бери ошол жерди ээлик кылган карт талдардын жоон-жоон бутакшактары дүпүйүп, ийненин көзүндөй күн нурун ачкөздөнө жалмалап, жашыра калышат.
Эжекем ичкиликке табити жок экенин айтып албай отурду эле, сиз ордуңуздан тура калып:
– Гүлмира Абасовна, сизди келет деп тоодон кекилик аттырып, «Аюунун канын» кошо алдырдык. Ичпесеңиз болбойт ко ушундай кооз табияттын койнунда, – деп, элпек кыймылдап шарап сундуңуз.

Эжекем столдун көркүн ачты. Ыры менен ар кимди ар ойго салды. Жолбун шыбыштарсыз эркин чыккан, чайналып-кысылбаган үнү таза, бийик экен. Тоонун ойноктогон кашка булагы сыңар шылдыраган авазынан мукам күүлөр жаралып жаткандай жаратылыш үндөн, обондон марттык кылыптыр. Анын ошондогу отурушунан демейдеги сертирээк өңү, жугумсуз жылдызы деле билинбей, жандүйнө кубатынан ажары жанып, супсулуу болуп чыга келди. Утуру-утуру сизге сөз кыйытып, көзү менен тийишип атты. Сүйлөшөргө темаңар табылганы эзелки эмес, жакындан таанып-билип, кыйышпас экениңерди баамдадым. Сыр бербедиңиз…Эмне үчүн? Жаныңыздагылар эптеп эжекеме жагыш үчүн, көңүлүн алыш үчүн эмнелерди айтып-дешпеди. Сиз тымпыйып, аялдын көңүл ышкын, арзуусун таназар кылгысы келбеген кайрымсыз бийиктигиңизден түшпөй койдуңуз. Көңүл кушун кондуралбаган эжекемдин далалатын менчелик сезип-туйдуңузбу? Эмне үчүн унчукпадыңыз?

Жүзүмзар тараптан анардын чоктой кызыл гүлдөрү бизге көрүнүп турган. Эжекем эми байкады окшойт. Кандай гүл деп кызыгып сурады. Гүл эмес, анардын гүлү дешти. Өмүрүндө анардын кандай өсүп, кандай гүл ачканын көрүп-билбегенин мойнуна алды, жанынан көрүп, үзүп келмекке ордунан тура жөнөдү.
– Гүлмира Абасовна, ашыкпаңыз… Анардын гүлүн үзүш кыйын, тикенектери саят. Азыр өзүбүз үзүп келебиз, – деп чебелектей тура калдыңыз да, чай даярдаган кишини жөнөттүңүз.
Анардын гүлү ошондогу чайлашуунун акыркы темасы болду. Аял гүлдү колуна кармап, айландыра тиктеген калыбында суктанганын жашырбады. А мен сизди биринчи жолуктургандан бери онтотпой турган ооруга жолуккандай ичимден сызып, эзилип бүткөнсүдүм. Эжекемдин абалын алда качантан баштан өткөрүп, экөөңүздөрдү тутандыра албаган оттун чогун кармап алгандай кызык абалда жүрөм…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *