АҢГЕМЕ

Октябрь майрамынын алды. Гүланда көчө жээгинде ойлуу келаткан.

— Салам! – деген үн чочутуп жиберди.

— А салам!  Маңдайында турган жигит Жапар экен.

— Оюңузду бузуп койдук көрүнөт?

— Жок, жок, мен өзүмчө эле…

— Мен сага атайын келаттым эле. Ырас болбодубу жолугуп калганыбыз. Убактың болсо киного кирбейлиби!?

— Мейли. Алар ал-жай сурашып, андан ары узашты.

Жапар Гүланданын эски таанышы боло турган. Алар кайсы бир кечеде таанышкан эле.

Кинодон чыгышкан адамдардын кай бирлери кинону талкуулап көчө бойлой басышса, айрымдары аялдаманы көздөй агылып жөнөштү.

— Түү балээ баскыр, эсимден чыгып кете жаздаган турбайбы! — Жапар шыпшынып алды.

— Эмнени?

— Бир досум туулган күнүнө чакырбады беле.

— Анда мен бара берейин?

— Чогуу эле барып келбейлиби?

— Сабак окушум керек эле.

— Эрте эле келип калабыз.

Гүланда жок дей албай аны ээрчий басты. Дүкөндөн торт, анан шампанский алышты.

Жапардан башкасы эчак эле келишкен экен. Алар досун куттуктап, столго өтүштү. Шампандар бузулуп, куттуктоолор айтылып жатты.

Гүланданын ичпейм деген оюна коюшпай жаалап жатып шампанский ичиришти. Андан ары кече уланып, тосттор айтылып, бокалдар көтөрүлдү.

— Эми кете албай калдык, автобустар да токтоду. Эс алууга чыгып келип, анан шашпай отурбайлыбы!? – деди бирөө.

Ошону эле күтүп турушкансып баардыгы сыртка умтулушту.

Ошол күнү Гүланда чексиз бактылуу эле. Аппак көйнөгү делбиреп, Жапардын колтугуна ыктап, басаар-басмаксан болуп каалгый  бак аралап баратышты. Экөө тең теңселип кызып калышкан эле.

— Олтурбайлыбы!? – деди Жапар.

— Олтурса олтуралы.

Жигит кызды өзүнө имере тартты. Гүланда каршылык көрсөтпөдү…

Гүланда болуп өткөн окуяны эртеси гана түшүнүп, шарап кошулган шампансий ичкенин түшүнүп башын мыкчып отурду.

* * *

Күндөр өтүп жатты. Алар жолугушуп турушту.

* * *

Күндөрдүн биринде Гүланда бөлмөсүндө жалгыз отурган. Жапар кирип келди энтеңдеп.

— Гүланда, — деди Жапар, — коштошоюн деп келдим, армияга кетип атам.

— Эмне-е!? – Гүланда кыйкырып жиберди. – Муну эмне кыласың, муну же мен өмүр бою ичимди таңып жүрөмбү? Курсагындагы жоолукту чечип жиберди. Гүланданын курсагы томпоё түштү.

— Алдырып ташта! – көңүл кош күңк этти Жапар.

— Сенин кылыгың аз келгенсип, эми канына забын болоюнбу күнөөсү жок наристенин!? – Гүланда керебетине кулап, солкулдап ыйлап жатты.

— Ыйлаганда эмне… Кой шашып атам. Жакшы кал! –деди да Жапар артын карабай чыгып кетти.

Гүланданын тарыхын, тагдырын санаалаш курбусу, курсташы Айдай гана билүүчү. Сырга бекем, токтоо, акылдуу Айдай Гүландага моралдык колдоо көрсөтүп, кеп-кеңешин айтып турду. Баланы алдырбоону өтүндү.

— Жакшы адамдардан калган жалгыз туяксың. Сен алардын ордун басууга, тукумун улоого милдеттүүсүң. Жапар жаштык кылды, армияга барып кагылып-согулгандан кийин түшүнөт. Ал кайрылып келет, — деп Айдайдын сөздөрү Гүланданы чыйралтты, дем-күч болду. Эгерде Айдай болбогондо жанын да кыят беле ким билет.

* * *

Гүланда ай-күнүнө жетип калган мезгилде институтта жайкы сессия аяктап, студенттер айыл-чарба жумушуна жиберилди. Гүланда дагы студенттер менен жөнөөгө камынып жатканда кеткенден бери кат жазбаган Жапардан “өз колуна” деген жазуусу бар каты келип тийди колуна. Катта: “Гүланда! Кандайсың? Кыйналбай жүрөсүңбү? Сен жөнүндө ата-энеме айтып, үйлөнөөрүбүздү билдиргенде, алар таптакыр каршы болушту. Ата-энеси жок жетим кыз турбайбы. Биз да элчилеп кудалар менен чай ичишсек деп тилебедик беле дешти. Ата-энемдин сөзүн кыя албай армияга кетип, ошону менен сени унутууну туура тапкам. Бирок сени унута албадым. Бассам-турсам эсимдесиң. Анын үстүнө жаштык кылыптырмын. Армияга кетээрдеги сага жасаган мамилем үчүн чөгөлөп кечирим сурайм. Мени кечир! Суранам! Ата-энем туура түшүнөөрүнө, сени көрсө жакшы көрүп калышаарына ишенем. Биз бактылуу болобуз!” – деп жазылган эле.

Гүланданын ою уйгу-туйгу болуп, Жапардын жазган каты сезимине бүлүк салса да, жүрөгүндө калган таарыныч кайрадан тээп чыкты. Ага жооп жазбады.

Табиятынан болук Гүланданын боюнда бар экени анча деле байкалбады. Кичинекей кезинде ата-энеси көчкүдөн каза болуп, көрүнгөндүн колунда өскөн Гүланда жаштайынан турмушка бышып, өтө эле чыйрак болучу. Айыл чарба жумушуна “Совет” колхозуна барышкан. Баргандан беш-алты күн өткөндөн кийин бир күнү эти ооруксунуп турганын байкады. Жардамга келген студенттер колхоздун клубуна жайгаштырылгандыктан, Айдай экөө мурдатан эле капталдагы ээнирээк бурчту ээлеп алышкан эле.

Түн ортосуна чукулдап, кыздардын баары таттуу уйкуга кирген мезгилде, ичи ооругандан тынчы кеткен Гүланда Айдайды ойготуп, акырын сыртка жылып чыгышты да, айылдын чет жагындагы кашатты карай жөнөштү.

* * *

Тунжураган дүлөй түндү жарып, ачуу чаңырган аялдын үнү, артынан наристенин ыңаалаганы кызуу уйкуда жаткан айылга элдир-селдир эле угулбаса, жеткен жок. Кенедейинен тың өскөн Гүланда Айдайдын жардамы менен баласынын киндигин өзү кесип, туңгагын тазалап, мурдатан даярдап ала келген ороо-чулгоосуна баланы ороп, коркунучтуу да, сүрдүү да түнкү жымжырттыкта баласын  эмизип кыйлага отурду. Бул айылга келээри менен эле студенттерди шынаарлап келишкен, тестиер кыздардан айылдагы адамдар жөнүндө чекип сурап, жакында эле кемпири каза болгон, баласы жок Чодон карыя жөнүндө билген эле. Аман-эсен көз жарса, баланы Чодон карыяга берүүнү да мерчемдеп койгон.

— “Алда күнөөсүзүм ай! Жарыкчылыкка ушундайча келээриңди сездиң беле?! Же бул дүйнөнүн кызыкчылыгынан жүрөк алдында жатып эле кечтиң беле? Ырас, дүйнөгө келгенден кийин жашашың керек. Аман калсаң сен да чоңоёрсуң, бирок… бирок сени ушул абалга калтырган таш боор ата-энең бар экенин билсең, жүрөгүң ошондо бир канайт ко кулунум?!…

Кош эмчеги дирилдеп ийип, зырылдап ыйлап турган Гүланда чебер оролгон кол башындай наристени таң супа салганда Чодон карыянын эшигинин астына аяр коюп, артын кылчак-кылчак карап үйдөн узады.

— О, Кудай, балама аманчылык бере көр! Бөөдө кырсыктан сактай көр! Бак бере көр! – деп күбүрөнгөн Гүланда студенттер жаткан клубду карай Кудайга жалынып-жалбара боздоп-сыздап келатты. Жанында көлөкөсүндөй болуп Айдай жүрдү.

* * *

— Кагылайын элим, кагылайын журтум, кут түштү үйүмө, кут! Тилегим кабыл болду кудай! Башым тартуу журтум, башым!!! – деп таңкы намазга туруп, эшик алдына ороп таштап кеткен баланы таап алган Чодон карыя кошуналарына кабарлап, таң азандан убай-чубай келип жаткандарды утурлай, этегиндеги наристени ыңаалатып, кубанычтан буркурап ыйлап турду.

Ошол күнү узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына кеткен сөз болду элде. Бири Чодон абышканын үйүнө асмандан бала түшүптүр десе, экинчиси койсоңчу болбогон кепти, Чодон өзүнүн эле туугандарынын баласын багып алыптыр дешти. Ошол эле күнү түндө боздогон тайлактын үнү угулуптур, жо-жоок жез кемпир чаңырган имиш деген сөздөр кудум эле жомоктогудай айтылды.

Ошол күнү ушундай сөздөрдү айыл чарба жумушунда жүргөн студенттердин да кулагы чалды.

* * *

Бир жылга чукул убакыт өттү. Жапардан үстөккө-босток келген каттарга да жооп жазбай койду. Наристеси көңүлүнөн кетпей көз алдына тартылып туруп алды. “Совет” колхозунда айыл чарба жумушунда жүргөндө таанышып алган кыздар менен кат алышып турду. Чодон карыя уулун туугандарынын ошол учурда төрөгөн келининин баласына эмчектеш кылып багып жатканын билди. Уулунан көңүлү тынып, кандай болсо да окууну бүтүштү максат кылды. Акыркы курс болучу. Аракеттенип жатып, өзү айыл чарба жумушуна барган айылга бөлүндү.

* * *

Гүланда бөлүнгөн айылындагы мектепке келгенде, мектеп директору аны Чодон деген карыянын үйүнө жайгашаарын билдирди.

— Анын бир эле баласы бар, үйү кенен, сизге тынч болот, — деди.

Бардыгы Гүланданын оюндай болгонуна, көктөн тилегени жерден табылганына, баласы менен чогуу болоруна ичинен кымылдап, кубанычка жүрөгү толуп чыкты.

* * *

Гүланда Чодон карыя менен тез эле ата-баладай болуп кетти. Уулу там-туң баса баштаган экен. Ата-бала бири-бири менен толукталып, бирине бири элжиреп, эркелеп, бири-бирине эрмек. Өзүн бактылуу сезип, кубанычы койнуна сыйбаган Гүланда мектепте тарсылдап иштеп жүрдү.

Ноябрь айынын ортосунда сабактарын бүтүп, мектептен чыгып келатып, мектепке кире берген аскер кийимчен жоокер менен сүзүшүп алды.

— Кечирип…

— Гүланда!!!

Жалт караган Гүланда, өз көзүнө өзү ишенбей, сумкасы колунан түшүп кеткенин байкабады.

— Гүланда, мен сени издеп келдим?!

Бул үн каяктагы бир туңгуюктан чыккансып, ачуу да, аялуу да угулду. Анын жанында ооз ачып өпкөн алгачкы сүйүүсү Жапар турган эле.

— Гүлүш, кечир мендей акмакты! Уулуң үчүн Гүлүш! Жапар Гүланданын алдында салбырап турду.

— Ал эми биздин уул эмес, атасынын уулу.

10.07.1976
Ысык-Көл, Дархан айылы.
КМУнун спорттук-ден соолукту чыңдоочу лагери

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *