Түрк тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

АҢГЕМЕ

— Жоок, көгүчкөндөрүмө тийбегиле, — деди.

Улгайып калган чарба ээсинин бул жашоодогу сүйүктүү нерселеринин бири же балким эң биринчиси көгүчкөндөрү эле. Жаш кезинен бери атканасы, малканасы, тоокканасы же дыйканчылыгы аны чарбанын ички короосундагы көгүчкөндөрүндөй убарага салган эмес. Ошондуктан айылда болсун, шаарчада болсун үй-бүлөсүнүн атак-даңкына карабастан, кушчу Хүсейин мырза дешпесе эч ким тааныбайт.

Хүсейин мырзанын кушчулугу бардык нерсесинен жогору турат. Өмүрүндө ушундай окуялар болду дейсиң: аялын, кыздарын, маанилүү иштерин ушул кызыгуусуна жана көңүл ачуусунун урматына адаттагыдай курмандык кылды, унутту, акылдан адашты, берилип кетти.

Азыр ал ушул аймактын, балким дүйнөнүн эң сулуу, сейрек кездешүүчү көгүчкөн түрлөрүнө ээлик кылат. Отуз жылдан бери бул наздуу макулуктарга камкордук көрүп, ким билет, канчалаган маңдай терин төккөндөн кийин акырында, бүгүн эң таза, асыл куштардын арасында жашоосунун эң бактылуу көз ирмемин өткөрүп жатат. Ар бирин өзүнүн аттары менен чакырат. Чоочун адамдар үчүн баарысы бирдей өңдө, бирдей түстө, бирдей турпатта көрүнгөн бул макулуктардын бири-биринен өзгөчөлөнгөн сырдуу жактары бир гана ага белгилүү. Кээсинин мойнундагы ичке маржан мончоктору, кээсинин канаттарынын астындагы жашыл тактары же көздөрүнүн ичиндеги кызыл жылдыздарын ал гана көрөт, билет.

Короо ичинде баарынын даражаларына карата бөлөк-бөлөк оордулары бар: Кушчу Хүсейин мырза ар кечте адам рухтуу бул сулуу куштарынын өз эрки менен бөлмөлөрүнө кирип кеткенин көрмөйүнчө жаны жай алып, тамактанууга отура албайт. Ак аял менен Сүлейман устанын мамилеси эмнеге бузулду? Сөзсүз кичинекей Серфираздын көңүлү Месудка түштү. Эмне кылсак, эмне кылсам…деген сарсанаа менен түнү бою кирпик какпай чыгат. Керебетинде оңдон солго, солдон оңго оодарылганы оодарылган.

— Бир аз мага деле көңүл бурсаң боло, — дейт аялы.

Бирок кушчу Хүсейин мырза бардык көңүлүн жана эркектик милдетин көгүчкөндөрүнө арнагандай.

Баары бирдей асманга көтөрүлгөн кезде кубанычында чек жок. Короонун ортосунда колундагы узун каргысы менен сааттар бою башын көккө созуп, оозун ачкан тейде айран-таң болуп жүрө берет.

1917-жылдын апрель айларында, түшкө маал тегеректеги айылдарда болгондой эле, анын чарбасына бир топ душман аскери басып киргенде короонун чок ортосунда жүргөн.  Тегерегиндеги адамдардын нары-бери чуркаганын, үйүндөгү аялы менен кыздарынын ызы-чуусун сезди; артына бурулуп караганда, эки канаты ачык дарбазасынан хан сарайга кайтып келеткан чарчаңкы жолоочу сымал, кээ бирөө аттуу, кээ бирөө жөө баскан душман аскери агылып кирип келаткан! Кушчу Хүсейин мырза өмүрүндө алгачкы жолу куштары асманда учуп жүргөндө башы жерди карады; жүзү кубара түшүп, келаткандарды көздөй басты; чарба ээси катары:

— Эмне болду? Каалаганыңар эмне? – деп сурады. Келаткандардын бирөөсү каткырып-күлүп жакындады:

— Саламатсызбы мырзам, чоочун эмеспиз, — деди.

Саламын айтып, колун сунган жаш душман башчысын тааныгандай болду: бирок эстей албай турду.

Аскер башы беймаза күлкү менен суроо узатты:

— Тааныган жоксузбу? Испирону тааныган жоксузбу? Испиро, Испиро?..

Хүсейин мырза дароо:

— Аа, ооба, — деди.

Бул жигит беш жыл мурун Хүсейин мырзанын жанында алты айдай кызмат кылган; колу жөн турбаган, ач көз жигит болчу. Мыскылдуу күлкүсүн токтоспостон, колун кары адамдын ийиндерине коюп, кулагына эңкейди да, акырын:

— Бир канча күн ушул жакта калабыз, — деди. – Солдаттар айылдын тегерегинде тынч жата албайт. Бираз тамак-аш керек…

Хүсейин мырза таң калган абалында:

— Макул, келгиле, — деди.

Душмандар карынын жанына топтоло калып, каткырып күлүп, ар нерсени сүйлөшүп, абада кайкып учуп жүргөн көгүчкөндөрдү бутага ала башташты. Хүсейин мырза колундагы каргыны жулкулдатып, жарым ачуулуу, жарым коркуткан үн менен:

— Жоок, — деди, — көгүчкөндөрүмө тийишпегиле!

Бирок айтып оозун жыйгыча, мылтыктын үнү жаңырды. Хүсейин мырза корккон абалында алгачкы ок чыгарган солдаттын колуна жабышты:

— Эмне кылып атасың? Жөн тур! – деп кыйкырды.

Бирок мунусу менен алектенип жатканда, экинчиси да мылтыгын асманга көтөрдү; кулагынын түбүнөн дагы бир ок атылды; учуп жүргөн куштардын бирөөсү айланып-айланып, акырын жерди көздөй кулады. Асмандагы куштардын арасында алаамат башталды. Хүсейин мырзанын колунан каргысы түшүп, жүзүнүн өңү менен чекесинин өңү бири-биринен айырмаланбай калды. Испиро жанына жакындап:

— Эмне болмок эле, жайына кой! – деди.

— Жайына коёюнбу? Сен акылдан адаштыңбы? Буларга айткын, кудай урсун акыбети жаман болот.

— Жаман болобу? Эй, өзүңө кел кушчу. Ал күндөр өтүп кеткен.

Кечеги кызматкердин оозунан жүзүнө карай түкүрүктөй атып чыккан сөзүндөгү терс мамилени уккан жок, сезген да жок. Азыр, анын бүтүндөй ойлоосу асманга көтөрүлгөн мылтыктар, атылган октор, айланып-айланып кардын чоңурак бүртүкчөлөрүндөй болуп жерге кулап жаткан көгүчкөндөрдө эле. Айласыз жалбарууга өттү.

— Суранам, токтоткулачы, суранам, — дей берди. — Эмне кааласаңар берейин. Буларды жегенге, ичкенге болбойт, күнөө болот, күнөө…

— Күнөөбү? Ал сиздин динде ошондой, — деген жоп узатышты.

Мээлеп жаткан солдаттардын бирөөсү аркасына кайрылып, өз тилинде бир нерсе балдырады. Мээлеп тургандардын бир канчасы дароо жерге түшкөндөрдү чогултууга өттү. Көгүчкөндөрдүн кээси короого, кээси чарбанын чатырларына, кээси тыштагы көлгө, кээси коон-дарбыз бакчасына, кээси алысыраак жайгашкан талаага түшүп жаткан. Ак көгүчкөн жамгыр астында калып, тентек жаш баланын кейпин кийген душман аскерлери бир тараптан кол булгап, бир тараптан кыйкырып, бир тараптан турган оордуларында теминип атты.

Байкуш Хүсейин мырза өзүн жоготуп, оордуна чөк түштү. Эч нерсе деп үндөбөдү. Көзүнүн кыйыктарынан тоголонуп аккан жашы менен жапайы аңчылыкты көрүп турду. Испиро жакындап:

— Эмнеге мынча кооптонуп атасың? Жайына кой, бираз ойноп-күлүп алышсын. Канча күндөн бери согушуп жүрөбүз. Кечинде бул куштардан куурма болобу? Чогуу жейбиз.

—  Хүсейин мырза бир нерсе айтайын деди, дей алган жок. Жүткүнүп барып кала берди. Эми көз жашы токтоп, көз карашында өзгөрүү пайда болду.

Ак куштар биринен сала бири жерге жаап жатты. Калгандары чачырап жоголушту. Аңчылык токтоду, арасынан бирөөсү каткырып Хүсейин мырзага жакындады, чала-бучук түрк тили менен:

— Кандай мергенчи экенбиз? – дегиси келди.

Чал үндөгөн жок, башын көтөрүп, асмандагы бир чекитти талып тиктейт. Кайрадан көздөрү жерди тиктеди, короонун ортосундагы жыйылган көгүчкөндөргө жакындады, ийилсе: алдында алтымыш, жетимиштей көгүчкөн жаткан эле, баарын бир-бирден канаттарынан, баштарынан кармап алаканына салды, бирөөнүн тумшугунан өбүп, бирөөнүн жонуна сылады. Солдаттар менен сүйлөшүп турган Испиро чалга карап:

— Үйгө алып кирип бер, кууруп жиберишсин, — деди.

Кушчу Хүсейин мырза оордунан кыймылдаган жок, уккан да жок, канга чулганган өлүү куштарды сылап, бетине, көзүнө сүртүүсүн улантта берди.

Душман солдаттарынын бирөөсү Испирого колун менен башын көрсөтүп, “келесообу?” дегендей ишарат кылды. Испиро короонун тигил бурчунан дагы бир жолу кыйкырды:

— Ээй, жетишет эми. Сага айтып атам, дүлөй болуп калгансыңбы. Үйгө алып кирип бер, — деди.

Кушчу Хүсейин мырза дагы эле оордунан жылган жок. Солдаттар менен чарбанын эски кызматкери чөк түшүп отурган кушчуга жакындашты, бирөөсү ийинен жулкуду, бирөөсү сакалынан тартып көрдү. Бир канчасы маңдайына отура калып карашты. Бирок отургандан турганы бат болду. Баардыгы кандайдыр бир коркунуч менен артка кетенчиктеди. Карыя өң-алекеттен кетип, көз карашы сүлгүнүн учундай бекем, тик, катуу эле. Жайкалган ак сакалы жүзүнө сүртө берген куштардын каны менен боёлгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *