Жаңычыл көзкараш

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ агабыз учурда Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде эмгектенген мекендешибиз. Бул маекте бүгүнкү күндөгү коомдук процесстерге болгон көзкарашын жана элибиздин кулк-мүнөзүнө таандык сапаттар туурасында кеп учугун баштайт…
– Адегенде өзүңүз туурасында атпай-журтка азын-оолак баян куруп бербейсизби. Америкада, кийин Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде кантип иштеп, кантип профессор наамын алдыңыз?
– Олжобай иним, мен мурда Америкага барып жашайын же иштеп калайын деп план да, аракет да кылган эмесмин. Тек гана Америкадан үйрөнө турган нерселер көп экенин жакшы билчүмүн. Турмуштун дээрлик бардык тармактарында Америка ийгилик жарата алган өлкө. Ошонун ичинде билим берүүнү жана илимди уюштурууда да алдыда экенин билебиз.
Мен адис катары Европа жана Американын билим берүү ишиндеги алгылыктуу жактарын Кыргызстан үчүн өздөштүрүүгө абдан кызыгып, аны ишке ашыруу үчүн кыйла аракеттерди жасап келгем. Ошентип жүргөн кезде жашыл карта лотереясы чыгып калды да Америкага кете бердим. Башында бир-эки жыл алардын агартуу системасын деталдуу үйрөнүп, тажрыйба топтоп, кайра келем деп ойлодум эле. Бирок реалдуулук башкача болду: ошондон бери көз ачып жумганча жети жыл өтүп кетиптир.
“Аракет кылсаң берекет” деген ошол тура. Адистигиңди өнүктүрүп иштей берсең, сага кызыккандар да көбөйөт экен, үкам. Мен былтыркы жылдан бери Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Зайд университетинде ассошиейт профессор статусунда жаңы жумуш баштадым. Бул окуу жайына ишке кирүү канчалык катуу таймаш экенин айтып отурууну ашыкча го деп ойлойм…
– Аталган университет туурасында бир-эки ооз айта кетсеңиз…
– Зайд университети БАЭдеги үч мамлекеттик университеттин бири. Ал эмираттардын түзүүчүсү жана биринчи президенти, шейх Зайд ибн Султан Аль Нахйяндын ысмынан коюлган. Бул университетти жаштардын келечегин ойлоп, алардын дүйнөлүк деңгээлде жогорку билим алуусуна толук жана өзгөчө кам көрүүнүн үлгүсү десе болот. Бул жерде түзүлгөн шарт өнүккөн өлкөлөрдүн деле бардык университеттеринде кездеше бербейт. Аталган окуу жай Америкадан аккредитация алган жана ал мамлекеттин системасын колдонот. Өтө чоң амбициялуу максаттарды алдына койгон. Бул жерде өнүккөн өлкөлөрдүн университеттеринде биртоп жыл иштеп, тажрыйба топтоп келген гана адискөй мугалимдерди ишке тартышат. Мисалы, биздин математика жана статистика кафедрабызда профессорлордун токсон пайызы чет өлкөлүк, Түндүк Америка, Европа, Австралия, Жапония, Түштүк Корея ж.б. мамлекеттерден келгендер.
Мен үчүн мындай жагымдуу мулти-маданияттуу чөйрөдө иштөө өзүнчө эле чоң ыракат. Мугалимдердин жумушка болгон мамилеси да эң жогорку деңгээлде. Ар бири милдеттүү ишине өзүнүн жеке профессионалдык тажрыйбасынан чыгарган өзгөчө салымын кошконго аракет кылат.
– Четте илим-билим жолу менен жүргөн өзүңүзгө окшогон адамдар аз, өзгөчө сиздин муундагылар арасында. Албетте, жаштар окуп-чокуп атат деңизчи, бирок сиздин куракта бөтөн эл, бөтөн жерге барып профессор наамына жетиш кыйла оор болсо керек?..
– Америкада биз тараптан баргандардын адистиги боюнча иш табуу кыйынчылыктары жөнүндө кинолордон көргөндүрсүң. Албетте, оңой эмес, бирок таптакыр мүмкүн эмес дегенге да болбойт. Мен жумушка орношуудагы тоскоолдуктарды экиге бөлөр элем. Биринчиси, бул англис тилин билүү. Айрыкча мугалим болуп иштөө үчүн тилди өтө жогорку деңгээлде колдоно билүү талап кылынат. Бирок мага бул тоскоолдук жеңилирээк болду. Себеби ал өзүмдөн гана көзкаранды эле. Ооба, мендей 40 жаштан өтүп калган кезде чет тилди профессионалдык деңгээлде өздөштүрүү оңой эмес, анан калса мен мектепте да, университетте да англис тилин окуган жан эмес элем. Ошого карабай күндөп-түндөп убактымды үлөштүрүп иштеп, керектүү деңгээлде көжөлүп, көгөрүп артынан түштүм. Экинчиси, эң оор тоскоолдук болду. Ал – квалификацияны тастыктоо болчу. Анын негизгиси – дипломдорду таануу. Мен чет өлкөдөн диплом алган эмесмин. Жогорку билимим Кыргыз Мамлекеттик Университетинен, ал эми кандидаттык диссертациямды Кыргыз илимдер академиясында коргогом. Ошол документтерди таанытуу абдан көп энергияны алды.
– Америкада биздин дипломдорду таануу кандай негизде жүргүзүлөт? Муну сураган себебим: ал жактарга барып иштегиси келген айрым мекендештерибизге мүмкүн пайдасы тийип калабы дегеним да…
– Америкада чет элдик билим квалификацияларын көзкаранды эмес адис уюмдар баалашат. Алар жеке адамдын дипломун эмес, ошол диплом берген мамлекеттин билим системасын баалашат, ошонун негизинде жыйынтык чыгарышат. Мисалы, Америкада мен кайрылган эки уюмда Кыргыз Республикасында аспирантура жана кандидаттык диссертацияны коргоо – алардын ПхД даражасына татыктуу деңгээлдеги квалификация эмес деп эсептешет экен. Негизги аргумент – алардыкындай эки жыл бою окутулуучу докторлук деңгээлдеги курстардын бизде жоктугу. Ошондуктан кандидаттык даражамды Американын докторлук даражасына эквиваленттүү дегенди өткөрүү өтө кыйын болду.
Аларга билимим тууралуу кошумча маалымат жеткирүүгө туура келди. Мында менин айрым күчтүү аргументтерим чоң жардам берди десем болот. Алар мисалы, диссертациямдагы натыйжалар ошол заманда эле англис тилинде үч макала болуп чыгып калганы; мен аспирантурада Латвия университетинде болгонум жана илимий жетекчим профессор А.Шостак дүйнөгө таанымал математик болгондугу; ал жөнүндө маалымат интернетте оңой эле табыла тургандыгы болду.
– Ошондон кийин анан ишке алышкан экен да?
– Ошондон кийин гана жумуш үчүн таймашка катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Америкада бардык деңгээлдеги жумуштар атаандаштык аркылуу берилет, а Кыргызстандын окуу жайларынын бүтүрүүчүсү үчүн жумуш издеп, аттаандаштыкка туруштук берүү мүмкүн эместей эле нерсе. Мисалы, туруктуу профессорлук орунга 100-200, кээде андан да көп адамдан документ түшөт. Ошондо реалдуу кандидат болсоң, сен жөнүндө баарын билгилери келет, анын ичинде окуган жерлериңе чейин кызыгышат. Ошондуктан Американын университетине мугалимди жумушка алуу өздөрү үчүн да узак убакытты талап кылган процесс.
– А Кыргызстанда болсо илимий даражаны сатып алып деле профессор же академик болуш катардагы адамдын колунан келген иш болуп калды да бүгүн…
– Бул терс көрүнүш коомго жалпы таасирин тийгизип келатса, мага да жекече таасирин абыдан көп тийгизип жүрөт. Себеби мен чет элдик билим берүү системасынан жумуш издеп жүрөм, барган жерде каяктан экенимди көрүшөт. Өзүң ойлоп көр, тандоочу комиссиянын алдында 200 документ турса, кайдагы бир күмөндүү жерде окуп-чокуп документ алган адамды ким тандап алгысы келет? Билим берүү системасынын канчалык деңгээлде коррупциялашып кеткени интернеттен дароо эле табылат. Окууда бааны сатып алуу; илимий эмгектерди көчүрүп алуу; пара менен жактоо сыяктуу көрүнүштөр батыштын адамдары үчүн акылга сыйбаган нерсе.

– Четте жүрүп өз элиңиз менен мекениңиздин өнүгүү жолу эмне себептен улам бечелдик абалдан чыгалбаганын баамдадыңыз?
– Сен мага Салижан Жигитов агайыбыз жөнүндө адамды абдан таасирленте турган окуяларды айтып бербедиңби. Мен ал киши менен жолугушкан эмесмин, бирок эл катары анда-санда жазгандарын окуп калчумун. Ал кезде мен маани берчү эмес экем. Сенин айткандыңдан улам ал адамдын канчалык кыраакы, терең инсан болгондугун түшүнө баштадым. Ал кишинин жазгандарынын кээсин эми эстедим. Анда Кетмен-Төбөдө бир кыргыз болуштун “мен пара алам” деп, аны бир табигый нерседей айтканын орус изилдөөчүсү жазып калтырганын сөз кылган эле. Көрсө, С.Жигитов мурда эле биздин элде паракорлук сыяктуу моралдык проблемалардын тамыры алда канча тереңде экенин айтчу тура. Ал биздин маданиятыбызга, күнүмдүк жашоодогу моралдык нормаларыбызга капкачан эле чырмалышып, тамырлашып, тамырлаганда да бутактын ичине чыкпас болуп кирип алган зым сыяктуу өзөгүбүзгө оролушуп калганынан кабар берет. Мисалы, ошол советтик кездерде деле “ой баланча азамат экен, баласын ОБХССке киргизип койду”, “кыйындыгын карап кой, Фрунзеге өзү барып баласын окууга киргизип келди. Кыйын деп ушуну айт”, “азамат экен ГАИде эки жыл иштебей атып зыңкыйган үй куруп койду” сыяктуу сөздү эрөөн-параан көрбөй айта беришчү.
– Азыр деле айтышат…
– Көрдүңбү?!. Биздин шорубуз ушунда жатпайбы! Адамдын акылын балалыктан өйдө карай жетелеген нерсе “эмне үчүн?” деген суроо. Биз өзүбүзгө өзүбүз ушул суроону берип, ага жооп бергенге аракет кылбасак, деградацияга кептелебиз. Себеби коом бир орунда турбайт. Коом же алдыга жылат, же артка кетет. Эмне үчүн бизде ар кайсы даража пулга сатыла турган болуп калды?Салижан Жигитов жоопту тарыхтан изде деп какшап кеткенсийт бизге. Жогорудагы мисалы менен ал киши ар балээнин тамыры мурунку турмушта болорун эскерткен.
Эгер чыдап угар болсоң, мен бир-эки илимий көзкараш жөнүндө айтып берейин. Бир нече жыл экономист болуп эмгектенген адам катары ушул жаатка тиешелүү мисал айта кетейин. Улуттук маданияттын (буга биз театр, филармония сыяктуу көңүл ачуу тармагын кошпойлу), экономиканын ирденүүсүнө чечүүчү ролу өтө маанилүү көп илимий изилдөөлөр бар. Ал изилдөөлөр улут баалуулуктары, менталитети, турмушка болгон мамилеси, көндүм адаттарына байланыштуу. Ушул факторлор ошол коомдун экономикасынын өнүгүшүн же тескерисинче артта калуусун шарттайт. Мисалы, биздин экономиканы аксаткан жана өз тарыхыбыздан келген бир өзгөчөлүгүбүз бар. Эгерде байлыкты түз сызыктын бир башына койсок, экинчи башында кедейлик турат. Кедейликтен кутулуштун бирден-бир жолу – байлыкка умтулуу. А байлык топтоо сарамжалдыктын гана натыйжасы болорун билебиз. Эми эмне үчүн кыргыздар башка улуттарга караганда кедей келет десек, жооп оңой эле табылат. Себеби биз байлык багытына умтула албайбыз. Б.а. биздин байлыкты топтоо жөндөмүбүз начар өнүккөн.
Ушул терс сапатыбыз эң начар эки эффектини (экономикалык) жаратат. Алар мындай: Экономикалык алдыга жылышты “көрүнбөгөн кол”, б.а. адамдардын жеке материалдык кызыкчылыкка умтулуусу түртөт. Жогоруда айтылган себептерден улам кыргыздарда ушул “кол” салыштырмалуу күчтүү эмес. Мына ушул себептен улам башка элдерде жакшы натыйжа берген экономикалык эркиндик Кыргызстанда эффективдүү болбой жатат. Экинчиси, экономикада көп кубулуштар кемүүчү (убывающий) мүнөзгө ээ. Мындайча айтканда, бара-бара күчүн жоготуу. Ошонун ичинде байлыкка умтулуу күчү да бар. Кыргыз маданияты сыяктуу салттуу коомдордо адамдар анчалык көп эмес байлык тапса эле мээнеткечтикти кыскартып, байлыкты жумшоого өтүшөт. Дароо байлыкты табуу менен бирге эле аны сарптоону ойлонобуз. Натыйжада, бул жалпы экономикалык тескери эффект жаратат. Топтолгон байлыкты андан ары улантуунун бирден-бир жолу – инвестиция. Өнүккөн өлкөлөрдүн эли ушул куралды мыкты пайдаланышат. А биздин бейаң-сезимде (подсознание) маданиятыбыздан кирген анти-инвестициялык установкалар бар. Мисалы, биз “эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык” дейбиз. Мында байлык топтоого карама-каршы ой камтылган. Анткени инвестициянын башка аныктамасы – кийинкиге калтырылган керектөө. Демек, инвестициялык ойлонгон адам бул макалды мындайча айтмак: “эртең куйрук жегиң келсе, бүгүнкү өпкөдөн баш тарт”.
Анан да “Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын” дейт кыргыз. Бул эмне дегендик? Ошол көчмөн элдин шартындагы тамакты кийинкиге калтырбай керектөө дегени, бирок мунун мааниси бүгүнкү турмуш-шартка ылайыксыз деп ойлойм. Жалпак тилге салып айтканда, эртеңки күндү эмес, азыркыңды ойлон деген кеп да бул.
Байлыкка умтула албаган сапатыбыз – биздин негизги балээлерибиздин бири. Анын ичинде рухий жактан артта калуубузга да себеп болууда. Анткени рухий байлык – материалдык байлыктын натыйжасы. Материалдык жактан кедейленген сайын элибиз рухий жактан да сөзсүз жардылана баштайт. Биздин кедейлигибиздин негизги тамыры көчмөндүк өтмүшүбүздө десек болот. Ошондуктан бизге узун тарыхыбыздагы көчмөндүк турмуштун пайдасынан да зыяны көп болду деп эсептейм.

МАМЛЕКЕТТИК ЭРК БОЛБОСО, «РЕФОРМА» ДЕГЕНДИ ТЫНЧ ЖАЙЫНА КОЙГОН ОҢ
– Биздеги илим-билим тармагындагы ириген-чириген системанын тоскоолдуктарына сиз да далай кабылып, акыры баштыгыңызды түйүп баса берген экенсиз. Эми ошол билим берүү тармагын жолго коюунун кандай ыкмаларын колдонсок өрнөктүү болор эле деп ойлойсуз?


– Кыйынчылыктар болгон, бул табигый нерсе. Бирок мен кол куушуруп жүрө бергим келбеди. 22 жыл Кыргызстандын билим берүү тармагында эмгек кылдым. Эл агартуунун отличниги деген төш белгим бар. Билим берүү тармагын кандай жолго коюу керек деген сурооңо узак бир мисал менен жооп берейин, уруксатпы?
– Дал ошо мисалдар менен аргументтештирсеңиз, андан бетер жакшы болор эле.
– 2003-2004-жылдары Ош Технологиялык университетинде (ОшТУ) уникалдуу шарт түзүлүп калды. Ал жерде америкалык Скот Виллис жана түркиялык Яшар Сары аттуу жигиттер эки жыл бою жигээрдүү иштеп, 40-50 балдар-кыздардан турган укмуштай бир формалдуу эмес активдүү группа түзүштү. Ал жаштардын баары окууга шыктанган, англис тилинде эркин сүйлөп калган студенттерибиз болчу. Ал жылдары Казакстанда кырктан ашуун университетти Американын кредит-сааттык окутуу технологияларына киргизүү боюнча «Эднет» деген уюм чоң долбоорду баштап калган. Ошондо бизге бир ой келди: Казакстан кредит-саат системасын киргизип жатса, биз да алардан артта калбашыбыз керек деген. Ошонүчүн биз да өз жолубуз менен кызыктуу долбоор баштаганбыз. Долбоордун негизги максаты – Орто Азиядагы Америка Университетинин окутуу системасын уюштуруу тажрыйбасын ОшТуга колдонуу болчу. Ал идеяны ошол кездеги ректорубуз, профессор Турсунбек Бекболотов кызуу колдоп, баарыбызды шыктантып, ишке кириштик. Жогоруда аталган эки жигиттин жардамы менен долбоор жазылып, ага эларалык уюмдардан каражат таап, АУЦА менен мугалимдерди жана студенттерди алмаштыруу боюнча иш-чараны баштадык. Ал долбоордун алкагында эки жаш мугалим, беш студентти АУЦАга жибердик. Алардын тапшырмасы – чет өлкөлөрдөн келген мугалимдерге шакирт болуп, алардын окутуу ыкмаларын өздөштүрүп, өзүбүздүн мугалимдердин арасында жайылтуу болчу. А беш студентибиз АУЦАда студенттер кандай окушат; убактыларын кандай уюштурушат; ошолорду үйрөнүп, Оштогу өз курдаштарын үйрөтүү болчу.
Аны менен катар – ОшТУда англис тилди жакшы билген биринчи курстун студенттеринен тандап, финансы, программалоо жана эларалык мамилелер адистиги боюнча атайын үч группа түздүк да, предметтерди англис тилинде окутууну баштадык. Мугалимдердин негизги курамын Ош шаарында иштеп жүргөнамерикалык ыктыярчылардан, өзүбүздө иштеген англис тилин өтө жогорку деңгээлде билген жаш мугалимдерден түздүк. Өзүмдүн административдик жумуштарымдын көптүгүнө карабай, математика жана экономика сабактарынын баарын өзүм өтө баштадым. Баарыбызда энтузиазм абдан жогору эле.

Ошондуктан чарчоо быякта калып, студенттер жана мугалимдер менен иштешүү өзүнчө эле ырахатка айланган. Мугалимдер менен студенттердин биринчи тобу АУЦАдан кайтып келиши менен маалыматтарды жайылтуу боюнча семинарларды өткөрө баштадык. Алар чет өлкөлүк мугалимдер өз сабактарын кантип даярдайт, кантип окутат, студенттерге кандай мамиле кылышат деген темаларда кызыктуу презентацияларды өткөрүп беришти. Мугалимдер да, студенттер да ошондо университетибизге өзгөртүү алып келүү, өнүктүрүү идеяларына өзгөчө шыктанып калышты. Ошондо баарыбыз аталган долбоорду факультетке, андан ары ОшТунун астындагы англис тилинде окутуучу институтка чейин өстүрүү келечегин да самай баштаганбыз.
2005-жылы АУЦАнын гезити март айындагы санында биздин долбоорду «Эң ийгиликтүү, эң натыйжалуу долбоор» деп атады. Чындыгында ошондой эле болчу. Мисалы, ошол долбоордогу тажрыйба алмашуудан өткөн мугалимдердин бири Алтынбек Кадыров дароо эле Америкага магистртурага өттү. Ал эми экинчи мугалим Рахматулло Игамбердиев башында Индияга магистратурага, аны бүтүп келип Германияга докторантурага өттү. Алмашуу тажрыйбасынан өткөн студенттердин дээрлик бардыгы кийинчерээк чет өлкөлөрдөн окууларын улантышты. Ал долбоор жалпысынан чыныгы таланттуу жаштарды көргөзүп койду, башка көп жаштарды да шыктандыра алды. Тилекке каршы, ал иштер көпкө уланган жок. Себеби ал саамалыктар өзүнүн табияты менен бизде калыптанып калган жогорку окуу жай системасына караманча каршыэле. Ошентсе да мен ошол иштердин бир бөлүгүнө катышып калганыма ыраазымын. Ал иштер мага Кыргызстандын азыркы жогорку билим берүү системасынын ичинде эмнени кылса боло тугандыгын жана эмнени кылууга мүмкүн эместигин үйрөттү.
Мунун баарын узун сабак кылып отурган себебим: мен ал тажрыйбаны биздеги билим берүү системасын реформалоонун бир модели деп карайм.
Менден Америка же башка чет өлкөлөрдүн кандайдыр бир тажрыйбаларын Кыргызста да өздөштүрсө болобу деп көп сурашат. Менин жообум мындай: эгерде Кыргызстандын ичинде турган АУЦА же «Манас-Түрк» университеттеринен үйрөнө албасак, анда бизге эч бир чет өлкө жардам бере албайт. Канча чиновникти Американын алгылыктуу тажырыйбаларынүйрөнүү үчүн жиберсек да, алар турист болуп жүрүп эле кайтып барышат. Анткени тилин, маданиятын билбеген жерден бирдеңке үйрөнүш өтө кыйын.
Менин сунушум жөнөкөй:эгерде мамлекет кандайдыр бир реформа кыла ала турган жөндөмүн көргөзүп же текшергиси келсе, аталган эки университеттин биринин толук тажрыйбасын бир гана окуу жайга, мисалы, Улуттук университетке көчүрсүн. Элдин баары ачык-айкын түрдө иштин жүрүшү менен кабардар болуп турсун. Бул иш эки-үч жылга созулушу мүмкүн, бирок өтө баалуу сабак болмок. Биздин мамлекет билим жаатында реалдуу бир иш кылууга жөндөмдүү же жөндөмсүздүгү ошондо көрүнөт. Эгер ушундай иш жасалса, ал реформа кылыш үчүн чоң тажрыйба болмок да, толгон токой суроолорго жооп алынмак. Анан аны жалпы системага жайылтса болмок. Муну жасаш үчүн мамлекеттик эрк керек. Эгер мындайды кыла албасак, анда «реформа» деген сөздү тынч жайынан козгобойлу.
– Бизде бирдеңке болсо эле орусун же еврейин тилдейбиз. Тың оокат кылып аткан дунгандарды көрсөк ага да нааразыбыз. Менимче, биз орусунан деле, еврей же дунганынан деле жамандык көргөн жокпуз го дейм. Илим-билим, маданиятыбызды орустар менен еврейлер көтөрүп берди, дунгандар далай кайрак жерибизден тартып, саздак жерибизден өйдө айыл чарбага колдоноор аянттарыбызды кеңейтти. Болбосо тоодо жайлоолоп, кыштоолоп жамбаштап жаткан кыргыз айыл чарбага ылайык жерлерибизди иштетет беле, жокпу, кандай ойлойсуз?
– Ооба, бизде Ленинди алигиче ыйык тутуп, Путинди өз президентиндей көргөндөр көп. Ал эми республикалардын суверендүүлүгүн эң катуу сыйлаган Ельцинди жининдей көрүшөт. Орустун жетекчилерин жакшы көрүп, жөнөкөй адамдарын жаман көргөндөр четтен чыгат. А чындыгында тескерисинче болуш керек эле. Орустун жетекчилери орус мамлекетинин жана элинин гана кызыкчылыгын коргойм деп бийликке келишет. Алар эч качан кыргыздын келечегин, кызыкчылыктарын ойлобойт. Алардыкы да туура. Демек, биздин бийликтегилер да ошондой болушу керек.
Ооба, Совет доорунда орус мамлекетинин жардамы менен бизде тарыхта болуп көрбөгөндөй инфраструктуралар өнүктү. Ооба, илим-билим өнүктү. Бирок ошонун баарын орус жетекчилери кыргыздар жетилип-жетишип, өз алдынча мамлекетин куруп алсын деп жасаган эмес. Ал «улуу Совет элин» түптөөүчүн жасалган саясат. А чындыгында алардын түпкү планы – «улуу Совет» эли жаңы кан, жаңы жан кошулган гана орус элин түптөө болчу.
Ошол эле учурда биздин элге миллиондогон жөнөкөй орустар менен иштешүү, алака кылуу эбегейсиз пайда берди. Төлөгөн Касымбековдун сөзү менен айтканда «акыл оошту, ырыс жугушту». А еврейлер биз үчүн орустардын эле бир бөлүгү болчу. Биз алар менен эч качан өзүнчө эл катары мамиле кылган эмеспиз. Орус жана еврей адамдары биздин илим-билим берүүгө, искусство жана эл чарбабызга өз адамдарыбызга караганда көбүрөөк салым кошушту. Эми кечээ күнкү бир-эки аферистер алдап кетсе эле, алар үчүн еврейлердин баарын жек көрө бергенибиз да жарабайт. Негизи биздин кыргыздардын улутчулдугу баягы эле уруучулугубуздун, жердешчилигибиздин уландысы. Аны башка элдердегидей теория менен бекемдеп, стратегиялык максат коюп жасабайбыз, ал негизинен кыска эмоциялык формада болуп жатат. Андай улутчулдук чынында башка элдерге эч деле зыян келтирер коркунуч эмес, ошентсе да биз андай калпыс терминологиядан алыс болушубуз керек. Негизинен биздин эл кеңпейил, меймандос. Ал эми улутчулдук маанайлар күчөй баштаганы жакшы деле сапаттардан эмес, ал кайра дүйнө элинин бизге карата терс мамилесин жаратып коюшу мүмкүн.
Чындыгында биз башка элдерди ары түртпөй, кайра тартып, аларды өзүбүзгө сиңирүүгө психологиялык комфорт жаратканыбыз оң. Биз аларга жакшы шарттарды жаратып, ассимиляциялашыбыз керек. Анткендин ордуна, башка элдерди ассимиляциялоо эмес, өзүбүздү өзүбүз жер-жерлерге бөлүп, кодуламайга өтүп, майдачылдык кылып жатабыз.
– Учурда улутчулдук ураандар абыдан күчөдү. Азыр түндүк-түштүк маселесинен да калмак, кыпчак дегенди укса үрөйү учкандар бар. Биз өзүбүзгө башка улуттарды сиңирип алуу жөндөмүнө ээ боло албаганыбыздын жөнү эмнеде деп ойлойсуз?
– Улутчулдук чоң тема. Ал жөнүндө азыркы күндө окумуштуулар тарабынан изилденген көптөгөн теориялар бар. Бирок бу жерде да өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүз жатат… Кыргыздын улутчулдугу кайра эле биздин уруучулдуктун уландысы, б.а. примитивдүү формасы. Биз уруучулдук коомдун так ошол примитивдүү формасына көбүрөөк ооп бараткандайбыз. Ал тууганчылдык, кандык негиздеги жакындык. Көчмөндүк турмушта бул табигый көрүнүш болчу. Себеби көчмөндөр майда тайпаларга бөлүнүп жашачу, ошондуктан туугандык коллективизм бир-бирине көмөктөшүүнүн табигый жолу болуп келген. Табигый топ катары тууганчылык инстинктик сезимге негизделген. Ушундан улам заманга жараша уруулук, жердешчилик формасын алды. Жердештик да инстинкттик сезимге негизделген. Муну биз жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүнүн территориячылдык мисалынан көрө алабыз. Бир аймакта жашаган айбандар ошол эле түрдөгү башка айбандын аймагына киргенин көрсө, ага каршы баары жабыла чабуул коёт. Эгер ал айбан мындай мамилеге туруштук бере алса, аз убакыттан кийин өзү да “ошол жердик” болуп калат. Бул мисал биздин айбандарга мүнөздүү сапаттан кол үзбөй келатканыбыз дегендик. Бул инстинкттик өзгөчөлүк – биз атайылап үйрөнгөн кубулуш эмес. Жердешчилдик – ар бир кыргыз мажбурлуу түрдө башынан өткөрө турган эң бир начар феномен. Аны көрбөй коюу мүмкүн эмес.
Мен мектепти бүтүп, Лейлектен Фрунзеге келгенде нарындык абитуриенттер менен таанышып калдым. Ошондо биринчи жолу түштүктүк катары мени жектешкендигин өз жонтеримен сездим. Өзүм кыргыз болуп туруп, улутташтарымдын мындай жат мамилесине абдан таңгалгам. Кийинчерээк ошого окшош мамилелерди башка түндүк жаштарынан да байкай баштадым. Ошондо мен аларга карата бирдеңкени туура эмес кылып атат окшойм же кандайдыр бир жаңылыштык болсо керек деп бушайман болчумун. Бир учурда аны агама айтсам, «капа болбо, мындай нерселер жаштардын ортосунда боло берет, бир жылдын ичинде аралашып, дос болуп кетесиңер» деп койду. Чынында кийин ошондой эле болду. Бара-бара курсташтардын кимиси каерден экенине көңүл деле бурбай калдык. Беш жыл студенттик убакта бирге жүргөндөн кийин жердештик сезимдер калып, курсташтардын арасында бири-бирибизди сыйлап, ким кайсы региондон экендиги эч кандай роль ойнобой калды.
Окууну бүтүп, Баткен айлына келип иштеп калдым. Ошол кездерде Лейлектен айырмаланып, Баткен районунда башка региондордон келип иштегендер көп экен. Ошондо түштүктүктөрдүн да аркалыктарды жактырбаганын байкай баштадым, көрсө муну мурда билбечү экемин. Эгерде түндүктүк кыргыздар көп санда түштүккө көчүп барышса, бир кыйласы ал региондогу улутташтарынын арасынан деле жагымсыз мамилени көп эле көрмөк деп ойлойм. Ал убакка чейин Өзбекстанда да кыйла жашап калгам, анткени атамтын теги Жызактын Бахмалынан эле. Мырза-Чөлгө түшкөн туугандарынын жанына көчүп барып жашап калышкан. Түпкү эли казактар болгон ал региондо да ал кезде бардык улуттар аралаш жашап, бир-бири менен байма-бай катташчу. Мен ошондонтарта бул маселеге илимий түшүндүрмө издегенди жакшы көрчүмүн. Мындан мен эч кандай жамандык кылбаган болсом деле, өзүмдү кандайдыр бир күнөөлүү сезем.
Арийне, элде «көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет” дейт. Бул улутка да колдонсо боло турган чындык. Кыргыз элинин көп жашаганы башка элдердин алдында эч кандай артыкчылыкка ээ эмес. Тескерисинче, баскан-турганыбызды көп жагынан бааласак, башка элдерден кыйла артта калганыбызды дапдаана көрөбүз. Мунун мисалы, бизде көпчүлүк адамдар орто кылымдардын баалуулуктары саналган жашоонун уруулук-жердештик стилин колдонууда өздөрүн комфорттуу сезет. Себеби ошол деңгээл өтө көп адамдар үчүн табигый абал. Кеп илим-билимден эле эмес, эң негизгиси жана эң жаманы – турмуштук тажрыйбадан артта калганыбыз. Биздин коомдун арасында ушуга чейин деле орто кылымдардагы баалуулуктарды комфортсезгендер көп. Бул өтө өкүнүчтүү.

Маектешкен Олжобай ШАКИР
Абу-Даби-Бишкек

(«Жаңы агым» 23.01.2015)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *