БООРДОШ ЭЛ АДАБИЯТЫНАН

Каракалпак элинин атактуу жазуучусу, драматургу жана акын. Өзбекстандын эл акыны Ибрагим Юсупов 1929-жылы Каракалпакстандын Чимбай районундагы, Тагжап айылында жарык дүйнөгө келген. Аңгемелерден куралган “Карыган тыттагы күз” (Ғарры туттағы гүз) жана “Бакыт лирикасы”, “Жети ашуу” ж.б. ыр жыйнактардын автору. О.э. “Актрисанын тагдыры”, “Тамашакөй Өмүрбек”, “Кырк кыз” пьесаларын жазган. А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтов, Т.Г.Шевченко, Абай, Г.Тукай, Шекспирдин чыгармаларын каракалпак тилине которгон. 2008-жылы көз жумган.

Каракалпак тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

АҢГЕМЕ

I

Аннабай ага мындан жарым кылым мурда “Кара көлдүн” күн чыгыш бетиндеги азыркы өзү башчы болуп отурган “Пахта нур” колхозунда жарык дүйнөгө келди.
Аннабай көзүн ачып, туңгуч турмушунан нар таап жигит болгуча көргөнү бакыт оордуна азап, адилеттүүлүк оордуна жалаа, шаттык оордуна убайым, кайгы, чындыктын оордуна жалганчылык болду. Жаман өтүктүн кончун баса кийип, мээ кайнаткан ысыкта кош айдап жүргөн атасын көрдү: жасанып кийинип, жоргону термелте минип, салкын көлөкөдө желпинип отурган Толыбай өңдөнгөн такылдактарды көрдү. “Эмнеге менин атам да такылдактардай жанын аяганды билбейт?” – деп ойлойт эле жаш кезинде.
Аннабай аз-аздан чоңоюп, шойкомдуу оюндарга аралаша баштады. Чоң балдар күлүк аттарын чапкылап, жөө жүгүрүп жүргөн Аннабайды кактырып жыгууга аракет кылат. Аннабай болсо топ тоголок кара көздөрүнө жаш алып, саамайлары желбиреп, таянычы бар балдарды телмире тиктей турап калат.

Бирок канчалык телмирип караган менен “көзүң топ тоголок, супсулуу экен”- деп боор тартар адам жок, “бай” жана “жарды” деген сөздөрдүн маанисине жаш Аннабай эми түшүнө баштады.
Кунназар ага чиедей бала-чакасын бага албай кыйналып калганда, бир кышта улуу баласы он эки жашар Аннабайды ылаажысыздан мал багууга мажбурлады. Саратандын ысык күндөрүндө эрини кесерип, буттарын “Кара көлдүн” тикенеги жаралап, какшаткан суугуна тоңуп жети жыл мал бакты. Ар кимден таяк жеп, сөгүүсүн угуп көрбөгөн кордукту көрдү. Аны менен атасы Кунназар бирден эки болуп кеткен жок, Толыбай такылдак сыяктуулар салкын көлөкөлөрдө малакайына күн тийгизбей отуруп, байыгандын үстүнө байый берди.

— Ата, — деди бир күнү Аннабай, жарылган бутуна май шыбап отуруп, — эми мен мал бакпайм, эртең айыл жакшыларына, улууларына өзүң барып айт. Мен бул талапты коёюн: “Ач болсоң да атаңдын кесибин аркала” деген, эми талаа жумуштарына жарап калдым…

Ушу сөз айтылганына беш күн болгондон кийин Аннабай Толыбай такылдактын бедесинен көрүндү.
— Аннабай балам. Кудай кааласа өзүм сени катарга кошуп жиберем. Биздин үйдө жүрө бер, курсагың ток, кийимиң бүтүн болот. Бирок атаңа окшоп кырс, өжөр болбо, алакөөдөн бол, “Өзүң жатык болсоң, ичкениң катык болот” – деп барган күнү такылдак ага акылын айтып койду. Ак көңүл бала такылдактын бул “меймандостугуна” катуу кубанды. “Дурус сөз, акылсыз адам ушундай байлыкка ээ болобу, ал эми, менин атам болсо, өзүнүн ишке жөндөмсүздүгүнөн байыбай жүрөт. Булар көлөкөсүнө алса, мендей бир жигиттин катарга кошулушу кыйын эмес”. …Кубана-кубана кайраттанып, көлкүлдөгөн бедени тизеге чейин түрүнүп оро баштады.

Шашке убактысы чамалап калганда башын көтөрүп артына карады. Бул убакта анын кашына бир колуна жүгөнүн, бир колуна камчысын көтөргөн, кабагы салыңкы такылдактын ортончу баласы Хожбан келип турган. Берилген саламдын алигин албастан, Аннабайды чечинүүгө буйрук кылды. Аң-таң болгон Аннабай бир кызарып, бир бозоруп, жыртык көйнөгүн чече баштады.

— Кана эми оонап көрчү оргон жериңе!
— Менде эмне айып, байболгур?
— Эмне жасаганыңды эмне кыласың, атаңа наалат, оона дегенде оонагын деймин!.. – Хожбан камчысын көтөрүп бакырды. Аннабай жерге жыгылды.
— Кана, беденин сөңгөктөрү жонуңа матырылып атабы?
— Көрүп турасыз го, жон этиме өтүп баратат.
— Тур анда! Акмак, иттин баласы, сага окшогон жугундукорлор ушунтип жарым белинен оро берип, жети аңыз бедени катардан чыгарды. Акыры, адам баласысың, иш дегенди түшүнүп иштөө керек. Устара чачыңды кандай шыпырса, ошондой такырлап ор… Болбосо чөптүн берекети болбойт, түшүндүңбү, аңкоо деп камчынын сабы менен түртүп коюп, калбырдан өтпөгөн жапайы сөздөр менен ашатып кетип калды. “Куруган жардылык-ай. Жаман адамдарга мынча кор кылдың-ай! Эгер ушундан камчыны жулуп алып, көкала койдой кылып сабасам, мунун акыбети эмне болор экен?…Жок, чыдоо керек.”

Турнадай тизилип күн артынан күн, ай артынан айлар өтө берди. Эртеңки күндүн мээнети бүгүңкү күндөн оорлошуп, келерки айдын азабы, өткөн айдын кордугунан ашып түштү. Кунназар аганын кожолук турмушу оорлошо берди. Бир жарым танап жерге эгин эгилсе аны сугаруу, мунусу өтсө — жыйноо убайымы. Анысы аз келгенсип казуу дейт, тоголот дешет, жардам дейт. Бекерге жай үйүндө отургузбайт. Такылдак болсо Аннабайдын бир жылдык кызмат акысы деп бир эчки, жети пуд дан берди, болду.

Оор турмуштун азабына тапталган Аннабай өзүнүн жаштык жылдарынын кандай өтүп жатканын саноого чамасы тийбеди. Капилеттен бир күнү анын көкүрөгүндөгү жигиттик сезимдери ойгоно баштады. Бул сезимдин ойгонушуна такылдактын кызы Арыухан себепчи болгон, окуяны башынан баяндайлы.
Арыухан орто бойлуу, мүчөсү келишкен, ойноктогон кара көздөрүнөн акыл менен кош көңүлдүүлүктүн белгиси көрүнүп турса, ойноок, эки бетинин алмаларында мыйыгынан күлгөндө азырак пайда боло калчу чуңкурчалары бар, тамылжыган он сегиз жашар кыз эле. Бир күнү ал Аннабайга түшкү тамагын алып келгенде кыйынсынып: “Аннабай эй, сен качан жигит болуп, кыздар менен ойнойсуң?” – деп күлдү дагы, эки көзүн бирдей ойноктотуп жумду.

Кыз ошол күндөрү сулуу, сымбаты төп келген, көмкөрүлгөн казандай кара көздүү, кең далылуу жыйырма жаштагы Аннабайды сыртынан жакшы көрүп жүргөн. Кыздын жанагы сөздөрү анын биресе этин чыйрыктырып, ал-күчтөн кетирип, биресе көңүлүн сергитип, денесин кызытты. Оймоктой ооздон чыккан каймактай таттуу сөз жигиттин жүрөгүн өйкөп өттү. Бакыткабы, кайгыгабы, каршы айтылган ушу бир ооз сөздүн таасири менен анын куштай талпынган жүрөгүндө бир түрдүү аянычпы, алда бирөөгө арналып жабыркаган сагынычпы, бир нерсе козголуп кетти.

Эмне кылуу керек? Бетине тигилип туруп, кысынбастан: ушу сөздү мага эч ким айтпай жүргөн эле, сени мурунтан сүйүп жүрдүм деп, кел эми уялчаактыкты коёлу, — деп туруп, жанакы айткан оозунан барып өпсөм бекен… жок, иш чатак болор, көргөндөр болот… Андайга жүрөгүм даай албайт… Эми эмне деш керек? Тил аркылуу сыртка чыгууга урунган бир ооз сөз менен уялчаактык ортосундагы күрөш эки мүнөттөй өкүм сүрдү да, эчки кысынуусун сыртка чыгарбастан жигит башын көтөрдү.

— Арыухан, — деди ал күлүмсүрөп, — менин жигит болуп, кыздар менен ойноп-күлүүмө эч ким кызыккан эмес эле, ошон үчүн сен дагы кызыкпайле кой.
— Башкалар кызыкпаса, мейли, мен ушул нерсени билгим келип жүрөт…
— Эрмек кылууңа башка нерсе табылбай калган окшойт, карагым. Канча эрмектесең дагы көтөрөр элем, бирок бирөө көрүп калса кеп-сөз болобуз. Бул жерден тезирээк кетип калганың жакшы, Арыухан.
— Башка эрмектеримдин баарын жыйыштырып койдум, эми сени гана эрмектегим келип турат, түшүндүңбү, Аннабай? – деди кыз чайнегин дастаркондун ичине орой түйүп атып, жигитке күлмүңдөп карап койду.
— Сага эрмек болуп жүрсөм дагы кайыл болор элем. Бирок сен бүгүн эрмектеп, эртең жаман үйрөнүп кетесиң. Ошон үчүн кеп-сөздү кой эми, тур кет! Тигине бирөө өтүп баратат…
Кыз жалт карады да, Аннабайдын алдаганына күлүп, сөздүн аягын үзүп кетүүгө көзү кыйбай: “Мен бирөөнү эрмектесем, артынан калбай турчу адатым бар: сен да анчалык жасканчаак боло бербе, жасканчаактык жакшы эмес, Аннабай муну эсине түйүп алды деп коёюн”- деп ийнинен түртүп коюп, оордунан турду. Бул түртүү азоо атты ноктологондон кем болгон жок. Аннабайдын жүрөгү тордон чыгууга урунган чымчыктай тыбырчылады.
— Ошондойбу?
— Ооба, ошондой, эсиңе салып койгонум..-
— Рахмат карындашым…
Бул айтышуу кийин чынга айланды. Көп узабай эки көңүл табыша баштады. Эки жаш ардайым түн кучагында уурданып жолугат. Аннабай кыздын атасы, агалары сезип калат деп канча тартынган менен ал убакыт өтүп кеткен. Себеби, анын көңүлүнүн тизгинин кыз алда качан колуна алып койгон.
* * *
Жигиттин көңүлүндөгү махабат дарыясына ташталган бул кичинекей кесек тынч гана агып турган дарыянын тынчтыгын бузду. Бул чайпалуу жүрүп отуруп күчтүү толкунга айланды. Ал толкун дарыяда нечен жылдардан бери коопсуз, эркин сүзүп жүргөн жасканчаактык, уялчаак кемелерин оодарып, батырып жиберди. Аннабай эми кимдин алдында болсо да өзүн эркин сезип, көңүлүндөгүнү тартынбастан айта ала турган, сүйүүгө мас жигитке айланды. Ал өзүнүн жыйырма жылдык өмүрүндө бир адамды, — Арыуханды сүйдү. Тапкан бакыты да, кубанычы да, ырдай турган ыры боло алган Арыухан менен бир өмүр айрылбоого тиреги барбы? Анын такылдакка бере турчу малы жок, жардылык менен ушул жактары эсине түшкөндө келечеги караңгылап, тумандаган көз алдында “айрылуу” тартылат. Эрксиз жакка узатылып, “Аннабай кош!” деп ыйлап бараткан бечара кызды элестетет…

Бир күнү кечинде айылдын ортосунан өтчү кичинекей арыктагы сууну алуу кезеги Аннабай менен коңшулары Емберген, Абдикерим, Сейтим, Нурашаларга келген. Арыктын башатын Күдаяр байдын адамдары бура бергендиктен эки адам башынан күзөтүүгө туура келди, башкалары “кулакчы” болуп арыкты жакалап кетти. Суу башында Аннабай менен Емберген калды. Так ушу бүгүн түнү кыз менен жолушууну убадалашып койгон.

Тооктордун экинчи кыйрыгы бүткөнүнө алда канча убакыт болду. Аннабай Ембергенди башатка жалгыз калтырып, арыкты жээктеп келип, “убадаланган” жерге карай бет алды.
Жазгы түн. Анча катуу шамал болбосо да, өсүмдүктөр бири-бирине акырын кагылышып термелет. Майда көк чөптөр жалбырактарына тамган тамчылардан оорлоп, баштарын ийүүгө мажбур. Жаңы эле ачык асманда, капилеттен булуттар көрүндү, ызгаар башталып, айсыз түн акырындык менен караңгы түнгө айланып баратты.

Аннабай Жармыс каналынын чет жака бетиндеги такылдактарга жакынырак аштыкка келип, айыл жакка карады. Эки жагын майда камыш каптаган суунун бети тегиз гана жайылып агат. Өз “бактыңа” жолугуу мүнөттөрү! Сагынган жигит сууга карап, алда нерселерди ойлоп, түбөлүккө бактылуу болуп, ага карап жумшак да, жагымдуу да сөздөрдү айткысы келет. Дурусун айтканда: суунун бети дагы ошол жагымдуу сөздөрдүн айтылышын күткөн шекилдүү сыйкырланып жалтырап турду. Ал артына бурулуп караганда, Арыухан он беш кадамдай жакындап келип калган. Кандай кубаныч! Жок, бул кубаныч менен жолугушууга да убакыт болгон жок. Кыздын келген жагынан бир адам көлөкөдөй жылып кошо келатты. Аннабайдан көзүн албай келаткан кыз байкай калып, чочуп кетти да, аштыкка кире качты. Белин бөкчөйтүп, арык жээктеп жүргөн киши болуп Аннабай арык менен өрлөй жөнөдү. Ошол убакта сөгүнгөн үндөрдүн арасынан, “Аай, өлдүм..! Аннабай” – деген Ембергендин дабышы угулду. Көлөкөдөй жымырылган адам кызга бурулбастан, түз эле Аннабайдын жолун тосту, качкан менен пайдасыз, Хожбан Аннабайды дароо таанып койду.
— Токто бала!
Аннабай үнсүз токтой калды. “Аа, атаңды…” деген жаңырыктан кийин шырп эткен үн чыкты, бул шырпылдак кайта-кайта улана берди.
Бет алдынан шырп эткен акыркы камчыга Аннабай чыдап тура албады. Күчтүү бир талпынуу менен семиз денелүү Хожбанды көтөрүп уруп, камчысын жулуп алды. Эми денеси кызып, намысы ойгонгон эле. Бул каршылаштын акыбети эмне менен бүтөрүн ойлонуп отурууга убакыт жок эле. Тура калып чоң курсакка бир тепти да, камыш менен бет талыштыра уруп жиберди. “Уай” деген жаңырык, өкүргөн добуш кара түндүн жүрөгүн сууруп барып, суунун шоокумуна кошулду…

Таң атты. Дүйнөдөгү азап-акыреттерди көз алдынан өткөрө берип карыган күн акырын гана уясынан чыкты. Так ушул убакта Толыбай такылдактын эшиги алдындагы өрүк бактын жанында Бөрүбасар деген кабанак иттин итаягына башы жөлөнгөн бир адам жансыз жаткан. Бул – Аннабай. Ал түндөгү кармашта Хожбанын бир көзүн чыгара чапкан. Андан кийин такылдактын төрт адамы, алардын ичинде эки баласы да бар, алар барып Аннабайды кармашып, эстен таңгыча сабашкан. Кийин апкелип эшик алдына жаткызышты.
Жалбарып ыйлап арачага түшкөн ата-энеси менен башкалардын каршылыгына карабай, такылдактын улуу баласы Медирейим Аннабайдын оң билегинин булчуң этин бычак менен тешти. Тешилген жерден кылчылбырды өткөрүп, иттин казыгына байлап койду. Бычак шарт эткенде бир бакырып, андан кийин бүтүндөй денеси талып калган Аннабай өзүн сүйрөп алып барып байлаганын, билегиндеги кесилген жерден кылчылбырды өткөргөнүн, Бөрүбасар бир санынан, бет алмасынан эки ирээт тиштеп талаганын, айбат менен келип асылган Кунназар ага менен Бийбисара жеңенин өлтүрө сабалганын сезген жок. Бул ишти көрүп жыйналган адамдардын денесин калтырак басты. Жан алып, жан беришкен кармаш башталып, бир жарым саатка созулду. Эки тараптан тең көп адам жарадар болдуп, Толыбай такылдак союл менен башка жеп, сол колунун үч манжасынан айрылды.

II

Москва… Даңк менен жеңиштердин, бакыт менен достуктун жан жолдошу болгон Совет элинин жүрөгүсүң сен, Москва.
Эркиндиктин символу болгон Кремлиңе куштарланып жана телмире караган, бакытсыздыктын чынжырында булкунган миллондогон адамдардын үмүтү жана тирегисиң сен, Москва!
Сенин кучагыңдагы Кремлиң, улуу Лениндин мавзолейи, Лениндин образы ар бир совет азаматынын жүрөгүндө сакталуу. Ушул бактылуу элде жашаган ар бир адамдын жүрөгү Кремлдин сааты менен бирге согот.

Бакыт бешигинде термелип, мээрман эненин кучагында ыңаалаган наристенин тили “Москва-Ленин” деген сөздөрдү айтып чыгат. Сенин атыңдын өзү жеңиш жолдорунда биздин медерибиз, душманга коркунуч себеби карапайым калкка, Аннабай агага да бакыт даамын таттырган сен өзүңсүң, эй кудуреттүү жана жаратман калаа!..

Жаштык өмүрү азап менен өткөн Аннабай мындан чейрек кылым мурун ушундай зор бакытка жетем деп ойлоду бекен? Мындай бакыт дооронунун ичинде өмүр сүрүү түшүнө да кирген эмес.
Мына, ал бүгүн бакыттын койнунда, Москва койнунда, Москва кучагында туруп, дүйнөдөгү бардык адамдардан өзүн бактылуу сезет. Өзүнүн жоготкон бакытын, Аннабай үчүн өзүн-өзү сууга таштап өлгөн Арыухан менен кеткен бакытын кайдан, кимдин жолбашчылыгы менен тапканын жакшы түшүнөт. Анын оор кайгыларына күбө боло турчу бетиндеги жырыкта бүгүн тил менен айтып, калем менен жазып жеткизе алгыс кубанычтын издери бар.

— Эй, ушу менин өңүмбү же түшүмбү, Кедиримбет? – деди Аннабай ага жолдошторунун бирөөнө.
Кедиримбет Аннабай менен курдаш жана жаш кезинен бери бир айылда жашап, Аннабайдын башынан өткөн окуяларда мунун да тиешеси болгон. Кийин башка айылга көчүп кетти. Совет өкмөтүн орнотуу жылдарында, экөө тең Шайдаковдун отрятында болгон. Андан кийин Аннабай азыркы “Пахта нур” колхозуна председатель, Кедиримбет “Ленин” атындагы колхозго председатель болду, азыр да ошол жумушунда. Согуш жылдарында мамлекетке пландан ашырып пахта төгүштү. Өткөн жылы Ленин колхозу пахта планын 138,4 процент, “Пахта нур” колхозу болсо 129 процент аткарды. Быйыл аларды Каракалпак өкмөтү, Крым курортторунун бирөөнө барып, бир ай эс алып келүүгө жөнөттү. Алар азыр ошол жакка Москва аркылуу баратат.

Кедиримбет менен Аннабай бири-бирин басмырлап тамашалашуу адаты жаш кезинен калган. Бул жерде Аннабайдын жаш балдардай жалжайып, оозундагы эки алтын тиши көрүнгүчө оозун ачып күлгөнү Кедиримбетти кызыктырды, өзү дагы ошондой кубанычта эле.
— Баягы Толыбай такылдактын итаягына койгон башын ушунча кадырланат беле, ыя? Эми эмне арманың бар, айтсаң? – деп оозу кулагына жеткенче күлдү. Ал экөөнөн башка Москвада иштеп жүргөн Камал да бар. Жанданган күлкү уланып отуруп, башка добуштардын арасына сиңип кетти.
Аннабай ага күлөрүн күлсө да, ошол бир өткөн өмүрүнүн эстелиги болгон “унутулгус түн” көз алдына тартылып, бир топ оор кыялга чөмүлөт. Төмөн жакта тынч агып жаткан дарыядан көзүн ала качып, бет алдын карады.

Мына, анын көз алдында Москва! Караңгылыкты серпип, ааламды нурга бөлөгөн Ильич чырактары, айбаттуу заводдор, фабрикалар, Кремль, анын жакут жылдыздары…
Ал өзүн Москва асманында канат байлап учуп жүргөндөй сезди. “Эстен чыкпас эки түн” деди ал жолдошторуна угулар-угулбас шыбырап күлүмсүрөдү да, төшүндөгү электр нурлары менен чагылышкан Кызыл жылдыз орденин жолдошторуна сездирбей аста сылап койду.
Баягы азаптуу түнү да, бул Москва кечи да Аннабай аганын эч качан эсинен чыкпайт.
1948-жыл, күз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *