ДИЛАЗЫК

Ал өз заманынан жүздөгөн жылдар алдыда жүргөндүгүн жакшы түшүнгөн. Жана кандай гана гений болбосун, өзүнө төп келген замандаштары менен эч качан жолуга албасын да баса белгилеген. Даанышман Кришнамурти өлгөн кезде Ошо: «Мен эми бул ааламда жападан жалгыз калдым» деп айтканы бар.

Ошо – өзүнүн артынан көөхар таштан да кымбат, наркы теңдешсиз, бүткүл ааламды кучагына камтыган асыл ойлорун мураска калтыруу менен бирге жер шарындагы жүз миңдеген адамдарга аруулуктун үрөнүн сээп, Ички Духтун бекемдиги жана ойдун тунуктугу үчүн күрөшүп жүрүп өттү…

Данияр ИСАНОВ

Бхагаван Ошо Шри Раджниш – 1931-жылдын 11-декабрында Индиянын Мадья Прадеш өрөөнүнө караштуу Кучваде деген кыштагында жарыкка келген. Ошо – бала чагынан “сүкүт» (медитация) чалуунун миң түркүн жолдорун өдөштүрүүгө белсене киришип, бардык адамдарга өмүр менен өлүмдү аңдап, ак менен каранын айырмасын тааный билүүгө чакырык таштаган. Анын ар бир айткан кайрылуулары аудиториялардагы миң сандаган адамдардын жүрөгүн толкутуп, көздөрүн умачтай ачкан. Ал эми ар кандай диний сектанттарга жана бир катар чиновниктерге Ошонун сөзү ок болуп сайылып, куйкаларын куруштурган.

Ошо Раджниш – 1968-жылы Бомбейден тоолуу аймакты тандап алып, “сүкүт” лагерин түзөт. Мына ошол жылдардан тартып Ошого “Бхагаван» (“касиеттүү”) – деген маанини берет – Д.И.) ысымы ыйгарылат. Анын атын алыстан угушкан жүз миңдеген адамдар бир катар Европа өлкөлөрүнөн, Жапониядан, Америкадан бери агылып келип, жашоо, турмуш, жүзүкаралык менен сүйүү, өмүр жана өлүм туурасында айткан асыл насааттарына өтө жогору бааларын беришкен.

Акылы тунук аалымдын айткан кептери менен окуган лекцияларынын топтомдору бир канчалаган тилдерге которулуп, бүткүл дүйнө боюнча миңдеген нускалар менен жети жүздөн ашуун китеп болуп басылып чыккан. Орошон ойчул Ошо – 1990-жылдын 19-январында акырет сапар аттанган…

Дүйнөдөгү бардык кесепеттердин кайдан келип чыгып жатканын адамдарга ачык айткан ойчулдун бу саам сиздерге массалык маалымат каражаттарынын адамзат алдындагы өтөй турган милдети менен буга дейре жасап келген кыянатчылыгын чечмелеген ойлоруна ортоктош болушуңуздарды туура көрдүм. Орошон ойчулга Самир менен Нандита аттуу журналисттер массалык маалымат маражаттары мындан ары кандай болуш керек деген өңдүү суроолорду узатып, ак менен караны айырмалаган асыл сөздөрдү угушкан. Бул маек “Зиректиктин белеги” аттуу Ошонун китебиндеги 8-баптан алынды…

* * *

Эгер журналисттин аң-сезими таза, акылы тунук болуп жок нерсеге ишенбей, материалдык жана рухий баскынчылыктан жогору тура алса – анда адамзат үчүн аябагандай чоң кызмат көрсөтө алат. Журналист – ой чабыты кенен жана айланада болуп жаткан көрүнүштөрдү тез кабылдаган баамчыл болушу кажет. Ал, ар дайым изилдеген, изденген, дүйнөнү объективдүү чагылдыра билип, көзү менен көрмөйүнчө эч нерсеге ишенбеген адам болууга акылуу.

Сүйүктүү Ошо, сиз – адам жан дүйнөсүн жаркыткан улуу соодагерсиз. Ал эми биз акылды сатабыз. Башкалары, адам денесине азык сатышат. Бизге үйрөтүп коюңузчу, канткенде биз акыл менен дененин азыгын таасирдүү кылып сата алабыз?

– Самир, сенин сурооң азыр мага бир анекдотту эске салып жатат. Герберт Уэллс өзүнүн дүйнө тарыхы боюнча чоң эмгегин аягына чыгарган. Ошол өзгөчө китебинде ал маанилүү нерсеге баа бере билүү – өтө кыйынга турарын айткан. Мисалы, Гаутама Будда тууралуу: «Ал, динсиз, ошол эле учурда Кудайды аң-сезиминде тааный билген жер бетиндеги укмуштуудай адам!» – деп баса белгилеген.

Анын китеби дүйнө жүзүнүн интеллектуалдык чөйрөсүндө абдан кызуу талкууланган эмгектердин бирине айланды. Кайсы бир журналист Уэллстен интервью алам деп алдына барат. Анан журналист адегенде эле: «Цивилизация тууралуу кандай ойдосуз?» – деген суроо узатат. Анда, Герберт Уэллс алигүнчө актуалдуулугун жоготпогон өтө терең маанидеги жообун кайтарган.

– “Цивилизация тууралуу идеянын өзү – негизинен жаман эмес. Бирок аны жүзөгө ашыруу үчүн тез арада бир чара колдонуубуз зарыл. Болбосо, ал идея бойдон эле кала берет. Цивилизация бизге келе элек. Өзүмдүн изилдөөлөрүмдөн улам мен мындай бир жыйынтыкка келдим: адамзатты азыр цивилизацияланган деп айтуу али эрте. Анткени, буга чейин биз маданияттуу, жан дүйнөсү бай жана өзүбүздү цивилизацияланган адамдай алып жүрө албадык. Цивилизациянын, маданияттын, диндин атын жамынып алышкан адамзат коомчулугу ушунчалык жырткыч сыңары айланага мамиле жасап келишти!”

Адамзаттын алиге чейин цивилизациялана албай жатканынын эң башкы себеби, адамдын акылы, денеси жана жан дүйнөсү бир бүтүндүккө айлана албай жатат. Мындай бөлүнүп-жарылуучулук, жер бетиндеги бардык диндердин иш-аракеттеринен улам болууда. Кайсы бир дин – денени унуткарууну жар салса, башка бири акыл-эсти жек көрүндү кылууга үндөйт. Ошону менен бирге, бардыгы тең жан дүйнөнү мактап-жакташат. Бирок жыйынтыгы биз күткөндөй болбой келет. Диндер – адамзатты уулап келишти. Адамдар денеден да, акыл-эстен да баш тарта алышпай, бирок анысы үчүн абийир сотунун алдында өзүлөрүн күнөөкөр сезишүүдө. Адамдар бири-бирине карата сый-урматтарын жоготушуп, аң-сезим менен болгон байланыштарын үзүп алып, акылдын бийлигине баш ийип калышты. А чындыгында, ушул үч нерсе тең (акыл, дене, жан дүйнө) өз ара биримдикке келбесе, анда адамзат эч качан айкалышпайт, тактап айтканда, бир бүтүндүккө айланбайт.

Эгер кимде ким бир бүтүндүккө айланбаса, анда ал эч качан ыйык боло албайт.

Менин туруктуу көз карашым мындай: мен эч качан денеге да, акылга да каршы эмесмин. Мен бир бүтүндүк үчүн, тагыраак айтканда, гармония үчүнмүн! Дененин, акылдын жана жан дүйнөнүн симфониясы үчүн деген ураан астындамын. Ушул үч нерсе качан гана бириккенде, ажайып керемет нерселерге жетишебиз.

Чыгышта – денени эң акыркы орунга койгонго же унуткарганга далалат жасашты. Жыйынтыгында, мындай кадамдар жакырчылыкты алып келип, илим-билим, техника дегендер өнүп-өспөй адамдардын жүздөрүнөн азап-кайгы чагылып, бактысыз бир денеге айланып чыга келди. Ал эми Батышта болсо буга карама-каршы келип, дене абдан чымыр же күчтүү болуп, техникасы өнүккөн, адабияты, искусствосу бай, акылы ашып-ташкан да, тилекке каршы, жан дүйнө дегенден таптакыр тумтак ажырап калган. Бул бир кызыктай эле алаамат. Батыш – жан дүйнөнүн жакырдыгынан жабыркаса, Чыгыш – дене менен акылдын ачкалыгынан азап тартууда.

Мен сага айтып коеюн Самир, адамзаттын келечеги таптакыр бир жаңы адамга ээ болот. Адамдын келечеги жок нерселерге ынанган эски түзүлүштөрдү четке кагып, Батыш менен Чыгышынан да таптакыр башкача жагдайга туш келет.

Материалдык да, рухий да баскынчылыктан кутулууга тийишпиз. Жашоонун чыныгы жүзүн ачып, тышкы материя менен ички рухий көрөңгөнү кабыл ал. Ал эми алардын ортосунда, кудум көпүрө сыңары биздин акыл-эсибиз бар. Бул жерде мен, ар бирибиз тууралуу айтып жатам. Жаңы адам – ушул бүтүндүктөн улам келип чыгат.

Ооба, бул абдан сезимтал нерсе… Эгер кимдир бирөө Гаутама Будда тууралуу ал деген бир бүтүндүктүн жартысы эле деп айтып чыга турган болсо, анда абдан оор тийээри турган иш. Бирок чындык деген дайым ак бойдон калат. Махавира – жарты, ал рухий башталыш гана десек, анда жашообузга карама-каршы келет. Ошол сыңары эле Зорба – дайым рухий дүйнөгө каршы. Муну менен бардык аалымдарды, ал гана эмес аябай улуу делген Альберт Эйнштейн да адамзаттын ички дүйнөсүндөгү рухий дүйнөнү, сезимди кабыл алган эмес.

Альберт Эйнштейн – жарты дүйнө, мына биздин азабыбыз ушунда жатат. Болочоктогу адамзат – жогоруда аталып өткөн ошол үч нерсени бириктирүүсү зарыл. Адам өз денесин, акыл-эсин туура пайдаланып, кудум музыкалык аспапта ойногондой колдонсо!? Адам – акыл-эсин чектебестен, андан да нары карай эрдик менен кадам таштап, кудуреттүү күчкө эгедер болуусу керек.

Кимде ким келечек муундарды тарбиялоого тийиш болсо, демек, ушундай адамдарды өстүрүп чыгарууга милдеткер. Интеллигенция, журналисттер, рухий устаттар, дегеле бардыгы жаңы адамды тарбиялоодо гармонияга багыттаган концепцияны тез арада иштеп чыгып, аны ишке ашыруусу зарыл.

Бизди курчап турган айлана-чөйрөнү таануу, аалам сырын чечүү, керемет нерселерге умтулуу – бул менин жападан жалгыз сыйынуум! Кимде ким гармонияга ээ болсо, демек, ал адам үчүн жашоонун сырлары ачылат…

* * *

Ар бирибиздин ичибизде Кудай бар. Кайда гана барбайлы, биз айланага жарык нур чачып турсак. Динге чындап ынанган адам индуизмге да, христианга да, буддизмге да, джайнизмге да, мусулманчылыкка да таандык эмес. Чыныгы динчил адам жөн гана такыба, акыйкатты тааныган адам. Андай адам колу бир нерсеге тийсе, керемет сезимди жаратат. Чыгармачылыкты сүйгөн, адамдык баалуулукка ыктаган адам – айланасына сулуулукту чачат.

Дегеле храмдарга катташкан диний адамдардын көбү – эки жүздүүлүк кылышат. Муну айткан себебим, алар калган бош убактыларын, жыйырма үч саатын кантип өткөрүп атышат? Бир саат ичинде таптакыр башка адамга айланып чыга келиш, эч мүмкүн эмес! Чыныгы диндар адам белгилүү бир диндерге же каада-салттарга баш ийбейт. Кайрымдуулук, боорукерлик – биз дем алган абадай болууга тийиш. Качан сен бүткүл өмүрүңдү ыйык храмга айлантканыңда, чыныгы диний адамга айланасың. Кайда гана болбо, сен ыйык храмда жүргөндөй же табышмактуу нур жаагандай сезимде каласың. Биздин баскан ар бир кадамдарыбызда сырлар жатат. Ар бир табышмактын аркасында улам башкасы бар. Эгер ааламдын өзүндө толгон-токой сырлар жатканын аңдасаң, бардыгына тең Жараткандын сүйүүсү буйруса экен дейсиң. Алтургай, өз дүкөнүңдө да кардарларды кудум Кудайды күткөндөй акыбалда олтурасың.

Кабир көсөмдүккө жеткен кезде падышалар да ага шакирт болом деп ашыгышкан. Шакирттери Кабирге: “Кийим тиккениңди токтотчу, байболгур! Бул ишиң, биздин беделибизге доо кетирүүдө. Айланадагылар бизге: “Силердин устатыңар шордуу бир тигүүчү катары күн кечирүүдө”, – деп күлүп атышат. Адамдар бизге: “ушунча шакирттери туруп жума бою кийим тигип, анан жонуна ошол түйүнчөктөрүн артынып алып, базарга барып сатып олтурат. Бирөөңөр да ага жардам бере албайсыңарбы?” – деп шылдыңдашууда.

Ушундай кепти шакирттеринен укканына карабастан Кабир:

– Мен базарга кайсы бир Кудай келип, өндүргөн буюмумду сатып алсын деп акча үчүн чыгып атканым жок. Мен, өндүргөн буюмдарыма ушунчалык зор сүйүүмдү арнасам, эмгек менен ажайып сезимдеримди жумшасам, анан алар кокус мен барбай калсам, кайдан издеп табышат!? Мен мунсуз жашай албайм. Көзүм тирүү турганда Кудайга ак кызматымды арнап, кийим тиккенимди токтотпойм!” – деп өзү сүйгөн ишин уланта берет.

Ошентип ал ушунчалык зор сүйүү менен бүткүл дитин коюп, көргөндүн көзүн тайгылткан ажайып кийимдердин түрлөрүн тигет. Базар аралаган калың элдин баары Кабир кийимдерди жөн эле тигип койбостон, ага жан киргидей кылып жиптерине дейре көркөм асем берет дейсиң, тим эле анын колунан жаралган буюмдан ички дүйнөң кошо жаркый түшөт. Базарда олтурган Кабир ар бир кардарга хинди тилинде Кудай деген мааниде “Рам” деген сөз менен кайрылат.

– “Рам, сен кайда жүрдүң? Мен сени ушунчалык көпкө күтпөдүмбү!? Күн кызарып батып баратат. Базар жабылганы калды, ал эми мен дале сени күтүп олтурам!”

Башта кардарлар улуу даанышмандын өзү озунуп салам айтып, анан да “Рам” деп кайрылганына биресе таңыркашса, биресе ыңгайсызданышат. Акырындык менен ага да көнүшүп, катардагы маектин бирине айлана баштайт. Бул, жөн гана сатуучу менен кардардын маеги эмес, сүйүүгө кулдук урушкандардын маеги эле…

Менин колумдан келсе, ар бир үйдү ыйык храмга айлантмакмын. Үйдү гана эмес анын ичиндеги ашкана, уктоочу бөлмөсүнө чейин храмга айлантаар элем. Менин каалаганым, сенин ар бир баскан кадамдарыңдан сүйүүнүн илеби уруп турса дегеним. Ал гана эмес душмандарыңа да сүйүү менен карай бил. Анткени, ал душман болсо да, ичинде сеники сыңары эле өмүрдүн булагы агып жатат. Досторуңдун гана эмес, душмандарыңдын да ичинде жаткан Кудайды урматта! Ал эми аялыңа храм ичиндеги Кудай өңдүү аяр мамиле жаса.

Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин диний түшүнүктөр бири-бири менен атаандашып, аялдарга карата ашыкча таш боордук менен карашканына таңыркайм. Алар аялдын ичиндеги Кудайды көрө алышкан эмес. Мындай адамдар динден таптакыр алыс деп так кесе айта алам. Чыныгы дин деген – чыныгы цивилизация жаралбагандай эле алигиче пайда боло элек. Биз чыныгы динди алып келиш үчүн чыныгы цивилизацияга, чыныгы маданиятка шарт түзүшүбүз абзел…

* * *

Адамдын арам оюн канааттандырууга болот. Бирок ошол карамүртөздүк үчүн жасаган ишке акыры жооп берчү мезгил келет. Муктаждыктарды канааттандыраардан мурда оболу ошого чектөө кое билип, анан адамдын патологиялык жана аң-сезимдүү эңсөөлөрүн изилдеген туура. Маселен, порнографияга ар качан муктаждыктар бар. Кайсы бир адамдардын чөйрөсү үчүн бул муктаждык катары саналат. Миллиондогон кызыл кулактар порнографиялык маанайдагы адабияттарды, сүрөттөрдү, кызтекелер менен лесбиянкалар тууралуу фильмдерди сатышууда. Ооба, алар адам муктаждыктарын канааттандырып атышат. Адамдар кылымдар бою ушундай жыныстык зордук-зомбулуктардын арасында жашап, дырдай жылаңач аялдардын денелерин көргүлөрү келишкен. Албетте, анан ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдаланышып, ишкерлик кылышкандардын ити чөп жеп атат. Бирок мындай сооданы адамдарды кулдукка айланткан кара ниеттик менен жасалган иш деп эле айткан абдан туура.

Ушул нерсеге жоопкерчиликтүү делип, биринчи кезекте журналисттер эсептелет. Журналисттер адамдардын аң-сезимине бул өңдүү суроолорго жооп издеп көрүп, порнографиянын коомго кереги барбы деген суроо коюшу абзел. Кайсы бир абориген уруулары үчүн порнографиялык адабияттардын кереги да жок. Анткени, ал жерлерде адамдар кийими жок эле эртели-кеч энеден туума жылаңач күн кечиришет. Ал жактарда ымыркай кездеринен тартып эле кыздар менен балдар жылаңач чоңоюшуп, бири-биринин денелери менен табигый түрдө таанышышат. Аларда бири-биринин денелерин көрөбүз деген муктаждык жок. “Плейбой” журналы менен аларды таңдандыра албайсың.

Кандайдыр бир белгисиз себептерден улам сиз ыйык адамдар деп эсептегендер жана порнографияны саткандар жашырын түрдө эпке келишип алгандай, алар бирдей багыттагы ишкерликте чогуу-чаран иш жасашкандай. Чиркөө кызматкерлери адамдардын жыныстык эңсөөлөрүн басмырлап келишет. Өзүңүз элестетип көрүңүзчү, күнү бою өзүн өзү басмырлап тамак-аштан башка эч нерсени ойлонбой жашаган адам дайым ачка болот. Порнографиялык азыкты өндүргөндөр адамдардын ачка сезимин канааттандырып акча таап аткандыктан, бардык көйгөй келип чыгууда. Эгер басма сөз каражаттарына порно өндүрүштү жайгаштырбаса, анда ал басылма атаандаштыкка туруштук бералбайт. Ошентип басма сөз ишкерлигин токтотуу керек же көңүл иренжиткен түрү суук көрүнүштөрдү улам чагылдырып, өндүрүшүмдү өнүктүрө берем деген эки айры жол турат сенде.

Журналисттер учурдун бардык көйгөйүн аңдай билсе! Маселен, азыр ааламды кара тумоодой каптап келаткан СПИД деген илдетти айталы. Бул оорунун эң башкы себептеринин бири – гомосексуализм. Католиктик Папа жана башка диний жетекчилер гомосексуализмди айыпташат. Бирок бул бар болгону маселени үстүртөн гана кароо дегенге жатат. Чыныгы оору – адам эңсөөсүн ашкере басынтуудан улам пайда болот. Гомосексуализм монастырларда, аскер лагерлеринде, кыздардын жана балдардын жатаканаларында жаралган. Эркек менен аялдарды бири-биринен таптакыр ажыратып экиге бөлгөндүн өзүнөн, көңүл айныткан көрүнүштөр келип чыгат.

Коомдогу болуп жаткан ыпылас жана терс көрүнүштөрдү бурмалабай, коомчулукка так жеткирүү журналисттин бирден бир ыйык милдети. Патологиялык муктаждыктарды канааттандыруунун кажети жок. Адамдардын аң-сезиминдеги мындай патологиялык ыпылас нерселердин тамырын кыркып же ага каршы үрөн себүү керек. Оорунун башатын тапмайынча, анын кесепетин жоюуга эч мүмкүн эмес. Бир чети коом мындай булактарды өзүлөрү азыктандырса, экинчи жагынан аларды түп-тамырынан жок болушун самап келет. Бирок бул мүмкүн эмес.

Кайсы бир ашынган динчил калың эл чогулган жерге келип:

– Кудурети күчтүү Кудайдын аты менен баштаймын! Мага баары белгилүү болгондой, араңарда эң коркунучтуу кечирилгис күнөө жасаган аял менен эркектер барбы? Чыккыла да, күнөөңөрдү мойнуңарга алгыла! Жана Жараткандан жалбарып, кечирим сурагыла! – дейт.

Карап турган журттун төрттөн үч бөлүгү ордунан туруп, катарга тизилишет.

– Араңарда мындан да аша чапкан күнөөнү эки эсе жасагандар, эркек менен эркек катнашка баргандар барбы? Чыккыла да, күнөөңөрдү мойнуңарга алгыла!

Калың эл арасынан эркектердин айрымдары чыгышат.

– Ал эми мындан да аша чапкан күнөөгө батып, тактап айтканда, аял менен аял катнашка баргандары барбы? Чыккыла да, күнөөңөрдү мойнуңарга алгыла. Жараткандан кечирим сурагыла!

Жыйынтыгында, карап турган көпчүлүктүн бири да калбай, бардык күнөөкөрлөрдөн айырмаланып четте бир кичинекей эле бала калыптыр дейт.

– Чоң ата! – деп өпкө өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлаган бала:

– Өзү менен өзү күнөө жасагандар каякка тизилиши керек, ыя? – деген экен…

* * *

Мынакей, ушул сыяктуу көрүнүштөрдү диндердин өзүлөрү жасап келишти. Тез арада коомдун жетишкендиги катары жалган жана бурмаланган, илимге, психологияга каршы келчү доктриналарды адамдардын аң-сезимине жеткирип, табигый жолдо дени сак, акылы тунук коомду өстүрүп чыгарып, сергек жашоого үндөгөнүбүз оң. Мына ошондо гана таза коом түзүлөт. Жанагындай көңүл иренжиткен көрүнүштөр ошондо барып өзүнөн өзү жоголот.

Журналистика – жалаң эле ишкерликти көздөбөсүн! Массалык маалымат каражаттарынын мойнуна бүткүл адамзат тагдырына жооп бере турган өтө чоң милдет тагылган. Журналистика – катардагы ишкерликтин түрүнө кирбейт. Мында жалаң эле кирешени ойлогон туура эмес. Ишкерликте пайда табуунун көптөгөн жолдору бар. Журналистиканы жалаң киреше табам деп жемкорлукка айлантпа. Журналист киреше табам деген ойду курмандыкка чалганга даяр болгондо гана адамдардын жанагындай ыпылас эңсөөлөрдүн эмне себептен пайда болуп жатканын жана аларды токтотуп туруп, таптакыр талкалап жок кыла турган бирден бир жолу болуп саналат.

Журналистика – катардагы кесиптерге кирбестен, адам аң-сезимине төңкөрүш жасаганга жарайт. Журналист табиятында – ааламды сактаганга кам уруп, ар дайым адам укугу үчүн күрөшкөн козголоңчу болуп саналат. Мен эч качан журналистиканы катардагы башка кесиптердин бирине кошкон эмесмин. Коррупциядан оолак турган, акчага таасирленбеген пайда алып келчү бир канча кесиптер бар. Биз, адамдарды ыпылас нерселерден алыс кармап, ойгоо болгонго тарбиялайлы.

Дагы бир нерсени эске салгым келет. Жашоо жалаң роза гүлү төшөлгөн жолдордон турбайт. Жолдо тикенек да бар. Бирок бул тикен жол үчүн анчалык кабатыр боло бербе. Жашоого ашыкча баам салып атып, акыры андан роза гүлүн да көрөсүң.

Журналистика же башка массалык маалымат булактары – ааламда пайда болгон жаңы көрүнүш. Мындай жаңы көрүнүштөр Гаутама Будданын же Ыйса пайгамбардын доорлорунда болгон эмес. Эмне үчүн адамдар эски жана жаркын учурларды акылдарында идеал тутушат? Индуизмдеги шовинисттер Гаутама Будданын учурунда уурулук жок болгондуктан, үйлөрүндөгү каалгаларды бекитишкен эмес дейт. Бирок бул карандай калп деп ойлойм. Эмне? Кырк эки жыл бою Будда пайгамбар адамдарды уурулук кылбагыла деп жөндөн жөн эле айгай салыптырбы? Же эмне, аны сиз келесоо болгон деп ойлойсузбу? Анда неге ал кезде уурулук таптакыр жок болсо: “Уурдаба, жалган айтпа!” – деп адамдарга чакырык таштайт? Бардык улуу делген диний инсандар уурулукка, жалган айтууга жана ойношчулукка каршы чыгышкан. Диний аалымдардын осуяттарын карап көрүңүздөрчү, сиз ааламдан буга чейин боло элек эч кандай жаңы нерсени издеп таба албайсыз.

Эгер кайсы бир доорлордо адамдар эшиктерин бекитпеген болсо, уурулардын жокко эсе болгондугунан эмес, жөн гана кулпу деген жок болчу! Көбү кедей жашашкандыктан үйүн кайтаргыдай ашып-ташкан буюму да жок эле. Кулпу – технологиянын бир өнүгүү жолундагы ойлоп табылган нерсеси. Анткени акырындан бир нерсе топтой баштаган адамда аны кайтаруу керек деген түшүнүк пайда болот. Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, эгер үй ичинде бир күндүк да азык-түлүк жок болсо, ал үйгө кулпу салып бекиткенден не опа?

Бул ушул эле кылымда Бенгалияда болгон. Кайсы бир жолу Махатма Ганди Ноачалиде саякат жасап жүрсө, анын жанына бир аял келип буттарын кармалайт да:

– Сизден өтүнөм, кичине күтө аласызбы, менин күйөөм да сизге жолугуп, бутуңузду кармалап көрсөм деген!?

– Анда неге ал, сиз менен чогуу келген жок? – деп сурайт Махатма Ганди.

Анда аял:

– Бизди ыңгайсыз абалда калтырбаңызчы, суранам! Бизде бар болгону көчөгө кийгидей жалгыз бир эле кийим бар. Ошонүчүн мына биринчи мен келдим. Мен азыр үйгө барып ушул кийимди ага берем, анан ал келет. Ал азыр үйдө жыпжылаңач олтурат! – дептир.

Мынакей, сага ХХ кылым! Тээ байыркы доорлордо эмнелер болгондугун кайдан билебиз? Ал доорлордо массалык маалымат каражаттары болгон эмес!?

Массалык маалымат каражаттарынын жаралышы менен турмушубузга бир топ өзгөрүүлөр кирип, акылдан айныган көрүнүштөр, ыпыластыктар үрөй учурчу терс энергия тартуулап, ал болгон окуябы же жалганбы айырмасы жок, башкысы – базарларда жакшы сатылып атат. Адамдарга зордук-зомбулуктар, киши өлтүрүүлөр, чыр-чатактар, айтор, карактамай, зордуктамай тууралуу жазылгандарды окуган жагат окшобойбу!? Демек, адамдар ушундай нерселерди талап кылып атат деп эле журналисттер жер бетиндеги болуп аткан зордук-зомбулуктарга, жамандыктарды жар салышууда. Бардыгы тең турмуш жолундагы розаны унутушуп, жалаң анын тикенектерин огобетер күчөтүп жазып атышат. Кокус, журналист коомго өзгөчө дүрбөткөн жаңылыкты таба албай калса, анда аны өзү ойлоп таап туруп, анан тез арада сатыш керек деген максат коюп алган.

Мурдагы доорлордо деле коом дал ушундай болгон. Бирок анда адамдар бар болгону жаман нерселерден кабардар болбой, жалаң “жакшы кабарларды” гана угушкан. Анткени, ал жазууларда каракчылар менен киши өлтүргүчтөр тууралуу кеп козголбостон, ыйык окуулар гана камтылган. Ыйык окуулар – ал мезгилдердеги бирден бир маалымат болгон. Азыр эми журналисттердин көмөгү менен кылмышкерлерден ыйык адамды да жасап алса болот!

Швецияда мындай бир окуя болуп өткөн…

Кайсы бир эркек мурда эч качан тааныбаган, ал тургай бир да ирет бет келип кездешпеген бир кишини өлтүрүп салган. Ошол киши жээкте деңизге көз чаптырып олтурган адамга басып келип эле так желкеге мээлеп туруп тапанчасынан ок чыгарган. Сотто ошол кылмышкер: «Менин сүрөттөрүм бардык гезиттердин биринчи беттерине чыкса экен дечүмүн. Мынакей, бардык гезиттерде менин сүрөттөрүм чыгып атат. Көктөн тилегеним орундалды! Азыр сиздер мени өлүм жазасына тартсаңыздар да, мага баары бир. Мен чындап ыраазымын. Мага бир гана нерсе керек болчу. Өзүмдүн сүрөтүмдү гезиттен көрсөм дечүмүн!»

Массалык маалымат каражаттары тез арада зордук-зомбулукка, кылмыштуулукка, адамдарга айбан сыңары мамиле жасаган жорук-жосундарга каршы күрөштү баштоосу зарыл. Бирок кашайып, адам үрөйүн учурган нерселерди чагылдыруудан баш тарткандын ордуна, сен андан бир гана пайда көздөп каражат табуудасың. Ооба… Сен азыр өркүндөп атасың. Гезитиңдин нускасы өсүүдө. Сен эч качан бир секундга да мунун жыйынтыгы коомго кандай гана өкүнүчтүү жагдайларды тартуу кылаарын ойлоп да койгон жоксуң.

Журналисттер – адамдардын каалоолорун канаттандырып гана тим болбостон, аң-сезимге асылдыкты жугузган наркы алтынга теңдешсиз дүйнөлөрдү сунушташы керек. Экономиканын эски заң-мыйзамдары эбак эскирип, керектен чыккан. Азыр бизге жарнаманын купуя сырлары бештен белгилүү. Эмне үчүн адамдар өз товарларын жарнама кылышат? Өзгөчө өндүрүшчү эки жылдан кийин чыгара турган товарын азыртан баштап жарнамалаган көрүнүш Америкага мүнөздүү. Базарда керектелүүчү товарлардын кайсынысы керек деп адамдардын аң-сезимине терең сиңиргенге аракет жасашат. Алгач сунуштар жүргүзүлүп, анан ал нерсеге суроо-талаптар коюла баштайт. Бакыйган чоң жарнама агенттиктеринде ушундай зарылдыктар бар. Реалдуу, аң-сезимдүү муктаждыктарды ишке ашырууга болот. Сен адамдардын патологиялык эңсөөлөрүн канааттандырганга тийиш эмессиң. Көңүл иренжиткен эңсөөлөрдү канааттандыруунун өзү – бүткүл адамзат коомчулук алдында өтө олуттуу кылмыш жасагандыкка барабар.

Мен, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кыдырып жүрүп массалык маалымат каражаттарынын таптакыр айласы калбай баратканда, жок жерден үрөйдү учурчу адам таң каларлык жаңылыктарды ойлоп табышканына күбө болдум. Шумдуктуудай жалган маалыматтарды ойлоп чыгарышат. Журналисттер улуу нерселер тууралуу, ажайып кооз көрүнүштөр жөнүндө кеп кылууга ашыгышпайт. Алар ар дайым көз алдыга капкара түстү гана тартып, эртеңкини бүдөмүк кылып сүрөттөшөт.

Азыркы учурдагы гезиттерди окуп, радиолорду тыңшап, телекөрсөтүүлөр менен көп сандаган фильмдерди көргөндөн кийин аалам аңтарылып, бир гана багытка, болгондо да тозокко карай беттеп баратат деген ой башыңа кылт этет. Мисал үчүн бир эле Калифорнияны алып көрөлү… Ал жакта балдар баңги заттарын алты же сегиз жаштарынан тартып колдонушат. Хиппи деген көрүнүш пайда болгон эле, азыр ал жок болду. Хиппиге да чоңураактары, жыйырма бир, жыйырма эки же отуз жашка чейинкилери гана аралашчу. Бирок андай көрүнүш азыр жокко эсе. Эми кезек, кенже класстарга келип жетти. Он үч-он беш жашар өспүрүмдөр киши өлтүргүчтөргө айланышканы катталууда. Алардын аң-сезимине зордук-зомбулук деген балекет көрүнүштөр кандайча кирип кетти? Алар мунун баарын тыюу салынган көркөм тасмалардан көрүп үйрөнүп атышат. Тыюу салынган нерсе – өзгөчө таттуу туюлат. Күн сайын балдар күнүмдүк жаңылыктардан ааламда эмне болуп жатканынан кабардар.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жалгыз Американын өзүндө эле ар бир адам күнүгө жети сааттан креслого жабышып, телевизор көрүп экран алдында олтурат. Алар эмнелерди көрүп жатышат? Жалаң киши өлтүрүүлөр, зордуктамай, каракчылык… Акырындап олтуруп ал аң-сезимге терең сиңет. Адам: “Карачы, ааламда эмнелер болуп атат, а мен жинди болуп дале чиркөөгө барып атам!” – деп ойлоно баштайт. Ал кимдир бирөө Жаратканга жалынып атканын, дагы башка бири сүкүт чалып олтурганын түк көрбөйт. Ал экранда көрсөтүлүп аткан нерсеге көз чаптырып: «Мен балким, келесоо окшойм, менин жан дүйнөмдө кандайдыр бир белгисиз нерселер болуп атат. Катардагы адамдар күнүмдүк иштери менен алектенип жүрөт, а менин кылганым – бир нече сааттар бою телевизорго тешиле тиктеп, креслодо олтурмай. Тез арада бир нерсе жасашым керек!» – дейт. Ошентип, акырындык менен анын акылы массалык маалымат каражаттары таркаткан ар түрдүү көрүнүштөргө көнө баштайт.

Азыр аалам шашылыш түрдө аң-сезимге эгедер массалык маалымат каражаттарына муктаж. Эгер сен адамдарды мындай муктаждыктар эч кызыктырбайт деп ойлосоң да, тез арада жагымдуу жаңылыктарды жазганга жан үрөп иште. Мен жашоодогу эң керектүү жаркын нерселерге кызыккан, жанга жагымдуу жаңылыктарды күткөн адамдар айланаңардан баары бир табылат деп ишенимдүү түрдө айталам. Эч качан үмүтүңдү үзгөн бир пессимист болбо! Аруулукка үндөгөн, бая мен айткан турмуштагы розаларга кызыккан, адамдагы улуулуктарга ишенген адамдар бар. Ушундай улуу нерселерди сыртка алып чыгып, ар бир адам жаркын иштерди жасабаса – ыңгайсыз абалда кала тургандай маанай түз!

Сүйүктүү Ошо, биздин журналистика факультетинде адамдын руханий өсүп жетилүүсүнө шарт түзгөн суроолор жокко чыгарылып, жалаң психосоматикалык предметтерге өзгөчө көңүл бурулат. Ошо, мага түшүндүрүп берсеңиз, болочоктогу журналисттерди руханий дүйнөгө тарбиялоо ошончолук эле зарылбы?

– Нандита, эки миң жылдан бери биздин өлкө кулчулукта жашап келет. Ушул абал адамдардын аң-сезиминде кулчулук психологияны жаратып олтурат. Саясый жактан биз көз каранды болбосок да, психологиялык алкактан алып караганда, биз дале кул бойдон калып келебиз. Журналистика – бул Батыш өндүргөн нерсе. Бул биздин табылгабыз болбосо да, ал жакта эмне болуп жатканын жар салып туурап атабыз. Батыш эч кандай руханий көрөңгөгө ишенбегендиктен жабыркап атат. Чыгышка караганда, ал жакта өзүн өзү өлтүрүү деген көрүнүш төрт эсе жогору. Чыгышта адамдар ачарчылыктардан улам өз ыктыяры менен өлүмгө бет келүүдө. Мындай ыңгайсыздыктар үчүн боорубуз ооруп, кайрымдуу иш жасайлы. Батыштагы адамдарда бардыгы бар. Телегейи тегиз болгону үчүн жашоолорунда эч максат жок. Каалаган нерсесин алам десе, акчасы даяр… Бирок акчага да сатып алалбай турган нерселер бар. Алар жымжырттыкты, кубанычты, сүйүүнү, сүкүттү (медитация) сатып ала алышпайт.

Ошентип, Батышта өзүн өзү өлтүрүү Чыгышка караганда төрт эсеге жогору. Ошол өзүн өзү өлтүргөндөр кедей-кембагалдардан эмес, эң жогорку класстагы бай адамдар. Буга эмне түрткү берди? Алардын жашоосуна эмнелер жетишпейт? Айланасындагылар буга жооп таппай, баштарын катырып атышат. Алар коомдук тепкичтердин баарын басып өтүп, бийиктикке жетишкенде эми минтип… Мындан ары кай жакка беттеп барат? Ички дүйнөсүндө караңгылык менен өлүм өкүм сүрүүдө.

Журналистика бизге Батыштан келген. Сен өзүңө тийиштүү эмес, таптакыр бөтөн бирөөлөрдүн маданиятын таңуулап, өз жериңдеги, өз абаңа таандык эмес нерселерди көчүрүп келдиң. Ал, сенин гүлүң эмес. Сен бар болгону тамыры жок жасалма гүлдү көтөрүп жүрөсүң.

Батыштагы массалык маалымат каражаттары руханий нерсеге муктаж эмес. Ал жакта рух дүйнөсүнө эч ким кызыкпайт. Бул көрүнүш кылымдарга созулуп кеткендиктен, адамдарга жалаң азаптарды тартуулады. Көптөгөн кишилер психоаналитиктерге барып текшерүүдөн өтүшүп, психиатриялык ооруканаларда дарылоо курстарын алышып, акылдарынан айнышууда. Башка бирөөлөрдү өлтүрүп же өзүнө өзү кол салышууда. Жашоодон эч кандай маани-маңыз, максат көрө алышпагандыктан, баарына даяр турушат.

Бүткүл дүйнөгө белгилүү Достовескийдин “Бир тууган Карамазовдор” романындагы бир туугандардын бирөөсү: “Эгер мага Кудай жолукса, мен ага ушул билетиңди өзүң эле алчы деп карматам. Мен ушул дүйнөдө жашабай-ак койдум. Жашоонун өзүндө эч кандай маани-маңыз жок экен!” – деп атат.

Сен: “Биздин журналистика факультетинде руханий дүйнөгө тийиштүү суроолор, адамзаттын өсүшү тууралуу маселелер четке кагылат”, – деп атасың. Анткени силер өзүңөрдүн журналистиканы түзбөгөндүктөн, бир нече жылдап тамыры тереңге кеткен жергебиздин, айланага жыпар жыт чачкан ажайып кооз табиятыбыздын, ушул өлкөнүн журналистикасын жаратпагандыктан келип чыгууда. Силер бар болгону Батышта эмне болсо, ошону тууроо менен алектенип атасыңар. Муну менен силер биздин өлкөдө дайым рухий көрөңгөгө маани берилип келген коомчулугубузга аябагандай чоң зыян келтирдиңер. Ушул эле көрүнүш билим берүү тармагында да орун алууда. Биздин университеттерде, колледждерде, орто мектептерде Батыштын алдында кулдук урган абал жашоодо. Батышта эмне болсо силер дароо туурайсыңар, бул силердин аң-сезимсиз түрдөгү көндүм адатка айланды. Журналистика – адамдын өз алдынча жол салышына, жеке өз алдынчалуулукка умтулуусуна шарт түзүүгө милдеткер. Бул биздин билим берүү тармагына да тийешелүү.

Нандита, сен болочоктогу журналисттерди рухий жактан тарбиялоо жана руханий көрөңгөбүздү өстүрүү керекпи деген суроо узаттың. Руханий көрөңгөнүн өзү биздин жашообуздун эң негизги маани-маңызы жана максаты. Ички духу жок адам тирүүлөй өлүккө айланат. Ал эми рух көрөңгөсү камтылбаган билим берүү, журналистика, дегеле бардык нерсе өлүү нерсеге айланып, айланага жүрөк айланткан жагымсыз жытты таратат.

Силердеги саясат – Батыштын баскан чыйыры менен кетүү… Карачы, кырк жылдан бери көз карандысыздыкка ээ болгон мамлекетибизде эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол эле бюрократиялык коом… Ачык айтканда, мурдагыдан да жаман болуп артка кетип баратабыз. Анткени, жасалма нерсе табигый нерседен да коркунучтуу!

Силердин билим берүүңөр – жалаң тууроочулук менен алектенет. Мен бир кезде университетте окутуучу болуп иштеп турганда, ар дайым университеттин программаларын айтып күрөшчүмүн. Окуу жайда йоганы жана сүкүттү (медитация) программага кошкула десем караманча каршы турушат да, кайрадан Индия деген Гаутама Будданын жана Махавира менен Бодхидхарманын, Патанджали менен Кабирдин жана Нанаканын мекени деп көкүрөктөрүн койгулашат… Эмне иш жасашканына байкоо салышпайт. Алардын журналистикасында, билим берүүсүндө, саясатында Кабирдин, Нанаканын, Патанджалинин жана Будданын издери эле эмес, жыттарынан да дайын жок. Биздин окутуучулар Батышка аябай таасирленишкен. Саясый жактан эркин болгону менен психологиялык жактан караганда, кул боюнча калышты.

Журналистикабыз – Батыштын таасиринен чыгып, өз алдынча чыныгы жүзүн тапса! Сен азыр таң калып жатасың, эгер биздин журналистика жалаң Руханий нерсеге гана маани берип баштаса, эртеби-кечпи Батыш өзү бизди туурап баштаганына күбө болосуң. Себеби, ал жакта рухий ачарчылык өкүм сүрүүдө. Алар Руханий нерсеге абдан муктаж. Башка бирөөлөрдү туурагандын ордуна, өзүң тубаса нерсе болгон – миң эсе өйдөлүк кылат. Тууроочулук менен башкалары алектене берсин.

Жана мен айткан нерсе жашообузга чоң жаңылык киргизип, өлкөбүзгө саясый эркти тартуулайт. Бир нерсени эске алып койгула, Руханий дүйнө деген эч качан ашынган фанатизмди кабыл албайт. Руханий дүйнө дегенде эле индуизмди, джайнизмди, мусулманчылыкты түшүнбөш керек. Руханий дүйнө деген бардык диндердеги окшош делген базалык принциптерди туура тарката билгендикте. Сүйүү кандай болууга акылуу? Индустардыкындайбы же мумулманчабы? Жымжырттыктагы акыл – индустарчабы же буддисттердикиндейби? Кайрымдуу адам сөзсүз эле иудей же христиан болушу керекпи?

Чыныгы рухий көрөңгө эч кандай тигил же бул динге таандык эмес. Рух дүйнөсү эң башкысы, бардык диндердин өзөгүн окутат. Журналисттер биринчи кезекте рухий багытка маани берип, саясатка эң акыркы орунду калтырсын. Өкүнүчтүүсү – бүгүнкү күндө саясат алдыңкы планга чыкса, а руханий маселе жокко эсе.

Мен түк түшүнбөйм, кантип ушунча узак убакыттар бою кулчулук сезим менен жашай беребиз? Батыштын психологиялык көз карандылыгынан суурулуп чыгуу үчүн эмне, али убакыт келе элекпи? Өз алдыңарча ой жүгүртүп, өзүңөрдүн билим берүүнү, журналистиканы жаратууга мезгил келбедиби? Журналистиканын жана билим берүүнүн өз жүзү, өзүнүн кайталангыс керемет дүйнөсү болуу керек ко акыры?!

Убакыт келди… Журналистика жаңы доордун башаты болушу ыктымал. Саясатты гезитиңдин эң акыркы беттерине түртүп сал. Саясат – адамдардын акылын бийлеп алган эң ыпылас дүйнө. Бул биздин жан дүйнөгө ылайык келбейт. Саясатчы улуттун келечеги үчүн кам көргөн даанышман ойчул эмес. Ал бар болгону кызмат көрсөтө турган элдин кулу экендигин моюнга алган учур бышып жетилди.

Маселен, сен почта бөлүмүнүн жетекчиси ким экендигине такыр кызыкпагандыктан, анчалык чуу деле жаратпайсың. Себеби, анын милдети жөн гана аткаруучу. Сага темир жол башкармалыгын ким башкарганы баары бир эмеспи? Ал өз милдетин өтөгөнү үчүн айлык акы алып атат. Ага ошол жетиштүү…

Эмнеге эле саясатчылар тууралуу мынчалык кабатырланасың? Өзүңдүн күч-кубатыңдын элүү пайызынан көбүн төрт жылда бийлик башындагылардан кимиси кызматтан алынды деп коротуп атасың. Эртең алар тууралуу эч ким эстерине да алып коюшпайт. Саясатчылар – сенин гезитиң сыяктуу. Кечээги гезиттен – кудум азыркы саясатчылардай пайда жок. Эмнеге анан кыска аралыктагы көрүнүштөргө ошончо зор маани бересиң? Руханий дүйнө бул жашоодо жарык чачкан эмне бар болсо ошого өзгөчө көңүл буруп, эч качан баасын жоготпогон керемет сезимдерге бөлөгөн, сени ар убак түбөлүктүүлүккө алпара турган жол. Саясат убактылуу гана баалуулуктардан куралса, Руханий дүйнө өлбөс-өчпөс баалуулуктардан турат.

Мисалы, мен бүткүл өлкөнү күчкө салып кармагандан эч кандай маани таба албайм. Он жыл ичинде Индиянын бардык көйгөйүн чечсе болмок. Бирок саясатчылар алдыда турган көйгөйдү чечкенди каалашпастан, кайра аны утуру жаратып турушат. Түпкүлүгүндө, алардын өмүрү жалаң көйгөйлөрдүн ар дайым болуп турганынан улам уланууда.

Адольф Гитлер өзүнүн өмүр баяны камтылган эмгегинде бир маанилүү маселени кеп кылып: эгер саясатчы ар дайым атак-даңкта жашап, улуттун улуу жетекчиси болгусу келсе, анда ал өз өлкөсүн бейпил кармабашы керек деп жатат. Саясый жетекчи ар дайым элди коркунучта, мынакей кооптуу нерсе болуп кетиши ыктымал деп, келечек тууралуу тынчызданган абалда башкарсын. Коңшу-колоңдордон ойдо жок жерден ойлоп таап душман жасап, алардан узак турууну, кокус, кадыр-баркын жоготуп бийликтин тизгини бошоңдоп баратса, согуш отун тутантып ийгенде улуттун улуу башчысы жаралат деген кепти козгоодо. Ооба, ал туура айткан. Бирок мындан эмне деген жыйынтыкка келсек болот? Демек, саясатчы эч качан алдыдагы көйгөйдү чечүүнү каалабайт, тескерисинче, кайра анын күч алып турушуна гана кызыкдар. Ошондо гана ал коомдогу эч кимге алмаштырылгыс фигурага айланат. Саясатчы дайым Кытай же пакистандык душмандардан корк, алар атом бомбасын жасап атат, коркунучтуу куралдарды ойлоп табышты деп коркутат. Мынакей, ошондо сага татыктуубу же татыксызбы айтор, саясый жетекчиге муктаж болосуң. Куралдуу күчтөр менен башкарылган мезгил өкүм сүргөндө, элдин келечек тагдыры чечилет деп санааркап, ар кандай колдоолорду көрсөтө баштайсың.

Эң биринчи саясый билдирүү Адам атанын оозунан качан Обо эне менен байланыш түзгөндө эле чыккан дешет. Кудай аларды Бейиш багынан кубалап чыкканда, дарбаза алдына жете берген Адам ата Обо энеге карап: «Биз, өтө кыйын кырдаалда турабыз!» – дептир.

Мына ошол күндөн ушул күнгө чейин ар бир саясатчы: “Биз өтө кыйын кырдаалда турабыз!” – деп эле бир сөздү тотукуштай кайталап келатышат. Көйгөйдү сен чече албайсың, ал аябагандай оор көйгөй имиш…

Журналисттер өз өлкөсүндөгү акылмандардын айткан кептерин сузуп алып, эргүү жаратышы керек. Ооба, акылмандар шайлоо алдында кимдир бирөө үчүн добуш берип кой деп мушташпайт жана эч кимге жалбарбайт. Чындыгында, акылман адам саясат деген нерседен өтө оолак турат. Журналистиканын башкы милдети – элди ошол даанышмандар менен тааныштырып туруу. Саясатчыларга анчалык көңүл бурба, алар өтө коркунучтуу. Колдон келсе, аларды таптакыр жокко чыгарып сал. Саясатчылар туурасында качан гана алар чындап татыктуу кадамга барганда кеп козго.

Сүйүктүү Ошо, аң-сезимдүү журналистика деген эмне? Жалаң эле көңүл жаркыткан жаңылыктардан журналистика жашап кете алабы? Сиздин баамыңызда, массалык маалымат каражаттарынын жоопкерчилиги эмнеде?

– Нандита, аң-сезимдүү журналистика деген менин түшүнүгүмдө – массалык маалымат каражаттары жөн гана болуп өткөн окуя тууралуу маалымат берип койбостон, адамдагы бардык нерсени, анын денесин, акылын жана жан дүйнөсүн да кошо козгогонду милдет кылып алуу. Басма сөз деген жөн гана жаңылыктар үчүн кызмат көрсөтпөстөн, ал мыкты адабияттан куралышы керек. Ошондо барып аң-сезимдүү журналистика пайда болот. Анда окурмандар үчүн бүгүнкү гана жаңылыктар эмес, кечээки да гезит-журналдар кызыктуу көрүнөт. Басма сөз каражаттарынын өмүрү кыска болгону жарабайт. Эгерде гезитте жалаң эле жаңылыктар орун алса, анда ал албетте, күндүн аягында актуалдуулугун жоготот. Эч качан эскирбеген, ар дайым жаңы бойдон кала берген эң кызыктуу маалымат каражатын жаратуу абзел.

Чыныгы адабият… Чыныгы чыгармалар Достоевский, Лев Толстой, Антон Чехов, Тургенев менен Рабиндранат Тагордукундай… Адамзаттын көкүрөгүндө руханий дүйнө жашап турганда, бул чыгармалардын мааниси эч качан жоголбойт.

Массалык маалымат каражаттары мына ошондой деңгээлге көтөрүлсө!? Эмне үчүн ал деңгээлге жеткирүүгө болбосун!? Муну жасаса болот!

Жаңылыктарды чагылдыра берүү керек, бирок аны башкы планга чыгарган жарабайт. Жаңылыктардагы маектерде эмне камтылган? Анда кандай маани жатат? Кимдир бирөө бир нерсени уурдап кетиптир дегенди жазгандан эмне маани-маңыз табабыз? Же кимдир бирөө өз өмүрүнө кол салыптыр дегенди билгенден эмне майнап чыгат? Жаңылыктар ушул нерселерди чагылдыруу керекпи? Журналисттер гезит беттерин эч кандай мааниси жок нерселер менен толукташат.

Тез арада массалык маалымат каражаттарын маанилүү, эң керектүү нерселер менен толуктайлы. Эмне бизде акындар, сүрөтчүлөр, жазуучулар, ички духка жана алп ойлорго эгедер адамдар жокпу? Алардын жараткан эмгектери бардык гезит-журналдарга жарыяланып турсун! Мынакей, алдыңкы беттерге жалаң ушундай алп ойлорду, чыгаандардын чыгармаларын берип, ал эми саясатты үчүнчү же төртүнчү бетке же таптакыр эле аларга орун бербей койгон эп. Журналисттер ушул саясатчылардан тим эле шумдуктай адамдарды жасап, алардын кадыр-баркын күчөтүшүүдө. Анын айынан бүткүл өлкө жабыр тартып атат. Буга журналисттер жооп берүүгө акылуу. Болду эми, саясатчылардын канчалык маанилүү экенин ашыкча мактап-жактаба, аларды өз ордунда калтыр. Ойлоп көрсөң, бул адам өлкө президенти дегендин өзүндө бир нерсе барбы? Маанилүүсү – анын адамдык сапаты кандай, ал кандай президент дегенде?

Президенттик милдет эч кандай деле мааниге ээ эмес, кеп анын артында кимдер турат дегенде… Аткарган кызмат ордун эмес, анын адамдык сапатына басым жаса. Ал эми премьер-министрликте эч кандай өзгөчөлүк жок. Анын кызматтык абалын эмес, өлкө алдындагы жасаган иши эмнелерге жөңдөмдүү экенин айтып, анын алдыга жылышына түрткү бер.

* * *

Күндөр биринин артынан бири кубалашып өттү…

Мен ушул кырк жылдык аралык кантип өтүп жатканына байкоо салып келдим. Менин үй-бүлөмдүн бардыгы өлкөнүн эркиндиги үчүн түрмөлөргө олтурушту. Менин балалыгым абдан оор болду. Бала чакта атамдан дайыма: “Сиз эңсеген эркиндик келет деп ойлойсузбу? Ооба, британдыктар кетишээр, бирок сиз бийликти ээлеген башка бир адамдан жашообуз заматта оңолуп, бир майнап чыгарат деп ишенесизби? Мен сизди түшүнөм, сиз кулчулукка каршы күрөшүп атасыз, бирок бул эркиндик үчүн күрөшүп жатам дегенге жатабы? Сизде, эч кандай маанилүү программа жок да?” – деп сурай тургам.

Индиядагы боштондук үчүн чыгышкан бардык кыймылдардын алдында өлкөнү өргө тарта турган бир дагы таасын программа жок болчу. Ошентип кырк жылдан бери өлкө каатчылыктан арыла албай келет. Мен отуз жыл мурун Индиянын калкы төрт жүз миллион болгон кезде, калктын санынын көбөйүшүнө карата көзөмөл жүргүзгүлө деген ойду айтып чыккам. Бирок калк алдындагы сөздөрүмдү үзгүлтүккө учуратышып, таштар менен ургулашкан. Кийин мен кайра эле ошол шаарга келгенимде, вагондон сырткары чыгарбай коюшкан. Эки жүздөй индуисттерден турган щовинисттер жолумду бууп, элге чыкканга мүмкүнчүлүк беришпеди.

Азыр эми караңыздарчы, өлкө калкы тогуз жүз миллионго жетти. Акыркы жүз жылдыктын ичинде бул сан миллиардга чыгат. Тарыхта биринчи жолу Индия Кытайды кууп жетет. Буга чейин жер бетиндеги өлкөлөрдөн Кытай акылдан айныгандай көрүнсө, эми Индия бул ардактуу орунду ээлемекчи. Кытайда калктын санынын өсүшүнө көзөмөл жүргүзүп, кыскартканга үлгүрүштү. Ал эми Индиянын саясатчыларында элге чыгып чындыкты айтууга жигитчилик эрктери жетишпейт. Же аларга эмне, шайлоодо добуш жетишпей жатабы?!

Журналист эч качан, эч нерседен коркпосун. Ал адамдарга ар качан чындыкты жеткиргенге даяр турсун. Силер балдарды жасап атасыңар, бирок бул акыр аягын ойлонбостон, өлүмгө барабар кылууда. Ушул кылымдын соңунда беш жүз миллиондон ашуун элдин ар бир экинчиси ачкалыктан өлөт. Айлананын баары өлүккө толуп чыгат. Саясатчылар буга каршы кандай күрөштөрдү жүргүздү? Качан мен калктын төрөлүшү боюнча көзөмөл жүргүзүү керек дегенде, диний кызматкерлер мени каргап-шилешип, а саясатчылар менин кыймыл-аракеттериме каршы чыкты.

Эч бир саясатчынын мени менен жолугушууга дараметтери жетпей келет. Бир сапар Индира Ганди мени менен жолуккусу келгенин билдирди… Аны менен алты ирет жолугушуу белгиленип, бирок баарында тең жолугушуу белгиленгенге бир күн жетпей, улам кийинки бир мезгилдерге жылдырылып атты. Акыры мен ага өзүмдүн катчымдан: “Айтыңызчы, эмне болуп атасыз? Эгер мени менен жолугушкуңуз келсе, өзүңүз келиңиз, жок, жолугушкум келбейт десеңиз, сизди эч ким бул жакка чакырган жери жок. Жолугушууну сиз өзүңүз каалабадыңызбы?” – деген суроолор менен жөнөтүп ийдим. Ошондо ал менин катчыма: «Менин кесиптештерим тоскоолдук кылышууда. Алар, эгер мен сиз менен жолугушууга бара турган болсом, анда менин саясаттагы мансап жолума кедергисин тийгизээрин билдиришүүдө!» – деп айттырып жибериптир. Анткени мен өз добушумду ага бербейм да! Ал мени менен жолугушууга келе турган болсо, имамдар, епископтор, диний кызматкерлер ага каршы чыгышаарын билип атат да…

Саясатчылардын эч бири мени менен фактыларга таянып талашып-тартышпасы, турган иш. Мен саясатчыларга бардык маселелер боюнча эл алдында ачык талаш-тартыштарга чакырык таштадым. Бирок жолугушууларга келгенге дити барбай, коркоктук кылышты… Эч бир саясатчы алдыма даап басып келген жок.

Журналисттер айланадагы көрүнүштү жеткирүүдө курулай атак жасап жалган айтып жанын жеген саясатчы сөрөйлөрдү эмес, өлкөдөгү кырдаалды чындап оң жолго коем дегендерди алып чыксын. Популисттик ыкма менен элдин башын айлантуу – өткөн чактын эң чириген ыкмаларынан.

Саясатчынын чыныгы күрөш жүргүзгөнгө эрки да, кайраты да, баатырдыгы да жетпейт. Ал эми журналист – эркин адам! Ал, объективдүү чагылдырганга укуктуу. Мына, Нандита, ушундай маалымат каражаттарын мен аң-сезимдүү деп айтам.

Сен: “Журналистика жалаң жаркын маанайдагы нерселер менен жашап кете алабы?” – деп сурап атасың. Мен сага жашоонун жалаң үрөйдү учурган караңгы тарабын чагылдырып жашаган туурабы дегенге чакырык таштагым келет. Элге жаркын нерсени чагылдыр, караңгылыкка жар салган маалыматтарды арткы планга чыгар деп атам. Андай жаман нерселер көңүл борборунда болбосун. Мен журналисттерге жалаң эле шаңга толгон жаңылыктарды бере бер деп атканым жок. Мен бар болгону жашоого чынчыл көз караш менен кара деп атам. Ооба, жашообуздун бир бөлүгү катары саналган өлүм деген нерсе да бар. Бирок бул деген өзүңдүн жата турган мүрзөңдү базардын так ортосуна алып келип коюп ал дегенге жатпайт. Акырет сапарга бир гана жолу кетебиз, ал да тээ шаар четинде жайгашкан. Күнүгө элдер кишини кантип өрттөп атканын көрүп турсун деп базардын чок ортосуна крематорий коюп алсак жарашабы?

Ооба, өлүм өмүрүбүздүн бир бөлүгү болгон үчүн акырет сапарга узатуу тууралуу кээде гана кеп кылабыз. Муну кайталап айта берүүнүн маңызы жок. Өлүм – ак, бирок өмүр андан да чоң мааниге ээ. Демек, жашоону шаңга айлантып, майрам уюштур. Адамдарды кайра-кайра өлүмдү айтып, үрөйүн учурба!

Адамдардагы коркуу сезимдерин козутпа. Мен массалык маалымат каражаттары жалаң жакшы нерселерди жаза бергенден жашап кетет деп айткан жокмун, эгер ошондой болсо, анда ал жарым-жартылай туура эмес болуп калат демекчимин. Жашоодо кездеше калып жүргөн караңгы нереселер туурасында албетте, айтуу керек. Бирок ага ошончолук зор маани бербегиле дейм. Жагымсыз нерсени сынга алуу туура…

Жакшы нерсени колдоого алып, көңүл чөгөргөн нерсеге анчалык маани бербе. Мына ушундай абалда гана жакшы жаңылыктарды жазып, ортосунда жаман нерселерин анча-мынча кыстара кетүү оң. Ошондой болсо да негативдүү нерсенин ырайы суук. Сен өзүң билесиң, жашообузда дайым жаман нерселерди жаап-жашырганга аракет жасайбыз, а жакшы нерселерибизди алдыга коебуз. Дил жаркыткан журналистика ошондой маанайда кадам таштасын! Ырайымсыз көрүнүштү баяндаганда адам андан оң тыянак чыгаргыдай, жакшылыкка алпара турган көпүрө сыңары гана пайдалангыла. Ага кечке эле басым жасай берсек, айрымдары жалаң ошолор тууралуу ойго алдыра баштайт. Бул абдан коркунучтуу дарт. Кудум, жан дүйнөдөгү рак илдети сыңары…

ОШОнун ойлорун оодарган Данияр ИСАНОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *