«РухЭш» сайтынын туруктуу авторлорунун бири, таланттуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» (колхозчу) аттуу аңгемелерден жана эсселерден турган китеби басмага даярдалууда. Аталган китеп негизинен большевиктик бийлик орноткон колхоздоштуруу доорун чагылдырган аңгемелер циклинен турат. Сөз учугун автор өзү төмөндө билдирет…

Автордон

Бишкек — Баткен жолунан биздин айылга бурула берген жерде узунунан кеткен чоң өрүк бак бар. Бул бак бир мезгилде “Москва”колхозунуку болгон. Колхоз өз аймагында өрүкзарларды көбөйтүү планын аткаруу үчүн суу жеткен жердин баарына өрүк көчөттөрүн тегиз отургуза баштаган эле. Анан калса өрүк бакты кез-кези менен жаңылап отургузуп, багып, өстүрүп турбаса, өрүктөр четинен картайып, өрүкзарлар бу чөлкөмдө бат эле азайып кетет. Ошол жылдары Баткенде өрүкзарларды көбөйтүү деген өйдөдөн өзгөчө тапшырма да берилген дешет. Жол боюндагы өрүк бак да ушул жылдары жаралган.

Бригаттын буйругу менен бу өрүк көчөттөрүн колхозчулар эрте жазда жапырт келип бир эле күндө тигип коюшкан. Алар азыр жашы боюнча бир топко барып калышты – кеминде кырк жылдык өрүктөр. Бирок турган турпаты мындан отуз жыл мурда кандай болсо ошол бойдон, кыскасы, суунун да, кароонун да жоктугунан өспөй калган. Анан калса бул жер өзү суусу жок, таштак, каксоо. Колхоз тараганча чоң каналдан эптеп бир билек сууну буруп келип анда-санда өрүктөрдү сугарып турушкан, кийин колхоз жоюлган соң бак таптакыр каралбай калды. Өрүктөр четинен карасаң оорусу менен ооруп, бак ичи бакка окшобой, эрте күздө эле жалбыраксыз тарбайган өрүктөрдүн капкара бутактары алда-немедей көрүнүп калат. Сууну кана ичпей, ооруга чалдыккан өрүктөр, же биротоло куурап калбай, же бу тирүүлүктүн кызыгын толук сезбей ара жолдо, өлүү менен тирүүнүн ортосунда ушинтип алпурушуп келатканына бир топ жыл болду.

Башка мөмөлүү дарак болгондо эбак отунга айланмак, бул өрүктөр өрүктүгүнөн, өткүрлүгүнөн башка салган оор шартына моюн бербей, жаз сайын жадырап гүлдөйт, мөмөлөйт, анан чүрүшүп-бүрүшүп, таттуу эмес, кычкыл болуп бышкан мөмөлөрүн кыпкызыл кылып жайната жерге төккөн соң, акырын четинен жалбырактары куурап, мезгилинен эрте жылаңачтана баштайт, мезгилинен эрте капкара даракка айланып калат. Суу ичпегени аз келгенсип жер өтө эле таштак болгондуктан, өрүктөр тамырын деле ойдогудай жая албады, анан шамал, бул жер даш жер болгон соң дейди шамал көп согот, ансыз да кургак жерди ого бетер катырып, биротоло таштай кылып салат.

Ары-бери жолдон өткөн сайын мына ушул бою пакене, жалбырактары суйдаң, мөмөлөрү ачуу, өздөрү аянычтуу өрүктөрдү көргөндө кадимкидей көкүрөк тилинет. Ушул өрүктөрдөй чаңга, шамалга төшүн тосуп, дөңмө-дөң жүрүп кохоздун чөбүн оргон, далысын күнгө кактап күн-түндөп тамекисин, пахтасын терген, таштак жерди баса берип таманы жоорулган, бетине эрте бырыш түшкөн, колхоздун бригадиринен кудайдай корккон, ыйманынын көптүгүнөн атамды өлөр өлгөнчө сыйлаган, алты бала төрөп, аларды өзгөчө мээрим менен жакшы көрүп баккан, анан өмүр бою көр тиричиликтин кем- кетигинин азабын тартып жүрүп, бир да жыргалын көрбөй бу дүйнөдөн көзү таптакыр ачык кеткен апамды эстеймин. Жүрөгүм күйүп кетет, көкүрөгүмдө туйлап, куйкалап аткан жүрөгүмдү сууруп, бир жакка ыргытып жибере албаймын.

Аргасыз, айласыз чыдоого туура келет. Күйгөн жүрөктү муз да муздата албайт, ал мени уйкудан чочутат, ал мени басып бараткан жолумдан адаштырат… ал мага бүрүшүп-чүрүшкөн, эрте бышып, эрте кургаган жол боюндагы чоктой кызыл, бирок даамы ачуу өрүктөрдү элестете берет. Ал мага апам менен кошо түйшүккө этек-жеңинен эрте малынган бала кезимди эстетет…

Апам колхоз менен жашташ, тагдырлаш болду. Колхоз түзүлгөн жылы төрөлүп, колхоз тарап кеткен жылы жарыкчылык менен коштошту. Апам колхозсуз жашоо кандай болорун көргөн да жок.

Бул китеп апам Таажыгүлдүн жаркын элесине арналат.

АҢГЕМЕ

Жыйырманчы кылымдын отуз төртүнчү жылы. Ала-шалбырт жаз келген учурда Беркмат бай жашаган дарыя боюндагы узунунан кеткен чоң айылдын жай турмушуна бүлүк түштү. Бул маалда шалы, буудай эге турган жерлерин оӊдоп-түзөп, талаасындагы жазгы иштерин баарынан эрте баштап жиберчү Беркмат байдын быйыл ишке колу барбай турду.”Баарын колхозго тартып алат экен” деген каӊшаар ага да жеткен эле. “Жөн эле тартып ала койгондой мен бул байлыгымды бирөөдөн уурдап алдым беле” – Ушинтип ичинен санааркаган Беркматтын бар байлыгын эли-журту алаканга салгандай билет эле. Ал тапканын жашырып, жаап, башка жактарга катып да койбоптур. Анын канча малы, жери, алтындары тууралуу маалымат эбак эле Совет өкмөтүнүн өкүлдөрүнө жеткен. Эми ал кайда качат? Дүйнөсүн тонойм дегендерден кантип арачалап калат? Мобу бууркандап агып жаткан дарыяга салып агызабы? Кана, эми ошондой болсо, түн катып баарын агызып, анан алыс, башка жактан кайра баарын кармап алса.

Буга чейин Беркмат байлыктарын оттон, суудан, шамалдан, жуттан гана коруп, айттырбай келген мындай кырсыктардан чочуп турчу. Эми Совет бийлиги, колхоз дегениң буга айттырып келген кырсык болуп, андан кайда башын катаарын билбей, атан төөдөй күчү бар, эл оозунда “дөө”атыккан адамдын айласы кетип турду. Беркмат бою узун, олбурлуу жана абдан күчтүү киши, бир төөгө жүктөгөн жүктү өзү жалгыз көтөрүп коёт. Бу байлыгынын көбүн ушу дөөдөй күчү менен тынбай тер төгүп, мээнет менен жыйнаган эле.

Угушуна караганда жаңы келген совет бийлиги өздөрүнө каршы болгон байларды четинен кулакка тартып, кайдадыр белгисиз жакка алып кетип камай баштаган. Алардын кээ биринин алигиче өлүү-тирүүсү белгисиз. Ошондон бери Беркмат байда уйку жок, санаага малынып калган. Ушунча жыл ырмалап-термелеп жыйнаган мал-мүлкүн тарттырып коёбу? Бул жерден алыс тоо жакка, кулак уккус, көз көргүс жакка, аскер кийимчендер эмес, тууган уругу да таба албаган жакка үй-бүлөсүн, болгон байлыгын артынып алып качып кеткиси келди. Ушул күндөрү кичүү кызы төрөлүп, бай байбичесине каралап ойлоп жүргөнүн ишке ашырганга үлгүрбөй калды. Байлыгын катып, бербей аларга айбатын көрсөтсө, бул да башка байлардай болуп өз жеринен айдалып, башка жакка сүргүнгө кетип калабы… Кошуна айылдагы күйөөдөгү эки карындашы ыйлап-сыктап ага бирөөдөн кабар жөнөтүшүптүр:

“Ава, жан ава, алтыныӊды кызганып, мал-келиӊди жашырып алтын башыӊдан айрылып калба, сураганын колхоз дегенине берип коюп кутулуң, таянаарыбыз сенсиӊ ава, биздин айылдагы Акматбай кызыл шапке кийген аскер кийимчендерге короодогу малын бербеймин деп колуна чоӊ таяк алып жүгүргөн экен, бир паста ой-буйга келтирбей колун таӊып, машинеге салып алып кетип калышты, муну көзүбүз менен көрдүк, ава, асти каршылык көрсөтпөӊ. Алам дегенин алышсын, кудай сизге береке-пайиз берсин, жаниӊизди эсен койсун…”

Күн жылыыр менен Ош тараптан келген атчан, аскер кийимчен чоочун адамдар бул дайра боюндагы айылга да күн алыс келе баштады. Адегенде айылдын капортосундагы чоӊ мечиттен молдолорду кууп чыгышты да аны жыйын өткөрчү жайга айлантышты. Айылдыктарды чогултуп “совет бийлиги”, “Ленин”, “Сталин”, коммунисттик партия, колхоз жөнүндө түшүндүрүп жатышты, баарынан да эми кедейлердин заманы келгенин, байлардын күнү бүткөнү тууралуу айтканда эл чындап таӊ калды. Мечиттин азан айтылчу бийик минбарына чыгып алып Оштон келген кызыл шапкелүү адам сөөмөйүн кезеп, ишенимдүү, так, түшүндүрүп сүйлөдү:

— Совет бийлиги баарыӊарды бир колхозго бириктирет. Силер колхоздо иштеп өз жаныңарды, үй-бүлөңөрдү багасыңар. Азыркыдай бирөө бай, экинчиси кедей болуп жашабайт, баарыңар бирдей жашап өмүр кечиресиңер, байлар байлыгын колхозго өткөрүп берет. Колхоз баарыбыздыкы, колхоздун ээси – силерсиңер! Совет өкмөтү балдарыңарды бекер окутат, колхоз баарыңарды багат. Кимде ким колхоз түзүлүшүнө каршы болсо, ошол замат камакка алынат! — Үнүн катуу чыгарып сүйлөп жаткан киши бир маалда эл ичинен бирөөнү издегендей:

— Ороз, жолдош Орозбек, сиз жаӊы түзүлүп жаткан “Москва” колхозуна жетекчи болосуз, Оштон келген чечим ушундай, жолдоштор, макулсуздарбы?

Чогулгандар арасынан Ороз маалим ордунан турду. Ал бул айылдан чыккан билимдүү жалгыз киши эле. Ошто окуп, ошол тарапта мугалим болуп иштеп жүргөн. Муну атайын чакыртып алып келишкен окшойт.

— Сүйлөп жаткан киши дагы сурады:

— Макулсуздарбы?

Мечиттин ичи кобур-собурга толуп кетти. Баятан үнсүз угуп турган чогулгандар эми бу жапжаш Орозго баш ийесиңер дегенде бир пикирге келе албай, ар кимиси өз маалесиндеги аттуу-баштуусунун ысмын айтып, талаш башталды, кээси өздөрү жалданып иштеген айылындагы байлардын атын атап жиберди, алардын арасында Беркмат да бар эле. Бул ызы-чууну бир топко чейин чыдап угуп турган Оштон келген кызыл шапкелүү, ийининде жылдыздары бар кийим кийген киши, акыры чыдабады:

— Жолдоштор, совет өкмөтү жаш, билимдүү, өзү кедейдин тукумунан чыккандардын жетекчиликке келишин колдойт. Ороз да билимдүү, жаш, кедей тукумунан. Ал иштей алат, биз ага жардам беребиз! Мен сиздерге айтпадымбы, совет бийлиги жарды-жалчыныкы деп. Эми сиздер эч качан ач, жылаӊач калбайсыздар, байлардын кордугун көрбөйсүздөр! Биз алардын байлыктарын күч менен колхозго тартып алабыз, каршылык кылгандарын камайбыз. Жашасын Ленин!, Жашасын Сталин! Жашасын Компартия! — Ушинтип тамагы кардыкканча кыйкырып сүйлөгөн киши отурган жеринен тура калып, шапкесин башынан алып, булгалап жиберди. Чогулуш соӊунда Орозду жанына чакырып, экөө эски столго катар отуруп, кагаздарга бир нерселерди жазган соӊ, элди таратышты.

Мечитке чогулгандар жалаӊ бир өӊчөй кедейлер эле. Алар колуна токоч карматкан баладай кудуӊдап сүйүнүп чыгышты. Арасында баш кийимдерин Оштон келген кишини туурап көккө ыргытып сүйүнгөндөрү болду. Арасында кечээ эле буларга кожоюн болуп, иш берип жүргөн айылдагы үч-төрт бай аваларын булардын камап коёбуз дегенин угуп ага ичинен кыжаалат болгондору да бар. Эртеси таӊ атпай колхозго элди каттоо жапырт башталды.

Аскер кийимчендер айылдагы байлар жашаган маалеге айылдыктардын баарын колхозго каттап бүткөндөн кийин, эртеси таң эртең келишти. Кызыл жылдыз таккан кийимчен, куралчан, атчан адамдар Беркматтын бийик жыгач дарбазасын какканда, ал коргонунда күймөнүп жүргөн. Дарбазага келип, анын ичинен илгичин көтөргөнчө сыртта тургандардын бири асманга ок атып жиберди. Кулакты жарган үндөн үйдөгү балдары чочуп ойгонуп, чыркырап ыйлап, алдастаган Күмүш байбиче аларды кучагына кыскан бойдон жүк түбүндө бүрүшүп отуруп калды. Ичинен ит өлүп турса да өзүн кармап, Беркмат бай жай басык менен калдайып коргонунан чыкты да, бу топурап келген сүрдүү атчандарды сыр бербей тосуп алды:

— Жол болсун, баатырлар! — Бу “баатырлар” арасында айылдагы жаңы түзүлүп жаткан колхоздун башчысы Ороз маалим да бар эле. Ал тигилерден озунуп биринчи үн катты:

— Беркмат ава, бу кишилер совет түзүлүшүнүн актиптери, колхозго элди тартып бириктиргенге жардам берүү үчүн атайын Оштон келишти. — Ороз келгендерди бир сыйра көздөн өткөрүп алды.

— Колхозго ар бир адам бар мүлкүн берип, анан мүчө болуп кириш керек, өгүнү өзүӊүзгө да түшүндүрдүм окшойт ава… болбосо Назар байга окшоп кулакка тартыласыз, азыр бардык жерде ушундай иштер… — Беркматты түз карап сүйлөй албаган колхоз башчысынын үнү дирилдеп кетти.

Беркмат айылдын билимдүү жигити деп сыйлап жүргөн бу адам өзүн күнөөлүүдөй жер карап, маалим жигит турган атчан, чоочун адамдардын алдында таза эле бүжүрөп калгандай. Бул маалда тургандардын ичинен бири кагаз-калемин алып бир нерселерди жаза баштады. Бири болсо ага түз суроо узатты:

— Беркмат Арстанбек уулу, сенин мал-мүлкүң тууралуу толук маалыматыбыз бар, аларды колхозго өз эркиң менен өткөрөсүңбү? – Бул суроону берген кепкачан ага тик карады.

Беркмат бай байлыгынын баарын булар тартып алаарын билген. Колхоз дегенди түзүп, эл баары тапканын ортого коюшат экен, бир эчкиң болсо да аны колхозго беришиң керек, жериңди да колхоз алып, аны колхозго киргендер чогулуп алып иштетишет экен, уул-кыздарыңды да чогултуп бир мектепте аралаш окутат, кыскасы, баары ортого коюлуп, ортодо болот экен. Буларды угуп, канчалык оор кайгыга малынып, ачуусу келсе да, тегерегинде болуп жаткан окуяларды уккандан кийин ал ойлонуп калган эле.

Саамда ушуларды жадынан өткөргөн Беркмат кийимине жылдыздар жабыштырылган куралчан адамдын буюра сүйлөгөн суроосуна “солк” деп койбоду. Болгону кабагына кар жаады. Келгендер анын кабагын карап отурушкан жок, андан жооп да күтпөдү. Короонун оң капталына узатасынан салынган мал короо жакка өтүштү да Беркматтын койлорун, эчкилерин, уйларын, жылкыларын, төөлөрүн четинен санап, эсептен өткөрө башташты.

Эсептеп бүткөндөн кийин чоң жыгач дарбазанын эки тарабын аңырайта ачып, малдын баарын короодон айдап жөнөштү. Чыгып бараткан уйлары мөөрөп, кой, эчкилери маарап, жылкылары, төөлөрү жат адамдарга бой бербей аларды бир топ убарага салышты. Короо ичи чаңдап, бир паста ызы-чуу болуп кетти. Беркмат узап бараткан мал-келин, аңгырап бош калган мал сарайын караган тейде бүт денесин майда калтырак басып, эсенгиреп, башын мыкчып, өрүк түбүндөгү чарпаясына отура кетти.

Келгендердин ичинен экөөсү малды көчөгө чыгарып, колхоз контору тараптагы мал корооого камап келишкен соң, баары жапырт үйдүн ичине киришти. Абу дегиче төрдөгү жүктү бузуп, сандыкты аңтарып жиберишти. Балдары ыйлап, байбичеси не кыларын билбей нес басып, бешиктеги кызын кучактаган бойдон үйдүн бурчуна бүрүшүп, бетин басып отуруп калды. Муну көргөн олбурлуу Беркмат дөө ызасына чыдабай, бар күчү менен ордунан атып турду да, үйүнө киргендерди мойнунан кайыра кармап туруп, четинен бирден сыртка ыргыта баштады.

Келгендер көптөп атып буурадай кирген Беркматты араң кармап, колун артка кайрып короодогу чоң өрүккө таңышты. Анан шашпай кайра кирип үйүнүн ичин аңтарып чыгышты, үй ичинен таба албай мал короо жакка барып чөп-чарынын баарын чачып, байдын алтынын көпкө издешти.

Бу байда көп алтын бары тууралуу маалымат аларга жеткен экен. Көпкө чейин көрүнгөн жерди эринбей чукулап атып, бир маалда бешилик сайылып турган чөптүн түбүн аңтарып, жаңы эле казылып, жашырылган жерден аз эмес алтынды акыры таап алышты. Колу байлануу Беркматтын жүрөгү эми “солк” деди. Денесин майда калтырак эмес, муздак тер каптады. Колу-буту шал болгон немедей, алдан тайып, көзү караңгылап кетти. Бирок көзүндөгү жаалы менен бу кызыл жылдыз тагынгандарды октой атып карап турду. Алтынды таап, аны да санап чыгып, кагазга жазышты. Анан бир данасын калтырбай жашыл брезент калтага салып, бекем бууп, оозуна мөөр басышты. Калтаны ат үстүндө турган кепкачанга беришти. Андан соң байдын бастырмасында тирелип турган кап-кап шалыларын, буудайларын да четинен оёо көтөрүп чыгып арабага салышты. Күнүмдүк тиричиликте урунуп жүргөн күмүш кумараларды, табактарды, жибек, тукаба кездемелерди да көтөрүп кетишти. Эми ушулар да колхозго керек болгон экен да. Жөнөп жатып ага эскертишти:

— “Суу боюндагы жерлериң баары колхозго өттү, эми шалыңды ушул корооңо гана айдайсың”! Анан дагы азыркыдай тартип бузуп, совет бийлигинин өкүлдөрүнө кол көтөрсөң, түрмөгө камаласың, биз сага азыр кечирим бердик”.

Атчандар аңырайып эки жакка ачылып турган дарбазадан чыгып кеткен соң, алардын артынан чыккан бозоргон чаң ого бетер коюулана түштү. Ошол ошол, эки жакка кайрыла ачылган чоң дарбаза кечке дейре жабылган жок. Беркматка көңүл айтканы келген айылдаштарынын, тууган-уруктарынын аягы каш карайганча басылбады.

Өмүр бою пешене тер менен тапкан байлыгынан, атадан балага келаткан мурасынан алеки саатта ажыраган Беркмат башын мыкчып отуруп калды. Булардын келип минтишин ал билген, ага моюн сунуп, өзүн даярдаган. Бирок мынчалык тонолуп калам деп ойлогон эмес эле. Күмүш байбиче балдары менен чыркырап ыйлап, тууган-уруктары топтолуп, бирок колдорунан эч нерсе келбей, тагдырга тан беришти. Негизгиси Беркматтын амандыгын тилешти.

Байлыктан, дөөлөттөн ажыроо Беркмат дөөнү алы-күчүнөн бир топ тайдырып койду. Кимге барып даттанаарын билбей, кимден жардам сурап өз байлыгын, кара чечекей мүлкүн кайтарып алуунун айласын таппай, Беркмат ызадан көкүрөгү муунуп, бу колхоз дегендин, совет бийлиги дегендин атын уккусу келбей жек көрүп, ичинен кан өтүп, чайналып төшөккө жатып калды. Же колуна курал алып орустарга каршы күрөшүп жаткан ушул аймактагы топко кошулуп кетсеби? Анда анын беш кыз, эки уулунун, бир туугандарынын тагдыры не болот?!

Арадан апта өтпөй төшөктө жаткан Беркматка анын Нурали үкасин кармап кеткенин кабарлашты. Аны башына селде тагынып молдо болгону үчүн камакка алып кетишти. “Социализмди курууга белсене киришкен колхозчуларга беш маал намаз оку деп иштен калтырып, жаман таасир берип жатасың, келмеңди түрмөгө барып келтирип, кудайыңа жалынып жата бер” дешти. Жок, алып кетээрден мурда, адегенде аны формачан эки жигит колхоз башчысы менен үйүнө келип, бир топ ур-токмокко да алды. Селдесин чечип жерге чубашты, сабашты, бирок Нурали “каапырларга берилбеймин, мен мусулманмын”деп көгөрүп туруп алды.

Анан НКВДсы беш-алты адам менен келди. Алар Нуралинин селдесин чубалта чечип, эки колун артка кайырып туруп, тулку боюн кабаттап таңып салышты. Ошентип, өз селдесине өзү байланган айылдын билимдүү молдосу терезеси жок караңгы машинеге отурган бойдон кетти. Кийин бир, эки ай өткөн соң Беркмат сүрүштүрүп, сураштырып жүрүп анын Өзгөн шаарында камакта экенин араң билди.

Буга удаа Беркматтын Досмат үкасин колуна кишен тагып, караңгы машинеге салып аны да алып кетишти. Досматтын колхозго бергенден аяй турган ашкан деле дүйнөсү жок. Тек гана ырдаганы үчүн, жөн ырдабай совет бийлигин жамандап ырдаганы үчүн камайбыз дешти. Эми анын пешенесине эмне жазылганы белгисиз.

Совет бийлигин, Сталинди, Ленинди мактагандын ордуна бу үкаси аларды сындап ырдап отуруп албадыбы, мактаса жаны жай калат беле.

Досмат тууган-уругунун айтканына көнбөдү, жөн жүрбөй көрүнгөн жерде ырдаймын, колхоз чоңдорун сындаймын деп атып колго түштү, тилинен тапты. Баарынан да анын: “Оштон келген токтом көп, Уполномочийлериң поктон көп…” дегени Ороз раистин жанын кашайтты. Беркматтын бул эки үкасинин эми үйүнө тирүү кайтаары белгисиз. Бир туугандарынан, жеринен, күтүрөгөн малынан, сандык толо алтындарынан ажырап, бир гана үй-бүлөсүнө таянып калган Беркматты жаңы келген бийлик тажатып бүттү. Баарынан ажыратты. Эми бой жетип келаткан кыздарын мектепке окутасың деп Ороз райис күндө үйүнө келчү болду. Беркмат болсо кыздарын каапырлардын мектебине окутуп, динден чыгаргым келбейт деди. Байлыгын берсе да, балдарын булардын таасирине бергиси келбеди. Бу бийликтин максаты эмне экенин өз оюнда Беркмат жоромолдоп турду. Орустар каптап келатат. Бой жетип келаткан кыздарын совет мектебине окуткусу келбеген Беркмат бул үчүн да колхоздун райиси тарабынан дагы куугунтуктала баштады.

Колхоздун райиси атка минип, камчысын бир үйүргөндө колхозчулары кайда басаарын билбей калышат. Ороз маалим да райис болгондон бери өзгөрдү. Аттан түшпөйт, каардуу, сүйлөсө буюруп айтат. Мурункудай “Беркмат ава” деп кайрылып, ага сүйлөгөндө жер тиктеген жигит азыр алкынта ат минип, каалаган коргонго каалаган учурунда кирип барып, каалаган буюругун берип калды. Колхозго каттоо бүтүп, эми бул райис колхозчулардын уулдарын, кыздарын мектепке каттай баштады. Күздөн баштап айылга мектеп ачылаары кабарланды. Беркмат да өзүнө окшогон башка байлардай эле айылында колхозго мүчө болуп, ызасын ичине катып тынч күн кечирсе болмок. Анте албады. Ал бул келген бийликтин түрүнөн чочуп турат.

Үй-бүлөсүн алып алыс, көз көргүс, кулак уккус тоо арасына качып кетем деген акыркы чечимге келди. “Колхоздо калганча тоодо кийик болуп кеткеним артык” деп көшөрүп алган Беркмат жаш аялмет экенине карабай тымызын көчкөнгө даярдык көрө баштады.

Беркмат дөө алыскы тоодогу арчалар арасындагы жалгыз үй-бүлөнүн жашоосунун оор экенин билет. Бирок өзүнүн кара күчүнө ишенип турду. Ал бекеринен “дөө” аталган эмес эле. Анын палван, алп экенин сырткы кейпинен эле билсе болот. Бою узун, сөөк-саактуу, колдору тарамыштуу, узун, көздөрү күйүп турат. Мандаш урунуп отурганда тизесине койгон колдорунун манжалары жерге чейин тийип, төөгө мингенде буту жерди чийип калат. Бирок бул Беркмат бай палван, дөө эле эмес, эч нерседен коркпогон, көкүрөгүндө оту бар көкжал да эле. Ошон үчүн өзүнө ишенип турду.

Беркмат байдын түн катып көчүп кеткенин айылдагылар гана эмес, кал-көр туугандары да билбей калды. Колхозго, жаңы келген бийликке таарынган Беркмат бай калган өмүрүн тоодо жашап өткөрдү. Балдарын совет мектебине бербей койду. Колхоздун суусун ичпеймин, нанын жебеймин деп чечти. Колхоз раиси, анын жоголгонун тиешелүү бийлик органларына билдирип да, дайынын баары бир таба алышпады. Беркмат өзү айткандай кулак уккус, көз көргүс жакка, өтө эле алыс тоо ичине арча, карагай арасына кетип калган эле. Элден алыс жүрсө да Беркмат бай көп жылдар ичинен сызып, ызага батып, совет активдерине кекенип жүрдү. Ушинтип убайымдуу, түйшүктүү өмүр кечирүү аны акыры дартка кабылтты. Ооруунун айынан али элүүгө да чыга элек Беркмат дөө жарык дүйнө менен коштошту.

Беркмат дөө алыскы Суу-Башы жайлоосунун суу жетпеген жерине суу чыгарып, таштуу дөңдөрдү кетмендеп, тегиздеп, эгин талаасына айлантып, жыл сайын кап-кап буудайларды, жашылча-жемиштерин жыйнап алып жүрдү. Арчалардын арасына таштардан тизип там салып, малын көбөйтүп, бала-чакасын көп жылдар кем-карчсыз бакты. Кийин, көп жылдар өтүп бул Суу-Башы да колхоздун жайлоосуна айланды. Беркмат дөө өздөштүргөн бул жер да колхоз карамагына өттү.

Бул чөлкөмдөгү алгачкы “Москва” атындагы колхоз ушинтип түзүлгөн. Колхоздун баштапкы мүлкүнүн негизи Беркматка окшогон беш-алты байдын байлыгынан куралган эле. Колхоз түзүлүшүнө Беркмат сыяктуу байлыгын тарттырып, ызадан муунган анча-мынча көкжалдар гана каршылыгын билдирбесе, ага эл, анын ичинде колунда барлар да, тегиз мүчө болуп кирип, жашоо-тиричилигин жаңыча өткөрүп калган. Колхоз өз тартибин жана эрежесин колхозчулардын жашоосуна бат эле киргизип койду. Колхоздо жаш-кары, аял-эркек тегиз жапырт тартылып, ар бир колхозчуга эмгек күнүнө жараша аштык берилип, ачка калганы да, байып кеткени да жок эл бир кылка жай тиричилик өткөрүүгө өткөн.

Көп жылдар өтүп, бара-бара “Москва” колхозунун чарбасы чыңдалды. Мындай колхоздор өлкө бойлоп ондоп-жүздөп пайда болду. Элди колхозго бириктирип иштетүү жана башкаруу совет мамлекети үчүн ыңгайлуу эле. Анткени колхоздордун баары план менен иштечү, жылдык план, беш жылдык план дегендерди аткаруу үчүн колхозчулар жан үрөп иштечү. Жыл сайын пахта, эт, жумуртка, тамеки, тоют пландары толуп туруш керек. План толсо колхоздо чоң майрам. Толбосо чоң түйшүк башталат. План болсо өйдө жактан, Маскөөдөн түзүлүп келген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *