Мхитар ГОШ
Он экинчи кылымдарда жашаган
Окуп чыктым армян жазган жомокту.
Кара сөзүн ырга салдым, болсун деп
Элпегирээк, кызыктуу да, омоктуу.
Өз жагымдан кошумчалап, көрктөйм деп
Ашыкча да колдонбодум боёкту.
Бардык иште тактык гана жарашат,
Бурмалаган – сыйлабастык конокту.

Түш жоругуч
(Тамсил-жомок)
Булут жаанды нөшөрлөнтүп төккөндөй,
Сөз нөшөрүн акын минтип төгүптүр:
«Тээ илгери, бир падыша түшүндө
Көктөн түшкөн түлкүлөрдү көрүптүр.
Түшүн эч ким жоруй албай койгон соң,
Капа болуп, ой көлүнө чөгүптүр.
Акырында, жоруганга берем деп
Казынадан миң алтынды бөлүптүр.

Кыдырышып жар салышат жарчылар
Шаар-кыштакка, айылдарга келгенде:
«Падышабыз миң алтынды аябайт
Түшүн толук, жакшы жоруп бергенге!»
Барат экен өкүмдарга бир кедей,
Өмүр бою жарыбаган теңгеге.
Түшүн угуп: «Үч күн өтсө айтам, – дейт
Уруксат бер түштү жоруп келгенге».
Өз башына тилеп алып азапты,
Жардылыктан бөлөк кайгы жогунда
Азап жеди. Күндөр өттү зымырап…
Түш жорулбай, иш болбоду оңунда.
Көрчү, чиркин! – Уктап кетип ойгонсо
Үч күн, үч түн өткөн экен соңунда.
Айла таппай, басып жүрсө талаада
Бир чоң жылан жаткан экен жолунда.

Шордуу коркуп, чаар балаадан жан сактап,
Артын көздөй шарт бурулуп кетерде
Адамдарча жылан сүйлөп мындай дейт:
«Кайда качтың максатыңа жетерде?
Айтчы коркпой, мага эмне бересиң
Ошол түштү жоруп берсем эгерде?»
Анда берки: «Миң алтынды алганда
Сени менен тең бөлүшөм!» – дегенде.

Жылан айтат: «Жолдон калбай жөнө да
Жеткениңде жолугушчу жериңе
Айткын минтип: «Куу түлкүдөй алдамчы
Не бир шумдук заман келди элиңе.
Дал ошону далилдептир түшүңүз,
Болор заман жеткен экен чегине!»
Десең сага ыраазы болот өкүмдар,
Түшүн жоруп, айткан туура кебиңе.

Төкпөй-чачпай жылан айткан сөздөрдү
Айтат кедей падышага барганда.
Ыраазы болуп, ал бергизет алтынды
Түш жорулуп, жүрөк тынчып калганга.
Үйүн көздөй шашты байып алиги,
Миң алтынды санап колго алганда.
Жыланды го ойлоп дагы койгон жок…
Кала берсин деди окшойт арманда.

Бирок көп күн өтпөй эле тезинен
Падышадан келет ага чабарман.
«Жүргүн! – деди, – падышабыз түш көрдү,
Бул түшүндө койлор түштү асмандан.
Ал эмнеси, жорусун дейт токтотпой,
Мына жорго, чарчайм десең баскандан!»
Анда берки: «Үч күн өтсө барам дейт,
Пайда чыкпайт куру бекер шашкандан!»

Бир ошондо жылан түшүп эсине
Өткөндөгү кылганына кайгырды.
Басып барып касиеттүү досуна:
– Кечиргин! – деп, көздүн жашын сай кылды.
Жаны тынып, бул түштү да жорутуп
Ызгаар сууктай оор абалды жай кылды.
«Элиң койдой момундукта жашашып
Берекелүү болот дегин Ай-жылды!»

Деп, жыландын айткандары төп келип,
Иш оңунан чыкканына сүйүнө,
Алтындарын толук алып колуна
Доско келди, кайрылбастан үйүнө.
Ич оорутпай, тең бөлүшүп алтынын
Ант беришти дайым туура жүрүүгө.
Колдон келсе, жакшылыкты аябай
Күн бүткөнчө бирге өмүр сүрүүгө.

Канча мезгил өткөндүгүн ким билсин,
Жерди чапчып, кишенеди карагер.
Учкан куштай тез келгени билинип
Чабарманды баскан экен кара тер.
«Дагы шумдук түштү көрдү падыша,
Жорусун деп күтүп жатат сени, шер.
Канжар, кылыч жааган экен асмандан,
Жаман чочуп тынчсызданат, жоруп бер!»

«Көзү ачык»: «Үч күн өтсө жоруйм!» – деп
Айтып көнгөн, даяр жообун колдонот.
Өзү шашпай, басып келет жыланга,
Таяп койгон достун күчү зор болот.
Ал беркини тосуп чыгып алдынан
Түштү жоруйт: «Бөлөк заман, доор болот.
Тегин эмес, бул түшүңүз туш келип
Согуш чыгып, абал өтө оор болот!»

Жоругандай согуш чыгып, жоо каптап,
Оор болуптур ал-абалы жалпынын.
Кан төгүлүп, найза, кылыч жаркылдап
Куурар күнү келген экен калкынын.
Өлбөс үчүн ар ким кылып аракет
Көз ирмемче албай калган жан тыным.
Ошондо да, сөзгө туруп падыша
Берген экен берем деген алтынын.

Бүт алтынды алып келип үйүнө,
Жылан достун унутулуп эмгеги.
Берген анттан алтын кымбат көрүнүп,
Мурдагыдай бөлүшкүсү келбеди.
«Өлтүрөмүн кылыч менен чаап салып» –
Деген ойлор ага тынчтык бербеди.
Барды дагы жаза шилтеп, чабалбай
Уятынан бети күйүп, тердеди…

Ошол замат келе калып эсине:
«Мен досумдан калдым окшойт айрылып.
Өлтүрөм деп, ага кылыч шилтедим
Жатса дагы мени мынча бай кылып.
Эмне кылам дагы керек болгондо?» –
Деп ойлонуп, турган кезде кайгырып,
Таарынбастан жылан келип жанына
Ага мындай деген экен кайрылып:

«Уялбагын, кайгырбагын адамзат,
Таарынбаймын, сөз айтпаймын каяша.
Сен бул ишти кылган жоксуң атайын,
Бардыгы тең заманага жараша.
Сөзгө турбай, алдаганда биринчи
Түлкү заман кылган эле тамаша.
Койдой момун заман келип, алтынды
Сен бөлүштүң бирге болуп жанаша.

Кандуу заман келген кезде өзгөрүп
Менден четтеп, абдан эле кирдедиң.
Оңоп жаткан күндө дагы ишиңди
Ичтен далай мени каргап тилдедиң.
Андан дагы өлтүрөм деп умтулуп
Жакшылыктын бирин көзгө илбедиң…
Заман кандай адам дагы ошондой,
А сен болсоң сезген жоксуң, билбедиң.
________

Жомок бүттү суранарым соңунда:
«Кел, адамдар, пейлибизди оңойлу!
Ичи тардык, арамдыктан алыстап
Бут тосуунун жолун бөгөп, торойлу.
Колубуздан келет биздин жакшылык,
Колдоп, сүрөп, аздектейли оң ойду.
Арабызга жолотпойлу жек көрүп
Эки жүздүү, куу, митайым, оройду.

Вардан АЙГЕКЦ

Мхитар Гоштун замандашы, экөө бир доордо жашаган. Анын «Бир тамчы бал» аттуу чыгармасын XIX кылымда жашап өткөн армян элинин белгилүү акыны Ованнес Туманян ыр менен иштеп чыгып, «Баллада» деп атаган. Орус тилине ал чыгарманы В.Ходасквич которгон. Ошол котормо аркылуу мен аны кыргыз тилине котордум.

Бир тамчы бал
(Баллада)
Бир соодагер ар дайым
Такылдатып таңдайын:

«Дүкөнүмө киргиле,
Бал сатамын, билгиле.

Каалаганча алгыла,
Таза, ширин бал мына!» –

Деп жар салып бал саткан,
Аты чыгып ал жактан.

Элге иши жугуптур,
Ал жөнүндө угуптур.

Бир жаш жигит. Ал деген
Жүрчү дайым мал менен

Коңшу айыл тарапта.
Ат идишин алат да,

Итин кошо жетелеп,
Таң азандан эртелеп,

Бал алганы келиптир
Кожоюнга бериптир.

Учурашып саламын:
«Балың барбы, аламын.

Бал жок болсо кетейин,
Кетпегенде нетейин?»

– Бар, – деп айтат соодагер,
Идишиңди бери бер.

Мына, балым табакта,
Тартып берем заматта!»

Эл дүкөнгө жык толду,
Сөздүн баары бал болду.

Тартып жатса балын ал
Жерге тамды тамчы бал.

Эл турганда кыжылдап,
Тамчы балга ызылдап,

Чымын консо болобу,
Мышык аны коёбу?

Жеп чымынды жаланды
Бал аралаш. – Жаманбы?

Ит мышыкка умтулду,
Мышык күнү тутулду.

Чурулдашты тургандар:
– Бул эмнеси, туугандар?!

Кайдан жүргөн бул бош ит,
Ээси жокпу? – Бар! Жигит

Балды таштап кеп салды,
«Менин итим» – деп калды.

Топ ичинен бөлүнүп,
Эл көзүнө көрүнүп.

Бал сатуучу жинденип:
«Мышыгымды бир келип

Өлтүрдүң сен!» – деп айтып,
Эки көзүн алайтып,

Байкуш итти аябай
Өлгөнүнө карабай

Уруп, сабай бериптир…
(Жини жаман келиптир).

«Арстан досум өлдү! – деп,
Сенден ажал көрдү! – деп.

Шашпа арам, се-ени деп,
Шылдың кылдың мени! – деп.

Ит мыктысын сойдуң! – деп,
Мен балыңа тойдум! – деп.

Ошол жерден таяк таап,
Соодагерди таяктап:

«Сен да жерге киргин! – деп,
Чапканымды билгин! – деп.

Анын жанын кууратты,
Итке катар кулатты.

Бул кылыкты көргөндөр,
Ага көңүл бөлгөндөр:

«Өлдү!» – дешти кыйкырып,
Тоо жаңыртты кыйкырык.

Эл талаадан, жумуштан,
Келди чуркап туш-туштан.

Курчап капа
Эне-ата,

Ага-ини
Калбай бири.

Тууган, жээндер
Жакын жерден

Бардык куда
Келди удаа.

Дагы келди бир тобу
Жаңыртышып ой-тоону.

Баары сөгүп өзүнчө
Толгон элдин көзүнчө:

«Меңдубана жедиңби?
Чаң салайын дедиңби?

Бал алам деп калп эле,
Жаман оюң бар беле?

Андай болсо: – Мына! – деп,
Көбү урса, көбү тээп.

Чогулгандар койгон жок,
Анда жигит не болмок?

Байкуш жаны куурады,
Талдай жерге кулады.

«Өлдү, өчтү алдык! – деп,
Эми тынчып калдык! – деп.

Баары тарап кетишет,
Ишин жасай беришет.

Коңшу айыл тарапка
Өз тургуну барат да,

Кабар айтып, жар салат,
Кыйкырыгы таш жарат:

«Үйдө барсың кимиңер?
Тургун калбай бириңер?

Айтам, кулак салгыла,
Колго курал алгыла!

Кантип чыдап жатабыз?
Душмандарды чабабыз!

Коңшу айыл тарапка
Жанын салып азапка,

Бал алганы биз жактан
Койчу кечээ бараткан…

…Кайран гана эр жигит,
Ит жолдошун ээрчитип,
Бирок алар жигитти,
Жанындагы бир итти

Жабылышып союптур,
Өлтүрүшүп коюптур.

Кана, кеттик турбайлы,
Кудай анык урбайбы.

Душманга биз барбасак,
Андан өчтү албасак!»

Алыш керек моюнга;
Тентек тойбойт оюнга.

Аары уюгун чукуп ал,
Чымын болбой куруп кал!

Иш чатагы чынында
Жаткан болчу чымында.

Эгер тамчы болбосо,
Чымын ага конбосо,

Болмок эмес чыр-чатак,
Кимдер аны баштамак?

Асман жарды кыйкырык,
Ар ким жатты кыйкырып.

Жүрөктүүсү, коркогу,
Ишкердүүсү, чоркогу

Басып соккон жүрөгүн,
Алып керки, күрөгүн.

Союл, балта, кетменин,
Жанчыш үчүн жеткенин,

Жөнөшүптүр чабышка,
Жигит өчүн алышка.

Кумурскадай жабылып,
Баары бирдей чамынып.

Бири атчан, бири жөө,
Ар ким шашып өзүнчө

Жүгүргөнүн байкайсың,
Ичтен башты чайкайсың.

«Соода кылып барганга,
Дароо колду салганга.

Бардыгыңар машсыңар,
Айлыбызга кассыңар.

Өлсөңөрчү, арамдар,
Карышкырлар, камандар!

Уятыңар жок экен,
Жүрөктүүңөр бар бекен?

Өлтүрөбүз, соёбуз,
Тирүү кантип коёбуз?

Кана, соккун, талкала,
Кескилегин, балтала!

Өчтү анык алалы,
Баарын кырып салалы!»

Дешип баары майданда
Окшошушту айбанга.

Бирин бири кырышып,
Кырган сайын кызышып,

Баары тегиз өлүштү,
Ажалдарын көрүштү.

Орусчадан которгон Кубанычбек БАСЫЛБЕКОВ
«Ала-Тоо», февраль, 2017

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *