XXIII кылымдын орто ченинде жазылган бул китептин өз аты «Monggol–Un ni ueha tobchiyan» экен. Китеп жазылаардан мурдагы жана Монгол империясын негиздеген Чынгыс хан династиясы менен андан кийинки такка отурган император Үгөдей хандын династиясын камтыган китеп, Чынгыс хандын түпкү аталарынын чежиресин кошкондо болжол менен 4–5 кылымды камтыйт. Ушул аралыктагы Азиянын чыгыш-түндүгүндөгү майда уруулардын жана уруулар бирикмелеринин саясый, экономикалык, башкаруу, коомдук салт-санаалары жөнүндө маалымат бергендиктен жакынкы кылымдардан бери дүйнөлүк Чыгышты изилдөөчү аалымдардын бүйүрүн кызыткан баалуу булакка айланган.

Орто кылымдан мурдагы караңгы чыгыштын булдураган туманын жарып урпактарына калтыра алган, кат тааныган акыл-эстин ээси ким болду экен? Буга жооп издеген аалымдар алиде кайсалаган туман ичинде. Чынгыс хан такка отуруп найман уруусун жеңгенде, наймандын ханы Таян хан өлтүрүлгөн соң анын тамгачысы Тата Туңа деген уйгур монгол уруусунун коомдук жогорку катмарына жана хандын бала-чакасына байыркы уйгур жазуусу менен монгол тилин окута баштаган дешет. Ал эми «Монголдордун купуя тарыхы» деген китеп да туңгуч ирет ошол жазуу менен жазылган экен. Ал жазууну бүгүнкү күнгө чейин моңголдор колдонушаарын билебиз. Бирок Чынгыс хан өз уруусун бирликке келтиргенден кийин эле коңшу урууларды талап-тоноо, кырып-жоюу менен жорукка аттанып, ал урууларды өзүнө кошуп алып бийлигин чыңдоого киришкени да белгилүү эмеспи. Китеп болсо, бул жойкун жоруктардан кеминде жарым кылым өткөндөн кийин жазылып отурат. Чыгыш-Батыштын аалымдары китептеги фактыларга кызыгуу менен бирге эле китептин авторуна да андан кем эмес кызыгууда болушкан. Буган төмөнкү болжоолорду келтире кетели:

1. Шиги Кутуг. Маалыматтарда ал насили татарлардан экен да бала чагында колго түшүп, жоокерлер аны Чынгыстын энеси Өлун Ужинге белек катары берет. Бала чоңоюп Чынгыс хандын ишенимине кирип, аягында мамлекетти башкаруу иштерине аралашат. Монгол империясынын ички-тышкы саясатына канык болот. Ошон үчүн да китепти ошол жазган болушу мүмкүн деген болжоо айтылат. Бирок Монгол Эл Республикасынын изилдөөчүсү Байыр бир канча аргументтерин келтире отуруп, китепти Шиги Кутуг жазган эмес деп жарыялаган.
2. Сеңгиту. Бул адам Таңгыт уруусунан экен да империянын ишенимине кирип, мамлекеттик кызматтарда иштеген. Тарыхчы да болгон.
3. Гесмели. Кара кытан уруусунан. 1225-жылы өлгөн. Бу дагы империянын ички иштерине терең аралашкандардан.
4. Нымга Жуңшен. Журжиттерден. Чынгыс хандын тарыхчысы болгон.
5. Сакис. Уйгур. Чынгыс хандын кичүү иниси Отчигиндин тарыхчысы болгон.
6. Сечегүр. Горулас уруусунан. Миң башы жана тарыхчы болгон.
7. Керейге. Монголдордун керей уруусунан. Чынгыс хандын сырдаш досу, нары тарыхчысы болгон. Мына ушул адамдар империянын бардык ички-тышкы саясатын жакшы билген, өздөрү аралашкан адамдардан болгон. Бирок китепти кайсынысы жазганы жөнүндө так маалымат жок. Эгерде китептин авторун аныктоо биринчи планга өтсө, демек, дагы узак мезгил аалымдардын изденүүлөрү керек деген сөз. Ал эми китептин мазмунуна келсек, Чынгыс хандын түпкү ата-бабаларынан баштап, 22 муун жөнүндөгү чежиреден тартып, Чынгыс хандын уулу Үгөдей хандын дооруна чейинки Монгол империясынын ички-тышкы саясаты, талап-тоноону максат кылган аскери жоруктары баяндалат. Бул баяндарды окурмандар китеп менен жүз көрүшкөндө кеңири тааныша алат. Дагы эскерте кете турган бир нерсе, китепти изилдеген, өз тилине которгон аалымдар жөнүндө да айта кеткенибиз оң.

1. Кытай окумуштууларынан Йи Дэхуй китептин түп нускасын 1908-жылы оймо кат аркылуу басмадан чыгарган. Мындан башка Ли Винтиен, Гао Баочүен, Шин Зыңжи, Ваң Шуруң деген окумуштулар китепке комментарий жазуу жана анын кытай тилинде жарык көрүүсүнө күч чыгарышкан.
2. Франциялык аалым Пеллиот – Prof. P. Pelliot китептин алдыңкы алты бабын француз тилине которуу менен кытайча, монголчо нускасын латын тамгалары менен транскрипциялаган. Мындан башка миссионер Мостерт – Mostaert китепке болгон изилдөөсүн Европадагы алымдуу журналдарда жарыялай алган.
3. Германияда болсо И.Х. Хэнш – Prof. E. Haenich китепти немец тилине которуу менен бирге ал жөнүндөгү илимий макалаларын жарыялаган. Мындан башка да Ф.Лессинг – Prof.Lessing кытайча- монголчо-англисче сөздүк түзүп, китепке болгон түшүнүккө жол ачкан.
4. Англияда: В.Ф.Клевес – Prof. F. W. Cleaves китепти англис тилине которуп жарыялаган.
5. Россияда: А.Палладиос – A Palladius (Кафаров) китепти кытай тилинен орус тилине которгон.
6. Жапонияда: Наками, Ширатури Куракичи, Кобаяши Такаширолор китепти жапон тилине которуп, изилдөө материалдарын жарыялап турган, ошондой эле монгол тилиндеги айрым терминдерге комментарий жазышкан.
7. Монголияда: Дамдин Сорун китепти азыркы монгол тилине которуп жарыялаган.
8. Венгерлик аалым Мечел де Фердинанди – Mechel de Ferdinandy Чынгыс хан жөнүндө жазып, 1958-жылы жарыялаган. Булардан башка Чынгыс хан жөнүндөгү көркөм чыгарма жазган В.Г.Ян, Калашников, жапондук жазуучу Инова Ясашилер өз романдарында бул китептин өзөгүнөн толук пайдаланышкан. 1992-жылы Миркамал, Жалелкандар казак тилине которуп, Бээжиндеги «Улуттар» басмасынан казак тилинде жарыялаган. Эркин Шериптин уйгур тилиндеги котормосу да 1998-жылы Бээжиндеги «Улуттар» басмасынан жарык көргөн. Мен китепти кыргыз тилине которууда уйгурча котормосун негиз кылдым.

Аман САСПАЕВ

БИРИНЧИ БАП

1. Алкыйса, Чынгыс хандын түпкү ата-бабалары Теңирдин шапааты менен жаралган Бөртө Чоно жана анын аялы Гува Марал экен. Алар деңиз, океандарды кечип өтүп, Онон дарыясынын жогорку агымындагы Бурхан Халдун тоосуна келип мекендешет. Алар ошол жерде Батачыган деген бала көрүшөт.
2. Батачыгандан Тамчы, Тамчыдан Корычар мерген, Корычар мергенден Агулжим Борогул, Агулжим Борогулдан Сали Качагу, Сали Качагудан Йэкенидун, Йэкенидундан Сем Сочи, Сем Сочиден Карчу деген балдар төрөлөт.
3. Карчунун Боржигидай Мерген деген уулу, Боржигидай Мергендин Монголжин Гува деген аялы бар экен. Боржигидай мергендин Торколжин Баян деген уулу, Торколжин баяндын Борогчин Гува деген аялы бар экен. Торколжин Баяндын Боролдай Суялбы деген малчысы менен сур жана көк эки аты болгон. Торколжин Баяндын Дува Сокур жана Добун Мерген деген эки уулу болуптур.
4. Дува Сокурдун маңдайында жалгыз көзү бар экен да, үч көч аралыктагы нерселерди көрө алат экен.
5. Бир күнү Дува Сокур иниси Добун Мергенди ээрчитип, Бурхан Халдун тоосуна чыгат. Ал алыска көз жиберип, Төңгелик дарыясын бойлоп бир топ көчтүн келатканын көрөт.
6. – Тээтиги көчтөрдүн арасындагы чүмбөттүү кара арабада сулуу бир кыз отурат. Башы бош болсо, сен үчүн жуучулукка барайын, – деп иниси Добун мергенди көч жакка жөнөтөт.
7. Добун Мерген көчтүн алдына барып кыздын айдай сулуу экенин көрдү. Кыздын аты Алан Гува экен да, башы бош, өзү абройлуу кишинин кызы экен.
8. Булар Корылартай мергендин уруусунан экен, мурда Гол Баркужин Төкөмдүн кожоюну Баркудай Мерген Баркужин Гува деген кызын Кори Түмэт уруусунун аксакалы Корылартай Мергенге берген экен. Ал кыз Корылартай мергендин аялы Баркужин Гуванын Кори Түмэттер жашаган Арыг Усун деген жерде туулган кызы Алан Гува экен.
9. Корылартай Мерген уруусу Кори Түмэт уруусу жашаган жерлердеги булгун, тыйын чычкан өңдүү жапайы айбандарды кызганышып, аңга чыгарбагандан кийин араларына суукчулук түшүп, алар өз алдынча Корылар уруусу болуп бөлүнүп чыгат. Бурхан Халдун тоосунун байлыгы көп, жайыты кеңири, жапайы айбандары да көп экенин угуп, ошол тоонун ээси уриянкай уруусунан болгон Семчи Баян деген кишини пааналап көчүп келишет. Добун Мерген ошол жолу Кори Түмэт уруусунун аксакалы Корылартай мергендин Арыг Усунда туулган кызы Алан Гувага үйлөнөт. Бул, Добун Мергендин Алан Гува менен той өткөргөнүнүн жараяны.
10. Алан Гува Добун Мергенге тийгенден кийин Бүкүнүтей, Белгүнүтей деген эки уул төрөп берет.
11. Добун мергендин агасы Дува Сокурдун төрт уулу бар эле. Көп өтпөй Дуба Сокур каза болот да, анын төрт уулу Добун Мергенди тууган эсептебей, көздөрүнө илбей өздөрүнчө Дөрбөн уруусу болуп алышат. Дөрбөндөр мына ушулардын авлады болуп калышат.
12. Күндөрдүн биринде, Добун мерген Токучаг Өндүр деген тоого ууга чыгып, токойдон олжого алган бир кунан бугунун кабыргасы менен жүрөк-боорун кактап бышырып отурган Орияңка уруусунун бир адамына кезигет.
13. – Эй нөкөр, шыралга бербейсиңби,– деп сурайт Добун Мерген. Тиги болсо:
– Макул, берейин,– деп өпкө, жүрөк,терисин алып калып калган эттин баарын Добун Мергенге берип салат.
14. Добун Мерген тиги берген кунан бугунун этин артынып келатса, алдынан бир баласын жетелеген мусапыр кезиге кетет.
15. – Эмне кылып жүргөн кишисиң? – деп сурады андан Добун Мерген.
– Мен Магалыг Баягудай уруусунанмын,– деп жооп берет тиги мусапыр, – жокчулуктун айынан мусапыр болуп жүрөм. Мабу баламды сага берейин…
16. Добун Мерген ага боору ооруп, жаңкы кунан бугунун бир санын берет да, баласын үй жумуштарын иштетүүгө алып кетет.
17. Көп өтпөй Добун Мерген каза болот. Ал өлгөндөн кийин катыны Алан Гува Бугу Катаги, Букату Салчи, Бодунчар Моңкаг деген үч уул төрөйт.
18. Добун Мерген тирүү чагында төрөлгөн Белгүнүтей менен Бүкүнүтей Алан Гуванын кулагынан тыш бир-бирине:
– Энебиздин теңтуш урук-тууганы же күйөөсү жок эле бул үч баланы төрөп салды. Үйүбүздө Магалыг Баягудай уруусунан болгон бир киши жүрөт. Бул үч баланы ошондон төрөгөн болуп жүрбөсүн?– деген шектенүүсүн айтышат. Муну энеси сезип калат.
19. Көктөм мезгилинин бир күнү Алан Гува койдун сүрсүгөн этин жакшылап бышырып, өзүнөн тууган беш уул – Бүкүнүтей, Белгүнүтей, Бугу Катаги, Букату Салжы, Бодунчар Моңкагды катарынан олтургузуп, ар бирине бирден жаанын огун карматып:
– Сындырып көргүлө,– деди. Балдары күч жумшабай эле бычыратып сындырып таштады. Алан Гува дагы беш окту алып, аларды чогуу байлап туруп балдарына:
– Эми сындырып көргүлө,– деди. Балдары ары толгоп, бери толгоп эч кимиси сындыра албай койду.
20. – Балам Бүгүнүтей, Белгүнүтей экөөңөр мынабу үч баланы кимден тапты деп шектендиңер, шектенүүңөр орундуу,– деди Алан Гува.


21. – Ар күнү кечинде аксаргыл бир киши түндүктөн жана босогонун маңдай жыгачынын жылчыгынан шоола өңдүү сызылып кирип курсагымды сылайт. Анын нуру курсагыма сиңип кетет. Кетээринде болсо, таң сүзүлөйүн дегенде сары иттей жөргөлөп чыгып кетет. Мунун шектенгидей эмнеси бар экен? Демек, бул балдар Теңирдин шапагаты менен жаралган болсо керек. Аларды кара букарага окшотпогула, Бир күнү Хакан болгондо, Эл түшүнөөр!
22. – Балдарым, – деди Алан Гува балдарына насаат айтып,– бешөөңөр тең бир курсактан туулган биртуугандарсыңар. Баарыңар жаңкы беш окко окшойсуңар. Эгер бир бириңерден ажырап калсаңар, башкалар силерди жаңкы жалгыз октордой эле оңой сындырып таштайт. Эгер, бир байланган беш октой бир ниетте уюшуп турсаңар эч ким силердин чекеңерге черте албайт! Көп өтпөй Алан Гува да каза болот.
23. Алан Гува каза болгондон кийин беш биртууган мал чарба, азык-түлүктөрдү өзара бөлүшө баштады. Бүкүнүтей, Белгүнүтей, Бугу Катагы, Букату Салжы төртөө биригип, эң кенжеси Бодунчар Моңкагды акылы жок, алсыз деп карап биртууган катары көрбөй, ага эч нерсе бөлүп беришкен жок.
24. «Агаларым биртууган деп тааныбагандан кийин бул жерде тура берип эмне кылам? Өлсөм өлөрмүн, өлбөсөм тиричилик кылаармын!» – деп ойлонгон Бодунчар Моңкаг жоор боз чолокко минип, Онон дарыясын бойлой жүрүп отуруп, Балчүн Арал деген жерге келет. Ошол жерде кепе жасап жашап калат.
25. Ошондой турмуш кечирип жүргөн кезинде, бир күнү Бодунчар Моңкаг кыргоол алып жеп отурган карчыганы көрүп калды. Ал дароо боз чолоктун куйругунан тузак эшип, карчыганы кармап алды да аны кепесинде бага баштады.
26. Бодунчар Моңкаг азыгы түгөнгөндө карышкырдан качып, үңкүргө кирип алган бугуларды атып азыктанды. Кээде карышкырдан ашып калган эттерди жеп тиричилик кылганынын тышында, карчыгасын да эт менен бакты. Мына ушундайча ал бир кышты өткөрдү.
27. Кыш кетип, көктөм учурунда келгин каз-өрдөктөргө карчыгасын ач кармап туруп аларга салды. Куш этинин көптүгүнөн жеп түгөтө албагандарын бакка илип койду, алар сасып да кетти.
28. Дүйрен тоосунун тескей жагындагы Төңгелик дарыясын бойлоп бир топ эл көчүп келди. Бодунчар Моңкаг алардын жанына барып карчыгасын кондуруп коюп, кымызын ичип, эттерин жеди. Кечинде болсо кепесине келип, түнөп жүрдү.
29. Көчүп келгендер Бодунчар Моңкагдан карчыгасын сурады эле аларга берген жок. Алар Бодунчар Моңкагдан ким болосуң, кайсы уруудансың, эмне кылып жүрөсүң? – деп сурап да койгон эмес. Бодунчар Моңкаг да алардын кайдан көчүп келгенин сурабай эле келип-кетип жүргөн.
30. «Иним Бодунчар Моңкаг Онон дарыясын бойлоп кетти эле» – деп эсине алган агасы Бугу Катаги инисин издеп баратып, Төңгелик дарыясын бойлоп көчүп келген жаңкы элге учураганда алардан иниси жөнүндө сурап калды.
31. – Өзү да, минген аты да сен айткан кишиге окшогон бир адам бар. Анын карчыгасы да бар, – дешти алар, – ал күнүгө бизге келип кымыз ичип кетет. Кечинде кайда түнөп жүргөнүн билбейт экенбиз. Күн батыштан жел соккондо анын карчыгасы алган каз-өрдөктөрдүн жүндөрү кардай удургуйт, ошого караганда ал киши ушул эле тегеректе болсо керек, анын келээр маалы да болуп калды, бир аз күтө тур…
32. Бугу Катаги көп өтпөй эле Төңгелик дарыясын бойлоп, бирөөнүн келатканын көрүп калды. Ал көрүп эле анын Бодунчар Моңкаг экенин тааныды. Ошентип алар жүз көрүшүп, Төңгелик дарыясын өрдөп жол алышты.
33. Бодунчар Моңкаг агасынын артынан келатып:
– Аба, аба, денени баштан айырбасын, тонду жакасынын айырбасын! – деди.
Бирок абасы Бугу Катаги анын сөзүн түшүнө бербесе керек, унчукпай кете берди.
34. Ал жаңкы сөзүн дагы кайталады. Бирок абасы дагы эле унчукпай кете берди. Ал дагы бир жолу кайталаганда абасы:
– Эмне мынча ошол сөздү айта бердиң, бирдеме айтмакчысыңбы? – деди.
35. – Төңгелик дарыя жээгине көчүп келген жаңкы эл чоң-кичине, жакшы-жаманды билбеген, макоо эл экен. Биз аларды тоноп алсак кантет? – деди Бодунчар Моңкаг.
36. – Эгер сен айткандай болсо, үйгө кайра барганда ага-инилер менен акылдашып анан көрөлү, – деди агасы Бугу Катаги.
37. Булар кайтып келген соң ага-инилер акылдашып, жорукка аттанышты. Бодунчар Моңкагды кайгуулга жиберишти.
38. Кайгуулдагы Бодунчар тиги айылды тоноп киргенде боюнда бар бир аялды кармап алды да андан:
– Эмне адамсың? – деп сурады.
– Мен Жарчыгут уруусундагы Адаңкандардан болом. Атым Урияңкажин, – деди аял.
39. Ага-ини бешөө тигилерди багындырып жылкы, азык-түлүк, эл жана малайларга ээ болушту.
40. Боюнда бар аял Бодунчар Моңкагдын карамагына өткөндөн кийин бир уул төрөдү. Ал бала жат уруудан болгону үчүн ага Жажырадай деген ат коюшту. Ал кийинки Жадаран уруусунун ата- бабалары эле. Жажырадайдын уулу Түгүгүдей, Түгүгүдейдин уулу Буриболчуру, Буриболчурунун уулу Кара Кадаган, Кара Кадагандын уулу Жамука экен да, алар Жадаран уруусу аталып калды.
41. Аял Бодунчар Моңкагдын колунда туруп дагы бир уул төрөдү. Ал бала талоондо колго түшкөн аялдан төрөлгөнү үчүн балага Багарытай деген ат коюлду. Ал болсо багарын уруусунун ата-бабалары болуп калды. Багарытайдын уулу Чидыгул Бөке эле да катын-балдары көп болгону үчүн алар менен багарин уруусу болду.
42. Белгүнүтей белгүнүт уруусу, Бүгүнүтей бүгүнүт уруусу, Бугу Катаги катагин уруусу, Букату Салжы салжигут уруусу, Бодунчар Моңкаг боржигин уруусу деп аталып калды.
43. Бодунчар Моңкагдын байбичесинен Барым Шигирату Кабичи деген бала төрөлөт. Бодунчар Моңкаг дагы Кабичи Батурдун энчи (күң) кызын токолдукка алып, андан Жегүредей деген уул төрөлөт. Бодунчар Моңкаг тирүү кезинде Жегүредейди Жүгелиге алып барган. (Жүгели – назир өткөрүлүүчү жай).
44. Бодунчар Моңкаг өлгөндөн кийин, Жегүредейдин үйүнө Адаңка Урияңкай уруусунан бирөө келип-кетип жүргөндүктөн Кабичи Жегүредей ошол кишиден төрөлгөн болушу мүмкүн деп ойлоп, аны арага кошпой Жүгелиден кууп салгандыктан Жегүредей жегүрейт уруусуна айланат. Ошентип, ал Жегүрейт уруусунун ата- бабаларынан болуп калды.
45. Кабичи Батурдун Менен Түдүн деген уулу, Менен Түдүндүн Качи Күлүг, Качин, Качигу, Качула, Качигун, Карандай, Начин Батур деген жети уулу болгон.
46. Качи Күлүгдүн Кайду деген уулун Номулун деген аялы төрөгөн. Качиндин уулу Ноягитай экен да, ал нойон сыпаттуу болгону үчүн ноягин уруусу болгон. Качигунун уулу Барулатай денелүү келген менен өтө эле ач көз болгондуктан ал барулас уруусу болгон. Качигунун уулдары да ач көз болгону үчүн аларды чоң Барула, кичи Барула деген ылакап менен аташты. Ошентип, Эрдемтү Барула жана Төдөген Барулалар барулас урусунан болуп калышты. Карандайдын уулдары кезиккендерди талап-тоноп, жеп, дөдөйүрөөк болгондуктан алар будагат уруусу болду. Качигунун уулу Адаргидай бир туугандар арасына ушак-айың таратып жүргөндүктөн адаргин уруусу болуп калды. Начин Батурдун уулдары Уругутай жана Маңгутайлар уругут, маңгут уруусу болду. Начин Батурдун байбичесинен Шижугутай жана Догулатай деген балдар төрөлгөн.
47. Кайдуунун Бай Шуңкур Догшин, Чаргай Лиңко, Чаужин Өртегей деген үч уулу бар эле. Байшуңкурдун уулу Түнбинай Сечен, Чаргай Лиңконун уулу Сеңгүм билге, Сеңгүм Билгенин уулу Амбагайлар тайчыгут уруусу болду. Чаргай Лиңко жеңесин аялдыкка алып, андан туулган балага Бэсүтей деп ат койгондуктан алар бесүт уругуна айланды. Чаужин Өртегейдин балдары Өрүнар, Коңкотан, Арулат, Сүнит, Капторкас, генигес уругу болду.
48. Түнбинай Сечендин Кабул хан, Сем Сечүле деген эки уулу бар эле. Сем Сечүленин Бүлтечү Батур деген уулу болгон. Кабул хандын жети уулу болуп, эң улуусунун аты Өкин Баркаг, калгандары Бартам Батур, Кутугту Мөңгүр, Кутула Каган, Кулан, Кадаган жана Төдөген Өтчигин дегендер эле.
49. Өкин Баркагдын Кутугту Жүрки деген уулу бар эле. Кутугту Жүркинин Сечебег жана Тайчү деген эки уулу бар эле. Алар Жүрки уруусу болду.
50. Бартам Батурдун Меңгетү Кыян, Негүн Тайши, Йесүгей Батур, Даритай Отчигин деген төрт уулу бар эле. Кутугту Мөңгүрдүн уулу Бөри Бөке болчу. Онон дарыясы боюндагы токойдо өткөрүлгөн тойдо Белгүтейдин ийинин шылый чапкан ушул Бөри Бөке эле.
51. Кутула Кагандын Жочи, Гирмагу, Алтун деген үч уулу бар эле. Кулан Батурдун Йеке Черен деген уулу бар эле да Убадай, Кишилик деген Эки Тархандын нойону эле. Кадаган, Төдөген дегендер тукумсуз өттү.
52. Кабул хан бүткүл Монголду башкарды. Ал каза болгондон кийин жети уулу болсо да анын керез сөзү боюнча Сенгүм Билгенин уулу Амбагай хан бүткүл Монголду башкарды.
53. Бүйир көлү менен Көлөн көлү аралыгындагы Уршигун дарыясынын боюнда татарлардын айрыгут, буйругут уруулары жашаар эле. Амбагай хан аларга кызын берүү үчүн баратканда татарлардын Жуйин адамдары (Жүржит чегарачылары) Амбагай ханды кармап алып, кытандардын Алтун ханына алпарып бермекчи болгондо, Амбагай хан:
– Кабул хандын жети уулунун ортончусу Кутула менен он уулумдун ортончусу Кадаган Тайшыга барып айткыла, – деди Бесүт уруусунан болгон бала Качига,– эл сурап, улус башкарып келаткан хан болсом да узатаар кызымды өз колум менен берейин деп келатып татарлардын колуна түшүп калдым. Эсиңерде болсун:
Беш манжаңардын тырмактары ажырап,
Он бармагыңар тытылып кетсе да,
Өчүмдү алгыла! – дейт.
54. Ошол учурда Онон дарыясынын бойлорунда карчыга салып ууга чыккан Йесүгей Батур улкунугут уруусунан кыз алып келаткан меркит уруусунун адамы Йеке Чиледуну кезиктирип калат. Ал өтө сулуу, ай жамал хатунга көзү түшкөн Йесүгей Батур дароо аркасына кайтып, агасы Негүн Тайши менен иниси Дагарытай Отчигинди ээрчитип келди.
55. Булардын келатканын көрүп корккон Йеке Чиледу кула күлүгүн камчылап тоо таянды. Йесүгей Батур бир туугандары менен үчөө артынан кууду. Йеке Чиледу тоонун тумшугун айланып, чүмбөттүү арабанын жанына кайра келгенде Өлүн Ужин:
– Тиги үчөөнүн түрүн көрдүңүзбү? Сизге зыян кылышы мүмкүн! Бул ар бир арабанын алдында, ар бир чүмбөттүү арабынан ичинде не бир асыл кыз-катындар отурат. Эгер жаныңыз аман болсо, алардан каалаганыңызды ала аласыз. Алган кызыңыздын атын Өлүн Ужин коюңуз. Тез качыңыз! Жытым сизди жылоолосун,– деди да жамынчысын чечип ага узатты. Ал ат үстүндө жамынчыны алып жатканда Йесүгейлер тоо тумшугунан өтүп кууп келаткан. Аларды көргөн Йеке Чиледу кула күлүгүн камчылап, Онон дарыясын өрдөп кача жөнөлдү.
56. Йесүгей үчөө жети чоку ашып артынан кууп жете албай кайра келишти. Йесүгей Батур Өлүн Ужиндин чүмбөттүү арабасынын чылбырынан жетелеп, агасы Негүн Тайши алдында жол баштап, иниси Дагаритай Өтчигин чүмбөттүү арабанын артынан кетип баратканда Өлүн Ужин:
Чиледу аба,
Шамалда чачың чубалжып,
Чөл-талааларда ач жүрүп,
Азыр кандай күндөрдү көрүп жаткандырсың?!
Эки өрүм чачымдын,
Бири турат алдымда,
Бири турат далымда,
Бири басар алдыга,
Бири тартар артыма.
Белгисиз бир, кайда кетип баратам?! – деп зарлап ыйлады. Анын ыйынан Онон дарыясы чайкалды. Тоо- токойлор термелди. Ошондо Дагаритай Өтчигин:
Бооруңа баскан ашыгың,
Дабандардан ашты
Зар ыйлаган ашыгың,
Дарыя кечип кетти.
Канча ыйлап какшасаң да,
Көрө албас сенин жүзүңдү.
Канча издеп көрсөң да,
Табалбайсың анын жолдорун.
Токтот, бас үнүңдү! – деп сооротумуш болду. Ошентип Йесугей Батур Өлүн Ужинди үйүнө алып келип, аялдыкка алды. Мына бул, Йесүгей Батурдун Өлүн Ужинге үйлөнүү жараяны.
57. Амбагай хан колго түшүп, Кадаган менен Кутула экөөнү тилге алгандыгынын кабары элге тарагандан кийин, бардык монголдор – тайчигут уруусу Онон дарыясынын боюндагы Коркунаг Чубурда курултай өткөрүп, Кутуланы хандыкка шайлашты. Кутула хандыкка шайлангандан кийин кубанычка бөлөнгөн тайчигуттар Коркунаг Чубурдагы бир түп бай теректин түбүнө дасторкон жайып, бийлешип, моокумдары канганча ойношуп, терек түбүндө тизеге чейин аңгектер, томукка чейин топурагын тоздотушту.
58. Кутула хан болгондон кийин Кадаган Тайши менен биригип, татарлардан өч алуу үчүн аттанышып, татарлардын Көдүн Барака, Жали Бука дегендери менен он үч жолу алышкан болсо да, Амбагай хандын өчүн ала алышкан жок.
59. Татарлар менен алышканда Йесүгей Батурлар татарлардан Темүрчин Үге, Кори Бука жана башкаларын колго түшүрүп келгенде, боюнда бар Өлүн Ужин Онон дарыясынын Делигүн Булдаг деген жеринде Чынгыс ханды төрөдү. Ал туулганда оң алаканына чүкөдөй уюган канды уучтай түшүптүр. Татарлардын Темүрчин Үгени кармап келгенде төрөлгөнү үчүн балага Темүрчин (темирчи) деген ат коюшкан.
60. Йесугей Батурдун аялы Өлүн Ужин Темүрчин, Касар, Качгун, Темуге деген төрт уул, Темүлүн деген бир кыз төрөдү. Темүрчин тогуз жашка киргенде Жочи Касар жети жашта, Качгун Элчи беш жашта, Темүге Отчигин үч жашка кирген кунан жолборс, Темүлүн бешикте болучу.
61. Темүрчин тогуз жашында, атасы Йесугей Батур Темүрчинди таякесинин кызына сөйкө салып коюу үчүн Өлүн Ужиндин энеси улкунугуттар турган жайга жөнөштү. Чекчер, Чикургү деген эки тоонун аралыгына келгенде коңгурат уруусунан чыккан Дэй Сечен деген адамга учурап калды.
62. – Йесугей куда, сапарыңыздын багыты кайсы жакта? – деп сурады Дэй Сечен.
– Мобу уулума таякеси улкунугут уруусу жагынан ылайыктуу колукту издеп чыккан элем,– деди Йесүгей Батур.
– Балаңыздын көзүнөн от жаркылдап, чырайынан нур таамп турган бала экен! – деди Дэй Сечен.
63. – Йесүгей куда, түндө бир түш көрдүм эле,– деди Дэй Сечен,– түшүмдө ак шумкар күн менен айды жулуп алып, туптуура эле ийиниме келип конбоспу! Бул түшүмдү элден: «Күн менен айды күндө көрүп жүрөбүз, бирок ак шумкар күн менен айды жулуп алып ийиниме келип конду. Бул жакшылыктын жышааны болуп жүрбөсүн?» – деп сураптырмын. Э-э, Кудай, бул түшүм уулуңузду алып келгендигиңиздин жышааны турбайбы, түшүм түш болсун! Бул түштү көрөөрүмө силердин кыят уруусунун руху медет берген болсо керек…
64. Биз, оңгураттар (коңураттар) алмустактан бери,
Жээндерибиздин
Турку-бою салабаттуу,
Кыздарыбыздын,
Жамалы назик,
Башкалар менен жер талашпайбыз,
Бирок күлгүн назик кыздарыбызды
Хаканыңардын
Бийик дөңгөлөктүү арабасына отургузуп,
Арабаларга кара буурадан чегип,
Хатундардын ортосуна алпарып коёбуз!
Жаттарды булап талабайбыз,
Бирок күлгүндөй кыздарыбызды
Хаканыңардын
Кара чүмбөттүү арабаларына отургузуп
Арабаларга лөк бууралардан чегип узатып
Кыздарыбызды төргө отургузуп, узатып коёбуз.
Биз, оңгураттар төрөлгөндөн тартып эле,
Аялдарыбыз калкаа жамынчы тартынган,
Кыздарыбыз күңдөрдү ишке салган,
Жээндерибиздин,
Тулку-бою салабаттуу,
Кыздарыбыздын,
Айдай жамалы назик!
65. – Уулдарыбыздын акыл-эсине, кыздарыбыздын айдай жамалына карайбыз. Йесүгей куда, жүргүлө, үйгө баралы. Менин бир кичине кызым бар, жагып калса, ажеп эмес! – деди Дэй Сечен, анан аларды үйүнө алып келип кондурду.
66. Көзүнөн шоола чачып, чырай-жамалынан нур төгүлүп турган кызды көрүп Йесүгей батур бирден эле жактырып калды. Кыз Темүрчинден бир жашка чоң эле, аты Бөртө болучу. Йесүгей Батур ошол күнү кечинде Дей Сечендин үйүнө конок болуп, эртеси эртең менен кудалашмак болду.
– Көбүрөөк жалынып жалбар, жалынтып жатып берген кыздын аброю болот, жалынтпай берген кыздын урматы көп болбойт, – деди Дей Сечен, – кыз бала чийден тышкаркы адам, болуптур, кудалашсак кудалашалы, бирок уулуңузду күч күйөө катары мында калтырыңыз…
– Болуптур, уулумду күч күйөө катары калтырсам калтырайын, бирок ал иттен коркчу эле, бул жагына көбүрөк көңүл бурарсыз,– деди Йесүгей Батур, анан коштоодогу атын Дей Сеченге сөйкө салган ырымы катары калтырып, жолго түштү.
67. Йесүгей Батур Шира Кегер деген жерге келгенде той өткөрүп жаткан татарлардын үстүнөн чыкты. Ал абыдан суусагандыктан атынан түшүп, тойго келип отурду. Аны тааныган татарлар:
– Йесүгей Кыян келиптир! – дешти. Эски кегин сактап келген татарлар өч алуу үчүн ага сунулган даамга уу сээп коюшту. Йесүгей Батур жолго чыккандан кийин эле өзүн начар сезе баштады. Үч күн жол жүрүп, үйүнө келип түшөөрү менен ооруп жатып калды…
68. – Кыйналып баратам, жанымда кимиңер барсыңар? – деп кыйкырды Йесүгей.
– Мен бармын, – деди коңкотан уруусунан болгон Чага чалдын уулу Меңлик. Йесүгей Батур аны жанына чакырып:
– Балам Меңлик, балдарым али кичине, уулум Темүрчинди күч күйөөлүккө калтырып кайра келе жатканымда татарлардын кастыгына учурадым. Абалым начар. Наристе инилериң менен жесир калган жеңеңе көз сала жүр! Балам Меңлик! Тезирээк барып Темүрчинди алып кел, – деди да аркы дүйнөгө сапар чекти.
Кытайчадан которгон Аман САСПАЕВ
I. Айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү
Алкыйса. Алкыса – ошентип, аңгемени баштасак деген мааниде (К.Карасаев).
Бөртө Чоно – Бөртө – көк, Чоно – кырышкыр, демек, Көк бөрү, Көк жал.
Гува Марал – Чаар, темгилдүү марал.
Онон дарыясы – Россия менен МНР чегарасындагы дарыя.
Бурхан Халдун – Россия менен МНР чегарасындагы Хэнти тоо тизмеги.
Батачыган – Бадачы хан деген мааниде.
Агужим Борогол – киши аты.
Агужим – кең, кенен-кесири деген мааниде.
Сали Качагу – Киши аты.
Качагу – мүнөзү чукул, кутургандай деген мааниде.
Беке Нидүн – киши аты.
Беке – чоң.
Нидүн – көз деген мааниде.
Сем Сочи – киши аты. Кем сөздүү, тымызын деген мааниде.
Боржигидай Мерген – киши аты. Боржигиндердин мергени. Чынгыс хан таандык болгон уруунун аты.
Моңголжин Гува – Монголдордун сулуусу деген мааниде.
Баян – бай же байлык деген мааниде.
Борогчин Гува – ургаачы, сулуу карчыга деген мааниде.
Дува Сокур – Дува – дөө – чекесинде жалгыз көзү бар алп. Сокур – сокур.
Төңгелик дарыясы – Төңгелик – дөңгөлөк, тегеренип аккан дарыя маанисинде.
Алан Гува – Алан – кызыл, Гува – сулуу.
Гол Баркужин – Байкал көлүнүн чыгышындагы Байкалга куюучу дарыя.
Төкөм – түзөң же эки суунун аралыгындагы арал.
Баркужин Гува – баркулардын сулуусу. Кори Түмөт – бир уруунун аты.
Арыг Усун – таза дарыя маанисинде.
Урияңка, урияңкай – уруу аты. Семчи Баян – Семчи – сынчы.
Дөрбен – уруу аты. Дөрбен – төрт деген мааниде.
Ширалга – шыралга.
Бугу Катагы – киши аты. Бугу – бугу.
Букату Салжы – киши аты. Букату – бука.
Бодончар Моңкаг – киши аты.
Маңоо – Бодунчар деген мааниде.
Балчун Арал – дарыя аты.
Бугу Катаги – киши аты. Алан Гуванын күйөөсү өлгөндөн кийин төрөгөн үч уулунун эң улуусу.
Алгынчы – кайгуулчу.
Жарчыгут – уруу аты.
Жадаран – уруу аты.
Сөз уңгусу Жад – жат, жат уруу деген мааниде.
Бөке – киши аты. Балбан деген мааниде.
Боржигин – Бөрү текин деп да аталат. Бул Чынгыс хан таандык болгон «Алтын уруу» деп аталган уруунун аты. Бул урууну түзгөндөр көбүнчө Чынгысхандын инилеринин урпактары болгон. Ошондой эле бул уруу монголдорго сегиз кылым бийлик жүргүзгөн.
Бейбише – байбиче.
Качи Күлүг – киши аты.
Күлүг – кайраттуу деген мааниде.
Начин – ылаачын.
Эрдемту Барула – киши аты.
Эрдемту – жөндөмдүү деген мааниде.
Төдөген Барула – киши аты. Төдөген – бешиктеги бала деген мааниде.
Байшуңкур Догшин – киши аты. Байшуңкур – байшумкар, догшин – жырткыч деген мааниде.
Сеңгүм – киши аты. Сеңгүм – Сангун, жаңжүн деген кытай сөзү. Генерал.
Түнбинай Сечен – киши аты. Сечен – чечен деген мааниде.
Бартам батур – киши аты. Бартам Батурдун төрт уулу болгон. Алар: Меңгетү, Негүн, Йесүкей, Дагаритайлар. Ал эми Кыян, Тайши, Батур, Отчигин деген аттар ошолорго берилген урматтоо аттарынан болгон. Отчигин – кенже уул деген мааниде.
Олкунугут – уруу аты. Хоңграт уруусуна таандык майда уруулардын бири.
Меркит – Байкал көлүнүн түштүгү, Селенга дарыясынын төмөнкү агымында жашаган күчтүү уруунун аты.
Өлүн Ужин – Чынгыс хандын энеси. Ужин – айым деген мааниде.
Делигүн Булдаг – Чынгыс хан төрөлгөн жер. Делигүн – уйдун желини, булдаг – адыр, дөң деген мааниде.
Жали Бука – киши аты. Жали – айлакер, куу деген мааниде.
Жочи – киши аты. Жочи – жырткыч ит деген мааниде.
Оңграт – уруу наамы. Коңгурат деп да аталат.
Дей Сечен – киши аты. Дей – таяке, сечен – чечен.
Калкатан – жамынчы. Байдын кыз-келиндери денесин жабуу үчүн колдонушкан.
Шира Кегер – жер аты. Мааниси Сары талаа дегенди билдирет.
Чага – наристе, эмчектеги бала. Кыргызда да бала-чака дейбиз.

«Жаңы Ала-Тоо» журналынан

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *