АҢГЕМЕ

Ошол жылы да мурунку көп жылдардай “Москва” колхозунун эт планы толбой калды. Колхоз жетекчиси партиянын райондук комитетинин бюросунда малчылар менен жакшы иш жүргүзө албагын үчүн сөгүш алды. Бюронун чечими менен планды колхозчулардын эсебинен толтурууга ага бир апта убакыт беришти. Район борборунан жүзүндө кан-сөлү жок бозоруп чыккан раис үйүнө барбай түз эле конторуна келди. Ар бир айылды башкарган бригаттарын жыйнады. Бюродо өзү кандай тил укса, бригаттарын да дал ошондой тилдеди:

— Сөгүш, жолдош Кадырбек, сизге сөгүш, эӊ төмөнкү көрсөткүч сиздин айылда !!!

— Мага, райиске сөгүш алып берген силердин баарыӊарга сөгүш, сөгүш жана сөгүш! – Райис өзүн токтото албай, бир канчасына оозеки сөгүштөрдү жарыялап жиберди.

— Атаңдын оозун урайындар! — Райис өзү да аларды четинен ата-жотолорун калтырбай сөгүп кирди. Сөгүшкө кулагы тунган бригаттар баш көтөрбөй, үн-сөз жок райистин сүйлөп бүтүшүн күтүштү. Райис сөзүн так бүтүрдү:

— Ар бир колхозчудан бирден торпок, торпогу жоктор экиден майда жандык, үч күн ичинде жыйнап бүтүргүлө! Кимде ким бул чечимди бузса, убагында аткарбаса, социализмди курууга кыянаттык кылган адам катары жоопко тартам! – Райис төрдө илинип турган кызыл камчысын ачуусу менен жулкуп алды да ар бир бригаттын маңдайына келип, азыркы эле айткан сөздөрүн камчысын кезеп дагы бир ирет кайталады.

Колхоздун эт, жүн деген жыл сайын мамлекетке төгүүчү пландары колхоз малдарынын эсебинен кээде гана толуп калбаса, негизинен колхозчулардын жеке менчигине жыл сайын эле колун салышат. Адатта кеч күздө “Эт салыгыңды, жүн салыгыңды төлө” деп коркуткандар айылды каптап жөнөйт. Тил алчаак колхозчулар өздөрүнүн койлорунун жүнүн берип, койлору жок болсо анын ордуна бирөөдөн жүн карыз сурап араң кутулчу. Эт планы андан да жаман, бей-бечара колхозчулар арасында жылдап эт жебеген үйбүлөлөр бар, бирок алар колхоздун эт планын толтурабыз деп коркутуп-үркүткөнүнөн жедеп айласы түгөнүп, жалгыз торпогун же бирин-экин малын өзү жебей, ошол эт салыгына сактап коёт, анткени андан кутулууга мүмкүн эмес.

Колхозчулардан торпок чогултчулар үймө-үй кыдырып, торпогу болобу, жалгыз эчкиси болобу — машинеге жүктөп кете беришет. Бербей көр, эмне кылып коркутаарын бригат билет, ага кичине каяша айтып койсоң, андай үйбүлөлөргө милицияны ээрчитип алып барат. Мындайда колхоз активтери өзүнчө эле биртоп болуп алып, сүр-сөөлөт менен айылды аралап, үйлөргө баш багышат. Алар колхозчулардын короосуна өз короосуна кирип аткандай эле ээн эркин басып кирип барып, жандыктарынын ичинен семизин тандап ала беришет.

Быйыл да торпок алчулар Кадырбек бригат башкарган айылга капыстан басып келип калышты. Алар эт планын толтурууну айылдын баш тарабындагы Токтожан кемпирдин үйүнөн башташты. Кемпир жыл сайын бир торпокту өлүмтүгүмө деп короосуна байлап багып, өзү жебесе да бу торпокко жем таап берчү. Кемпирдин эттин даамын татпаганына көп болду, ага да ыраазы. Өлүгү адам сымал сый-урмат менен көмүлсө экен. Жалгыз бой кемпир өлүп калсам айылдаштарымдын алдында уят болбоюн деп чүпүрөк-чапырагын сандыгына толтуруп, соё турган согумун короосуна байлап, бу кексе адам ажалга даяр жүрчү. Бирок жыл сайын кеч күздө, кемпирдин чоңоюп, семирип калган торпогун колхоздун эт салыгына деп алып кетип калышат.

Кемпир ыйлап-сыктап, келээрки жылга чейин кудайдан өзүнүн амандыгын тилеп, пенсиясын ичпей-жебей чогултуп, кайрадан кышта төрөлгөн музоодон сатып алып, аны дагы бага баштайт. Жыл сайын кемпир торпогу торолуп калган күз мезгилинде кудайдан өлүм тилечү, торпок алчулар келчү кеч күзгө чейин өлүп калууну каалачу. Мына быйыл да кемпир эптеп жүрүп баккан торпогун колдон жулдуруп отурат. Кемпир жылдагыдан быйыл ачуулуу. Ызасы кайнап чыкты, ага береги турган райистен келген, чоочун шляпачан да көзүнө көрүнбөдү, жылдагыдай андан уялып отурбады. Үйүнөн аш бычагын көтөрүп чыкты да бригаттын колуна карматты:

— Мени сой да, анан алып кет торпокту! — Кемпир бүкчүйгөн бойдон мойнун тосуп бригаттын алдына тура калды. — Мен өлүп калсам көмгүдөйүм кошуналарым, айылдаштарым, алар эмнени союп мени узатышат, колхозуң менен комуран кал, эт планыңа мына мени сой да, этимди ал! — Кемпир демейде коркуп жүргөн бригатка адаттан тыш догурунду.

Анын башка айласы жок эле, быйыл парканти жок, алы-күчтөн бөтөнчө тайып калды, кыштан чыгаар чыкпасы күмөн, көргөн түштөрү да акыркы маалда айнып …

Бригат адегенде ачуусу менен аны түртүп жибергиси келди. Шадылуу колдору менен кемпирдин ийининен мыжыкканда кымындай эти жок сүлдөрү калган кемпирдин сөөктөрү кычырап кеткенсиди, бригат чочуп, колунан бычагы ыргып, кемпирди жөлөп-таяп жерге араң отургузду. Колхоз парторгу — кара шляпачан гана адатынча мисирейген калыбынан жазбай туруп, көзүн милийса тарапка бурду. “Мындай тартип бузуп жаткан адамга неге чара көрбөйсүң” дегенчелик. Участкалык милийса да бу эч кими жок карып кемпирдин акыбалын жакшы билчү, анын эки колун кайрып машинеге салганга батынбай турду. Кантсе да бир кыймыл жасаш керек. Ал оозунан көбүгү чыгып кыйналып, оромолу башынан түшкөн кемпирди кепке тартмак болду:

— Эне, колхоз планын толтуруу ар бир колхозчунун милдети. Торпогуңузду бербеймин десеңиз жоопко тартыласыз…

— Камаймын дейсиңби, алпар ошол түрмөңө, ырас мени соё албайсыңарбы, алып кет! Торпогумду бербеймин, эмне кылсаңар ошол кылгыла!

Шляпачан эми үстү брезент менен жабылган мал ташыгыч машине тарапты карады. Бул “Кемпирдин торпогун жүктөй бергиле” деген белги эле. Келгендер заматта торпокту көптөп машинеге салышты да, эси оогончо булар менен алпурушкан кемпирдин дарбазасын бекем жапкан бойдон чыгып кетишти. Короодо үнү кудайга жеткен кемпир боздогон бойдон кала берди.

Торпок алчулар үчүн мындай көрүнүш кадим нерсеге айланган. Жыл сайын торпогун берип, бирок минтип бүгүнкүдөй жан талашпаган кемпирге быйыл эмне болду? Бир гана бригат ойлонуп калды: чын эле өлүп калса эмне болот?

Торпок алчулар кийинки короого кирип жаш аялмет бүлөнүн саап ичип отурган жалгыз эчкисин машинеге салышты. Бала эмизип отурган келин ооз ача алган жок. Айылдын эки көчөсүн аралаганда эле бир машинеге мал жык толду. Бу жүк машине айылга ошол күнү бир канча жолу келип кетти. “Москванын” эт планы толду.

“Булар эмне деген эт план, муну колхоздун чама-чаркына ылайыктап, азыраак кылып түзсө болбойбу, бу шагыраган малдар кимге, кайда барып эт болуп төгүлөт, муну кимдер жейт, булардын дүкөнүндө дегеле колхоздун эти сатылбайт!”- Кадырбек бригат ичинен ушул суроого баш катырганы менен аны эч кимден сурай албайт. Бул тууралуу ооз ачып көрсүнчү – коммунизмди куруу жолунда күжүрмөндүк менен иштеп жаткан колхозчуларга терс таасир көрсөткөн жетекчи катары аны эртең эле камап коюшат.

Чынын айтса, жыл сайын үймө-үй жүрүп, айылдыктарына жаман көрүнүп торпок жыйнагандан өзү да тажап бүттү. Кадырбек бригат колхоз планын толтуруп, райистен кутулганы менен Токтожан кемпир эсинен кетпей койду. Эки бирдей азамат уулу согуштан кайтпай, бул аял өмүр бою кайгыдан карып кейпин кийип жашады. Азыр акыркы торпогун колхозго берип коюп, кемпир не акыбалда калды… Андан кабар алгысы келди, бирок кантип барат, анын бетин кантип карайт, ага эмне деп көңүлүн жубатат…

One Reply to “Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: План”

  1. Т.Шайдуллаеванын «План» ангемеси журокко жетерлик жазылыптыр. Ангеме кичинекей болсо да колхоз тузулушу менен анын алдынкы окулу болгон парторгду олорчо жек корууго, ал эми кемпирдин адамча олуу учун болгон айыгышкан курошуно тан берууго жетишесин. Адамдардын образдары даана-даана коз алдына тартыла калат окуп жатканда. Азаматсыз Топчугул эже. Чыгармачылык ийгилик!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *