«Эң коркунучтуу душман эски достордон чыгат».

Бальтасар ГРАСИАН

Бийликтин калпы үстүгө калкып чыккан сайын анын күндөн күнгө өктөмдүгү артып, алты жыл артта калган өздөрүнүн көшөгө артындагы кыл жип менен буулган кылгылыктарын жашыруунун аргасын издеп турган кезең. Учурда Өмүрбек Текебаевдин абакта отурганы так ошого барып такалат. Башка себеби жок. Эл эсинен кетпеген өлкөдөгү чуулу окуяларга көңүл буруп көрөлү адегенде? Маселен, А.Батукаевдин түрмөдөн бошотулуп, «Манас» аэропортуна чейин бийлик өкүлдөрүнүн карегиндей корголуп узатылышы эле бул ишке президент А.Атамбаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү бардай таасир калтырганын жазгандын көбү бүгүн бийликке суук тумшук көрүнгөн ушакчы атка конушту.

Болбосо, кылмыштуу дүйнөнүн анабашын абактан аздектеп чыгарууга тиешеси бар делген аткаминерлердин кимисинин төбөсүнөн бир тал чач түштү? Бул окуяны иликтөөгө алган «Ата Мекендин» Жогорку Кеңештеги фракция өкүлү Болот Шер жетектеген депутаттык комиссия жарыялаган фактылар АША бийлигинин бетпардасын таптакыр сыйрып таштаган эле. Ошондогу депутаттык атайы комиссия А.Батукаевдин бошотулушуна бийликтин түздөн-түз тиешеси болгондугу коомчулук алдында ынанымдуу далилденгенине карабай, кылмышка тиешеси бар аткаминерлердин эч кимиси административдик да жазага кабылбаганы чоң шек жаратып келет.

Болот Шердин айтымында, бул ишке тиешелүү документтер менен дагы тыкыр таанышууга ошол кездеги Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМ да депутаттык комиссиянын мүчөлөрү талап кылган керектүү материалдарды карматпай койгон экен. «Себеби так ошондо А.Батукаевдин бошотулушуна жогору жактан ким таасир эткени ачыктан ачык билинип калмак», –дейт Болот Шер.

Ошондон тарта «атамекенчилерге» карата жалган компроматтарды жамап-жаскоо менен күч үрөгөн бийлик 2010-жылкы мародёрлук боюнча чабуулга өткөнү – АША бийлиги өз абийирин коргоо үчүн жасаган жападан жалгыз аракети экенин мезгил көрсөтүүдө. Арийне, соттук териштирүүлөрдүн биринде да Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин мародёрлукка тиешеси бардыгын дадилдээр илинчек табылбагандан; бийликтегилердин уйкусу бузулду да, бүксүгөн бул компромат суу кечпей, башка жалаага өтүштү. Анысы – «Мегаком» үлүшүн «атамекенчилерге» «бөлүштүрүп» бере салмакка «Белизгейтти» бетке карманышты эле, бирок бул кампаниясы да суу кечпегенде, Маевский дегендин оозеки көрсөтмөсү менен Текебаевди камамайын жандары жай албасын түшүнүштү.

Кеп бу жерде – Алмазбек Атамбаевди кийин кандай саясый тагдыр күтүп жатканын караламан калк кайдан баамдасын. Иттин өлүгү – «атамекенчилердин» мародёрлукка же «Мегакомго» тиешелүү экендигинде эмес, бул жерде курч саясый драматизмдин финалы ушуга такалды! Себеби, акыркы үч жылдан бери Текебаев парламент залынан 7-кабаттагы аткаминерлердин далайы 2017-жылы камала турганын дамамат какшап келет. Сөөмөй кесеп…

Атамбаевдин президенттик мөөнөтү соңуна чыгып калган мезгил бир гана президентти эмес, анын айланасындагыларды кошо эмнеге чочулатканына көп акыл жумшоонун да кажети жок. Анткени Максим Бакиевден калган жер үлүшү мамлекеттин менчигине эмес, президенттин менчигине өтүп кеткенин тиешелүү документтердин негизинде таап чыккан Текебаев Атамбаев үчүн күтүүсүз оор сокку кылгандыктан: саясый тиреш кылычтын мизиндей курчуп чыга келди.

Андан көп өтпөй 2010-жылдан берки Атамбаевдин үйбүлөсүнүн мүлкү кайдан деген суроонун айланасында президенттин тыйынына чейин эсептеп чыгып, коомчулук алдында ашкерелегени үчүн эски досунун эсебин таап, аны абакка тыкмайын жаздыкка тынчыраак баш коюп уктоо мүмкүн эместигин түшүнүштү. Болбосо Текебаев ар жолку маалымат жыйынында АШАнын ашынган мүлкүн санап ашкерелеген сайын «жарааты жан ачыткан жырткыч аянбайт» болуп, Атамбаев эски досун коркунучтуу террористтей камакка алдырды. Антпесе, бийликтегилерди улам безге сайгылаган чындыктын оозун жабууга мүмкүн болбой калган.

Ал чындык бир гана Текебаев баш болгон «атамекенчилердин» оозунан чыгаары коомчулукка дайын. Башка саясый күчтөр чегеге чыккан чыйкан боло алышпастыгын көрүп атабыз. Муну бийликтегилер да баамдады. «Ата Мекен» партиясынан бөлөк азуулу саясый күчтөр жок үчүн бүгүнкү бийликтин болгон аракети – «атамекенчилердин» көзүн жалган жалаа менен болсо да тазалоо гана калды…

Арийне, заң-закүндүү мамлекетте көз көрүнөө өч алуу жолун тандаган бийлик өздөрүнө каршы «атамекенчилерден» башка саясый күч жогуна көздөрү жетип, алты жылдан бери далилдей албаган мародёрчулукту эми да кайрадан козгоп, даңгыттардын оозу менен жалаа жабуу ыкмасына биротоло өткөндөй… А бийликке сын айткан маалымат булактары менен журналисттердин тагдырын болсо көрүп атабыз. Сабоо, камоо опузасы андан бетер күчөдү. Азыр күндөн күнгө бийликке сын-сыпат айткандарды сындыруу четинен уланууда. Ачык да, көмүскө да. Президент заарын ичине каталбай калганын анын арбир жолку эл алдында айткан-дегендери айгинелеп отурат. Оозунан чыгып-чыга электеги ишаратты тиешелүү бийлик түзүмдөрү илгиртпей илип кетүүгө даяр бүгүн.

Бул туурасында мурда да жазсам, «кайталагандан келме бузулбайт» деп, азыр да кайталагым бар: АША айтканды жерде калтырбаган коопсуздук кызматындагылар шымалана билек түрүнүп ишке киришүүсү эмнени айттырат? Карт тарыхтагы «тирания» термини Кыргызстанда тирилгенин! Орто кылымдардагы тирания түшүнүгү кийин 19-кылымда диктатура түшүнүгүнө оодарылганы белгилүү. Бирок экөөнүн тең заадиси бир, мүдөөсү окшош.

Бул эки режимди саясый күрөштөгү түркөйлөр менен зулумдар гана орнотуп келишкен. Саясый кегин алуу үчүн «ляппайды» билбегендерди камоо, сабоо, жалган жалаа менен жазалоо ыкмасын түрдүүчө колдонгон бийлик эгелери эзели тактан түшпөөнүн жолун коркунуч амал менен издешкен. Себеби алардын басып өткөн жолу жууса кеткис кандуу, кылмыштуу жосундар менен коштолгон. Тактан кулоо коркунучу уйку бербеген тирандар менен диктаторлор анан миң-миллиондогон адамдардын канына забын болуудан кайра тартпаган. Алардын ишенимдүү таянычы бир гана кара күч. А чындыкты таяныч кылгандардын зындандан баштары чыкпаган! Чындыкты оозанган жандардын тилдери кесилип, баштарын кылыч мойсогон…

Ой учугун кайра улай турган болсок: албетте, эгерде «атамекенчилердин» мародерчулугун АША бийлиги далилдеп бере алганда, жамы журт АШАнын бийлигин кош колдоп кубаттап, «атамекенчилердин» орду бир гана түрмөдө экенин эл өзү демилгелеп турмак. Бийликтин ооматы анык ошондо бийиктемек. Азыр тескерисинче, мунун баары жалган жалаа экенине күндөн күнгө элдин көзү жете баштады. Себеби, башка көрсөтмө берер адамдары жок, баягеле Зарылбек Рысалиевдей генерал менен анын жардамчысы Калыбек Качкыналиевди жорголоткон Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморов өңдүү зэктердин оозу менен «атамекенчилерди» канча көөлөтпөсүн, ушул күнгө чейин чыныгы мародёрлордун жүзү ачылган жок.

А чын-чынында бул каармандар кимдер экенине саресеп салып өтөлү, саясый спектаклдин оюну андан ары ачыла берет. Андыктан көшөгөнүн артына өтүп да карайлы оюнду…

1-ОРОМО

Өлкөдө бүтүндөй ИИМ тармагынын аброюна чоң көө жапкан милийса полковниги Абдували Акжолов деген бар. Кызыл жакачандар чөйрөсүндөгүлөр аны отставкадагы генерал Зарылбек Рысалиевдин шектүү иштерине шериктеш катары билишет. Бишкектеги №-1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморов аттуу анын шалпаң кулак («информатор») милдетин аткарган өз адамдары менен бирге 2010-жылдан берки кылмыштарын иликтеп отуруп, чач үрпөйдү.

Окурманга түшүнүктүү болсун үчүн адегенде А.Акжоловдун ИИМ тармагындагы каратүнөк иштеринен кабар бере кетели. Эң алгач мындан алты жыл мурун «Дело№» (16.09.2011 06:25  ) басылмасы «Полковник МВД руководил бандой?!» деген аталыш менен А.Акжолов туурасында жаканы уучтатар фактыларды жазып чыкканы бар. Ал ИИМдин 10-бөлүмүнүн Башкы башкармалыгындагы начальниктин орунбасары болуп турганда кызмат даражасына таянып, уюшулган кылмыштуу топтун карактоо тобуна өзү баш болуп аралашкандыгы үчүн камалат. Болгондо да кылмыштуу топтогуларды жетекке алган киши дал өзү болгондугу үчүн!

Андан да эң кызыгы – коомчулукта чоң чуу жараткан полковник наамы бар Абдували Акжоловдун кылмыш ишин тергөө Генералдык прокуратура, УКМК жана ИИМдин атайын иликтөө башкармалыгына тапшырылбай, Чүй облусунун Шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) өткөрүлүүсү эле чоң шек жаратат. Себеби мамлекеттик бакыйган органдар Генпрокуратура, УКМК, ИИМ турса, эмнеге А.Акжоловдун кылмыш ишин тергөө облустун шаардык башкармалыгында тергелиши керек эле?! Канткен менен уюшкан кылмыштуу топту жетектеген адам катардагы сержант, кенже офицер же пенсиядагы милийса кызматкери эмес, полковник даражасындагы А.Акжолов болуп атпайбы! Болгондо да Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жооптуу кызматын аркалап келген жетекчи.

Анан ошондой даражадагы кызматтык таасири күчтүү адамды Чүй облустук шаар башкармалыгынын тергөөчүлөрү «эркелетпей» коёбу?! Эркелеткен үчүн А.Акжоловдун кылмыш ишин кароо Свердлов райондук сотуна тапшырылып, ал жерден эки күндөн кийин эле соттун санкциясы менен «под стражей» шылтоосу менен боштондукка чыгарып жиберишкени көп суроону жаратат… Демек, кылмышкердин таянар тоосу ошончолук бийик болгонбу? Ооба, бийик болгон үчүн А.Акжоловдун кылмыш ишине шаардык соттогу төргөөчүлөрдүн тиштери өтпөгөнүн окуянын кийинки жүрүштөрү ачык көрсөтүп турат.

Биз ага ашыкпай жетебиз. Баары ирээти менен болсун. Оромолуу окуялар жазылганга дейре чачыбызды үрпөйтөр фактыларды алдыдан кезиктиребиз, окурман…

Мындай тыянакка келгенибиздин себеби: көрсө, Абдували Акжоловдун бул кылмыш иши биринчи эле жолкусу эмес экен. ИИМ тармагында «тогузунчу» деген башкы бөлүм болуп келген. Бул бөлүмгө экстремизм жана мыйзамсыз миграциялык каттамдарды көзөмөлдөө милдети тагылып, 2008-жылы бул бөлүмдүн начальниги болуп турган А.Акжоловдун кылмыш иши калкып чыгат. Анысы мындай: ИИМдин ички коопсуздук кызматына Дильбара Акбарова аттуу бечара арыз менен кайрылат. Себеби, КНР жараны Рахматулла Тохтини Кыргызстандан Кытайга мажбурлап чыгарып жиберишет. Күч менен. Мыйзамдык нормалар оозуңуздан айлансын.

«Тогузунчу» бөлүмдүн кызматкерлери Рахматулланы машинеге омуроолоп отургузуп, «Манас» аэропортуна жеткиришет, ал жактан чөнтөк телефонун, 500 доллар жана 2 миң сомун тартып алышкан соң Үрүмчүгө уча турган самолёт менен узатып жиберишет.

Бул жакта болсо Рахматулланын аялы Дильбар чиедей эки баласы менен күнүмдүк оокатка жетпей ташжалак отуруп калышат. Аргасы түгөгөн келин тиешелүү органдарга даттанууну чечип, акыйкат издей баштайт. Алсыздар алдууларга каршы акыйкат издегенден өткөн азап барбы бу жашоодо…

Дильбардын айтымында, күйөөсү Рахматулла Кытайдан келген товарларды оптом баасында сатканына ичи күйгөн базардагы атаандаштарынын укуругу узун болуп: алар соода атаандаштыгын жараткандыгы үчүн Рахматулладан биротоло кутулуунун жолун издешет. Жолун таап, аны мыйзамсыз түрдө мажбурлап, Кыргызстандан Кытайга чыгартып тындырышат. Бирок көп өтпөй кыянаттуу бул иштин учуга ИИМ тарабынан тез эле табылат. Көрсө, Рахматулла Тохтини ШИИБдин Свердлов райсотунун чечими катары жасалма документтерди даярдаган адам бар экен, ал баягыле биздин каарман – «9-бөлүмдүн» начальниги А.Акжолов болуп чыгат. Ал өз колу менен жасагандыгын 2008-жылы ИИМ тергөөчүсү, милийсанын полковниги Кырккелди Кыдырбаев кесиптик кыраакылыгы менен далилдегени коомчулукка жакшы маалым. Себеби документтеги мөөр жана коюлган кол көчүрмө жолу менен А.Акжолов тарабынан жасалыптыр.

Анын кызмат даражасына таянып жасаган кыянаттык кылмышы иликтенүүгө алына баштаганда Акжоловдун кабинетинен Кытай жана Пакистан жарандарынын да бир нече документтери табылып, ИИМдин иликтөө башкармылыгы Акжоловго кылмыш ишин козгоп, тергөө жыйынтыгы менен кызматынан кол жууйт. Бирок кол жууган менен белгисиз себептен эле анын кылмыш иши аягына чейин иликтенбей токтотулат. Иш унуткарыла баштайт. Анын себеби А.Акжолов бул кылмышты өзүнүн кол алдында иштеген бирөөнө шылтап, анысы болсо четөлкөгө куйругун түйүп качып кеткендиктен, тергөө иштин аягы создуктурулуп кала берет.

Бул али эч нерсе эмес! Ал ортодо коомчулукка дүң болгон башка окуя чубалып чыгат.

2009-жылы полковник К.Кыдырбаевди өлтүрүү аракети болгону жалпыбызга маалым. Кырккелди Кыдырбаевдин ысымы жогоруда аталды, окурман. Окуяга сиз да кылдат ой жүгүртүп отуруңуз эми…

Кызыгы – подъездге кирип бараткан жеринен К.Кыдырбаевге белгисиз бирөөлөр H₂SO₄ формасындагы кислота чачып, жылт коюшат. Кылмышкерлер H₂SO₄ чачылган адам барыбир соо калбайт деген ишеним менен окуя болгон жерден жер жуткандай жок болушат.

Кийин бул боюнча К.Кыдырбаев жергиликтүү маалымат каражаттарына өз божомолун айтып, «мага каршы мындай аракетти өзүбүздүн системада иштеген эле бирөөлөр буюртма берген» деп, Акжоловду шектүү адам катары билдиргени бар. Тилекке каршы, бул окуянын түйүнү ошол сырдуу бойдон калып, кызыктуу окуялары дагы чубалып чыга келет…

Мүмкүн жогорудагы жорук-жосундарынан кийин А.Акжолов өз жазасын алып түрмөгө отургузулгандыр деп ойлоорсуз! Жок, кылмыштуу иштери анын жолун бөгөй албаптыр! 2009-жылдын апрелинде кайра эле ошол «9-бөлүмдүн» Бишкек ШИИБ боюнча начальник кызматына дайындалат. А кайра 2010-жылкы апрель революциясынын шарапаты менен Абдували Акжоловдун кызматтык карьерасы жогорулап, ИИМдин Башкы башкармалыгынын «9-бөлүмүнүн» начальниги болуп отуруп калат.

Элестетиңиз, бир жарым жыл мурда ызы-чуу менен кол жууган кызматына кайра келип, келгенде да начальник милдетин аткарууга отурганын! Бирок көп өтпөй 7-апрелден кийинки жаңы бийлик «9-бөлүмдү» жоюп тындырат, анткени бакиевдердин бийлигинин тушунда ИИМ алдындагы бул бөлүм өз милдетин аткарбастан, оппозиционерлердин гана сары изине чөп салуу үчүн түзүлүп келгени белгилүү…

А.Акжолов бирок анда да «10-бөлүмгө» секирик жасайт. Жасаганда да начальниктин орунбасарлык милдетин аткара баштайт. Эң табышмактуусу ушул! Кантип, кандай жолдор менен кызмыш жолунан кызматтык алмашууларга таяп-жөлөп турар тоосу бийик болгонуна кийин окуя жүрүшүндө да кайрылабыз…

Ошо менен 2010-жылкы башаламандыкта Абдували Акжоловдун кайрадан күнү тууйт. Алкымы араандай ачылып, ири суммадагы акчаларга жалаң кызмат даражасынын арты менен туйтунганы күчөйт. Анын алкымына жалаң капчыктуулар кабылганын төмөндөгү эпизоддон байкасак болот. Бишкектин ОсОО жеке компаниясынын деректири Владимир Тян 2010-жылы 13-апрель күнү кечинде үйүнө бейкапар баратып кабылат. Борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде ишкердин жеңил машинесинин алдын тороп башка авто-унаа чыга калат. Бизнесмендин машинесине шарт-шурт жулунган албан-субандай эки жигит пистолет такап отурат да, машинени өздөрү буюрган тарапка айдатып жөнөшөт.

Шаар четиндеги ээн талаага жеткенден кийин Тянды ур-токмокко алып, асманга пистолет атып коркутууга өтүшөт. Жандан түңүлгөн ишкердин машинесин шимшилешип, жанында болгон 15 миң долларды шыпырып алышат. Ага да көздөрү тойбостон, бизнесменди мажбурлап, үйүнө телефон чалдырып, үйдө болгон акчасынын баарын койбой алдырууну жана эң кымбат баадагы джип авто-унаасын тиги эки жигит айткан жерге айдатып келүүнү буйрук кылышат.

Барымтага түшкөн ишкердин баласы тиги экөөнүн инструкциясы боюнча айтылган жерге джипти жеткирип, аны менен бирге машиненин ачкычын, документин жана пакетке оролгон 7 миллион сомду калтырып кетүүгө аргасыз болот. Ал эми бекер олжого туйтунган тигил экөө жаны оозуна кептелген ишкерди жеңил машинеси менен талаага таштап кете беришет.

Көрсө, бул эки эрен бизнесмендин үйүндө «резервде» сакталган джип бар экенин мурда алдын ала эле билишкени кийин төргөө маалында дайын болгон. Себеби ал жигиттер кылмыш ишине кылдат А.Акжоловдун баш тоголотуп үйрөткөн «көк жал бөлтүрүктөрүнөн» экен. Акжолов мындай иштерди «9-бөлүмдүн» начальниги болуп турган учурда эле өз кабинетинде отуруп уюштурганы кийин тергөө жүрүшүндө белгилүү болот. Арийне, алкымы араандай ачылган Акжолов азууга кимди илиш керек болсо, керектү информацияларды топтоо жагынан ИИМ мүмкүнчүлүгүн өз пайдасына колдонгонун ошол ишкердин тагдырынан улам боолгосок болчудай…

Бул эпизоддон да эң катуу чуу жараткан окуя – 2010-жылдын апрелиндеги элдин үрөйүн учурган көрүнүш: Кыргызстандын мурдагы муфтиятынын жетекчиси Мураталы ажы Жуманов өз үйүнөн ың-жыңсыз уурдалып кеткени белгилүү. Аны үйүнөн үнүн чыгарбай алып чыгып кеткен жигиттер башына мешок кийгизип, машинеге тыгат да, шаар четине алып чыгып кетишкен. Бандиттер Мураталы ажыны түндөсү ай-талаада аёсуз ур-токмокко алып, 1 миллион доллар талап кылышат. Акыр аягы, ажынын жанынан бир да тыйын чыкпасына көздөрү жеткен соң, аны талаага таштаган бойдон издерин суутат.

Мураталы ажы эсине келген кезде көзүн ачып, автотрасса өткөн талаага келип калганын баамдайт. Кийин дайын болгондой, бандиттер аны Бишкектин Байтик аймагына алып барышканы дайын. Ур-токмоктон алсыраган Жуманов анча алыс эмес жердеги мечитке жетип, аны тааныган дин өкүлдөрү ошол замат милийсага билдирүү кылгандыктан, бул иштерди иликтөөдө да баягыле Абдували Акжоловдун кылмыштуу тобунун колунан келген иш экени белгилүү болот. Алар – Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев жана Дастан Оморов болуп чыгат.

Полковниктин уу-чуусу көп кылмыштуу иштеринин дагы бир-экөөсүнө кыскача токтололу да, оромонун түйүнүн талдоого өтөлү. Себеби Акжоловдун жана анын түрмөдөгү шалпаң кулак шериктештери кимдер экени ошондон кийин ачыла баштайт. Атүгүл погончон генерал З.Рысалиевдин кесиптик «ишмердигинин» артындагы табышмактар өзүнөн өзү жылт-жулт көрүнө баштайт. Себеби бул макала журналисттик иликтөөнүн негизинде гана жалаң расмий фактылардын жана окуялардын тизмеги менен келатат.

Ошол эле 2010-жылдын апрель окуялары биринин артынан бири чуулган жаратып турган мезгилде кызыл жакачан кылмышкер каарманыбыз Акжолов Владимир Тян аттуу жаранды 10 млн сомго карактаганы жана 2013-жылы апрелде Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жумабек Салымбековдон («Дордой-Жунхай» компаниясынын гендеректири) 10 миң доллар акча өндүрүүгө жасаган шылуундук аракети менен колго түшүрүлөт. Тагыраагы – шаардык депутаттын өмүрүнө кол салууга атайы киллер камданып жүргөнү туурасында маалыматты уккан полковник А.Акжолов үрөй учурган бул маалыматтын аркасы менен да акча тапкысы келип: «Эгер мага 10 миң доллар төлөсөң, өмүрүңдү коргоп калууга кудуретим жетет» деген таризде кепилдик берип акча өндүрмөй болот. Бирок депутаттан 2 миң 500 доллар алаар жеринен УКМК тарабынан бул ишке ортомчулук кылган Н.Жаналиев (ИИМдин ардагери) экөө колго түшүрүлүп, Акжоловго кылмыш кодекстин 170 статьясы боюнча иш козголот.

Тилекке каршы, Абдували Акжолов буга чейинки биринин артынан бири тизмектелген кылмыш иштери менен эле абактан башы чыкпай тургандай камалып тынган экен десек, кайрале 2015-жылы 21-июлда Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгы тарабынан А.Акжолов банги зат менен кармалгандыгы үчүн 20 жылга эркинен ажыратылгандыгы туурасында коомчулукка жаңы маалымат жарыялангандыгы эмнени билдирет?!

Демек, кызыл жакачан коркунучтуу кылмышкерлерге чексиз эркиндик берилген өлкөдө жашайбызбы?! Мыйзамдуу өлкөдө Акжоловго окшогондорго чара көрүү каралган эмеспи?! Эмнеге ал “дарылануусу толук бүттү” деген дарыгерлердин чечими менен ооруканадан чыгарылып, улам жаңы кылмыштарга кириптер болуп келгени таңгалдырат!

Болбосо эмнеге ал 2015-жылы Кылмыш жана жаза кодексинин 247-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) боюнча кайрадан айыпталып отурат?!

Мурда эле Мураталы ажы Жумановду барымтага алган деген кине менен 13 жылга эркинен ажыратылган А.Акжолов кантип анан 2015-жылы 3-4-июлга караган түнү 12 килограмм гашиш, кишен, Марголин үлгүсүндөгү 8 огу бар тапанча менен кармалып отурат?! Кармалганда да өзүнүн Ауди үлгүсүндөгү авто-унаасына баңгизат салынган баштык менен Жал кичи районуна алып бараткан жеринен колго түшүрүлгөн…

Сөз башында Бишкектеги №-1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов, Азамат Шергазиев, Дастан Оморов Акжоловдун  шалпаң кулак («информатор») милдетин аткарган өз адамдары экени козгогон элек. Эмесе, кеп оролу дагы уланат…

2-ОРОМО

2015-жылкы парламенттик шайлоонун үгүт иштери кызып, саясый айдыңда бири-бирин каралоо биздин коомдо эң башкы куралга айланды. Өзгөчө КСДП тарабынан «Атамекен» партиясын оюндан чыгаруу аракети көрүнөө да, көмүскө да жүрдү. Жогору жактан… Мародёрчулук боюнча 4,5 жыл бою «атамекенчилердин» айыбын далилдей албаган бийлик башындагылар акыры бир айла тапкансыды. Тапкан айлалары – мародёрлук боюнча документтер өрттөлүп кеткенин «сенсацияга» айлантабыз деп, көп өтпөй жели чыккан шардай «быш» болуп тынышкан.

Окуянын чоо-жайы коомчулук эсинде: 2015-жылы 3-июлда таңкы саат үч менен төрттүн аралыгында Чүй обулсотунун имаратынан өрт чыгат. Болгондо да мамлекеттик маанилүү объекттен! Аны кайтаргандар бирок катардагы эле карапайым төрт адам! Төртөө мөөнөт алмаштырып иштешчү экен. Экөөсү эрди-катын, ал экөөнүн баласы дал ушул жерде соттун катчысы болуп эмгектенген. Жашаган үйлөрү жатаканадагы куркулдайдын уясындай тар бөлмө болгондуктан – соттун катчысы болуп иштеген жигит так ошол өрт чыккан күнү аталган имараттын котелинде түнөйт.

Бир убакта өзү түнөгөн жерден жарылган бомбанын үнү жаңырат. Катуу добуштан чочуп ойгонсо, сот болуп иштеген Азамат Жумагуловдун кабинетинен өрттүн жалыны көрүнөт. Ошол замат ал кароолчу болуп иштеген атасына телефон чалып, өзү обулсотту жалмай турган өрттү өчүрүү аракети менен алыша баштайт.

Окуя чү деген жерден ММК каражаттарына маалымдалып, анда Чүй обулсотунун имаратына арам ойлуу төрт адам киргендиги кабарланат. Бирок көп өтпөй бул дагы туура эмес маалымат экендиги жарыяланат. Себеби имараттагы видео байкоонун объектисинде бетине медициналык маска кийип алган бир гана адамдын кылмыш аракети көрүнгөн. Ал адам коргондон аттап чыккан кезде, көчөдө аны дагы бир өнөгү атайы күтүп турган.

А видео байкоонун көрсөтүүсүндө: кылмышка шектүү адамдын аракеттери көп күмөнсүү жаратат. Адегенде сот кызматкери Жумагулов отурган кабинеттин каалгасын талкалап кирип, кылмыш иши козголгон документтер сакталган сейфти ачат. Эң кызыгы – сейфти кандай ачканы. Себеби экспертизанын далили боюнча сейф талкаланган эмес экен. Соттун кабинетине жашыруун кирген адам болсо андан соң үстөлгө бензин чачып, өрт коёт.

Ошол учурда бул туурасында өлкөдөгү эң абыройлуу ММКлардын бири «Дело№» тыкыр иликтөөлөрдүн негизинде жазып чыккан материалдарга көңүл бурбай коюуга болбойт. Себеби анда бул ишке ага чейинки Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы жана ИИМ тармагын жетектеп келген генерал Зарылбек Рысалиев көбүрөөк күйпөлөктөп, көбүрөөк ыкчамдык көрсөткөнү да шек жараткан. Анткени эң биринчилерден болуп өрт чыккан жерге кайдан-жайдан жетип барып, журналисттерге жулкунуп интервью берип, өз божомол-дөдөмөлүн билдиргени бар. Анын божомолунда: өрт чыккан имаратта 2010-жылдын апрель айындагы мародёрчулук жана рейдерчилик боюнча маанилүү материалдар сакталган, демек, бул ишти тындым кылууга «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин түздөн-түз тиешеси бар деп шектенген Рысалиев окуя болгон жерге жер тыңшаар Маамыттай эң биринчилерден болуп жетип барганы менен арийне, Генералдык Прокуратура бул окуяны иликтөөдө мародёрлук жана рейдерчилик боюнча документтер «атамекенчилер» тарабынан атайы жок кылынды деген генерал койгон дооматтарга далилдүү эч нерсе табылбаганын жарыялагандан кийинки окуялар да таңгалдырат…

Бийликтегилер унутса да коомчулук эсинде калган З.Рысалиевдин «атамекенчилерди» мародёр кылалбай келген аракеттерине ушул жерден токтоло кетсек: парламент залынан далай күпүлдөп, бирок чыныгы мародёрлордун бетпардасын ачалбагандан улам акыр аягы Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан өзү четтеп калганы дайын.

Алабарман генерал Рысалиев ошондо өрт болгон жерде журналисттерге берген комментарийинде дагы бир «сенсациасын» оозунан чыгарып жиберет. Көрсө, өрт тутанган жерден кабинети өрттөнүп кеткен сот кызматкери Азамат Жумагулов менен З.Рысалиев карпа-күрп кезигишиптир. Генералдын кыраакы байкоосу боюнча: кабинети өрттөнгөн Жумагулов ошол жерден «менин эч кандай күнөөм жок, мага жогортон буйрук берилген» дегенди кайталай берген имиш. Жумагуловго «ким, эмне деп буйрук бергенин түшүнбөй калдым, кыясы ал мени менен жолугушууга даяр эмес болгон», – дейт З.Рысалиев өз интервьюсунда. Генералдын алдында кыйсыпыр түшкөн «сот эмнеге даяр болуш керек эле» деген суроо туулат. Себеби ал учурда Рысалиев кызматтан кол жууп, мамлекеттик эч бир милдетти аркалабай жүргөн учуру болсо керек эле го…

Олжобай ШАКИР

P.S. Окуянын жүрүшү журналисттик иликтөөгө алынган ушул макаланын кийинки бөлүгүндө толук чагылдырылат…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *