Мындан жыйырма жылдай илгери Түркиянын айтылуу Анталия шаарында жүрүп менин Кыргызстандан келгенимди уккан Москвалык турист өз кесиби боюнча укук коргоочу болуп иштээрин, Болот Шамшиевдин «Бөрү зындан» картинасы укук коргоо тармагындагы Союз маалында жаралган мыкты кинолордун бири деп айтканы алигүнчө эсимде. «Бөрү зындан» тасмасынын көрүүчүлөрү учурунда 21 миллионго жеткендиги азыр да айтыла калып жүрөт.

Фильмде башкы каарман Саматтын образын ачкан өзүбүздүн мекендешибиз, өмүрдөн эрте көчкөн актер Талгат Нигматулин туурасында жана анын жеке тагдыры менен сценарийдин өтө шайкеш келип калгандыгына негедир кызыгуум артып, ал тасма тартылгандан бери отуз жылга жакын мезгил өткөн соң Кыргыз Эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиев менен ара-чолодо маектешип калдым эле. Оболу, чакан маекке назарыңыздарды буруп, андан соң алигүнчө коомчулуктун кызыгуусун жараткан Талгат Нигматулиндин аянычтуу өлүмү, бир кездерде Союзга дүң болгон секта башчылары Абай Бөрүбаев жана Мырзабай Кымбатбаевдин ишмердүүлүктөрү туурасында кеп козгоону эп көрдүм. . .   

* * *

– Болот мырза, мен бүгүн сиз менен бир гана тасмаңыз жана элге кеңири таанымал актер Талгат Нигматулин туурасында гана маек курууну туура көрүп турам. Сөзүңүздү «Бөрү зындан» картинасынын жаралыш тарыхынан баштап, андан соң Талгат Нигматулин жөнүндө улап кетсеңиз?

– Жакшы болот, Данияр! 1982-жылы казак сценаристи Еркин Абишевдин колунан аталган фильмдин сценарийин көрүп калдым. Сценарийди бир окуганда эле купулума толду. Андан соң аны түп нускасынан бир аз өзгөртүп туруп, Еркин Абишевге окутсам, өзүм каалагандай кылып өзгөртө беришиме макулдук берди. Фильмдеги сюжеттер Алматы калаасында өтмөкчү. Башкы ролго казак актерлерунан издегенди ылайык көрдүм. Сценарий иштелип бүткөндөн кийин «Казакфильмге» сунуштап: «Бул эмгекти силер менен бирдикте жаратайын!» — деп айтсам, казак боордоштор: «Тартсаң барып Кыргызстаныңдан тарта бер!» – дешип, караманча каршы туруп алышты. Арга жок, кайрадан сценарийди Кыргызстандын ичинде өтө тургандай кылып өзгөртүп, «Кыргызфильмде» тартуу үчүн  жаздын келишин күтүп жаттым.

Кечиресиз, Талгат менен жолдоруңуз кандайча биригип калды? Мурда-кийин ал актер жөнүндө маалыматыңыз бар беле?

– Жок! Мурда Талгатты «Акыркы ок» жана Мелис Убукеевдин «Кырчын өмүр – кыйылган сүйүү» картинасынан гана көргөнүм болбосо, эч кандай тааныштыгым жок болчу. Алтургай, Талгаттын «20-кылымдын каракчылары» киносун кийинчирээк 1990-жылдары гана көрдүм. Талгат менин киномо чейин жалаң эпизоддук ролдорду аткарып жүргөнүн билчүмүн. Негедир башкы ролго эч ким сунуштап көрбөсө керек?! Бир эле Мелистин жогоруда аты аталган фильми болбосо?! Ал эмгеги да начар чыгып калды. Ушуну Мелистин өзүнө деле айткам. Картина жакшы чыкпай калганын, ал да мойнуна алган.

Талгат менен алгачкы таанышуу кайсыл жерде өттү?

– Жаңылбасам, күз айлары болушу керек эле. Кечкурун үйдө олтурсам, телефон шыңгырап калды. Трубканы алсам: «Ташкенттен чалып жатам. Менин аты-жөнүм Талгат Нигматулин. «Бөрү зындан» деген сценарийиңизди окуп калдым. Абдан жакты. Бул картинада мен гана ойной алам. Менден башка эч ким аткарбашы керек. Эртең сизге сөзсүз жолугам!» – деди. Жана айтпадымбы, Саматтын ролуна башка казак актерлорунан издеп жатканмын деп. Эртеси кечинде айтканындай эле менин үйүмө атайын Ташкенттен келиптир. Таанышкандан кийин: «Сценарий менин тагдырым! «Бөрү зынданга» мени гана тартыңыз, менден башка эч ким аткарбасын!» – деп аябай жалбара баштады. Саматтын образына болгон каалоосу аябай күч болгондуктан, аргасыздан макулдугумду бердим. Бир убакта ордунан турду да өзүнүн каратэ боюнча чемпион экенин айтып, колуна бир куту ширеңке алып үстөл үстүнө койду. Анан муштуму менен жеткирбей сокку жасаганында, ширеңке кулап калды. Муну кандайча жасап жатат деп мен да ширеңкени бир нече ирет жеткирбей туруп урсам, таптакыр ордунан жылбай койду. Мага карап күлүп: – «Мен ички энергиям менен уруп жатам!» – деди. Ушул адаты эч калган жок. Кийин «Бөрү зынданды» Кыргызстандын булуң-бурчтарында тартып жүргөндө ар кимге көрсөтүп баштайт. Мен болсо “мунун баягысы дагы башталдыбы” деп мактанып жатканын жактырбай, ары басып кетем. Талантына жараша, кыялы да чукул эле…

Эмне, Талгат менен иштешүү жеңилге турган жокпу?

– Ооба деп ачыгын айтканым эле туура болот ко?! Анткени, талантына жараша мүнөзүндө кежирлик да, өжөрлүк да бар болчу. Ал эми артист катары өз кесибинин профессионалы деп айталам. Кийин фильм аяктаганда, дагы бир ирет Талгат менен араздашкан учур жаралды. Келишим боюнча Талгат башта төлөнчү акчасына макулдугун берген. Анан кетээринде акчаны аз деп чыкты. Ушундай ыңгайсыз абал түзүлдү. Мындайда жубайы Венера жардамга келчү.

Балким, маркум Талгат Нигматулиндин Союзга дүң болгон секта башчылары Абай Бөрүбаев менен Мырзабай Кымбатбаевдердин уюмуна аралашып калганы, ошол каржы маселесине келгенде кызыгуусу күчөгөндөн улам болгондур?

– Ким билет?! Ошондой да ойго кетесиң. Эмне себеп менен аларга кошулуп жүрөт, түшүнө албадым. Ошол боюнча фильм бүткөндөн кийин Талгат экөөбүз эч бир жерде кездешкен жокпуз.

Ар бир фильм тартылып жаткан учурда кызыктуу окуяларга көп туш болооруңуздарды жакшы билебиз. «Бөрү зынданда» кандай жагдайлар түзүлдү?!

– Андай учурлар көп эле өттү. Кайсы бирин айтайын?! Бир күнү фильмдеги капитан Маликов (капитандын ролун Жоробек Аралбаев аткарган) менен болгон мушташ эпизодун тартууга туура келди. Алгач Жоробек Аралбаевге: «Азыр мушташасыңар!» – дедим. Жоробек дароо баш тартып: «Мен муну менен кантип мушташам, бул каратэист» – деп сүрдөп туруп алды. «Сен деген азыр Аралбаев эмессиң, сен деген капитан Маликовсуң!» – деген талапты катуу коюп, репетиция кыла баштадык. Башта, Талгат Нигматулин менен мушташкандан айбыгып турган Жоробек аргасыз макул болду. Бир убакта мушташып жатып Жоробек күү менен каракушка катуу чаап ийсе, Талгат эки метрдей учуп түшпөспү?! Анан Талгат чырдай баштады: «Мен деген «Өзбекфильмдин» актерумун. Силер мени неге кордойсуңар, мен кетем!» – деп аябай ыза болду. Көпкө кечирим сурап, эптеп таарынычын жаздык. Мындайда көбүнесе жубайы Венераны гана укчу. Экөөнүн сүйүүсү күчтүү эле. Андан кийин биздин капитан Маликовубуз мени арыраак ээрчитип барып: «Ой, Болот байке, мунун эмнеси каратэист, мен муну бир чаап эле сулатып койдум го, каяктан жүрүп кара кемер тагынып жүрөт?» – деп күлдүрөт. Азыр эстесең, аргасыз күлө турган ушундай ирмемдер да өткөн.

Бүгүнкү күндөрдө сизди көпчүлүк кайсыл тасмаңыз менен таанышат деп ойлойсуз?

– Иш менен көптөгөн өлкөлөргө барууга туура келип калат. Бир канча мамлекеттерде жүрүп калганымда, өзүмдүн эмгектеримдин ичинен «Ак кеме», «Караш-Караш», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильмдерин атасам, мени билишпейт да, «Бөрү зындандын» атын угушаар замат тааный коюшат. Менин башка фильмдеримди «Бөрү зындандай» эч ким көрбөсө керек деп ойлойм. Кийин казактар бул киномду көрүп алып: «Мурда эле «Казакфильмден» тартканга уруксат берсек болмок экен» деп бармактарын тиштешти. Чынында эле «Бөрү зындан» өлкөгө бир канча каражат таап бергенден тышкары Талгат Нигматулиндин да ажарын ачып, калың журтка таанымал кылды десем жаңылышпайм.

Маек куруп бергениңиз үчүн рахмат!

* * *

Көчөбүздө февраль өкүм сүрүп, мал короонун ичинен кургак жерди издеп таап, чүкө атып атканбыз.

– Коммунизм деген ким? – дедим оң көзүн чылк жуумп алып, кыдырата тизилген чүкөлөрдү мээлеп турган курбум Темирге.

Ок, кокуй! Ошону да билбейсиңби?! деди.

Билбеген үчүн сурап атам да! дедим. Чын эле тааныбачумун «коммунизм» дегенди. «Коммунизм» деген кандай неме болду экен? – деп баш катырчумун. Бүгүн минтип ойноп атып оюма келген суроомо атасынан укканын саймедиреп, көптү көргөн немедей жооп берип атты курбум:

Коммунизм деген жыргал жашоо. Көрөсүң го, биз акырындык менен ага жетебиз. Дүкөндөрдө бүт бардыгы бекер болот. Каалаган адам кирип, эмне керек болсо, ошону алып чыгып кете берет. Мага муну атам айткан! – деди Темир эдиреңдеп.

Ой, иий! Анда жыргал го?! дедим чындап ишенип…

* * *

А, балким, атактуу актер Талгат Нигматулиндин аянычтуу аяктаган өмүрү, аны өлтүргөн Абай менен Мырзабайдын олуялык иштери арадан беш-алты жыл өтүп болгонунда, өлкө мындай чуулгандуу окуяга анчейин деле таңыркамак эмес. Кандай болгон күндө да, Абай менен Мырзабайдын ишмердүүлүктөрү атеисттердин оозунан «алласын» түшүргөн, Союз ичинде солк эттирген туңгуч окуяларга айланды да калды. Айтор, ал учур Дарвин акенин далилин жадыбалдай жаттатып: «Ата-тегим маймыл болгон, мен да ошол маймылдан тарагам» деп жар салдырып, Кудайын тааныбай кутурушкан атеисттердин өкүм-зордукка салган заманасы эмес беле?!

Аял-эркек ортосундагы ыйык махабатты ырдагыча, «партия», «атам Ленин» деп ботодой боздотконду өнөр көрүшчү, өзүлөрүн да, өзгөлөрдү да алдашып. Анан эле «кайра куруу» менен «ачык-айкындыктын» арааны жүрүп баштаганда, Күн Батыштан чыккандай боло түштү го, чиркин! Кудай бетин салбасын, катылуу сырлар ачылып, «коммунистмин» деген куу чирендер демократ болуп чыга келишти заматта. Аталары Ленин менен Сталинди ашата сөгүшүп, алардын жүзүкаралык менен жүргүзгөн саясатын калктын калың катмарына жайышып, айтор, башаламандык күч алып атты өлкөдө.

Анан көрүп ал. Калк ичинен көзү ачылып эм салгандары, калпа-эшендер көбөйүп, бүбү-бакшылар, төлгөчү дегендер чыга келди. Билбейм?! Мурда мындайды көрбөгөн элдин көзүнө өөн эле учурап атты. Кашпировский, Чумак, Джуналардан бир канча жыл мурда пайда болуп, тиягы Москва, биягы Прибалтикадан өйдө калың калктын катмарына терең тарап, таасирлүү «олуяларга» айланган Мырзабай менен Абайдын күчтүү касиетке эгедер экени чын болсо, акча менен бийликке умтулушпай, атактуу актердун кырчын өмүрүн кыйышпай түз жүрүшкөнүндө, балким, алар да өз улуттарынын сыймыгы болмок беле деген ой кетет…

Алигүнчө бир беткей каралып келаткан Союз учурундагы чуулгандуу ушул иш изилдөөгө алынып чекит коюлмайынча Абай жөнүндө да, Мырзабай жөнүндө да, көп кырдуу өнөр ээси Талгат Нигматулин туурасында да аягы жок айың кептер айтыла берээри ырас…

* * *

1985-жылдын кыш айлары. Анда мен 3-класстын окуучусу элем.

“Э, кокуй! Жанагыл кинодогу артист өлүптүр. Аны өлтүргөн өзүбүздүн жогорку айылдагы баягы акындын уулу экен!” – деген күбүр-шыбыр кептер айыл ичин өйдө-ылдый аралап, ар бир үйдүн каалгасын каккылап жатты. Жеке эле алакандай айыл эмес, Советтик өлкө делген он беш мамлекет ичинде ушул окуя аңыз кепке айланып, көпкө айтылды. Азыркы тапта да адамды айран-таң калтырган ал окуя туурасында: “Өлкөнү СССР деген темир чеңгел кармап турган учурда, кандайча ушул окуя болуп өткөн?” – деген суроо айрымдарынын көңүл-көйүнөн кетпей келет.

Кийин бир канчалаган жылдар өткөн соң айтылуу актер Талгат Нигматулин жөнүндөгү маалыматтарды окуп, топтой баштадым. Анда эмесе алигүнчө аягына чекит коюлбай – Талгат Нигматулин, Абай Бөрүбаев, Мырзабай Кымбатбаев туурасында анда-санда баян эткен эмгектерден азын оолак кеп козгоо менен бирге, ал чуулгандуу окуяны акыр аягына чейин териштирген литвалык тергөөчү Гедас Норкунастын 07-2-021-86 номурлуу ишине көз чаптырып көрөлү:

Кылмышкерлердин көрсөтмөсү:

Айыпталуучу Григорий Б.: «Алгач коридордон уруп баштадык. Андан соң ашканадан, акыр аягында конок бөлмөсүнөн. Ал «жетишет» деп кыйкырып жатты. Биз болгон күчүбүз менен ура бердик. Талгат креслодо олтурганда, Мырза 5-6 жолу муштум менен катуу сокку жасады».

Айыпталуучу Пестрецов В.: «1985-жылдын 10-февралында кечкурун Валентиндин үйүнө Абай, Талгат, Гриша жана Иван болуп жөнөгөнбүз. Ал жактан көптөгөн арак жана шампан ичтик. Абай урушту баштагысы келип жатты. Бирок Талгат аны колдоп койгон жок. Валентин бизди конок экенибизге карабай кууп чыкты. Бир убакта урушту басыш аракетин кылып Валентиндин аялы Талгаттын шапкесин жулуп алып, сыртка качты. Талгат аны кубалап жөнөп, өзү жалгыз бизди таштап коюп, Палаускастын үйүнө келиптир. Балдар анын чыккынчылыгына чыдай албай, тарбиялаганды туура көрүштү. Абайдын айтуусу боюнча биз Гриша, Иван, Владимир болуп Талгатты уруп жаттык. Акыр аягында Абай өзү да бизге кошулуп уруп кирди. Төрт саат чамасында тепкиледик. Мырза 4 жолу урду. Жалгыз эле Талгат эмес, Абайдын аялы Нийолени да сабадык. Талгат таңкы саат он бирлер чамасында өлдү».

Абай: «1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономика факультетин аяктагам. Талгатты бизден бөлүнүп өзүнчө качып кеткендиги үчүн жазаладык. Биз биополе менен адамдарды дарылачубуз. 1980-жылы Мырзабай менен таанышкам. «Огонёк» журналынын редактору Анатолий Сафронов жогорку аткаруу кызматкерлерине мага жана Мырзабайга жардам көрсөтүүсүн өтүнгөн кат жолдогон. Бул кат менен биз Кыргызстан комсомолунун 1-секретарына да кайрылганбыз».

Суроо: «Мырзабай деген ким?»

Абай: «Мырза – дербиш».

Мырзабай: «Мен мурда дербиш болсом, азыр дербиш эмесмин. Адамдар мага жардам сурап кайрылышчу. Мен аларга колдон келген жардамымды көрсөткөнүмдө, мага акча беришчү. Мурда ыйык жай эсептелинген Султан-бабада дербиштик менен күн өткөрчүмүн. Үч жыл мурун милиция ал жакка тыюу салгандан бери барбайм. Абай менен Султан-бабадан таанышкам».

Суроо: «Сиз Абайга эмне себептен керек болгонсуз?»

Мырзабай: «Абай Советтер Союзундагы башкы дербиштердин бири. Адамдар Абайга же мага акча беришет. Абай коомубуздун башчысы болгондуктан, ал акча чогултат. Биздин коомдун бөлүмдөрү Советтер Союзундагы ар кайсы өлкөлөрдө жайгашкан. Мен келечекти алдын-ала айтып, дарылай алам. Мен табыпмын. Мага аялдар көрүнгөнү келишсе, алар менин аялым болушчу. Мен гипнозду колдонгон соң массаж жасап, андан кийин аялдар менен жыныстык катнашты кылчумун. Мен дарылачумун. Абай акча алчу. Абай, Гриша, Иван үчөө Валентинден 2-3 миң рубль алышканы жөнөшкөн. Талгатты күчтүү адам катары жөнөткөм. Биздин коомдун мүчөсү Валентин Ленинграддан Игорь Калинаускас менен кошо акча чогултат. Эгер 1000 рублден кем болсо, сабайбыз. Мен Валентинге 3 миң рубль төлө дегем. Ал берген эмес экен. Балдар Валентинди сабай алышпаптыр. Ал кайра өз балдары менен менин кишилеримди сабаптыр. Ошол учурда Талгат дааратканада олтуруптур. Ал өз курбуларын таштап, эрте келген. Андан кийин биздин балдар таяк жешип, акчасыз келишти. Биз ортодо улам эс алып чай ичип, Талгатты сабадык. Башкалары мени коркок экен дебесин деп мен да урдум».

Суроо: «Талгат деген ким?»

Мырзабай: «Талгат – Абайдын шакирти. Ал 2-3 миң бергендин ордуна 700 рубль эле алып келиптир. Биздин коомдун Үргөнчтө, Хорезмде, Ригада, Таллинде, Одессада, Москвада, Ташкентте, Донецкиде өкүлдөрү бар. 84-жылдын августунан тартып, Валентин акча төлөбөй калды. Абай Талгатты Валентинди сабатыш максатында чакырткан. Ал бул иштен баш тарткандыгы үчүн Талгаттын өзүн ур-токмокко алдык. Мен Библияга жана Ленинге ишенем. Абай Лениндин ишин улантуучу!».

Суроо: «Демек, Абай сиздин экстрасенс эмес экениңизди Москвага келээрден мурда эле билген экен да?»

Мырзабай: «Билген!».

Суроо: «А Талгат Нигматулинчи?»

Мырзабай: «Жок, ал билген эмес. Ал өмүрүнүн акыр аягына чейин бизди касиеттүү кишилерден экен деп ойлоду!».

Суроо: «Ал гана эмес өлтүрүп жатканда да?»

Мырзабай: «Ооба…»

Сот кылмышкерлер деп Абай Бөрүбаевге 15 жыл, каракалпак улутундагы Мырзабай Кымбатбаевге 12 жыл, Владимир Пестрецовго 13 жыл, ал эми Седов менен Бушмакинди 8 жылдан эркинен ажыраткан. Соттук-медициналык экспертиза айтылуу актер денесинен 119 оор жаракат алып, 4 кабыргасы сынгандыгын далилдеген.

44-КВАРТИРАДАГЫ ӨЛҮМ

Вильнюс. 1985-жыл. 11-февраль. Түнкү саат экилер чамасы…

Ленин көчөсүндө жайгашкан 49 «а» номурлуу көп кабаттуу үйдүн 44-квартирасында жаңжал чыгып, «жардамга!», «апа!» деп жаналекетке түшкөн кыйкырыктан улам коңшулардын бири милиция кызматкерлерине телефон чалат. Көп узабай милиция кызматкерлери чуру-чуу түшүп жаткан үйдүн коңгуроосун кагышат. Эшик ачылбай, азга күтүп калган милиционердин бири коңшулардан:

– Бул үйдө кимдер жашайт? – деп сурамжылайт.

– Абдан үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн бири. Эмне болгонун билбейбиз? Өзү сүрөтчү. Аялы экономика илимдеринин кандидаты. Атасы Министрлер Советинде чоң кызматкер! – дешет алар.

– Эшикти ачкыла! Милиция! – деген өкүм үндү угушканда да, көпкө дейре эч ким кулак кагып койгон жок. Качан гана:

– Азыр эшикти талкалап киребиз! – дегенде каалганы отуздар чамасындагы аял ачып:

– Кечиресиздер! Күйөөмдүн кандидаттык диссертациясын майлап олтурабыз. Коноктор өз ара талашып-тартыша кетишти! – деп жайдары сүйлөп баштайт. Милиция кызматкерлери коңшу-колоңдорго тынчтык бербей, түн бир оокумга чейин олтурушкан коноктор кимдер болду экен деген кыязда үй ичине киришет. Уктоочу бөлмөгө башбагышса, бир кемпир уктап жаткан болот. Ал Мырзабайдын энеси эле. Конок бөлмөсүнө келишсе, ал жерде эки азиат улутундагы жана европа улутундагы төрт киши олтуруптур. Үй ээси ордунан козголо:

– Кечиресиздер! Коноктор бир аз уруша кетишти. Мынакей, жакшынакай элдешип алышты. Мындан ары мындай болбойт! – дейт.

– Түн бир оокум болду. Коңшуларга тынчтык бергиле! – деп милициялар чыгып кетишет. Эгер ошол саам органдын адамдары жуунуучу бөлмөгө киришкенде, балким, атагы жаңыдан алыска тарап, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө арзыган актердун өмүрүн сактап калышат беле, ким билет?!

Талгат Нигматулин Ташкенттен Вильнюска Абайдын чакыруусу менен бир күн мурун келген эле. Буга чейин Абайга баш ийген прибалтикалык топтун мүчөлөрү Абайдан бөлүнүп өзүнчө ийрим ачышаарын угушканда — каратэ чемпиону, атактуу инсан катары пайдаланууну көздөшкөн Мырзабай менен Абай алардын сазайын колуна берип, өз тобуна баш ийдирүүгө жана алардан акча өндүрүүгө Талгатты мажбурлаган. Талгат мындай иштен караманча баш тарткан.

Төрт саат бою топтой тепкиленип, бир нече сокку жеген актер милиция кызматкерлери келген убакта тирүүлүк менен кош айтыша албай жаны кыйналып жаткан. Алар узап кеткен соң кайрадан өкүрүк, кайрадан кыйкырык жаңыра баштайт. Бирок бул ирет коңшу-колоңдору эч кимди чакырышкан жок. Арактан ичип алагүү болушкан шерлер таңга жуук гана ур-токмокторун токтотуша эстерине келишет. Үй ээси «өлтүрүп албайлы» деген ойдон улам, тааныш врачын чакыртат. Бирок кеч болуп калган эле…

АБАЙ

Интеллигент үй-бүлөдөн чыккан Абайдын ден соолугунда кичинесинен тартып түшүнүксүз белгилер пайда болуп, көзүнө кандайдыр бир сырдуу дүйнөлөр тартыла баштаган. Көргөзбөгөн доктуру калбаган ата-эне Сулайман тоосунда сары чепкен кийип, жашыл чалма оронгон дубанага кез болушат. Айыгып кетеби деген үмүттө, ал карыяга уулун көрсөтүшсө:

– Бул бала менде жүрсүн! Өзүм айыктырып алам! – деп баланы таштап кетүүлөрүн ата-энеден өтүнөт. Дайым чыңалып ооруган баш оорусунан алты айга жетпей куландан соо айыккан Абайдын өзүндө чындап эле касиеттүү күч бар экенин баамдаган ошол суфизм агымынын күчтүү аалымы Ысмайыл калпа араб ариби менен кошо диний илим боюнча сабатын ача баштайт.

Абай Бөрүбаев 8 жыл түрмөдө олтурган соң Кыргызстандын Молдовановка түрмөсүндө жаткан жеринен учук менен ооруп, 1993-жылы боштондукка чыгып, ошол эле жылы июнь айында каза болгон. Ал эми Мырзабай Кымбатбаев 1993-жылы эркиндик алып, өзүнүн туулуп-өскөн жериндеги мурда дербиштик кылган Султан-баба жайында кишилерди дарылап, кийинчирээк Ташкент шаарына көчүп келген. 2006-жылы октябрь айында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Баарынан да таңкалаарлык далилдердин бири – Абай менен бир топ жыл мамилелеш болуп жүргөн литвалык атуул Валентас: «Абай чынында эле адамдагы өзгөчө күчтөр боюнча илимий иш жүргүзүп, Москвадагы аттуу-баштуу адамдардын арасында өтө зор кадыр-баркка ээ болгон. Кадимки Джуна Давиташвили өзүнүн фотосүрөтүн белекке берип жатып: «Устатыма – шакиртинен!» деп жазганы эле анын бул чөйрөдө канчалык аброй күткөнүнөн кабар берет» – деп эскерет.

ТАЛГАТ

Талгат Нигматулинди Союз учурундагы ар өлкөнүн миң сандаган көрүүчүлөрү  “биздин артист” деп өзүлөрүнө энчилеп келишкендигинин өзү, анын күйөрмандарынын өтө көптүгүнөн кабар берет. Талгатты мейли өзбек, мейли орустун актеру катары санашпасын, канткен күндө да ал кыргыздын суусун ичип, абасынан кере дем алып чоңойгондугун унутта калтырбашыбыз кажет.

1949-жылдын 5-мартында Кызыл-Кыя шаарында жарык дүйнөгө келген Талгат бар болгону 36 гана жыл өмүр сүргөн. Анын кинодогу бийиктиги делип көпчүлүк мактап-жактаган, жеңил-желпи фильмдердин катарын толуктаган «20-кылымдын каракчылары» фильминдеги терс каарман Салехтин образы эмес, жеке баамымда Б.Шамшиевдин «Бөрү зындан» киносунан кийин атагы алыска тараган десем жөндүү болор. «Өзбекфильмде» иштеп, «Мосфильмде», «Свердловфильмде» бир катар кинолордо аткарганы менен анын багына эң башкы ролдор өзүбүздүн «Кыргызфильмден» туш болуп, Мелис Убукеевдин «Кырчын өмүр — кыйылган сүйүүсүндөгү» Назардын, Б.Шамшиевдин «Бөрү зынданындагы» Саматтын образдары аркылуу гана ысымы дүйнөгө дүңгүрөдү.

Суроо туулат!? Эмне себептен жаш кезинен кайратмандыкты сүйгөн эрки бекем спортчу, Өзбекстандын каратэ боюнча чемпиону, кара кемердин ээси, таланттуу киноактер Талгат Нигматулин өзүнөн үч жаш кичүү Абай Бөрүбаевди «ата» деп ага баш ийип, кудайындай көргөн. Дагы бир жандырылбай кеткен табышмак, көзү өтөөрдөн аз мурда Талгат христиан динин кабыл алып, Анатолий деген ысымга ээ болгонун биринчи жубайы Лариса Кандалова православдык чиркөө кызматкеринен укканын өз маектеринде эскерген.

* * *

Талгат Нигматулин жана анын сырдуу өлүмү туурасында бир топ жылдан бери  маалымат топтоп жүргөм. Экинчи жубайы Халима Хасановадан төрөлгөн уулу Саид Нигматулин учурда «Мосфильмде» ата кесибин улантып, бир катар фильмдерде башкы ролдорду жаратып келет. Мындан тогуз жыл мурда Саидке кат жолдогонумда:

– «Атамдан үч-төрт жашымда айрылдым. Кокустан атам туурасында ойго бата турган болсом, менде сакталуу калган жалгыз элес, ал – атамдын мени эки колдоп өйдө көтөрө ойнотуп жаткан учуру!” – деген гана жооп алдым. . .

Данияр ИСАНОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *