Башын береги шилтемелерден табасыз: (1-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору, (2-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги, (3-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май айындагы окуялар, (4-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларын иликтөө жана анын тыянактары, (5-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин президенттик доору

IV БӨЛҮК
(Урматтуу окурман, төмөндө аты аталган тарыхый инсандардын, үзөнгүлөштөрдүн баарын эле сыйлап-урматтайм деп айта албайм, бирок алар мага замандаш, үзөнгүлөш болушту. Эч кимди каралагым жок, бирок чындык дайым ачуу. Кантсе да, алар өз заманынын чыгаандары. Ушуну так ажыратып карап, окууну суранам)
1. Канат Ыбыке уулу (Канат хан) орусча аты Канат Абукин
Канат хан – кыргыздын Сарыбагыш уруусунун манап тукумунан болот. Эл арасында айрыкча Кочкор жергесинде Канат хандын өмүрү, баатырлыгы жөнүндө түркүн легендалар бар. Айрым чыгармачыл адамдар Канат хан жөнүндө көркөм чыгармаларды да жазган. Ал өтө билимдүү, арабча окуп жана жаза билген, Кочкор өрөөнүнө биринчи болуп медресе ачкан, 1904-жылы Меккеге ажылыкка барып келген адам экен.
Менин Ыбыке уулу Канатты акыркы 100 жылдагы мен сыйлаган адамдардын көч башына койгондугума 2015-жылы Үркүн окуясынын 100 жылдыгына карата Улуттук Илимдер Академиясынын архивиндеги Канат хан жөнүндөгү Россия падышачылыгынын доорунда топтолгон архивдик материалдар түрткү болду. Ал архивдик материалдарга таянсак, Канат хан 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүндө көтөрүлүшкө катышкан Чүй, Кочкор, Нарын, Жумгал жергесиндеги эл тарабынан 3 жолу хан көтөрүлүп, эл башында жүрүптүр. Ушунун өзү эле Канат хандын ким экенинен кабар берет.
“Элим мени хан көтөрдү эле, элимден кара жаным садага болсун”-деп, бир уулу Керимбайдын Токмоктун алдында 1916-жылдын август айында орус падышалык аскерлери тарабынан окко учканына, экинчи уулу Исхак 1916-жылы ноябрь айында “көтөрүлүшчү” катары дарга асылганына карабай, айрым кыргыз манаптарына окшоп Орус падышачылыгына сатылып кетпей, “элиме тийбе, өлтүрсөңөр мени өлтүргүлө, көтөрүлүштү мен баштагам”-деп генерал-губернатор А.Куропаткинге жолугуу үчүн өзү барып колго түшүп бергени эмне деген эрдик. Канат хандын замандаштары болгон нечен манаптар, айрымдары 1916-жылы хан көтөрүлгөнү менен Канат ханга окшоп кыргыз эли үчүн өз өмүрүн садага чапканы жок. Айрымдары сатылып кетсе, айрымдары Кытайга барганда элин таштап кеткен.
Архивде азыркыга чейин сакталып турган Канат хандын сотко, прокурорлорго берген сурак протоколдорунда ал эмне үчүн көтөрүлүшкө чыкканын фактылар менен келтирип, себептерин эсептеп берген. Ал, “Орус падышачылыгынын кыргыз элине карата жүргүзүп жаткан саясаты — кыргыз жерине келишкен орус чиновниктери тарабынан акырындап кыргызды эл катары жок кылганга баратат”-деп, кыргыздардын айдоо, суулуу, токойлуу жерлери толугу менен тартылып алынып, келгин орустарга берилгенин, Сырттан (Кочкор, Жумгалдан) Чүй өрөөнүнө кышкысын мал жайып келе албай калышканын, себеби, Шамшынын, Кегетинин белдерин келгин орустар ээлеп, мал өткөн сайын шумдуктуудай туяк пул (салык) коюп салганын, кыргыздарды орус чиновниктери адам ордуна көрбөй, кааласа ит аткандай атып салышарын, болуштарды жайлоодо уезддин чиновниктерине ким параны көп берсе, ошол адам болуш болорун ж.б. айтып, ошол үчүн көтөрүлүшкө чыкканын, эл аны хан шайлагандан кийин, кыргыз жери, элинин эркиндиги үчүн элдин башында турганын көрсөткөн.
Туркестан крайынын генерал-губернатору А.Куропаткинге Канат хандын көрсөтмөсүн билдиришкенде, ал анын көрсөтмөсүн текшерүү үчүн атайын адамын Пишпек уездине (Пишпек уездине азыркы Чүй областы, Кочкор, Жумгал райондору кирген) жиберет. Анын адамы келип Канат хандын көрсөтмөлөрүн текшерип чыккандан кийин мындай деп рапорт берет: “…По поводу показаний Канат Ыбыке уулу докладываю:
1. Что касается вопрос о том, что бывщие производители работ Мазуренко и Болушевич брали взятки…,
2. По поводу злоупотребления члнов переселенческое ведомство и их джигитов забравшем баранов у киргиз бесплатно… циркулярного слухов особенно в последние годы…
3. Что касается показаний К.Абукина по поводу изьятие у киргиз Кочкорской волости почти всех удобных земель и Качикенской волости были сделаны совершенно неправильно;
4. По поводу взаимоотношений между киргизами и переселенцами показания К.Абукина вообще не противоречить действительности, только досадно что препровождено только выписки этих показаний, а не все показаний полностью”- деп орус падышачылыгынын Корсак деген кызматкери да Канат хандын адилет, чынчыл, өз элин, жерин сүйгөн патриот адам экенин тастыктаган. (РГА НКВД Кирг.ССР Ф. 77д.34 л43-45)
Канат хан өзү болсо ”…я признаю виновным в том, что задумал учинить восстания против правительственных властей…”-деп себептерин айтып, 5 жолку суракта 37 бетттен турган көрсөтмө берген. Канат Ыбыке уулунун патриоттуулугун, чынчылдыгын, элин, жерин сүйгөн инсан экенине, берген көрсөтмөлөрү туура экение ынанган Туркестан генерал-губернатору Канат ханды бошотуу жөнүндөгү №779 телеграфтык буйругун чыгарган. Россиянын Убактылуу Өкмөтүнүн 3-жана 17-мартындагы жарлыгынын негизинде Канат Ыбыке уулуна козголгон кылмыш иштер толугу менен кыскартылып, ал акталып, токтоосуз түрмөдөн бошотуу жөнүндөгү Пржевальский уездинин 5-участкасынын мировой сотунун 1917-жылдын 27-мартындагы токтому Верныйдагы түрмөгө жиберилет. Бирок Канат Ыбыке уулу түрмөдөн чыгарылбай өлтүрүлгөн.
Канат хан эки уулу менен кыргыздын жери, кыргыз улутунун боштондугу үчүн теңдешсиз согушта баатырларча курман болушкан. Анын баатырлыгы эл, жери үчүн ошол кездеги коррупцияга, өзүм билемдикке каршы багытталганына Орус падышачылыгы да “тан” берип, актоо өкүмүн чыгарууга аргасыз болгон.
Бүгүнкү саясатчыларга, эртеңки муунга Канат хандын баатырдыгы өрнөк болууга арзыйт. Кимдир бирөө кыргыз элинин башына келип, Канат хандай хан боло албаса, колундан келген ишинди кыл, бизнесиңди жүргүз, сага саясатта орун жок, хандыгынды өткөрүп бер, элди, жерди кор кылба, мамлекеттин эгемендүүлүгүн сатпа, аны сакта, себеби, Канат ханга окшогон бабаларыбыздын арбагы кечирбейт, демекчимин!

2. Жаркынайым (Малика–и Шахубан) Токтоназар кызы жана Курманжан датка
Кыргыз кыздарынын баатырлыгы, сулуулугу, кеменгерлиги, мээрман журт энеси, үй куту болгондугу жөнүндө эпикалык каармандар Каныкей, Айчүрөк, кыз Сайкал, кыз Куялы, Жаңыл Мырза ж.б. аркылуу билсек, совет доорунда Уркуя Салиева, Зууракан Кайназарова, Өлмөскан Атабекова, Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбү Түрсүнбаева, Айсулуу Токомбаева сыяктуу эмгеги, таланты менен кыргызды дүйнөгө тааныткан кыргыз сыймыктанчу кыздарыбыз көп.
Жалпы кыргыздын башына кайсы бир тарыхый бурулушта каран түн түшүп турганда Шабданга окшогон эркектерге караганда улуттун намысы үчүн бекем турган Курманжан даткага окшогон, кайсы бир денгээлде кыргыздын камын көрүп, кыргыздын намысын коргогон кыздарыбыз болгон. Бирок ушул күнгө чейин “орус жыттуу” кыргыз тарыхы ал уул-кыздарыбыздын тарыхый бейнесин жалпы улуттук денгээлде ачып, жарыкка алып чыга элек.
Мына ошондой кыргыз сыймыктанчу кыздарыбыздын бири тарых беттеринде Малика-и Шахубан, Заман Мээрбан, Аким энеси, Малика Хубан ж.б. аттар менен таанылган, чейрек кылым Кокон мамлекетинин ордосунда кыргыздын 40 канаттуу боз үйүн тиктирип, Кокон ордосун кыргыз уюткусу кылып турган Аксы, Талас жергесинде жашаган кыргыздын саруу уруусунан чыккан кызыбыз Жаркынайым Токтоназар кызы болгон. Ал Курманжан датканын жакшы көргөн эжеси, замандашы, сырдашы, тагдырлашы да болуп кетет.
Мурда Жаркынайым Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романынан Шералы хандын жубайы, Кудайар хандын энеси, Курманжан датка менен эже-синди болуп катташкан сырдашы, Нусуп бийге окшогон кыргыз баатырларынын ишеничтүү карындашы катары белгилүү болсо, 1992-жылы Стамбул университетинин китепканасынан Кокон хандыгына байланыштуу көлөмдүү кол жазма белгилүү тарыхчы Анвар Мокеев тапкан Магзунинин (Зиябидин Максым) “Фаргана хандарынын тарыхы” деген тарыхый эмгек менен Жаркынайым Токтоназар кызы жөн эле Кокон ханынын көптөгөн аялдарынын бири эмес, нукура кыргыз кыздарындай баатырдык мүнөзү бар, намыстуу, кыргыздын улуттук каада-салтын, үрп-адатын бекем кармаган, ордо иштерине өтө таасирлүү адам экени тастыкталган.
Ооба, Курманжан датка Кокон хандыгы орустар тарабынан кулатылганда, орустар түзгөн документке Алай ханышасы катары Алай элинин атынан кол коюп, орустар түзүп кеткен тарыхта сакталып калса, Жаркынайым Кокон мамлекетин орустар жок кылгандай, Кокон мамлекети менен кошо жок болгон.
Стамбулда табылган эмгекти чагатай тилинен азыркы кыргыз алфавитине которуп, изилдеген белгилүү окумуштуу Омор Сооронов мындай дейт: “… Булардын ичинде Малика-и Шахубан жөнүндөгү … бир топ тарыхый булактарга, элдик санжыраларга сереп салынып, Ханайымдын өмүрү, иш-аракети, жашоо образы туурасындагы далай фактылар келтирилген. Ошого карабастан Малика-и Шахубандын (Жаркынайымдын) кыргыздын көрүнүктүү айымдарынын арасынан бөлүнүп көрүнгөн туруктуу, эрктүү, өктөм, баатыр мүнөзү, окумал авиятааниги (билимдүүлүгү) калк кулагына жакшылап илине элек…” (Аталган эмгек 29-б.)
Аталган тарыхый эмгекте Шералы хан Коконго барып хандык тактыны ээлегенден кийин, үй-бүлөсүн Таластан алдыруу үчүн бир топ лашкарларын (аскерин) аттуу-баштуу адамдар менен Таласка жибергени айтылат. Ошондо аларга Жаркынайым: “… Эй төрөлөр, бизди эмне себептен алып баратасыңар? Кудайга шүгүр, Алла талаанын берген дөөлөтүн ушул жерде деле көрүп жашап жатабыз”-дейт экен (199-б). Бул каниеттүүлүк, токтоолук, хандын аялымын деп жулунбай, “кудайга шүгүр” кылганы, азыркы Кыргызстандын Президенттеринин “ханайымдарына”, депутат-олигархтардын аялдарына өрнөк, сабак болуучу улуу касиет.
Аталган эмгекте хандын үй-бүлөсү Таластан Аксыга жеткенде Кокондо кайрадан Бухар эмири менен согуш болуп, Жаркынайым уул-кыздары менен саруунун кыркуул, тубай уругунун элинин арасында туруп калганы айтылат. Коконду Бухар эмиринин лашкарлары курчап алганын уккан Жаркынайым кыркуул, тубай элинин мыкты чыкмаларын топтоп, Кожомурат бийге: “…Шералы хан баатыр мамлекет башчы болуп, силер анын кызматчылары болсоңор, бул салкын жайларда кабалап ойноп жүрсөңөр, бул кылганыңар кандай? Лашкар (аскер) чогултуп, Тактакуй тоосунан Маххамат Назарбекти алып келгиле! (Маххамат Назарбек “Сынган кылычтагы” Бекназар баатыр болсо керек) Антпесеңер мен өзүм лашкар чогултуп, Коконго барам!”-деп ачууланды. Шахубандын бул сөздөрүн эшиткенде Кожомурат бий таң калды… ошол жерде жашаган кыркуул, тубай деп аталган өтө көп элет эли бар эле, ушул кыркуул, тубай уругун чогултуп лашкар кылып турду… Ангыча Маххамат Назарбек бир канча кошуун жыйнап жетип келди… Эки лашкар бирикти. Малика-и Шахубан келгендерге миң кой, эки жүз жылкы, дагы канча алтындарды берди… Маххамат Назарбек менен Кожомурат бий… лашкарлары менен түз эле барып Наманган шаарын ээлеп алышты. (Аталган эмгек 132-б). Бул Жаркынайымдын баатырлыгы, кайраты эмей эмне? Чоң казатта жүргөн Манастын артынан Желмаянга күл-азык камдап жиберип турган Каныкейге окшоп жатпайбы?
Аталган эмгекте Жаркынайым Кокондогу согуш бүткөнчө Коконго барбай Аксыда туруп калганы, ошондо Коконду кайра ээлеген Шералыдан Коконго тез келгиле деген кат келет. Жаркынайымды алып кетүү үчүн көп адамдар, лашкарлар келишет. Бирок Жаркынайымга Шералы хан үйлөнүп алганы тууралуу да кабар жетет. Ошондо ал Коконго тез кетели деген уулу Кудаярга: “… Эй шахзаада, ээ кагылайын орун басарым, көзүмдүн нуру… Атандын “үстүңө аял албайм деген убадасы бар болчу, эми билсек аял алыптыр, жакшысы бизге жооп берсе өз жагыбызга кетсек, деп кат жазып жообун күтөрүн билдирди”. (134-б) Кол жазмада катты Маргаландан жазган деп айтылат. Кокон, Маргалан кайда, Аксы, Талас кайда, жазууда ката кетирилсе керек.
Азыркы Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Жангак деген айыл бар. Ал айылда бир өңчөй Жаркынайымдын төркүндөрү анда-баркылар же “Сынган кылычта” хан тагасы атанган Жаркынайымдын бир тууган иниси Кедейбай датканын тукумдары жашайт. Алардын айтуусунда алар айлана үй салып жашаган жангак багын Жаркынайым Коконго барбай үч жыл Авлетимде, Кара-Сууда (Аксы району) туруп калганда 1845-жылы тиктирген экен. Андан бери кыркылып, картайып жок болгондон калган 2 гектардай жангак багы 2013-жылы Кара-Суу айылдык кенешинин атайын чечими менен “Жаркынайым багы” деп аталып, өзгөчө корукка алынган. 2015-жылы элдик демилге менен карыган жангактар алынып, жаңы жангак көчөттөрү олтургузулду. Тарыхый документ менен эл арасында сөз туура келип жатканы да Жаркынайым уул-кыздары менен 1842-1845-жылдардын аралыгында 40 жаш курагында Аксынын Ой-Алма, Шүдүгөр-Ата, Аркыт, Топ-Жангак деген жерлеринде көчүп-конуп жүргөнү жана Топ-Жангактагы жаңгак багын тиккени чындыкка дал келип олтурат.
Бул фактылар менен Жаркынайымдын билимдүү, уул-кыздарын өзү окутуп, кат таанытканы, бак тиктиргени, күйөөсү ханга кат жөнөтүп уруксат сураганы, анын канчалык денгээлдеги бийик, нарктуу адам экенинен кабар берет. Кол жазмада, Шералы хан Жаркынайымга уруксат бербей, ордодогу эң атактуу адамдарды, өзү алган аялдарды кошуп, баарын Жаркынайымды алып келүү үчүн жибергени, ошондо келген адамдарды кыя албай, хандын уруксат бербей койгонун эске алып, ал Коконго келгени жазылган. Ал эми Курманжан датка Алайда олтуруп, ордодо, Анжиянда кызмат өтөгөн Алымбек даткага арка-бел болуп, “сени бек дейт, жакаңды кирдетпей, үйлөнүп ал”-деп ага уруксат бергени белгилүү.
Жаркынайым Коконго келгенде аны ушунчалык жогорку денгээлде күтүлгөнү, Шералы хан өзү баш болуп, визирлери, баатырлары, нечендеген эшен-калпа, датка, аталыктар тосуп алганы аттарына чейин жазылган (135-б.). Бул тарыхый фактынын өзү Жаркынайым ордого келбей жатып ордо үчүн канчалык денгээлде таасирдүү экенин, хандын үйүнүн ээси ким, чыныгы ханайым келгенин башкаларга сездирип, билдирип, Шералы хандан да жогорку салтанат менен ордого кириши ал жөнөкөй эле хандын көп аялдарынын бири эмес, чыныгы ордо уюткусу, мамлекеттик деңгээлдеги ишмер экендигинен кабар берет.
Аталган эмгекте Жаркынайым: 4 уул — Абдырахманбек, (Сарымсакбек), Кудаяр, Сопубек, Султанмуратбек, 5 кыздын энеси экенин, мындан сырткары Малабекти төрөбөсө да Кудаяр менен эмчектеш кылып өз уулундай өстүргөнү, анын атасы Токтоназар датка да саруудан чыккан Коконго таасирлүү адам экени айрым талаш маселелерге чекит койду.
Тун уулу Абдрахманбек (Сарымсакбек) Шералы ханды Таластан Коконго алып келгенде кошо келген, кол башчы, Төрөкоргон, Наманган, Коконду алганда аскер башчы эле эмес, далай жолу жекеме-жекеге чыккан баатыр болгону айтылат (а.э. 31-б). Ага окшош эле, Курманжан датканын да Абдылдабеги баатыр чыгып, орустарга багынбай, намыс үчүн далай эрдиктерди жасаганы, баатырларча өлгөнү белгилүү.
Жаркынайым ордодо чейрек кылым күйөөсү Шералы хан хандыктан түшүрүлүп, башы алынып, уулдары Кудаяр, Малабек, ж.б. неберелери ар кандай аталыктарды ээрчип же алардын колундагы саясий куралга айланып, хандык талашып, улам бири-бири менен согушуп, женгени хан көтөрүлүп, бирин-бири өлтүргөн кайгылуу оор күндөрдү эне катары жүрөгүнөн өткөргөн. Бул көрүнүш ошол оомалуу-төкмөлүү замандын мыйзамченемдүү кара күндөрү болгон. Аны Жаркынайым токтото да, жеңе да алмак эмес. Ошондой эле окуяга Курманжан датка да кабылып, Камчыбеги орус падышачылыгы тарабынан дарга асылганда аны карап турууга аргасыз болгон.
Жогоруда айтылгандай Курманжан датка Жаркынайымга эжем деп, ат тезегин кургатпай каттап, ордого тигилген кыргыздын боз үйүндө экөө элеттик кыргыздардын тагдыры, турмушу жөнүндө далай сырдашканы айрым булактарда жазылган.
Кыргыздын тагдырына кайдыгер карабаган, азыркы сөз менен айтканда бири Президенттин, экинчиси губернатордун аялдары болгон Жаркынайым менен Курманжан датка бири хан ордосу Кокондо олтурса да элет кыргыздарынын тагдыры үчүн, экинчиси Алайда олтурса да ордодогу кыргыздардын тагдырына күйүп-бышып, экөө тең өмүрлүк жарлары эле эмес, уулдарынын өлүмдөрүн тике карап, чыдаган, тагдыры трагедиялуу энелерден болгон.
Бири Аксы-Таластын кызы болсо, экинчиси Ош-Алайдын кызы болуп, бирок экөө тең жалпы кыргыздын сыймыктанчу кыздары катары тарыхта калышты. Алар кыргыз болуп төрөлүп, кыргызча үй-бүлө күтүп, уул-кыздарды тарбиялап, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын сактап, кыргызча жашап, ар-намыстарын эч кимге булгатпай жашап өтүшкөн.
Жаркынайым менен Курманжан датканын мен урматтаган, сыйлаган адамдарга кошуп жазып жатканымдын себеби, кыргыз тукумун улантуучу кыргыз кыздары Жаркынайымдай, Курманжан даткадай намыстуу, баатыр, ыймандуу, көтөрүмдүү болушса деген ак тилек. Кыргыз кыздары ким болбосун ылгабай, акчалуу бирөөлөрдүн бел кумарын кандыруучу затына айланбай, Жаркынайым, Курманжан датканын сиңдилери экенин ар дайым эстеринен чыгарбай, намыстуу, уяттуу болушса, биринчи кезекте, өмүрлүк жар, үйдүн куту, уул-кыздардын энеси экенини унутушпай кыргыз тукумун көбөйтүүчү, улантуучу эгин талаадай экенин сезсе экен деп жаздым.
Азыркы, келечектеги Кыргызстандын Президенттеринин, Премьер-министр, депутат-олигархтардын аялдары Жаркынайым менен Курманжан даткадан үлгү алып, Президенттин резиденциясында, өз үйлөрүндө сырттан келген чет элдин лидерлерине, алардын жубайларына, кыргыздын өзгөчө каада-салттары, маданияты, наркы бар, түпкүлүктүү эл экенин тааныткан иш чаралар менен кыргыздын боз үйүндө тосуп, узатса деген ой менде турат. Муну ошол максатта да жаздым.

3. Улут лидерлери Жусуп Абдрахманов жана Исхак Раззаков
Акыркы 100 жыл ичиндеги кыргыз улутунун лидерлери болгонбу? Болсо алар кимдер деген суроо берилсе, мен токтолбой туруп Жусуп Абдрахманов менен Исхак Раззаковду айтмакмын.
Жаркынайым менен Курманжан датканын турмушу, үй-бүлөлүк абалдары, тагдырлары окшош болгондой эле Жусуп менен Исхактын басып өткөн жолу, тагдырлары да окшошуп кетет экен. Жусуп Абдрахманов 1916-жылкы окуяда (Үркүндө) жалпы эл менен Кытайга качып, ата-энеси, ага-иниси, эже-карындаштары болуп 7 жакын адамынан айрылып, бир иниси менен кайра Караколго келип, ошол эле кыргыздарды кууп жүрүп кырган орус падышалыгынын аскер командири Бычков дегендин ат багары болуп, орус-тузем мектебинде окуп, аны менен Казахстанда жүрүп, андан ары кызыл армияга, большевиктерге кошулуп, советтик адам катары Кыргызстанга кайра келген.
Тагдыр экен, Ж.Абдрахманов Үркүндө ашып өткөн Туз-Ашуунун түбүндө, Эңилчек дарыясынын боюнда, Үркүндүн 90 жана 100 жылдыгында мен эки жолу болдум. Абдрахманов ушул жерде инисинен ажыраганын күндөлүгүндө жазып кеткен. Анда Жусуп, дагы 80, 90 жылдардан кийин “Хан-Тениринин чокусу” Кытайга, Казахстанга бөлүнүп берилерин оюна да албаган болуш керек.
Ал эми Исхак Раззаков болсо жетимчиликтин айынан Таджикстан, Өзбекстандагы жетимдер үчүн үйлөрдө билим алып, Өзбекстанда советтик кызматчы катары жогорку деңгээлдерге чейин көтөрүлүп, Москванын чечими менен Кыргызстанга мамлекет жана партия башчысы болуп келген.
Абдрахманов, Раззаков экөө тең совет бийлигинин колдоочулары, жаш кадрлары катары И.Сталиндин өзгөчө кадырлоосуна ээ болушкан. Экөө тең кыргыз улуту дегенде ичкен ашын жерге коюшкан, өз улутун, анын тарыхын, тилин, каада-салтын, маданиятын сүйгөн, патриот-мекенчил инсандар экенин Кыргызстандын эң жогорку бийликтерин ээлеп турушканда далилдешкен.
Ж.Абдрахманов 1931-жылы 11-августа Кыргыз АССРинин борбору Фрунзеде өзү Министрлер Советинин төрагасы катары 1916-жылкы кандуу окуя боюнча биринчи жолу расмий бийликтин атынан доклад жасап, бул улуттук боштондук көтөрүлүш Орус падышачылыгынын кыргыз элине жүргүзгөн колониалдык саясатынын кесепети деп айыптап, аны цифра, фактылар менен далилдүү кылып айткан. Мисалы Ж.Абдрахманов: 1902-1913-жылдар аралыгында түпкүлүктүү кыргыз эли 8,9% азайганын, ошол эле учурда келгин орустар Кыргызстанда 10% чейин көбөйгөнүн, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүндө 150 минден ашык кыргыз кырылганын айтып далилдеген.
И.Раззаков болсо, 1950-жылдары Улуттук Илимдер Академиясында окумуштууларга кайрылып, алардан Кокон мамлекетинин кыргыздарга таандуулугу, 1899-жылкы Анжияндагы эшендердин көтөрүлүшүн кыргыздардын көтөрүлүшү деп атап, 1916-жылкы кандуу окуяга туура баа берүүнү талап кылган. Манас эпосунун нукура улуттук элдик эпосу катары оң чечилишине зор салым кошкон.
Эгерде Ж.Абдрахманов И.Сталинге атайын кат жолдоп, жолугушуу өткөрүп, кыргыз улуту башында Россиянын курамында автономия түрүндөгү мамлекеттүүлүгүнө, кийин өзүнчө союздук республика статусун алууга өзгөчө чоң салымын кошсо, И.Раззаков кыргыз мамлекеттүүлүгүн андан ары бутуна туруп кетишине эбегейсиз эмгек кылып, Кыргызстанда Улуттук Илимдер Академиясын, Улуттук университетти, Политехникалык институтту, кыз-келиндер институтун, Ош пединститутун, Каракол пединститутун, Фискультура институтун ж.б. баардыгы болуп 8 жогорку окуу жайын, 24 техникумдун ачылышына салым кошкон.
Улуттук Илимдер Академиясында 14 илим изилдөө институтун ачып, улуттук кадрларга өзгөчө көңүл бурган. Айрыкча алыскы тоо арасында жашаган кыргыздардын билим алышына өзгөчө шарттарды, жеңилдиктерди мамлекеттик денгээлде карап көңүл бөлгөн. И.Раззаков билим берүүдө интернационалдык мамиле кылуунун демилгечиси да болгон. Ал бардык окуу жайларында кыргыз тилин окутууну, ошол эле учурда кыргыз тилдүү мектептерде орус тилин тереңдетип окутууну талап кылган. 1957-жылы мектеп окуучуларына акысыз ысык тамак уюштуруунун демилгечиси болгон.
Эгерде Ж.Абдрахманов кыргыз мамлекеттүүлүгүн жаратуу үчүн жанын үрөп иштесе, И.Раззаков ошол мамлекеттин атын алып жүргөн кыргыз элинин билимдүү болушуна, улуттук кадрлардын чыгышына шарт түзүп, маданият, илим, искусстводо кыргыздардын башка элдерден кем эмес, керек болсо алдыда экенин камсыз кылган. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүк декадасында аны бүткүл союздук денгээлде далилдеген. Ошентип, И.Раззаков кыргыз интеллигенциясынын негиздөөчүсү жана элдик маданий мурасты сактап калууга, аны өркүндөтүүгө аябай салым кошкон.
Эгерде Ж.Абдрахманов И.Сталинге улуттук мамлекеттүүлүк жөнүндө кат жазса, И.Раззаков 1946-жылы Манас эпосунун 1100 жылдыгынын мааракесин өткөрүү боюнча кат жолдогон. Ал катында Манас эпосун орус тилине которуу, дагы изилдетүү боюнча каражат бөлүп берүүнү суранган. Бул өтүнүч кабыл алынып, Манастагы “чоң казат” иллюстрацияланып Москвадан орус тилинде жарык көргөн.
И.Раззаков улуттук кадрларды даярдоо үчүн кыргыз жаштарын Москвага, Ленинградга, Новосибирскиге, Омскиге ж.б. Россиянын чоң шаарларына жөнөтүп, аларга кам көрүп, жардам берип туруусун Кыргызстандын Россиядагы постпредине (К.Качкеевге) тапшырган. Ал эми Ж.Абдрахмановдун көсөмдүгүнөн 1930-жылдары Борбордук Азиядагы ачарчылыктан кыргыздар жапа чекпей, ачарчылыкта калган казактарды батырып, жардам берип сактап калган.
И.Раззаковдун уюштуруусу, жетекчилиги менен Кыргызстанда кыска мөөнөт ичинде айыл чарбасы болуп көрбөгөндөй көрсөткүчтөргө жеткен. 1953-жылы Фрунзе-Ош жолундагы узундугу 3 км. Төө-Ашуу тоннели казылып, Фрунзе-Ош жолу курулган. Пржевальск ГЭСи, Лебединовка, Аламүдүн электрстанциялары, “Кыргызавтомаш”, Ош электромеханикалык заводу, Фрунзе бут кийим фабрикасы, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шахталары, ж.б. 20дан ашык ири өндүрүш обьектилери ишке киргизилген. Ушул жылдары Кыргызстан айыл чарбасында, маданиятта, илимде жетишкен ийгиликтери үчүн Ленин ордени менен сыйланып, 45 адам Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алышкан.
Эгерде Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, А.Сыдыков ж.б. кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын курушса, И.Раззаков ал мамлекеттүүлүктүн өсүп-өнүгүүсүн ишке ашырган, мамлекеттүүлүккө жан киргизген. Ж.Абдрахманов, И.Раззаков дагы экөө тең, алар менен кошо иштешкен, өздөрү менен үзөнгүлөш жүргөн жана бутуна тургузуп адам кылган “киргиздер” тарабынан Москвага жамандалып, кызматынан кетирилет. Ж.Абдрахманов, И.Раззаков экөө тең убагында совет өкмөтү, советтик кыргыз бийлиги тарабынан элдин эсинен чыгаруу, унуттуруу аракеттеринен улам, расмий түрдө аттары аталбай, жашырылып келген. Алардын саясий бейнеси, жашоосу, элине кылган эмгеги эгемендик доордо гана толук ачыкка чыкты.
2000-жылы 2-июнда И.Раззаковдун сөөгү кеч болсо да Москвадан Кыргызстанга алып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Тагдыр экен, Раззаковдой адамдын сөөгүнө топурак салуу мага да буйруптур. Кыргызда “ак ийилет, бирок сынбайт” демекчи, акыркы эле 100 жыл ичинде нечендеген А.Орозбеков, Ж.Абдрахманов, Б.Исакеев, А.Сыдыков, К.Тыныстанов, И.Раззаков, А.Масалиев, Д.Садырбаев, Т.Тургуналиевге окшогон ондогон кыргыздын чыгаан уулдары өзүбүздүн эле расмий бийликтегилар тарабынан жамандалып, ушакталып, куугунтукка алынып, бирок акырында акталып жатышат. Көпчүлүгүнүн кетирген күнөөлөрү болуп “улутчулдук”, же расмий бийликти ачык сындап койгондугу болууда.
И.Раззаковдун кетирген кемчилиги анын айрым маселелерди Москвадан көз карандысыз түрдө, айрыкча улуттук кадрларды өстүрүүдө, улуттук билим, илим маданият тармактарын өнүктүрүү, аны колдоо аракеттери, прогрессивдүү демократиялык реформаларды жасаганы, эң башкысы анын демилгечиси, аткаруучусу да өзү болгондугунда. Анын эң жакын үзөнгүлөштөрү болгон “киргиздер” И.Раззаковдун эң башкы катаасы деп жогорку жана атайын окуу жайларында кыргыз жаштарынын контингентинин көбөйүп кеткенин жазышкан. Ал эми И.Раззаков болсо республикабыздагы ВУЗдагы 15 мин студенттин болгону 5 миңден ашыгыраагы гана кыргыздар, ал эми техникумдарда 32% кыргыздар түзөрүнө нааразы болгон. Экинчи башкы катасы болуп, И.Раззаковдун 1958-жылдын 18-августунда кыргыз тилин республикадагы орус мектептеринде окутуу боюнча чыгарган токтомун көрсөтүшкөн. Ошол кездеги генсек Н.Хрущевдин “Орус тилин канчалык тез өздөштүрсөк, ошончолук коммунизмге тез жетебиз”-деген саясатына И.Раззаковдун бул токтому жаккан эмес. Ал ошонун айынан куугунтукталып, кызматынан кеткен.
Ошентип Ж.Абдрахманов, И.Раззаков кыргызым, кыргыз мамлекети деп жүрүп, кызматтарынан эле кетирилбей, эли журтунан да четтетилишкен. Экөө тең бөтөн элде кызматка кетирилип, андан ары Кыргызстанга келтирилген эмес. Бири “эл душманы” катары атылып, экинчиси өмүрүнүн аягына чейин “сүргүндө” жүрдү. Менин жеке пикримде Ж.Абдрахманов, И.Раззаков чыныгы улут лидерлери катары кыргыз элине, мамлекетине кызмат өтөп, өмүрүн арнаган инсандар. Алардын өмүрүн, баскан жолун, улут лидери катары окутуу кыргыз бийлигинин милдети.

4. Турдахун Усубалиев жана Апсамат Масалиев
Тагдырдын тамашасы менен 2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам Чыгаруу Жыйынында кыргыздын белгилүү бул эки инсаны менен “классташ” катары, Эл депутаты болуп бирге иштеп калдым.
Эл арасында бул эки адам, алардын жасаган эмгектери, үй-бүлөсү тууралуу көптөгөн ар түрдүү сөздөр жүрөт. Мен ал сөздөргө токтобой, ал адамдарды өзүм көргөн, уккан, билгеним жөнүндө гана айта кетүүнү туура көрдүм.
Эгерде Жаркынайым менен Курманжан датканын тагдыралырынын окшоштуктарын, экөөнүн бири-бири менен жакындыгын же Ж.Абдрахманов менен И.Раззаковдун улут лидерлери болушкандыгын, алар кыргыз улутунун кызыкчылыгы үчүн куугунтукта калганын фактылап жазганга аракет кылсак, Т.Усубалиев менен А.Масалиевди жалпылап окшоштуруп жазуу кыйын. Ооба, экөө тең Кыргызстанды узак убакыттар бою башкарышкан, бир системанын адамдары болгону менен таптакыр эки башка адамдар.
Убагында мамлекеттик жана партиялык иштерде экөө тең чыныгы коммунист болушкан, Москваны карап иш кылышкан карт функционерлерден болушту. Т.Усубалиев И.Раззаков баштап жолго салып койгон улуттук кадр, улуттук тарых, маданиятка көңүл бурган жок, ал Н.Хрущевдун саясатын Кыргызстанда күч алдырып, кыргыздарды андан бетер “киргиздештирди”. Тымызын трайбалисттик, көрө албастык саясаттарын жүргүздү. Жөнөкөй эл арасында 25 жыл мамлекет башында турганы менен И.Раззаковдун иштеринин жарымын да кыла алган жок деген сөз бар. Эл арасында Т.Усубалиев курдурган деп азыркы Ак үйүбүз жана шаардын борборундагы анча-мынча обьектилер, анан Кыргызстандын жерлерине курулган Өзбекстандын Кемпирабад, Хасан-Сай суу сактагычтары, Кувакынын жолу, “Хрушевкалар” айтылат. Т.Усубалиевдин заманында улуттун тарыхы, каада-салты, маданиятына өзгөчө басым жасаган Т.Касымбеков, Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматовдор кандайдыр бир денгээлде куугунтукка алынган.
Т.Усубалиев Кыргызстанды чейрек кылым башкарып, СССР ыдырагандан кийин, Кыргызстандын Президенти А.Акаев башында турган реформаторлор тарабынан жүргүзүлгөн “прихватташтырууну”, “жер реформасын” активдүү колдоп, СССР доорунда өнүккөн Кыргызстандын завод-фабрика, колхоз-совхоздорунун талап, тонолуп жок болушун, кен-байлыктар чет элдиктерге берилип, ташылып жатканына каршы турбаган, өзү да куру калбаган Акаевди колдогон. А.Масалиев тескерисинче мындай реформага, талап-тоноого каршы турган.
Беш жыл бир Парламентте олтуруп, Үзөнгү-Кууш, Каркыра ж.б. чек ара маселелеринде ал ар дайым кошуна өлкөлөр тарабында болуп, “Кытай деген ажыдаар, кыргызды жутуп коет, айтканын берүү керек” деген кеп-кеңешин берип, мамлекеттик телерадиодон Акаевдин позициясын колдоп, кыргыз жерлерин талашкан бизди, А.Масалиевди баш кылып “бир ууч эл бузарлар “ дегенге чейин барды. Ошону менен Өзбекстанга деле Ш.Рашидов деген БКнын Саясий бюро мүчөсүнөн коркуп, айтканын берип келгенин тастыктады. Бирок Парламентте биз менен ачык талаш-тартышка түшүп Үзөнгү-Кууш, Хан-Тенири кытайдыкы, Каркыра, Маймак казактыкы деп ачык айталган жок. Ак үйгө баш ийген “подписанттар” деп аталган депутаттарга кол койдуруп, кайрылууну өзү даярдап, Үзөнгү-Кууш, Каркыра үчүн күрөшкөн депутаттарды “эл бузарлар”, “буларга ишенбегиле” деп гезитке жарыялап, өзү КТРден айтып турду. Анын айрым кайрылуулары “Кыргыз-Туусу”, “Эркин-Тоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттерине чыгып, КТРден тынбай берилип, ал тууралуу Парламентте маселе көтөрүлгөндө ал эч нерсе билмексен болуп унчукпай олтурчу. Д.Садырбаевдин ж.б. анын адресине айтылган ачуу сөздөргө да унчуккан жок. Ошондо Т.Сарпашев трибунага чыгып, аны Т.Усубалиев чакырганынан кол коюп койгонун, анын мындай жазып коерун билбегенин, мындан кийин айлыктан башка бир да кагазга кол койбосун айтып, актанган учурлары да болгон.
Турдахун Усубалиевичке бир жолу кабинетине барып, Үзөнгү-Куушка байланыштуу анын мезгилинде СССРдин Совмининин төрагасы Н.Косыгин кол койгон документтерин көрсөтсөм да эч нерсе деп жооп бербей койгон, жарыктык. Ошондо ал кишинин Парламентте дебаттан качып жатканын байкап, ага “Унчупай коюуга укугум жок” деген макалам менен жооп бердим.
Т.Усубалиев Парламентте эч ким менен жакын болуп сүйлөшчү эмес. Кабинетине келет, кетет. Түшкү тамакта Б.Гогаев деген депутат менен гана олтуруп тамактанчу. Бир жолу ыңгайы келип, экөөбүз сүйлөшүп калганда (мындай учур сейрек болду) – Турдахун Усубалиевич, 90дон ашканыңыз менен жапжашсыз, сыры эмнеде, бөлүшпөйсүзбү?-деп тамашалап сурасам, ал мени карап туруп, — “Сен Аксыдансың да, туурабы, Аксынын улагынан бышкан кезде жылда бир жолу сойдуруп жеп жүр, күндө Аксынын төрт жаңгагын же, Баткендин төрт өрүгүн алдырып жеп жүр, анан күнүнө сууга түш, күнүнө 100 грамм таза коньяк ич, анан мага окшоп жүзгө чыгасың”-деп басып кетти. Дагы бир жолу ага, — Сиз Кемпирабадды өзбектерге берип, Ош менен Жалал-Абаддын ортосу 100 км. болуп калды, десем, ал, — “Мен Чаткалды сактап калгам, анда маселени Москва чечет эле”-деди. Ал кишинин дагы бир өзгөчөлүгү ал адамдар менен кол берип учурашчу эмес, баш ийкеп өтүп кетчү.
Апсамат Масалиев Турдахун Усубалиевге караганда элге жакын, карапайым, жөнөкөй адам эле. Ал ким менен, кайсы жерде сүйлөшпөсүн, кайсы маселе болбосун “элге кандай пайдасы бар?”-деп ошого жараша позицияда болчу. Чек ара, салык, энергетика тармагы, приватизация маселелеринде ар дайым “эл эмне болот, эл көтөрөбү, эл эмне дейт” — деп турчу. А.Масалиевдин доорунда Бишкектеги көп кабаттуу “спальный” кичи райондорундагы турак жайлар курулган.
Бир жолу Апсамат Масалиев менен АКШга иш сапарына бардык. Ошондо АКШнын Конгрессинде, же Департаментинде болобузбу, биздин делегация башчыбыз А.Эркебаевге (ал спикер эле) эч ким көңүл бөлбөй, баары А.Масалиевге суроо берип, анын позициясын билүүгө аракет жасап жатышканын байкадык. Ал АКШда биринчи жолу болуптур. Ал бардык берилген суроолорго коммунисттик көз карашы менен жооп берип, АКШда да коммунист бойдон жүрдү. Американын чиновниктери Апсамат акенин ошол катуу позициясы үчүн сыйлашаарын билдиришти. Муну менен мен А.Масалиев коммунисттерче иштеп, коммунисттерче жашап, коммунисттерче бул дүйнөдөн өткөнүн айтмакчымын.
Т.Усубалиев 1990-1994-жылдары легендарлуу Парламентте алтын маселесинде башында катуу туруп, акырында Акаев, Бирштейн тарапка өтүп, ошол боюнча коммунист боло алган жок. Т.Усубалиев менен А.Масалиевден мен көп нерсени үйрөнүүгө аракет кылып жүрдүм. Ал экөөсү эч кандай жакын мамиледе турбаганы менен, ар дайым эки жээкте турушканы менен, эч качан бири-бирин сен деп күнөөлөгөн же биринин адресине бири жаман сөз айтканын байкаган жокмун. Бирине бири макул болбогондо” айрым депутаттар айтып жатпайбы”- деп гана коюшчу. Экөө тең кандай маселе болбосун абдан даярданып, ийне-жибине чейин текшерип, анан факты, цифралар менен далилдеп сүйлөшчү.
Апсамат Масалиев жупуну, жөнөкөй адам катары абдан боорукер, бирөөгө жамандык кылбаган жумшак адам экенин Аксы окуясынан кийин жакшы билдим. Ал аксылыктардын кайгысын тең бөлүшүп, Аксыга чейин барып эл арасында жүрдү. Кандай элдик митинг болбосун эгер чакырылса сөзсүз барчу. Ал: — “Биз эл депутатыбыз, эл чакырса барып угуу керек, элди уккан жакшы болот”-деп айтчу. Апсамат акенин дагы бир эл көп билбеген касиети, ал ыгы келгенде тамашакөй, ичинен кыңылдап элдик ырларды ырдап жүргөндү жакшы көрчү. Америкага Лондондон учуп деңиз денгээлинен 11-12 км бийиктикте баратканда терезени карап, Атайдын “Эсимдесин” ырдап баратканы эсимен кетпейт.
Бир жолу Вашингтондо экөөбүз мейманкананын айланасында басып жүргөндө айттым: — Апсамат аке, көрдүңүзбү, Америка кандай жетишкен, эли кандай жашап жатат, эл үчүн бардык шарт түзүлгөн, сиз эмне үчүн АКШны жек көрүп жатасыз?-десем, ал киши: — “Азимбек, АКШ бүткүл дүйнө жүзүн, МВФ, дүйнөлүк банк, Сорос Фонду ж.б. аркылуу долларды чыгарып коюп, инвестиция, кредит беримиш болуп, муунтуп, соруп жатпайбы! Мына Кыргызстанда айыл-чарбасына реформа кылгыла деп 1996-1998-жылдары кредит берди. Кредитти жөн бербей совет доорунда курулган агрардык системаны талкалайсыңар, жерди жеке менчикке бересиңер, колхоз-совхоздорду жоесуңар деп саясий шарт менен берди. Ошону менен Кыргызстанга экономикалык жардам берген жок, алар аны менен үч-төрт макксатка жетишти, биринчиси, биротоло советтик системаны талкалады, экинчиси, жеке менчикке өтөсүңөр дегенден башка система көрсөтпөй жатат, үчүнчүдөн Кыргызстанга процент менен кредит берип карызга батырып, көз каранды кылып, биздин эсебибизден байып жатат”-деди.
— “Мен АКШнын системасына каршымын, СССРди ушулар талкалаган”-деп сөзүн улады Апсамат аке, “эми дүйнө жүзүнө жалгыз ээ болушканы жатат”. Мен ага, — Апсамат аке, СССРди АКШ басып алган жок да, коммунисттер өзүңөр перестройка кылабыз деп жүрүп дайыныңарды таппай калбадыңарбы?-десем, -“Биз, “болтунга” (Горбачевду айтып жатат) ишенип албадыкпы. Алданып калдык”-деди. Мен ага: — Апсамат аке, 1987-жыл болуш керек, партиянын XIX конференциясында Б.Ельцин, “Перестройка СССРди талкалайт”- десе аны колдобой, кууп жибердиңер го. Эмне үчүн аны колдободуңар эле?-десем, “Айттым го, “болтунга” ишенип, алданып калдык”-деди.
А.Масалиевдин Америкада ал коммунист бойдон жүрдү дегеним, ал АКШдагы бир дагы жакшы нерселерди жактырган жок. Ошондуктан мен А.Масалиевди чыныгы жан дүйнөсү эле эмес, сөөгүнө чейин коммунист экенине бирге жүрүп ишендим. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин Кыргызстан компартиясын, анын О.Дүйшеев, Х.Коркмазовго окшогон мүчөлөрүн көрүп, Апсамат аке менен кошо Кыргызстанда компартия да “өлгөнүн”, ал Кыргызстандагы акыркы коммунист экенине ынандым. Т.Усубалиев да, А.Масалиев да И.Раззаков же А.Абдрахмановго окшоп улут лидери боло албады. Ал Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери катары эмгек кылып, Т.Усубалиевден айырмаланып, коммунисттик идеяларды туу тутуп, тарыхта чыныгы коммунист бойдон калды.
Өкүнүчтүүсү кыргыздарды 1916-жылкы геноцидден сактап калган, кыргыздарга улуттук мамлекеттүүлүктү түзүүгө шарт түзүп, элибизди илим, билимге, сабаттуулукка, маданиятка жеткирген компартиянын Кыргызстанда жок болуп баратышы.
Биздин муун, биз советтик адамдарбыз, биздин муундун көпчүлүгүнө, анын ичинде мага да жеке менчиктен мамлекеттик менчик, жеке кызыкчылыктан коомдук кызыкчылык, жеке адамдын кызыкчылыгынан улуттун (элдин) кызыкчылыгы жогору. Уруу-уруу болуп кылымдарды карыткан кыргыз элинин нукура менталитети да советтик менталитетке окшош. Жайлоо, жайыт, суу, токой, кен-байлык эч качан жалгыз бир кыргыз байыныкы болгон эмес, ал ашып кетсе кайсы бир кыргыз уруунуку болгон. Кыргыздар уруу-уруу болуп жашап, качан жоо келгенде бир муштумдай биригип, катылган душмандын катыгын берип, же өздөрү да катылып турганы нечендеген санжыра, тарыхтан белгилүү. Ал эми Абдрахманов, Раззаков, Усубалиев, Масалиев жетектеген советтик Кыргызстанда да жер суу колхоз-совхоздорго, лесхоздорго бөлүнүп коллективдүү пайдаланылган.Тилекке каршы, 25 жылдан бери деле өз жолубузду табалбай, алигече кыргыз болуп төрөлүп “папа”, “мама” деп чоңоюп, орус болуп жашап, араб болуп өлгөндөн башка жарытылуу жол таппай турганда 70 жыл жашап өткөн тарыхыбызды, жер, сууну, кен байлыктарды жалпы элдики деп тааныган заманыбызды жерий бербей, заманбап жаңыча ой жүгүртүп, жаңыча түс берип колго ала турганын уланта турган мезгил келди.

5. Аскар Акаев жана Роза Отунбаева
Эгемендүү Кыргызстандын биринчи Президенти А.Акаев менен Өткөөл мезгилдин Президенти Р.Отунбаева экөө тең адамзатынын тарыхында сейрек кездешчү революциялык мезгилдердин талабы менен кокусунан өлкө башына келишкен Президенттер катары тарыхта калышат.
Өткөөл мезгилдин өзгөчө талаптары, өзгөчө милдеттери, жоопкерчиликтери менен булардан сырткары 2005-жылдын март революциясынан кийин бийликке келген К.Бакиев да болду. Бирок ал дароо эле бийликке кандай жол менен келгенин унутуп, А.Акаев түзүп кеткен жол менен өлкөнү башкарып, анын жолу менен өлкөдөн качып кетти. Ал эми А.Акаев менен Р.Отунбаева өздөрүнө жүктөлгөн тарыхый милдеттерди кандайдыр бир деңгээлде аткарышты.
А.Акаев 1990-1997-жылдарын аралыгында эгемендүү Кыргызстанды БУУнун, дүйнөнүн башка уюмдарынын толук кандуу мүчөсү кылуу үчүн эбегейсиз чон эмгектерди жасаган. Өлкөнүн саясий-экономикалык системасын реформалоодо, постсоветтик аймакта алдыңкы орундабыз деген куру кыялга улам “ууланып” кээде “жылкыбызга карап ышкырбай”, ашыкча иштерди жасап жибергендерибиз да болду. Табиятынан жумшак, “аял мүнөз”, илимдин адамы катары кабинетте, лабораторияда жетилген А.Акаев өлкөнү башкарууда мамлекетчил катуу позицияны кармагандын ордуна, илимде бир ачылыш ачкандай улам бир чет өлкөнүн моделиндей башкарам деп, чет элдик кенешчилердин эксперименттерин өткөрө берип, аягында өз үй-бүлө мүчөлөрү (балдыздары, күйөө балдары) менен өлкөнү ары-бери башкарып калганын өзү да билбей калды.
Адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, А.Акаев алгач Президент болгондон кийин өлкөнү И.Раззаковдой болуп башкарып, элибизди илим, билимдүү кылып, улуттук тарыхыбызга, каада-салтыбызга, башка дөөлөттөрүбүзгө таянып мамлекет курууга көп аракеттерди баштаган. Ага Манас эпосунун 1000 жылдыгын, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мааракелерин жогорку деңгээлде өткөргөнү, мамлекетибиздин атын Кыргыз Республикасы деп атап, Фрунза шаарынын өз аталышы Бишкекке которуп, айрым район, шаар, айылдарына тарыхый өз аттарын берип, биринчилерден болуп улуттук валюта сомду киргизип, кыргыздар кааласа фамилиясын “овдон” “тегин” же “уулу” деген атка которууга уруксат берип, эгемендүүлүктүн белгилери бар бир топ иштер аткарылган. Албетте, бул улуттук жаңылануулар ошол кездеги Жогорку Кенештеги депутаттардын демилгеси менен жүргүзүлгөн. Бирок, атак-даңкы Акаевге калды.
А.Акаевдин дагы бир жакшы сапаты ал башынан кыргыздын ак калпагын түшүргөн жок. 2000-жылы июнь айында И.Раззаковдун сөөгүн Москвадан Бишкекке алып келдирип, “султан сөөгүн кордобойт” дегендей, жалпы элге султандыгын көрсөткөн. Кадр маселесинде башында илим-билим тармагындагы инсандарга көбүрөөк басым жасаганы да жаңы саамалык болгон. Ага мисал катары, А.Эркебаев, А.Бөрүбаев, Ж.Акималиев, А.Бакаев, Т.Тургуналиев, М.Ашыркулов, К.Жумалиев, Б.Талгарбеков ж.б. ондогон өзү менен Улуттук Илимдер Академясында же окуу жайларында бирге иштешкен адамдарды атасак жетишерлик болот.
Бекеринен Кыргызстан Орто Азиядагы “демократия аралчасы” деп аталган эмес. Чындыгында эле 70 жыл бир компартиянын идеологиясында, башкаруусунда жашаган кыргыз элине Акаевдик доордун алгачкы этабында ушунчалык эркиндик берилди. Саясий системадагы демократия, плюрализм, өлкөнүн экономикалык, чарба жүргүзүү системасында да жүргүзүлүп, элдин, мамлекеттин 70 жылдык жыйнаган байлыгы батыштан келген чет элдик кенешчилердин кенеши менен, мурда чарба эмне экенин түшүнбөгөн академиялык реформаторлордун жетекчилиги менен талоончулукка түштү.
Экономикалык системаны бүлүнтпөй, чачпай туруп реформалап, өндүрүштү улантуунун ордуна приватташтыруу саясатын кыргызча аталышындагы нагыз түшүнүгү менен жакын адамдарына менчиктештирип берүүгө алмаштырды. 5-6 жыл ичинде өлкөдөгү завод-фабрика, колхоз-совхоз, имараттары, станоктору менен, айыл чарба техникалары, малдары, короо сарайлары, балдар бакчалары, стадиондор, ашкана-кафе, дүкөндөр, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, бардык байлык кайда кеткени билинбей, чачылып кетти.
Кыргызстандагы бардык кен-байлыктардын кожоюну чет элдик Б.Бирштейн деген шылуун болду. Ж.Абдрахманов, И.Раззаков, Т.Усубалиев, А.Масалиевдер Москвадан нечен ирет жалдырап, тиленип жүрүп курушкан ишканалар, топтолгон башка байлыктар аз убакытта чачылып жок кылынып, кылмышка тете иш болду. Академик А.Акаев чарба маселесинде бекем тартип, үнөмдүүлүк, сарамжалдуулук керектигин түшүнө бербеди. Чарбаны, өндүрүштү жакшы билген ишмерлердин кеп-кенешин уккан жок. Табиятынан патриоттук-мекенчилдик касиети жоктугун коншу өлкөлөр менен болгон чек ара маселесинде да көрсөтүп, кылымдардан бери сакталып, корголуп келген Каркыра, Үөнгү-Кууш, Хан-Тенири, Маймак, Көк-Сай, Токмок айлампа жол ж.б. стратегиялык участкаларды эч кандай негизсиз, себепсиз өзүнүн жеңил ойлуулугунан чет элден даярдалган документтерге кол коюп, С.Аламанов, М.Иманалиев окшогон, 3-4 өзү сыяктуу адамдар менен коңшу өлкөлөргө берип салды.
Акаев мамлекеттик бийликти колго алуунун референдумдук жолун эн жогорку денгээлде өздөштүрүп, өзүнө керек учурда Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизүүнү адатка айландырды. 1993-жылы 5-майда 3 жылга жакын мөөнөт ичинде талкууланган, Жогорку Кенеште расмий талкуудан өтүп кабыл алынган Конституцияны тар чөйрөдө жеке өз бийлигине ылайыктуу кылып өзгөртүп жаздырып, жалпы эл эмес, профессионалдар да жакшы түшүнбөгөн Конституциянын долбоорун “бүткүл эл кабыл алды” деген арамза жолдор менен бийликти узурпациялап, акырындап өлкөдө башкаруунун жаңы түрүн – үй-бүлөлүк башкаруу формасын орнотту. Конституцияны каалагандай өзгөртүп алуунун Акаевдик бул жолу азыркы күнгө чейин ийгиликтүү колдонулуп келүүдө.
Натыйжада 1998-жылдан кийин мамлекеттик бийлик бутактары мамлекеттик чиновниктер бийлигин мыйзам чегинде элге, өлкөгө эмес үй-бүлөгө кызмат кыла баштады. Кадр маселесинде үй-бүлөгө жаккан адамдар гана кызматтарга дайындалып, үй-бүлөлүк саясий партиялар пайда болду. Кыргызстандагы өлкөнү башкаруунун үй-бүлөлүк башкаруу түрү эки элдик революциядан кийин деле анча-мынча сырткы көрүнүшү өзгөртүлүп, ички мазмуну сакталган бойдон турат.
Мезгилдин талабына ылайык өткөөл мезгилде бийликке келген Р.Отунбаеванын бийлиги Конституциялык денгээлде чектелип калгандыктан жана Президенттик кызматка революциялык үзөнгүлөштөрү тарабынан “компромисттик” фигура катары келгендиктен, өз миссиясын ар намысы менен, Конституциянын алкагында аткарып, Кыргызстанда Президенттик бийликти биринчи жолу тынчтык жолу менен өткөрүп берип кетти.
Эгерде А.Акаев 1990-жылкы Жогорку Кенештеги депутаттардын Президенттик талапкерди тандоодо бир пикирге келбей, аргасы кеткенде Москвада жүргөн Ч.Айтматовго чейин барышып, Айтматовдун жана ошол кездеги расмий Москванын токтолгон “компромисттик” адамы катары кокусунан Президент болуп калган адам болсо, Р.Отунбаева да БЭКтин саясий лидерлеринин ичинен ошондой фигура катары Президент болду.
А.Акаев дагы Р.Отунбаева да ошол мезгилдеги кайсы бир саясий күчтүн же саясий топтун лидери болушкан эмес. А.Акаев Улуттук Илимдер Академиясынын президенти, СССР Жогорку Советинин депутаты катары, Кыргызстандын СССР Жогорку Советиндеги расмий өкүлү болгон. Р.Отунбаева 2007-жылы Жогорку Кенешке болгон шайлоо алдында оппозициялык “Асаба” партиясынан Өкмөт башчысы А.Атамбаевдин “конструктивдүү” КСДП (Бакиев үчүн) партиясына өтө качып, анан Ө.Бабанов инисинин ордуна КСДПдан депутат болгон. Кийин 2008-жылы БЭК түзүлгөндөн кийин БЭКтин Парламенттеги жана расмий бийлик менен иш жүргүзүүчү аткаруу комитетинин төрайымы болгон.
Кыргызда, “таалайлуу менен талашпа”-деген кеп бар. Акаев менен Отунбаеванын экөөнүн тең бешенесинде Президент болуу бар экен, Президент болушту. Өлкөгө, элине колдорунан келишинче кызмат кылышыты. Эл, мезгил, тарых — тараза, аларга өз баасын берди, дагы берет.
А.Акаевден Р.Отунбаеванын айрымасы, ал элге жакын. Советтик, комсомолдук, партиялык бийликтерде такшалган. Советтер Союзунун жана батыштын нанын тең жеп, советтик бийлик, советтик демократия, батыштын бийлиги, батыштын демократиясын айрымалап жакшы билет. Ошол эле учурда каны, жаны да кыргыз экенин, кыргыз элинин кызыкчылыгын баарынан бийик коерун, кыйынчылык күндөрү чогу жүргөн иниси, үзөнгүлөшү катары жакшы билемин. Роза Исаковна айылдык кыргыз кыздарына таандык мүнөздөрүн, сапатын өмүрүнүн көпчүлүгүн советтик интернационализм менен, батыштын адам укуктары менен эркиндиктеринин чордонунда кызматта жүрүп аткарса да, жоготкон эмес.
Жаш кезинен мыкты пионер, мыкты комсомолка, кыргыздын мыкты кызы, жаш кадры катары даярдалган эң жакшы билим алып, ар кайсы кызматтарда тажрыйба топтоп, тарбияланып кыргызды бүткүл союздук иш чараларда уят кылбай жетилип, такшалган. Р.Отунбаева кыргызды БУУга чейин таанытты. Кетирейген кара тору, нукура кыргыз кыздарынын өңү, жүрүм-туруму менен, дүйнөлүк деңгээлдеги нечен жыйындарда дүйнө тили болгон англис тилинде так сүйлөп, ошол эле учурда эне тили кыргыз тилин да унутпай, кыргыз кыздарынын улуттук кийимдерин, жоолугун салынып жүргөнүнүн өзү да чон сыймык.
Бирок, “ит күлүгүн сүйбөйт” болуп, Р.Отунбаеванын баркын кыргыз али толук баалай элек. А.Атамбаевдин бийлиги негедир аны өгөйлөп четтетип, өлкөнүн саясий, маданий иштерине аралаштырбай жүргөнү билинип эле турат. Айрыкча ал 2016-жылдын 31-августунда ачык билинди. Украинанын Президенти Порошенко, Украинанын экс-Президенти Кучманы пайдалангандай эле Атамбаев өзү алгылыктуу иш жүргүзө албай жаткан тышкы саясатта Отунбаеванын тажрыйбасын, кадырын колдонсо өлкөгө пайда гана болмок.
Р.Отунбаева табиятынан энергиялуу, чарчабаган инсан. А.Акаев, Р.Отунбаева экөө тен алдыда кыргыз элине, мамлекетине өз деңгээлинде жардамын аянбайт деп ойлоймун. Өткөөл мезгилдин Президенти катары ага мамлекеттик бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү вазийпасы жүктөлгөн, ал аны татыктуу аткарды.

6. Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаев
Бул эки адам жөнүндө кайсы жерде сөз болбосун, “Бийликке Бакиевди, Атамбаевди да сен алып келгенсиң” деп, эл арасында мени күнөөлөгөндөр көп. Кайсы бир деңгээлде бул тарыхый ачуу чындык. Экөө тең 2005-жылдын март, 2010-жылдын апрель элдик революцияларындагы менин үзөнгүлөштөрүм. Экөөн тен ошол кездеги оппозицияга лидер кылганга менин салымым чон. Аны жогоруда конкреттүү фактылар менен жаздым.
Бул жерде менин айтайын дегеним, алар менен жакшылык, жамандыкта бирге жүргөн, оор күндөрдү башыбыздан кечирген, аларды жакындан билген адам катары, айтуучу баяным алардын эл билбеген айрым мүнөздөрү, касиеттери, сапаттары, окшоштуктары жөнүндө болмокчу.
Бакиев менен Атамбаевдин негизги окшоштугу — экөө тең кекчил. Экөө тең кайсы бир жеке максатына жеткенге чейин желмогуз, шайтан менен да достошот. Ошол эле учурда экөө тең өз максаттарына жеткенден кийин кечээги желмогуз, шайтан досторунун же башка досторунун ичинен аларга баш ийбеген, түз сүйлөгөн, өз позициясы бар, алардан бийигирээк, аларга кошомат кылбаган, ал кандай гана досу болбосун алардан кутулууга шашат. Ыгы келсе аларга жамандык кылгандан да кайра тартышпайт. Өз максаттарына жеткенге чейин досторунун кандай гана каприздери болбосун баарына чыдап, унчукпайт, максатына жеткенден кийин гана сөзсүз өчүн алат, чөгөлөтөт, чөгөлөбөсө ар кандай жаман иштерге барууга даяр.
Мисал катары, К.Бакиевдин 2005-жылы март-апрель айларында Ө.Текебаев менен “тил табышып”, жаңы Жогорку Кенештен өзүн Өкмөт башчы кылдырып бекиттирип, андан кийин “эшеги ылайдан өткөндөн кийин” Ө.Текебаевди “матрешка-гейт” менен жок кылууга болгон аракетин айтсак жетиштүү болот.
Ал эми А.Атамбаев ар качан өз округунда стабилдүү эл ишеничине ээ болуп жүргөн И.Өмүркуловду ичинен жактырбаса да, анын аброюн КСДП үчүн, жеке өзү үчүн да пайдаланып, качан Президент болгондон кийин, И.Өмүркуловду чөгөлөтүү, Чүйдө ким кожоюн экенин көрсөтүп коюу үчүн ага жасалма кылмыш иш козготуп, качан И.Өмүркулов “колун көтөрүп” бергенден кийин сот аркылуу ырайым кылганын атасак болот.
Бакиевде, Атамбаевде да андай фактылар аябай көп. Анткени экөө тең табиятынан күчтүү, туруктуу позициясы бар саясатчылар эмес. Алсыз, бирок митайым саясатчылар, ошондуктан экөөнүн тең жакын айланасында алар бийликте турганда күчтүү саясатчылар жүргөн жок. Алар күчтүү саясатчылардан коркушат. Мисалы, К.Бакиевдин “Ак Жол” партиясынын же азыркы КСДПнын сапаттык курамын алып карасак жетиштүү болот. Же болбосо Бакиевди бийликке алып келишкен, бирөөгө жагабы, жакпайбы, бирок позициясы бар Т.Тургуналиев, Ү.Сыдыков, Р.Отунбаева, И.Исаковго окшогон тажрыйбасы бар күчтүү саясатчылар Бакиев тарабынан кандай тебилип, четтетилсе, Атамбаев да бийликке толук жеткенден кийин ушул эле жана аларга кошулуп бир топ жаш, күчтүү саясатчылар Атамбаев тарабынан керектен чыгарылды. Булар мисал катары гана айтылды.
Ошол эле учурда Акаевдин доорунан бери, Акаев, Бакиевдерге эле эмес, Айдар, Максимдерге чейин кошомат, кызмат кылышкандар дагы деле Атамбаевдин айланасында, анткени, Акаев, Бакиев, Атамбаев кайсы бир деңгээлде окшош, саясатта ачык күрөшүп такшалбаган, акчаларынын күчү менен же тагдырдын тамашасы менен, капыстан оппозицияга кошулуп калган адамдар.
“Жаш саясатчыбыз” деп төшүн кагышкан бир топ олигарх-саясатчылар 25 жылдан бери “ким бийликке келсе ошо менен иштеше беребиз”-дешип, мурда Айдар, Максим, Жаныштын эшигинде жүрсө, азыр алар Атамбаевдин уулунун ордуна уул болгон Икрамжандын (Илмиянов) тынчын алып, аны тегеректеп жүрүшөт. Айрымасы ушул эле, бул дагы Бакиев менен Атамбаевдин окшоштугу.
Дагы бир факты, Акаев, Бакиев, Атамбаев үчөөн окшоштуруп, бириктирип турган — Кумтөр алтын кени боюнча коррупциялык схемалардын үч доордо тең бузулбай, сакталып иштеп келе жатканы. Бул факты да алардын окшоштуктарынын анык далили.
Акаев Үзөнгү-Куушту, Хан-Теңирини, Сары-Жазды кытайга, Бакиев Каркыра, Көк-Сай, Маймакты казактарга бергендей, Атамбаев Унгар-Тоону өзбектерге бергени турат. Шылтоолору Акаев СССРге, Бакиев Акаевге, Атамбаев Бакиевге шылтайт. Бул да үчөөнүн окшоштугу.
Өлкөнү башкаруудагы авторитаризмдин “үй-бүлөлүк” түрү Акаев, Бакиевдердикинде, алардын түздөн-түз аялы, уул-кыздары, күйөө балдар, балдыздары, инилери аралашса, Атамбаевдин “үй-бүлөлүк” башкаруусу мурдагы шоферу, секретарь-катчылары, жан-сакчылары аркылуу ишке ашырылып жатканы менен айрымаланат.
Акаевдин убагында оппозицияны жамандоо, каралоону, куугунтуктоону айрым журналист, серепчи, укук коргоо органдары, ашып кетсе О.Ибраимов, Б.Жанузаков, А.Карыпкуловго окшогондордун оозу, колу менен айттырса, Бакиевдин доорунда баарын Жаныш Бакиев өзү эле жайгарчу. Акаев, Бакиев эч нерсе билбеген, укпагандай жүрүшчү. Атамбаев болсо баарын өзү айтып, өзү көрсөтмө берип, өзү сөгүп, өзү жайгарып жүрөт. Бакиев менен Атамбаевдин айрымасы мына ушунда. Бакиев баарын билсе да “өлүмүш” болуп, мен билбей калыпмын деп койчу.
Дагы бир айрымачылык Атамбаевге караганда Бакиевдин жеке инсан катары адамгерчилиги, орус мүнөздүү түздүгү, жигитчилдиги бар эле. Куулуктук жактан ал Атамбаевге жетпейт болчу. Бакиевдеги дагы бир артыкчылык, ал Атамбаевге караганда чарбакер, өндүрүштү жакшы билчү, көп иштечү. Ал эми Атамбаевдин артыкчылыгы ал өлкөнүн кызыкчылыгына, өлкөнүн чарбасына, экономикасына караганда өз бизнесин, өз пайдасына көбүрөөк күйгөн ишкер.
А.Атамбаев жөнүндөгү А.Акаевдин 2015-жылы “Кыргыз Ордо” (2015-ж. 24.04) гезитине берген интервьюсун окуп, Атамбаев Акаевди сокконду коюп, өмүр бою анын этегине намаз окуш керек экен деген ойдо калдым. Мурда Атамбаевдин жазуучуларга бөлүнгөн, берилген акча жөнүндө Ч.Айтматовду баш кылып алдап кеткени жөнүндө укканымда “Атамбаевди бийлик каралап жатат” дечүмүн. Атамбаев бийликтин туу чокусунда турганда, мурдагы Президенттин бул факты боюнча берген тактама-маалыматтарынан кийин Атамбаевдин кантип “Кыргызавтомашты” баш кылып, “Промзонадагы”, “Медиа-Форумду” төш кылып “прихватташтырып”, Акаевдин доорунда завод-фабрикаларды арзан баада же бекер алышкандардан анын деле айрымасы жоктугуна, Атамбаев өзү айткандай, “китеп сатып эмес”, “алың-алынга” аралашып, Ч.Айтматовго тийген “жиликти шылып кетип”, мыйзамсыз байыганына ишенбөөгө аргам калган жок.
Жөнөкөй бир митингде же пресс-конференцияларда аны сындап койгондорго кылмыш ишин козготкон, камаган Атамбаев, Акаевге кылмыш иш козготуп же сотко бере да алган жок. Маркум Ч.Айтматов алданган бойдон оо дүйнө кеткен экен деп ойлоп калдым.
Мамлекеттик же улуттук идеологияда Бакиев менен Атамбаевде эмне деген идеология жүргүзүшкөнү билинбейт. Акаевдин доорунда мамлекеттик катчы О.Ибраимов кээде “ханайым”, “ханзаада” деп Акаевдин үй-бүлөсүн коргогону менен Акаевдин атынан ондогон китеп жазып, “Айкөл Манастын жети осуяты”, Манас эпосунун 1000 жылдыгы, Ош шаарынын 3000 жылдыгы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылдары, “Аялдар жылы”, “Тоо жылы” ж.б. жылдарды ойлоп таап, улуттук дөөлөттөрдү туу тутуп, аздыр- көптүр улуттук идеология жаратчу.
Ал эми Бакиевдин идеологдору Д.Сарыгулов “теңирчиликти”, Д.Нур уулу менен А.Мадумаров Бакиевдердин үлпөттөрүндө мыкты тостторду сүйлөө менен , үй-бүлөнүн кайсы бир мүчөсүн көкөлөтө мактагандан башка идеология жүргүзүшбөптүр. Атамбаевде болсо, идеологу эмес, кенешчиси ким болду экен деген суроолор көп. Мамлекеттик башкаруунун “ушактык” түрүн тутунду. Айтор, Акаевден Бакиев, Бакиевден Атамбаев ар кандай жагынан салыштырганда да жогорулабай, төмөндөп олтурат экен.
Бакиев 2004-2005-жылдары улуттук денгээлде бириккен, 2005-жылдын 24-март революциясын жетектеген оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси болгон Кыргызстан Элдик Кыймылынын (КЭКтин) лидери болсо, Атамбаев 2008-2010-жылдары Бириккен Элдик Кыймылынын (БЭКтин) лидери болду. Бакиев, Атамбаев дагы улуттук денгээлдеги оппозициялык КЭК менен БЭКтин лидерлигине саясаттагы жеке уюштуруучулук же туруктуулук сапаттары же ээлеген позициясы же Кыргызстанды саясий-экономикалык кризистен, үй-бүлөлүк башкаруу туткунунан бошотуу жөнүндөгү өзгөчө иш-планы, көз карашы, программа, платформасы менен эмес, оппозицияда “жалаңтөштөр” экенинен пайдаланып, оппозициянын саясий күрөштөгү акча-каражат маселелерин чечкендигине байланыштуу жана өздөрүнүн кандай гана жол менен болбосун бийликке жетүүгө болгон умтулуусунан, ал үчүн каражатты аябаган марттыгынан бул уюмдарга лидер болушкан. Бирок экөө тең бийликке келишкенден кийин улуттук лидерге айлана алышкан жок.
Акаев менен Бакиевдин тагдыры элге белгилүү. Ал эми Атамбаевдин тагдыры деле тигил экөөнөн алыс кетпейт!
Бакиевдин турмуштук мүнөзү өзү түзгөн үй-бүлөнүн турмушуна байланып калган болчу. Же үй-бүлөсүнүн алдында качандар бир же кандайдыр бир кетирген күнөөсү үчүнбү айтор, үй-бүлөсүнө көз каранды, ошол көз карандылык анын саясий турмушунда, мамлекетти башкарууда да орун алып, Бакиев өз үй-бүлөсүнүн “туткуну” болду. Атамбаев бул жагынан өзү кожоюн, эч кимге көз каранды болгон жок. Бирок ал өзүнүн алсыздыгынын, кекчилдигинин, ушак-айыңга жакын жеке сапатынын туткуну болду.
Жеке адам катары Атамбаев ачуусу чукул, ушакка көп ишенген, өзү да ушакка жакын, ким биринчи ушак айтып келсе ага ишене калган адам. Ошол эле учурда бир кыялы келсе ак көңүл, бала кыялы бар. Бакиев да, Атамбаев да өлкө, улут кызыкчылыгынан үй-бүлөсүнүн, балдарынын кызыкчылыгын жогорку коюшкан, өзүмчүл инсандар. Бул жагынан Акаев, Бакиев, Атамбаевдер окшош.

7. Топчубек Тургуналиев жана Өмүрбек Текебаев
Бул эки адамдын саясий тагдырлары кээде окшош, кээде карама-каршылыктуу. Тургуналиев өмүр бою Акаеви, Бакиеви, Отунбаевасы же Атамбаеви болобу, чекеси жылып өзүнө, татыктуу кызматка же колдоого алынган жок. Тескерисинче, Текебаев саясий турмушунда негизинен бийлик менен тил табышып, өзү татыктуу эмес (Бакиевди кошпогондо) кызматтын, сыйлык-наамдардын ээси болуп келатат. Ө.Текебаевдин алган наам-сыйлыктары эмне үчүн татыктуу эмес дедим, себеби, 25 жыл ичинде Текебаев аралашып жүргөн Кыргызстандын саясий системасынын саясаты оңолгон жок. Эгерде Тургуналиев саясий көз карашы, өз позициясы үчүн, өзү айткандай, Акаевдин “курортторуна үч жолу путевка алып” жалпысынан 28 жылга “эс алууга” жиберилсе, Текебаев 25 жылдан бери бийликте жүргөн “реформатор”, эмгек сиңирген юрист, нечен сыйлык-наамдын ээси болду.
Бирок бул кыргыздын эки чыгаан уулунун өмүр баянын изилдеген адам бир караганда 25 жылдан бери экөө бир “жээкте” бирге жүргөндөй көз карашта калат. Экөө тең 1990-жылдардын башында саясатта аттары чыгып, КДКда активдүү, чечүүчү ролдорду ойношуп, А.Масалиев башында турган коммунисттик режимге эле эмес, жеке Масалиевге да каршы турушкан. Акаевди ураалап тосушуп, ак калпак кийгизгени да элдин эсинен кете элек. Андан кийин деле Акаевге, Бакиевге каршы оппозицияда бирге жүрүшкөндөй, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болушуп, бир максатта үзөнгүлөш жүрүшкөндөй сезилет. Бул сыртынан караганда гана ошондой көрүнөт. А, чындыгында баары таптакыр башкача.
Экөө тең үзөнгүлөш жүргөндөргө, аларды жакындан жакшы билгендерге Тургуналиев менен Текебаев КДКда, БЭКте, Убактылуу Өкмөттө бирге болушканы менен саясий көз караштары, айрыкча саясий күрөштөрдө экөөнүн бири-бирине окшобогон, карама-каршылыктуу ээлеген позициялары бар, таптакыр эки башка, ал түгүл “бир кыймылда жүрүшөт” дегенге күмөн санатуучу өзгөчөлүктөрү бар.
Тургуналиев – жеке кызыкчылыгы үчүн күрөшпөгөн, саясий күрөштө беттегенин бербеген, тажаал, бетке чапма, оңой менен артка кайтпаган, тике качырган, аягына чейин күрөшкөн туруктуу жоокерди элестетсе, Текебаев – тескерисинче, өз кызыкчылыгы үчүн күрөшө билген, саясий күрөштө артын кылчактай караган, элеңдеп, керегинде “”ийкемдүүлүгүн” көрсөтүп, каршысындагы “душманы” менен да өз кызыкчылыгы үчүн сүйлөшө алган, керек болсо тиги жээкке ачык өтө качпаса да, бир шылтоо таап “согуш талаасын таштап кеткенге” даяр, аябай этият жоокерге окшош.
Тургуналиев менен Текебаев 25 жылдан бери үзгүлтүксүз саясат чордонунда жүрүшөт. Тургуналиев негизинен көчөдө, эл арасында жүрсө, Текебаев “Ак үйдө”, “Боз үйдө” элдин атынан эл тарабында болуп, бийлик арасында жүрдү. Экөөнүн тең эгемен Кыргызстандын бутуна туруп, дүйнө коомчулугу тарабынан Кыргызстанды таанышына салымдары чон. Тургуналиев Кыргызстандагы адам укугунун, эркиндиктеринин сакталышын, демократиянын орношуна жеке тагдыры, тарткан азап, тозоктору менен сынбай, майтарылбай бийликтин эл менен эсептешкенине эбегейсиз салым кошсо, Текебаев бийликтин ичинде жүрүп, нечендеген жалындуу сөздөрү, жазган мыйзамдары менен бийликти ооздуктады. Текебаев Кыргызстандагы эн мыкты Парламентарийлердин бири катары элдин өкүлү, элдин үнү болуп, 2011-жылга чейин элдик саясатчы катары жүргөнүн белгилеп айтып кетким келет. Ал эми Тургуналиев Жогорку Кенеште эч качан депутат болбосо да Текебаев сыяктуу эле эл арасында элдин үнү, элдин өкүлү катары кайсы гана жыйын, митинг, курултай болбосун топ бузуп, кыргыз жарандарынын, саясатчыларынын аң сезиминин өзгөрүлүшүнө, калыптанышына үлгү болду.
Тургуналиев менен Текебаевдин тагдырларынын окшоштугу экөө тең трибун-оратор, топ бузар, жалындуу, публичный саясатчы болушканы менен конкреттүү тармакты башкарууга, аткаруу системасындагы конкреттүү иш участокторун тартып кетишкен жок же тагыраак айтканда, экөөн тең иштетишкен жок, аларды көпкө узатпай, иштей албай койгондой кылып кетирип турушту.
Экөөнүн эң акыркы окшоштугу, 2011-жылдан кийин экөөнүн тең “оокатчыл” болуп кетишкени. Тургуналиевди түшүнсө болот, 20 жыл бою айлык маяна дегенди билбей, кызматка алынбай, женебиздин кичинекей айлыгы менен жашап, бирок Кыргызстандын келечеги, элдин эркиндиги үчүн жүздөгөн миллионерлер кылбаган иштерди аткарды. Эми 70тен жашы өткөндөн кийин “аксакал болоюн, калган өмүрүмү Манаска арнайын, Манасты дүйнө жүзүнө таанытайын, ар бир кыргыз баласына Манас атабыздын рухун берейин деп, бийликтен Манас институтун ачтырып, аны башкарып, кичине болсо да кабинетте олтуруп, кызматтык машина, катчы күтүп, айлык маяна алып, энергиясын ошол жакка жумшап жатат. Ал эми Текебаев Жогорку Кенештеги олигархтар Бабанов, Турсунбековдордон айрымасы жок болуп, алардан үлгү алып, ошолордой болоюн деп, Бишкекте кабат-кабат үйлөрдү, кафе-ресторандарды куруп жаткандарга ооп кетти. Өзү түзүп, өз баласындай сактап жетилткен социалист жалаңтөштөрдүн партиясы болгон “Ата-Мекен” партиясына да чөнтөктүүлөрдү көбөйтүп, 60ка чыкпай жатып, социалисттен капиталистке айланды.
Мен жеке өзүм Текебаевди түшүнөм, 25 жылда заман өзгөрдү, аң-сезим жаңыланды. Чөнтөктүүлөрдүн заманы күндөн-күнгө күчтөнүүдө. “Пулуң болсо кулуңмун”–деген заман курулду. Акчаң болбосо “Ата-Мекен” партиясы эмес, Текебаевдин өзү да бүгүн эч ким болбой калат. Аны өзүм да керт башыман кечирип жүрөм. Бирок муну коомчулук түшүнбөйт экен, алар Текебаев десе 90-жылдардагы мугалим, социалист Текебаев деп ойлоп, дагы деле болсо үмүт кылышат, А.Масалиев коммунист бойдон калгандай, Ө.Текебаев социалист бойдон калса дешет. Тубаса таланттуу парламентарий Текебаевди алар түшүнбөй турат.
Текебаев өзү айткандай, 2011-жылдан бери кааласа “саясий душмандарын” кызматтарынан эле эмес, кылмыш жообуна чейин тарттырып” турду. Келдибековду спикерликтен, Бабановду Премьер-министрликтен Президент Атамбаев экөө “саясий заговор” жолу менен кызматтан алууга жетишти, аны 2016-жылы август айында өзү мойнуна алып кечирим сурады. Бирок анын кечирим сураганы Бабановго эле керек болбосо коомчулук үчүн эмне кереги бар эле, ал элден кечирим сураш керек болчу. Тургуналиев менен Текебаев 2011-жылдан кийин Парламентаризмден авторитаризмге мыйзамсыз өтүүгө жол бергендерден болушту. Айрыкча Текебаев социалист-саясатчы, “Конституциянын атасы” катары Парламентаризмди сактоо боюнча 2016-жылдын август айына чейин бир да жолу аракет жасабады. Өлкөдө адам ресурсунан, инсандын интеллектуалдыгынан акчанын баркы күчтөнүп баратканы бул Кыргызстанды келечекте тунгуюкка алып келип, түпкүлүгүндө жок кылаары боюнча коомчулук сигнал берсе да, укмаксан болуп жүрдү. Ал эми кыргыз демократиясынын атасы Т.Тургуналиев жок дегенде, — “Эй Атамбаев, Акаевдин жолуна түшпө!”-деп, аксакалдык кылган жок.
Текебаев өткөн кылымдын 90-жылдарындагы эл арасынан суурулуп чыккан өзүндөй, Тургуналиевдей, Мадумаровдой, Мукашевдей ж.б. жеке инсандар партиялык системада алдыга чыкпай, алардын ордуна Жогорку Кенеште өз кызыкчылыгын, бизнесин ойлогон чөнтөктүүлөр олтуруп, өз учурунда алар табакташтарынан Өкмөт мүчөлөрү болуп жатканын көрүп, арасында олтурса да тажрыйбалуу саясатчы, парламентарий катары маселе көтөрбөдү. 100 % партиялык тизме менен Жогорку Кенешти түзүү кыргызга туура эмес келерин айтып чыкпады. Мүмкүн чарчады, мүмкүн күчү жетпей жаткандыр десек, бул проблема боюнча андай маселе көтөрүп жаткан жери жок. Ошол эле учурда “оокат”, өзүнүн жеке кызыкчылыгы, аты (имиджи) боюнча иш аракеттерин коомчулук байкап турат. Керек болсо Президент А.Атамбаев менен да чабышууга барды.
Тургуналиев менен Текебаевдин дагы бир айрымасы Тургуналиев Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы бекем, катуу туруп КЭКтин лидерлеринин бири катары Акаевдин бийлигин кулатканга зор салым кошсо, Текебаев Акаевди революциялык жол менен кетирүүгө каршы болду, акаевдик бийликке каршы түзүлгөн оппозицияга кошулган жок. Көп маселелерде оппозиция терисин кийип сүйлөмүш болгону менен 1993-жылкы Конституцияны кайра-кайра оңдоп, түзөтүүлөрдө анабашчылардын бири болуп, Конституцияны элге жамынып, (референдум жолу менен) жеңил-желпи оңдоп алуу ыкмасын Кыргызстанга колдонуп, өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу режиминин орношуна чоң салым кошту. 2011-жылдан кийин да ушундай эле кызматты Президент А.Атамбаевге – Конституцияга каршы келген мыйзамдарды жазып берип, өтөдү. Бул аргасыз жазууга туура келген ачуу чындык.

8. Дооронбек Садырбаев жана Адахан Мадумаров
Менден саясатчы замандаштарымдын ичинен чечени ким деп сураганадарга мен ар дайым Садырбаев, Тургуналиев, Мадумаров деп, үч адамды баса белгилеп айтып жүрөм. Бирок бул үчөөнүн чечендигинин да өзгөчөлүктөрү бар.
Д.Садырбаев чечендигин белгилүү бир маселеде же иш чарада оболу кылдат ага даярданып, каргылданган коңур үнү менен, каймана, какшык, өксүк сыяктуу стилдерди аралаштырып сүйлөп көрсөтөөр эле. Ал өзүнүн сүйлөгөн текстинин сөзсүз түрдө жазма вариантын даярдап, аны кайсы бир гезитке чыгарчу. Анын сүйлөгөн же айткан сөздөрү сөзсүз элге жетип, ооздон -оозго айтылып жүрчү.
А.Масалиевдин 70 жылдык мааракесинде алгач сөз алып, Апсамат аке жөнүндө сүйлөгөн сөзү алигече эсимен кетпейт. Ал: “Дос күтсөң Апсаматтай дос күт, эч качан сатпайт, ата болсоң… жар болсоң…саясатчы болсоң… мамлекет башчысы болсон Апсамат акедей бол”… деп Апсамат акенин жүрүш-турушун, адамгерчилигин, тазалыгын, чынчылдыгын бир сааттай окуп, өзүнчө эле чыгарма окугандай кылган эле. 2007-жылы Аксы окуясы боюнча “күнөөлүү”деп эсептелген С.Урманаевдин үстүнөн Башкы прокурор берген сунушту изилдегенде да депутаттык комиссиянын корутундусун новелла түрүндөгү чыгармадай Парламентте окуп, анан өзүнчө чакан китеп кылып чыгарган. Д.Садырбаев жазма да, оозеки да чечен болгон. Анын жазуу түрүндөгү же оозеки айткан сөздөрү жүрөктөн чыгып, жүрөккө жетчү. Докемин жүрөктөн-жүрөккө жеткен чечендиги анын чыгармаларында да көрүнүп турат.
Т.Тургуналиев сүйлөөр алдында корооздой койкоюп, үнүн түздөп, өзүнчө интонация менен, чогулган элдин көңүлүн өзүнө буруп, кыйкыртам десе кыйкырткан, топ бузар чечен. Топчукем сүйлөгөндөн кийин, андан кийинки сүйлөгөндөрдүн сөзү кемтик болуп калат. 20 жылдын ичинде Топчукем нечен жолу топ бузуп, элди кызытып, тике, түз сүйлөп чечендиги көчө оппозициясын да аркалап келди. Өкүнүчтүүсү Парламентке депутат болбой, Мадумаровго окшоп сүйлөбөгөнү болду. Жакшы депутат чыкмак.
Адахан инимдин Докем менен Топчукеден айрымасы аудиторияны карап, аудитория “А”ны жактырса “А”ны айтып, “Б”ны кааласа дароо “Б”га өткөн тубаса сезимтал чечендиги менен, ал кайсы гана аудитория болбосун ыйлатам десе, ыйлатып, күлдүрөм десе, күлдүргөн сейрек кездешкен чечендиги бар.
Д.Садырбаев чыгармачыл, артист чечен болсо, Тургуналиев менен Мадумаров саясий “трибун” чечендер. Бул экөөнүн чечендиги саясатта кайсы бир саясий маселелерде фонтандай атырылып, кайсы бир жыйындын көркү болот. Мадумаров менен Тургуналиевди бекеринен тилинен чаң чыккан чечендер деп атабайт. Айрыкча Мадумаров сүйлөп жатканда аны биринчи көргөн, уккан адам “бали саясатчы болсо мына ушундай болсо”-дебей койбойт. Үмүт артат. Эгемен Кыргызстандын 25 жылдык тарыхында Докемдин, Топчукемдин, Адахан инимдин жалындуу сөздөрү нечендеген элдин эсинде, жүрөгүндө сакталып, канчалаган жаш саясатчыларды саясатка шыктандырган. Канча жаштар Топчукедей, Адахандай болсок деп, аларды кумир тутушчу.
Ошол эле учурда Президенттер Акаев, Бакиев баш болуп, нечен Өкмөт башчылары, мүчөлөрү же башка кайсы бир кызматчылар Жогорку Кенеште Мадумаровдун “каарына” калышып, анын сынынан кийин сөз табалбай, тайсалдаган учурлар элдин эсинде.

9. Ахматбек Келдибеков менен Өмүрбек Бабанов
Эгемендиктин 25 жылкы тарыхында А.Келдибеков менен Ө.Бабанов 2000-жылдан кийинки жаш саясатчылардын көч башында болушту. Экөө тең мамлекеттик ар кайсы кызматтарды аркалап, 2010-жылдан кийин мамлекеттин эң жогорку бутактарын, Жогорку Кенешти А.Келдибеков, Өкмөттү Ө.Бабанов жетектешти.
Ө.Бабанов саясатка бизнестен келди. Кыргызстандагы бизнесс чөйрөсүнүн көч башындагыларынын бири. Бизнесте да өз орду бар, өзгөчө ийгиликтерди жараткан, чыгаан бизнессмен. Кыргызстанда ким бай болсо, ал байлыкты адал эмгеги менен тапканына карабай эле, аны “ууру”, “жегич” катары кабыл алмай 25 жыл ичинде адат болуп калды. Бай Бабановду да айрымдар билбей, көрбөй туруп эле ошентип ойлошот. А, чындыгында Бабанов мамлекеттик казынадан же обьектилерди арзанга сатып алып байыган бай эмес. Бабанов “заманың бөрү болсо, бөрү бол” деген принцип менен өзүнүн бизнесин, карьерасын кошо түзүп келе жаткан инсан. Себеби, Кыргызстанда акча менен карьера жасоо, депутат болуу, кызматка жетүү Акаев доорунан башталып, Атамбаевдин доорунда ал мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айланды. Муну Бабанов абдан жакшы өздөштүргөн.
Айрымдар аны Айдардын, Максимдин досу деп айтышат. Бабанов алар менен заманга жараша өз бизнесин сактап калуу максатында жана бийликке жетүү үчүн убактылуу “достошуп” жүргөн адам. Өз бизнеси, карьерасы үчүн ал шайтан менен да тил табышып кетет. Кызыкчылыгы туура келбеген, колунан ага жардам берүү келбеген адамга салам да бербейт. Ошол эле учурда колунан иш келген, ага жардамы тие турган адамга жабышып жүрүп да болсо, тилин, жолун таап мамиле түзүп кетет.
Тагдыр экен Ө.Бабанов менен бир Парламентте депутат болуп, анча-мынча сүйлөшүп, мамиледе болуп, анын энеси менен таанышып, сүйлөшүп калган күндөр болду. Энеси мыкты адам болгон. Бабанов кыздардын арасында өскөн жалгыз уул катары башкарманын үй-бүлөсүндө төрөлүп, чонойгону менен эл катары 20-30 сотых тамеки багып өстүргөн мээнеткеч эненин тарбиясын алып чонойгон жигит. Эгерде башка бирөө болсо башкарманын жалгыз эркек баласы болуп, эрке болуп, мүмкүн бузулуп кетмек. Бирок Өмүрбек Токтогулович башкарманын эмес, өз заманынын, рыноктук замандын эрке баласы болду. Биз кыргыздар байларды душман катары көрбөй, байларыбыз көп болсо экен деп тилеп жашоого үйрөнүшүбүз керек. Бабановго окшогон байлар миллиондогон салыктарды төлөшөт. Бабанов байлыгын саясатка, бийликке келгенге чейин түзгөн ишкер адам. Муну да замандаштары айта жүрүшүбүз туура болот. Атамбаевге караганда Бабанов менен Келдибековдор кайсы бир заводду же обьектини “прихватташтырышкан” эмес. Байлыгы үчүн эмгектеништи, күрөштү, “соодалашты”.
А.Келдибеков болсо саясатка жаш чиновник катары иштеп жүрүп аралашты. Акаевдин, Бакиевдин доорлорунда ар кайсы кызматтарда иштеп жүрдү. Келдибековдун иштеген жерлеринде жамандыгы угулган жок. Ал табиятынан демилгелүү, тобокелчил, ала-көөдөндүк жүрүм-туруму, байбачалык “замашкалары” менен жогоруда айтылгандай “байларды” жек көргөн коомубузга жага бербейт. Аны бийликтин эле жаман көрсөткөнү болбосо, мындай чиновник болуп жүрүп тыйындууга айланышкандар Кыргызстанда миңдеп саналат. Келдибековдун Бабановдон бир айрымасы ал Бабановго окшоп “ийкемдүү”, “тил тапкыч” эмес. Жылкы мүнөз.
25 жылдык эгемен доорунда А.Келдибеков, А.Жапаров, И.Кадырбеков сыяктуу чиновник-саясатчылардын аялдары ишкердик чөйрөсүндө ийгиликтерге жетишкенине карабай, алардын аздыр-көптүр байлыгын коррупцияга жабыштыргандар да бар. Жогоруда айтылгандай, байларды жек көрүүчү коммунисттик көз караштан тышкары да “аялдары эмнени кыйратмак эле, күйөөлөрү кызматтан уурдап жатат да”-деген көрө албастык, ишенбөөчүлүк психология элибизде кеңири тараган.
2010-жылдан кийин Жогорку Кенешке ар кимиси өз партиялары менен шайланып келишкен А.Келдибеков менен Ө.Бабанов башкаларга караганда такшалган, тажрыйбалуу саясатчы болуп калышканын иш жүзүндө көрсөтө алды. Убактылуу Өкмөтчүлөр жана анын каршылары болуп бөлүнүп турган коомдук чөйрөнү бириктирүүгө экөөнүн салымы чоң. Бабанов менен Келдибековдун аракеттеринен улам Убактылуу Өкмөтчүлөр менен анын каршыларынын балансы Жогорку Кенеште жана Өкмөттө сакталды. Кайсы бир деңгээлде саясий элита бирикти, аралашты.
Жогорку Кенешти, Убактылуу Өкмөткө “душманбыз” дегендер жетектеп, аткаруу бийлиги Убактылуу Өкмөткө – Атамбаевге тийип, өлкө кезектеги саясий туруксуздуктан сакталып калган. Ушул тарыхый моментте Келдибеков менен Бабанов чон роль ойноду. Айрыкча Бабанов Өкмөт башчылыкты, ага чейин Өкмөт түзө албаган Атамбаевге берип айкөлдүк кылды.
Келдибеков менен Бабанов 2010-жылы жаңы шайланып келген Жогорку Кенештин, Өкмөттүн иштеп кетишине, Кыргызстанда тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүүгө шарт түзүлүшүнө, коомдогу карама-каршылыктын азайышына, жаңы саясий элитанын пайда болушуна өз салымдарын кошту.
А.Келдибеков, Ө.Бабанов экөө тең ошол зор эмгектери үчүн спикер болбой калган Текебаев, Өкмөт түзө албаган Атамбаев тарабынан кектелип, акырында өч алынып, кызматтарынан кетишти. Бабановду Атамбаев менен Текебаев тымызын “саясий заговор” менен Өкмөт башчылыгынан Парламенттик көпчүлүктүн коалициясын бузуу менен оной жол менен алып түшүрсө, Келдибековду Жогорку Кенештин төрагалыгынан алуу үчүн бир жыл аракеттеништи. Акырында максаттарына жетишип, тим болбой, анын Жогорку Кенеште депутат болуп турганынан да чоочушуп, жасалма кылмыш ишин токушуп, Жогорку Кенештин 89 депутаты добуш берип кабыл алынган токтому үчүн жалгыз Келдибековду соттотуп жиберишти.
2016-жылдын август айында “саясий заговорчулардын” бири Ө.Текебаев “Бабановду кызматынан кетиргени боюнча “арамза ою” үчүн Бабановдон кечирим сурады. Келдибековдон сураган жок. Ал кечиримди элден сураса болмок. Анткени Атамбаев менен Текебаевдин саясий оюнунан, “кекчилдигинен” 2011-2016- жылдары ар жыл сайын Өкмөт алмашып, туруктуу Өкмөт иштебей, өлкөгө, элге эбегейсиз зыян келтирилди. “Саясий заговорлору” үчүн кылмыш иши козголсо да болот, анткени бул иш жүзүндө Өкмөттөгү “тымызын переворот” болгон.
Эгемен Кыргызстандын саясий элитасындагы 2000-жылдары жаш саясатчы катары аттары чыга баштаган саясатчылардан Ө.Бабанов, А.Келдибеков, К.Ташиев, Т.Сариев, А.Жапаров ж.б. саясий күрөштөрдө, бийликке жетүүдө, көбүнчө акчага басым жасап, шайлоо табиятын, саясий системаны чон базарга айлантып, Жогорку Кенеште, Өкмөттө кызмат орундарын партияларга эле бөлбөй, партиянын ичинде да бааланып сатылып, өлкөнүн саясий системасынын эле эмес, саясий партиянын да баркын кетиришти. Аларга саясий партия, шайлоо алдындагы бир жолу колдонула турган коммерциялык фирмадай, айрымдары кайсы бир партияларга мүчө болуп, же ар бир шайлоо сайын жаңы партия түзө баштады. Кыргызстанда азыр кайсы партия оңчул, же солчул, же центрист же ким социалист, ким демократ, ким коммунист, ким либерал экенин айтуу кыйын болуп калды. Жогорку Кенешке, Өкмөткө, акимге чейин бир гана акчалуулар келип, акчалуулардан саясий партия түзүлүп, саясий интеллект деген нерсе күндөн-күнгө эч нерсеге жарабай баратат.
Элдин добушун товар катары сатып алуу кадыресе көрүнүшкө айланды. Элибиз да ушуга үйрөндү. Бул келечекти жок кылуу, “элим кайда баратасың?”-деп ойлоно турган нерсеге айланып баратат. Буга Бабановдун, Келдибековдун муунунун күнөөсү чоң.
Келдибеков менен Бабановдун муунунун саясаты, саясий жүрүшү “сат”, “сатыл”, “сатып аламдын”, “баасы канчанын” мыйзамы менен өнүгүүдө. Бул кыргыз улуту үчүн келечектеги чон трагедиянын жолу. Алар бүгүн элдин добушун сатып алып, бийликке келгенден кийин жалпы элдин ырыскысы болгон кен-байлык, башка жаратылыш байлыктарын, кызмат орундарын ачык сатып жүрүшсө, эртең элдин өзүн жери менен сатып жибериши мүмкүн. Бабанов, Келдибеков жана бул экөөнүн муунундагы саясатчылар саясий атаандашуудагы бул “гонканы” өздөрү эстерине келип токтотушпаса бир мезгилде булардын акчага басым жасаган саясий жүрүштөрүнө каршы “гонка” башталып, “пролетариат” менен “дыйкандар” буларды биротоло саясий аренадан таптакыр сүрүп салышы мүмкүн.

Соңку сөз ордуна — өзүм жөнүндө
Мен киммин?
Мен жети атамы билген, ата журтум, тага журтум, кайын журтум боюнча да таза кыргыз баласымын. Өзүмү “мен кыргызмын” деп, ал үчүн сыймыктанган адаммын.
Кыргызстанда кыргыздардын баркы жогундай эле, өзүмдү-өзүм анча барктуумун деп айталбайм.
Улутум кыргыз, уруум Саруу (Саруунун ичинен Тубай, Тубайдан Жети уруу, Жети уруудан Балыкчымын). Кыргыз болуп төрөлүп, кыргызча сүйлөп, кыргызча жашап, кыргыз жеринде кыргызча өлгүм келген, салттуу исламды карманган мусулманмын.
1956-жылдын 5-ноябрында Аксы районунун Кара-Суу айылында уйчунун үй-бүлөсүндө төрөлүпмүн. Атам Бекназаров Анаркул уйчу, апам Бекназарова Нааржан саанчы болушкан. Апамдын айтуусунда мен таңга жуук төрөлгөн экем. Мен төрөлгөндө короодогу иттер ызы-чуу түшүп үрүп, уйлар мөөрөп, койлор маарап, Татан деген кошуна энебиз биздин эшикке келип: — Эй, Нааржан, амансынбы, эмне баары ызы-чуу түшүп жатат, карасам тилин салаңдаткан кызыл жолборс үйүнөрдүн эшигинде туруптуп, көздөрү кыпкызып, тигиндей басып кетти”-деп апамы коркуткан экен, бирок апам белин бекем бууп алып, Татан энеге мени бербей, менин киндигими өзү кесип, эртең менен 20дай уйду өзү сааган экен, жарыктык.
Мектепти жакшы окуп бүтүрдүм. Апам Социалисттик эмгектин ударниги, алдыңкы саанчы катары ар жыл сайын 7-ноябрда сыйлык алар эле. Анда ага кошуп жакшы окугандарга да сыйлык берчү. Биз апам экөөбүз бирге сыйлык алчубуз.
Кичинекей кезимден мээнеткеч болгонумдан улам өз атым өчүп, айылда мени Иштерман деп аташат, көпчүлүк эл Азимбек деген атымы депутат болгондон кийин билишти.
Советтик Армиянын катарында Ыраакы чыгышта Амур дарыясынын жээгинде чек ара кайтардым. Советтик Армиянын отличниги болдум.
Ташкенттеги юридикалык техникумду, Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридикалык факультетин артыкчылык (кызыл) дипломдору менен аяктадым. Саясаттагы алгачкы кадамдарымы 1990-жылдын июнь айындагы Ош окуясына байланыштуу Фрунзеде болгон студенттик толкундоолорго катышуу менен жана Фрунзе ШИИБнүн тергөөчүлөрү тарабынан сурак кылынуудан баштагам.
Тергөөчүлүк кесибими ошол Ош окуясын тергешкен тергөө тобу менен башталган. Тергөөчү катары да белгилүү коомдук-саясий ишмер, чуулгандуу покурор аталган, кийин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, Конституциялык соттун судьясы болгон, мурдагы Жалал-Абад областынын прокурору А.Абдугапаровдун буйругу менен “мыкты тергөөчү” дегени наамга ээ болгом.
1997-2000-жылдары Октябрь райондук сотунда судья болуп, С.Богачинов, А.Базарбекова, Г.Эсеналиева, Г.Дүйшенбекова, Н.Ашымбек уулу, ж.б. мыкты судьялар менен чогу иштеп, Октябрь райондук соту Бишкек шаары боюнча эн мыкты көрсөткүчтөрдү берип, бир нече жолу мыкты сот деп табылган.
2000-жылы Жогорку Кенешке Аксы районунан депутат болуп шайлангандан кийин Т.Усубалиев, А.Масалиев, Д,Садырбаев, Б.Акунов, О.Дүйшеев окшогон кадырлуу аксакалдар менен кошо, И.Кадырбеков, Т.Бакир уулу, Ө.Текебаев, К.Байболов, А.Проненко, И.Исаков, А.Мадумаров, А.Абдимомунов, Э.Булекбаев, Т.Сариев, М.Султанов, А.Жапаров, А.Султанов, Б.Шерниязов, И.Өмүркулов, М.Мукашев, С.Урманаев, Ө.Бабанов, А.Келдибеков, К.Ташиев, О.Артыкбаев, К.Исабеков, Т.Сарпашев, А.Малиев, Б.Асанов, Д.Чотонов ж.б. сыяктуу акылдуу, курч, патриот депутаттар менен бирге парталаш болуп, өлкө, улут үчүн ак эмгегимди элимен аяган жокмун.
Мен саясатта эки элдик революцияда, көтөрүлүшкө чыккан карапайым эл менен болуп миңдеген революционерлер менен катар жүрүп, революциянын шарапаттары менен, анын ичинде менин да жеке салымым менен Президент болушкан К.Бакиев, Р.Отунбаева, А.Атамбаевдер менен, алар Президент болгонго чейин жана алгачкы оор күндөрү үзөнгүлөш жанында жүрдүм.
Мен саясатта жеңүүнүн жана жеңилүүнүн баркын, ызасын көтөрө билген, бирок өз саясатына өзү ыраазы болбогон “бири кем” саясатчы болдум. Мен КЭК аркылуу К.Бакиевди, БЭК аркылуу Р.Отунбаева, А.Атамбаевди бийликтин туу чокусуна чейин чыгарганга чексиз салым кошкон “акжолтой”, “кемчонтой” саясатчы болдум.
Мен саясатта экс-президенттер А.Акаев, К.Бакиевдердин кол тийбестигин алганга, премьер-министрлер Н.Танаев, И.Чудинов, Д.Усеновдорго, ондогон алардын табакташтарына кылмыш иш козготууга, миллиарддаган акчаларды “кустурууга”, ондогон обьектилерди улутташтырууга түздөн-түз салым кошкон, келишпес саясатчы болдум.
Мен саясатта ак жеринен айыпталган Т.Тургуналиевге, анын “поддельниктерине”, Ф.Куловго, З.Сыдыковага, Ө.Текебаевге, А.Жекшенкуловго, И.Исаковго, Э.Булекбаевге, С.Аргынбаевге, У.Рыскуловго, Балыкчыдагы 18 адамга, К.Ташиевге, С.Жапаровго, Т.Мамытовго, А.Келдибековго ж.б. жакындан жардам бергиси келген алабарман, ак көнүл саясатчы болдум.
Мен айылдаш, классташ, курсташ, партиялаш, саясаттагы үзөнгүлөш күткөн жагынан бактылуумун.
Менин аксылыктарым, Кара-Суулук айылдаштарым Кыргызстанга эле эмес, дүйнө жүзүнө адилеттүүлүк, акыйкаттык үчүн күрөшүүнүн үлгүсүн көрсөтүштү. Кыргыздар эле эмес, нечендеген эл аралык уюмдар, укук коргоочулар өз депутаты үчүн күрөшкөн Аксы элин жөн гана колдобой, суктануу, тамшануу менен колдошту. Үй-бүлөлүк режимге бир үй-бүлөгө кызмат кылышкан мамлекеттик машина аксылыктарга жеңилди. Аны Президент А.Акаев, Премьер-министр Н.Танаев Жогорку Кенеште расмий мойнуна алган.
Саясий күрөшүүнүн үй-бүлөлүк режимди сындырунун баштоочусу, үлгүсү менин жердештерим болду. Жаш жигиттер окко учту. Жаш наристелер жетим, жаш келиндер жесир калды, карыган ата-энелери “балам, ботом” деп сыздап калышты… Муну жасаган бийлик акыры жазасын алды, алды качкын аталып, арты кеч болсо да шарттуу соттолушту.
Тарыхта аттары кара тамга менен калды. Бирок бул жесирлерге жолдошунун, жетимге атасынын ордун толтуруп бербеди… менде, “мага ушул керек беле”, деген түбөлүк жүрөктөн кетпеген, ар жыл сайын 17-мартта жаныланган айыкпас оорудай дарт калды. Саясий атаандаштарымдан “сен элинди аттыргансын”, “канга тойбогон канкор”, өзү Аксы окуясын бүтүрбөй койгон” дегенден сырткары, “чуулгандуу кандуу саясатчы”, “эл бузар” деген айыптоолорго калдым.
Дооронбек аке Түптө бутуна таш тийип, зээни кейип: — “… Эй Азимбек, буларың Каркыра, Үзөнгү-Кууш эмес, Ысык-Көлү сатылса деле ыраазы болгон эл экен” дегендей, мени Кара-Суулук айылдаштарым, Аксылык жердештерим, кара кийим кийген жесирлерим түшүнгөндөй, жалпы кыргыз эл мени түшүндүбү?
Эл болгондон кийин түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да болду. Түшүнбөсө Ш.Назаркуловго окшоп саясий өлүмдүн туу чокусун көрсөтүп, ачкалыктан өлбөйт эле? Түшүнбөсө элибиз, аксылыктар илгери Коконду чапкандай, тиягы Жалал-Абад, Ошко, биягы Бишкекке чейин жөө жүрүш жасаганда ачык кошула албаса да колунан келген жардамын беришип колдобойт эле.
Айылдаштарым, жердештерим мен үчүн баарын кылды. Мен гана алар үчүн эч нерсе кылбагандай, карыздай болуп жүрөм. Карыз болуп өтөм го, анткени алардын эмгегин эч нерсе менен баалоого, төлөп берүүгө да болбойт. Анткени, алар бир эле мен үчүн эмес, кыргыз жери, кыргыз мамлекети, анын келечеги үчүн күрөштү. Эки революциянын башында булак сымал менин айылдаштарым — Кара-Суулуктар турду. Алар Бакиевди КЭК менен, Атамбаевди БЭК менен бекем колдоду, бирок алар мага да, Бакиевге да, Атамбаевге да башкаларга окшоп кылган кызматын колко кылган жок. Бул улуу элге, тарыхый элге таандык пейил, мүнөз!
60ка чыкканда Докем эгер тирүү болсо, Апсамат акеге каалоо тилек айткандай, мага да: — “…Классташ, курсташ болсо, Азимбектикиндей болсун… Азимбекти эч качан чанып кетпей бекем турушкан айылдаш, жердеш болсо аксылыктардай болсун… Азимбегин өлүшсө да коргогон, жар болсо Азимбектин Сакениндей, уул болсо Азимбектин уулдарындай болсун, …Азимбектин азабын көтөрүп, ачка, ток, иши жок жүрүшсө да билдиришпеген ага-ини, дос болсо Азимбектикиндей болсун, …. эч качан “болду жетишет” деп Азимбекти таштап кетпеген, саясатчы болсоң Азимбек менен үзөнгүлөш бол, сөзсүз жеңүүчү Президент болосуң”-деп көпкө айтмак, бирок, “Азимбектей бол” демек эмес, “Азимбектин айылдашы, классташы, курсташы, ага-инилери, достору, саясаттагы үзөнгүлөштөрү, туугандары, аялы, уул-келиндери, куда-тамырларындай бол…”-демек, Докем. “Азимбектей бол” дебегени, Азимбектей болуу кыйын, азап-тозок, аны душманына да ыраа көрбөөнү көсөм Докем билет эле…
Мен эптеп-септеп айылдаш-жердеш, урук-туугандар, классташ-курсташ, тамыр, куда-сөөктөр колдоп, көтөрмөлөп жүргөн уйчунун уулу экенимди жетишерлик айттым окшойт.
Эми болсо, эмне иш бүтүрдүм? Эмнеге жетиштим? Эмне үчүн кара жумушту жасап, элдик ынкылаптардын башында жүрүп, бийликке жеткенде тез эле четтетилип калам? Эмне үчүн расмий бийлик мамлекеттик денгээлде мага каршы ушак-айың таркатат, бирок “ичкич-жегич” катары кылмыш жообуна тартып, камабайт? Эмне үчүн Бекназаров “тигил заводду, банкты же башка обьектини же бирөөнүн жерин, менчигин басып алды, тартып алды”-деп эч ким арыз жазбайт?
Акыркы 10 жылдын, 2007-2017 жыл ичинде, же 50 жаштан 60 жаш курагымда мен болгону, 2010-жылдын апрель айынан декабрь айына чейин 9 ай гана Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп иштедим, (айрым жеке адвокаттык иштерди кошпогондо) калган өмүрүм жумушсуз өттү.
Ал эми 2005-жылдын март революциясынан кийин 5 ай 22 күн Башкы прокурор болуп иштедим.
Эки элдик революциядан кийин ошол кыска мөөнөттөрдө жеке өзүм, мен кураторлук кылган мамлекеттик органдарда эмне иштерди аткарганым боюнча жогоруда конкреттүү фактылар менен кеңири айтылды. (№15 жана №16 тиркемелерди караңыз) Эми менин айтайын дегеним, 50 менен 60тын ортосунда, акыл, күчкө толуп турган чагымда жумушсуз жүрбөй, элим, өлкөм үчүн эмгек кылсам болбойт беле?-деген суроолорго дагы бир чыгаан агам Салижан Жигитовдун обонуна салып, жооп бергим келди:
Ооба, урматтуу замандаштар, болот эле, эгерде мен Президент К.Бакиев эле эмес, анын бир туугандары менен уулдарына чейин баш ийип, алардын айткандарындай иш жасап жүрсөм болмок. Бирок мен андай кылгандын ордуна күн сайын Президент Бакиевге кирип, “өзүңүз Акаевге окшоп өлкөнү үй-бүлөңүзгө башкартып жатасыз, Максим Айдардын ордун эле эмес, анын бизнестерине чейин ээлеп жатат, инилериңиз Акаевдин балдыздарындай болуп калды, Жаныш иниңизди Жалал-Абад банкынын “тонолушу” боюнча шектүү, Максим “Аалам сервисти” ээлөөгө аракеттенип жатат, эгерде аларды өзүңүз токтотпосоңуз, мен токтотом, “каматам”- деп, “акылсыздык” кылбай, кайра Жанышка, Максимге жардам бергенимде болмок! Ооба, Бакиевдер менен 2010-жылдын 7-апрелине чейин мамыр-жумур болуп иштей бермекмин. Эгерде К.Бакиевдин өзүн Аксы окуясы боюнча “сурак кылам” дебей, күнөөнү Урманаев, Осмонов, Ракишев, Калбаев, Кулуевдерге коюп, Акаев, Бакиев, Карыпкулов, Абышкаевдерди жаап-жашырганымда, аларды сындагандын ордуна, Бакиевдердин кимиси болбосун аларга кызмат кылып, туулган күндөрүндө тикемен-тик туруп, айга-күнгө теңеп мактап, ырдап, бийлеп жүргөнүмдө, анда мен башкы прокурор эле эмес, “Ак Жол”партиясынын лидери, “Ак Жол” Парламентинде спикер, Өкмөттүн башчысы да болмокмун,
Тилекке каршы, а мүмкүн кудай сактап, кудай мага Президенттерге, алардын жакындарына “ийкемдүү кызмат кылуу” талантынан куру калтырыптыр. Мага ата-энем, мени окутушкан мектептеги, жогорку окуу жайларындагы агай-эжейлерим куулукту, кошомат кылуунун өнөрлөрүн үйрөтпөй, эл, жер, өлкө үчүн күйгөн патриот бол, катуу тартипти, мыйзамды сыйлаган чынчыл бол, Манасты көп оку, Манастай кыргыз бол деп, “туура эмес”, коммунисттик духта тарбия бериптир. Эмне кылам, тагдырыма таарынам да?
2008-жылы казактарга берилген 4 пансионат, Каркыра, Көк-Сай, Маймактар “туура берилди”, Кумтөр алтын кени Канадалык “Центерра Голдко” Кыргызстан үчүн “эн бир ынгайлуу шарттарда” “туура берилген”, муну Атамбаев 2007-жылы, Максим Бакиев 2009-жылы көсөмдүк кылып, жаңы шарттардагы келишим менен туура чечишкен дегендин ордуна, К.Ташиев, С.Жапаровго окшогон “келжирек” депутаттарды Кумтөр үчүн Ак үйдүн короосун ашканы үчүн Атамбаевдин бийлиги “туура куугунтуктап” жатса, 2005-жылы апрель айында Кумтөр алтын кени боюнча Акаев, Танаевдерге кылмыш иш козгоп, кетирген “акылсыздыгымды” дагы бир жолу көрсөтүп, Ташиев менен Жапаровго адвокат болуп, анысы аз келгенсип, Кумтөр алтын кенин Кыргызстанга алабыз деп, 16 миң шайлоочунун колун топтоп, денонсация кылуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, Парламентке киргизүү “акмактын акмагынын” иши да! Ушундай “акмакчылыктарым” үчүн мени ким жумушка алсын!
Президент Атамбаевдин жасап жаткан иштерине 120 депутат ыраазы болуп, 6 миллион элибиз “кубанып колдоп” жатса, уламдан-улам “элдик курултай өткөрөм” деп, “бузукулук” кылбай, эл үчүн, өлкө үчүн күнү-түнү иштеп жаткан Президентти жок дегенде Текебаевче колдогонго “акылы жетпеген” адам кайсы ишти жыргатат эле?!
Эгерде 2000-жылдардан тартып, “көсөм Президент” Акаев, “көсөм Өкмөт башчы” Бакиев, Танаевдер Үзөнгү-Куушту, Хан-Тенирини, Сары-Жазды Кытайдыкы, Каркыра, Маймак, Көк-Сай казактардыкы, Атамбаев, Сариевдер окшоп Унгар-Тоону Өзбекстандыкы, деп, электр тармактарын менчикке берип, баасын 5-10 эсеге көтөрөлү, “Кыргызтелекомду”, Манас аэропортун саталы десе, 2007-жылга чейин көшөрүп, жок бул Кыргызстандын жерлери, электр тармагы мамлекеттин колунда болсун, баасы көтөрүлбөсүн деп Жогорку Кенеште Президент менен Өкмөткө каршы чыкпай, Сариев, Сарпашев, Коркмазовго окшогон депутаттардан “үлгү алып”, ошолордой “акыл-эстүү” болсом, Атамбаевдин доорунда деле жок дегенде губернатор болуп жүрмөкмүн.
Жок дегенде акылга келип, 2016-жылы Атамбаев менен Сариев Унгар-Тоону Өзбекстандыкы дегенде үн чыгарбай, Аксыга барбай, тим жүрбөй, мурдагы “бузукулуктарымы “ кайталабадымбы, анан ким мага иш берсин!
Эгерде менде “теменедей акыл болсо”, 2001-2002-жылдары Мыйзам чыгаруу Жыйынынын спикери А.Эркебаев Акаевдин атынан мага “чек ара маселесин көтөрбөй эле койчу, Президент суранып жатат”-деп, Акаевди сындаганымды, ага импичмент маселесин көтөргөнүмдү токтотуу жөнүндө айтканда, аны укканымда, алар айткан кызматтарга барып, наамдарды алып, жүрө бермекмин. Анда Ш.Назаркулов “ачкачылык кармап” өлбөйт эле, Аксыдагы алты азамат окко учпайт эле, жүздөгөн аксылыктар жарадар болуп, миндегени ачка-ток калып, тиягы Ошко чейин, биягы Бишкекке чейин Акаевге каршы жөө жүрүшкө чыгышпайт эле. Акаев да Москвага качпай, дагы деле Президент болуп жүрмөк, мен жок эле дегенде Жогорку Соттун төрагасы болуп иштеп жүрмөкмүн, эмне кылам, “акыл жетпесе” ушул экен да?!
Эгерде менде “кичине мээ болсо”, 2010-жылы август айында Атамбаев, Текебаев, Сариевдер баары туруктуу бийликке келүү үчүн Убактылуу Өкмөттү таштап шайлоого кетишкенде, Отунбаевага “жардамдашпай”, Атамбаев менен Текебаевдин бирине “жармашып” кеткенимде Сариевге окшоп Премьер-министр болбосом да депутат катары Текебаевдин жанында Атамбаевге “ак кызмат кылып” бүгүнкү күнгө чейин “жылуу оорунда” жүрмөкмүн.
Кудай мага Бабановдун же Текебаевдин “акылдарынын” үчтөн бирин бергенде, Чыныбай Турсунбековго теңеле албасам да, Атамбаевге эптеп маал-маалы менен жолугуп, ал эмне десе баарын жасап, мыйзам десе мыйзам жазып берип, “сиз абдан жакшы иштеп жатасыз” деп ага “хан” катары сый-урмат, кызмат кылып, эмне кааласаңыз кыла бериңиз, мен сизге каршы чыкпайм, сизди колдойм, болгону депутат болгонго, бизнес жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берсеңиз болду”- деп, “кнопка басканды билген” көп депутаттардын бири катары жүрүп, 2015-жылы да “хан Атамбаев” айткан бир партия менен кайра эле депутат болуп келмекмин.
Эгерде кудай мага “анча-мынча” жөндөм бергенде А.Жапаров убагында К.Бакиевге, К.Жумалиев убагында А.Акаевге жаккандай, мен да Бакиев, Отунбаева, Атамбаевге чейин жагынып, бүгүн А.Жапаров менен К.Жумалиевге окшоп “шефтерими” да байытып, өзүм да байып, 2015-жылы каалаган партиянын “алтын депутаты” болуп олтурмакмын.
А, мен болсо 2005-жылкы март революциясынан жана 2010-жылкы апрель революциясынан кийин кудай мага берген мүмкүнчүлүктү да пайдалана албай, “Аалам сервис”, “Бител”, “Шампанвинкомбинат”, “Нооруз”, “АУБ”, “Бишкек арак-ликер заводу”, “Достук”, “Солнышка”, “Витязь”, “Мегаком”, “Кант цемен-щифер комбинаты”, “БНК”, “Идеал-Хауз”, “Каприз”, “Крисстал” жана башка ондогон обьектилерди, автомашина, самолет, яхталарды, уурдалган миллиондогон акчаларды Бакиев же Атамбаевдерге өткөрүп берип, же алар менен бөлүшүп алгандын ордуна түп-түгөлү менен мамлекетке кайтарып алып, алардын мурдагы ээлерине, андан сырткары Бакиев, Атамбаевдерге “душман” болдум, “кичине акыл-эси бар адам” муну жасабайт да?!
Эгерде менде “кичине акыл-эс болгондо”, аларды жең ичинен Отунбаевага, Атамбаевге кайра жаздырып, өзүм да куру калбай, улутташтырбай эле койсом, бүгүн Ч.Турсунбековдун ордунда спикер же, С.Жээнбековдун ордунда Өкмөт башчы болуп олтурмакмын. Жок эле дегенде Бишкек арак заводун, БНКны, АУБдун айрым коммерциялык банктарын Ч.Турсунбеков, Ө.Текебаев “сатпай”, мен сатмакмын.
Эгерде менде “анча-мынча акыл болгондо” 2011-жылкы Президенттик шайлоодо Атамбаевди колдогула деп, Сариев менен Бабановдун аракеттерине теңеле албасам да, Сарпашов менен Карашев мырзалардын жанында жүргөнүмдө, минтип алты жыл “бош” фирмасында жүрбөйт элем.
Эгерде менде элиме кызмат кылайын деген ой болсо, Бакиев менен Атамбаевди “Акаевдин жолуна түштүң, революциянын максаттарын сатып кеттиң, өлкөдө кайрадан үй-бүлөлүк башкаруу, авторитаризм орноттуң, Акаев түзүп кеткен коррупциялык схемаларды, анын кадрлары менен улантып жатасың, сөз эркиндигин муунтуп, жүргүзгөн саясатыңарды сындаган, макул болбогон адамдарды, журналисттерди жасалма кылмаш иштерди токуп куугунтуктап жатасың, революциянын талаптары болгон Кумтөрдү элге алган жоксун, люстрация (тазалануу) болбоду- деп сындай бербей, “Президент тууптуура иштеп жатат, өлкөдө жол салынып, кен-байлыктар казылып казылып, чет элдиктер туура алып кетип жатат, эл жыргап жатат, айлык-пенсия өз убагында берилип жатат, оппозицияны камап туура кылып жатат, алар “эл бузарлар”, “тополончулар”, “акаевчилер”, “бакиевчилер”, “контрреволюционерлер”, “Президент кетпесин, дагы бир нече мөөнөттөргө иштеп берсин, эл суранып жатат”- деп, Бакиев менен Атамбаевди мактасам бул да эл үчүн кызмат болмок, Манас орденин алмакмын, “хандардын” ак пейили келип калса бир чоң кызматта олтурмакмын.
Мен Президенттер Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдердин баарынын жанында, үзөнгүлөш жүрүп, алардын эл үчүн, мекен үчүн “ак эмгектерин көрүп” туруп, аларды колдоп мактагандын ордуна, революциянын талаптарын аткарбай жатасың, үй-бүлөлүк башкарууга өттүң, хан болуп калдың” деп “көрө албастык, “ичи тардык” кылганым Президенттер эмес, “кудайга да жакпаган” иш болуп жатат.
Эгерде мен “жегич, ичкич” болгонумда, “жеген, ичкен” оокаттарымды жашырып, бийлик алып коет, өзүмдү олтургузуп коет”-деп, Максим Бакиев, Жаныш Бакиев, Икрамжан Илмияновдорго сыйынып, алардын көз кыры менен акмалап жашап, “бийликтин ырын” Жыпар Жекшеев менен Шайлообек Дүйшеевдей ырдай албасам да, коммунист Орозбек акемче ырдай алмакмын. Анча-мынча мамлекеттик иш-чараларга аралашып, КТР менен ЭлТРге чыкмакмын, сыйлык алмакмын. Жок дегенде НТС менен 5-каналда жума сайын сүйлөмөкмүн.
Мен эл үчүн, жер үчүн, мекен үчүн “ак эмгек өтөшкөн” Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдердин бири менен дагы тил табышып иштеше албаган “эл бузар” адаммын.
Мен 2005-жылы март революциясынан кийин Башкы прокурордун милдетин аткарып турганда “кызмат абалымдан кыянаттуу” пайдаланып, мурдагы өлкө, өкмөт башчылары Акаев, Танаевдерге, аны менен бирге иштешкендерге колхоз-совхоз, завод-фабрикаларды, мал сарайларды, станок-цехтери менен жок кылып, туура реформаларды жүргүзүп жатканын баалагандын ордуна кылмыш иштерди козготуп, “Мээрим” фондуна – кыргыздын балдарына берилген обьектилерди “ханайымдан” “туура эмес” тартып алып, элге өткөрүп, “жаңылдым”.
Кыргызстандын биринчи Президенти А.Акаевдин “мандай тери” менен куруп жаткан, азыр жаштар министри олтурган үйү менен китепканасын, азыр Башкы прокуратура олтурган конок үйүн 25 га жери менен мамлекетке алып, “өзгөчө оор кылмыш” жасадым.
2 млрд. АКШ долларынан ашык сырткы карыздар боюнча “ичи тарлык кылып” аны ким пайдаланды, каякка иштетилди, деп жаңы текшерүүнү баштаганымда Бакиев “мени кызматтан кетирип туура кылды”, болбосо кредиттерди алгандардын да аттарын атап, камап, оор кылмыш жасамакмын.
Кумтөр алтын кени боюнча Өкмөт башчы Танаевди башында камакка, андан соң үй камагына алып, анан ал ошондон “өтө оор оорууга чалдыгып”, дагы жакшы Жогорку Кенештин “боорукер” депутаттарынын жардамы жана менден кийинки Башкы прокурор К.Конгантиевдин гумандуулугу менен Россияга “дарыланууга” кетип, азыркыга чейин дарыланып жүрөт бечара, бул Кыргызстанга абийир болбодубу?! Болбосо кокус Танаев бир нерсе болсо Россия менен Кыргызстандын ортосунда чыр чыкмак!
Акаевдин, Бакиевдин үй-бүлө мүчөсүнө, алардын жакындарына кылмыш иш козгоп, айрым обьектилерин мамлекетке алып тим болбой, алардын оокаттуу кайф замандарын да буздум. Эми Атамбаевдин айланасына асылып жүрөм. “Бул кудайга жакпай турган иштер!”
Жүздөгөн кылмыш иштер “коорупция менен күрөшүүнүн 100 күндүгундө” козголуп, жүз миллиондогон акчалар мамлекеттин казынасына “кустурулуп”, Акаев менен бирге “ак эмгек өтөгөн” нечен адамдар жоопко “ак жеринен” тартылып, ошол эле учурда өлкөнү ”жеп-ичишкен” Т.Тургуналиев, Ф.Кулов ж.б. мен тарабынан “мыйзамсыз” акталышкандыгы боюнча “күнөөмдү” мойнума алам!
2010-жылдын апрель революциясынан кийин тергөө органдарына кураторлук кылып, Бакиевдердин жакындарынын ж.б. “ак мээнети” менен табышкан, курушкан 50 гө жакын обьектини улутташтырып, “оор жазага тартыла турган” кылмыш жасадым.
Экс-президенттер А.Акаевдин, К,Бакиевдердин кол тийбестигин алдыртып, Конституциялык сотту “таркатып”, 7-апрелде “арак ичип мас болушуп, наркотик чегип алган бандиттердин “Ак үйдү басып алуусуна” каршы “мыйзам чегинде” курал колдонуп, атып өлтүрүшкөндөргө “мыйзамсыз кылмыш ишин козготуп”, К.Бакиевди, Ж.Бакиевди, Д.Усеновду баш кылып бир топ элди аткандарды “ак жерден” соттотуп жибердим.
2010-жылдын апрель-июнь окуяларында Кыргызстандын түштүгүнө Бакиевдердин артынан “эч ким жибербесе” да, Убактылуу Өкмөттөн эч ким барбаса деле, өзүм Жалал-Абадга, Ошко барып, “өзүм билемдик кылып”, реваншисттерге, К.Батыровдорго, “мыйзамсыз куугунтук уюштуруп жүрдүм”.
Түштүктөгү 2010-жылдагы июнь окуясында Убактылуу Өкмөттөн И.Исаков экөөбүзгө, түштүктө “бышырып койгонсуп” Т.Сариев, К.Дүйшебаев, А.Атамбаевге окшоп Бишкекте тынч эле жүрбөй, “ак жеринен” К.Батыров, Ж.Салахутдинов окшогондорго кылмыш иш козготуп, куугунтуктап, Азимжан Аскаров окшогондорун “ак жеринен” соттотуп, БУУга чейин “Кыргызстанды уят кылдым”.
Президент К.Бакиевди 2010-жылы 14-апрелинде Ош шаарындагы резиденциясына киргизбей, Ош шаарынан кууп чыгууну уюштуруп, “акмакчылык кылдым”. Дагы жакшы Р.Отунбаеванын “иш билгичтиги” менен К.Бакиев үй-бүлөсү менен Минскиге кое берилип “Убактылуу Өкмөттүн абийири жабылды”.
Т.Сариев экөөбүз 2010-жылдын май айында Улуттук банктын “ячейкаларын тоноп”, аны Убактылуу Өкмөттө коомдук тартипти, өлкөдөгү башаламандыкты токтотуу максатында Р.Отунбаевага Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү менен “өз ара бөлдүртүп”, 8 мин долларын “Медиа-Форумдун” алдына эстелик коюу үчүн деп А.Атамбаевдин КСДПсына берип, калгандарын “Ата-Мекен”, “Ак-Шумкар”, “Эркиндик” партияларына да өлкөдө тынчтыкты орнотууга жардам бергиле деп, Ош, Жалал-Абад, Нарын областтарына, укук коргоо органдарына берип, (ИИМ, УКМК, прокуратура ж.б.) “өзгөчө оор кылмыш жасадык”. Муну жалгыз Атамбаев байкап, бирок Убактылуу Өкмөттө “коррупция күчтүү болгондуктан” анын жалгыз күчү жетпей андан бери Атамбаевдин “бийлиги жоктугунан” Сариев экөөбүздү кылмыш жообуна тарталбай жүрөт.
Мен үй-бүлөм, тууган-уругум менен “камалып жок болушум керек”, себеби, 2010-жылдын 7-апрелинде Атамбаев, Текебаев, ж.б. окшоп Бишкекте үйүмдө тынч жатпай, Нарындагы революционерлерге кошулуп Нарында жүрдүм, уулдарым Руслан, Зухраб, жээним Улан, инилерим Анарбек ж.б. ондогон досторум, “Медиа-Форумдан” эл катары Бакиевге каршы чыгышып, ок эле тийбегени болбосо Ак үйгө атака коюшуп, “өзгөчө оор кылмыш жасаганга катышкан”, алардын баары камалууга жатат. Ал эми менин кичи мекеним болгон Кара-Суулук (Аксы району) туугандарым, кайнилерим, тага журтум, жалпы айылдаштарым Т.Тургуналиев, К.Өмүрбековдордун жетекчилиги менен 7-апрелде Аксынын борбору Кербенге келишип бийликти ээлеп алышкан. Менин туугандарым 2002-жылдан 2005-жылга чейин нечен жолу митинг, курултай өткөрүп, улуу жүрүштөрдү жасап, “Акаев кетсин” деп жүрүп, 2005-жылы 24-мартта Акаевди кетиришкен, бул “оор кылмыштары үчүн” Атамбаев менин Кара-Суулук туугандарымы да бүт “жоопко тартышы керек”.
2010-жылы июнь коогалаңында түштүктө “бышырып койгонсуп” уулум Руслан “автомат көтөрүп” Базар-Коргондо, Жалал-Абадда элдик кошуун менен жүрдү, Атамбаевдин, башка чиновниктердин балдарындай болуп “тынч жүрбөгөнү үчүн” аны да ушундай кезинде камап жок кылыш керек. Бул учурдун талабы.
Акаев, Бакиев, Атамбаевдер коррупция менен күрөшүп, Акаев “мамлекетти жеп-ичкен” — Т.Тургуналиевди, Ф.Куловду, Р.Сарымсаковду, Акенеевди, Асановду, Бакиев — И.Кадырбековду, А.Жекшенкуловду, Э.Каптагаевди, И.Исаковду, Атамбаев – И.Өмүркуловду, А.Келдибековду, Н.Тулеевди, Д.Нарынбаевди, К.Самаковду ж.б. коррупционер катары жоопко тартса, мен Тургуналиев менен Куловду актаттым, Кадырбеков, Жекшенкулов, Каптагаев, Исаковдордун акталышына шарт түздүм, Келдибековго адвокат болуп, калгандарына жан тартып, интервью берип, Атамбаевдин “коррупцияга каршы саясатына” каршы болдум.
Акаевдин доорунда массалык башаламандыкты уюштуруп, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет жасаган, ал түгүл “Президенттин өмүрүнө кол салууну уюштурган” Т.Тургуналиевди командасы менен актатсам, Акаевчилер, 2002-жылы 17-18-мартта Аксылыктарды мыйзам чегинде туура атса, аны да саясат кылып жүрдүм. Бакиевдин доорундагы ушундай эле кылмыштар менен айыпталышкан Булекбаев, Аргынбаев, Рыскуловдорду, Балыкчыдагы 18 адамды актатып, Атамбаевдин доорунда ушундай эле кылмыш жасаган К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдорго, ж.б. адвокат болуп, М.Усеновго, Б.Асановго, К.Кадыровго, Д.Сарыгуловго, Б.Талгарбековго ж.б. жан тартып, Атамбаев буларды “куугунтуктап жатат” деп аны колдобой, “кылмышкерлерди” колдосом, кантип мен мамлекетчил, мыйзамчыл болом? Кайсы мамлекеттик ишке татыктуу болом? Бул аракеттерим үчүн “татыктуу өз жазамды алышым” керек да?!
Мына урматтуу замандаштар, мен эмне үчүн үй-бүлөм, урук-туугандарым, досторум менен Акаевдин, Бакиевдин, эми Атамбаевдин бийлигине “душман болуп”, куугунтукталып жүрөм, жогоруда айтылгандар айрым эле фактылар, ушундай кылмыштарым үчүн мен “камалышым” керекпи?! Же кызмат алышым керекпи?!
Мен эмне үчүн Акаевге, Бакиевге, эми 6 жылдан бери Атамбаевге “душман” болуп келем? Себеби, мен үй-бүлөлүк башкарууга, авторитаризмге каршы күрөшүп “кылмыш жасаган” адаммын. Башкаларга окшоп “бийликке жеттик болду” эми бийлейли, байыйлы дебей, биз эмне үчүн күрөштүк эле, эмне үчүн революцияга чыктык эле, деп, ошол максат үчүн бийликке жеткенден кийин деле күрөшө бермей адатым бар, анткени менде Бакиев, Атамбаевдердей “акылым көп эмес”.
Акылдуу адамдар бийликке жеткенде, байлыкка жеткенде өзгөрүлөт турбайбы, а, мага окшогон “акылсыздар” болсо улуу максаттарды алдына койгондо, ошол максатка жетүү үчүн жолго чыкканда, максатка толук жеткенде да өзгөрүлбөй “акылсыздык” кылат экен. Бакиев Акаевдин ордуна “хан болгондо”, Атамбаев Бакиевдин ордуна “хан болгондо” максатыма жеттим деп ханга айланышты. Мен өлкөдө “хандар” кеткени менен хандык кете элек деп, “жаңы ханга” душман болуп калып жатпаймынбы?!
Кыргызстанда советтик доордон эгемен дооруна өтүү процесси аяктай элек, бирок акырындап Кыргызстандын саясий элитасы жалаң байлардан түзүлүп жатканы бүгүн жашыруун деле эмес. Ага мисал катары Жогорку Кенеште, Өкмөттө, Президенттин аппаратында, сотто жана башка мамлекеттик органдарда “чөнтөктүү” жаштар көбөйүп жатканы, аларга эгемен доорунун алгач этабында, айрыкча Акаевдин заманында байып алышкан Турсунбеков, Чудинов, Жумалиев, Жээнбековдор, Сарпашев, Сариев, Жапаров, Шадиев, Бабанов, Сатыбалдиев ж.б. олигархтардын кайра саясатка аралашкандары далил болот. Ошол эле учурда саясатта, саясий күрөштөрдө жүрүп такшалышкан, өзүнүн саясий көз карашы, позициясы бар Р.Отунбаева, И.Исаков, А.Мадумаров, Б.Мамырова, Ө.Текебаев, И.Кадырбеков, Т.Бакир уулуна окшогон жалаң төш же жарым жалаң төш саясатчылар акылы, күчү толуп турганда саясат майданынан сүрүлүп жатканы өкүндүрөт.
Өткөөл мезгилде 25 жыл ичинде “орус жыттуу” тарыхыбыз, маданиятыбыз, жашоо мүнөзүбүз “улут жытына” толук өткөн жок. 25 жыл ичинде элибизде Бабановго окшогон ондогон бай-батча уулдарыбыз пайда болуп, депутат болуш үчүн миллиондорду “шыр эле ыргытканы менен” улут, өлкө үчүн 100 сомун да бергиси келбейт, дагы деле алгысы, байыгысы келет.
Байларыбыздын чөнтөгү толо болгону менен жан дүйнөсү жарды. Ошол жан дүйнөнүн жардылыгын, боштугун “сакалчандар” менен “жоолукчандардын” “бир гана аллахтан башка эч нерсе, эч ким жок” деген аргасыздык, алсыздыгы толтуруп бараткандай. “Кайран элим, кайда баратабыз” деген жарнактагы идеологиянын чындыгы болгону менен кайда баруу жөнүндөгү жолду эч ким көрсөтпөгөнүнө байланыштуу “орус жыттуу” жашоо мүнөзүбүз, анча-мынча “араб жыттанып” баратканына гана тиешеси бардай, мусулмандардын диний ишенимине шек келтиргендей туюлуп турат.
Улуттук идеология жоктугунан мурда “орус жыттуу кыргыздар” кытай, дунган, түрк, араб өңдүү боло баштаганынан чоочуулоо керек. Буга дагы “Кайран элим, кайда баратабыз” деген жарнакты, миллион долларын “хандын” партиясына же “ханга” жаккан башка партияларга берип депутат болгон, “быш” деп үн чыгарбаган, сааса сүт же урук түшпөгөн 120 бай-батча депутаттардын үргүлөп олтурган сүрөттөрү менен чыгарса туура болмок, анткени кыргыз көчүн ошолор баштайт.
Ушул жерде эгерде мен Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин ордунда болсом, реформаны, улуттук кайра жаралууну эмнеден баштайт элем, деген суроо туулат. Албетте, мен 25 жашка чыккан кыргыз жигити менен кызынын бүгүнкү абалын реалдуу баалоо деген менен, биринчи кезекте, эй кыргыз, башканы коюп биринчи өзүңдү тааны, бил, кыргызча жаша, сүйлө, Кыргызстандагы башка элдерге жердин, өлкөнүн ээси катары өз эне тилинди, тарыхыңды, маданиятынды, каада-салтынды, улуттук жүрүм-турумду, кийимиңди ыйык тутуп, аны башкаларга көрсөтүп кадырлоого, сыйлоого, урматтоого үндөп жүрүү, айтып, аны өзүмдөн, бардык мамлекеттик чиновниктерден талап кылып баштаар элем!
Салттуу мусулманчылыкты мамлекеттик деңгээлде ыйык кармап, кыргыз тили жалгыз гана мамлекеттик тил катары өз деңгээлинде бардык мамлекеттик чиновниктердин, мамлекеттик иш кагаздарынын тили болмок. Кыргыз тарыхы калыбына келтирилип, Орус падышасына кызмат кылган Шабданга окшогондордун ордуна Канат хандын, Алымкул аталыктын, Абдылдабектин эрдиктери окутулмак. 1916-жылкы өз жери, укугу үчүн күрөшкө чыгып, геноцид болгон 200 миндей ата-бабаларыбыздын элеси үчүн аларга эл аралык деңгээлде таазим этилмек.
Улут лидерлери катары Ж.Абдрахманов, И.Раззаковдордун эмгеги толук кандуу изилденип, түпкү маңызына чейин үлгү катары бардык окуу жайларында окутулмак. Сүрөттөрү илинмек. Совет бийлигинин кыргыз улутун 1916-жылкы геноцидден сактап, мамлекеттүүлүк берип, маданиятыбыз калыптанып, илим, билимдүү болгонубузга, улуттук кадрлар окуп жетилгенине, өзгөчө тарыхый ролу бар экени саясатташтырылбай, ал кыргыздын бир тарыхый доору катары окутулмак.
Атамбаев алты жылдан бери “Кыргызстан өзүнчө жашай албайт, улуу орус акебиздин колтугуна кирип жашайлы”-дегендей, ат тезегин кургатпай Москвага каттап, Камбар-Ата ГЭСтерин Нарын дарыясы менен, “Кыргызгазды” 1 долларга, Манас аэропортун “Роснефтиге”, Батукаевден бери Россияга чыгарып берип, зор мээнет кылып жатса, аны да оппозиция “көрө албай койду”. Менин оюмча Кыргызстандын келечеги Россиянын “колтугунда” эмес, дүйнө жүзүнүн прогрессивдүү элдеринин, мамлекеттеринин арасында. Кыргыздар дүйнө элинин арасында өз мамлекети, тарыхы, маданияты, каада салты, тили, дини бар, байыркы элдердин бири катары жашоого укуктуу, аны ишке ашыруу өзүбүздүн колубузда.
Дүйнө элине аралашуу үчүн, орус тилине көз карандылыгыбыздан кутулуубуз керек. Ал үчүн Кыргызстанда бир гана мамлекеттик тил болуусу зарыл. Орус тили расмий тил катары мамлекеттик тил менен катар жашап турганда кыргыз тили айылдын, турмуш-тиричиликтин күнүмдүк денгээлинен өйдө көтөрүлө албайт. Орус тилин Кыргызстанда англис тили менен катар эл аралык катнаштын тили катары бала бакчасынан тартып бардык окуу жайларда кыргыздарга окутуп үйрөтүү милдеттүү болуш керек. Бирок, Кыргызстанда орус тилинин гегемондугунан кутулуу үчүн кошуна өлкөлөрдөй болуп, акырындап орус алфавити кириллицадан дүйнө алфавитине айланган латынга өтүшүбүз Кыргызстандын келечегине дангыр жол ачат.
Ошону менен бирге ааламдашуу, интеграция саясатында “дайныбызды” таппай, адашып кетпешибиз үчүн, адам укугунан улуттун укугун, кызыкчылыгын жогору койгон, улутту коргоочу жоболорду конституциялык деңгээлде бекем белгилеп алышыбыз керек. Мында батыштан көчүрүлүп, таркаттырылып жаткан “адам укугу менен эркиндиктерин” өзүбүздүн менталитетибизге, алыбызга чактап бөлүп ылгап алышыбыз зарыл. Биринчи кезекте улут, анан адам, эгерде андай болбосо, ушул күнгө чейин улут катары толук калыптанбаган кыргыздын аты — мамлекеттин атында гана сакталып, айтылып калуу коркунучу бар.
Экономикалык саясатта жер, суу, токой, кен-байлыктар мамлекеттин гана менчиги болуп, чакан ишкана, чакан ГЭСди куруу, ага инвестиция тартуунун тартибин борбордон жер-жерлерге беришибиз керек. Борбордо коргонуу, коопсуздук, укук, тартип, сот адилеттиги, тышкы саясат, салык, акча-кредит, мыйзам чыгаруу маселелери калып, бардык чарбалык маселелер күчтүү, бекем, мыйзам чегинде жеринде чечилиши керек. Ал үчүн өзүн-өзү башкаруунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчыларын тандап шайлоону борбордо эмес, жергиликтүү элге берүү бышып жетилди.
Сот системасын реформалоонун кадр алмаштыруу түрүнөн четтеп, сот арачачы институтун иштетип, сотторду шайлоо жергиликтүү элге берилиши да бышып жетилди. Эч качан сот бийлигин ашыруучуларды азыркыдай партияларга тандатууну токтоосуз алып салуу зарыл!
Мен Кыргызстанды кандай элестетем?
Башкы мыйзамыбыз Конституциябызды – кыргыз улутун, анын тарыхын, тилин, динин, маданиятын, жашоо мүнөзүн, жеке адам укугунан жогору койгон жоболордон элестетем.
— Ала-Тоо койну төрт-түлүк малга толгон, тоо арасы боз үйлөрдүн түнөгү болгон, айылдан-айылга тар капчыгайлардагы көк кашка сууларды жээктете салынган жолдор менен каттаган, ал жолдордун жээгинде заманбап мейманкана, чайканалар жана аларда велосипед, мотоцикл, Джип автоунаалары менен келип токтошкон, эс алышкан жүргүнчүлөр, туристтер менен элестетем;
— Тоо этегинде, койнунда эгин, жер-жемиш, бак-дарактар өскөн талаалар менен курчалган таптаза чакан айылдар менен элестетем;
— Экологияны булгабай, тескерисинче ага көрк берген чакан ГЭС, чакан ишканалар менен элестетем;
— Бишкек, Ош сыяктуу чон шаарларыбыздын көчөлөрүндөгү, эгин талааларынын ортосундагы жана тоо этектериндеги айылдардын көчөлөрүндөгү кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылган кыргыз улуту, кыргыз маданияты, тарыхы, кыргыз жерлери, чыгаан инсандары жөнүндө кабар берген көрнөк-жарнактардан, көчөдө кыргызча сүйлөшкөн, кыргызча кийинишкен, улууларга, конокторго өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылышкан жаштардын, балдардын жүргөнүн элестетем;
Үйүң толо балдарың, тоолоруңда малдарың толуп жүрсө, сары өзөн талааларда жер-жемиш мөмөсүн көтөрө албай, ийилген бак-дарактарың турса, кылымдарды карыткан Манас бабаңын кыргыз тили сүйлөнүп, Манасың ырдалып турса, кыргыз карыбайт, жашарат, ал үчүн сен кыргыз бол, балдарыңды кыргыз кылып тарбияла, мен кыргызмын деп сыймыктан, кыргызым!
Мен кыргызмын…
Соңу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *