Аврелий АВГУСТИН
(354-430), христиан теологу

Чоңдор өз тамашасын иш деп ойлойт, а балдардын тамаша курганын иш деп санашпайт. Аларды тилдеп, жазалашат. Ортодо чоңдорду да, балдарды да аяган эчким жок.
* * *
Эмнеге жакшы көргөн буюмубузду дайыма колдонуп жүргөндө эмес, аны жоготуп ийип, кайра таап алганда чындап сүйүнөбүз?
* * *
Адам чыныгы жокчулукту, ачарчылыкты көрмөйүн жеген аш, ичкен суусуна топук кылганды үйрөнбөйт.
* * *
Сени досторуң, кошоматчыларың бузат. А душманыңдын ачуу кеби – кемчилигиңди түзөйт.
* * *
Адамдар жакшы буюмга ээ болуш үчүн жаралган эмес, эгерде адам жакшы жолго умтулса, колунан укмуштай буюмдар жасалып, ал буюмдар көп жакшылыктарга пайдаланылат.
* * *
Адам турмушта өз жакындарына кызмат кылуу милдетин унутуп, сырттан байкоо салганы – эчбир адамдык сапатка сыйбайт.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *