(«Райкандын күлкүсү» китебинен)

Калем жолунда жүргөн киши башы ооган жакка каңгып кете берет эмеспи. Жазууга керектүү материал эл арасынан табылып калар бекен деген илгери үмүт менен көл боорун кыдырып жүрүп, күнгөй багытындагы айтылуу комузчу, ырчы, жомокчу Чалагыз Ыйманкуловдукуна барып калдым. Чакем туулуп-өскөн жери – Кессеңирге эс алууга барган экен. Чакеңдин залкар күүлөрүнөн угуп көшүлүп олтурсак, балдар желкесинен мыкчый кармаган сары мышык көздөнгөн жээрде сакал коңкойгон сары киши үйгө кирди:

– Чалагыз, сен келгенден бери коноктордон өксү болбодук, дагы бирөө келди, – деди.

– Ой, Жапалак, ак төөнүн карды жарылып, кой үстүнө торгой жумурткалап турганда… Сен антип пейилиңди тарытпа, – деп, Чалагыз келген меймандын алдын утурлап сыртка чыгып кеткенде, тиги кишинин кебете-кешпири көзүмө куду жапалак үкүгө окшош көрүнүп кетти. «Сен, эмне, мейманды үйүңө кондурбай, мында ээрчитип келдиң?» – деп бирөө андан сурады эле: «Тогуз катын алдым, ошонун бир да бирөө токтобой, чыры көп үй экен деп кете беришти. Үйдө аялым жок болсо конокту ким күтөт?» – деп Жапалак жер тиктеди. Көрсө, ал киши аялга өлгөндөй касап немелигинен алган аялдары токтобой коюптур.

Мен ичимен кым дей түшүп, чөнтөк дептерге «Жапалак» деп жазып койдум. Келген мейман райондун үстүнөн караган салабаттуу жетекчинин бири экен. Жайланышып олтурган соң, а кишиге «сыпайгерчилик үчүн «ак молдодон» сунсак чеки болбос бекен?» – деп Чакем менин кулагыма шыбыраганда, мен мейманга:

– Аксакал, эшикте «Жапалак менен Жатпас» деген эки жигит сизге учурашканы атайы келишиптир… кирсинби? – десем:

– А, пожалуйста, киришсин… киришсин, – деди мейман шашып.

Дасторкон жайылды, биз ымшып-тердеп стакандарды сүзүштүрүп отурсак, бир маалда мейман мойнун созуп менден:

– Э, Райкан, жанагы мага келип учурашалы деген эки жигит качан келет?.. – деп сурап калды.

– Мына алар, бая эле келишпеди беле… – деп мен эки бөтөлкөнү көрсөтсөм, ал адегенде мостоё түшүп, анан мойнундагы күрөө тамырлары кызарганча күлүп:

– Жапалак менен Жатпастар ушуларбы? – деди.

– Ооба. «Жапалак Жатпасов» дегендер ушулар…

– Бу чоң комедия болду. Ушуну жаза көрүңүз, – деди мейман. Ошондон улам «Жапалак Жатпасов» комедиясы жаралган эле…

Оозуң ылдый жагында…

Жаңыдан жинди сууга кыныгып, ага азгырылып жүргөн кез эле… Ашкан чоң таланттуу артист Шамшы Түмөнбаев бир күнү эч кандай шаан-шөкөтсүз эле мени үйүнө ээрчитип барды. Шакем мага стакан сунду, мен тартып жибердим да, нанды жыттап, көзүмдү жумуп калдым. Маңдайымда Шамшынын энеси олтурган.

– Ой, Райкан балам, оозуң мурдуңдун ылдый жагында… ылдый жагында, төмөн… төмөн! – деп, мен оозумду таппай жаткансып Шакемдин энеси шашып калды.

– Байбиче, менин мурдум нан жебейт, нандын жытын искейт, – десем, Шамшы каадасынча карс-карс күлүп, мындай деди:

– Энем бечара ушунча болуп ичкиликтин даамын татып көргөн киши эмес экен.

– Байбиче, «квас» деген мүрөктүн суусу бар, ошондон ичсеңиз көп жашайсыз, – дедим тамашалап.

– Жок… жок, балам, ичпейм… ичпейм, – деди кемпир безилдеп.

Атын таппай жүрөм

Жинди суунун кыныгын алып токтоно албай, ой-тоого урунуп жүргөндө… андан кичине эп этип алгандан кийин, ал: «Эми үйдө эмне кылып олтурасың? Жумуруңдун башы ысыды, көчөгө чыгып ар кимге көрүнсөң боло. Ой, сен киши болбой кал» дегенсип ээликтирет. Жакшы эле үйдөн сыртка чыкпоого чымыркансам да, акыры чыдабай басып кеттим. Мидиндикине шып жетип бардым. Ошол күнү ал да түк бирдеме кылт этпептир.

– Сен эмне жалдырап олтурасың?

– Олтурбаганда аргам канча? Кечээ жанымда сокур тыйын калбаптыр, – деп Мидин кабагын чытыганда, ага бир чети боорум ооруп, бир чети марттык кылгансып:

– Анда, жүр эмесе, көчө кыдырып келелик, – десем, ал күлүп мындай деди:

– Жүз грамм алып берсең, сенсиз деле өзүм таманым жерге тийбей кыдырып кетем. Эх, ушул сааттуу жинди сууга кайдан гана көндүк экен?

– Мага адегенде стакан сунган кишинин атын таппай жүрөм, – дедим.

Ал күлүп калды…

Чала сага!

…Аңды-дөңдү карабай, желгенге жел, басканга мал жетпей жүргөн чак. Бирөө: «Амансыңбы» – десе, аны тескери алып: «Акмак дейсиңби?» деген кез… Жакынды жадатып, ак санагандын жүрөгүнүн сары суусу алынган. Жолдоштордун аялдарын какшыктап, кемирип жүрүп, аларга да суук тумшук болгонбуз. Үй-бүлө такыр жадап бүткөн. Бала-чаканын ач-тогуна кароо деген кенедей капарга келбей калды. Жүргөн жеримин баары ызы-чуу…

Ошентип керели-кечке буфетте жүрүп, түн ортосу ооган маалда сандалып үйгө келесиң. Саал баш соолуга түшкөндө: «Мен кайда сандалып бардым? Кимдер менен жүрдүм?» деп өзүңө кыжырланасың.

Ай, шайтан баскан жинди суу!.. Сен абийирди кетирип, адамгерчиликтен ажыратасың, сен адамды азезилдей азгырып, жылаңбаш жетелеп кетесиң. Сага азгырылып жүрүп сандалдым… Сен мендейлерге жармашкан бир кара саат болдуң го дейсиң. Ушинтип жинди суу кутуртуп жүргөн кез… Аттиң ай, турмушка кайра кайрылып бир келер күн болор бекен? Мен неге элчилеп, өзүмдү бекем кармап токтото албайм?! Мени аябай ууктура чагып айыктырар, ак санаар бирөө барбы? «О-о, сенден күйдүм» деген капалуу үн чыгат. Өтө кыйын жолго башты тосо берипмин. Каргашалуу жинди суунун күүсү аны кайдан сездирет. Үй кайда? Кайда?! Баш калкалар үй жок… Көрүнгөн жерге түнөйсүң.

Кыштын күнү. Бороон борошолоп көз ачырбай согуп турат. Ошол күнү жинди суудан чөйчөк карынга буюрганынча кеткен… Бир маалда көзүмдү ачсам, темтеңдеп вокзалда жүрөм. Суук… Ээгим шакылдайт. Буттан-бутка секирем. Менин таалайыма жараша камера хранения (буюм сактоочу жай) ачык экен, ошого шып кирип бардым. Жүргүнчүлөрдүн буюм-тайымдарын алчу неме жайбаракат эшигин ачык таштап, ары карап бирдемеге алаксып калыптыр. Иш мындай оңдой берер болбоспу… Жылуу жерге бир пас тура калгандыктанбы, айтор, кичине көңүлүм айнып, көзүм ымыр-чымыр боло түшкөнү эсте… Андан ары эмне болуп, эмне койгонду ким билсин…

Сууктан кутулуп, жылуулук жеткен соң, аяк серппей тарс катып калсам керек. Кайда, бир кезде уйку-соонун арасында жатсам, кулакка мындай сөз угулду: «О, кудай, бу кандай шумдук! Жүргүнчүлөр буюмдарынын арасына кошо кишини катып келип, мага өткөрүп кеткенби? Бирөө коркуратып коңурук тартып жатат да! Бу кандай укмуш! Ушунча жыл бою вокзалда иштеп жүрүп, буга окшогон кереметти биринчи жолу кезиктиришим. Кудая тообо, барып кароодон да коркосуң, кудай сактай көр!»

Бул үндү укканда уйкудан көзүм умачтай ачыла түштү. Эки жакты абайлап карасам, катар-катар текчелерде чемодан, таңылуу жүктөр көрүнөт. А мен түндө жинди суунун күүсү менен вокзалдын буюм сакталар жайына өзүмдү өзүм сактоого өткөрүп койгомун го? – деп өз жоругума өзүм бырс күлүп, анан эптеп тигил кишиге көрүнбөй жылт берип кетүүнүн аракетинде болуп акырын бастым эле, эшик жактан ак жуумал, муруту чычайган жалпак мурун, көк көз киши келатып, мени көргөндө катуу чочуп кетти.

– Адам эй, укмуш, мен эмнени көрүп турам?!. Эй, сен кишисиңби же илгерки жомокто айтылчу желмогузсуңбу?

– Мен кадимки эле кишимин.

Ал мурутун сылап, көзүн чекчейтип башын чайкады.

– Мына, тамаша! Сен мында кандайча кирип калдың?

– Бутум… бутум менен басып киргенмин.

– Жаныңды жегир, жашырбай чыныңды айткын. Сени бир куу, митайым неме буюму менен кошо мага өткөзүп койгон го. Болбосо, мен акыйып карап турганымда, сен мында кантип кирип кетмек элең? Ишенбейм…

– Айып этпегин тууган, мени чуулгандуу жинди суу өткөзүп жиберген көрүнөт.

– Жинди суу дейсиңби? Ой-тобо ой, чачым агарганча жүргүнчүлөрдүн буюмдарын сактап жүрүп, мындай шумдуктуу сөздү бир да бирөөнөн уга элек элем. Жок, сен кууланып турасың го, сыягы. Сырыңды жашырбай чыныңды айтсаң, кутуласың… Сени быякка ким киргизип койду?

– Айттым го. Мен өзүмдү өзүм өткөзсөм керек.

– Эмне дейт?!

– Кымбаттуу бурадар, менин оюмда эч кандай кара ниеттик жок…

Ал мурдагысынан катуулап баратат.

– Токтот, мазактаганыңды! Бу кандай тартипсиздик. Сен мени макоо немедей көрсөң керек. Баарыдан да коңурук тартып жүрөктү түшүрүп коё жаздадың.

– Кечиресиз? Мени мында бөтөлкө кууп киргизген дедим го, бөтөлкө!

– Мм… сага мен эми түшүндүм.

– Бир колго түштүм да…

– Бул жаман жол! Ушул жолго жаш муундарды түшүрбөс керек, – деп ал кобурап жатканда, тетири карап бир нерсеге алаксып калды. «Мага чала… сооп болду, мына, бөтөлкөнүн касиети», – дедим да, жылт берип кете бердим…

Сага «стопка» деген оору жармашкан

Ооруканага жаткан сыркоо кишини жакындары, жолдош-жоролору анын көңүлүн улап келип турушат экен. Мен ооруканага келгенден бери «бирөө келер бекен!» дегенсип акыйып терезеден көзүм өтөт. Мага келген бир да бирөөнүн карааны көрүнбөйт. «Жүрүш-турушумдун олку-солкулугунан жакпай калсам керек» деген ойго кетем. Аттигинай! Бир кишини боюма тартып, колго алган эмес экемин ээ. Кантейин, күнөө өзүмдө. Чекеме бүткөн жалгыз досум бар эле, ал да тээ алыскы көл башында жүрөт. «Кайдасыңар стакан кагышкандагы жигиттер, мындайда жолобой каласыңар ээ, кесепеттер», – деп өзүмдү жемелеп тим болуудан бөлөк арга барбы?.. Оорумдун тарыхы бөлөк оорулардыкынан өтө бөтөнчө болгондуктанбы, айтор, дарымдаган врач эмнегедир мени катуу кармайт. Жаңы келген бир сестра доктор көрүп кеткенден кийин менден мындай деп сурап калды:

– Сиздин ооруңузга мен түк түшүнө албадым, кебетеңизге караганда сопсоо эле көрүнөсүз… анан кандайча сизди катуу кайтарышат.

– Эй, шайтан басып, мага «кызыл мурун» деген кесел жармашкан. Кутулбас куяга калыптырмын.

– Ыя! Укмушуң куруп кал. Ушунча болуп андай дарт барын уга элек элем…

– «Кызыл мурун» деген оору береги бөтөлкөдөн жугат! – Сестра каткырган бойдон чыгып кетти.

Эртеси көчөдөн аркы-терки өткөн кишилерди телмирип терезеден тиктеп турсам, эшик шарт ачылды. Карасам, бойго жеткен мөлтүрөгөн эки кыз босогодо турушат. «Ий, булар мени көргөнү келишкен го! Баса, менин ушулардай карындаштарым бар беле? Мен аларды кандайча тааныбай турам? Же жинди суунун элеси шайтандуу мени азгырып, кайдагы бир кыздардын кебетесин кубултуп көрсөтүп жатабы?» – деген ойго кеттим.

Экөөнүн колунда кагаз, карындаш жана «Чалкандын» жетинчи саны жүрөт. Аны көргөндө: «Ий, мени «Чалканга» чыгарышкан тура. Балээ болуп мен кызыганда бирөөлөрдү күүлөнүп жыга сүзгөмүн го… Булар мени текшергени прокурордон келген турбайбы?» – дедим ичимден.

– Саламатсызбы, агай! – дешти кыздар тең жарыша.

– Аманчылык. Ий, келгиле айланайын, кыздар.

Бирөө:

– Агай, сиздин ооруңуздун тарыхын билелик, – дедик эле?

Мен ошондо саал эс ала түштүм.

– Эй, карындаштар, ай! Билгиңер келсе, жазып алгыла! Менин оорумдун аты «Чаңдатма!»

– Чаңдатма?! Тагыраак айтсаңыз, агай?

– «Чаңдатмасы» эмнеси?

– Кыздар! Мага «Стопка» деген дарт жармашыптыр.

– «Стопка» деген…

– Ооба, эмне анча таң калдыңар? Менин оорумдун тарыхы «Кызыл мурун-стопка».

– «Кызыл мурун» дейсизби?!

Эки кыз унчугушпай бирин бири тиктешип калышты. Бирөө өтө таң калып кобурайт.

– Ка-пы-рай! Укмушуң куруп кал, ушунча жыл бою окуп жүрүп, «стопка», «кызыл мурун», «чаңдатма» деген оору барын уккан жок элек.

Мен аларды дагы сөзгө алаксыттым:

– Ошол эле дейсиңерби, а түгүл «Кызыл көз үркүтмө» аттуу да кесел болот, секет болоюндар.

Бирөө сергегирээк кыз окшойт, эми байкай койду.

– Агай, сиз Райкан болуп жүрбөңүз?

– Ооба, анан силер мени ким деп турасыңар? – Эки кыз тетири карап бүлкүлдөп күлүштү. Көрсө, булар медициналык институттун практикада жүргөн студенткалары экен.

Жинди суунун жини кагылды

Жалгыздык башка түштү. Жакындарым бир ооз: «Кандайсың» дебеди. Баары мага таарынып өчөшсө керек… Ачуум кимге келсин. Кимге таарынам. Көкүрөк тунук, көңүл деле ачык. Акыл-эс деле ордунда… Бирок өзүмдү өзүм бек кармап токтото албаганыман көз айнек тагынган корозчо үңкүйүп олтурганды карасаң. «Мындан ары суу эле ичип жүрөм» – деп, кээ бирөө карганып убада берет экен. Бөтөлкөнү көп тиктеген киши жанын сабап убада берет. Акыры: «Моюнга сорпо төгүлдү. Мындан ары бу жүрүштү таштоого болор бекен?» деген ойго кетем. Ошондо да «койдум» деген бир ооз сөз оозума түк келбейт. Көрсө, шайтандуу сууну көз кыйбайт турбайбы. Тукумуң кургурду кантип коюуга болот? «Чабалдыгым-чабалдыгым», – деп кейип турсам, Мидиндин кебетеси көрүнө калганда: «Ба-а!» – деп алаканымды шакылдата кеттим.

– Сен да келдиңби?

– Ооба. Сенин диагнозуңду туура таап коюштубу?

– Тапканда да укмуштай табышты…

– Ко-ош, сеники эмне деген оору экен?

– Өзүңө белгилүү го, «Стопка» деген дарт экен.

– Меники «Учурма» дешет. Айтмакчы, азыр биздин үстүбүзгө баягы Кокомоюн курбубуз да келет… А мына, келип калбадыбы… Мунун оорусунун диагнозунун бирөө «Кокомоюн» болуш керек десе: «Токтот тамашаңды, Мидин! Биз ооруканага тамашалашып олтурганы келдикпи?» – деп курдашыбыз буркан-шаркан түшүп ачуулана кетти.

– О, адам эй, мунун ачуусун көрсөң, жамандыгыбыздан ушинтип бала-чакадан бөлүнүп, өз жаныбызга өзүбүз оору тилеп жүрөбүз, – деп Мидин ачууланды. Ташка конгон жоруча үчөөбүз үч орундукка чочоюп олтурдук. Бири-бирибизди кыртышыбыз түк сүйбөйт.

– Деги бизди айыктырары ыраспы? – деп жалооруй сурады Кокомоюн.

– Дарыдан үч маал удаа беш күнү ичип, алтынчы күнгө айланганда таманың жерге тийбей үч метр өөдө көкөлөп көтөрүлүп калат экенсиң… Ошондо гана биз айыкканга тете болот окшойбуз.

– Тамашаны койсоңчу, Райкан!

Дарынын күчү менен киши жер менен көктүн ортосунда калкып турушу мүмкүн… Коке, сенин бутуң тартайып узун эмеспи, кокус жерге тийип калса, ооруканага көпкө дейре жатасың го? Кокомоюн Мидиндин бу сөзүнө аябай теригип, тырчый түштү:

– Бай болгур, ичим бышып турат… Сен менин кыжырыма көп тийбечи.

– Ай, Райкан, мунун оорусунун тарыхы «жутмабы?»

– Жутма! Ой, капкайдагы таппаганды табасыңар да!

– Ишенип койгун, ушул ооруканадан бир киши дарымданып чыгар менен өзүн өзү кармап токтото албай, буфетке кирип жуткан экен, ошол замат ал өөдө көтөрүлө бергенде ичи тарс жарылып кетиптир.

– Ээ, койсоңчу Райкан, кайдагы жокту айтасың.

– Кокем ишенбей жатат.

– Ооруканадан чыккандан кийин ичсең эле көз ачып-жумганча дары сени асманга учуруп чыгып, «Чатыр-Көлгө» же «Соң-Көлгө» алып барып таштайт имиш…

– Ой-тообой! Бу сөзгө киши ишенсе да, ишенбесе да болот, – деп Кокомоюн мойнун койкоңдотту.

– Мындан чыккан соң, тамагыңды тартпасаң, ичиңдеги сени сыноо үчүн «Балкашка» учуруп барып таштайт, – деп Мидин мага көзүн кысты.

Ошол убакта терезенин ары жагынан мурду барбайган кара сур киши шыкаалады. «Сизге ким керек?» – десек, ал көзүн жашылдантып:

– Текенейди сурап жатам? – дейт.

– Аның ким эле?

– Ал менин уялаш бир тууганым. Анын кесели да ушул силердикиндей.

– Эй, бурадар, биз бул ооруканага кандай дарт менен келгенибизди көрбөй туруп билгендей, сенин айтып берчү сокур «чымының» барбы? – деди Кокомоюн.

– Сен кеселиңди менден жашырбай эле кой. Айтпасаңар деле силердин сырыңар баарыга бештен белгилүү… маселен, сагабы, «Көк ала моюн бөтөлкө» аттуу дарт жармашкан, – деди ал.

Үчөөбүз алдыртан бири-бирибизди тиктеше түштүк. Чыны тигил немеге жооп кайтаруу бизге кыйын болду… Жаагыбыз жап болуп, таш тиштегендей болдук.

– Ой, шайтан ой! «Мастан жинди качып кутулуптур» – дешчү эле, көрсө, ошо калетсиз, чын сөз турбайбы. Мен силерден жайын сурап жаткан иним бизди буй кылды… Карыган энебиз бар эле: «Эмчегиңди көптөн бери эмелекмин», – деп, ботом, энемдин эмчегин сорот. Сүт чыкпай койсо: «Эне, сен жүгөрүнүн тоютунан жебепсиң, ошон үчүн эмчегинде сүт жок», – дейт. Эшикке чыгып ошол замат: «Сен туубай эле какылдап ак короздун жанынан чыкпайсың», – деп, ботом, энемдин кара тоогун атып таштаптыр. Аны менен соолугуп жөн турбай: «Мөөрөгөндү билбейт экенсиң», – дейт да көк музоонун бир кулагын шарт кесип ыргытат… Аны көргөндө ар ким: «Буга эмне болду, кутуруп калдыбы?» – деп чочушат. Дал ошол кезде Чоң-Сары-Ойдон Керимбай молдо карп-курп келип калат. Ызы-чуу баштап, андан-мындан бир тийген Текенейди ал көргөндө, кымыңдап мындай дейт: «Буга куу найзалуу сайгак» аттуу «жандуу» дарт жармашкан экен… Муну күчтүү молдо таап окутпасаңар, кайран жигиттен айрыласыңар», – деп бизди чочутса болобу. Укмуштуу суук сөздү укканда биз чочуп кеттик. Керимбай: «Көк теке», «Отуз метр сур жылан», «Сур тайган» дейби ай, айтор, жоон топ жиндерин атап чакырып, жүрөктү түшүрүп жатты. Бир сөзгө алаксып, байкабай турсак, Текеней: «Ой, шүмшүк жогол, жогол дейм!» – деп эшекчен молдону оодара тартты. «Сен андай эле көзү ачык неме болсоң, мен Ленинград, Москвага, Харьковго, Ташкентке, Чымкентке, а түгүл Оштогу Сулайман тоосунда болуп, жаман ооз кебек сопуну дөөрүткөмүн», – деп коколоду.

Молдону колунан араңдан зорго бошоттук. Ошол саат докторго көрсөтсөк: «Бу алкоголиктен болгон нерсе… андан бөлөк эч кандай дарты жок» – дейт. Текенейди ооруканага жеткизип келдик эле, ал ушу силер менен жатмак.

– Эй, Текеней, сени кантейин. Ушул иним жаңы эле колукту алган. Келинчеги бечара эстегенде а деп оозун ачып улутунуп… тамшана берет.

Ошол маалда кара тору, куш тумшук, көк көз жигит эшиктен кирип келип бизди бир сыйра акырая карап алды да: «А, силерди тааныдым, кайран көк жалдар!» – деп ар кимибизге барпайган колун сунду. Жанагы терезеден көрүнгөн киши тиги келер менен жылт берип жоголду.

– Мидике, сен муну таанычу белең?

– Аты-жөнү эсте жок… Райкан муну менен сен деле нечен жолу стакан сүзүштүргөнсүң..

Үстүбүзгө келген жаңы меймандын бизден күүсү күчтүү экен. Эч кимибиз ага батынып ооз ача албадык. Эртеси баягы кирген буурадай чамынып катуу келген «берен» жопжоош болду.

– Байкелер, мен кечээ бул ооруканага кандайча келе калдым, ыя?

– Сени жинди суу кууп келди! – дедим мен.

Мидин туурадан:

– Жигит, сен түндө бизге эрдигиңди көрсөттүң… сени ага-туугандарың атка сүйрөтүп келди! – десе, бечара жигит: «Ой, маскарачылык. Өзүн өзү кордойт деген эмне! Бу кандай азап?!» – деп өксөдү. Анын колу титиреп, көз чакыраңдайт. Таноосу кыпчылып, өңү керсары тартып, чекесинен муздак тер чыпылдап чыгат.

– Капырай, ушундай да болот экен ээ. Ой, оңбогон ичкилик, – дейт Кокомоюн.

Муну көргөндө мен: «Көкө теңир өзүң сактай көр! Кандай кутулбас күнгө туш келгенбиз!» – дедим. Ошондон он беш күнчө мурдараак менин да колум калтырап, кагазга кол коё албай койгондо, чөлдүн кыраан сары бүркүтү көздөнгөн, ак саргыл атактуу киши: «Эх, бу кандай жаман жөрөлгө… нечен комедияны жазган неме ушинтип бөтөлкөгө жеңдирип жибердиби?» – деп катуу кейигени кылт этип эсиме түштү…

Төртөөбүз тең аяк серппей сулк жатсак, врач келип баарыбызга бир сыйра көз чаптырды. Ал кетер замат сестра төртөөбүзгө төрт жолу укол атты эле, аны деле бир да бирөөбүз тоотуп койгон жокпуз… Андайда уйку да келбейт экен. Зеригүү башталды… Жинди сууну эстеп улутунабыз. Бизден бөлөк оорулар короого чыгып эс алып басышат, бизге ишенич жок… Бек кармабаса биз мөңкүгөн бойдон кетерибиз шексиз… Терезеден карасам, Күн балбылдап так төбөдө тургандай көрүнгөн, абайласам жок, маа Күн башкача көрүнгөнсүдү…

– Катыгүн, Күн токтоп калганбы?

– Кокуй, эмне дейт? – деп секирип турду Мидин.

– Кана, кана! – деп Кокомоюн шашып калды.

– Абакелер, Күн токтоп калса, анда мен аялымды көрбөй каламбы, – деп ыйламсырады Текенай.

Ой, тобой, «коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт» деген чын сөз экен, Күн мага токтоп калгандай көрүнгөн…

– Сен бизди чочуттуң, эми айланайын бир күлдүрчү? – деди Мидин тамашалап.

Ары тегеренип, бери тегеренип келип эле баягы жинди суудан сөз козголду.

– Кана, эмесе уккула, узун кулак, көрөр көздөрүм.

– И-й, кулак сенде Раке!

– Айланайын кызыгынан баштай көр.

– Балким, ага дейре менин мөлмөлүм келип калар, – деди Текеней.

…Улуу шашке болгондо башкарманын чоң короосунда ак короз канат-куйругун жыя албай тырайып сулап жатты. Анын оозу ачылып, тили чыгып калган. Канат-куйругун, бутун тартууга алы жок. Төбөсүндөгү таажысы кан-сөлү жок солуп бозоро түшкөн. Башкарманын зайыбы келип, аяк серппей жаткан корозду көрүп: «Атаны кокуй ай-э, кайран корозум, арам өлгөн турбайбы, жок дегенде жүнүн жулуп алайын», – дейт да, жүнүн жула баштаса, короз кукулуктап ордунан тура качты. «Апе-эй, кокуй, амалдуу куу короз го, ботом… Көрсө, мени кантер экен дегенсип, уктамыш болуп калган тура», – деп чочуйт.

Ак короз жүгүргөн бойдон ар жакта оттоп жүргөн тоокторго барды. Андан бир чаар тоок сурады: «Э, ботом, сен күн чыккандан бери көрүнбөй кайда жүрдүң?»

Анда короз:

– Букешбай, күн чыга башкарма экөөбүз кезигип калып, кичине ичтик эле…

– Коке, башкарма адам, а сен болсо тооксуң, анан экөөн кантип ичтиң? – дейт тоок.

– Э, мага эмне тигил кара дөбөт тилмеч болду дейсиңби… Аксакал буфеттен кекиртегине чыкканча тоюп келген экен… Ал теректин түбүнө келди да, көзүн алайтып, колкосу үзүлгөнчө окшуду. Ичкен-жегени оозу-мурдунан кетти. «Бу аксакал да тегин киши эместигинен башкарма болгон… Анын түбүн таштоото ыраа көрбөй, кусундусун жемсөөм торсойгончо чокудум. Андан аркысы эсте жок. Качан гана этим тыз-тыз эткенде качып силерге келдим», – дейт короз. Мээ иштеп турган чакта, баякы короз жөнүндөгү тамсил ошондон улам жазылган.

Эриккенде ар кайсыдан козгоп, терезеден көздү айырбай турсак, кара тору, кара каш, мөтүрөйгөн келинчек чебеленип, терезенин тушуна жетип келди.

– Саа ким керек эле, келин балам, – Кокомоюн күрсүлдөп жибергенде:

– Абакебай, ал менин келинчегим, маа келген турбайбы! – деп Текенай терезеге жабыша калып сүйлөшүп жатып, анан артын кылчайып бизге: «Агайлар, бизге кандай даамдуу тамак керек?» – деп сурады. Сагындык эле, Мидин Текенайдын кулагына бирдеме деп шыбырап сөзүнүн аягын бизге угуза:

«…Тим эле кумар болдук», – деди.

– Кокомоюн, кокус сестралар сезип калса, сен удаа-удаа чүчкүрө бер, – деди Мидин тамашалап.

– Мидикем туура айтат, биз сага катуу суук тийиптир, ошон үчүн чүчкүрүп калыптыр. Ак чүч! Буга ушундай сүт керек, муну ичпесе таң аткыча жөөлүп чыгат деп биз тамашага жооткотобуз, – дедим.

– Текенай, сен аялыңды эшик алдынан акмалап тур. Ал көрүнөр замат колундагысын ала кой да, сестраларга билгизбей бери жүгүр, – деди Мидикем мурдунун учун өрдөктүн тумшугу кейиптентип.

Араң турган неме, учкан бойдон кетти. Биз калч-калч этип, «насип» күтүп калдык. Коридордон дабыш чыкса эле кулак түрө калабыз. Оорулардын үй-бүлөсү жана жай кишилер бергенди сестралар тарата башташты. Баягы келин дарексиз…

Биздин зайыптарыбыздын кабактары бүркөө экен, терезеден көрүндү. Ал бечараларда не жазык, жамандык жерге жатмак беле, биздин ооруканага түшкөнүбүз элге бүт тарап кетсе керек. Аялдарыбыз бизди тиктешкенде көздөрүнүн агы эле калыптыр. Бир маалда баягы кайбар чоң графинге мелт-калт «сүттү» көтөрүп кудуңдап жетип келсе болобу. Биз шашып дароо эшикти беките койдук. Бир стакандан «сүттөн» дем албай таргып жибердик эле, көзүбүз умачтай ачыла түшкөнсүдү, андан соң сөз көбөйдү… Төртөөбүз тең келинди мактоого кириштик, ар кимибизден ар кандай үндөр, шумдуктуу каткырыктар угулду, сүт ирип кетти. Ошого карабай графиндегини бүт ичип бүттүк. Ичибиз ысыды. Ээ-жаа бербей бакылдай баштадык.

Бир сестра кирип келип бизди карап туруп, ийинин куушуруп чыгып кетип, ал кайра бат эле бөлөк бирөөн ээрчитип келип биздин кебетебизди тиктеп: «Кудай ур, көздөрү кызарып кетиптир, булар кутура баштаган го! Ырас эле карасаң!» дегенде, беркиси ишенбегендей төртөөбүздү жал-жал тиктеп калды: «Ой, сестралар, силер «Уй куйругун көтөрөт» деген кинону көрдүңөр беле?» – деп Кокомоюн, лапшый баштады эле: «Айтпадымбы, булар ичкиликтин айынан кутурушту!» – деп мурдагы сестра чаңырган бойдон жөнөдү. Кудай көрсөтпөсүн, тим эле биздин күлкүбүз таш жарат. Бизди дарымдоочу врач келип, ар кимибизди бир сыйра акырая тиктейт. Ал көптү көргөн кыраакы доктор экен. «Булар жинди болбой эле, мас болушкан тура!» –деди ачуулана.

«Коюңузчу, кантип?» – дешип сестралар чуулдаша кетишти. Врачтын ачуусу келе түштү. Ал тактайды тээп-тээп алды да, столдо турган графиндин түбүндөгү шыпкындыны көрүп: «Кашайган көрлөр, силер билбей калгансыңар, сүткө спирт кошуп ичишиптир!» – деди сурданып.

Биз жаңы жүгөн каткан азоо аттай калчылдап туруп бердик. Ошол шумдуктуу окуядан кийин, бизди катуу кайтарып калышты. Дарымдаган врач илим жолу менен бизге эң күчтүү дары менен дарымдап турду. Стакандагы сууну көрсөк жүрөгүбүз айланат. А деп окшуйбуз. «Ай, мындан ары жинди сууну оозго албас болдук го», – деп кобурайбыз.

Көп күндөн кийин: «Эми айыктыңар, бирок абийириңер өзүңөрдө… Кокус айнып кетип ичсеңер, анда өз убалыңар өзүңөргө!..» – дешип бизди ооруканадан чыгарышты. Мен төмөнкүдөй ыр жаздым:

Карабайт кары-жашына,
Капаны үйөт башына.
Жүргөн жери ызы-чуу
Эч кимге жакпайт жинди суу.

1966-жыл.

«Жаңы Ала-Тоо» 2011, № 12

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *