АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ
Шейит дешти, оозуң келбей келмеге
окко учтуң же ичээр сууң кем беле?
Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың:
«Өзгөрбөптүр… Өлдүм эле эмнеге?»

Ооба, досум, ба-а-ягыдай жашообуз,
Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз.
Баса, сага эсим барда айтайын,
Бакиевден башка азыр ажобуз.

Свет кымбат, бензин баасы асманда,
Азыр бийлик элге жаман кастан да.
«Камбар-Ата-2» калган курулбай,
Байлап кеткен «Бакиевдер» качканда.

Жайнап чыккан жык партия күнөстөн,
Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн.
Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт,
Депутаттар «Ак жол» менен бир өскөн.

Ошол эле сын айтканды камамай,
Ошол эле журналистти сабамай.
Жети жылда өзгөргөн жок эч нерсе,
Ошол эле коррупция, таламай.

Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп,
Эки сөзүн «Кудайлаган» каапыр көп.
Кечир, досум, үмүтүңдү кордогон,
Азыр бизде «Апрелдик Баатыр» көп

Жаштар кеткен, чалдар калган конушта,
Чыкпай калган «Багыт» дагы, «Добуш» да.
Кремлдин көзүн карап калганбыз,
Шу бир болсо тизгинибиз оруста.

Көптөр билбейт, билбейм, досум, мен деле
Жататтырсың түшүналбай сен деле?
Калпак ошол, калпак кийген баш башка,
Апрелде өлдүң эле сен неге?

Алмашпаган өзүң көргөн система,
Муну билсең өлбөйт элең сен деле.

МИГРАНТ ТЕРМЕ
Көз көрүп оңой-кыйынды,
Көкүрөк жутуп ыйымды.
Чаалыгып иштен чарчасам,
Чекеме сүртүп тыйынды.
Беш жылдан бери жүрөмүн,
Белгилеп алып «быйылды».

Талаада тентип темтеңдеп,
Эки сом тапсам энтеңдеп.
Желкеге түшкөн түйшүктү,
Жеңимди түрүп, жеңсем деп.
Быйыл да калдым кеталбай,
Эмдиги жылы кетем деп.

Айталбай ичте бугумду,
Алыска таштап туурумду.
Баралбай жакшы-жаманга,
Пеш тутуп беш сом пулумду.
Темселеп жүрөм талаада,
Жетелеп жүрбөй уулумду.

Иштейм деп кетип атасы,
Иштейм деп кетип апасы,
Айылда калган балдардын,
Ичинде канча капасы.
Жыйырма жылда билинер,
Бүгүнкү күндүн катасы.

Сөгүлүп санга санаасы,
Тентиди кыргыз, карачы.
Мигрант болуп жан бак деп,
Маңдайга жазган чамасы.
Бешинчи класс болгон көп,
Бешикте калган баласы.

Каректен жашы сызыла,
Көнүшүп турмуш сызына.
Ээрчишкен эрди-катындар,
Жүрүшөт канча миң сандап,
Жат болуп уулу-кызына.

Чындыкты бирок билели,
Баарынын бирдей тилеги.
Өнүгүп кетсин элим дейт,
Анткени мекен — тиреги.
Миллион мигрант болсо да,
Айылда калган балдарга,
Илинип турат жүрөгү.

КЕЧИР

Көрүп туруп ооруп турган алыңды,
Ийниң жөлөп жөлөк болбой Кыргызстан.
Кечир бизди сөздөр үчүн жалындуу,
«Мекен» деген, «Сүйөм» деген ар бурчтан.

Четиң кемип, этиң кемип кун качып,
Көрө турган көргүлүгүң дагы бар.
Каның сорот сага бекем учкашып,
Коррупция — жети баштуу ажыдаар.

Стандарты — суусун ичкен советтин,
Өңгөчүңдөн үзө кармап койду го.
Тетик акыл — заман менен жарышкан,
Үнү алсыз чыгып жаткан коңгуроо.

«Мекеним» деп жар чакырып ар бурчтан,
Кур кыйкырык үчүн кечир, Кыргызстан.

ӨНҮГӨБҮЗ

Жол четинде өскөн гүлдү үзбөсөк,
Жыгылганды колдон тартып түздөсөк.
Чатак куубай, улуу-кичүү сыйлашып,
Чырдан качып, ынтымакты издесек.

Адашканды салган болсок оң жолго,
Акча тапсак чачпай жүрсөк оң-солго.
Ар бир ишти закүн менен бүтүрсөк,
Пара бербей, бара берип чоңдорго.

Оозу менен орок орбой бет келди,
Чоңдор билсе шыр маселе чечкенди.
Саясаттын сормосунан суурулуп,
Койчу койду, дыйкан билсе кетменди.

Көчө таптап, чылым чегип түтөтпөй,
Кары-жашың боло бербей пикеткөй.
Жалган менен ушак кууган өнөрсүз,
Жаңы мууну өсүп чыкса китепкөй.

Таштанды жок, таза болсо көчөбүз,
Талашпастан ынак болсок экөөбүз.
Тилде эмес, дилде сүйсөк өлкөнү,
Ана шондо өнүгөбүз, өсөбүз.

УЛАКЧЫ ХАН
Бийлик – улак, улакты жалга таштап,
Хан баратат кыйкырып, хан баратат!
Сүрөөнчүлөр алактап, карбаластап,
Хан артынан уюлгуп чаң баратат.

Минген аты жарашып хандын дагы,
Жебе болуп түйүлүп сызып барат.
Хандын болсо улактын алдындагы
кумарынан бадани кызып барат.

Камчы үстүнө бастырып камчы дагы,
Кууган топтон хан кыйла алыс качты.
Оозу катуу ат белем алдындагы,
Баш бербестен бир кезде алып качты.

Эми кандай болот деп жарданабыз,
Күлүк сызат: хан кетти, улак кетти.
Аты менен кошулуп жардан алыс,
Каран күн, а-аай! Ханыбыз кулап кетти.

Аттын оозун тарталбай убагында,
Ханыбыздын башына улак жетти.

КОЛ ЖООЛУК
Көгүш, агыш, кызыл, сары же күрөң,
Кол жоолукту кимдер гана көрбөгөн.
Кабаттайт да, бүктөй кармап чекесин,
Көп адамдар жүзүн аарчыйт тердеген.

Манат болсун түшүрүлгөн орнамент,
Кол жоолуктан жашоо кетпес оңдолуп.
Биз шайлаган бийлик ээси – парламент
Ажобуздун колундагы кол жоолук.

ТАЛАП
Түн сүрүлүп, калган кез таң атканы —
кырк адамдын аэропорт жактагы,
жанын алып каргашалуу кандуу жүк,
атпай калды жаркыраган ак таңы.

Эл ичинде күбүр-шыбыр сөз тарап,
суук кабар чагылгандай тез тарап,
кошулган жер эки адамдын кулагы,
«Кулаптыр, — дейт, — жүк ташыган жез канат».

Кырктай кыргыз көрбөй таңды агарган,
курмандыгы болду учактын жан алган.
Жаш экен деп аяп койбос шум ажал,
бешиктеги наристени дагы алган.

Оо, шумдук, ай! Кырк кыргыздан айрылып,
ичибизден кан жуттук ко кайгырып.
Кандуу жүктү кубалаган бирөө жок,
кыргыз турмуш өтүп жатат жай жылып.

Саясатка мынча бекем ыктадык,
саясатты жаздык кылып уктадык.
Митинг кылдык бир депутат камалса,
өлгөндөрдү эстеп неге чыкпадык?

Уккун бийлик жетер шунча эсирүүң,
Элге тийип жатат сенин кесириң.
Тарых үчүн тактабасаң чындыкты,
Келечектен болбос сага кечирим!

«Ыйлабаса бала жок, — дейт — упчу» да,
Мен атуулмун! Талабымды уккула!
Жомок айтып элдин башын айлантпай,
«Кандуу жүктүн» ээсин таап чыккылы!

* * *
Канча хандын таажы кийген төбөсүн,
Кылыч кыйган, карт тарыхтан көрөсүң.
Кан мыкчыган кан Темүчүн кан жуткан,
Көздү ач, пендем, кезек жетсе өлөсүң.

* * *
Аңыз болор жарык болбос өчкөндөр,
Ойлонгула, элди жеген-ичкендер!
Алаканы ачык кеткен өлгөндө,
Азиянын арыстаны Искендер.

* * *
Бу жашооң жүда уста сыяктанат:
Булактар дайра болуп кубаттанат.
«Карс» эткен катуу добуш чыгарат да,
Куураган дарак бир күн кулап калат.

МЕН БҮГҮН
Мен бүгүн үшүп турам. Көчөдөмүн.
Оор онтойм. Күрсүлдөймүн. Жөтөлөмүн.
Бул күндү мага байлап берген эмес,
Бир күнү көкүрөктү көтөрөмүн.

Билемин, азыр мага кыйын заман,
Ээлеген эси-дартты тыйын заман.
Эртеңдин таңы атат жарыгыраак,
Жүрөктө үмүт жашайт кыйылбаган.

Мен бүгүн төгөрөктү кезип кеттим,
Үй-жайдан от чыккандай безип кеттим.
Манастын руху менде жүргөн менен
Өзүмдү бир бечара сезип кеттим.

Жок! Жок! Жок!
Турмуштун бул өктөмүнө
баш ийбейм.
Баатыр кыргыз өчкөнүнө
ишенбейм.
Тике карап кадам шилтейм,
Тарыхтын жаңы ачылчу көктөмүнө.

Кыргыздын кылычынан корккон дүйнө,
Бөлөнөт кыргыз менен көрккө дүйнө!

КИМСИҢ?
Ырас, кыргыз баатыр болгон, эр болгон,
Ырас, кыргыз жоокер мүнөз эл болгон.
Бирок азыр көрсөтчү бир эриңди,
Элге-журтка арка болгон, бел болгон.

Ырас, кыргыз жолборс болгон, шер болгон,
Ырас кыргыз көп кытайга тең болгон.
Бирок азыр намыс өлүп андагы,
Карга-кузгун, итке-кушка жем болгон…

Ырас, кыргыз жоодон артка качпаган,
Ырас, кыргыз душманга сыр ачпаган.
Бирок билгин, ошондогу кыргыздар,
Шуркуядай келечегин сатпаган.

Ырас, канча турмуш эзип демитти,
Туш тарапка чачып ийди, кемитти.
Манас менен кошо өлгөндөй намысың,
Көк жал элең!
Кимсиң азыр, сен итпи?

Улуу элсиң!
Көлөкөлүү дараксың!
Кыйын күндө намыска көп жарапсың.
Шайлоо күнү аз тыйынга сатылсаң,
Улуулуктан айланып кал, жалапсың!

Азамат ТӨКӨРОВ
Москва (Россия)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *