Тай жомогу 

Өзү кенедей, үнү алыска жаңырган чымчык болуптур. Аны баары «Бул меники» деп чакырышчу дейт. Себеби ал көзүнө көрүнгөндүн баарын эле «Бул меники, бул меники!» деп чаркырай берчү экен.

Бир күнү ал мөмөсү мөлтүрөп бышып, төгүлүп жаткан даракты көрүп калат. Жемиши жайнайт, бир жыл бою жесе да түгөбөй тургандай мол экен. Дарактын айланасында бир да канаттуу куш көрүнбөйт. Кудай берип салган берекеге кабылганына көзү жайнаган чымчык даракка конот. Бутактан бутакка секеңдеп секирип, тияктан чокулап, бияктан чокулап, тез эле тоюнат.

Бирок ал жемиштүү бул даракты башка чымчыктар таап алса, алар да мөмөсүнүн кыныгын алат деп тынчсызданып корко баштайт. Анан ал айлананы жаңыртып чаркырайт экен:

– Бул меники, бул меники, бул меники!

Анын үнү ушунчалык алыска чейин угулгандыктан: канаттуунун баары «эмне болуп кетти» дешип, жабалактап жетип келишет. Мына анан, мөлтүрөгөн мөмөлөрдү көрүп, карап турмакпы алар. Ширесин чачыратып терип жеп, учуп-учуп кетип калышат.

А кичинекей чымчык болсо даракты айланып чебелектеп:

– Бул меники, бул меники, бул меники! – дей бериптир куурагыр.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *