АҢГЕМЕ

Катуулап мизин салса тагдыр сүрөп,
Таалай үчүн күрөшөт ар бир жүрөк.

Түн көөлөгөндөй капкараңгы. Асманда булуттар салаңдайт. Сыртта жамгыр долуланып, жин ургандай катуулап кирди. Жамгыр аралаш шамал бирде терезеге чаба дыбыраса, бирде чарчагандай жай себелеп калат. Ушул учурда Гүлжамал төрт жашар кызын уктатып коюп, Кантемирди күтүп олтурган. Утуру жогорку кабаттарга кимдир бирөөлөр көтөрүлсө, демин ичине тартып, эшик тарапка кулак түрөт. «Бүгүн келсе баарын айтам, ыймандай сырын бүт айттырам!» – деди ичинен, эрдин кесе тиштеп. Аны мындай адам деп түк ойлогон эмес. Карачы, бир жыл жашап, эч нерсени билгизбептир, ыйманы жок.

Гүлжамал күйөөсү таштап кеткен бир шордуу неме. А Кантемирчи? Акыры минтип, эки аялдын ортосунда баш айлантып жанталашкан түлкү болуп чыкпадыбы. Бир жолу иштеген жеринде ал жөнүндө шыбыш кеп укканда, анчейин ишенген эмес эле. «Келиндер ичи тардык кылып жатса керек» – деп капарына алган эмес. Бүгүн базарда, боюнда бар аялын чедирейтип ээрчитип жүргөнүн өз көзү менен көрбөдүбү. Атаганат, ошондо ага бетме-бет барып көзүнө көрүнсө болмок экен. Кантемир аны көрбөй калды көрүнөт. Гүлжамал көрүнбөгөнгө аракет кылып, базардан жыла берди. Алардан узагандан кийин, каны башына дүргүдү. Ызага буулуккандан деми кысылып, өңү дубалдай кумсарды. Көргөн көзүнө ишене бербей, жүрөгү кабын ургулап, эч жерге токтобостон үйгө келди. Ага болгон ишеничин, аялдык асыл сезимин ойлоп, эртеден-кечке жаны жай албай, ичи туз жалагандай куйкаланды.

Кечке маал өзүн араң токтотуп эс-учун жыйып, ой жүгүрттү баарына. Эми дагы жалгыз калабы ал? Турмушу дагы бузулабы эми? Эми эмне кылат? Гүлжамалды мындан төрт жыл илгери, алты айлык кызы менен күйөөсү таштап кеткен. Перзентине да, эки бөлмөлүү үйүнө да карабай, баарына кол шилтеген күйөөсү. Гүлжамал муну мурдатан билип жүргөн. Көнүп кетээр деген үмүт менен күтүп, буту күйгөн тооктой чебелектеп, чыдап келди. Акырында: «Кечир мени Гүлжамал, жашай албайм сени менен, өмүр экинчи ирет берилбейт. Бардыгына кайылмын!» – деп кете берди.

Эмне кылмак, айласы куруганда кала берди буркурап. Сүйүү деген ушундай, жалын сымал бир өчкөндөн кийин, кайра жанышы кыйын экен. Кокус алоолонсо, аны өчүрүш да кыйын тура.

Күндөр өтүп жатты, күлүк аттай жарышып. Ал эч нерседен деле кем-карч болгон жок. Өзүнүн иштегени-тапканы өзүнө жетет. Бирок жалгыздык бара-бара жанга батты. Күндүзү жумушка барат. Эл арасындагы күбүр-шыбыр эчтеке эмес, кечкисин кыйын болду. Үйгө кирсе төбөсү тешилген көргө киргенсип, өзүнүн көлөкөсүнөн өзү коркот. Үй ичи аңгырап, сүйлөсөң жаңырып, жоо чаап кеткен талаа сыяктанып, жымжырт болуп ээн калды. Ошондо эркектин үйдө чоң караан экенин, анын орду толтурулгус болорун биринчи ирет сезген болчу. Жалгыз эрмеги — кызын эркелетет. Наристе да сүйкүмдүү болуп чыга келди. Өнөрү чыгып ырсалаңдап күлүп, олтурган ордунда соксолоңдоп, туруктуу караан тутуп, ата жытын искей албай, ким эркелетсе боюн уруп, көрүнгөн эркекке талпынчу болду. Ошондо Гүлжамалдын каңырыгы түтөдү. Өчөшкөндөн баарын таштап, үй эмеректи бүтүн сатып, кетип калайын деди туулган жерге. Намысына чыдабады. Барса алакандай айылга, куу чөпкө от койгондой «дуу» демек. Ата-эненин, элдин бетин кантип карайт.

Айылда жашаганы менен, түптүз эле жердин тигил четинен сүйлөгөндөр бар ал жерде. Бир жагы ата-энесинин айтканына карабай, күйөөнү өзү тапкан, шаарда жашоону өзү чечкен. «Жакын эле жерден турмушка чык, жек-жаат болуп катташып жашаган жакшы. Биз болсо картайып баратабыз, силердин бала-чакаңарды көрүп, жакын жашаганыңарды каалайбыз» – деп энеси көп кеп кылчу. Мына, эми ошол сөздөр эрдин кесе тиштетип олтурбайбы. Гүлжамалдын айласы куруду. Кээде үмүт оту жылт этип, күйөөсү кайрылып келе тургансып эле жүрө берди.

«Эч кур дегенде кызын көргөнү бир келээр» – деди ичин ит талагандай үшкүрүнүп. Ал ошол бойдон экинчи ирет кайрылбады. Кандай немеге алданды экен? Өзүнүн канынан бүткөн перзентине чейин унутуп. А мүмкүн, чын сүйгөнүнө жетип, анын илебине куйкаланып, тал-чыбыктай ийилген пери менен жетелешип кеткендир?.. Ким билет. Айтыш кыйын, ашыктыктын айынан эмнелер гана болбогон. Азыр Кантемирди күтүп, чыдамы кетип, тиштенип олтурушу да, ушул сезимдин дартынан эле. Адам кээде оор шартка кабылса, өткөн өмүрүн эсине түшүрүп, аны адилет иргеп, көз алдынан өткөрөт эмеспи. Ой арасында Кантемирдин бүлөсүнө жаны кейиди. Эгер аны өзүнө тартып жашап кетсе, алардын көргөн күнү не болот? Куду өзүндөй жалгыз калат. Эч жазыгы жок наристечи? Мындайда аялдар өзгөчө айлакердик кылып, эркекти өзүнө тартып алууга аракеттенет. Эркек болсо «эки дүйнөнүн» кызыгын бир татам деп жүрө берет. Бир гана кимдин болсо да, акылдуулугу менен чечкиндүүлүгү жеңет.

Кантемирден ажыроо канчалык кыйын болгон менен, адамдык атка ошончолук кыянаттык кылбаган болот. Бардыгын зирек карап, башкалардын тагдырын ойлоп, Гүлжамал өзүнчө арына келди бүгүн. Адамдык намысы козголуп, бир саамга болсо да, чындыкты жан тереңинде туюп турду. Бүгүн Кантемирдин келе турган күнү. Баарын чечиш керек! Же аны менен жашасын же… Мындай жашаган менен бир күнү абийири төгүлөт. Кокус Кантемирдин аялы билип алып, иштеген жерине келип: «Эримди жолдон чыгарган сенсиңби, албарсты?!» – деп каргап-шилеп, элдин көзүнчө шермендесин чыгарып жулмаласа эмне кылат?

Гүлжамал бөлмөдө ары-бери басып, Кантемирдин келишин күттү. Каалга качан кагылаар экен деп, тышка кулак түрөт. Шаардагы троллейбустардын үнү да басылгансыды. Сыртта болсо нөшөр катуулап, ачылган форточкадан кирген шамал аралаш жамгыр ышкыра бирде айнек парданы жулмаласа, бирде кайра басаңдай түшүп, терезени тырс-тырс черткилеп, басылаар түрү жок. Жаздын ушунусу курусун. Эгер жааса, бир топко баш көтөртпөй нөшөрлөп, жүдөтүп жиберет. Алпейим тартып ачылып кетсе, айланага жан киргенсип кулпунуп, ар жерден көк кылтыйып, арык бойлорунда какым-тукум моюн созуп, ар-ар жерлерде көпөлөктөр учуп-конуп сезимиңди козгойт. Сыртта төккөн жамгырдын шоокуму жакында жаздын келээринен кабар бергенсийт. Тагдырдын татаалдыгы өзөктү өрттөп, Гүлжамалдын заманасын тарытты.

Жаз келсе, өзү менен кошо рахат алып келет, кыздар кызыл көйнөк кийип, боз уландын тунук сезимин кытыгылайт. Аялдар маралдай маңкая басып, жашоонун көркүн чыгаргансыйт. Адамдар табияттын утуру кайталанчу таза мезгилинен, жашоого кумарланткан кандайдыр дем, кандайдыр кубат алгандай болот.

Жубайлар делбирешип ээрчише басып, ойноок наристесин жетелеп алдыңан кыйгач өтүп, көңүлдү бурат. Ошондо Гүлжамалдын муңдуу көкүрөгү кайгыга дымып, көзү ысык жашка толуп, кандай акыбалда болорун элестетиш кыйын. Ал бөлмөдө үшкүрө басып жүрүп, Кантемир менен кантип таанышканы эсине кылт этип, ою онго, санаасы санга бөлүндү. Анда да жаз эми келип, аңкыган желаргы коюн-колтукту аралап, күн жадырап, айлана чырайына чыгып, куса болгон ички сезимди андан бетер жүрөккө батырып, жалгыздык басынткан мезгил. Бардыгынан күдөр үзүлүп, элдир-селдир күн өткөрмөй башталган. Ошол күндөрү, абдан чүнчүп арыктап да кетти ал. Отузга чыкпай солкулдак курагында жалгыздык жанга батып, жесирлик желкеден басты. Бардыгынан кол үздү, бирок жашоодон күдөр үзүү кыйын экен. Өмүрдүн кызыгы он талаа, миң тарам. Баары бир адам баласы өмүрүндө көзгө пааналаган шериги болбосо, бул дүйнөнүн даамын татуу кыйын экендигин түшүндү. Ошондо ал утуру чуркап олтурбайын деп, эки баштыкка толо пияз, картөшкө көтөрүп, эки колу үзүлгүдөй талып, базардан келе жаткан.

Жанында тепеңдеп чуркап келаткан үч жашар кызы кокусунан буту чалынып, көмкөрөсүнөн түштү. Болгондо да, как жерге жыгылды. Кыз ээрип-эпчип, сулая жатып калды. Сумкелерди коё коюп, кызды ала койгондун ордуна Гүлжамал эндиреп эс-учун жоготкондой туруп калды. Аңгыча арт жактан жете келген чачы саргыч, чымыр денелүү, шыңга жигит кызды жерден ала койду.

– Эч жериң ооруган жокпу? Эчтеке эмес, жетиге чыккычакты жердин таягын жейсиң. Көрсө, апасынын жүгү оор турбайбы, караан калгыр, – деп Гүлжамалга көз кырын салды. Гүлжамал болсо бир жагынан кызын жерден ала койгонго үлгүрбөгөнүнө уялса, бир жагынан сымбаттуу жаш адамдын алдында жүрөгү болк эте удургуй түшүп, карбаластап калды. Анан жок жерден эле эч нерсени түшүнбөгөн кызын: «Көзүң жокпу, алдыңды карап чуркабай» – деп жекиримиш болду. Жигит күлүмсүрөй карап: «Кейибеңиз, эч жери оорубаса болгону, жүгүңүз оор көрүнөт, келиңиз жардамдашып коёюн» – деп, сумкени колунан алганга комдоно турду.

– Жок, рахмат, өзүбүз эле, – деди Гүлжамал жүрөгү негедир дүкүлдөп.

– Мобу төрт кабат үйдө турасызбы?

– Ооба.

– Мен дагы ошол жакка баратам, келиңиз, жардамдашып коёюн, – деп жигит сумкесинин оорун көтөрүп, кызын жетелеп алды. Кызы дагы кирпигине жаш тегерене, апасын жалжал карап, үтүрөйүп ээрчип алды.

Жолдо келатып экөө көп деле сүйлөшпөдү. Жигиттин суроосуна жооп берип, сыр билгизбегени менен, жүрөгү ээ-жаа бербей сокту. Анан үйгө кирип баратып: «Чай ичиңиз» – деп койду Гүлжамал жылмайыңкы.

Ошондон кийин ал аны ушул маалдан көп жолуктурчу болду. Көргөн сайын: «Картөшкө, пияз түгөнгөн жокпу?» – деп тамашалап калат ал жигит. Гүлжамалдын жалгыз турганын билгенден кийин, бир жолу Кантемир өзү издеп келиптир, анын иштеген жерине.

– Гүлжамал! Сени сыртта чакырып атат бир жигит, – деди бирге иштеген теңтуш келин, жагалдана тиктеп. Көңүлү дүр дей түшүп, шашып калды эмне кыларын билбей. Күзгүгө каранып, чачынын саксайганын тарап, этек-жеңин кымтылап, сыртка чыкты.

Кантемир экен көрсө. Экөө көпкө туруп калды сүйлөшүп. Ошондо ары-бери өткөн кыз-кыркын, келин-кезектин көзүнчө аны менен сыймыктанып турганы күнү бүгүнкүдөй эсинде. Ошол күнү киного бармай болушту экөө.

Ал кеткенден кийин дикилдеп жумушка киришип, ичинде кандайдыр дем пайда болду. Кечке тынбай иштеп, тезирээк кеч киришин эңсегени али да эсинде. Кантемирге жан сезими байланып, мурдагы ичте жүргөн күйүтү суу сепкендей басылган. Ага жалындап күйүшүнүн өзүнчө купуя сыры бар болчу. Кээде сүйүү бир эле көргөндө жылт этип, кийинчерээк көп нерсени талап кылары белгилүү. Ашыктык айрыкча, адамдык үч эле сапатка байланыштуу эмеспи? Жасанып алып акчаңды чачып, атак-даңк, бийлигиңе салып, делдектебеш керек. Булар менен кызыктырса болот, бирок алар баары бир түпкүлүксүз нерселер, сүйүү үчүн.

Кантемирде Гүлжамал эңсегендердин баары жетиштүү болчу. Анын үй-бүлөсү жөнүндө түк ойлончу эмес. Эми кара, минтип олтурбайбы. Азыр бардыгын ойлоп көрсө, негедир бүгүнкү көргөнүнө ишенбегенсип кетти Гүлжамал. Капысынан эшикти каккылады кимдир бирөө. «Келди, Кантемир!» Ал ордунан ыргып туруп барып эшик ачты. Тулку бою шөмтүрөп суу болсо деле, аны тоготпогондой, мурдагысындай токтоо тиктеди Кантемир босогодо. Гүлжамал анын көздөрүн тике карай албай кайра өзү жалтайлады. Ал бут кийимин чечип, суу кийимин илгичке илди да, жанында турган Гүлжамалга: «Кандайсың?» – деп бир колдоп адатынча сыга кучактап коюп, ашканага бет алды. Бир аз картөшкө, эт көтөрө келиптир. Гүлжамалдын ою онго бөлүнүп, ичи дүрбөлөңгө түштү. Адегенде эле ажылдагысы келбеди. Үйгө киргизбей этектен алган, кабаган канчыктарга окшогонду каалабады. Кадимкидей дасторкон жайып, чайын куюп лыпылдаганы менен, бир нерсе тамагын кысып туруп алды. Жанагы тизилген ойлору жүрөгүн ургулап, кепти эмнеден баштаарын билбей турду. Аны байкап калган Кантемир, секин суроо салды.

– Эмне көңүлүң чөгүңкү? Тынччылыкпы деги?

– Аны азыр айтып берем. Өзүң кайда жүрөсүң кечигип?

– Экинчи сменада болдум, өзүң билесиң го.

– Экинчи сменада дейсиңби? Койсоңчу жалганды, тигил үйдөн үчүнчү сменага кеттим деп чыккан жоксуңбу, ыя?!

Кантемир ага тике карады да, «койчу тамашаңды» дегендей башын чулгуп, үн-сөзү жок шорпулдатып чай иче баштады. Маселени кабыргасынан койгону үчүн, Гүлжамалда чечкиндүүлүк пайда болду.

– Чыныңды айтчы Кантемир, эмне минтип алдап жүрдүң мени? Боюнда бар аялыңды ээрчитип жүргөнүңдү өз көзүм менен көрдүм бүгүн. Атайын сенин келишиңди күтүп, уктабай олтурдум. Сени мындай адам деп эч ойлогон эмесмин, – деди Гүлжамал, эриндери кеберсип.

Кантемир унчукпай бир азга тунжурап, ойго батты. Гүлжамал Кантемирди азыр сөзсүз актанат деп түкшүмөлдөдү.

– Ооба, аялым бар, жакында перзенттүү болом. Болгондо да тун перзентим төрөлөт. Айтпай жүргөнүм үчүн, кечир мени. Экөөбүз үчүн эч кимди күнөөлөй албайм…

Бул эмне дегени? Ачык эле айтып таштады. Эч кимди күнөөлөбөйм дегенин ойлоп, Гүлжамал өткөн күнүн бир ирмемге эске түшүрүп, өзүн баары бир күнөөлүү деп эсептеди. Анан чыдабай кетип, кесе айтты:

– Бар аялыңа! Эмне кыласың мени? Перзентиңди ойлогун! Алардын көргөн күнү эмне болот! Кантемир ойлончу… Денеңден бир үзүм этти кесип алса ооруйбу?.. Жокпу?.. Ушул жөнүндө ойлойсуңбу, ыя?

– Эмнеге ойлобойм!

– Ойлосоң баргының аялыңа!

Гүлжамал өңү кумсарып, ачууга алдырып баратты.

– Ачууланба, коё турчу кудай жалгагыр, азыр айтып берем. Меники да абдан оор, эгер түшүнсөң. Мен кандай күндөрдө жашап жатам, сен үчүн белгисиз, – деп Кантемир өз дартын айтып келатканда Гүлжамал дагы бузду анын сөзүн:

– Дагы оорлошо элек! Азыр мен гана билип жатам аялыңды, ал мен жөнүндө билсе, ошондо көрөсүң кандай күндө калаарыңды! Же ал үйгө кире албай, же бул үйгө кире албай калып жүрбөгүн, орто жолдо. Түшүндүңбү?

– Ооба, түшүндүм, кайсы жагы оор экенин! Сен ойлосоң керек эки аялдын ортосунда ойноп жүргөн неме деп, мен да кимге барарымды билбей жүрөм. Мага да абдан оор түшүнсөң, бирок мага турмуш керек, жашоо керек.

– А кимдин өлүп калгысы келсин, бардыгына жашоо керек. Чыныңды айтчы, ким менен жашагың келет, кимди сүйөсүң? Ошону билгим келет менин.

– Эх, чиркин! – Ал терең үшкүрүнүп алды. – Айтып жеткириш кыйын ыймандай сырымды, ал жактан биротоло кол үзүү да кыйын, бала калып жатат, бала!.. Акылды токтотуп аны менен жашайын десем, сени кантем, сени аяйм.

– Аяба мени! Мен баягы жесирмин, ашып барса жалгыз өтөм дүйнөдөн. Жарың менен перзентиңди аягын, – деди Гүлжамал көзүнө жаш тегерене. Кантемирдин аяганын ойлосо бир жагынан ич күйдүлүк түтөп, адамдык ары, касиет-наркы өзөгүн өрттөп, столду шылкыя тиктеп, буркурап ыйлап кирди.

– Токточу, ыйлабачы, Гүлжамал, андан көрө кулак салсаң менде бир ой бар. Көп толгонуп, акыры ушуга такалдым. Башка эч чарам жок.

Гүлжамал алда немени күткөндөй, жүрөгү дирт эте башын көтөрдү, көзүнүн жашын сүртүп.

– Эгерде сенин мага бооруң ооруса, мени сүйгөн болсоң мындай кылалы: мени баладан ажыратпа, жаным! Биринчи, тун перзентим. Эсен-аман көз жарса сага алып келип берем, багып чоңойтосуң. Макулсуңбу? Ушуга көнөсүңбү?

– Ооба, энеси берип коёт сага! Ал эмне, адам эмеспи сага? Баланын ага кереги жок дейсиңби? Анын деле жүрөгү бала үчүн сеникиндей. Ал тогуз ай толгонуп, омурткасы очорула сыздап көтөрдү. Сен эмне деп жатасың өзү? Сага бала керекпи? Мен эмне, эч нерсеге жарабаймынбы? Мен али отузга да чыга элекмин!

Кантемирдин оозунан сөзү түштү. Эмне демек? Кана, бир нерсе деп көрчү мындайда. Айласы куруганда «ыйлаба» деп койду чачынан сылап. Анысы, Гүлжамалды андан бетер эреркетти.

– Койчу эми, токтотчу ыйыңды, эмне десең аткарайын.

– Эч нерсенин кереги жок, жигиттик парзыңды аткар!..

– Сени бир жагына сүрө, тагдырды чече айтат десе: «Сени аяйм, аны аяйм, баланы алып келип берем» – деп андан бетер чиелештирип таштадың. Чындыкка тике карагын, түшүндүңбү? Бирөөнү тандагын!

– Эмне, экинчи келбе дегени турасыңбы?

– Ооба, ошондой дегени турам, орто жолдо деңгиребей бирөө менен жашагын! Кеткин үйүңө, катының уктай албай жалгыз жатат! Экинчи бул жакка басып келбегин! – Гүлжамал бир жери ооруган адамдай онтоп ыйлап кирди.

Кантемир эми гана бир нерсени сезгендей, эми сөздүн жүйөсү жебирине жеткендей, тунжурап ордунан туруп, кийине баштады. Ушул арада экөөнүн күбүрүнөн ойгонгон төрт жашар кыз, аркы бөлмөдөн ыйламсырап, көзүн ушалап чыга келди. Кантемирди көрүп бөйтөңдөп келип, этегине жармашты. Секелекти чачынан сылап эркелетсе болмок, бирок анткенге жарабады. Ал кийинип бүтүп, кыздын колун этегинен эптеп ажыратып, сыртка чыга берди. Көптөн бери күткөн нерсесин бүгүн укту Кантемир. Баарынан да «жигиттик парзыңды аткар!» деген сөз намысына катуу тийди. Жаралуу жүрөктү ушул сөз уйкудан ойготкондой умачтай ачып, жер-жеберине жеткире диртилдетти. Ал тепкич менен төмөн түшүп, тышка чыкканда, эки анжы болуп туруп калды.

«Ооба, качандыр бир убакта ушундай болмок» – деди үнүн чыгара. Эмне кылыш керек?.. Ушинтип коштошуп кете береби… Же азыр Гүлжамалга кайра чыгып, кечирим сурап: «Сени менен жашайм» – деп чачынан сылайбы?.. Ушул ирмем ал үчүн эң чечүүчү, эң оор болду. Канча ойлонсо деле, аны төрөлө элек баланын тумсак жыты өзүнө тартып, ымыркай элеси көз алдына келип туруп алды. Анан шарт бурулуп жөнөй берди үйүн көздөй.

Гүлжамал Кантемирден муну күткөн эмес эле. Ал чыгып кеткенден кийин, кайра кирет деген үмүт менен бир аз туруп, анан чыдай албай, балконго атып чыкты. Төмөндө, устунга илинген түнкү лампанын бозомук жарыгында, Кантемирдин карааны көзгө урунду. Ал беттен урган добул аралаш жамгырга этеги далбактап, артына кылчайбастан түптүз баратты. Качан анын карааны караңгыга сиңип кеткенде гана, Гүлжамал: «Бүттү» – деди тула бою жыйрыла. Эми, кайрылышы кыйын! Ичи сыздай үйгө кирип, ушул эки бөлмө үйдөн өзүн коёрго эч ылайыктуу жер таба албады. Мына, эми дагы жалгыз калды, дагы эптеп күн өткөрмөй. Адам алдында арына келип, чындыкты тике караганы менен, өмүрүндө бир келген, жандүйнөсүнүн кызыгынан ажырады. Көрсө, Кантемирди өзү сүйөт экен. Төрт жыл мурун таштап кеткен күйөөсүн ойлоп, эми аны күнөөлөй албады. Ал дагы өзүнө окшоп, бирөөгө жалындаса керек. Гүлжамал солуктап, ыйлап олтурду. Ый арасында, ой түпкүрүндө өзүнүн ойлогонун, жүрөгүнөн жашыра албады. Ар бир куюлган көздүн ысык жашы карегинен томолонуп, көкүрөккө тамган сайын, Кантемирдин кайтып келүүсүн эңсеп жатты…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *