Ушинтип аабалкы — Жан жана Ден, физика жана философия катышы тууралуу маселеге келебиз. Келбей коё албайбыз. XX кылымдын теориялык физикасынын кризиси, ал, физиканын эле эмес, дүйнөтаанымдын да кризиси экендигине ушундайча тике байланышып чыгат. Бул жакта суроо чытырман, жыш. Мисалы: Ленин «физикалык идеализм» деп атаган кубулуштун алыскы теги, чын себеби кайда жатат? XX кылымдын башында теориялык физика эмне үчүн дүйнө түбүн түшүнүш үчүн чыгыш мистицизмине урунду? Андан алган сабагы кандай болду? Эмне тапты, не жоготту? Аны менен ашкере шугулдануунун аягы акыры барып теориялык физиканын өзүн физикалуулуктан айырып, таза абстракцияга кайытып алып кеткен жокпу?

Эгер алып кетсе физиканын да, философиянын да ТЕҢ (б.а. чулу, бүтүн) бирдей сакталышы үчүн ага кандай мамиле зарыл эле? Не дүйнөтааным өңүттөн чыгуу керек эле? Андай дүйнөтааным, б.а. жалаңтык материализмде, пас прагматизмде чектеп-мүчүтүп турган орой окуудан ары жаткан, не реалдуу материализмден биротоло аяк үзүп иллюзияга айлантып, ирреалдуулукка кайытып кеткен эфемер окуудан бери жаткан, экөөнүн ТЕҢ (чулу) биримдигин кармаган дүйнөтааным бар беле?

Ушул өндүү толуп жаткан, толуп жаткан суроолордун толкунунда калган ченде, ошондо, эрксизден баарын батырган, баарын камтыган, Бир, Чулу, ТЕҢ түшүндүрүүгө кудурети жетик окуу-илим зарылданып турганын билесиң. Мына ошондо айла-аргасыз Теңирчиликке келесиң, Улуу, чулу дүйнөнү материализм деп да, идеализм деп да эки уюлга ажыратып, келишкис карама-каршылыкта кармаштырбай, аны аавалтүп биримдигинде Бир, Чулу, ТЕҢ (Единое) көргөн, ошол эле учурда ички агымында, б.а. «жолу улуу» удулунда иерархиялуу Тең-Тең (Двуединое) бөлгөн зор илимге — Теңирчиликке келесиң.

Бая Ли менен Янг XX кылымдын теориялык физикасын каңгытып-кайытып адаштырып кеткен айры жолунда тык кармап: «Жок, дүйнөдө симметрия жок, экспериментте Оң менен Солдун симметриясы бузулат» деген идеяны Кадыров кандайча теория бийигине калкытып алып чыгып, «Р-жуптуулук» эмне үчүн бузулаарын, Дүйнө эмне үчүн ассимметриялуу жана айланууга ээ экенин жалпылап, дүйнөнүн физикалык биримдигин чулу, ТЕҢ (Единое) алкакка ийирип салганын билесиң. Уңгуталаа философиясына же физика теңирчилигине айла-аргасыз ушундайча келесиң. XXI кылымдын теориялык физикасы XXI кылымдын философиясы — Теңирчилик менен ушундайча кезигишет. Бая, «көчмөндух, Теңирчил иивилизациянын алдыда шаалдаган үнүн уга албай кер турбуз» деген кеп ушул жерден бир чечилет. Эски дүйнөнү жаңырган цивилизацияга баштаар Уңгуталаа теориясы руханий негизи — Тенирчилик менен ушундайча табышат. Адамзатты алдыда;

материалдык аспектте — албан-субан илимий ачылыштын же физикалык проблемасынын чечилишинде алып чыгып, бакыбат Ден жашоого баштаар;

руханий аспектте — философиялык проблемасынын чечилишинде алып чыгып, Жан азаттыгына маштаар ТЕҢ биримдик бир идеяда баш коштура алаар Улуу Илим ушул Теңирчилик болмок.

Биз умтулуп идеал издеген, туу туткан Батыш өзү жаңы цивилизациянын руханияттагы ураанын сала албай, илиминдеги ачылышын таба албай терең кризисте жатат азыр. Ооба, бул башка эмес, дал цивилизациялык кризис! Алды жагы туюк турган, ал — Батыш, андыктан ХXI кылым цивилизациясын жалаң гана кырчылдашкан кызыл майдан катары билет, көрөт жана ага өзү да улуу даярданат. Бирок бул, арийне, жалпы адамзат тургай жалаң Батыштын өзү үчүн да түбүндө адамдын өзүн акыл-эстин ээси катары планета үстүнөн жок кылып тынаар жоболоң жол. Сөзүбүз жалаң болбосун үчүн ушул тапта Батыш дүйнөсүндө кызуу окулуп, кенири пропагандаланып, башкы маанайын (баягы агрессивчил!) күчөтө аныктап аткан бестселлерден бир үзүм мисал тарта өтсөк болот. Ал Гарвард университетинин профессору, мамлекетти башкаруу боюнча АКШнын көрүнүктүү стратегдеринин бири Самьюэл П.Хантингтондун «цивилизациялардын согушу» аталган концепциясы. Анда мындай делет: «Мировая политика вступает в новую фазу, когда идеология и экономика не будут больше служить главным источником конфликтов. Великим водоразделом внутри человечества и доминирующим источником конфликтов станет культура… Следующая мировая война, если ей суждено быть, станет войной между цивилизациями» ( г. «Азия» X. 1993).

Цивилизациялык кризистин айкын белгиси дал ушул. Анткени цивилизация теги, мааниси өзү — маакул жашоо. Маданияттын маңызы өзү — гуманизм. Аалам мухитинде аркырап сүзүп бараткан Жер Кемеде кантип жалпы аман калабыз? Кеменин өзүн нетип бүтүн сактайбыз? Кандай гана аталган цивилизация болбосун, Батышпы, Чыгышпы, Түндүкпү, Түштүкпү, философиясы ушул болууга тийиш. Батыш цивилизациясы агрессив маанайын аттай албай, ал идеяны сунууга минтип жарамсыз туру. Бая, XX кылымдын теориялык физикасынын кризиси, ал жалаң, физиканын гана эмес, аны ичкертен азыктандырган дүйнөтаанымдын да кризиси эле дегенбиз. Ал ойду эми цивилизация тегиздигинде, жаңы тепкичте жаңыртып айтышка туура келет.

Ооба, Батыш цивилизациясынын кризиси, бул дагы ириде дүйнөтааным-философиянын кризиси. Байыркы иуда, грек, рим замандарынан келген. Дарвин, Гегель, Фрейддерде уланган, «диалектика — карама каршылыктардын күрөш (!) биримдиги», «табигый тандалуу жолу», «адам дээринде мал жырткыч — жашоосун инстинкт аныктаган» ж.б.д.у.с. жетекчи-нускоочу идеялар, агрессивдүү, пас прагматик мамиле, Батыш дүйнөнүн тамырына өсүп, зилине (менталитет) айланган. Ыгып-тыкма (накопителңство) ыгын калыптап, тагдырын башка жасаган. Мындай тагдыр, арийне, адамзаттын жаркын, жаңы цивилизициясына батыл баштаар озуйпага ээ эмес. Ага зили жогорку пас сапаттардан таза калган, Дүйнө-Тарых өзүнүн бүткүл гуман мүмкүнчүлүгүндө, улаңгайыр улуу эволюциясында асылдаган, баарына ТЕҢчил, КЕҢчил жана алымдуу Жаркын Тагдыр гана эгедер. Бая бир айтылган «бир мерчемде, бугуп жаткан кубулуштун экинчи бир кырдаал — шартта буулугуп ачылаар кезеңи тууйт. Арткы баскан жол менен эле эмес, алгы басылаар жол менен өлчөнүүчү дөөлөт зарылданат» деген сөздүн мааниси ушерде жана чечилет. Эмесе, ал тагдыр — көчмөн тагдыр эле; ал цивилизация Теңирчил цивилизация эле, дүйнөгө коңур мамиле күткөн; жаратылышы, тегинде — Асман менен Жердин, Жан менен Дендин, Бар менен Жоктун, Ач менен Токтун, Келээр менен Кетээрдин, улуу ТЕҢ биримдигин тутуп, КЕМинен КЕҢине салмак оой келечек беттеген руханий цивилизация! Байыркы эмес, Дайымкы! Ушул кудуретке эгедер, идеяга карк цивилизация гана алдыда мүлдө адамзатка , алымдуу жаңы цивилизацияга байтүп суналып бермек. Уңгуталаага уланды – айкаш Теңирчилик цивилизациясында ушул кудурет буккан.

Арийне, биз бая,«кичине элбиз»деп кибиреп алгандарга бул да жакпайт. «Эми өңгөсү бүтүп дүйнөлук цивилизацияга өзөк түшкүбүз барбы? деп ал дагы да майдаланат. «Башка цивилдүү элдердей!» деп такылдап, тамшанып бүтпөйт. Айла канча, дегеле адамзат цивилизациясы дегениңдин чыныгы философиясы эмне? Андагы биздин ордубуз кайда? Эгер эми жаңы цивилизация ураанын көтөрө алсаң, анда эмне үчүн аны салбаска, жан жагыңа күч уютпаска? Анан да өзүң кибиреп басынып алгандай ошончо эле майда эмес, улуу көчмөн дүйнөнүн уюлу экениңди кайда жашырасын? Тунган Туран Ордону кайда батырасың? Элди улуу кылган кара күч эле эмес ириде идея, рух кудурет экенин кантип танасың? Ушу өңдүү башы ачык канча маселе турганда бул багытта дагы атайлап сөз кызытышка аргасызбыз.

Эмесе цивилизация дегениң өзү ал анык маанисинде – тунган маданияттын өзү, аккан руханияттын көзү. Андгы Батыш канчалык: «чивитес — айыл куруп, шаар салып, отурук жашоо» деп материалдаштырып түшүнүп албасын, ал, тегинде, ошол коомдошууга түрткөн, ага мүмкүндүк түзгөн руханият, цивилизацияны цивилизация кылып турган касиет, Аалам-Табият менен мамыр-жумур маин табышуу. Ай алдында, Күн алдында ырыс-ырашкерлүү, денеси жыргап (материя), рух мүмкүнчүлүгү ырдап аныл«« (идея) маакул жашоо. Эң өзөккү, эң түпкү мааниси ушул. Мына ушуну камсыздаган көкүрөк көз- руханият. Айталы, көчмөн цивилизация мангул-түрк аталган улуу мейкинде, улаңгайыр мезгилде аккан духу үзүлбөй маңызы бир келди. Аал, отурук цивилизацияга келсек, ал басым материалдык мүнөздө көрүнөт. Тарыхый татаал өнүгүшүндө өзөктөн өткөн үзүлбөс-сүзүлбөс руханий шооласын үзүп алат, аккан духун бууп алат. Үзүлгөн-буулган жеринде ал өзүнчө тамырлайт да жергилик мүнөз күтөт. Ал кайрадан бая материалдуу айырмалуу сырт борумуна чыгат. Ошентип, айрым-айрым айырмалуу «адамзат цивилизациялары» деп ат алат. Тойнби айткандай жыйырма бирге жетет. Хантингтон айткандай жетиге түшөт. Аталган цивилизациялардын баарында дээрлик, көздөн сыдырып отурсаныз, бая гармония бузулган. Биринде, мисалы Батышта, байыркы иуда, грек, римде ДЕН маани басым алат. Азыркы Батыш цивилизациясынын керекчил, прагматик мүнөз күткөн себеп- генезиси, же, Дүйнөгө өгөйлөнгөн тагдыр (отчужденный)-ошол жактан (материалдык негизи мен(!) менчиктен, анын ичинде жер менчиктен) башталат.

Тескерисинче, отурук Чыгыштын экинчи чет-кыйырына келсек, дүйнөбезериликтин аавалтүп себеп-генезиси, анда да балким, ушерде жатат, же түбүндө жерден ажыраган, жерге өгөйлөнгөн, реалдуулуктан тебилген тагдыр (отчужденный) соңунда Асманга калкып кеткен, тамырын дээрлик-дээрлик үзүп… түгөл философиялуу мүнөз күтүп… Чыгыштын эң ничке рух окууларында айталы, хинаяна буддизминде бу материалдуу дүйнөнү жерүү эң кыл чекитине жетет. Ошентип карт дүйнө эки кыйырында ажырал жатат, цивилизациялары чачырал калган. Орто ТЕҢде кошула албай, орток идеяда жошула албай. Хантингтондун XXI кылымды цивилизациялардын согушу аныктайт дегени ошол. Айтмакчы, анда көчмөн цивилизацияга орун да тийген эмес, же: «Цивилизационная идентификация будет приобретать все большее значение, и, мир в значительной степени будет формироваться в результате взаимодействия семи или восьми главных цивилизаций. Это западная, конфуцианская, японская, исламская, индуисткая, славянско-православная, латиноамериканская и возможно африканская. Основные и наиболее кровавые столкновения будут происходить вдоль границ, разделяющих эти культуры». Эмесе дал ушул Хантингтон «унутуп» салган. көчмөн цивилизацияда анын агрессивдүү концепциясын ойрондогон, Батыш, Чыгышка тараза ТЕҢ — Единое, идея жатат. Анда эң байыркы алынган Бир ДЕМ эч качан үзүлбөгөн, сүзүлбөгөн (рух үзүлбөйт), Асман — Жер арасын сайрандап, Жан менен Ден байланышын ТЕҢ кармап өр руханий жолунда келет.

Батыш, Чыгыш аабалда жоготуп алган ТЕҢ салмак ушул эле. Же эми көчмөн цивилизацияга салыштыра айтсак, Батышта, анын идеалдуу бийиги саналган, сырт сулуулуктубасым даңазалаган байыркы грек заманынан соң, акырындап ден кумары мал кумарына оогон, утурум керекчил. азыркы агрессивдүү мазмуунуна келди. ТЕҢ кыйрады. Чыгышта, айталы, ДЕМине эрип-бууланып (дэм-дхам) «Дхаммапада» чындыгын тапкан Будда окуусун («истина в середине»,

б.а. Единое — ТЕҢде) соңкулар Түгөй — Теңинен кайытып таптаза рух жайыгына чаңытып кетти. Же мында да ТЕҢ бузулду, Чулу зак алды. Ал бүтүндүк дале ТЕҢ Тенирчиликте калды. Ошентип Дүйнөнүн буга чейинки өнүгүшүндө ар бири өз-өз ролун ойногон адамзат цивилизаңиялары канчалык кулачы кеңири сунулбасын улуу кыймыл, гармония удулунан чыкканда өз-өз чектелуу жагы туру.

Ырас, арасы Асман-Жердей айырмалуу Батыш, Чыгышты адатта бир такта бетинде жанаша карашпайт, арада зор айырмасы жатканы анык. Бирок бул дүйнөдө көчмөндух да барын эске алсак (Тойнбилер, Хантингтондор эчак «өлтүрүп», «унутуп» салышкан), Дүйнө дүңүндө «отурук дух» жана «көчмөндух» деп бөлүнөөрүн да моюндасак, анда ушул контекстте Батыш, Чыгыш цивилизацияларынын отурук мүнөзүнөн агылып чыккан табигый жалпылыкты да таанышка туура келет. Б.а. сөз башында айтылган: «цивилизациянын аавал мааниси өзү — аккан руханият» деген кептин чечилер жерине келебиз.

Ооба, отурук турмуш өзү, мейли Батышта, мейли Чыгышта, тегинде материалдуу, сырт формага ыктайт, отурук цивилизация материалдуу формада ачылат. Негизинен жансыз жаратылыш менен киндиктешип жер азыгын да түптүз алат, био-психо-генетикалык планда алганда да ал Жерге канык. Атургай материалдуулуктан качып чыгып аска учуна кечилкана курган, Дүйнөгө жуурулмакчы таптаза идеялуулуктун өзү да ошол шай теңдиктин кыйрашы, материалдуулуктун кыйыр натыйжасы, же отурук духтун экинчи чеги (крайностң) катары көрүнөт. Ал эми көчмөндухтун теги-жөнү бөлөк. Ал — ички агымга ыктайт, ТЕҢ мазмуунда ачылат, жандуу жаратылыш менен киндиктешип, жер азыгын да, мал, аң жаныбарлары аркылуу синтездеп алат, био-психо-генетикалык планда алганда да ал Көккө өнүк. Баса, бутпарас сыңар бууланып да кетпейт. Дүйнөдөн-Өзүнөн кача да албайт. Кеткен жагынын баары кеңий берет. Арткан жагынын баары аңыл ачыла берет. Баскан жагынын баарынан өзүнө өзү табыла берет, ал… Аккан Дүйнөнүн өзөгүндө калган. Дамамат! Же мурдагы бир ой-толгоолорубузда айтылгандай: «Аккандүйнөнүн борбор-огу өзү кыймылдуу. Өзүн борбор санаган отурук, кыймылсыз кай дүйнө сааты бүткөндө аккан ордодон дирилдеп сыртка калып кеткен, бир-бир агып кеткен. Шумер, Вавилон, Египет, Грек, Рим мисалы бекерби? Тек, көңкү көчмөн дүйнө гана ошол агылган өзөктүн өзүнө өсүп, көзүнө чөгүп, ал кайда акпасын, не оодарылбасын, Орто-Ордосунда оожалып түбөлүк тшлган. Б. а. ДҮЙНӨЗӨККӨ тунган ал, жанарын ичке жыйган ал, жаки башкы маңызында ал Телегей Цивилизация болгон». Андыктан ал, бая айткандай, эч качан үзүлбөгөн-сузүлбөгөн. Байыркы эмес Дайымкы. Жандуу, тирүү, кыймылдуу. КЕМинен КЕҢине өрлөп БАР жана Бир Тең (Чулу) жашайт. Өчүргөн сайын өөрчүйт, өлтүргөн сайын тирилет. Карт Дүйнөдөй дайым жаш! Көчмөн цивилизациянын символу — боз үйүнүн өзү да 99 пайызында руханий кубулуш да, балким, акыркы жалгыз пайызында анын тамчыдай мөлт материалдуу чагылышы. Дүйнө өмүр менен Улуу Гармонияга келүүнүн үлгүсү! Хантингтондор мына ушуну билбейт. Материалдуу маанайынан чыгышып Жашоо — Болмуштун болгон-жеткен мааниси: «бөдөнөнү кыргыйга жем жараткан», «сен жебесең – сени жешет» деп түшүнүшөт. «Бул — диалектиканын мыйзамы» деп ага философиялык мөөр басып абсолют мыйзамдаштырышат. «XXI кылым — цивилизациялардын согуш кылымы» деген ойдун учугу да ушуякта, Жок, мындан башка , мындан бийик чындык бар! Батыш философиясынын бар жеткен бийиги-диалектика жана ал рухий азыктандырган XX кылымдагы Батыш цивилизациясынын урааны эми жаңыраар кылым үчүн жарамсыз. Адамзат аны эскирген кийимдей чечип салаар, эволюциялык жолунда сапаттык жаңыраар чагына келди. ТЕҢ Теңирчилик идеяга! Анткени, диалектика илими Болмуштун болгон мыйзамы деп карама-каршылыктардын күрөш биримдигин түшүнөт. Анын ичинде «карама-каршылыкты» абсолюттуу эсептеп, ал эми «биримдик» абалын утурум, эфемер санайт. Дал ушунун тескерисинче Теңирчилик Болмуштун болгон мыйзамы деп Тең-Тең (Двуединое) Түгөйлүүлөрдүн Жолу Улуулук мыйзамында түбөлүк түгөйлөшкөн Телегей Идеяны тааныйт, б.а. сүйүүнү түшүнөт, а демек мында «карама-каршылык» утурум, эфемер чыгат да ТЕҢ (Единое) « биримдик» абсолютка айланат. Бул — Түптүн Түгүндөгү айырма! «Адам адамга карышкыр тап» деген жаныбар идеядан бийик, чыныгы сүйүүгө негизделген жалпы адамзаттык Жаны Эволюцияга Жол. Эгер адамзат азыркы агрессивдүү цивилизациянын кыйратман концепциясындакырылып жоюлбайлы десе, жаңы цивилизациянын жаратман жайыгына чыгалы десе, анда, ТЕҢ Теңирчил цивилизация идеясына келбей коө албайт. Кааласа, башкача атап алсын, маңызы калат. «Көчмөн» ат жакпаса, аа кайчы башка өчмөн ат таап алсын, өзөгү калат. Же Батыш, Чыгышка бирдей алымдуу, баарыга ТЕҢ Идея, акыры, ушул!

Буга дейре, оо эзелде, Батыш дүйнө пас прагматизмине тартып байыркы Римдин ден кумар баскан инерциясын жеңе албай турган тушта — орто кылымды көчмөн духу бир силкинткен. Же жарым көчмөн араб халифаты тарыхый аренага чыгып, ислам цивилизациясы байыркы грек цивилизация рухун дирр тирилткенде, ал Соңку Европа Кайра Жаралуусуна дем берген (көчмөн түрктөрдүн орто кылымдагы орошон ролу өзүнчө өз). Эми да материалдык керекчил цивилизация дүйнөнү түгөл ороп-чулгап, кризистен чыгуу айласын кылчайнаар кармаштан гана көрүп турганда ТЕҢчил көчмөн цивилизациянын Дүйнөгө өз сөзүн айтаар чагы тууду. Жаңы цивилизация ураанын жарыялар кези келди Көчмөн философиянын алдыңкы зарылдыгын туйган, ага келбей коюуга мүмкүн эмесин сезген дүйнөлүк ойдун кай бир өкүлдөрү соңку кездери муну өзүлөрү да айта башташты. Эсеби, дүйнө кезген, терең илимдүү, жапан кечили Терасавасан күнү кечээ бизге келди. Таш Рабатта болду. Ошондогу айтканы: «Кытай жана Индия байыркы замандан бери бардык Азия элдерине устат болду. Окуу, таалим берди. Бирок бул устаттардын да устаты болгон, кезинде. Ал Борбор Азиянын көчмөндөрү. Эми да адамзат цивилизациясы туюкка камалды. Эми да бул туюктан адамзатты алып чыгарар, силерсинер, байыркы көчмөн урпактары. Жаңы цивилизация силерден башталууга тийиш. Улуу Борбор Азиядан…» (Интервңю менен толук «Мээрим» журналынын жаңы санынан таанышасыздар, буюрса).

Хантингтондор мына ушуну билбейт, көрө албайт (эки маанисинде тең). Мына ошондуктан Дүйнөгө үстөм болуу ниетинен чыгып минтип жазышат: «… в интерсах Запада развивать сотрудничество и единение внутри собственной цивилщации… инкорпорировать в сферу Запада общества Латинской Америки и Восточной Европы, чьи культуры близки Западной, поддерживать те группы внутри других цивилизаций, которые симпатизируют западным ценностям и интересам, усиливать международные институты, которые разделяют западные ценности, интересы и обеспечивают их легитимность»… Ушинтип Батыш өз кредосуна бек, эгосун эгерим аттабай, баскынчыл багытынан (наступа- телңностң) тайыбай чыгат, жылат. Бирок күчкө күч каршы турат. Агрессия агрессияны пайда кылат. Карама-каршылык эзели бүтпөйт. Отурук Батышта Нңютон закону да, отурук Чыгышта «карма» закону да ушуну айтат. Демек, мындай жол, мындай концепция Бир Кеме ичинде жашоого акысыз, келечексиз, Жаңы илим, жаңы кылым жаңы идеяга муктаж, Жаңы цивилизацияга жаңы философиялык концепция зарыл. Адамзатты Алтын Заманына баштаар Уңгуталаа илимий-техникалык эле ачылыш эмес, ал жаңы ачылыштын бийигинде тураа руханият, агрессивдүү жеке мен(!) идеяга тосмо-гумандуу ТЕҢчил, КЕҢчил мораль дагы, ал — Теңирчиликте буккан дешибизге ушул себеп. Телегей жол – Теңирчиликтин зарылдыгы ушунда.

Бирок чиркин, тагдырдын тамашасы, Батыш айткан кырчылдашкан майдан чеги эми дал кыргыз жеринен өтмөгү кызык. Уңгуталаа ачылышын кармап турган элден, Туран цивилизациясы тунган жерден.

Кыргыз жеринин жеке менчикке чыгарылышы Хантингтон какшанган Батыш умтулуусунун багытына жолулаш түштү («…которые симпатизируют Западным ценностям и интересам… обеспечивают их легитимность…»). Жаңы доор-заман сөзсүз эле жер менчик аркылуу өтпөйт эле, ал ириде өзгөчө илимий ачылыштарга таяна, өзгөчө рухий дөөлөттөргө негизденет эле, жер эми экономикалык гана маселе эмес, терең философиялык, же цивилизация маселеси эле дешибизге да ушул себеп эле… Буйрук экен, бүгүнкү жолубуз ушундай түштү. Бирок, эми, эртеңки күн үчүн мурдагыдан да терең баш кошуп биригишибиз баары бир милдет! Анткени ар бир эл качан да болсо бир ынтымакка уюп, өзүнүн ички потенциалын айгине ачышы керек. Төтөн, азыркыдай бөрү этектен, ууру жакадан алган өткөөл, кысталаң заманда. Бул башкага эмес, элдин өзүнө керек. Падышасына да, бакырына да бирдей! Өзүнүн ички кудуретин бир бирин алсыздап жоюга эмес, бүт мүмкүнчүлүгүн бир мүдөөгө муштумдай түйө алган калк гана дүйнөлүк катаал жарышта өзүн сактайт. Аабалтан келаткан салт ушул: Эл элдигин сактамакка эмне жылтыры болсо, ошону түгөл биринчи планга алып чыккан. Чыныгы баатыр, чыгаан күлүк, ак таңдай акын, сулуу кыз, алгыр тайган, кыраан кушун баптап, алкынтып-кулпунтуп топ жарган. Булар « калк намысы» болгону ошол. Эл өзүн ушуну менен көтөргөн ушуну менен сакткаган, ушунуменен даңазалаган. Эл коргону ушул болгон. Ошон үчүн жеңиштүү баатыр жеңилген эрге кайрылып айкөлдук кылган, аны катарына алган. Мөрөйлүү балбан же найзакер эртеси жыгылган эрге арналуу жолугуп,алдына ат тарткан, үстүнө тон жапкан. Азаматтыгын сыйлап, кадырын көтөргөн. Анткени мындай эрдин баары эле сай ташындай чачылып жатпайт. Биригип келсе — эл күчтүү, түйүлүп келсе — журт түптүү. Ошондуктан «жакшымы ашыр, жаманымы жашыр» деп өзүн-өзү күүлөп, өргө өрлөтүп ушул күнгө эсен келген Кайран Эл. Эмесе, калк накылын туталы, жакшыбызды ашыралы, жаманыбызды жашыралы… Карама-каршылыгыбызда хантингтондорго жем түшпөй, биримдигибизде уталы. Кандан Карага чейин! Келечек үчүн! Ал эми ал, бар — жаркын келечек, Жаңы Цивилизация…

Козгол, Руханий Цивилизация уюлу Туран!

«Ата Журт» гез. XI, 1998

Р.S. Теориялык физиканын жык жыйылган проблемалары, асыресе, бир кылым дээрлик акыл эсти арбап келген Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы, квант механикасы, жана изделген Уңгуталаа теориясы тууралуу акыркы он, он беш жылда орус басмасөз беттеринде көп жазылды. Ал эми өткөн жылы маңдай жарган чагылгандай бир жаңы кабар жарыяланды. Теориянын чын бышыгын, не жалганын тастыктаар факт — эксперимент. Кадыров теориясынын как өзөгүнө дал түшкөн жаңы эксперименттин жыйынтыгы «Известия» гезитинин илим сайтына (15.03. 2006) чыкты. Андагы: «… замеры температуры реликтовой радиации свидетельствуют не о хаосе в распределении различных зон Вселенной, а об определенной ориентации или даже плане. При этом существует особая гигантская линия, вокруг которой происходит ориентация всей структуры Вселенной» деген сүйлөмдөн терең аңдап баккан аалым кишиге Кадыров теориясынын өзөгү:

эң майда бөлүкчө деңгээлден — эң ири Аалам деңгээлге дейре айлануу кыймылга ээлиги;

ар деңгээл аралык өркөн — ийрилиш иерархияда жүрөрү;

ар иерархия ортосундагы байланыш — «де Бройлң толкунда универсалдуу өзөк өтөөрү;

Абсолют Өзөк – Бар, бирлиги шоорат кагат!

«Кызыккан окурман, аалым, саясатчылар үчүн сайт текстин толук сунуштайбыз.

 

ВСЕЛЕННУЮ ПРОНИЗЫВАЕТ «ОСЬ ЗЛА»?

Подлинное смятение в мировые научные круги внесли новейшие данные, полученные с американского космического зонда WМАР, предназначенный для замеров температуры радиационного излучения разных частей галактик, он обнаружил наличие на космических просторах странной линии, которая насквозь пронизывает Вселенную и формирует ее пространственную модель. Ученые уже назвали эту линию «осъю зла».

Обнаружение данной оси ставит под сомнение все современные представления о зарождении Вселенной и ее развитии, включая теорию относительности Эйнштейна, за что ей и дано это нелестное название. Согласно теории относительности, развертывание пространства и времени после первоначального «большого взрыва» происходило хаотично, а сама Вселенная в целом однородна и, имеет тенденцию к расширению на всем протяжении своих границ.

Однако данные с американского зонда опровергают эти постулаты: замеры температуры реликтовой радиации свидетельствуют не о хаосе в распределении различных зон Вселенной, а об определенной ориентации или даже плане. При этом существует особая гигантская линия, вокруг которой происходит ориентация всей структуры Вселенной, отмечают ученые. 06 этом сообщает ИТАР-ТАСС.

Эми да болсо эр кыргыз бир ойлоноор бекенбиз?…

Жаңы цивилизация мүмкүнчүлүгүн дирр толгоноор бекенбиз?..

Же, Жексенделдиби аты унут — Жер астында жаткан бурут?!…

Жаки, олуя Дайсон айткан отуз жылдын өтүшүн жана да зарыгып күтөбүзбү?..

Чоюн ӨМҮРАЛЫ

One Reply to “Телегей жолго кайрылуу зарыл”

  1. Сүрөттөгө жазуу орхон-энесай жазуулары менен жазылган. Окулушу: Түрк. Танры түркү корусун. Чечмелениши: Түрк. Теңир түрктөрдү коргосун.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *