Бурят жомогу

Башында коён баарынан коркчу экен. Асманда учуп бараткан канаттуулардан да, жер бетинде кыбырап жүргөн жандардан да, а түгүл кибиреген чычкан көрсө да селт этип алчу тура.

Ошол коркоктугуна арданыппы, уялыппы же жаратканга нараазы болуппу, айтор бир күнү ыйлап кириптир:

— Жер жүзүндө менден өткөн коркок жан жок. Ушундан көрө азыр шар аккан сууга боюмду таштап өлөм же отко күйөм!

Коён өлүмгө баратты. Чуркап баратты. Өлгөнү баратты. Баратып эле токтоп калды. Ал корккуча болбой эле башка бир нерсе андан коркуп кетти да, качып жөнөдү. Кургак бариктер шуудурады.

Караса, чоң эле нерселер – койлор үркүп качып баратат. Бирөө эле эмес, бир нечеси. Сүйүнүп кетти.

— Менден да коркчу жандар бар турбайбы? Оо, коркок жырткычтар десе! – деп койду.

Ушуну ойлонуп тапканына оозун ачып күлө берди, күлө берди. Жамажайы жырылганча күлдү. Күлө берип үстүңкү эриндери карышып калды.

Ошондон бери коркок, күлкүчү коён досуңар ача жаактуу тура, балдар.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *