АҢГЕМЕ

(Сүрөтчү Эмил Токталиевге арнайм)

Шаардан келип түштү. Бир башкача кусалык менен келди. Бул жер айылдын башы, көчөнүн да башы, ааламдын да башы. Алдынан мотураңдаган балдар чыгып салам берди эле, эстей албады. Жок, эстей албады эмес, окшоштура албады. Бул балдарды кимге окшоштурарды билбеди. «Кимдердин балдары» деди ичинен. Балдар жакты карады, балдар да аны тиктеп туруп калышты. Умсунгансып, бир нерсе үмүт эткенсип, шаардан бизге эмне апкелдиң дегенсип. Өзү ошондой болчу.

Тээ бала кезинде айылдын балдары тууган, тууган эмесине, тааныш, тааныш эмесине деле салам берип келгенин эстеди. Өзү да бала кезинде алдынан чыккандын баарына салам бергенден жазчу эмес ушинтип. Тааныйбы, тааныбайбы, баарына салам берүүнү милдет деп түшүнчү. Бербесе тил укчудай сезилчү. Бираз узап «туугандардын балдары болуп жүрбөсүн?» деди ичинен. Артын карады. Окшошподу. Балдар дале тиктеп турушуптур. Ошондо барып улуулардын каадасын эстеди. Улуулар эмне жооп кылчу эле мындайда?.. «Кимдин баласысың, мурдуң дурайын» дешчү, же «карасаң, Баландай көздөнүп турганын» дешип, артында «ок атаңдын көөнө чычайын…» деп коюшчу. Ооба, так ушинтип айтышчу эле. Же тилдегени эмес, же эркелеткени эмес, ушинтип калышчу. Саламдын парзы болчу бул.

Кээси саламдын акысына «өркөнүң өссүн» дешчү же чөнтөктөрүн аңтарып башташчу. «Мэ момпосуй» дешчү анан. Кээде момпосуй эмес тоголок кант же нават карматышчу. Айтору бир таттыны карматышчу. Кээси чөнтөгүн аңтарып, чөнтөктөн эч нерсе табылбаса саламдын акысынан бетер «кел, мурдуңан чымчытып кой» дешчү. Бу кептер жагымдуу туюлчу, жагымдуу болгудай айтышчу сакалы жайкалгандары. Кандайдыр жылуулук менен айтылчу бу кептер.

– Кимдин балдарысыңар? – деди ошондо гана.

– Мүсүраалынын.

– А мен Сатындынын.

– Мүтөштүн.

– Мүтөштүн? Мүтөштүн Таалайынын баласысың го?

– Ооба, Таалайдын баласымын.

«Булар Мүсүраалынын да, Сатындынын да балдары эмес» деди ичинен. Берки чурулдаган балдар кимдердин балдары экенин укпай калды. Балдар биринен-бири озунуп чурулдап жиберишпедиби. «Булар Мүсүраалы аке менен Сатынды акенин небере же чөбөрөлөрү болсо керек» деди. Мүсүраалы менен Сатынды качанкы кишилер экенин эстеди. «Андан көрө ошо кишилер барбы бүгүн? Эбак эле көздөрү өтүп кетсе керек а кишилердин». Сумкесине эңкейди, колуктусу айылга деп салып берген түрдүү конфеттерди балдарга кочуштап-кочуштап келатып, бир-экиден таратты. Кочуштап берсе жетээр эместей.

– Кимдикине келдиңиз? – деди ангыча бирөөсү.

Кимдикине келгенин айтаарды билбеди. Жылмайып койду. Үндөбөдү. Беркилерди Мукаштын, Капалаңдын, Жанызактын неберелери го деди. Көчөнүн башында карала-торала болуп ойноп жүргөн тентектерди ушул айланадагы үй ээлеринин балдарынын балдарына окшоштурду. Ичи сыйрылды… Көптөн бери айылга келбегенине жүрөгү сыздады. Айылды унутуп баратканы кейитти.

Бир саамга эки жагын каранып, түз эле айылдын башындагы мүрзөлөр тарапка жөнөдү. Балдар аны таңгалып караган бойдон туруп калышты…

Атасы менен апасынын мүрзөсүнө келип, куран окуганды билбесе да алаканын жайды. Бирок эмне деп айтышты билбеди. Алакан жайгандан кийин эмне деп куран багыштоону ойлонду.

«Чымчык сайрап сага келип ыраактан
булак көзү токтоп калбай шыр аккан…
тегерегиң биз курчабай курчасын
турпагыңдан өскөн гүл, чөп, шыбактар.

Жамгыр төксө төксүн жашын ар жылда
жаш төкпөйлү арбагыңдын алдында.
Бейиттерди бейубакта аралап
шамал боздоп турсун ушул айдыңда». 

Көзүнө апасынын мүрзөсүнө жазылган ушул ыр урунду. Ооз учуна келген сөздү күбүрөнүп, ордунан турду. Мүрзөнүн ташындагы ырды окуп күбүрөндүбү же куран багыштамыш эттиби, айтор мүрзөгө келгендеги адамдарга окшоп ээрдин кыбыратты. Каада ушул деди.

Кыштак жакка жөнөдү. Эң улуу агасынын үйү турган тушка келип, кайрылар-кайрылбасын билбеди. Бир саамга калдактай түштү, карбаластап калды. Кимисиникине биринчи киришти буга чейин ойлонбой келгени үчүн шаштысы кетти. «Улуусу эмеспи, кире кетейин» деп имирчиктеп барып, кайра көчө өйдө түз кетти. Ортончу агасыныкына бурулду. «Атам,апамдын сөөгү чыккан үйгө биринчи кирейинчи» дегени болчу бул. Башына ушул ой келгенде жеңилдей түштү. Аны көргөн агасынын балдары алдынан жабалактап чуркап чыгышты. Бойсунуп калышыптыр улуулары, жөөлөшүп калышыптыр. «Оо, үйлөнө тургандай болуп калыпсың» деди үнү корсулдап угулганы – Ислам экенин таанып. Ал кенедей тоголок бала боло турган эле го кечээ. Убакыттын ылдамдыгын пенде баласына ушундайдайда туят бейм…

– Эмне менен келдиң? – деди агасы Сампу.

– Автобус менен эле.

– Автобус мынча кеч келчү эмес эле го, – деди бержактан жеңеси.

– А мен… – Эмне дээрин билбей калып, – Атам-апамдын мүрзөсүнө биринчи баргам, – деп айтып алды. Анысы тигилерге олдоксон угулгансыды…

«Муну кайдан айта койдум» деди ичинен. Бир чыны чай ичип эле улуу агасыныкына тартты. Аныкында да көпкө кармалбады. Чыгаары менен кыштактын төмөн жагындагы саз жакка жөнөдү. Саз-токой, эски тегирмендин айланасы анын балалыгы өткөн жер. Ал он жашына чейин кең саздын боюндагы эски тегирмендин айланасындагы дүйнөгө суктанып чоңойгон. Ал башкаларга окшоп бала бакчага барып көргөн жан эмес. Ага ушул жер бала бакчадан артык шумдук дүйнө эле да. Бардык балалык кыялы, балалык оюн-зоогу ушул жерде өттү. Козу-улак кайтарчу, музоо аркандачу. Тегирмен дөңсөө жерде боло турган эле, ал азыр жайдак жерге келди. Тегирмендин орду кайда экени аны көпкө карайлатты. Көккө учуп кеткендей орду-түбү жок. Тегирмен эмес, тегирмендин парасына суу кулап кирчү ноолор менен чоң арык кайда житкенине акылы айраң болду.

Тегеректе тегирмендин жыгач-ташынан калган чириндилер да көзүнө чалдыкпады. Таштарычы… тегирмендин таштары кайда калган?.. Баары житип кеткендей көрүндү, сыйпалап кеткендей. Айланадан тааныш нерселердин баары ушунча өзгөргөнүнө өзөгү өрттөнүп турду. Ордунда селейип каткан неменин жүрөгү да опкоолжуп, өңгүрөп ыйлап ийчүдөй ичи сыйрылды. Көзү жашылданды. Көзүн жаш эмес, туман каптагандай айланасы көрүнбөй житти. Айланада көзүнө тааныш токой, суу, жарлардан өйдө ушунча өзгөргөнбү?! Бала кездеги жылгаяк тепчүү бийик дөңсөлөргө не болгон? Улактар менен кошо секирип, кошо кулаган майда-майда жарлардын орду-түбү калбаптыр. Жадагалса үй боюндай бийик жарлар азыр өзүнүн белкурчоосунан ашаар эместей. Береги чычырканактын токою да кибиреп, тээ илгеркидей дүпүйгөн көрүнүшүнөн ажырап калыптыр.

«Же биз кичик кезде баары бийик, баары чоң көрүнчү беле» деп күбүрөндү. Токой ага картайган адамдардын кибиреп, кичирейип калгандагысын элестетти. Арасы коюу боло турган эле, токой арасы аңырайып-аңырайып суюлуп калганын элдин жырткычтыгынан көрдү. Кыштактын эли отунга деп ушунча коюу токойду араалаганга кантип колу барган деп ойлоп, токойду жээктеди. Жок, араанын тиши тийбептир, токойду өрт чалыптыр. Чычырканактын түптөрү капкара болуп турганын көрүп, токойду качан өрт каптаганына зээни кейиди. Бир кездеги коюу токойдун токой дечү түрү жок: жапырайган жапырайган, кибиреген сөксөөлдөрдөй көрүндү. Токойду го өрт чалыптыр, өрт тилсиз жоо, айла жок дегенсиди өзүнчө. Эми анын береги тегирмен жактагы бир кездеги көзүнө сүрдүү көрүнчү жарлардын кыры эмне мынча урап, эмне мынча жер менен жер болуп чөгүп кеткенине эси эңгиреди.

Бир кезде саздактуу жер эле, азыр кең саз да саздай болбой кургап баратканын көрдү. Муну токойдун өртүнөн улам кең саз кургакка айланып калгандыр деп боолгоду. Илгеркидей чиркейлери дыңылдап турса эмне азыр. Бу жердин чиркейлерине болгон сагынычы козголду эми. Балачагында көңүлүн калтырган көгөөндөр менен чиркейлер азыр аны тегеректеп учуп, дыңылдап турса кана!

Кай жагына көз чаптырбасын, баарыле баягысы баягысындай эмес бул жер – бир туруп чоочун жер сыяктанды. Бирок антейин десе тээтигинде чокусу көрүнгөн элдин ыйык мазары Чеч-Дөбө ордунда былк этпей туру. Балачагында куушуп ойночу майда-майда дөңсөлүү саздак жерди бульдозер түзөп салгансып, азыр жөн гана жайык талаага айланып калган көрүнүшкө жүрөгү сыздады. Башкасы башка, тегирмендин ноосуна суу кулатчу чоң арыктын нугун таппай ордунда тегеренип, аңырайып турду.

Арык жээгинде эртеден-кечке ылайдан шаар куруп, ылайдан төрт тарабы терезелүү үйлөрдү курган балалык кезине кусалыгы артты. Ушул жерде сууга түшүп чабак урган, суудан чыгып күнгө кактанып жаткан кум аралаш баткактуу жер кайда калганын издеди. Азыр ал балачагы кайрылып келбесин билсе да, бирок балачагы өткөн жерге кайрылып келип көргөнү ушул беле?! Ал бу жерге качанкы өткөн учурлар эсинен кетпеген кусалык менен келди эле да. Ага күн таажысы көтөрүлүп, анын кайра кызарып батканын тиктеп – бу жашоонун сулуулугун, кереметин тааныган жер ушул. Балалыктын бешиги саналган ыйык жер аны ушинетип тосуп алды.

Негедир анын башкаларга окшогон өз айлына болгон кусалыгы деле жок. Эски тегирмен менен чиркейлүү саз, береги токой жээгиндеги сарай гана анын жүрөгүндөгү кусалыктын мөөрүндөй сезилет. Табигаттын заң-закүнү чейрек кылымда өзгөрткөн балачагы өткөн кереметтүү жер менен ал ушинтип көрүшмөк экен акыры. Алардын үйү ал кезде өзүнчө бир зоопарк сыяктуу эле. Элдин баары тегирмендин кезегин күтүп, элдин аягы үзүлчү эмес бу жерден. Атасы карышкыр, бүркүт кармаган киши болчу. Тегирменге келгендер үйлөрүнөн коён ала келип бүркүттүн алдына ыргытып, бүркүттүн чеңгелиндеги тыбырчылаган коёнду жабалактап тиктешер эле. Бирок атасы майда балдарды жолотчу эмес. Бүркүт кимдин коёнун кандай тытмалап, кантип көзүн ойгонун тегирменге келгендердин оозунан гана укчу. Үйдө анда карышкыр, бүркүт гана эмес, түлкүлөр да багылчу. Үндүк, тоокту айтпа, атасы анда көгүчкөн, кыргоолдордон өйдө кармачу. Коёндору андан бетер жер жайнап жүрчү. Тегирмендин астындагы ноонун жанында болсо балыктар багылып, балдар тегирменден уучтап чыккан талканды балыктарга салып берип эртеден-кечке таңыркап тиктешер эле.

Көз алдына тартылган балачагы ушинтип эске келип, айланага көз чаптырып турганда жанынан куюн пайда болду. Куюн дадил эски тегирмендин орду турган жер астынан бургуйланып жогору көтөрүлдү. Ал кудум эле тегирмендин ташындай бир орунда тегеренип, улам ылдамдап, улам ылдамдап, чоң куюнга айланды. Чоң куюн эми анык тегирмендин ташын көз алдыга тартты. Тегирмендин ташы да чоң суу күрүлдөп келген учурда парасына урунган суудан так ушинтип күүлөнүп-күүлөнүп баштачу. Суу катуу келген учурда атасы шашкалактап, ноого келчү суунун дамбасын жапчу. Антпесе суу күүсү күчөнгөндө тегирмендин таштарынын арасынан сапырылган улпактар чаңдап-чаңдап, күргүштөп-күргүштөп, куюлуп-куюлуп түшүп, акшагы арбын, улпагы аз алынып калчу. Ошонун баары күнү бүгүнкүдөй көз алдына тартылды.

Куюндун ылдамдыгы улам күчөгөн сайын куюндан сапырылган чаң так эле тегирмендин ташы күүлөнгөндөгү сапырылган улпактын чаңына окшошуп, ал эмес бүт айлана тегирмендин талканы жыттанып кетти. Ооба, чаң эмес, талкандын жыты урду мурдуна, көзүнө улпагы чачырады. Токчулуктун жыты келди, жышааны каптады. Балачагында куюнду алыстан көрсө үйгө этек-жеңи желпилдеп качаар эле. Куюндан катуу коркчу. Куюн ага коркунучтуу сезилчү. Бу дүйнөдө ага куюн, чагылган анан жезкемпирден өткөн үрөй учурар коркунуч жок эле. Чоң энеси ага куюндун ортосунда калган киши акылынан ажырап каларын көп какшачу. Агер куюн келгенде ага бычак ыргытса, куюндан кан чыгат деп да укчу. «Куюндан кан чыкса, анда анын жаны барбы, эне?» «Жаны болгон үчүн кыймылдайт да» дечү карт энеси. «Жаны болгон үчүн удургуйт да куюн» дечү. «Куюндун жаны бар үчүн адамды эсинен ажыратып таштайт» – деп коркутчу. Энеси ошондо мастан кемпирге окшоп кетчү. Энеси айткан уламыштар менен жомоктор кээде ага коркунучтуу болчу. Ал ошонүчүн куюндан катуу коркчу. Азыр болсо өмүрүндө биринчи жолу куюнду жакындан тиктеп, куюндун жанында турду. Корккон жок. Куюндун ортосунда туруп акылдан ажырасам ажырап калайын деди ичинен. Ансыз да баятан эски тегирмендин ордун тиктеп, акылынан ажырап турбайбы. Акылдан ажыраган адам гана ушул турган өзүнүн кейпине опокшош болор… «Мен эмес азыр бүтүндөй адам баласы акылынан ажырап калбадыбы» деп күбүрөндү. Акыл-эстен ажыраган адам баласынын баарын азыркы абалда турган өзүнө окшоштурду. Өз башын өзү муштагылады…

Бир кезде «кимдин баласысың» дечүлөргө «Рикаштын баласымын» дечү. «Кайсы Рикаш? Тегирменчиби?» – дегендерге «ооба, тегирменчинин баласымын» дечү жер карап. Жер карап, ичинен «тегирменчи Рикаштын баласымын» дегенден негедир намыстанчу. Эмнеге намыстанчу, түшүнбөйт. Ал азыр ошол балалык куру намысы үчүн өз башын муштап отурбайбы… «Тегирменчинин баласымын» деген ага уяттай сезилчү. Атасы негедир башка кесиптин ээси болбой, тегирменчи болуп калганы уяттай туюлчу. «Мен чоңойсом космонавт болом» дечү. Азыр эми атасынын башына космонавт болдубу?.. Акылы болгондо – атасынын көкүрөк күчүгү катары ушул жерди гүлдөтүп, жайнатпайт беле; атасынын тегирменин ээлеп, атасынын жан-жаныбарды сүйгөн табышкерлиги менен мүнүшкөрлүгүн үйрөнүп калса эмне. Космоско бышырып коюппу ага…

Анын өсүп-өнөөр жери ушул болбойт беле дүйнөгө. А балким береги токойду да өрт чалмак эместир ошондо. Бу жерде токойго көз салган адам болгондо, токойдун көрүнүшү азыркы акыбалга кептелет беле?.. А мүмкүн жер жайнаган токой өрттөнбөгөндө кең саз да сакталып турмактыр. «Ээ, кыямат» – деп үшкүрдү. Азыр минтип саз түгүл саздын жыты да жоголуптур. Кең саз кургап калбаганда азыр төбөсүнөн чиркейлер дыңылдап айланып турар беле. Тегирменге ээлик кылып калууга агалары да, өзү да неге жараган эмес? Бир айыл эмес, төрт-беш айылдын эли келип ушул жердеги тегирменден арпа-буудайын тарттырып, атасы менен апасына алкыштарын жаадырчу эле го. Бала күнүнөн бери тегирмендин иши сооп иш экенин эл оозунан угуп жүрүп өстү эле, бирок эмнеге ошол сооп ишти улап кетпеди? Атасынын өнөрү менен мурасын баладан балага сактап калуу эмнеге колунан келбеди?! Ушул жерде атасынан калган тегирменге ээлик кылып калганда, арбак ыраазы болчу иш жасайт эле го. Ал азыр ата мурасынан кол үзгөн өз башын өзү ошонүчүн муштагылады. Эсинен ажырагандай нес болуп да катты.

Чимирилген куюн удургуган боюнча тээ бир кездеги кең сазды чаңдаткан бойдон алыстай берди. Алыстап кеткен куюнду тиктеп, куюндан корккон тээ бала кезин кайра эстеди. Этек-жеңи үзүлчүдөй желпилдеп куюндан качкан бала артына кылчайганда – удургуган куюн кең сазга жетип үзүлүп, өзүнөн өзү жок болуп кетчү анда. Азыр чаңызгытып баратат… Кең саз анда кутургандай чимирилген куюнду соруп алгандай жок кылчу. Күүлөнүп алган куюн сазга жеткенде үзүлгөнүн көргөн баланын демиккени басылып, коркунуч алыстап кеткенден кийин гана «дүк-дүк» соккон жүрөгү өз жайына келчү. Куюн кээде сазга сорулуп жок болуп кетерин билгендей, жар бойлоп, жар үстү менен кеткен боз талааны аралап, шыбактуу жайыкты чаңдатып барып кайдадыр житип кетчү. Азыр болсо кургап-соолуган кең саздын айдыңында удургуп бараткан куюндан көзүн албай, ичи сыйрылып турганы.

Ал кечээ шаардан келерде нидерландыктардын алмуздактан берки жел тегирмендери ушул күнгө чейин сакталып калганын интернеттен чукулап отуруп таап алган. Ал эмес Нидерландыдагы жел тегирмендер ЮНЕСКО тарабынан жыйырманчы кылымдагы адамзаттын бүткүл дүйнөлүк мурасы катары сакталып калганын окуган үчүн атасынан калган эски тегирменге көз салганы келген бүгүн… Келгендегиси мына, көргөндөгүсү мына…

Куюн кайдадыр житип кеттиби, тарап кеттиби, көзгө илээшпей калды. Эски тегирмен туштагы урчук жарга жөлөнүп отуруп, көзү илинип кетиптир. Көз ачып жумганчалык убакытка эле уктап кеткен экен: түшүнө атасы менен апасы кирди. Экөө тең жапжаш. Апасы ага балга машталып, каймакка көөлөнгөн талканды тоголок-тоголок кылып колуна карматып атыптыр. Даамы таттуу, тамшанып жеди. Даамы кадимки бала кезинде жечү каймакка көөлөнгөн талкандын өзү. Тегирмендин алдына болсо жонуна чоң-чоң каптагы буудайлар жүктөлгөн өгүз келип токтоду. Мурдуна чүлүк тагылган өгүздүн күш-күш этип бышылдаганы поездин үнүнөн эч айырмаланбады. Атасы болсо тегирмендин ташын чегип отурган экен, балка-чоттун чак-чук-чак-чук-чак эткен үнү поезд жолдогу күш-күш-күш-күш-күш-күш үндөр менен кош-жарыш угулду. Түшүндөгү үндөр бири-бирине куюлушуп, аралашып угулганын ажырата албады. Бала поезд дегенди өмүрүндө көргөн эмес, кинодон көргөн. А кантип тегирмендин алдына келип калды?.. Поездин күшүлдөгөн дабышына кызыгып сыртка чуркап чыкты. Быш-быш этип дем алган поезд эмес, өгүз да эмес, төө экен көрсө. Чоң кап буудай-арпаларды Терек-Суу, Кара-Суу, Кара-Булуң, Дыйкан, Жаңы-Күч айылынан келчүлөрдүн кээси ушинтип төөгө же чүлүктөнгөн өгүзгө жүктөп келишер эле, ошол алыстан келгендер экен деди бала. Ары жакта болсо атасы тегирмендин таштарын чегип отурат. Балканын чак-чук-чак-чук жаңырган үнүбү же поездин үнүбү, – үндөр бири-бирине жуурулушуп угулду. Маңдай терин сыдырып, бир саамга дем алганы ташка көчүк баскан атасынын жанына келди.

– Ата…

– Ов.

– Бул таштарды кантип көтөрүп келгенсиз? Кайдан апкелгенсиз?

– Кара дөө көтөрүп келген, адамдар мындай ташты көтөрө албайт. Адамдар жаргылчактын ташын эле көтөрөт, тегирмендикин көтөрө албайт.

– Анда эмне биздин тегирмендин таштарын уурдап кетишкен?

– Уурдап кетишпей эле… мына чегип отурбаймынбы…

– Жо-ок ата, уурдап кетишиптир. Тегирмендин ордунда эч нерсе калбаптыр. Саз да соолуп калыптыр. Токой өрттөнүптүр, бийик жарлар менин боюмдай болуп турат… Жүрүңүз, көрсөңүз… – Бала муну чебелектеп айтты.

– Кайдагы шумдукту айтпачы… – деген атасы болсо эч камаарабады.

– Ата, биздин тегирменге поезд келди, жүрсөңүз…

Түшүнүн ушул жерине келгенде ойгонуп кетти. Ойгонуп кеткенине ушунчалык бушайман болду. Куш уйкусу үзүлүп кетпегенде – тээ качанкы атасы менен апасынын мээримине канбайт беле. Атасы менен апасы таптакыр түшүнө кирбей калганына канча мезгил болду, – эсинде жок. Бир эле көз ирмем уйкуда атасын да, апасын да, өзүнүн те балалыгын да көргөн мындай түш дагы качан кирет? А мүмкүн таптакыр мындай түш кайра кирбестир… Адамдын өмүрүндө эң асыл баалуулук түш экенин аңдады азыр ал. Эстутумунан тээ качан эле өчүп жок болгон атасы менен апасына кезигишкен мындай түш ушул эски тегирмендин ордунан башка жерде кирет беле, кирбейт беле?..

Азыркы көргөн түшүндөгү атасы менен апасынын жандуу элеси кинонун үзүк-үзүк кадрындай жоголо баштады эле, көзүн кайра жумду. Көзүн чылк жумуп алса эле атасы менен апасынын мээримдүү жүздөрү эсинде сакталып калчудай: кирпигинен кирпигин ажыраткысы келбеди. Дагы уктап кетсем, түшүм уланып кетер деген дуңку сезимге алданды. Түшүндө көргөн элести самап, балачагым бир эле көз ирмемчелик убакытка кайрылып келсе деди. Бирок түшү уланышы кайда. Күрсүнүп, ордунан турду да, шалдайып кыштак жакка бет алды. Башын жерге салып, өзөгү сыздаган бойдон; эски тегирмендин айланасындагы кыйроону – не бир жаратылыштын күчүнөн, не бир адам колунан келген жосун экенине түшүнбөй, ичи эңшерилип жөнөй берди. Бир кезде ушул кыштактын эли эски тегирменге күнүгө каттачу, азыр эми эски тегирменге кимдин күнү түшсүн, заман жаңырды деген ой башын көтөрткөн жок.

Азыр эле түшүндөгү элестер көз алдында турду. Төө, өгүз, поезд… күш-күш-күш…чак-чук-чак-чук-чак үндөр кыштакка жакындаган сайын чаңызгыган куюндан бетер эсинен тарай баштады.

Октябрь-ноябрь. 2014-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *