АҢГЕМЕ

Алты кабат ак сарайдын жертөлөсүндө имараттын электр линияларын, газ түтүктөрүн, дагы башка техникалык жактарын тейлеген жумушчулардын иш бөлмөлөрү бар. Алардын катарындагы чакан, жупуну бир бөлмө мага тиешелүү. Иштеген жерим.

Биринчи класста окуган бир азамат:

-Үй-бүлөбүздө атам, агам, иним жана мен эркекпиз, бир эле кыз бар, ал — апам, – деп дил баян жазган экен.

Иштеген жерим жертөлөдө да, коңшуларым бүт эле эркектер, “кыз” — мен элемин. Өткөн дүйшөнбү күнү имаратты жана анын айлана тегерегин көзөмөлдөгөн жетекчибиз жумушчулар үчүн салтанаттуу жыйын өткөргөн. Арабыздан экөөбүзгө “Мактоо баракчасын” тапшырып, 400 сомду конвертке салып кошо берген. Сыйлыктын биринчисине Борис Петрович татыктуу болгон. Ал киши биз иштеген имараттын айланасындагы тал-теректерди сугарып, жалбырактарынан бери суу чачып “жуундуруп” да туруучу иштерман багбаныбыз. Бош жаткан жерлерге фиалка сыяктуу кооз гүлдөрдү тизилте тигип, айлананы кулпуртуп койгон.

Багбандан кийинки сыйлык мага буйруптур. Шыпырсам чаң-чуңу кайра оозу-мурдума кирген, терезесиз, таза аба жетпеген, кенен аянтты ээлеген жертөлөнү мизилдетип жууп, тазалап турган эмгегимди баалашкандай.

Дүйшөнбү, “Мактоо баракчасы”, 400 сом…

Эртеси эле… Дүйнөмү, дүнүйөмү козгогон Дүйшөнбүгө айланды!..

* * *

Өйдө жакта, бийикте иштегендер төмөн жакта иштегендерди басынтып, басып турушабы? Же катуу буюм кармагандар жумшак буюм кармагандарга жакшылыкты ыраа көрүшпөйбү? Ошондой окшойт. Болбосо, эмнеге минтип кайра-кайра үшкүрүнүп калат элем. Дүйнөмү, дүнүйөмү козгогон Дүйшөнбү деп…

Ал экөөбүздүн шыпылдата шыпырган шыпыргыларыбыз деле барпайып окшош. Каалга-дубалдарды жууп-сүрткөн чүпөрөгүбүз деле окшош, бозоргон бөз кездемеден.

Биздеги айырмачылык: ал — келин, жогорку кызматтагылар олтурган, жогору жактагы 5-кабатты жууп, тазалайт. Кийимдерин алмаштырган бөлмөсү да ошол жакта, катуу, темирден жасалган эки чакасы бар.

Мен да келин, өзүмдөй, эң төмөнкү кызматтагылар олтурган жерде иштейм; жарактуу жана жараксыз жыгач эмеректер сакталган, “токтоткула” дегениме болбой, чычкандар укумдап-тукумдап жашаган жертөлөнү — 0-кабатты жууп, тазалайм, урунган чакам бирөө эле, аным да жумшак, каучук чака.

Кесиптешим экөөбүз бош убак болсо божурашып сүйлөшүп, түштө чогуу шам-шум этип бири-бирибизге көнүп алганбыз. Дүйшөнбүдөн кийин анын көзүнө эмнегедир “мокочодой” көрүнүп калдым. Жаныма жакын басып келмек түгүл, мен жанына басып барсам караанымды көргүсү келбейт…

Ага эмне болду? Алакандай “Мактоо баракчасы” жана 400 сомдук (купюр) кагаздар биздин жылуу мамилебизге чок таштагандай ушунчалык күчтүүбү? Барктуубу? Баалуубу? Бирдемкеси бар го… Ак сарайдын эң этегинде иштеп, үстүнө кийим деп эптеп бирдемкелерди кийип алган ушу мага көрө албастык болсо… Анда, атагы таш жарган таланттарга ырахмат, баардыгына чыдаган! Суктандырган сулууларга дагы ырахмат…

Ыраматылык, чоң энемдин бир жолку айткан сөзүн нечен жыл өткөндөн кийин эсиме түшүрдүм. Кыраакы жан, азыркы абалга тушугушумду сезгенсип, айтаар сөзүн алдын ала ошонделе айтып койсо керек.  Мындай деген:

— Турмушуңда күтүлбөгөн өзгөрүү болсо, жакшылык жаркылдап жанса, ошондо сенин тегерегиңдегилер ортолоруна чагылган түшкөндөй “чарт” экиге бөлүнөт. Сага чын пейилинен боорун төшөгөндөр жакшылыгыңа кубанып башташат. Ал эми арамзалары касташууга өтөт…

Дүйшөнбүдөн кийин ал келиндин колго кармалбаган “Каралоо баракчаларына” ээ боло баштадым. Кулагыма гана тынымсыз “илине” берди. “Мактоо баракчасы” бирөө эле болсо, “Каралоо баракчасы” көп болот экен, дегеле түгөнчүдөй эмес, санаганга жетишпейм. Зергер, уста акелердин бирине барып, “чопоңузданбы же коргошунуңузданбы, жумшартып туруп эч нерсе укпай тургандай кылып эки кулагыма куюп туруп катырып салыңызчы!” деп сурангым келет…

Миз – кан көргөнчө, жан алганча жалманып кылыч менен канжарда эле болот деп жүрүптүрмүн (дагы бир буюмда миз бар, бирок аны булардын катарына кошууну каалабайм, тамак жасаганыбызга керек). Жалаңдап жалмап салчу, жүрөгүңдү тилип салчу миз – кээ бир адам баласынын дилинде жаралып анан оозундагы тилинин учунда туруп калат экен!

* * *

… Акыры буюктумбу? Буулуктумбу…

Аңгырап өтө кенен, шыпырып бүткөнчө эле шалдырап, шайым оойт деп наалып жүргөн жертөлөмдөн бут коёрго жер таппай калдым. Аткарчу ишимди да мурункудай аткаргым келбейт же үйүмө кетким келбейт. Жер үстүнө эки бутум батпай калды. Эмне кылып ийсем? Жарылгым келет, жарыла албайм. Майда чаңдарга аралашып чаңызгып кетсемби? Ал да болбойт. Шыпыргым менен жерди чапкылап, каучук чакам менен асманды ургулагым келет. Мурда “асманда Кудай бар, үстүбүздөн бизди карап турат” деп өйдө карап таазим кылчу элем, “бизди көтөрүп турат” деп жерге ийилип ызаат кылчумун. Эми болсо бирин чапкылап, бирин ургулагым келип турат. Жертөлөдө баягыл мен эмес эле Желмогуз иштеп жүргөндөй. Акыры, акыры… Бир колума шыпыргымды, бир колума чакамды көтөрүп коридорго чыктым.

Катар жайгашкан эшик, каалгалардын баары жабык турат. Кээ бир коңшулаштарым сыртынан жаап кеткен. Кээ бири ичинде эле олтургандай. Эч ким көрүнбөйт. Жымырайып жымжырт. Күүлөп туруп шыпыргымды жерге чаптым, жерди уруп, чапкылагым келгендегиси. Чакамды кош колдоп туруп болгон күчүм менен өйдө ыргыттым, асманды ургулагым келгендегиси. Чакам потолокко бир тийип, кайра башыма кийилип калды. Башымдан чыгарып, чирене маңдайды көздөй ыргыттым. Электр линияларынын чебери, Кемел мырзанын тыпыйган бөлмөсүн “кайтарган” эшигине “карс” этип тийип, эки-үчкө бөлүнө сынып түштү.

Ызаам, бугум ашынса да акыл-эсим ордунда эле. Бирок тикемден-тик турганым менен бутум кыймылын токтотту. Карегим “токмок жеген эшикте”. Кемел мырза сактангансып, кооптоно эшигин кичине ачып, жылчыктан көзүн жүлжүйтө аңдыды.  Анан кененирээк ачып, ак чачтуу башын чыгарды. Мени көрдү! Өңү купкуу болуп жаныма чуркап келди. Дароо эле чачтарымды оңдоп, артка сылагылады. Чака башыма кийилип калып, кайра аны алып ыргытканымда саксайып калсам керек.

— Ким ал?! Кайда качты? Иш убагында, коомдук жайга келип сага кол салгандай кандай акысы бар экен!?! Кийими кандай? Бол айт! Азыр артынан жетип барам! – ызырына жеңдерин түрүп, шымынын багелектерин бүктөп коюп калчылдап мага карады.

— Тынч эле. Эч ким тийген жок, — деп айтайын десем, тамагым буулгансып, тилим күрмөөгө келбей калыптыр. Кайра ага таң калгансып, жалдырап карап туруп бердим.

Аңгыча эле дагы бир эшик ачылып Алан (плотник) кычкач-балкаларын кармаган бойдон жүгүрө жетип келди.

— Комендант тилдедиби? Ага капа болбо! Ачуусу бат болгону менен алтын киши. Улуу экенибизге карабай Кемелди деле, мени деле тилдей берет. Сөгүп да ийет. Кайра кечирим сурайт. – деп ал да эч нерсени түшүнбөй эле мени соорото баштады.

Жеми тамагында турган жөжөдөй үрпөйүп ага да эч нерсе айта алганым жок. Кемел мырза болсо ким бирөөгө ачууланып, мушташууга даярданып аткансып шымаланганын токтото элек. Имараттагы телефондорду оңдогон эки жаш жигит да заматта арабызда пайда болуп калышыптыр.

— Сүйгөнүңүз жөнүндө жаман информация уктуңузбу?

— Ии, эже эмне болду? – деп экөө да кейип-кепчигенин билгизишип, жарыша суроо берип киришти.

Эң биринчи жаныма келген Кемел мырза аларга бакылдап баштады.

— Сүйүү, информация дейсиңер! Эси-дартыңар башкада… Бир киши биздин кызыбызга кол салды! Чака менен башка урган экен, кудай жалгап, кызыбызга тийбей менин тигил эшигиме тийди. Радиону өчүрүп чыкканымча эле ың-жыңы жок! Качып жоголуптур каракчы! Каракчыны кармап калгандабы?! Кежигесинен карыштыра мыкчып туруп жанчмакмын! Тим элеби! Тим эле… Силер дагы эшигиңерди бекитип олтуруп албай, жертөлөдө өз жүрөбү, бөтөн жүрөбү деп байкоо салып турбайсыңарбы!

“Мага кол салган бир киши” жөнүндө Кемел мырзанын жоромолу жүрөгүмдү жумшартып, жүзүмө жылмаюу тартуулап, бутумду иштетип, тилимди күрмөөгө келтирип койду. Анан эмне! Мен үчүн укмуштуудай күйүп-бышып, бир “каракчыга” ачууланып атса…

— Буушайман болбоңуздар. Эч ким кол салган жок. Бара бериңиздер. Өзүмчө эле… – деп мени тегеректеп алган төртөөнү акырын тегерете бир карап коюп, жерде жаткан шыпыргымды алдым да, ортолорунан жара өтүп барып чакамдын сыныктарын колума чогултуп, бөлмөмө тыпылдай басып кирип кеттим. Алар турган-турган жеринде катып калгансып, мени ээрчий караган бойдон калып калышты…

* * *

Буулукканым, буюкканым чыгып, дубалда жөлөнүп турам. Мага нааразы болгонсуган шыпыргым башын үч бурчтуу кылып бөлмөмдүн улагасында жатат. Анын жанында каучук чакамдын сыныктары. Сыныктардан муңдуу бир добуш сызылып чыгып, мага шыбырап сүйлөп жаткансыйт:

— Үндөбөстөн эмнеге мынча тополоң салдың? Мени аярлай кармап, колуңдан түшүрчү эмес элең го! Эсиңдедир, ”жансыз буюмду да капалантпашыбыз керек”, – деп ким бирөөгө айтканыңда жаныңда, оң колуңда эмес белем! Укканымда, мага куюлган ичимдеги муздак суу да жылыгандай болгон. Күтпөгөн жерден ыргыттың мени. Кулагым үзүлдү, жүлүнүм талкаланды… Сени мынчалык ачууга салган эмне окуя болду экен? Салмактуулук, токтоолук менен чыдап койсоң болмок беле? Сен эми мени — бир чакаңды эстеп алып да дайыма кыйнала бересиң, кыйнала бересиң. Бул мүнөз сенин жаның менен кошо бүткөндүктөн түбөлүккө кыйналарыңды сезип турам. Эми мен сага жардам бере албайм, мүмкүн да эмес. Мен талкаланып жок болуп эле кетпей, сага жарат болуп жабышып каларыма гана өкүнөм. Бүгүндөн баштап жоготкондоруңдун, кайта кайрый албагандарыңдын катарына мен да кошулдум! Бир каучук чакаң кошулду…

Сен мени атайын талкалаган жоксуң… Ошон үчүн айыптабайм… Кайра сени аяп турам… Айла жок… Кош…

27-апрель. 2006-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *