АҢГЕМЕ

Бу корто кишини ырчы экен деп ким ойлоптур. Кудай акы, эч убакта менин оюма келмек эмес. Атургай адеп укканымда ишенгеним жок. Аны ырчы дештин өзү шылдыңдай сезилди.

Айыл дүрбөп калды ырчы келиптир деп. Кечинде ырдайт экен. Эсепчи Жумабайдыкына токтоптур. Алыс, алыс туугандары имиш аялынын.

Бул чакан айылдын жалгыз дүкөнүн бири кетсе, бири келип, беш-алты киши сагаалап турганы турган. Булардын бүгүнкү чоң жаңылыгы ошо ырчы болду.

— Көрдүм, корто неме экен көзгө жугуму жок.
— Жыргаган киши ырчы болмок беле. “Акылы жок уйкучу, ары жок ырчы” дейт.
Жалаң дүкөн сагалашкандар эмес, дегеле айыл ичи бүгүн уу-дуу. Арак алдыра албай бирин бири кажышып тургандарга жакшы болду шылтоо табылып.
— Тактай тилген төрт акмак,
Эртеден кечке тартактап,
Оңой эмес мал тапмак,- десе бири:
— Кызыл өңгөч ой, кекиртек,
Кыйла жерге ой, секиртет,- дейт башкасы алкымын чертип.
Кечкурун эл клубга келе баштады. Балдар көп, атчандар бар, эки араба менен келген айылдын четки көчөсүндөгүлөр. Жыйынга десе мынча эл чогулмак эмес.
Клубдун ичи опур-топур болуп, орун жетпегендер тикесинен туруп калышты. Ырчы бир кезде ортого чыкты комузун бооруна кысып. Күбүр-шыбыр күчөй баштады.
— Кызыл өңгөч ой, кекиртек,
Кыйла жерге ой, секиртет,- дейт башына кыры жулунган шапке кийген мурутчан киши.
— Оңой эмес мал тапмак…
— Оңой бекен жан бакмак…
Жүрө бербей шалпактап…
— Баракелде, анда сен,- деди бирөө жамактап тургандарды сүрөй.
— Басып кетпей жалжактап…
— Ха-ха-ха…Хе-хе-хе…
— Карууң барда кетмен чап,
Чабалбасаң кетменди
Кеп-сөз айтып жаның бак…
-И, дагы, баракелде…

Кортого карата андан-мындан сөздөр айтыла берди. Далайын ал корто угуп аткандай, бирок укмаксанга салып койду”. Бул жүргөн бир бечера болсо керек. Үйрөнүп, жаттап алган беш-алты ыры бар го” деп ойлодум.

Бир кезде корто оңдонуп отурду комдоно. Мага ушу тапта анын канаты бар сыяктуу туюлуп кетти. Учуп кетчүдөй көрүндү ал. Эки колу эки канат болуп, көз мелжиген бийиктикти көздөй зымырап кетчүдөй элес калтырды. Мындай кыймылды ырчыдан бөлөк эч бир жан жасай албачудай көрүндү. Анан… анан ал чын эле шуу коюп учуп жөнөдү. Көз жетпес тарапта сабалап баратты. Сабалап, көздөн кайым болуп баратты. Канат чалгындары жайылып, жылаңач төшү менен аба жиреп баратат! Жылаңач төш абаны канжардай тилип, чалгындарынан чыккан от учкундары жалт-жулт чагылып, анан кең асманды даулдаган кызыл жалын каптап кеткендей болду ороп-чулгап.

Күбүр-шыбыр тып басылды. Ободо ырчынын гана үнү сабалайт. Ал үн бирде нөшөрлөнүп бет келгенин тытып атса, бирде чапма жоргодой чайпала калат. Бир кезде ошол үн үйүрүнөн адашып, жырткычтар тегеректеп, айласы куругандан эки көзүн жалдыратып солуктап турган аксак куланды элестетет. Аксак кулан көзүн жалдыраткандан бөлөк эч айбат кылалбайт, кулагын кыймылдатканга кубаты жок, ээндикте даң салып, куштай сызып көнгөн күлүк кулан ушул кезде тула боюн көтөрүп, кадам шилтөөгө алы келбеди. Ал тизелеп баратат. Эки колу менен чөгөлөп, көкүрөгү жер сүздү. Эми кыска мойну созулуп барып башы шылк эте түшөт. Анан көзү сүзүлүп, чаңга аралашат.

Аны мындай абалга жеткирбей эле тегеректеп турган жырткычтар тытып кетишер. Жарадар куландын көзү чарасынан чыгып баратты. Карышкырлар туш тараптан качырып келип калышты. Тиштери шак-шак! Карышкырлар куландын алкымына асылышат эми. Ар кимиси биринчи жетип келип, тумшугун жыпжылуу канга малгысы келет…

Ыр токтоп калды. Аксак кулан, карышкырлар, төбөдө айланган жорулар да дайынсыз жоголду. Дүйнө тымып, мелтирей түштү. Турмуш токтолуп, мезгил убакытын кага албай жалдырайт. Жардашып турган эл эмес, айлана бүтүндөй уюп калгандай болду. Кыймыл жасамак түгүл, дем алган адам болгон жок. Ушунетип, боштук айыл үстүндө бир топко салаңдап турду.

Ырчы тамагын кырды жөтөлүп. Ушул жөтөл жардашып тургандарды тирилтип алды кыймыл берип. Көмкөрүлүп турган боштук сыйрылып, тирүүлүк оту бул айылда кайрадан даулдады.
— Пай-пай, сөзү ширин эмес бекен…
— Бир мүдүрүлүп койбойт экен…
— Бали! Кудай бир жаратып койгон жан турбайбы…
— А, тоба-а кылдым, мындайды ким көрүптүр…
— Жаша! Жашаң!

Жардашкандар ырчынын алдында кулдук уруп турушту таңдана. Мындан чай кайнамча мурдагы шылдыңкор сөздөрүн жутуп коюшкандай унутуп салышты.

— Ап-бали, өлбө, балам! — деди отургандардын арасынан бирөө алкап. Бардыгы ошоякты жалт карашты. Олбурлуу, агала-көгала сакалы көкүрөгүн жапкан абышка экен. Ал абышка анан алакан жайып:
— Жамандык көрбө! Өнөрүң өрүш тапсын, өмүрүң узун болсун, оомийин,- деп бата тартты бетине. Каскатар тургандар, отургандар жапырт бата беришти.

Ырчы кайрадан төгүп кирди сабалатып. Анын бу жолку ыры суу жөнүндө болду; суу менен өмүр экөөнүн жакындыгын, эгиздигин даңаза кылыбатты. Суусуз өмүрдүн кургактыгын, өмүрсүз суунун керкесиздигин ырдады. Бу узун сабак ырда жакшы менен жамандын кармашы, жамандын өз кезиндеги үстөмдүгү, анын колдоочулары жөнүндө айтылып келип, акыры акыйкаттын жеңиш даңазасы ааламды чарк айланып, өмүрдүн ырахаты баяндалды. Тэ, атамзамандагы Ырамандын ырчы уулунан баштап, нечен ырчыларды эскерип, алардын алдында өзүнүн чабалдыгын жашырбай, арданбай айтып өттү. Улууларды эскерип ырдап атты, ыры менен өкүттүн түтүнүн булатып ыйлап атты… Каскатар тургандар толкуп, ыргалып атышты. Көз жаштары онталаа, жүзталаа болуп ага берди.

Нөшөрлөгөн ырдын бүтөр чеги билинбейт, суунун аккан шоокуму алда кайда жаңырып, Асман менен Жер ортосунда даң салып барат.

Ырчы суу кудайы болуп туюлду тургандарга. Суу ошо кудайын ээрчип, артынан калбай этекетеп агып баратат. Тоолордон артылып, кылым жол басты, он сегиз миң ааламды сугарып баратты. Какыраган чөлдү кандырып, бопбоз талааны тирилтти. Ырчынын батасы тийип, жер көгөрдү.

Агын суу ырчы кудайын ээрчип, деңиз аралап, көз кайкыткан көк мухитти жиреп акты. Көз көргүс тарапта адашып, кайыктагылар өлүп-өлүп отуруп, өлгөндөн тирүү калган муштумдай жалгыз баланын суусунун кандырып, аман алып калды.

Ээн талаа, эрме чөлдө дүйнө кезип бараткан аялдын толгоосу күчөп, жаны көзүнө көрүнөт чаарала чымын болуп. Наристе түшпөй кыйнайт. Аялдын тили оозуна батпай кургап, көкүрөгүн канталата тырмап, бир тамчы сууга жетпей өлүп барат. Суудан кылк бир жутуп алып, анан өлүп кетсе бу жарыкчылыкка арманы болбос. Бир ууртам суу жутса наристе аман калар беле… Жер үстүндөгү адам тагдырын ушу бир ууртам суу чечип турганда, жер үстүнөн адам тукуму үзүлүп кала берерде агын суу ырчы кудайын ээрчип келип, өмүрүн улап кетпедиби. Ошондон улам суу адамдан, адам суудан кылайган сырын жашырбай калган экен. Адам сууну энесиндей ыйык тутуп калыптыр. Сууга акараат келтирбейт. Өмүрү келишпес душманын да: «Суунун кусуру урсун” деп каргабайт. Суу каргышы өтсө эгерим эки болбойт, жакшылык көрбөй калат экен. Жакшылыгынын баарын суу агызып кетип, кайра кайрып бербейт дешет. Каргап аткандын да тукуму кыска болуп, каргыш кайкып келип, өзүнө тийет имиш.

Ырчы суу даңкын айта берди. Өзү да суудай ыйык сезилип, суудай таптаза, тунук көрүндү. Тегерегиндегилерди суу сыяктуу өмүр менен сугарып аткансып туюлду. Ырчынын өмүр учкундары ыры менен ай-ааламга чачылды. Ай-ааламды шаңдантып, толкутуп жиберди. Ай-аалам ырчыга карыз болуп калды. Ал карыздан кутулууга эч качан мүмкүн эмес эле. Ал карыз өмүрдөн да алда канча кымбатка турган, наркын болжоого мүмкүн эмес болучу. Ырчы берешен, март экен!

Ал ошо түнү суу дастанын айтып бүтүрө албай койду. Түп көтөрө келишкен айыл тарай турган түрү жок. Төшөктө жатып калган кеселдерин көтөрө келишиптир. Айылды азыр чаап кетишсе да сезе турган эмес. Ошо чаап кеткенге кайыл бу түрлөрүнө караганда.

Сансыз көздөр ырчыга кадалат жалдырап. Сансыз көздөрдү ырчы өзүнө имерип алды ыр сыйкыры менен. Ошол көздөрдүн бардыгында үмүт балбылдап жанып турду. Балбылдагын үмүт алоолонуп, теңдешсиз кызыл өрткө айланып баратты.

Мен ушул айылдык болуп калганыма кубандым. Тагдырыма тобо дедим. Ата-бабаларыма ыраазы болдум.
Азыр мага ырчы ай-ааламга араң батып, жердин белин ийип турган зор алп көрүндү. Ага тең келчү эч нерсе жок жандуудан. Ал дал ушундай экен!

Таңга жуук токтотту ырын. Артын кечкурун улантмай болду. Түнү бою тыным билбей, кирпик какпай, ыр нөшөрүн сабалатып, өзүнүн айтымында, аккан суунун бир тамчысына араң келген экен.
— Аккан суунун аягына чыгышка өмүрүм жетер бекен?- деди ырчы.- Ушу сууну толук айтып калсам арманым жок эле. Жетээр бекен өмүр…

Эл жымжырт болуп далайга тунуп калышты тарай алышпай. Анан бирден-жарымдан суюла баштады. Оорулууларын көтөрүп кетишти. Бала-бакыралардын уйкусу бузулуп, чырылдашып жолго түштү.
Адамдар жакаларын кармап, ырчынын талантына тобо келтирип, ырына маашыр болуп таңгалышты. Ал жөнүндө аны-муну айтып олтурушуп, акырында ырчыны бу дүйнөгө бир жаралган касиет деген туюмга келишти.

Күн чыга ырчы суу жээгине келип, бети-колун чайып атканда сайга батпай күпүлдөп агып жаткан өзөн суу ырчы колун малган сайын улам бир саамга токтоп калып жаткандай туюлду. Мен көз токтотуп, жана да теше карадым. Ырчы колун салганда суу чын эле токтоп, дымып калып жатты! Колун тартып алганда кайра агат. Ырчы сууну, адамдарды, дегеле бүтүндөй дүйнө жүзүн сыйкырлап салгансыды.

Анан ырчы сууну тиктеп далайга отурду. Суу экөө сүйлөшүп, сырдашкандай түрү.

— Сени ырдап чыгышка өмүр жетээр бекен? Адамзат өмүрү жетээр бекен?
— Адам өмүрү чексиз,- дейт суу.- Адамзат өмүрүндөй чексиз нерсе жок.
— Сени ырдап бүтсөм арманым болбос,- дейт ырчы ыймандай сырын жашырбай.
— Сен бүтпөй калсаң башкалар улантып кетет. Адам баласы бирин бири улантып, бөксөсүн толуктайт. Бу дүйнө ээси адам баласы. Он сегиз миң аалам ээси силерсиңер, адамзат.
— Бу дүйнөнүн аруусу, тазасы сенсиң, аккан суу. Сени ыйык тутабыз адамдар,- дейт ырчы суудан көз албай.
— Силерсиз он сегиз миң аалам көрксүз, жетим. Аалам адам касиети менен сыймыктанат. Адамсыз эч нерсенин эч качан көркү чыкпайт, баркына жетпейт.- Суу өз тилинде шылдырап ырчыгы жалынат. Улам келип, ырчынын жылаңаяк бутун чайып өтөт.

Экөө көпкө сырдашты.

— Өмүрүң менден узун болсун,- деди суу ырчыгы батасын берип.- Суу башаты мен болом. Жер үстү менен жер асты суу менден таралат. Шамал учуп жетпеген тарапка мен жетемин. Күн нуру жетпеген жакка мен жетемин. Ай нуру тийбеген белеске боорум менен жылып, мен жетемин. Мунун бардыгын сен билесиң, сенин ырың билет. Сенин бул даңазаңа миң мертебе ыраазымын. Өмүрүң менден узун болсун. Сөзүң он сегиз миң ааламга айтылып калсын. Оозуңдагы сөз мендей чубуруп турсун үзүлбөй. Узун элдин учуна атагың сыймык менен аталсын.- Суу ырчыга өмүр тиледи, сөзүнө өмүр тиледи. Адам астына ызаат этип, кадырын бийик тутту. Ар убак аруулукту тиледи.

Ырчы ырын кечкурун суу боюнда улантмак болду. Мезгил бешимден ооп, суу жээгине келип отурду. Экөө сырдашып, акылдашып атышкандай суудан көзүн албайт. Ырчы ошентип отура берди. Эл туш тараптан агыла баштады. Кеселдерин дагы көтөрүп алышыптыр. Боюнда бар аялдар челкейе каалгып басып, жаңы төрөгөндөр белин бекем буушуп, ымыркайларга эмчек сордурушуп алдей айтышат. Наристелерине бу ырчынын касиети жуксун деген кыялда апкелишти. Калайык жардашып турат. Дың эткен ашөпкө үн чыкпайт. Үмүттүн үмүттүү оту балбылдаган көздөр. Ырчы азыр башын көтөрүп, ырын баштайт. Таң ата ырынын дагы бир ажырымын айтып салар. Түнү бою дымып турган эл таң ата тилге кирип, өздөрүнүн тирүү жан экендини сезишер.

Жарыктык, жылкыдай акылдуу, жылкыдай таза жандык болбос! Түндө ырчы ырдап жатканда чырт эттирип чөп кертпей, кылк эттирип суу жутпай, көз ирмеп койбой, кош кулагын тикчийтип тиктеп турду чиркин ай! Ыр токтогондо башын асмандата көтөрүп, кишенеп, жер чапчып, турган жерин оюп салды. Жарыктык, жылкыдай түшүнүктүү жандык болбос! Ошо таңата жер чапчый кишенегенде шаркырата сийип-сийип жиберди көбүктөнтүп! Анан азынган тейде атырылып жөнөйт жалын желге сел сымал сапырып… Атырылып, кырдан кыр ашып кете берет мурдун көтөрүп жыт искей.

Таң аткыча бешиктеги наристелер да кың этип койбоду. Ыр угуп отуруп бир жаш келин төрөдү ушерден. Аялдар аман-эсен төрөтүп алышты. Атын Ырчы коёлу дешти.

Бул нарсите эр жеткенде тиги кишидей он сегиз миң ааламдын ырын айткан жаактууда жок ырчы болор. Суу жөнүндө бүтпөс, түгөнбөс ырын улантып кетер. Анын ыры мындан алда канча уккулуктуу келип, жан жыргаткан ырыкатка бөлөөр, бут алдыңа гүл төшөп, баскан жолуңа дилде чачып коер, аягыңа Ай туудуруп, башыңа Күн тоготоор же өмүр бою азапка малып, карыптын кебин кийгизип, жашоодон жан кечти кылып, акыры өз жанын өзү кыйып салууга мажбурлаган ыр чыгараар. Кантсе да ыр даарыган жан болсо экен… Ошентсе кана, атаганат! Аккан суу тартылып бараткандай төкмөлөр суюлуп барат… Болбосо, бул элдин өзүндө Сары Өзөн Чүйгө атагы кеткен чоң ырчы өтүптүр. Алдына жаактуудан жан салган эмес дешет. Анын ырын билген азыр бир жан жок. Аңыз болуп элге аты гана калган Чоң ырчы аталып.

Бири кем дүйнө деген ушу турбайбы! Ырын көп болсо эки дубан эл уккандыр. Угаар менен унутуп салышкандыр. Эртеси да ырдагандыр, эртеси да угушкандыр, эртеси кайра унутуп коюшкандыр, атаганат! Убагында өзөн-сайдан ашып-ташып агып аткан суу баркка алынбагандай, нечен ак таңдай акындар көзгө илешпей, сөзгө алынбай кайтып кетишкен экен да… Алтынга бергис, куну теңдешсиз нечен сөздөр бир учуп өтүп, көпөлөк мисал өмүрү кыска болуптур да…

Эл жардашып күтүп калды кулак түрүп. Жайнаган көздөрдөн балбылдап үмүт жанат. Алп көөдөндөр булкунат көмкөрүлгөн асманды жара тепчүдөй. Көк асманды шыңгыратып сындырып салчудай төбөсүн түшүрүп.

Асманда батыш көздөп жалгыз турна учуп баратты. Ыр күтүп каскатар тургандар турнаны көргөн жок, ага эч бирөө көңүл бурган эмес. Үйрүнөн калып, адашкан неме сапарын улап бараткандыр. Үйрүнө жеткиче жалгыздап бара берет да. Аман болсо жылуу өлкөгө жетип алар. Балким жете барып, үйрүнө кошулар. Же бөлөк үйүргө байыр алып калар өгөйлөшпөсө. Неси болсо да алдыда узак жол, уза-ак… Көз мелжиген тоолордун бороон-чапкынын аралап, канат талдырган көк мухит үстүнөн учуп өтүү керек. Анүчүн күч, эрк талап этилер.

Жалгыз турна өжөрлөнүп баратты алдыга кеткендерди кууп жетүүгө кош канатын ыкчам кагып. Айыл адамдарынын аны менен таптакыр иши болбоду, карап да коюшкан жок. Жарык дүйнөдө турнанын бары-жогу тигилерге баары бир болучу. Бу турна болбой калганда дүйнө каңтарылып-аңтарылып калган эмес, болгондугу үчүн мынтип эл чогулуп ыр угушка келип отурушкан жок.

Турна тоо кырына илинип-илинбей кайра артка тартты. Тартты да мурдагысынан катуулап учту. Анан эле тоодон артыла сороң этип дагы бир канаттуу чыга келди. Анысы турнанын соңунан түштү.

Экөө зериккенден оюну канбай куушуп келаткандай. Арт жактагысы таштай түйүлүп көккө атып чыкты да төмөнгө шукшурула бой таштап, турнадан өтүп кетип, кайра көтөрүлөт. Турна бирде ылдыйлап, бирде буйтап кетип, калдаңдай түшүп, кайра оңолуп учат. Беркиси өтө эле шамдагай, өктөм.

Экөө куушуп ойноп келатышты. Турна жолунан калбай кете бербейт да. Тигиниси ушерде кыштачу неме окшойт. Турна мынтип куушуп ойнобой, эмдигиче далай жолду басып коймок. Балким Улуу Тоонун бороонунан өтүп кетмек. Улуу Тоонун ары жагында өргүп жаткан өз үйрүнө жете бармак беле. Кантсе да улуу сапарга чыкпады беле. Артка кайрылбаса болмок.

Арткысы улам көккө атып, кайра төмөнгө шукшурула берди. Бир жолкусунда турнаны чала тээп өткөнсүдү. Турна “курк” этип жиберди үнүнөн алсыроо сезилип. Каскатар тургандар жапырт асманды карап калышты. Беркиси көккө атып чыгып, турнаны көздөй кудуп келатыптыр.

— Уайт!- деп кыйкырып жиберди тургандардын бирөө тебетайин асманга ыргытып.- Уайт! Ителги турбайбы! Уайт!
— Уайт! Уайт!- деп кыйкырышты көпчүлүк ителгиге айбат көрсөтүп. Алакандарын, сандарын тарсылдата чапкылап, кыйкырышып, чуулдата ышкырышып, турнаны ителгиден бөлүп калуунун аракетин жасашты.
— Жөн кой, эй, тээп түшүрсүн турнаны. Биздики болот,- деди бирөө.
— Аны эмне кылат элең? Үйрүнөн адашкан шордуу көрүнөт,- деди башкасы.
— Этин жейбиз да,- деп койду алиги калп күлүп.
— Жебейт. Турна ыйык болот,- деди жардашкандардын бири.
— А эмне, макирөөбү?- деди бир үн.
— Ыйык дейм…
— Ыйык адал болобу же макирөөбү?- деди алиги үн.
— Жинди го,- деп койду берки.
Ошол бойдон бул сөз токтоду. Турнанын адал же арам экенин эч ким билбесе керек.
Ителги менен турна кубалашып, ойкуп-кайкый беришти. Турна чычкан болуп качып, ителги мышык болуп кууп жүрөт. Элдин көбү буерге эмнеге келгендигин унутуп койгондой, бардыгы, бир ырчыдан бөлөгү кайкалашып, көздөрү асманда.
— Тез үйгө барып мылтыкты апкел, ителгини атып салайын,- деп бирөө баласын үйгө жүгүрттү.
— Жааны апкелчи жебеси менен! Бол, жүгүр!- деди баласына колун жаңсай башына малакай кийген мурутчан. Тестиер бала тызылдаган бойдон кетти.

Жыгачы кызыл, кооздолгон, салмактуу жааны эки жебеси менен көтөргөн тестиер тез эле жетип келди.
Турна улам алдан тайып баратканы жердегилерге сезилип турду. Ителги тээп салмай болду. Адамдардын кыйкырып, ышкырганы ителгиге таптакыр таасир этпеди. Ал барган сайын күч алып баратты.
Башына малакай кийген мурутчан жааны баланын колунан ала коюп, асманды мээлеп калды.
Жаа кере тартылып, кайра кое бергенде жебээ шуулдап көккө атылды. Жебээнин куйругундагы үч тал кыл абада ышкырык салып, ок жыландай сойлойт. Көз ачып-жумгуча солкулдак чий учуна капталган жалтырак курч темир ителгинин жумшак төшүнө жабыша түштү. Ителги ушул тапта күүлөнө кудуп келип, турнанын мүрүн талкалай тээп, экөө бирге калдаңдап жерге кулады. Турна үн чыгарган жок, ителги бир “чырк” этип алып, экөө бирдей аккан сууну тиктеп отурган ырчынын алдына күп дей түштү.Экөө эки жерде “дирт-дирт” канат серпимиш болуп барып сулк жатып калышты. Ырчы отурган калыбынан бузулган жок, козголуп да койбоду.

Эл аң-таң буга. Эч бирөө ырчыга даап сөз айтпады, ал эмнеге кыймылсыз олтурганына эч ким түшүнбөдү. Бу каскатар тизилгендерге табышмак болду.

Күн кылкылдап уясына кирип кетти. Батыш жактагы кементайдай кара булуттар өрт каптагандай кызарып, алоолоп чыкты. Алоо бара-бара горизонттон улам өчүп, бийиктеп, асман бетине жайыла берди. Анан жалын үзүк-үзүк кара булуттарды куйкалап, күйүп бүткөн булуттар кайра карарып, асманда күн менен түндүн алмашуу улуу вазипасы жүрүп жатты.

Өзөн шаркырап агып атат. Ага күндүн түнгө алмашкан бул улуу вазипасы эч керексиздей. Суу мурдагы калыбынан жазган жок, ал кирпик кагым да тыным билбей, колдорун алга сунган тейде жүгүрүп баратат. Жүгүрүп, шашып баратат! Ташка мүдүрүлүп, жээктеги чөп-чарга чалынып жыгылып кетип, кайра тура калып жүгүрөт.

Тоо тараптан жел сокту. Чөп-чарлардын, суу боюндагы жапайы майда талдардын башы ыргалып, дымып турган айлана кыймылга келди. Бул соккон жел суудан бөлөк нерселердин да жаны бар экенин ырастап, ымтыраган ушул дүйнөгө кыймыл апкелди. Ошентип, чөлкөмдөгү бардык нерсе кыймылдай баштады.
Каскатар турган элди толкун аралады. Күдүк чыккан сөздөр менен эл ыргалып, ары-бери жылды. Ар кими ар бөлөк жоруп, ырчынын мынтип кыймылсыз олтурганы шек туудура баштады.

— Суудан бирдеме даарып кетсе керек…
— Жөн кой, суу менен сүйлөшүп жаткан го…
— Бу соо эмес, мынчага кыймылдабай бышып кетпейби…

Тургандар эми түпүрөй баштады. Бул кезде кыймылсыздардан бу дүйнөдө үчөө гана болуу керек: ырчы, турна жана ителги. Азыр эле, чай кайнамга жетпеген мезгил мурда асманда сабалап жүрүшкөн эки куш эми ырчынын дал алдында канаттарын жая боорлору менен жер кучактап жатышат. Денелери небак муздап калган.

— Бар, барып ырчы чоң атаңды ойготчу,- деди тургандардын бири беш-алты жаш чамасындагы баласына.
Бала тартынды кетенчиктеп.
— Бар, барып келчи, айланайын. Чоң жигит турбайсыңбы,- деди арткы жакта отурган байбиче шыкак берип.
Бала дагы тарткынчыктады. Байбиче дагы айтты. Бала эми жанындагы энесинин этегин мыкчый кармап алды.
— Эк, килейгиче… Бас, жүрү…- Аял баласын колунан дегдеңдетип сүйрөп жөнөдү.
Кыймылсыз отурган ырчынын теке маңдайына жетип барып тык токтоп, кыймылсыз туруп калды. Туруп жыргаткан деле жок, башка чапкандай кайра артка салды баласын сүйрөп. Келип, четте отурган кара сакал кишиге бирдеме айтты эңкейип. Кара сакал аялдын сөзүн угуп-укпай ырчыга жүгүрүп барып, бир саамга тиктеп туруп, анан каскатар турган элди беттеп айкырык салды:
Эсил кайдан бир боорум, ой,
Эми кайдан көрөйүн оой!..
Бала-чака чуруу-чуу түшүп калды.
Суу баягысындай эле агып атты.

Айыл аза күтүп, кайгыга чөктү. Бир көргөн аялдар кошок айтышып, ырчынын өнөрүн даңазалап атышты.
… Андан бери далай суу акты. Ырчынын “Аккан суу” деген ыры гана көкүрөктө тынып туруп алды. Ырдын эмне менен бүтөрүн эч ким билбейт. Бул эч ким болжоп таба албас табышмак болуп кала берди.
Кийин ошо ырын китептен окудум. Окудум да ырчынын ошондогу турпаты көзүмө тартылды. Бирок өз оозунан уккандай ыраазы болалбай койдум. Анан артисте жүргөн айылдашым бул ырды жаттап алып ырдап жүргөн экен, муну да уктум, бузуп салыптыр, ырдын сыйкыр күчүн кетирип коюптур.
Мен тагдырыма тобо келтирдим. Тобо келтирдим да, баламды аяп кеттим. Ал мен уккан ырды өмүр бою укпай калды, мен көргөн ырчыны көрбөдү.

“Аккан суу” деген ыры бар баягы ырчы төкмөлөрдүн акыры турбайбы. Ошондой ырчы чыгалек. Жамактап жүргөндөр жок эмес. Булар ырды нөшөрлөтө айталбай коюшту.

Жазгыч акындар көбөйүп кетти, өтө көп. Алар китеп чыгарышат. Төкмөлөрдүн ордун ушулар басып алышты. Эл чогулган жерде ырларын окушат. Көпчүлүгү бийлеп окушат, бир жерге туралбай. Жазгычтардын шарты ушундай болсо керек.

Төкмө ырчы жарык дүйнөдөн ушинтип өткөн. Ал суудай таза болучу. Ырдаганда жердин бели ийилип кетчү. Ыр кудайы ошо экен. Ырынын аягы айтылбай калган.
Ал ырчы кодо эмес экен. Мен адамдарга туура баа бере албайт окшойм.
Бир билгеним ал төкмө үй бүлө күтпөптүр. Туяксыз экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *