Украин жомогу

Канаттуулардын эң улуусу Күкүк болгон дейт. Аны ургаачысы башкарчу экен.

– Канаттууларды чогултуп, сөөктөрүнөн уя жаса, – дептир ургаачы күкүк бир күнү.

Анан куштун баары жыйналат, карга көрүнбөйт. Күкүк сурайт:

– Канаттуулардын баары келдиби?

– Карга келбеди, – дешет баары.

Карга биринчи күнү жок, экинчи күнү да жок. Башка куштар ичпей, жебей эки күн отурушат. Карга үчүнчү күнү келет.

– Кайда жүрдүң? – дейт Күкүк андан.

– Жер үстүн кыдырдым. Тоо көппү же түзөңбү деп эсеп жүргүздүм.

– Кайсынысы көп экен?

– Түзөң.

– Жаныңды жебе, экөө тең бирдей!

– Жок, түзөң көп, анткени мен суу аккан өрөөңдөрдү кошо эсептедим.

Күкүк анан канаттуулардын баарын тамактанып келүүгө жөнөтөт да, жыйналыш эртеси өтмөй болот.

Куштар эртеси кайрадан чогулат, бир гана карга көрүнбөйт. Күкүк чыгып сурайт:

– Канаттуулардын баары келдиби?

– Карга жок, – дешет.

Дагы эки күн жоголот ал. Куштар эки күн бою ичпей-жебей отурушат. Карга үчүнчү күнү келет. Күкүк чыгып сурайт:

– Кайда жүрөсүң?

– Кургагы көппү, жашылдары көппү деп бак-дарактарды санап жүрдүм.

– Кайсынысы көп экен?

– Кургаганы.

– Жаныңды жебе! Жашылдары көп.

– Жок, – дейт карга, – кургагы көп. Себеби мен бир эле бутагы соолуганын кургак деп эсептедим.

Күкүк анан канаттуулардын баарын тамактанып келүүгө жөнөтүп, жыйналыш эртесиге калат.

Куштар эртеси чогулат, бир гана карга көрүнбөйт. Биринчи күнү жок, экинчи күнү да жок. Үчүнчү күнү келет. Күкүк Карганы суракка алат:

– Кайда жүрдүң?

– Жер үстүн кыдырдым?

– Бышырып коюппу?

– Эркектер көппү же ургаачылар көппү – эсеп жүргүздүм.

– Кайсынысы көп экен? Эркегиби, ургаачысыбы?

– Ургаачылар көп экен, – дейт.

–Калп айтпа!

– Чын, ургаачылар көп. Анткени мен ургаачысына баш ийген эркектин баарын ургаачы деп санадым.

Муну уккан Күкүк ойлонуп калат: «Кашайганда мени, катыным башкарат эмеспи!» – дейт да, ургаачысына баш ийбей турган бүтүмгө келет.

Мына анан канаттуулар арасында ырк бузулуп, улугураак башка куш төрөсүн шайламак болушат. Баягы Күкүк коркконунан ийинден баш чыгаргыс болот.

Шумкар чыгат шаңкылдап:

– Сыртка чыгарып, колума тийгизгилечи, мен аны өлтүрөм!

Күкүк жашынган ийиндин төбөсүндө дуб дарагы бар экен. Канаттуунун баары ийиндин оозун шыкаалап, шылдыңдап башташат:

– Кү-күк! Кү-күк!

Күкүктүн жаны кашаят. Сыртка учуп чыгып, даракка конот. Шумкар экөө бири бирин кубалайт. Күкүк дарактан түшүп, ийинге консо, шумкар зуу коёт.

– Кү-күк, Кү-күк!

Жини кашайган Күкүк шумкарды кууп, кургак бутакка конот. Так ошондо шумкар анын өпкөсүн үзө тебет. Күкүк кулайт. Канаттуулар буга ишенип-ишенишпейт. Ишенбейли дешсе, Күкүк жерди көздөй кулап баратат. Баары шылдыңдап баштайт:

– Кү-күк! Кү-күк!

Күкүктөн үн чыкпайт.

Мына анан Күкүктүн ордуна Шумкар төрө болуп калыптыр. Эркек Күкүк мерт болгонун билген ургаачы күкүк да жумурткасын таштай качып, ошондон кийин алардын жумурткасын башка канаттуулар асырачу болуптур.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *