Алмазбек Атамбаев ажо болгонго чейин эле анын кылык-жоруктарынан көңүлү калган саясый элита эмне үчүн аны кайра эле 2010-жылкы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке алып келгени — жерге түкүртөт… АШАны бийлик тагына отургузууга күч үрөгөн саясый топтун мурдунан алысты көрбөгөн аракеттерин белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун  «Мен кыргызмын» аттуу китебиндеги К.Бакиевдин доорун чагылдырган бөлүктөн окуп отуруп, арким өзү баамдап алар. Төмөндөгү айрым орчундуу жерлерин «РухЭш» сайтынын окурмандарына сунуштоону эп көрдүк. Өздөрүнүн бетпардасын өздөрү сыйрыган саясатчылардын жосундарын бурмалоосуз жазгандыгы үчүн А.Бекназаровго да ыракмат айтпай кетүүгө болбос. Арийне, Азыкенин китеби аркылуу баарынын саясый бейнеси жана бакиевдердин доорундагы саясый кырдаалдардын көшөгөсү ачылыптыр… Материал анчалык чоң көлөмдү ээлебейт, андыктан кимдин ким экендигин ажыратууга көп убактыңыздар да коробойт…

Тек, окурмандарга эскерте кетчү жагдай: китептеги грамматикалык жана стилдик катачылыктарды редакциялоого кол барбады, себеби жарыкка чыгып кеткен китепти автордун уруксатысыз оңдоп-түзөөгө биздин да укугубуз жок. Андыктан азис окурман, андай мүчүлүштүктөрдү түшүнүү менен кабыл алыңыздар…

* * *
… БЭКтин түзүлүшү менен кандайдыр бир деңгээлде жалпы улуттук масштабда оппозиция түзүлгөнүн 2009-жылдын башынан эле коомчулук сезе баштады. Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасынын ар бир кетирген кемчилигин, ар бир олуттуу маселелер боюнча кабыл алган чечимдерине БЭК өзүнүн көз карашын, позициясын билдирип турду. БЭК бийликтин мейли Өкмөттөгү, мейли Жогорку Кеңештеги, сот, укук коргоо органдарындагы ар бир мыйзам бузуучулук же коррупциялык көрүнүштөр боюнча атайын билдирүүлөрдү, же болбосо ММКлар аркылуу БЭКтин мүчөлөрүнүн жеке интервьюларын жарыкка чыгарып турду.
БЭК 2009-жылдын жаз айларына чейин дээрлик оппозициялык күчтөрдү бириктире алды. Бийлик да карап жаткан жок. БЭКтин ар бир активдүү мүчөлөрүнө, айрыкча лидерлерине эптеп-септеп кылмыш токууга өттү. Алар “кылмыш жообуна тартыла турган адам болсо болду, кылмыш табылат” принцибин туу тутушту. 2009-жылдын жаз айларына чейин эле БЭКтин лидерлери И.Исаков, А.Жекшенкулов, Э.Булекбаевдерге ар кандай ойдон табылган кылмыш иштер токулса, Э.Каптагаевге, А.Муралиевге, К.Дүйшебаевге ж.б. кайсы бир эски материалдарды табышып, кылмыш ишке айландырууга аракеттер жасалып жатты.
* * *
… Бакиевдик режимден аргасыз сыртка качып кетүүгө мажбур болушкан Р.Жээнбеков, Ө.Абдрахманов, К.Байболов, Ч.Орозобекова ж.б. саясатчы, журналисттер менен да БЭК тыгыз байланышта болуп, алардын ой-пикирлерин, Бакиевдик режимди сындаган макала-интервьюлары чыгып турду.
Албетте, Б.Жээнбеков, Ч.Орозобекова, А.Сартбаев, С.Абдылдаев, Г.Павлюк, С.Каназаров, О.Шакир, Р.Момбеков, З.Сапанов, К.Бейшекеев, ж.б. журналисттер ар дайым биздин катарда турушуп, “Алиби”, “Учур”, “Де-Факто”, “Форум”, “Апта”, “Асман пресс”, “Ачык саясат”, “Назар”, сыяктуу гезиттер, “Азаттык” радиосу БЭКтин таянган, ишенген органдарына айланды.

Эмне үчүн БЭК тез эле улуттук деңгээлдеги оппозициялык кыймылга айлана алды? Биринчиден, БЭКтин катарында март революциясынын жеңишин Бакиевдердин үй-бүлөсүнө “уурдатып” коюшкан А.Артыков, Т.Тургуналиев, И.Исаков, Э.Булекбаев, Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Д.Чотонов сыяктуу ондогон тажрыйбалуу, элге таанымал, “революциячыл” саясатчылар болду. Экинчиден, Ө.Текебаев, А.Жекшенкулов, Т.Сариев, Э.Каптагаев, И.Өмүркулов, А.Эркебаев, А.Муралиев сыяктуу саясатта өз орду бар “акаевчилер” да БЭКтин лидерлеринен болушту. Үчүнчүдөн, БЭКтин өзөгүн экинчи жана үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин КЭК, “Реформа үчүн” кыймылына кирген депутаттары, саясатчылар түзүп, Бакиевдик режим менен күрөшүүнү, алар КЭКтин, “Реформа үчүн” кыймылынын күрөшүнүн уландысы катары эсептешкен. Төртүнчүдөн, 2006-жылдын ноябрь айындагы күрөш, үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңеш таркатылып, оппозициялык “Ата-Мекен”, “Асаба” сыяктуу партиялар шайлоодон өткөрүлбөй, КСДП өткөрүлүп, шайлоодон кийин “Реформа үчүн” кыймылы өзүнөн-өзү жоюлуп, анын ордуна бир топ акаевчилер кирген “Коомдук парламент” түзүлгөн. Бирок Коомдук парламентке кирген саясий күчтөрдүн саясий күрөштө ачык, так платформасы болгону менен, аны кандай жол менен ишке ашырууда бир пикирде болушкан эмес. Мисалы, Коомдук парламентке мүчө болушкан 10 саясий партия, 9 ЖКнын депутаты, 10 экс-депутат, 16 коомдук ишмер, 12 коомдук уюм, 6 ММКнын өкүлдөрү 2008-2009-жылдардын аралыгында “Акыйкаттыкка карай жол” аттуу Кыргызстандын жаңы саясий системасынын Концепциясын иштеп чыгышып, аны элдик курултайда кабыл алышканы менен, аны ошол эле Бакиевге сунушташкан.

Ал эми биз А.Артыков, Т.Тургуналиев, Э.Булекбаев, Д.Садырбаев, Б.Мамырова, Р.Нурматова ж.б. Кыргызстан Элдик Революциялык Кыймылына (КЭРК) кирген саясий топ “Бакиевдер күч менен бийликке келген, 2005-жылдан бери бир нече жолу реформаларды жасайм, революциянын максаттарын ишке ашырам, деп нечендеген убадаларды берип элди алдап келет, биз аларга дагы бир жолу концепция жазып алдангыбыз келбейт, алар менен революциялык жол менен күрөшүү керек”-деп келдик. Мына ушул эки саясий күч 2008-жылдын 23-декабрында бир саясий күчкө БЭКке бириккенден кийин эл арасында оппозиция бирикти, чечкиндүү радикалдык күрөшүүгө өттүк деген ишеним пайда болгон.

Биринчиден, БЭКтин максаты карапайым эл үчүн жөнөкөй, так, реалдуу чындыкка дал келген максат менен аракеттенген БЭК тез эле эл ишенимине ээ болуп, бекемделип, жаңы күчтөр менен толукталып, саясий күрөштө туруштук бере албагандар акырындап БЭКтен четтеп же үнүн өчүрүп, катары тазаланып жатты. Бул саясаттагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Адегенде, коомдук Парламент түзүлгөндө же 2008-2009-жылдары өлкөдөгү оппозициялык күчтүн башында негизинен А.Жекшенкулов, Т.Сариев, А.Эркебаев, К.Байболовдор туруп, өтө активдүүлүктү көрсөтүп келишти. Мунун обьективдүү себептери бар эле.
* * *
… Кулов менен Атамбаевдин тиреши, Сариевдин эл ичинде болуп, элдик саясатчы боло башташы, 2007-жылкы кышкы шайлоодон кийинки Жекшенкуловдун активдүү аракеттери, Байболовдун, Жээнбековдордун Америкага “качышы” — баары ушуга байланыштуу болчу.
Кулов – Бакиев тандем түзүп, анысы “мандем” болду. Атамбаев “көпүрө болом” деп көпүрөсү да, өзү да кулады, эми кезек меники деп Сариев, Жекшенкулов, Байболов үчөө ар кимиси өздөрүн түндүктүн лидери эсептеп жүрүшкөнү билинип турчу. Акаевдин эле кылган иштерин Бакиев кайталап жатса да, алар муну жаңы нерседей “кыйкырып” жатышты. Жекшенкулов бардык акылын, күчүн ММКлар аркылуу пияр түрүндө көрсөтүп, концептуалдуу ой-пикирлери менен дембе-дем интервьюларды берип, өзгөчө Текебаевге жакындап, андан чоң жардам болот ко деп жүрдү…

Сариев Текебаев менен шайлоого бир барып, иш жүзүндө Текебаевдин ким экени ичинен билип, багытты бир аз өзгөртүп, түштүктүн көпчүлүк саясатчылары, ал түгүл Бакиевдер менен да мамилени үзбөөнү, оппозициядан Текебаевге караганда Исаков, Тургуналиев, Эркебаев, Мамыровага окшогон саясатчылар менен жакын мамиледе болууну көздөдү. Экөөбүздүн мамилебиз да жаман эмес эле. Мен анын сунушу, өтүнүчү менен БЭКке штаб башчы болдум. Сариев өзүн “түндүктө менден башкасы бүттү го” дегендей абалда сезип жүрдү.

Байболов баарынан кекселик кылып, Кыргызстанда жүрүп Бакиевдер менен тытышып абийир таппайм, анан дагы Бакиевдердин колтугунда “досу” Медет Садыркулов турганда, ага эч кандай “жарык” жок экенин сезип, АКШга качып, элди сагындырып туруп, Американын колдоосу менен саясатка кайра келээрин мелжеп, “саясаттан кеттим” деп сыртка чыга берди.

Ал эми Атамбаев “көпүрөлүк” миссиясын аткарып бүтүп, эптеп партиясына Парламенттен 10 орун алып, жүзүн сактап калганы менен саясий аренага кайра кайсыл жактан, кимдин колун кармап чыгууну ойлоп жаткан кези болчу. Атамбаев “фронтчуларды” борбордук аянттан “бараны” деп атап кууп чыгып, кийин өзү да Өкмөт башчылыктан кеткенден кийин Сариев, Байболов, Жекшенкуловдор үчүн Кулов сыяктуу эле “ырдалып бүткөн обондой” болуп калган. Ошондуктан алар аны эсепке албай калышкан.

БЭКке менин штаб башчы болуп калганым Сариевге, Атамбаевге, Текебаевге, Отунбаевага, Исаков, Артыков, Тургуналиев, Шерниязов, Чотонов, Булекбаевге ж.б. жагып, “туура болду, Азике март революциясынын негиздөөчүсү, мотору болгон, тажрыйбасы мол”-дешкени менен, Жекшенкуловго, Өмүркуловго, Муралиевге, Дүйшебаевдерге ж.б. “жакпаганым” ачык айтылбаганы менен, сезилип турчу. Мени колдошуп шайлагандар менин тажрыйбамды, Бакиевдик режим менен күрөшүүдө кайтпастыгымды Бакиевге каршы күрөштө пайдалануу эле эмес, “Бакиевди бийликке алып келген Бекназаров өзү ага каршы чыгып жатпайбы”-деп, Бакиевди колдогон, айрыкча түштүк электоратына пайдаланууну көздөшкөн. Бул топ саясий күрөштө бардык тактика, маневр туура, эгерде керектүү мезгилде, керектүү нукта пайдаланса жемиштүү болорун билишкен, Кыргызстандагы саясий күрөштүн казанында кайнап бышкан саясатчылар болчу.

БЭКтин штаб башчысы болгону кара жумуштун аткаруучусу, бийликке, айрым элдин бөлүгүнө, айрыкча бай, олигарх бизнесмендерге жек көрүнө турган фигура экенин алар жакшы билишкен. БЭКтин КЭКтен айрымасы, КЭК түзүлгөндө (2004-ж.5-ноябрь) төрагасы, анын орун басарлары кошо шайланган. КЭКке Бакиевдин төрага (лидер) болуп шайланышына каршы болгон Мадумаровго окшогон саясатчылар КЭКке кирген эмес. БЭКте болсо төрага жок, б.а. лидер жок, болгону БЭКтин ишин алып баруучу штаб, секретариат бар. Ал эми лидерлер кезек-кезеги менен БЭКти башкармак. Менин штаб башчысы болуп шайланганымды жактырбагандар “Бекназаров лидер болуп калабы?”-дегендер чыныгы саясий күрөштө мурда жүрүшпөгөн, мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөн, бирок өздөрүн бышып жетилдим деп, лидер катары эсептеген инсандар эле.
* * *
… КСДПнын лидери А.Атамбаев БЭКтин ишине анчейин аралашпагандай түр көрсөткөнү менен, мени менен өтө тыгыз байланышта жүрдү. Биз жумасына бир жолу анын “Форумунда” же үйүндө жолугушуп турдук. Саясат эле эмес, үй-бүлөлүк жеке проблемаларга чейин сүйлөшө турган болдук. Кийин ал “Бекназаровду мен баккам, менден акча сурачу”-деп бекеринен айткан жок. Чындыгында уулум Эрнисти келиним экөөн аргасыз Казахстан аркылуу качырганда, Исаковго жардам катары акча топтоодо, БЭКтин иштери үчүн андан карызга акча сураган күндөр көп болгон, ал кийин ошону айтып “пендечилик” кылды окшойт. Ал мен аркылуу оппозиция ичинде кандайдыр бир үнгө ээ болууга аракеттенип жүрдү. Мен андан: — сенин офисиң абдан кенен турбайбы, бизге БЭКке жай бербейсиңби, деп жүрдүм. Биз Сариев Жекшенкуловго берген офисте олтурчу элек, Жекшенкуловду камагандан кийин ал жерде жыйналуу ынгайсыз болуп калды,-десем, ал мага “Форумга келгиле, бардык шартты түзүп берем”-деп дароо макул болду. Чындыгында ал сөзүнө туруп орун берди. БЭКтин толук кандуу иштешине шарт түздү. Ошентип БЭК Атамбаевдин Форумуна көчүп келдик.
* * *
Көп өтпөй бийлик тарабынан Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда, же 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүү чечими кабыл алынды. Жалпысынан караганда стратегиялык жактан бул күтүүсүз чечим бийлик үчүн туура болгон. Себеби, БЭК күндөн-күнгө саясий күч катары калыптанып бараткан. Эртеби-кечпи Президенттик шайлоого чейин эле “Бакиев кетсин” деген талап менен эл көчөгө чыкмак. Президенттин бул чечими тактикалык жактан да, мезгилдин талабына да туура келди. Курчуп келаткан нааразылыктан элди алаксытты. Оппозиция БЭКке бириккени менен бир лидерди тандап, ага токтоло элек болчу. БЭКке кирген саясий партиялардын, күчтөрдүн лидерлери ар бири — өзүн лидер катары эсептечү. Бирок биздин штабда бир лидерди аныктоо, ага токтоо боюнча жаңы эле иш башталган.

Ошондуктан бийликтин бул чечими күтүүсүздөн бизге берген соккудай эле болду. Мен БЭКтин чукул жыйынын чакырып, Президенттикке барчуңар ачык айткыла, БЭК бир талапкер менен барышыбыз керек деп айттым. Штаб бул маселе боюнча лидерлер, талапкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүүнү мага тапшырды. Мага БЭКтин штаб башчысы катары БЭКке саясатчыларды, саясий күчтөрдү тартуу, бийлик менен, башка күчтөр менен сүйлөшүү укуктары мурда эле берилгендиктен, мен БЭКтин ар бир өзүн лидер катары сезген, Президент катары көргөн мүчөлөрү менен мурда эле акырын лидерлик жөнүндө сөз учугун чыгарып жүрчүмүн. Мындай сүйлөшүүнү Атамбаев, Исаков, Отунбаева, Текебаев, Сариев, Байболовдор менен мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоо жарыяланары менен улантып, тездете баштадым.
* * *

… 2005-жылкы март революциясына алып келип, Акаев качып кетүүгө мажбур болду. Текебаев өзү анын артынан Москвага барып арызын алып келди. Бирок Текебаевдин Президент болуу амбициясы дагы деле күчтүү эле. Мен анын эгемендүү Кыргызстанды курууга кошкон эбегейсиз зор салымын, ушунча жылдан бери карапайым эл үчүн жанын үрөп, нечендеген мыйзамдарды жазып, кээде бийликти тике качырып, тайманбай сүйлөп, эл өкүлү, эл депутаты деген ыйык наамды бийик көтөрүп, элге акча таратып, арак куюп бербей, жалындуу сөзү, ээлеген позициясы менен дагы деле элдин ишениминде экенин баалап, урматтап, анын амбициясы туура деп, чын пейилден ачык сүйлөшүп жаттым. Ал мага: — “Азим, рахмат, 2000-жылы да колдогонсуң, бирок мен Президенттикке баралбайм, себебин өзүң жакшы билесиң, сен экөөбүздө бир кемчилик бар, бизде акча жок. Акча болбогондон кийин азыр шайлоого барыш билип туруп эле жеңилүүгө бараткандай эле да, мен Президенттик шайлоого барбайм”- деди.

Мен ага, — ойлонуп көр, алдыда убакыт бар, “Ата-Мекен” өткөн Парламенттик шайлоодо бир топ акчалуу инсандар менен шайлоого барган, ошолор менен сүйлөш, жөн эле акча жок деп кол куушуруу сендей саясатчыга туура келбейт, дедим. Ал, — “Мейли ойлоноюн, сен айткан акчалуулар азыр кайда экенин өзүң жакшы билесиң, шайлоо бүтөрү менен кетишкен”,- деди. Мен дагы, — ойлонуп көр, дагы чогулуп сүйлөшкүлө, акчаларын сага бербесе, башка бирөөсүнө беришер, өзүң баш болуп бирөөсүнө токтоорсуңар, аны да көрөбүз, оппозициядан бир талапкер тандап туруп алып чыгуу – БЭКтин милдети дедим. Андан кийин эки-үч жолу көзмө-көз сүйлөштүк. Ал акчага шылтоо кылып биротоло шайлоого барыштан баш тартты.

Отунбаева эжекем менен да бир нече жолу сүйлөшүп, … Эже эсинизде барбы, 2005-жылы март айында Оштон сиз, Кабилова болуп Самейдин (Четинбаев) машинасында келе жатканда “эмне Бакиев деп эле ага токтолдуңар, менде деле акча бар”- дедиңиз эле. Мезгил келди. Акчаңызды чыгарыңыз. Президенттикке сизди колдойлу,- дедим тамаша-чынын аралаштырып. Роза Исаковна экөөбүз ар дайым бир туугандай, эже-инидей тамашалашып, ачык сүйлөшөт элек.

Ал: “…Азике, менде кайсы акча болсун, оппозиция дагы кимди колдогону жатасыңар?”- деди кайра мага суроо узатып. Мен ага, — азырынча сизди, дагы эки-үч адамды, анан болбосо ким шайлоонун чыгымын көтөрөм деген акчалууга токтойбуз да, Бакиевге окшотуп, башка арга жок, сиз массондордон акча сурабайсызбы?- деп дагы тийишип койдум. Ал: — “Ии десең, өзүңчү? Өзүң деле барбайсыңбы шайлоого”- деди. Мен, — менин пешенеме кимдир бирөөлөрдү бийликке алып келүү, кетирүү гана жазылса керек апче, сиз турганда мага кайсы Президенттик, деп дагы тамашаладым. Ал акырында: — “Азимбек, биздин партия бул маселени карап чечет ко, ошого жараша сүйлөшөлү, мейлиби?”-деди.

Жогоруда Сариев экөөбүздүн мамилебиз жакшы болуп кетти дегем. Сариев экөөбүз тең Бишкектин “Рабочий городок” чөлкөмүндө жашаганыбыздан улам, ал мени өздөрүнүн шеринесине да чакырган. Бийлик Темир иним экөөбүздүн үйлөрүбүздү, короо жайыбыздан бери текшерип, токтун үч фазасын кыркып, “жогору жактан буйрук болду”-дешип кеткенинен бери жолугуп, сүйлөшүп жүрчүбүз. Мен ага, — Темир иним, Акаевдин доорунда торолуп жетилдиң, Бакиевдин доорунда саясаттын казанында кайнап быштың, темир элең, болот болуп курчудуң, саясаттагы позицияң, амбицияң да атыңдай, темирдей бекем болду. Бекем жүрөсүң, түз айтасың, коркпойсуң, сакадай боюң болгону менен жүрөгүң тоодой, Президент болоюн деген оюң барбы? Мени болсо БЭКтин штабын башкар деп коюп, өзүңөр жүрөсүңөр, унчукпайсың, айтчы оюң кандай?- десем, — “Азике, рахмат, түз эле айтайынбы? Президенттикке аттанайын деген оюм бар”- деди. Ал, — “Өзүңүзчү? Сиз барасызбы? БЭКтен дагы ким барат экен?”-деп сурап жиберди. Мен ага, – БЭКтен азырынча оюм бар деп сен гана айттың, дедим. Менин оюм болгону менен дарамет да болуш керек да, Текебаевде да ошондой. БЭК бир талапкер менен шайлоого барабыз, штабдын позициясы ушундай. Сен мени колдойсуң да, эки талапкер да болбойт, болсо да тактика үчүн эле, бирин запасной кылып кармап турабыз. Эгерде мага айткан оюң чын болсо ойлон, мен дагы башкалар менен сүйлөшөйүн,- дедим. Андан кийин да бул маселе боюнча сүйлөштүк. Сариевди колдоого да ниетим түз эле, анткени ал адамды сатпаганын, бекемдигин баалап билип калгам.

Атамбаев менен сүйлөшкөнүмдө, — “БЭК кимге токтосоңор мен ошону колдойм, мени колдосоңор, акча каражатым бар, табылат”,- деди. Мен ага Текебаев, Отунбаева, Сариев менен жекече сүйлөшкөнүмдү айттым. Текебаевдин акчасы жоктугун айтып, а мүмкүн сен акча жагынан жардам берерсиң ага,- дедим. Ал: — “Мен колумдан келишинче жардам берем, бирок мынча берем деп айталбайм, сен айткан адамдардын ичинен Текебаевди колдогонубуз оң го, мен мисалы, Текебаевди колдоймун”- деди.
Исаков болсо, “кайдагы шайлоо, сотту бүтүрөйүн”- деди. Жекшенкулов менен сүйлөшпөдүм. Ал өзү да боюн тартканы билинип жатты. Башына иш түшүп турса өзүнө ыңгайлуу шартта ишин бүтүрүп алсын, жолтоо болбойлу дедик.

Кийин БЭКтин саясий бюросун ушул маселе боюнча дагы топтодум. Жыйынга баары келди. Мен аларга, биз тезинен бир талапкерге токтолбосок, убакыт кысып келатат. Кечигебиз. Өткөндө кимдин шайлоого барам деген ою болсо эмки жыйында айткыла дегенбиз. Мага бүгүнкү күнү эгерде БЭК колдосо шайлоого барам деген эки гана адам белгилүү болду,- дедим. — “Эгерде Текебаев шайлоого барам десе, мен Өмүкени колдойм”-деп Атамбаев жыйында оюн ачык айтты. Мен Сариевге кайрылып, — Темир иним, сен эмне дейсиң?- десем, — “Мен “Ак шумкар” партиясы менен жыйын өткөрүп, анан биротоло айтайын”- деди. Ошентип биз талапкер жөнүндөгү маселени кийинки жыйында чечүүнү калтырып тарадык. Жыйындын аягында мен аларга, а, мүмкүн БЭКтин атынан барам деген, бул жерде олтурбаган, катышпаган БЭКтин мүчөлөрү бардыр, же мүчө болбосо да биз колдой турган талапкер болсо айткыла, биз аларды да карап көрүшүбүз керек, кийин өкүнүп калбайлы, оппозиция “Бакиевди эл колдобой калды, ал кетиш керек” дешти эле, Бакиев келгиле анда, бул маселени эл чечсин деп, мөөнөтүнөң мурда кезексиз шайлоого баралы десе, оппозициядан бир да талапкер чыкпады, деп элге күлкү болбойлу, эмкиде бул маселеге чекит коелу да, бир талапкерге токтойлу,- дедим.

Кийинки жыйынга чейин Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариев, Тургуналиев, Исаков, Артыков ж.б. менен бул маселе боюнча дагы сүйлөштүм. Атамбаев Сариевден башкада акча жок экенин билип, “эгерде эч ким барбаса мен барам”- деп ишенимдүү айта баштады. Бирок БЭКтин көпчүлүк мүчөлөрү Атамбаевди колдобогону сезилип турду. А.Артыков БЭКке КЭРКтен саясий бюронун мүчөсү болуп келген адам катары мага: “эгерде БЭК Атамбаевдин талапкерлигин колдосоңор мен БЭКтен, КЭРКтен да чыгып кетем”- деп кесе айтты. Б.Шерниязов болсо, — “Азике, Атамбаевден башка адам жокпу, аны өткөн жылы апрелдеги митингде көрбөдүк беле”,- деп ачууланды. Отунбаева КСДПдан депутат катары партиялык этикетти сактаганы менен, ичинде Атамбаевди жактырбагандыгын сөздөрүнөн билдирип коюп жүрдү.

Сариев болсо, Атамбаевге караганда БЭК мени колдойт деген бекем ишенимде жүргөнү менен эмнегедир партиясына шылтап, ачык оюн так билдирбей койду. – “Акчасы болсо “Алмакемди” колдойбуз да”- деп Топчукем гана ачык айтты. Текебаев мага, — “Байболов менен сүйлөшөйүнбү?”-деп, Атамбаевге ичи толбогонун билдирип койду. Мен сүйлөш дедим.

Бир күнү эртең менен эрте Текебаев мага үйгө келип, интернет аркылуу Байболов менен өзүң да сүйлөш, ал сени менен сүйлөшөйүн, анан маселени чечем, деп жатат деди. Жолдо мен Текебаевге, эмне ал сага акча берем деп жатабы?- десем, “Жоок, оппозициядан талапкер катары өзү шайлоого барам деп жатат, ал үчүн оболу сени менен сүйлөшүп алайын деп жатат”- деди. Биринчи Текебаев аны менен өзү сүйлөшүп, анан телефонду мага берди. Байболов сүйлөп жатып, “Үкөм, тиги жаныңда турабы?”- деп сурады. Жок, ал тигиндей басып кетти десем, — “үкөм мен сага ишенем, тигилерге ишенбейм, эгер сен колдойм десең келейин, акча бар, табылат”- деди. Мен анын Текебаев жөнүндө айтып жатканын түшүнүп, — Кубат аке, бир эле мен эмес, БЭКтин бир топ мүчөлөрү колдойбуз, бирок бирден-бир шарт каражатты алдын ала столго коесуз, БЭК жактырган платформаны, концепцияны колдойсуз, Президент болом дегендер көп, бирок каражаты жок, аргабыз кетип турат. Каражат команданын жактыруусу менен бөлүнөт, жумшалат. Албетте, өзүңүздүн штаб башчы аркылуу, жанымда турган да ушундай шартты колдойт,-деп түз айттым. – “Үкөм, мен сага ишенем дебедимби, сен ак көнүлсүң, ишенчээксиң, айтканыңды кыласың, бирок сен менен жүргөндөрдүн көбүнө мен өткөн шайлоодон кийин ишенбей калгам, алар сатып кетет, мен дагы ойлоноюн”- деди. Кийин билсем ошондо анын жанында Р.Жээнбеков болгон экен. Ошол бойдон Кубат аке (Байболов) байланышка да чыккан жок, шайлоого да келбеди. Өзү айткандай, акылдуу киши бизге ишенбеди окшойт.

БЭКтин кийинки жыйынында мен ар бир бюро мүчөсүн такып сурай баштадым. Жыйын протоколго түшүп жатат, кана Президенттик шайлоого барар, барбашыңарды ачык айткыла,- десем, Иса Өмүркулов мага жини келип, -“эмне прокурорлук кыласың?”-деди. Мен аларга дагы бир жолу, бир жумадан кийин талапкерлерди каттоо, кол топтоо башталат, а биз болсо ушул күнгө чейин бир талапкерге токтоло элекпиз,- дедим. Акырында Өмүркулов, Текебаев, Шерниязов, Тургуналиев, Исаков, Булекбаев, Каптагаев, Отунбаева ж.б. шайлоого барбай тургандыгын билдиришти.

Жообун бере элек Атамбаев менен Сариев гана калды. Атамбаев: — “Эгерде Текебаев барса мен барбайт элем, ал барбай турган болсо мен барам”- деди. Сариев: — “14-майда “Ак шумкар” партиясынын жыйыны болот, ошондон кийин биротоло чечилет, азырынча барам деп турайын”- деди.

Ошентип эки талапкер калды. Биз ары кетип, бери кетип жатып акырында Топчукени аксакалдык кылып, “бириң Президент, бириң Премьер-министр болосуң, сүйлөшкүлө”- деп айт дедик. Топчуке айткандан кийин Атамбаев Сариев экөө сүйлөшкөнү Атамбаевдин кабинетине кирип кетишти. Бир тилге келише албады окшойт, Сариев андан чыккан боюнча бизге кайрылбай кетип калды. Атамбаев бизге келип, “эгерде мен Президент болсом, Премьер-министр түштүктөн болот десем, Сариев чыгып кетип калды”- деди. Кечинде мен Сариевдин үйүнө келип дагы сүйлөштүм. Ал мага, “силер Атамбаевди колдоп жатасыңар?!”- деп доомат койду. Мен ага, сен өзүң ачык, так айтпай жатпайсыңбы, “Ак шумкар” партиясынын жыйынына шылтап, ачык айтсаң добуш менен чечели,- десем, -“мага түшүнүктүү болуп калды, силер Атамбаевди колдоп жатасыңар, бирок мен “Ак шумкар” партиясынын атынан бара берем өзүмчө, биздин партия Атамбаевди колдобойт”- деди. Мен ага, — Темир андай кылба, бөлүнбө, эртең кел, добуш менен чечели, мүмкүн сага токтолорбуз, дедим. Сариев ошол бойдон БЭКке келбеди. Шайлоого өзүнчө кетти. Атамбаевден башка адам чыкпаганына байланыштуу БЭКтен ал жалгыз талапкер катары көрсөтүлдү.

2009-жылдын 25-апрелинде Арашан айылында чон элдик курултай өткөрүп, ошол курултайда Атамбаевди бириккен оппозициядан (БЭКтен) жалгыз талапкер кылып жарыялоону чечтик. Курултайды өткөрүү, мындай шоу-митинг, жыйындардын майын чыгара турган Б.Шерниязовго жүктөлдү. Алдын ала Б.Шерниязов менен барып курултай өтчү, боз үйлөр тигилчү жерди көрүп келдик. Болот: — “Президиум болбойт, алып баруучу, анан жалгыз сиз БЭКтин штаб башчысы катары турасыз, шарт ушундай”- деди. – Боке, сага тапшырылдыбы, сен эмне десең, ошондой болот, керек болсо мен деле президиумга чыкпайм, — десем, — “жок, сиз БЭКтин штаб башчысы катары турасыз”- деп бекем айтты.
* * *
Ошентип Атамбаев бириккен оппозициядан жалгыз талапкер катары, күчүндө турган Президент Бакиевге каршы жалпы оппозициянын туусун жалгыз көтөрүп, тобокелчиликке салып, чоң казатка аттанды. Элден бата алды. Эми ага артка жол жок эле. Чындыгында иштеп жаткан Президентке каршы шайлоого баруу – бул чыныгы эрдик же “дүжүр” катары гана катышуу деп бааланат. Муну билип туруп Атамбаевдин Бакиевге ачык чакырык таштап, оппозициянын платформасы (программасы) менен шайлоого аттанышынын өзү эрдик, жарым жеңиш, келечектеги толук жеңиш болчу. Сариев, Байболов, Жекшенкуловдор Атамбаевге мына ушул шайлоодо эле уттуруп коюшкан. Өзүнүн бул аракети менен Атамбаев түндүк саясатчыларынын лидери экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Бизди “Атамбаевди колдойсуңар”- деп күнөөлөп, өз сөзүнө туруп, Атамбаев жөнүндө чоң интервью берип Анвар Артыков БЭКтен, КЭРКтен чыгып кетти. Сариевдин талапкерлигин Эркебаев, Мамыровалар колдоп кетишти. Шерниязов мурда эле Текебаев экөөбүзгө абдан капа болуп, “экөөңөр үчүн гана БЭКте калам, Атамбаевди колдогонуңар үчүн экөөңөр күнөөлүүсүңөр”- деп жүрдү.
* * *
Бириккен оппозициядан Атамбаевдин Президенттикке жалгыз талапкер болуп аттанганы коомчулукта кызуу талашты жаратты. Көпчүлүк Атамбаевди “Бакиевге сатылып кеткен адам, митингке чыккан элди “баранга” теңеген адам” катары эсептеп калышкан. Мындай ойдогу адамдар “оппозицияда Атамбаевден башка адам жокпу?” деп, А.Артыковдон ашып курч жана каршы пикирлерин билдирип жатышты. Аттуу, баштуу эле интеллигенциянын өкүлдөрү Акаевдин доорунда, “Атамбаев Чыңгыз Айтматовго тууган боло калып (уруум кытай деп), жазуучуларга берилген 50 миллион Россиянын грантын Айтматовдон алдап алып, жок кылып жибергенин, азыркы “Автомаш” баш болгон бир нече заводду, “Форум” сыяктуу объектилерди ошол акчага алганын, “Автомаштын” станокторун Турцияга чыгарып кеткенине чейин” жазып чыгышты. (Бул фактылар боюнча кийин А.Жакшылыков, Б.Талгарбеков, А.Акаев ж.б. да бир нече жолу интервьюларды беришкен).

Биз аны колдон келишинче коргоп, актап жаттык. Мисалы, мен, Атамбаев эч качан Бакиевге сатылып кетпегенин, Кулов кызмат үчүн элди көтөрүп, түндүк-түштүк кылып турганда, ортодо кыргыз экиге бөлүнүп кетпесин, жарандык согуш чыкпасын деп, оппозициянын жоон топ бөлүгү — Д.Садырбаев, Р.Отунбаева, И.Өмүркулов ж.б. жазуу түрүндө кол коюп, конкреттүү шарттар менен Өкмөт башчылыгына сунуш кылганыбызды дагы жазып чыктым. Ошондогу документти чыгарбайсынбы?- деп Атамбаевдин өзүнө да айттым. Ал ошондой кылды. Лейла Саралаева деген журналист менен маек түрүндөгү китепчесин, ага биз кол койгон документти тиркеп чыгарды.

Менин жеке пикиримде ошол мезгилдеги Кыргызстандын шартында Президенттик шайлоодо Бакиевди эч ким жеңмек эмес, жеңген күндө да, бийлик анын жеңишин бермек эмес. Бул реалдуу чындык болчу. Текебаев, Отунбаева, Байболов, Сариевдердин деле ага көзү жеткен, ошол үчүн алар шайлоого барышкан жок. Ал эми Атамбаевдин жолу башка эле.

Анткени, Атамбаев шайлоо учурунда мурдагы “грехтерин” айтып актанууга, айрым эл билбеген чындыкты айтып, өзүн-өзү реабилитация кылганга мүмкүнчүлүк алышы келечек үчүн зарыл керек болчу.
Негизинен БЭКтин лидерлеринин арасында Атамбаевге тең келчү (Сариев, Байболовду кошпогондо) байы жок эле, ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, азыраак акча кетирсе да кийинки саясий күрөштөрдө өзүнө кенен жол ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Мен ага ушуларды айтып, ага дем берип жүрдүм. Эртеби, кечпи “силер мени эч перспективасы жок күрөшкө салып банкрот кылдыңар”- деп айыптабасын деп, бул жагын да эскертип жаттым. Мен аны сүрөп, шыктантып, колдогонумун себеби, БЭКтин лидерлеринин арасында БЭКке лидер болууга, келечекте Президент болууга Атамбаевде реалдуу шанс бар эле.

Биринчиден, ал Эркебаев, Муралиев, Жекшенкулов, Сариевдерге караганда саясатта эркин, көз карандысыз, материалдык жактан да эгемендүү, керек болсо радикалдуу кадамдарга барууга жөндөмү бар болчу;
Экинчиден, ошондогу БЭКтин лидерлеринин ичинде эң көп өкүл КСДПнын өкүлдөрү эле. Ал түгүл БЭК өзү да Атамбаевдин офисинде, колдоосунда, каржылоосунда турду;
Үчүнчүдөн, Атамбаев КСДПнын лидери катары Парламентте оппозициялык фракцияга ээ эле;
Төртүнчүдөн, 2008-жылдын апрель митингинде Кулов жетектеген “Фронтчуларга” каршы туруп, түндүк электоратына жек көрүнгөнү менен, түндүк-түштүк кагылышын токтоткон адам катары, бир жагынан Бакиевди сактап калган адам катары түштүк электоратында Текебаев, Сариевдерге караганда аброю бийик болчу;
Бешинчиден, Атамбаев Сариевдерге караганда Акаевге да, Бакиевге да, же тактап айтканда “үй-бүлөлүк режимге” каршы жүргөн революциячыл саясатчы катары белгилүү болгон;
Алтынчыдан Атамбаев Аксы окуясы болгон күндөн Акаевди ачык айыптап, бизге, аксылыктарга колунан келген реалдуу, материалдык жардамдарын берип, элдин кайгысын бөлүшүп жүргөн. Премьер-министр болгон кезинде Аксыга Өкмөттүн көчмө жыйынын (2007-ж.июнь) өткөрүп, менин депутат катары койгон маселелеримди (Таш-Көмүр – Кара-Жыгач автожолун, “Ак-Терек” каналын ж.б.) жеке контролуна алып колунан келген жардамын аяган эмес;
Жетинчиден, адам катары экөөбүздүн ортобуздадагы жеке достук мамиле бар эле.
Ушуга окшогон объективдүү жана субъективдүү себептер менен Артыковдун, Шерниязовдун, Сариевдин ж.б. таарынганына карабай мен чын жүрөгүмдөн, ак пейилимден Атамбаевге жардам берүүнү, аны БЭКтин, оппозициянын лидерине айлантууну биротоло чечтим. Менин ушундай позицияда экенимди БЭКтин көпчүлүк мүчөлөрү түшүнүштү. Алар эгер Атамбаев туура эмес сүйлөп алса же башка жагымсыз аракеттерди жасаса Бешимовго эмес, мага айтчу болушту.
* * *
… Кол топтоо аяктап, Атамбаев талапкер болуп катталып, агитация, шайлоочулар менен жолугушуулар башталды. Ошол жолугушуулардагы, шайлоо учурундагы айрым окуяларга токтоло кетейин. Атамбаев өзү БЭКтин лидерлерин топтоп: — “Шайлоочулар менен мен өзүм жалгыз жолугам, жалгыз жүрөм, ким менен, кайсы жерге барарымды керек болсо айтам. Силер өзүңөрчө жолугушуу өткөргүлө. Азимбек досум Жалал-Абадга, Сооронбай досум Ош областына, Бишкекке Роза Исаковна, Чүйгө Иса Өмүркулов, Нарынга Алманбет Шыкмаматов, Таласка Болот Шерниязов жооптуу болуп иштеп берсеңер жакшы болот эле. Ысык-Көл, Баткенди чечтим. Калгандар Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрсөңөр”-деди.
Жолугушууну Жалал-Абад областынан баштоону чечти. Маршрутту экөөбүз түздүк. Токтогул – Кара-Көл – Аксы – Базар-Коргон – Жалал-Абадда жолугушуу болуп, андан ары Ошко өтө турган болдук.
Аксынын Кара-Суу айылында Топ-Жангак деген 1845-жылдары Кокондун ханы Шералы хандын жубайы Жаркынайым тиктирген жаңгак багында жолугушуу болду. Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүрдөн бери эл аябай көп келген экен. Атамбаев ыраазы болду. Кайып Кенжебаев деген агай-аксакалыбыз бата берип жатып, — “Алмазбек балам, мен сага ушуну менен экинчи жолу батамды берип жатам, кудаа кааласа Президент болосун, бул турган жериңде Шералы хан көтөрүлгөн, А.Масалиев, Д.Садырбаевдер нечен жолу түнөп кеткен айыл, эгер Президент болсоң адал, ак бол, акыйкат бийлик жүргүзүп, бей-бечараларга күйүмдүү бол”-деди. Түштөн кийин Авлетим айылына Топчукемдин үйүнө бата кылганы бардык. Анткени анын Орозбек деген агасынын көзү өтүп, өзү айылда экен.
Кечинде Жалал-Абадга келдик. Жалал-Абад шаарынын стадионунун жанындагы менчик мейманканадан орун алып койгон экен. Ошол жерге токтодук. Жусуп Жээнбеков Атамбаевди тосуп жүргөн экен, ал эртеңки жолугушууга катыша албастыгын, Сузакта, Жалал-Абадда эл топтой албастыгын айтты, себеби, эртеси Бакиев Жалал-Абад стадионунда эл менен жолугарын билдирди. Атамбаевдин ачуусу келип кетти. Ал: — “Эл топтой албасаң эмне депутат болуп жүрөсүң?! Сен Жаныш Бакиевден коркосуң! Сенин намысың жок, сенин балаңды Бакиевдердин бийлиги жок кылса да унчукпай жүрөсүң!”-деп, жана башка оозго алгыс, уят сөздөр менен сөгүп жиберди. Мен Атамбаевдин мындай сөгүнчөктүгүн ошондо биринчи жолу көрдүм. Экөөнүн ортосундагы кайым айтышуу күчөп баратканынан, партиялаштар чечишип алгыла, анан келем деп, чыгып кеттим.

Атамбаевдин ачууланганын да түшүнсө болот эле. КСДПдан депутат Кодуранова деген айым түбү Токтогулдук болгону үчүн, Токтогулда эч кимди тааныбаса да, Токтогулга келип, анча-мынча тааныган туугандарын жолгушууга үндөп жүргөн. Ага салыштырмалуу Жалал-Абадда губернатор болгон, Жалал-Абад, Сузактын эли эмес, итине чейин тааныган Жусупжандын “мен элди топтоп бере албайм” дегени туура эмес эле. Бакиев Сузактык болсо, Жээнбеков да Сузактык, депутат, митингге эл топтоп жаткан жок да, мыйзамдуу Президенттикке талапкер болуп катталган талапкердин жолугушуусу да, Жээнбеков эмнеге Бакиевдерден ушунчалык коркот, деп мен да Жусуптун жоругун жактырган жокмун. Бирок, ошол эле учурда Атамбаевдин да Жээнбековду көчөдөгү “бомждой” кылып, анын жоголгон баласына чейин айтып, уят сөздөр менен сөккөнү да жаккан жок.

Эртеси таң атпай стадиондон куудул Абдылданын үнү жаңырып, Президент Бакиевди көкөлөтө мактап, элди үндөп жатты. Мен мейманканадан чыгып, стадион тарапка басып барып куудулдардын сөзүн угуп турсам Ж.Жээнбеков балдары менен келип калды, кызуу экен. Ал мага арыз-муңун айтып кирди. – “Сузакта, Жалал-Абадда Атамбаевге эл чыкпайт да, Бакиевдерди колдойт да, эмне менин баламды айтат, эгерде аны Бакиевдер жок кылганын билсе, ачыгын айтпайбы, кайда экенин?!”-деп күпүлдөдү. Мен ага: — Жусуп, ал силердин партиянын лидери, сени депутат кылган адам, 200-300 адамды чогултуп, жок дегенде бир жерге жолугушуу уюштуруп койбойсуңбу, душман көзүнө болсо да, сеники да туура эмес. Албетте, Алмаз дагы кызууланып сени сөккөнү аша чапкандык, дедим.

Аңгыча бир аял кыйкырып, “чыгаргыла тезинен, чыгаргыла?-деп жаңжал чыгара баштады. С.Момбеков келип: — “Азике, биз Кыргызстанда жүрөбүзбү? Кыргызбызбы? Тигил аял кеткиле, чыккыла деп тополоң салып жатат, гостиницанын ээси имиш”-деди. Мен Жээнбековго карап, — кой деп койбойсуңбу-дедим. Анын бир адамы барганда тигил аял: — “Мен бала-чака багышым керек, тынч оокат кылышым керек, чыгып кетсин акчасын кайтарып берет”-деп кыйкырды. Көрсө, аларды Бакиевдин туугандары келип, “эмнеге Атамбаевди жаткырасың, азыр чыгып кетишсин”-деп кыйнап жатыптыр, алардын ою боюнча биз стадионго кирип сүйлөп жиберишибиз мүмкүн деп коркушса керек.

Биздин жолугушуубуз Базар-Коргондун “Акман” айылында саат 10до эле. Мен Атамбаевдин балдарына болгула, чыккыла, кеттик, дедим. Бир аз убакыт өтпөй Болот Сүйүмбаев (Атамбаевдин жансакчы башчысы, ишенген адамы) мага келип, — “Байке туалетке кирип чыкпай жатат, көп болду, ичинен жаап алыптыр”- деди. Мен барып такылдатып, чык десем үн жок. Бөлмөсүнө кирсем столдун үстүндө “Путинка” деген арактын эки бош бөтөлкөсү турат. Болоттон, бул эмне?- десем, “түндө Жээнбеков экөө ичкен”- деди. Дагы такылдатып, үн чыкпагандан кийин, арга кетип эшикти күч менен ачтырдым. Ал унитазда олтуруп уктап калыптыр. Өзүн билбейт. Жардамчылары, Илмиянов, дагы башкалар көтөрүп чыгышты. Мен бул соо эмес ко, арак менен кошо уулантып салган эмеспи, силер эмнени карап жүрдүңөр,- деп анын жардамчы, жан сакчы, врачтарына кыйкырдым. Алар, “жок ууланган эмес, көбүрөөк ичип алыптыр, байке бизди угат беле, кечинде өзүңүз көрдүңүз го”- дешти. Мен аларга эгер мас болсо тезинен соолуктургула, жолугушуу эмне болот,- деп жатканда, эшиктен жанагы аял үч-төрт адам менен дагы келип: “тезинен чыгып кеткиле, болгула”- деп туруп алышты. Жиним келип, тигил аялга бир тийдим. – Өлүп баратасыңарбы?! Азыр чыгабыз, эшикке чыгып тургула!-дедим.

Илмияновго, — кеттик, башка жерден соолугат, алып чыккыла, бирок мунун абалын эч ким көрбөсүн, дедим. Өзүм эшикке чыгып Жээнбековду издесем, жок. Оюма ар нерсе кетти. Эгерде Ж.Жээнбеков экөө арак ичип мас болду дейин десем, Жээнбеков сыртта өзү басып жүрөт. Бирөөлөр уулантып койгон жокпу деген ой башымда айланып туруп алды. Алмаздын мындай абалда, өзүн билбей калганын мурда көргөн эмесмин. Эми жолугушуу эмне болот? Бул абалында элге кантип барат деп, тынчым кетип турганда аны тигилер көтөрүп чыгышып, машинага салышты. Аларга менин артыман айдагыла деп, Базар-Коргондогу суу сактагычтын жээгине келдик. Чыдабай врачынан, сообу,- деп сурадым. Ал, “өтө көп ичип алган”-деди. – Соолуктур, укол бер, элге барышыбыз керек,-десем, “жок, баралбайт, эми көпкө өзүнө келбейт”-деди. Мен Алмазга келип, — эй досум, кандай акывал?-десем, “жакшы, жакшы, не дождетесь”-деп бир нерселерди булдуруктады.
Убакыт саат ондон өтүп баратат. Болотко, силер ушул жерде калгыла, муну соолуктургула, иши кылып эртеңки жолугушууга даяр болсун, бүгүнкү жолугушууну эптеп бүтүрөмүн,-деп Акманга кеттим. Жолдо ар шылтоону издедим. Кечигип жатат дейин десем, биздин кечээ эле келгенибизди эл билет эле. Акыры ооруп калып, врачтар карап жатат, келалбайт дегенге токтодум. Эл менен жолугушуп ошентип айттым. Ошол учурда артыман Атамбаевдин машинасы келип калды. Мен телефондон, эмне келдиңер, деп Болотко чалсам, “Байке болбой коюп, айдатып келди”-деди. Анда эл билбесин тегеректеп курчап алып келгиле, эл шек албасын,-дедим.

Мен элге: — Мына ооруп, сүйлөөгө дарамети болбосо да, силерди сыйлап келиптир,-дедим. Эл ага да макул болду. Ошол учурда Д.Садырбаевдин эжеси трибунага чыгып, “атайын биздин элге, жерге келсе, жок дегенде кыргыздын салтын кылып калпак менен чепкен кийгизип коеюн”- деп, кой дегенге болбой, өзүм кийгизем деп, артта далдаада турган Атамбаевге кийгизди. Ошол учурда ал эжеге, элге рахмат айтам деп, балдардын колунан суурулуп чыгып микрофонго өтүп кетти… Анан сүйлөдү дейсиң… Бийликтин агенттери сүрөткө, видеого тартып алганга жетишти. Мен балдарга, артка алгыла деп, аны көп сүйлөтпөй микрофонду алганга аракет жасадым. Бирок бийликке эптеп кичине сүрөткө тартып алса жетиштүү эле. Жарым саат өтпөй туш тараптан, “Атамбаев мас болуп жүрөт дейт, чынбы?”-деген сууроолор жаай баштады. Мен элге айткан сөзүмдү бардык сурагандарга айтып, мүмкүн уулантып же окутуп коюшу мүмкүн дегенди коштум.

Чындыгында эле, мен ал бир гана арак ичип мас болгон эмес, кандайдыр бир жол, же нерсе менен ууланган болуш керек деген ойдо элем. Жыйындан кийин бара турган жер жок, Жалал-Абадга кире бергендеги атактуу мантыханалардын бир бөлмөсүн алып, эч кимди киргизбей аны эсине келтирүүгө аракет жасадык.
Атамбаев ошол жерде менин колумду бекем кармап, балдары, неберелери, өзгөчө кызы жөнүндө айтып, “алар эмне болот, карап жүр досум, мен өлөт окшойм, мен өлсөм саясий күрөштү уланткыла, менин мураскорум Бакыт Бешимов болсун, өзүң күрөштүн башында тур”-деп мураскору жөнүндө да айтып жиберди. Врачы болсо, “Бишкекке алып барып канын тазалоо керек”-деди. Бул абалда кантип Бишкекке алып кетесиңер, оболу аз да болсо өзүнө келсин,-дедим. Атамбаевдин Сузактагы кудасы эске түшүп, күйөө баласы биз менен жүрөт эле, үйүңөр кайда, десем, Жалал-Абаддын четинде деди. Үйүңөргө баралы, ал жерде эс алсын, бул коомдук жерде көпкө калганга болбойт, десем, атасы Бакиевдерден коркуп жатканын айтты. Ал атасы менен сүйлөшөйүн деп чыгып кетип, кайра келип макул болду. Кечке жуук биз ал куданын үйүнө бардык.

Мен Ошко С.Жээнбековго телефон чалып, болгон окуяны түшүндүрдүм. Молдолоруң болсо ала кел, Атамбаевге дем салдырып да көрүш керек, -дедим. Атамбаев таңга маал өзүнө келди. Өзү туруп эшикке чыгып келди. Мен ага, — аз жерден Бишкекке жөнөтүп жиберейин дедим, бир нерсе болсоң дооңо каламынбы деп, деги соосуңбу досум, -деп тамашаладым. Чынында эле ага аябай боорум ооруп, аяп тургам. Кийин ал менин ушул сөзүмдү кичине бурмалап, “көзүмдү ачсам Азике досум, муну Бишкекке алып кеткиле, доого калбайлы”-деп жаткан экен”-деп интервью берип жүрдү. КТР, ЖТРден бийлик Акманда тартып алууга жетишкен сүрөттү күнү-түнү көрсөтүп жатып калды. Атайын дискке жаздырып айылдарга таркатышты. Азыр да айрым интернет сайттарга чыгарып жүрүшөт. Ушул күнгө чейин бул факты боюнча мындай майда-чүйдөсүнө чейин айтпаган элем, биринчи жолу жазып жатам.

Эл чындыкты билүүсү керек. Айрымдар айткандай, “Атамбаев Жээнбеков экөө кечинде мейманканада бирге болуп, сөгушүп, ичимдик ичиши мүмкүн, эртеси “невменяемый” абалында эл менен жолугушууга келгени да чындык, аны Жусупжан өзү да жазып жүрөт. Бирок, Атамбаевдин жөндөмсүз (невменяемый) абалдан өзүнө келгенге чейин жанында жүргөн киши катары, ошондон кийин ичи, буттары каканактап, ириңдеп тешилгенин, териси бузулганын көргөн адам катары азыр да өз сөзүмдө кала берем, Атамбаев бир гана ичип мас болгон эмес, дагы ууланган, бирок эмне менен, кандайча ууланганын ушул күнгө чейин билбеймин. Ал кийин Туркияга барып дарыланып келди. Ошондо ууланыпмын деп айтты.

Эртеси Жалал-Абад шаарынын борборундагы маданият үйүнүн эшигинде Жээнбековсуз эле шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдүк. Бакиевдердин обончуларына каршы биз дагы Жалал-Абадда мага тааныш айымдар баш болгон “менин обончуларымы” койдук эле, алар бири-бирине батынып тийе албай, жолугушуу ыр-чыры жок өттү. Жолугушууга 150-200дөй адам келди. Ошол эле күнү Ошту көздөй жөнөдүк. Өзгөнгө жетпей С.Жээнбеков тосуп алды, мен алардан уруксат сурап Бишкекке кеттим.

Атамбаевдин өз айылы Арашандагы жолугушуу да өзгөчө болду. И.Өмүркулов колунан келишинче уюштурган экен, клуб толуп эл батпай калды. Мен түштүктүн эли Атамбаевди колдоп жатканын ашыра айтып, арашандыктардын намысына тийимиш болдум. Нарында А.Шыкмаматов Атамбаевди эл менен жакшы жолуктурду. Чеч-Дөбөдө элдер ат мингизип жиберишти.

Бишкекте мен, Текебаев, Исаков, Отунбаева, Чолпонбаев болуп бир нече жерде жолугушуу өткөрдүк. Бир жолу Атамбаев мени чакырып: — “Апиченди Бишкектен алам, анын ордуна Асель Кодуранова болот”-деп калды. Себеби эмне?-десем, — “Биздин партиянын чечими”-деди. Мен, өзүң бил дедим. Ичимен Отунбаева ким, Кодуранова ким деп ойлодум. Менимче, ортодо чагымчылар иштеп, Атамбаев пендечилик кылып жатат окшойт, деп тим болдум. Бишкек шаарынын 3-4 жеринде Атамбаевди мен, Исаков, Текебаев, коштоп жүрдүк.

Түштүктөн келгенден кийин Арашандагы багына үй тигип, бүт уул-кыздарын, келиндерин, неберелери менен топтоптур. Мени чакырып, аларды мага тааныштырды. Ошондо ичин, буттарын мага көрсөттү. Денеси каканактап, тешилип кеткен экен. “Ушуну менен Бакиевдер мени эки жолу уулантты”, -деди. Мурда 2007-жылы Атамбаев Премьер-министр кезинде Ак үйдөн ууланыптыр деген сөз чыккан.

Таластын эли менен жолугушуу өтө кызык болду. Атамбаев Премьер-министр кезинде 2007-жылы “Жер үй” маселеси боюнча Таласка барып, эл жол тосуп, болгон жаңжалдын таасири Таластан али кете элек экен. Бир нече активисттерге кылмыш иши козголуп, айрымдары соттолуп, айрымдары сыртта качып жүрүптүр. Ошол үчүн Шерниязов мага кирип маселе койду, — “Мен Азике, мурда айткандай Текебаев экөөң үчүн гана унчукпай жүрөм, Таласка бар десеңер барайын, бирок Атамбаев менен БЭКтин лидерлери баарыңар барасыңар, болбосо мен жалгыз Атамбаевди коштоп барбайм”- деди. Мен бул сөздү Атамбаевге айттым. Ал башында дөңкүп алып, аягында көндү. Болгону “силер сүйлөбөйсүңөр, мен гана сүйлөйм”- деди. БЭКтин саясий бюросун чакырып, баарыңар Таласка барасыңар дедим.

Мындай нерселерди уюштурууга мастер Болот иним Суусамырдан бизди тосуп, жүздөй машина менен Таласка кирмей болдук. Ар бир машинада “Ата-Мекендин”, КСДПнын, “Асабанын” желектери илинген ушундай шаан-шөкөт менен Таласка кирип бардык. Таластагы биринчи эле жолугушууда Атамбаев: “…Таластыктар жоолук салынып алгыла, Манастын көрүн казып жатса унчукпайсыңар!”- деп бир нече жолу демитип өттү. Жыйын бүтөрү менен 5-6 аксакал мага басып келип: — “Азимбек, Атамбаевге айтып кой, элге асылбай сүйлөсүн, биз Атамбаевди эмес, силерди сыйлап унчукпай турабыз”- дешти. Мен кечинде Атамбаевге элдин бул сөзүн айтып, “жоолук” жөнүндө экинчи айтпашын сурандым. Ал унчукпады.

Кечинде биз Шерниязовдун кайын журтунда, менин оготур туугандарымдын айылында түнөдүк. Биз дегеним – БЭКтин саясий бюросунун Таласка келген мүчөлөрү Тургуналиев, Отунбаева, Текебаев, ж.б. бар болчу. Исаков, Жекшенкулов, Булекбаев, Каптагаевдер подпискада камакта болгондуктан, келишкен эмес.
Бакай-Атада чоң жолдун боюнча эл менен жолугушуу белгилениптир. Ар дайым жолугушуунун алдында эл топтолгуча жарым сааттай Сагынбек Момбеков элдин көңүлүн көтөрүп, гитаранын коштоосунда “Сат, сат”, “Кайдыгерлик”, “Аксы ыйы”, “Дүжүр чалдар” ж.б. ырларын аткарып турчу. Аны да сүйлөбөйсүң, болгону ырдайсың деген шарт менен алып жүрдүк. Башка ырчы, бийчи алган эмеспиз. Бул жолу Сакем жарым саат эмес, бир сааттай ырдады. Атамбаев жок. Мен телефон чалсам, Илмиянов ал киши намазга кирип кетти эле, азыр-азыр деп, кечигип жатты. Эл таркай турган болуп калганда, арга кетип, шартты бузуп, элди алаксытып туруу үчүн Топчукеге сөз бердик. Топчуке адатынча элдин көңүлүндөгү сөздөрдү айтты эле, эл тынбай кол чапты. Атамбаев дагы деле жок. Андан кийин Отунбаевага сөз бердик, андан соң Текебаевге сөз берүүгө туура келди. Ошол учурда гана Атамбаев келди. Сүйлөдү. Дагы Манастын көрүн казып жаткандарды айтып, “таластыктар жоолук салынып алгыла”- деди.
2008-жылы Таласка дүйнөлүк “көзү ачыктардын” демилгеси менен Мамлекеттик катчы А.Мадумаровдун макулдугу, Президенттин кеңешчиси Ч.Абыкеевдин коштоосу менен Манастын күмбөзү жайгашкан жердеги Короол Дөбөнүн түбүн изилдөө үчүн атайын эл аралык экспедиция келип, Короол Дөбө казыла баштаган. Буга кыргыз коомчулугу нааразы болуп, элдин каршылыгынын негизинде казуу токтотулган. Атамбаев ушул жөнүндө айтып жаткан болчу.

Бакай-Атадагы жолугушуу аяктап, баарыбыз Б.Шерниязовдун айылына келдик. Түнөп, эртең менен тамак ичип олтурсак сырттан Атамбаев кирип келип, улагада тикесинен турган боюнча: — “Силер эмне мени “суфлер” кылайын дейсиңерби, эмне үчүн мага чейин сүйлөйсүңөр, сүйлөшпөдүк беле?!- деп демите кетти. Текебаевдин жини келип, — “Азим, досуң менен өзүң сүйлөшчү”- деп ордунан туруп эшикке чыгып кетти. Топчукем: — “Алмаз, олтур айланайын, сен кечигип кеткениңен кийин, сен келгиче элди кармап туруу үчүн сүйлөдүк, жаман сөз айтпадык”- деди. Ал: -“биз сүйлөшпөдүк беле, силер сүйлөбөйсүңөр деп”,- дагы опурулду. Шерниязов менен Отунбаева да эшикке чыгып кетишти.

Мен Атамбаевге, — Алмаз, ар нерсенин чеги болот, өзүң кечигесиң да, анан элди алаксытып, эптеп токтотуп тургандарды кайра күнөөлөйсүң, Тургуналиев, Отунбаева, Текебаевдер сенин сөзүңдү сүйлөй турган адамдарбы? Сенин “Алканов мындай, Сариев тигиндей, Бабанов баландай”- деген сөздөрүң өзүңө эле кут болсун. Сен көп кечиккенден кийин эл тарай баштады. Аргабыз кетип элди токтотуп туруу үчүн буларды мен сүйлөгүлө деп өтүндүм. Урушсаң жеке мени менен уруш. Баары тең сени ай, асманга теңеди. Ушунчалык кыйын, ошол үчүн баарыбыз Атамбаевди бир талапкер кылып ээрчип жүрөбүз,- дешти. Анын эмнеси жаман? Башка сөз айтышкан жок, эгерде булар сенин сөздөрүңдү кайталаган болсо чакыр күбөңдү, ким айтты сага андай сөздөрдү. Бул жерде жүргөн адамдар баары сени колдоп жүрүшөт, рахмат айтпайсыңбы буларга, деп мен да катуу тийдим. Ошондон кийин ал жумшарып чайга олтурду. Мен да эшикке чыгып кеттим.

Кезектеги жолугушуу Кара-Буура районунун борборунда болмок. Биз суу сактагычтын кырына келип, эрте болгондуктан, сууну көздөй таш ыргытып туруп калдык. Мен баарын топтоп, айрыкча Шерниязовду тынчытып, болду, ал түшүндү, эми мындан кийин ал өзү суранса да сүйлөбөйбүз, деп макулдаштык. Ошондо Роза апиче мага карап, — “эй Азимбек, олээ, кимди президент кылабыз деп ээрчип жүрөбүз ыя?”- деп бетин чымчыды. Кара-Буурага элге келгенде күтүүсүз окуя болду. Биз сценага чыгып, Атамбаевди күтүп турдук. Атамбаевге сөз бергенде ал: — “Бизде БЭКтин начальниги бар, Азике досум сүйлөсүн”- десе болобу. Модераторлук кылып жаткан Отунчу байке микрофонду мага берди. Мен кыска, БЭКке кирген бардык саясий күчтөр Атамбаевди колдойбуз, сөздү анын өзүнөн уккула деп, микрофонду кайра ага сундум. Атамбаев кылкылдаган элди, эл арасындагы кыпкызыл болгон “Ата-Мекендин” туусун көрдүбү, -“Бул жерде “Ата-Мекенчилер” көп экен, “Ата-Мекендин” лидери Өмүке досум сүйлөсүн”-деп микрофонду Текебаевге берди. Текебаев “Ата-Мекен” партиясы да Атамбаевдин талапкерлигин колдойт, талапкер өзү сүйлөсүн”- деп кайра берди. Ошол учурда микрофон сунуларын сезген кексе Топчуке эл арасына түшүп кетти. Аргасы кеткен Атамбаев өзү сүйлөдү. Бул жолу “жоолук” жөнүндө сөз болбоду. Андан соң БЭКтин аксакалдар кеңешинин атынан О.Нарбековдун атынан Д.Шадыбеков сүйлөп, Нарбековдун атынан калпак, камчы, чапанды Атамбаевге берди. Түштө обед маалында Атамбаев эртең мененки жоругу үчүн кечирим сурады. Топчукем, “кечирдик, айланайын кечирдик, кечирим сураганың азаматтык”- деди.
Шайлоонун эң башкы кульминациясы же эсте кала турганы — шайлоо болуп жаткан күнү саат 13кө жакын эч ким менен кеңешпей туруп Атамбаевдин өз талапкерлигин алып салганы болду. Дагы бир талапкер Назаралиевдин тилине кирдиби, же башка жагдайлар таасир болдубу, шайлоонун таза эмес жүрүп жатканы боюнча Назаралиев экөө пресс-конференция берип жатып, Атамбаев капысынан эле, “мындай шайлоого катышпайбыз”-деп салды.

Бийлик, айрыкча мындай ойлонулбай айтылган сөздү “майын” чыгара жараян кылчу КТРдин жетекчиси М.Эшимканов заматта “Атамбаев өз талапкерлигин алды” деп будуң-чаң салууга жетишти. Мыйзам боюнча талапкерлер шайлоого үч күн калганга чейин шайлоодон чыгып кетүүгө болот, аны карабады, сөзүнөн кармашты. Бириксек жеңебиз деген шайлоодогу урааныбызды, оппозиция биригип, бир талапкерге токтоп, бийликке нааразы болгон элди да бириктирүүгө жетишкен БЭКтин мээнетин Атамбаев өзү ойлонбой сүйлөп ойрон кылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *