«Жашында билим албагандардын башына азаптуу карылык келет».
ЕКАТЕРИНА II

Мен билген Жолдош Турдубаев убагында атагы ааламга кулач жайган алп жазуучу Чыңгыз Айтоматовдун назарына илинип калган жайы бар. Ал тарыйка мамындай: «Кто он, «родственник-современник?», «Айтматовская ересь», «Преодоление времени», «Художник против тоталитаризма или как остановил Айтматов поезд №17»), «Эзилген эл, эсил тил», ««Манас» эпосундагы «адам өлчөө», «Япон керемети жана уйкудагы Манас», «Два полюса антинационального», «Языковая ситуация и барьеры безъязыкости» жана башка публицистикалык-аналитикалык макалалары 1990-жылдарда коомчулукта чоң резонанстарды жараткан. Эгемендик шарданынан кийинки эмгектери биринин артынан бири жарыяланып турган ошол кезде бул адабиятчынын чыгармачылыгына залкар жазуучу өзү да көңүл буруп, жогору баа бергенин билебиз. Өзү кыргыз жана орус тилдеринде жазган мыкты публицист, тубаса стилист. Учурда «Кутбилим» гезитинин илим бөлүмүнүн редактору болуп иштеп жүргөн кези. Ошондон улам окурманга омоктуу ойлорун айтаар Жокени кепке тарттык. Эс пештээр кыргыз бардыр дедик…
– Жолдош байке, биздеги илим-билим тармагын жакындан билген кишисиз. Ошондон улам сиз менен Кыргызстандагы мектеп партасынан баштап жогорку окуу жайларга чейинки билим деңгээли туурасында ачуу сөз, ачуу чындыкка жем таштаар ойлоруңузду ортого салсак дедим эле… Азыркыдай туташ билимсиздиктен чыгуу үчүн кандай реформа керек? Дегеле билим берүү озуйпасын мугалимдерге гана жүктөгөндөн мурда, биринчи кезекте билимге болгон мамиле үйбүлөдөн башталыш керек болуп жүрбөсүн?
– Баланын билим, таалим алышы үйбүлөдөн башталып эле калбастан, дайыма ата-эненин колдоосу, сүрөөсү же тескерисинче, тоскоолдук кылышы, адаштыруусу менен коштолот. Жоопкерчиликтин баарын мектепке, мугалимдерге жүктөп салып, баласынын сабактан кийин кайда эмне кылып жүргөнү менен иши болбогон, өздөрү терс «өрнөк» көрсөтүп жүргөн замандаштарыбыз көп.
Студент кезде «чыныгы интеллигент болуу үчүн үч дипломуң болушу керек: биринчиси – өзүңдүкү, экинчиси – атаңдыкы, үчүнчүсү – чоң атаңдыкы» деген тамаша-чыны аралаш сөздү уктум эле. Бизде нукура таалимдин, бардар жашоо эле эмес, инсан катары жетилүү үчүн да зарыл болгон сапаттуу билимдин кадырын билгендер өтө аз. Ошондуктан турмуш кургандардын бала төрөөгө же төрөтүүгө биологиялык жактан даярдыгына гана эмес, рухий, маданий жетилгендигине да көңүл буруу зарыл. Эгер ата-эненин тарбия, таалим маселелери боюнча такыр наадан экендиги оркоюп калса (тилекке каршы, азыр ушундай мисалдар көп кездешет), алар менен социалдык педагогдор, аксакалдар соттору, аялдар кеңештери – бир сөз менен айтканда, коомчулук ырааттуу иш жүргүзүшү керек. Мисалы, Лейлекте Гапыр Мадаминов аттуу агай бар, «Энелер мектебин» уюштуруп жүрөт.
– Өзүңүз билесиз, биздин элде “балам, сени адам болсун деп жогорку окуу жайдан окуттум” деп баласына колкоо кылгандагыдай ата-энелер толтура. Бирок ошол баласы алган билим турмушка керегин тийгизбегенден улам бизде дипломдуу бекерпоздорду четтен табасың. Жогорку окуу жайын бүткөндүн далайы адам болуп кетпегенин деле коомдук турмушубуздан көп эле кезиктирип жүрөбүз. Дегеле сиздин түшүнүгүңүздө жогорку билим менен орто билимдин маани-маңызы эмнеде? Же биз бүгүн жогорку билимдүүлөргө ушунчалык эле муктажбызбы? Же ушундай чакан өлкөбүздү орто билим, же кесиптик билим менен эле өркүндөтүүгө мүмкүн эмеспи?
– Жумушсуз калуунун өзү адам үчүн кандай оор! Ал эми жогорку билимдүү деген диплому бар, бирок үйбүлөсүн эмес, өзүнүн кара жанын бага албаган арабөк байкуш болуп калуудан өткөн кордук болобу? Азыркы диплом деген кагаздын басымдуу бөлүгү чындыгында аны алган кишинин баёолугун же оройураак айтканда, наадандыгын гана күбөлөндүргөн документ. Беш (азыр төрт же алты) жыл бою сессияда баа сатып алып, мал багуудан же дыйканчылыктан бошогонуна сүйүнгөн немелер ата-энесин да, өздөрүн да алдап жүрүшөт.
Атактуу жазуучу Максим Горький башталгыч класстарды гана бүтүргөн экен, бирок дайыма изденип окуп, турмуштун казанында кайнап, эң эле кыйын делген университеттер бере албагандай бай, терең билимге каныккан тура. Дагы бир мисал. Биздин айылдан Беккулов Мансур деген киши бар. Орто мектепти бүткѳн соӊ турмуш шартына байланыштуу окуусун улантпай калган бул киши чындыгында абдан билимдүү. Азыркы эмес, мурдагы жогорку окуу жайларын бүтүргѳндѳрдүн кѳбү Мансур аке билгендин ондон бирин түшүнбѳйт.
Дагы бир мисал. Интерфакстын кабарчысы Игорь Шестаков менен бир ирет жанаша отуруп калганда кайсы университеттен окуганын сурадым… Көрсө, ал Новосибирск университетинин журналистика факультетин 3-курстан эле таштап салып, шаардык гезитке корректор болуп жумушка орношкон экен. Ар кимдин жазганын, редакциялаганын көз алдынан өткөрүп, өзү да колунан келишинче жазып жүрүптүр. Эки жыл ичинде кадимкидей такшалып, камчы салдырбай иштеген журналистке айланыптыр. Анын «отличница» деп эсептелген курсташы окуусун бүтүп, дал ошол гезитке келгенде, эң эле жөнөкөй жанрлар боюнча да эч нерсе жаза албай, корректорлукка түшүп, акыры ал орундан да сүрүлүп калган экен.
Мындай мисалдар толтура. Ток этер жерин айтканда, ата-энелер балдарынын шык-жөндөмүнө, эмгек базарындагы жагдайга карабай эле дипломду гана ойлошот. Мен билим алуу, кесип тандоо жөнүндө кеңеш сураган жаштарга дайым айтам: дипломдуу байкуш болгондон көрө колуңдан келген каалагандай ишти – малчылык, дыйканчылык, соода, машине оңдоо, электрик, сантехник ж.б.у.с. – мыкты өздөштүргөнүң миң эсе артык. Азыр бир жакшы көрүнүш байкалууда дейт менин бир таанышым – айрым техникалык лицейлерге конкурс университеттерге караганда ондогон эсе чоң болуп жатыптыр. Таза иштеп, ак эмгеги менен тиричилик кылган каалагандай кесиптин адамдары мамлекеттин эсебинен мителик кылган «чоңдордон» өйдө.
– Анан да биздин элде туура эмес эрегиштер абыдан көп, мисалга: “баландайдын баласын карачы, сен ошондон эмнең кем?!” деген ата-энелик эгоисттик менен баласын кааласа-каалабаса да кайсы бир окуу жайга түртө салгандар четтен табылат…
– Ооба, кошунасынын же мындайыраак тууганынын уулу юрфакка же экономфакка өтүптүр деп уккан болсо, атаандаштыктан уйкусу бузулуп, окуу дегеле түшүнө кирбеген баласын койбой жатып киргизет; параны олчойто төгүп контракт акысынан тышкары.
Дегеле биз, кыргыздар, атаандаштыкка, тагыраагы мунун пас, караңгы түрүнө – эрегишүүчүлүккө жакынбыз. Айылда бирөө тойго хаммер алып чыгыптыр десе, эртеси анын досу эки-үчтү катары менен тизип чыгат. Азыр айрыкча Ош тарапта калкты материалдык жакырчылыкка түрткөн рухий жакырчылыктын бул апааты кеңири жайылган дешет.
Дегинкиси, жогорураак, акылдуураак деңгээлде болсо, атаандаштык жакшы нерсе, базар экономикасынын да жүрөгү ушул эмеспи. Биз элибиздин куру намысчылдыгын, эрегишкен куру дымагын чыныгы намыстуулукка, утурумдук эмес, узак мезгил бою элдин эсинде калгыдай зор иштерди жасоого умтулган максаттарга багыттап, наадандыкты дайыма ашкерелей жүрүшүбүз керек деп ойлойм. Төгүп-чачып жегенден кийин ашказандан ары кеткен тамак көп болсо 1-2 жыл анча-мынча соргоктун эсинде калат. Андан көрө ошол ысырапчыл аш-тойлорго корогон чыгым таланттуу балдарга, мыкты мугалимдерге стипендия, сыйлык, байге катары коросо дейсиң. Ошондой саамалыктарды уюштуруп берген сүрөөнчүлөрдүн жардамын бир нече муун эскерет, элге пайдасы да миң эсе бийик болмок.
– Бүгүнкү күндөгү мектептердеги, ЖОЖдордогу көмүскө түрүндө да, ачык түрүндө да канатын жайган коррупция канткенде жоюлат деп ойлойсуз?
– “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген эмеспи илгеркилер. Менимче, мамлекет бекер билим берет деген конституциялык жобону тийиштүү мыйзамдарда, жоболордо турмуш кыстоосуна жакындатып такташы керек. Акысыз билим берүү керек, зарыл, бирок канчалык өлчөмдө, кимдерге? Бюджеттен мектепке эле эмес, бардык тармактарга делген чыгымдардын канчасы качан каякка ким аркылуу жумшалып, натыйжасы, кайтарымы кандай болуп жатканы, туура эмес жумшалган же коромжу кылынган каражат үчүн ким жооп берери атайын сайттарда чагылдырылып турушу керек деп ойлойм.
90-жылдары Чынара Жакыпова Соростун программалары боюнча Кыргызстанда сарпталган акчанын ар бир центине чейин гезиттерге жарыялап турчу эле го, жарнама акысын да төлөп. Азыр салык төлөөчүлөрдөн түшкөн каражаттын чыгымдалышын элге көрсөтүп туруу үчүн кагаз, басмакана чыгымдары ж.б. да кетпейт.
Анан мектепке бюджеттен тышкаркы каржы булактарын тартуу мүмкүнчүлүгүн болушунча кеңейтүү зарыл. Ата-энелерден алынуучу жардамдын да сарпталышын дайым жарыя кылып турса жакшы болор эле. Айтайын дегеним – мугалимдердин эмгек акысын номиналдуу эмес, реалдуу түрдө көтөрбөсө, билим пайдубалы борпоң бойдон кала берет. 5-6 миң сом алган мугалимди жакшы иште деп кантип айтабыз?
– Чын-чынында биздеги билим берүү тармагы бүгүн эле коррупцияланышып кетти дегенге да болбойт, эсиңиздеби, тээ Совет доорунда деле баласын жогорку окуу жайга окутуш үчүн далай ата-эне жалгыз чычкак улагы болсо да сатып, борбордо тааныштан тааныш издеп эле жүрчү?.. Айтор пара бермей адатыбыз канча муундун кан-жанына сиңип калганы туурасында да унутпашыбыз керек ко дейм: азыркы коррупция тамырын кантип жулабыз дегенден мурда?
– Пара бермей адат – рухий малайлыктын көрүнүшү. Жок эле дегенде дипломдуу деп эсептелишти (муну шылтоолоп беш жыл бекер жүрүштү), болбосо эптеп мамлекеттик кызматка илээшип алууну ойлошот биздин жаштар. Билими, кесиптик камылгасы жагынан тептегерек нөл, жеп-ичкенден башканы билбеген немелер мамлекеттик кызматтарга илээшип, атүгүл депутат болуп жатканын көргөн соң жаштар алдамчы үмүткө азгырылат ко. Бул коомдо мите түзүмдөр үстөмдүк кылып жаткан жагдайдын туундусу деп ойлойм. Элдин наадандыгы башкаруу тутумундагы (системасындагы) мителердин кутурушуна өбөлгө түзүүдө.
Жаман көрүнүп болсо да, ачуу чындыкты көбүрөөк айтып турсак, балким, жүз кишиден бири сергегирээк ойлонуп, балдарына, туугандарына да таасирин тийгизер? Ушул жерден бир олуттуу нерсени тактай кыла кетпесек болбойт. Мисалы, коррупция бардык тармактарга – бала бакчадан, мектептен ооруканаларга чейин жайылды деген сөз өтө көп айтылып жүрөт. Муну айрыкча жогорку даражалуу билермандар көп кайталайт. Эмне үчүн? Менимче, мугалим баш, ак халатчан врач төш болуп пара алып жаткан соң, бизди сындабай эле койгула дегени алардын. Чындыгында бул 99 пайыз калп. Мугалимдердин басымдуу көпчүлүгү чемичке, тамеки сыяктуу майда-барат саткан базарчынын бир жумалык пайдасына жетпегендей айлык алганына карабастан, мектептен кетпей, колунан келишинче сабак берип жатат. Лейлектик Гапыр агай бул боюнча мындай деген эле: «Азыр депутаттыкка жулунган бирөө карыяларды чакырып чай берсе, беш-алты кишиге жарым тоннадан көмүр түшүрүп берсе, журналисттер ошону айга-күнгө теңеп мактап жатып калышат, сооп иш кылды деп. Чындыгында бир дагы бай, мансапкор мугалимдерчелик сооп иш кыла элек: агайлар менен эжейлер түйшүктүү мээнетинин жарымына да арзыбаган айлыкка, демек, калганын бекер иштеп берип жатат».
Албетте, беш манжа тең эмес, жакшы бааларды, кызыл аттестатты соодалап жүргөн мителер мектепте да бар. Айрыкча университеттерде студенттерден акча албаган окутуучулар жокко эсе болуш керек. Бирок айлыгынын аздыгынан такыр сабакка келбей, баарын акча менен гана бүтүрүп жүргөндөрдөн алгандар менен мыкты окуган балдардын да канын соргон мителерди айырмалоо керек.
Бизде билим берүү тутуму базар экономикасына өтө албай жатат. Жок дегенде контракт менен окугандар эмнеге төлөп жатканын ойлосо жакшы болор эле. Жалган баа, иш жүзүндө жасалма диплом үчүнбү же сапаттуу билим, турмушта керектүү адис кылып окутуп үйрөткөнү үчүнбү? Жакшы окуткан окутуучуларга, мугалимдерге эл да, колунда бар ишкерлер да, ар кандай фондулар да жардам бериши керек.
Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *