Алакандай аңгемелерден

* * *

Стамов Зейненин (Ш.Дүйшеевдин жубайы – ред.) бир тууган таякеси болорун биз баш кошкон 1979-жылы эле уккам. Бирок жардам сурап кайрылган эмесмин. 1982-жылы китеп чыгарсамбы деп, ошол учурда Нарындан которулуп, «Кыргызстан» басмасынын деректири болуп иштеп жаткан Барктабас Абакировго келип кирдим. Жаман алымда кол алдында иштеп калдым эле, балким, жардамы тиер деп ойлоп жүрбөймбү. Абакиров салкын кабыл алып, муздак узатты. Басмадан супсунум сууп чыгып баратып оюма эмнегедир Стамов түштү. «Бишкекке эми дагы качан келеримди ким билет, биротоло буга да кире кетейин» – деп чечтим.

* * *

Маданият министрлигине эртеси таңкы саат 8де келип, «А.Стамов – министрдин 1-орун басары» деген каалгадагы жазууну улам-улам карап коюп күтүп олтурам. Бир маалда эле кара кайыш плащ кийген Стамов келип, кабинетине кирип кетти. Артынан удаа кирип эле салам айттым.

– Эй, сүзө качырган кандай тартиби жок немесиң? Чыгып кет! Бүгүн киши кабыл албайм!– деп орой, өкүм, кесе айтты.

«Жолум жок экен. Мунусу да болбой калды» – дедим да, чыгып баратып:

– Жакшы калыңыз. Мен күйөө балаңыз болот элем,– деп, эшигин жаап баратканда:

– Эй, коё турчу? Кайсы күйөө бала? –деди.

– Зейненин күйөөсүмүн,–дедим.

Дегенде эле:

– Анан жана эле ошентип айтпайсыңбы, кел олтур, –деди да секретарын чакырып, «мен жокмун» деп эскертип коюп, адегенде Зейненин ден соолугун сурады. – Ат-Башыда чириген бир байдын баласына турмушка чыгыптыр дешти эле, ошол байдын баласы сенсиңби?–деди.

Мен ичимден: «Өзү жазуучу болсо, байдын баласы ыр жазбасын билээр» деген ой менен машинкага басылган кол жазмамды сундум да ал-абалымды, ушу кезде «Нарын правдасы» гезитинде кабарчы болуп иштээримди айттым.

– Бара бер. Кол жазамаңды калтырып кет, окуп көрөйүн, Зейнеге салам айт? – деп узатты.

Ошол бойдон Стамов да, кол жазма да эстен чыкты.

* * *

Бирок турмуш деген кызык экен. …1983-жыл тагдырыма бурулуш жыл катары кирди. Алакандай Нарындагы редакция бир күнү эле дүрбөлөң түшүп, мени Маданият министринин 1-орун басары Асанбек Стамов өзү издеп жатканын «сүйүнчүлөдү».

– Сен бала, кызматыңды өткөргүн да, бул жакка тезинен кел. Сага мындан ары Нарында калууга болбойт. Зейнени Чаекке жеткир. Эртең мага киргин? – деди Стамов телефондон, мен Бишкекте жүргөнсүп.

* * *

Ошентип заматта Нарындан борборго келип, Кыргыз филармониясынын адабият бөлүмүнүн башчысы болуп калдым. Бирок куттуу жерге дароо эле алынып кете алган жокмун. Дайыма бирөөлөрдүн артынан «күбүрөп-шыбырап» турганды жакшы көргөн филармония адамды акылына эмес, өңү менен кийимине карап тосуп алат экен, тилекке каршы, менин агезде филармония каалагандай өңүм да, кийимим да жок эле, адегенде эле ишенбей, жактырбай, сүйбөй кабыл алды. Адегенде «нарындык экен» деп чанды, андан кийин «Назарматовдун иниси экен» деп чанды. «Завлит болуп атактуу адамдар иштеген жердин кутун учуруп, каяктагы какаган, жүдөгөн немени алып келип койду» – деп чанды. «Эл шайырларынын» бригадири Эстебес байкем чаламандын чак түшүндө артисттерин Чоң залга олтургузуп алып, сүрсөөлөт менен суракка алды:

– Завлит деген көбүнчө биз менен иштешет, программа түзөт, тексттерди карайт, кана, сиз эмне кыласыз? – деп суроо койду сахнага тургузуп коюп.

Өмүрүмдө завлит болуп иштеп көрбөгөн жаным эмне деп жооп бергенимди азыр да айталбайм, эмне айтканым эсимде да жок, бирок канча күүлөсө да күүгө келбеген комузга окшоп, эптеп бирдемелерди «айтымыш» болуп кутулдум. Баштеримди байкаган Эстекем мага купулу толбой, көңүлү кайт болуп, көркөм дүйнөнүн уюткусу болгон бул жерге адашып келип алган бир «кудай албагыр» экенимди түшүнсүн дегенсип, кемер курун жалтылдатып, кундуз тебетейин кулпунтуп, кербез басыш менен сыртын салып, бүтүндөй бригадасын чыртыйтып, канааттанбай, мени сахнага «тургузган» бойдон чыгып кетти.

* * *

Же иштей турган ишимди, же кабинетимди көрсөткөн жан болсочу. Же деректири, же режиссеру: «Кайдан келген эмесиң?», «сен кимсиң?» – деп сурап койсочу. Жетекчилери теңине албаган соң артисттери баратып деле, келатып деле «былчыйта басып», туш келген жерден «тепсеп» кете берген эл болот экен. Ар кимдин бутуна чалынып бир жума жүрүп, такыр айлам кеткенде Асанбек Стамовго кайра барып кирдим.

– Асанбек Стамович, мен кайра эле Нарынга кетпесем, бул жер болгудай эмес, иштей алгыдай эмесмин,– дедим филармониядагы мамилени түшүндүрүп.

– Мындай бир тыңыраак болбойсуңбу!–деди телефонду бурап жатып, анан: – Даниэл, бул деген менин тууганым эмес, сенин тууганың! Алсаң да аласың, албасаң да аласың! Ушуну билип кой!– деди да: – Бар! Экинчи бул маселе менен мага келчү болбо!–деп чыгарып жиберди.

* * *

Тердеп-кургап, Панфилов паркын аралап кайра бардым. Ошонун эртеси деректирдин буйругу менен мага «кабинет» беришти. Назарматов мени көргөн сайын «аллергия» болбоюн дедиби, ким билет, 3-кабатты «ыраа көрбөй», көздөн далдаа болсун деп, 5-кабаттын эң түпкүрүндөгү музейге «айдап» жиберди. Мен ошондо «өлсө өлүп калсын, өлбөсө сүзүп чыгаар» деп дарыяга ыргытып жиберген, өмүрүндө сууга сүзүп көрбөгөн бир байкушка окшош элем.

* * *

Назарматов кайсы бир коллектив репетицияга чакырылбай калса деле, сценага микрофон коюлбай калса деле, көшөгө жакшы тартылбай калса деле, ал тургай «приемныйындагы» секретарь кызга таштаган өкмөткө жөнөтчү кагаз-кугаздары жумалап басылбай калса деле мени күнөөлөп, мени чакырып алып суракка ала берчү болду. Бирдеме десем эле, «ушунун баары завлиттин иши» дейт да турат. Айлам кетип, редакцияда иштеп жүргөндө машинка басканды үйрөнүп алган жаным машинканы да өзүм баса баштадым. Каттар тургай, суранып келген артисттердин арыз-парызы, майда-барат кагаз-кугаздарына, бала-чакасынын метрикелерине чейин жок дебей басып бере берчү болдум. Кийин бир жолу, филармониянын «өз кадрына» айланган кезимде Назарматовдон:

– Эмне үчүн ошондо мени ушунчалык эздиңиз эле? – десем:

– Чыдай албай кетип калса экен дечүмүн. Бирок чыдадың. Башка бирөө болсо эбак кетип калмак, көрсө, сен башка турбайсыңбы, сага таң калдым, – деген эле ыраматылык.

* * *

Асанбек Стамов жакын кайнагам болгон менен чакырган учурларында эле бара калбасак, өмүрүбүздө үймө-үй катышып, камыр-жумур болуп аралашкан жокпуз. Айрым бир жыйындарда гана жолугуп калбасам, ага атайылап «проблемаларымды» чечип алыш үчүн басып барбадым. Ичимде: «Нарында жүргөн жеримден атайылап алып келгенден кийин уят кылбай иштейин» деген гана ой болду. Ошол ой менен филармонияда сегиз жыл иштедим.

Кийин «Асабада» жүргөнүмдө бир-эки курдай Эшимкановго келип жолугуп кетти. «Усубалиев боюнча келиптир, «аксакалга асылган материал басканыңарды токтоткула» деди, мен «токтотпойбуз» дедим» – деп бизге Мелис айтты. Аңгыча гезитке Асанбек Стамовдун өзү жөнүндө жаманатты макала чыгып кетип, гезиттин орун басары болуп туруп ал макаланы чыгартпай коё албагандыгым үчүн мага катуу таарынды. Бирок убакыт өткөн соң анысын да унутуп салды. Анын үстүнө качан көрсөң эле топтун башында, дайыма жаатташкан «согуштун» кайнаган жеринде жүргөн адамдын майда-барат нерселерге көңүл бурганга чолосу тийген жок окшойт. Жазуучулардын Токомбаев, Тыныстанов, Сыдыкбековдон бери тынбай уланып келаткан «кансыз согушунун» тарыхынан аз болсо да маалыматым бар эле.

Мен бул «согушту» Ормон хан менен Боромбайдын тушундагы саяк менен сарбагыш согушунун уландысы катары түшүндүргүсү келгендерге кошулбайм. Бул кадимки эле карачечекей кыргыздын каныбызга сиңип, эзелтен бери өзүбүздү өзүбүз жеп келаткан көралбастыгынын «согушу». Мисал келтире кетейин. Улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун «Манасын» эле эмес, анын баскан-турганынан бери жазып калтырган Ыбрай Абдракманов («Улуу манасчы Сагымбай», Бишкек, «Ала-Тоо» журналы, 1992, 73-б. ) минтип жазат: «1925-жылдын март айында Сагымбай экөөбүздү Ташкенге илим изилдөө институту чакыртып барып, 10 күнү турдук. Ташкенде Арабаев Ишеналы, Сыдыков Абдыкерим, Тыныстанов Касым, Токбаев Турдалы, Тойчунов Ыбрай бар экен. Булар Сагымбайдан «Манас» жомогунун жайын айттырып же кара сөз менен айттырып бир да угушпады. Сагымбай жолдо баратканда мага: «Эми чоңдор абдан айттырып, сындайт ко» – деп айтып барган. Арабаев Сагынбайды каардап: «Иттин тезеги дары десе дарыянын башына чыгат» деген ырас го. Сагымбай билген «Манасыңды» тез жаздырып бүтүрсөңчү, болбосо сотко беребиз» – деди.

Тыныстанов:

– Саке, сиз жаздырган «Манасыңыз» өзбекче болуп калыптыр.

«Анан жууду бетини,
Акка буруп ниетини.
Анан жууду колуну,
Ушу жашка келгиче,
Арстан Манас жаш бала,
Көрбөгөн мындай жолуну».

Саке, сиздин жаздырган «Манасыңыз» төрт жолдон уйкашпай, 5–6–7 болуп уйкашыптыр, – деди.

Анда Сагымбай:

– Мен башынан бери айтып келе жаткан сөздөрүмдү 4 жолдон уйкаштырганда кедейленип калбайбы, – деп жооп берди.

Сагымбай катуу ызаланып:

– Бул ким деген өзү, кайсы элден болот?–деди.

Мен:

– Көлдүк саяк, – дегенимде Сагымбай:

– Мен дегеле көлдүктөн жакшылык көргөн эмесмин, мени сарбагыш деп Ормондон берки кекти кектеп атат ко! – деди.

Сагымбай экөөбүз кыйла кагуу жеп алып, кайта кетип, Кочкордо Сагымбайдын үйүнөн Чоң Казатты жаздык. Сагымбай баштагыдай көөндөнбөй, мен жалынып, ары жак-бери жагына чыгып жатып айттырып жаздым. 1926-жылы «Манасты» жазып бүттүк. Чоң Казаттын урушун, Манастын өлүмүн эң тар жаздырды. Мен канчалык жабышып айтсам да:

– Менин билгеним ушул деп болбоду» – деп эскерген.

* * *

Кээде Стамов мага өзүлөрүнөн кийинкилердин кармашы үчүн атайылап Аалы менен Түгөлбай таштап кеткен көк жалдардын бирине окшоп сезилер эле. Ал да беттеген жерин алып түшкөн, кээде ак-карасын ылгабай туруп тебелеп-тепсеп кеткен (адатта, согуш деген ак-карага карабайт эмеспи) адаты бар эмес беле. Аны кээде атайылап бузулбай турган таш дубалдарды бузганга салычу. Асанбек Стамов жол тандабаган танкка окшош болчу.

* * *

Апсамат Масалиевди жөн эле караан кылып коюп, кыргыз элин каалагандай калчап, Кыргызстанды жумса колунда, ачса алаканында мыкчып турган Кремлдин «жасоолу», Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 2-секретары Киселев дегенди Асанбек Стамовдун кантип талкалаганын азыр да аңыз кылып айтып жүргөндөр толтура.

Мен Бакиевден наам алып, бир аз төбөм элге көрүнүп калган күндөрдүн биринде таң атпай чалып ал-акыбалды, Зейнени, балдарды сурады да анан:

– Сен кайсыл союздасың?–деди.

Мен мурдагысында эле экенимди, бирок союзга барганды койгонумду айттым.

– Омор мыкты акын, классик, бирок ал баланын иши опурталдуу, соттолуп кетиши мүмкүн, – деди.

– Соттоп ийгенде болбойт ко, Омордун соттолгону кыргыз адабиятынын соттолгону эмеспи, – дедим.

– Сен ошентип ойлойсуңбу?

– Омоке чын эле мыкты акын, мен сыяктуулардын баары эле ошентип ойлойт болуш керек.

– Омокең ошол мыкты экенин билбей атпайбы. Ошондуктан аны биз: «Абийириң биротоло төгүлгөнчө кетип кал Омор» – деп атпайбызбы. Биз ага кете турган жолду көрсөтүп атпайбызбы. Ал түшүнбөй атпайбы. Баса, сен президиумдасыңбы?

– Анатай кеткенден кийин президиумдан алып салыптыр деп уккам.

– Сен бизге кошул. Жакында Омордун ордуна жаңы төрага шайлайбыз.

– Жок, мен кошулбайм. Эч жагыңарга кошулбайм.

Ал ушул сөзүмдөн кийин жарылып кетти. Телефондон буркан-шаркан түшүп, күпүлдөп тилдеп алды, анан алдап-соолап, жайкап, ага болбогонумда тебелеп-тепсеп, кандай болгон күндө дагы мени өзүн көздөй ийип алганга аракет кылды. Мен ошентип Стамовдун тобуна кошулбай койдум. Кийин: «Таарынтып алдым окшойт» – деп ичимден бушайман да болуп жүрдүм.

Ошол бойдон ал мага телефон чалган жок. Кийин Токтогулдун үй музейинен, анын тарыхый акыркы романы «Хан Тейиштин» бет ачар салтанатынан жолуктук. Баягы күпүлдөгөнүн эбак унутуп салыптыр. Анын үстүнө Омор союздан кетип, өзү каалаган кишилерин коюп, кармаштан «жеңиш» менен чыккандыктан төгөрөгү төп, телегейи тегиз эле. Мен ага өзү жакшы көргөн кызыл винодон куюп берип отурдум.

– Алыке, Түгөлбайлардын учурундагы союз болбогондон кийин кайсы жыргаткан кадыр-баркы калды, союзга барбайле койбойсузбу?–дедим.

– Мен эми мындан кийин союзга барбайм. Тарыхый чыгармаларды жазып жүргөн жаш жазуучуларды топтоп, ошолордун өзүнчө клубун түзөм. Союз деген моралдык жактан эскирди, өзүн өзү жеп бүттү,– деп эргип сүйлөдү.

Аңгыча эле «Азаттыктан» мага телефон чалып:

– Таласта Болот Шерди камап салып, эл көтөрүлүп жатат,–деп телефон чалды.

– Болотту камап салыптыр,–дедим.

– Бакиевдин соодасы бүткөн экен,–деди көптү көргөн Асанбек Стамов.

Чын эле бийликте өмүр бою калабыз деп ойлогон Бакиевдерге бирдеме боло тургансып, Таластан башталган бул окуя Кыргызстанга эл көптөн бери күткөн нерсени алып келчүдөй жүрөк өрөпкүп тарап бараттык.

Бул 2010-жылдын 6-апрели болчу.

* * *

Мен эми кайрадан филармониядагы күндөрүмө кайтайын. Ошол кездери таланттуу актер Бекин Сейдакматов келип, Асанкул Шаршеновдун куудулдар бригадасында иштеп калды. Экөөбүз биргелешип, дээрлик эки бөлүмдөн турган сатиралык спектакль жаздык. Окуя эркектин аялга айланып олтуруп боюнда болуп калышы менен аяктачу. Башкы ролду Келдибек Ниязов ойноп, оюн 20 күн аншлаг менен өткөнү эсимде. Ага чейин мындай боло элек экен.

* * *

Акырындап мен жазып бербеген эч нерсе калбай баратты. Колумдан бир нерсе келерине акыры көздөрү жеттиби, билбейм, кээде кадимки эле төкмө акындардын айрым бир «өкмөттүк» концерттерде «ырдай» турган «тексттерин» да жаздыра калышчу болду. Албетте, жогору жактагылардын мындай бөтөн зордугу төкмө акындардын кыжырына тийбей койгон эмес. Бирок айла канча? Ошол кездин жазылбаган мыйзамына ылайык, бийлик эмнени жаса десе ошону «кыңк» этпестен аткарууга тийиш болгон заман эле. Анын үстүнө мындай «традиция» Райкандан бери келаткан нерсе экен. Муну эч кимибиз, төкмө акындар да, мен да ичибизге катып, сыртка чыгарган жокпуз.

* * *

Бара-бара ошол өзүм жаза калып жүргөндөрдү концертте эл кандай кабыл алат болду экен деген суроо кызыктыра баштады. «Курч саптар» ырдалганда дуулдата кол чапкан, кубаттап кыйкырган, ышкырган жерлерин белгилей коюп жүрдүм. Райкандын «Жинди суусу», «Кыз-жигити», Какендин термелери, Ысмайылдын айтыштары эл менен акындын ортосундагы ушундай «байланыштан» улам жазылганын, көрүүчүнүн эмнени уккусу келип, эмнени каалап турганын артисттерден артык сезген жан жок экенин түшүндүм.

Сахнадагы артисттер аркылуу залда олтурган көрүүчүнү кууратып да, куунатып да, жүрөгүн «өрттөп» да жибере турган укмуштарды «жасаса» болорун, артисттердин «жаңы» завлит менен режиссердо болорун түшүндүм.

* * *

Ошондон тартып мага да өз «сөзүмдү» айта турган мезгил келгенине көзүм жетти. «Кайдыгерлик» түрмөгүндөгү ырларым так ошол филармонияда иштеп жүргөн жылдары жаралды. Биринчи жолу балдары бакпай, карылар үйүнө таштап кеткен карылардын тагдыры жөнүндө жазылган «Эсиңе кел» деген ырым таланттуу актер Бийназаров тарабынан залга окулду. Эл ыйлап, үшкүрүп олтуруп укту.

Ошондон тартып бул ыр филармониянын репертуарынан түшкөн жок. Анан мындай ырлардын биринин артынан бирин жазып туруп алдым. Сахнага Сагынбек Момбеков пайда болду. Ал биринин артынан бирин ырдап туруп алды. Филармониянын айрым атактуу «эл артисттери» мени «худсоветке» салууга аракет кылып, деректирдин алдына «эмне үчүн концертте жалаң Дүйшеевдин ырлары ырдала баштады?» деген суроону коюшту. Мындай «ичи тардыкка» ошол эле «худсоветтеги» башка бир эл артисттери Эсенгул Жумабаев менен Тууганбай Абдиев каршы туруп, мени коргоп чыгышты. Акыры «ырдалсын» деген бүтүмгө келишти. Бул менин филармониядагы өзүмдүн үстүмдөн болгон жеңишим эле.

* * *

Ошондон кийин мени 5-кабаттагы музейден 3-кабатка көчүрүп, башкы режиссердун катарынан атайын кабинет беришти. Бирок мен дагы далай коёндун «чарыгын» жыртышым керек болчу.

* * *

Мага куттуу жердин шыпаасы тийип, бак жалгады. Жумшаган жагына жумаланып, толгогон жагына томолонуп иштедим. Кийин, кийин иштегениме 5–6 жылдын жүзү болуп калган кезде атактуу куудул Асанкул Шаршеновдон:

– Асаке, мен филармонияга жаңы келген кезде эмне деп ойлодуңуз эле?–десем:

– Буга чейин «завлит» кылып далай келесоолорун алып келишти эле, накта келесоосун эми алып келди деп ойлогомун, – деп күлүп калар эле.

* * *

1990-жылдын октябрында Кыргызстан Жазуучулар союзу мени чакырып, Владимир Андреев деген Москвадан жаңы эле келген акынды жаныма кошуп берди.

– Муну эмне кылам? Же тил билбесем,–десем.

– Сени орусчага которгону келди. Алып жүрүп шаарды аралат, ырларыңды окуп бер, өзүңдү тааныштыр,– дешти.

Мага окшоп ачкылды жакшы көргөн эме экен. Балээнин котормосубу же даяр «подстрочнигим» болбосо. Агездеги «Пишпек» мейманканасына жатып алып кетер-кеткиче арактын сазайын бердик. Орус баласы эмеспи, баш көтөрбөй ичет экен, бат эле уйпаланып, сакалы өсө түштү. Мен да кыргыз мас болсо орусча сүйлөйт болуп, былк этпей бир жума аны менен чогуу жүрүп бердим.

– Китеп дүкөнүңөрдү көрө кетейин жок дегенде, – деди кетер күнү.

Мен мейманым Андреев Владимирди, кийин Майрам Акаеванын жакындары сатып алып арак дүкөнгө айлантып салган, Бишкектин ошол кездеги жападан жалгыз китеп дүкөнүнө алып кирдим. Кыргызстандык орус тилдүү акындардын ыр китептерин барактап олтуруп:

– Силердеги орус акындарынын баары өз тилин унутуп калыптыр,– деп кейиди.

Владимир Андреев СССР Жазуучулар союзунун тапшырмасы менен Кыргызстан Жазуучулар союзуна келген акыркы өкүл болду. Жадагалса экөөбүз сүрөткө түшүп койгонду да ойлобопбуз. Менде анын ырлары чыккан буклети гана калды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *