Белгилүү жазуучу жана окумуштуу, филология илимдеринин доктору, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин профессору Бейшебай Усубалиевдин адабий кечесине даярдыктар көрүлүп жаткан учур. Бул туурасында «РухЭш» сайтына жазуучу өзү билдирди.

Кечеде жазуучунун карасөз жаатындагы чыгармачылык чеберчилиги, филология тармагы менен журналистикадагы ишмердүүлүгү туурасында кесиптештеринин атайы докладдары окулат жана талкуулар уланмакчы.

Эскертсек: Б.Усубалиев – Эларалык Ч.Айтматов академиясынын академиги, тил теориясы, лексикология, грамматика, көркөм чыгарманын тили, стилистика, кеп маданияты жаатындагы адис. Жазуучунун чыгармачыл чыйыры 1971-72-жылдары Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде адабий кызматкер болуудан башталган. 1977-жылы Кыргыз улуттук университетти аяктап, 1977-79-жылдары ушул эле окуу жайдын Тил илими кафедрасында ага лаборант, окутуучу болуп иштеген. 1980-82-жылдары КУУнун аспирантурасында окуп, 1983-жылы «Кыргыз тилиндеги антонимдер» аталышындагы кандидаттык диссертациясын коргогон.

1983-91-жылдары «Мектеп» басмасында улук редактор, КУУнун Тил илимдер кафедрасында окутуучу, КРУИАнын Тил илими институтунда улук илимий кызматкер болуп иштеген. 1991-жылы КРУИАнын докторантурасына өтүп, 1994-жылы «Көркөм чыгарма лингвостилистикалык илик» аттуу темада докторлук диссертациясын жактаган. 1994-99-жылдары КРУИАнын Тил илим институтунда улук, башкы илимий кызматкер, 1999-2001-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде профессор, 2001-02-жылдары М.Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин гуманитардык билимдер факультетинин деканы, журналистика бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Б.Усубалиев жүздөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде эки илимий монографиянын, бир окуу китебинин автору. Кыркка жакын повесть, аңгемелер жыйнактарынын автору.

Бейшебай Усубалиевдин чыгармачылыгына кызыккан күйөрмандарга эшик ачык. Жазуучунун чыгармачыл кечеси 27-апрель күнү, саат 11.00дө М.Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин чоң залында өтөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *