АҢГЕМЕ

— И… кыйратып салгансып… Маанайың суз? – деди Асия, жаңы эле кирип келген Адэмини теше тиктеп. – Бирдемеке дедиби?..
— Карабай койду! – Адэми, тултуюп кол сумкесин керебеттин үстүнө ыргытты. – Таптакыр… Үн каткан да жок…
— Каш каксаң да, көз сүзсөң да, телмирсең да! – Асия кер какшык аралаш демитти. – Карабай койдубу?.. Мен сага айткамын “мини юбкаңды кийип ал” деп… Кашайып, кайдан тапкансып узун көйнөктү кийип аласың!.. – Асия олурая тиктеди. – Билесиңби, эркектин жүрөгү кайда?
— Сол тарапта… – Үзүк-үзүк мыңк этти керебетке салмак менен отурган Адэми.
— Баарыныкы эле сол тарапта, сенин эле философуңку оң тарапта эле болбосо… – Сөөмөй зекий сүйлөдү Асия. – Эркектин жүрөгү көзүндө… Алдагы аппакай денеңдин баарын жаап алсаң, шөлбүрөгөн узун юбкаңды кийип алсаң, сени ким карайт? Царь Соломонбу?.. – Адатынча күпүлдөй кетти Асия. – Ачык эле айтпайсыңбы маалкатпай, “Агай, мен сизди сүйөм!” — деп…
— Кантип айтам?.. – Адэми эки колу менен бетин жапты.
— Кантип айтмак элең?.. Ошентип эле. Андай болсо сүйбөш керек эле… – деди Асия маңдай терисин чытып, терс бурулду. – Сүйүү-пүйүңдүн баарын жыйыштырып сал!..
— Жыйбайм-этпейм… – деди өктөм Адэми. — Же бар болобуз, же жок болобуз!..
— Андай болсо… өзүңү бекер эле кыйнабай… Айт! “Мен сизди сүйөм!” деп… Мындайда “Пан же пропан” болуш керек!..
Керебетке боюн таштаган Адэми көздөрүн балбылдатып, бетин жапкан эки колун алып.
– Ом-эй!.. Кантип айтам!.. Кантип айтам… Экзаменден кууп чыксачы?.. Анын кыялын билесиң го?.. – деп жер тепкилеп ийди.
-Билбегенде! – Асия илеп койду сөзүнө. – Койчу, аны ошо философтун кай жерин сүйөсүң?!.. Шизанутыйдын баары философ болот… Ницше! Диоген! Платон! Демосфен! Фрейд! Булардын баары кып-кызыл жинди да! Мунуң да ушундай!.. Эки оозунан бири оозу мораль… Знаешь по-этому поводу что, сказал Оскар Уайльд… – деди Асия орусчалай.
— Эмне деген?.. – деди Адэми кызыгы артып.
— “Мужчина, читающий мораль, обычно лицемер” деген… “Веер леди Уиндермирди” оку кызыке… – деди Асия текебер.
— Ал дагы эмне деген,билесиңби? – такмазаланды Адэми.
— Ии… – деди Адэми.
— Анда угуп ал. “А женщина, читающий мораль, непременно дурнушка” деген.
Экөө “баа” күлүп жиберди.
* * *
… Адэминин бүгүнкү “сүйүү жүрүшү” да, оңунан чыкпады.
Бу экөө филфактын төртүнчү курсунда окуйт. Адэми жаш философ окутуучуга “ашык болгондон” бери бу экөөнүн бөлмөсүндө тынчтык жок. Асия Адэминин жан сырдашы. Андан эки жаш чоң. Университетке кирген күндөн тартып ушу бөлмөдө экөө жашайт. Аралары жылуу. Сыр жашырышпайт. Адэми булардын курсундагы эң чырайлуулардын алды, өңү түсү келишкен, бою ортодон жогору. Мүнөзү бала кыял. Баарын өзүндөй көрөт. Сезими ак барактай. Ал эми Асиянын андан айрымасы – токтоо, ар бир нерсени таразалай билген сапаты бар. Ага оңою менен киши жакпайт. Айрыкча эркектер. Сүйүү, махабат деген сөздөрдү укса, итиркей келип, бу сезимдин баарын куру кыял катары көрөт. Ал эми Асияга карганда Адэми бир эле ысык жан, каакымдын үлбүрөгү. Бирок көк беттиги, айтканынан кайтпаган тажаалдыгы бар.
Адэмиге бу сүйүү жерди жарып чыккан вулкандай келди. Башында шамал. Бу кызга мына минтип махабат “бороону” бир тараптуу келип алды, ал эми оозунан Конфуций түшпөгөн философ бу кызды сүйөбү, сүйбөйбү — ал да башка маселе. Өзгөчө “сыр”. Түн бою китепти тытып окуп, таңга жуук күзгүнүн алдынан кетпей боенуп жатып, эртелеп экзаменге кеткен. Философтун жеке өзүнө экзамен бермек.
Философ… Ким ал? Быйыл эле илим жактап, филфакка дарс окуй баштаган жаш окутуучу. Отуздун ары-берисинде. Жаш окутуучу келгенде филфактын кыздары эң оболу туш тараптан суроо жаадырып, “тиш салып көрөт”. Үй-жайы… Бойдокпу же бойдок эмеспи… мунун баары алгачкы сабактагы студенттердин окутуучуга берген суроосу дей бер. Кыйын чыкма кыздар, андан да өткүр суроолорду берет. Бу жаш окутуучу “кыйын чыкмалардын” оозун бир сөзү менен эле жаап салды. “Сурооңорду по-существу!” бергиле деп. Өзү тууралуу лам дебеди, ачылган да жок, чачылган да жок. Түнт неме десең түнт эмес, түркөй десең, эки оозунан бир оозу кайдагы философтордун цитатасы. Отуздан эбак ашса да үйлөнө элек. Сыр бергиси жок. Көзү студент кыздарды илип да койбойт.
Студенттерге эмне?.. Анын жообун өзүнө ширидей чаптай салды, бу сары ооз окутуучу эртеси эле “по-существу” деген атка конду…
— Келесоо болсо сенин сүйүүңү сезбейт, акылдуу болсо ичинен гана тымпыйып, шек алдырбай тим болот! Билдиңби? – Асия маңдай терисин тырыштырды. –А мунуңун эмнеси жакшы?.. – Кабак чытыды Асия. — Мурду ороктой, маңдай чачы суюк, көзү чарчаңкы, жүдөгөн бир тип да!.. Жүдөмүш… Эркекке окшоп… түрү да сексуальный эмес… Дистрофик!..
— Эмне?.. Эмне?..
— Темене!.. Эмне кулагыңа жакшы угулуп кеттиби?..
— Кайталап койчу?..
-Дис-тро-фик!.. – Асия оозун чормойтуп, муун-муунга бөлө сүйлөдү. – Байкабай турасынбы?.. Сага үйлөнсө да… аял катары жыргап кетээриңе көзүм жетпейт…
— Дистрофикпи?!.. Итийби?!.. Сүйүп калбадымбы?.. Өзүмдү алдагым келбейт!.. – деп “булк” этти Адэми.
Асия керебетте жер тиктеп отурган Адэминин маңдайын келип.
— Ай, Моно Лиза мен сага айтпадым беле?.. Экзаменге липчик тагынбай бар деп, бу философуңдун төбөдөн ылдый карай турган адатын билесиң, көкүрөгүңүн ортосунан алдагы немең көрүнүп турса, бу деле көзү менен кайрымакка илинээр эле да… Эх, ушу сени десе! – Асия күйүп кетти.
— Эмне кылайын? – Адэминин көздөрү жанып кетти. – Мини юбка кийип, бюстгалтерсиз сабакка барайынбы?..
— Иии.. Ошенте гой… – Текебер сүйлөдү Асия. – Кызыл липчик, кара трусик кийгенди унутпа!..
— А, эмнеге кызыл? – Түшүнө бербеди Адэми.
— “Плейбой” деген журналдан окудум. – Шыпты көз сермей карады Асия. – Аялдар романтикалык кечеге кызыл липчик, кара турсы менен барыш керек экен. Кызылды көрсө эркектер корридага түшкөн букадай эле болуп калат…
— Мени философуму букага теңебе… А деген ангелочок… – Эрдин чүйрүдү Адэми.
— Хи-хи-хи… – Бырс күлүп жиберди Асия.
Асияга күлкү, Адэмиге сүйүү даба. Түн бир оокум болуп калса да эки курбунун бөлмөсүнөн жарык өчпөдү… Эртеңки күндүн “болжолдуу планы” жарым түн оогуча түзүлдү…
* * *
-Өзүндө экен, — деп акырын шыбырады Асия эшиктин ачылган кычыгынан ичкери тиктеп. – Жалгыз отурат… Кир, кире бер… – деди ал жарым үн менен.
— Эмне дейин? Түз эле “Мен сизди сүйөм” деп айтайынбы? – деген Адэмини майда калтырак басты. Алакандай күзгүсүнөн жүзүн карап, эрдине помада сүйкөй салды. – Эмне десем?..
Баш бармагын эрдине жабыштырып, “тыс” дегендей ишарат кылды да, башын ортоңку бармагы чукуй көрсөттү. Бу анын “мээң жайындабы” деген ишараты эле.
— “Мен сизди сүйөм” десең, мунуң алдагы терезеден ылдый өзүн таштап ийбейби?.. – Үнүн акырын чыгарды Асия. — Чочутуп аласың!.. “Сизден реферат жазайын… теманы сүйлөшөйүн деп келдим” дебейсиңби… Андан аркысын “война план” покажет… –деди Асия шыбырап. – Иии… ошент…
— Мен да карайынчы… Эмне кылып отурат…
— Мурдун чукуп… – деди Асия шыбырап. — Карайсыңбы?..
— Кана, — бутунун учу менен басып, Адэми баягы тешиктен карайын дегенде, көзүнөн “чарс” от жанып кетти. Эшик ичтен ачылып, как эле маңдайына чагылган ылдамдыгындай шарт ачылган эшик катуу тийди. Адэминин көзүнөн от чагыла түштү. Асия бир караса, мини юбкачан, “липчиги жок” Адэми полдо жатты. Буга түшүнө бербеген, жаш окутуучунун оозунан сөзү учту. Эмне кыларын билбей дендароо турду. Адэми полдо жатты. Көзүнөн жылдыз чыбырыктайт, маңдайы оттой ысып чыкты. Баары элес-булас көрүнөт…
— Кечиресиз, кечиресиз… Байкабай калбадымбы… – Жаш окутуучу чочуп кетти. Адэминин маңдайы заматта төмпөйүп чыкты. – Кабинетке алып кирели… Катуу тийген жокпу? – деп алдастай түштү окутуучу.
Асия экөө колтугунан алып, жерде жаткан Адэмини кабинетке кийирди. Бу кабинеттин жоон, кара жыгачтан жасалган эшиги катуу тийгенде Адэми аз жерден эс-учун жоготуп кое жаздады. Адэмини креслого отургузушту. Окутуучу чөнтөгүнөн бетарчысын алып чыгып, графиндеги муздак сууга малып, маңдайын басты. Тар мини юбка кийген Адэминин эки бутунун ортосунан кара түс ипичке ич кийими көрүндү. Асия аны жапмакка юбкасын ылдый тартымыш этет, анысы эки бутунун ортосун жапкандай резина болбосо, тар кийимди кий деген өзү. Асия осол боло түштү. Ал Адэминин эки бутун кайчылаштырып, ортодогу “назик жерин” жапкандын убарасында. Окутуучу аны көргөн да, билген да жок. Эки көзү Адэминин төмпөйүп чыккан маңдайында.
-А, карасаң байкабай калбадымбы? – Жаш окутуучу кейип жиберди. Өзүн күнөөлүүдөй сезип. – Бир аз өзүнө келип алсын…
— Сизге келди эле… рефераттын темасын такташканы… – деди Асия, алдастап. – Байкбай калдыңыз да…
— Декан чакырып калганынан… шашып кетпедимби?.. – Күнөөлүдөй сезди өзүн ал. – Өзүңүздү жакшы сезе баштадыңызбы? – деди. Адэминин көкүрөгүнөн Барпы көр акын айткандай, “булуттан чыккан айга окшоп” эки төшү көрүнүп турду. Асиянын баамында бу окутуучу Адэминин бу жаратылыш берген кызык жерине да көзү түшпөгөндөй тоң болуп турду.
— Мен деканга барып келе коеюн… Сиздер бир аз отуруп тургула… – деп Асияга кайрылды.
— Барыңыз… барыңыз… мен жанында туруп турам, — деди Асия .
Жаш окутуучу шашкалактап декандын кабылдамасын көздөй жөнөдү.
Башы эңги-деңги болуп турган Адэмиге жан кирип, эки муштумун түйүп, ички сезимин жашыра албай;
— Yes! – Ордунан атып турду. — Есть контакт! – деди маңдайы шишип чыккан Адэми. – Есть!..
— Ай, сен контужен болуп калгандан соосуңбу?.. — Асия түшүнө бербей. — Эми эле эс-учуңу билбей турдуң эле, — деди Асия Адэминин жоон санын чымчып. – Сүйбөй кал…
— Эч чочулаба! Баары жайында… Оп-эй!.. – Адэми күзгүнүн жанына келгенде маңдайын көрүп көзү олурая кетти. – Шишип кетиптир…
-“Есть контакт!” деп аттың беле? – деди Асия шылдыңдагандай түр менен. – Мына сага контакт! Тим эле бешенеңе мүйүз чыкты… – деди.
— Чочулаба, бака, саз биздики!.. – деди шайдоот Адэми. Маңдайындагы шишикти колу менен басып. – Мына, азыр көрөсүң “Кечир” деп, алдыма тизе бүгүп, кечирим сурайт… Мен ага “Кечирдим, эчтекк эмес” деп жооп берем… андан аркысын сурабай эле кой…
Экөө адатынча “шак” алакан чабышты. –Ва-уу!..
Эми тириле түшкөн Адэми жаш окутуучунун отурган столунун үстүн карады. Анын столу иретсиз, кагаздары үстөккө-босток үйүлгөн. Бу стол да окутуучунун мүнөзүн көрсөтүп турду. Ал да турмушта чачкын адамдай көрүндү ага. Ою бир жерде эмес… Адэми столдун үстүнөн жылмайып түшкөн кыздын сүрөтүн көрдү. Көрдү да сабыры суз тарта, кызгана түштү. Кыз өңдүү-түстүү экен. Жылмайганы да жылдыздуу. Ушу жылмайган немеге эми ал “атаандаш” болобу?.. Ушуну сезип турду…
Эшик тырсылдап калды.
Маанайы чөгүңкү, сыпайы жаш окутуучу кирип келди. Көзүндө кандайдыр тынчсыздык бар. Декандан тил уккан түрдөнөт.
— Кандай?.. Өзүңүздү жакшы сезип калдыңызбы? – деди көзүн Адэмиден ала качып. – Дагы кечирим сурайм… мен шашып…
Жаш окутуучунун бу сөзүн Адэминин суроосу бузду.
— Тиги сүрөттөгү сүйлөшкөн кызыңыз го? – Адэми бу суроону бергенде жаш окутуучу катып калды, эмне деп айтаарын билбей. Асия Адэмини жеп ийчүдөй теше тиктеди. Оңтойсуз суроосуна Адэми кызарып, чырым этип койбоду.
— А, мобу сүрөтпү? – Философ сүрөткө кол жаңсай. — Жок… силер эмне?.. Билбейсиңерби?.. Кимдигин?.. – деди актангандай жаш окутуучу. – Бу деген Таттыбүбү Турсунбаева да “Кызыл алмадан”… Бир кадр… Ал менин сүйүктүү актрисам…
Жаш окутуучунун артында турган Асия бетин чымчыды. Уят эле дегендей… Адэми жакшыраак караса… чын эле Таттыбүбү Турсунбаева экен… Анын жүрөгү ордуна келе түшкөндөй болду…
Экөөнүн “реферат” операциясы, Адэминин маңдайындагы томпойгон шишик менен аяктады…
* * *
— Мунуң үйлөнө турган эркек эмес!.. Сезим дегенден “грамм” болсо не? Кыска юбкаңа да, ачылган төшүңө да карап койгон жок… чыныгы эркекмин дегендин көзү өтүп, шилекейи чууруп, кол телефонунун номерин сразу бермек, — деди итиркейи келген Асия.- Дистрофик! Мизантроп!.. – Асиянын кабагына кар жаап ийди бат эле.
Бу экөөнүн айласы куруду.
Адэми бу түндү уктабай өткөрдү…
Ойлору туш-туштан мээсин кысат. Терезенин түбүнө келип, ак баракка бирдемкелерди чиймелей баштады. Ушу күнү анын көкүрөгүндө “лира” ойгонду. Ак баракка ыр чиймелей баштады… Ыр ага желпиген желдей жеңил, канатчан периштедей келди. Кыялданып, улам токтой калып, ойго байланып мээсине кыттай куюлуп жаткан сөздөрдү баракка калтырат.
…Сиз жакшы кишисиз да,
сүйөмүн деп айтуудан жан айбыгып,
эки сөз кош жүрөктөй жанып турат.
Сиз аны сездиңиз да.
Чачыңыз бекеринен баспас бубак…
Ага эч жолтоо болбойт ушу курак…
Жашым жаш, ал болгону жаш эле да.
Сүйүүнүн болбойт тура чеги, жашы…
Мен Сизди сүйүп калдым кантсем деги?..
Мен Сизди сүйүп калдым,
кантсем эми?..
Мына! Сүйүүнүн күчү! Түнкү 02 саат, 13 минутада келди. Ырдын акырына ушу убакты койду. Өзүнчө кыял кучагында элирген Адэми кызуу уйкудагы Асияны ойготоюн деди. Бирок аны аяды. Ал деле бунун философун сүйбөсө да, сүйгөндөй эле аны менен чогуу азап тартып жүрбөйбү.
… Адэми түн ооп барып көзү илешип кеткенин сезбей калды…
* * *
Адэми таңга жуук ойгонду…
Ордунан тура калып, түнү жазган ырын карайт. Ичинен кыңылдап окуйт. Көкүрөгүндө ызгыган сезим дале баш берчүдөй эмес. Мээсин черткилеп туруп алды. Ал кече күнкү киоскиден сатып алган түстүү журналдан “Как покорять сердце мужчины” деген макаланы окуду. Окуду да, журналды жини келип бурчка ыргытты. Бу макалада “Эркектин жүрөгүн ашказан аркылуу багынтуу керек” деп дүйүм тамакты кантип жасоо керектиги жазылыптыр. Адэми жумуртка кууругандан башканы дурустап билбейт… Тамак жасаганды жининен жаман көрөт…
Ал столдун үстүндөгү Асиядан калган сигареттин “бычогун” көрдү да, терезени кыңкайта ачып, сигарет тарта баштады. Көкүрөгүндөгү күйүт түтүнү менен чогуу чылымдын түтүнү мурдунан чыгып жатты. Ал жарытып деле тамеки чеге албайт. Кээде ушунтип “эркелеп” калат. Түтүн аны какатып жиберди. Катуу какаганынанбы, уйкуда жаткан Асия ордуна ыргып турду. Адэминин колундагы сигартетти алып, ачык терезеден сыртка ыргытты. Сигарет ыргытылган жактан таңга жуук бир жакка аттанган адамдын үнү чыкты. “Эй, ким бу ыргыткан?” деген.
— Эмне, алжып калдыңбы?.. Ошо итирейген немең сенин, күйүтүңө, уктабай калган бир минутуңа татыйбы, өзү?.. – деп Асиянын жини кармады. – Ач, терезени… түтүндү ичиңе тарпай эле, сыртка бүрккөнсүң го?..
Адэми терезени кеңири ачты. Көздөрү жайнап, Асияга эркелей кетти.
— Билесиңби, бүгүн мен ыр жаздым? – деди кубанычы койнуна батпай. – Сүйүү жөнүндө…
— Шизанулся… дегин…
— Жо… жооок… Влюбился… – деди эреркей кеткен Адэми. – Окуп берейинби?..
— Оку… – деди Асия. Аны бу сөзүндө “ушу сен эмнени кыйратып ийет элең” деген басым турду.
Ич көйнөкчөн, аппакай дене, тумсак төш, бешенесинен тартып көкүрөгүн жапкан кара чач Адеми ыр окуй баштады. Жүзү албырып, окуган ырларынын сабында кудум эле өзү жашап жаткандай окуду… Көкүрөк деми козголуп, Асияга эмес, кудум эле философ ашыгына окуп берип жаткандай толкунданды. Ал ушунчалык берилүү, ички тыным, басым менен окуду. Ырдан анын жандүйнөсү, деми, ички туйгусу сезилип турду…
— Да. – Үнсүз телмирди Асия. – Это первый признак сумашествия… Когда человек начинает писать стихи… Ни о чем не будь, а любви… – деди Асия оор ултунуп. – Куттуктайм!..
— Ой, Асика, ракмат!..Ракмат… жактыбы сага?.. – Адэминин көздөрү чачырап кетти.
— Ырың менен эмес… – деди Асия. Адэминин көздөрү суу сепкендей өчө түштү.
— А, эмне менен?.. – Адэми түшүнө бербеди.
— Айнып баратканың менен… Да, ты точно тронулась… значит влюбилась крепко… – деди орусчалап.
— Да! Да!.. – деп ордунан секирип ийди Адэми.
Ага ушу сөздүн өзү эле жетишмек.
* * *
— Тигине, “по-существу” келетканын карасаң, басканы тим эле теке басыш… – деген кепти корридордогу котологон кыздардын бирөөсү айтып жиберди. Адэми бу үндү угаары менен артын жалт бурулуп караса “өзүнүн философу” келатыптыр. Адэми шак эле алдынан чыкты.
— Саламатсызбы, агай! – деп жайдаңдай түштү.
Адэми маңдайындагы кече күнкү дөмпөйүп чыккан жерин көрсөтүп, үзүк-үзүк сөзгө келди.
— А-гай… кече мобу бешенем… – деп баратканда философ “Ии… сен эмес белең? “ дегендей көзү жана түштү.
— Кандай? Баары жайындабы? – деди. Ушу сөз эле жетишпей жаткансып, Адэминин экинчи деми ачылды.
— Жайында агай… кабатыр болбой эле коюңуз… кокустук да…- деп артынан ээрчип, сөзгө тартып баратты.
— Мен сотрясение алдыбы деп… чочуп кетпедимби? – Философ кепке келди.
— Да, пустяки, агай! – Адэми буга эски тааныштай сүйлөй баштады. – Сиз поэзияны кандай көрөсүз? – деди.
— Поэзияныбы? Жакшы көрөм… Анна Ахматованы, Бела Ахмедулинаны, Марина Цветаеваны… орус поэзиясынан… айрыкча аялдардын поэзиясын жакшы көрөм… – деди философ .
Адэми ушу замат, сөздү кызуусунда “басып калайын” дедиби.
— Мен да ыр жазам… – деди. Адэминин көзү оттой жана түштү.
— Эмне жөнүндө? – философ унчукту.
— Сүйүү жөнүндө… – Адэми көкүрөгүндөгү тобурчактай сөзүн ортого таштады. Эки көзү философто. – Окуп берейинби?.. – деди.
— Сүйүү жөнүндөбү?.. Мен, чынын айтсам сүйүү жөнүндөгү ырларды жактыра бербейм… — деди философ. – Мага башка маанайдагы ырлар жагат. Сүйүү эмне? Пустышка сезимдер да… Пушкинден кийин эч ким сүйүү жөнүндө жазбаса дейм… Ал баарын жазып койбодубу?.. – деди философ. Бу сөз Адэминин үстүнө муздак суу бүркөндөй болду.
Экөө кызуу кеп менен узун корридордун этегине келди. Корридордо котологон студенттер. Танапис мезгили. Адэми артынан кыздардын үстөккө-босток “пыш-пыш” деген сөздөрүн да угуп жатты. Азыр ага баары бир эле. Андан калса, бу да бүгүн эле тил бүткөнсүп сөзгө тартылып бербедиби. Адэми ичиндегинин баарын айтып алышы керек. Ким эмне деп атты, ага анын баары эле “пофик” эле.
— Сиз да ушу жакка киресизби? – деди философ.
— Ии… – шашкалак жаны бар Адэми “ии” деп ийди. Көрсө, бу экөө корридордун аягындагы “М” деген жазуусу бар ажатканага келип калыптыр.
Адэми чочуп кетти.
— Жо…жоок… – деди ойлонбой айткан кебине бети кызарып.
Философ “М” деген тамгасы бар ажатканага кирип кетти. “Сүйгөнүңдүн итинин үнү да сүйкүм угулат” деген болуп, анын кирип кеткен ажаткана эшиги да ага “М” тамгасы эмес эле, “Махабат” деген сөздүн баш тамгасындай туюлду. Адэми эмне кыларын билбей эки анжы ойдо турду. Күтсөбү же кете берсеби. Күтө турайын деди. Күтүп да көрдү. Ал бу “М” тамгасына уктаганы келгенби, көпкө чыкпады. Адэми буерде турганды ыңгайсыз көрдү, бирок көкүрөгү жылып чыкты. Акыры экөөнү байлай турган кептин учугу жанды. Эмки жолугушууда ал аны “Ким элең?” деп теше тиктебейт.
Бу күн Адэмиге өзгөчө күн болду. Ырын окубаса да, окугандай болду. Келерки жолугушууда “Кана, баягы сүйүү жөнүндөгү ырыңы окуп берчи?” деп сөзсүз айтаарын бөркүндөй көрүп турду Адэми…
* * *
— Есть, контакт! – деди бөлмөгө кирип келген Адэми.
— Дагы… эшикти сүздүңбү? – деди Асия.
— Жок! Экөөбүз аябай эзилише сүйлөштүк… – деди жетине албаган Адэми.- Сен көрбөй калдың да, аттиң!..
— Ва-уу! – Асия ички сезимин жашыра албай койду. — Ырыңы окуп бердиңби?! – деди таң калган Асия.
— Жок, окуганга жетпей калдым… ал ажатканга кирбегенде окуп берет элем… – деди көздөрү тикчийген Адэми.
— Эмне? Эмне? – Көздөрүн кадады Асия. — Ажаткана? Түшүнсөм өлөйүн?.. Жолуккан жериңерди кара?.. – Асия түшүнө бербей суроо узатты.
— Экөөбүз… үчүнчү кабаттагы узун корридордо жолугуп калдык. Мени дароо эле… тааныды… Кандайсыз деди… мен жакшы дедим… Ушинтип экөөбүз сүйлөшүп кеттик… – Адэми үстүндөгү кийимдерин үстөккө-босток чече баштады. Тим эле денеси өрт менен жалын болгондой чечине баштады… – Көздөрү мени башкача карады… анда деле мага деген “искрка” бар экенин көзүнөн окудум…
… Бул күнү Адэми биринчи жолу сүйүнүчү койнуна батпай жатты. Аны көкүрөгүндө биринчи жолугуушунун рахаты турду…
* * *
… Күндөр артынан куугун түшкөндөй бат-бат өтүп жатты.
Жаз, жай, күз кетип… кыш келди. Адэми акыркы курста. Ыры да ушу кезге дейре окула элек. Ал кимге арналса ошого окулмак… Бир ирет саргарткан сүйүүдөн тажаган Адэми бу ырды бырч-бырч миллион бөлүккө бөлүп тытып ийем деп да көрдү. Бирок анте албады. Аны кандайдыр белгисиз күч кармады. Адэми Асияга сезимин айта берип аны бышы кулак кылып алды. Анын да уккусу жок…
Бирок!.. Бирок адамдын турмушунда бир ирмем бар!.. Ал качандыр бир убакта келет… Ошол ирмем… Адэмиге келди… Келгенде да сууктун кычыраган күнүндө, ит өлгөн суукта, аялдамада келди… Ал ушу күнү китепканадан кеч кайткан. Аялдамада соройуп жалгыз турса, жанына бир караан, эркектин карааны келди. Алыстан бу караан философтун кебетесине окшоп кетти. Ал аны көрөрү менен сүйүнүчүн ичине жашыра албай, өлгүдөй тонгон бутун да, көк муз болуп калчылдаган ээгин да, сууктан бири-бирине кагылган тишинин калтырагын да унутту… Шарт эле жүгүрүп барып, философту моюндан кучактап калайын деди. Көзү чанак, ичи от.
— Агай, салматсызбы?! – деди. Көздөрү от. Сезими чок.
— Сиз ким элеңиз? – Көзүндөгү көз айнегин өйдө түртүп, Адэмини карады.
Адэми токулган жүн топусунан жүзүмдү жакшы көрө албай жатат ко дегенсип, башынан алды. Көздөрү жайнап, тикчийе тиктеди философту.
— Агай, бу мен… – Сөздөрү үзүк-үзүк чыкты. Сууктан бири-бирине тиштери кагыша түштү. – Тааныбай жатасызбы?.. баягында эшик… мандайыма… тийип… – Адэминин үнү калтырады. – Шишип кетпеди беле?..
— Аа… эстедим…эстедим… – Философ ичинен чыгып жаткан ысык демге алаканын тосту. – Эстедим… ыр да жазат белеңиз?..
— Иии… ооба… ыр да жазам… Сизге окуп берейин дегем? – Адэми тоңуп бараткан буттары менен жерди ныгыра басты. – Сүйүү жөнүндө…
— Сүйүү жөнүндө… – Философ көз айнек алдынан Адэмиге карады.
– И-ии… билем сиз сүйүү жөнүндөгү ырларды жактырбайсыз… айткансыз… Бела Ахмедулина… Марина Цветаева… Анна Ахматованын ырларын… аялдар поэзиясын жактырасыз… – Адэми артынан жоо куугандай шашып айтып ийди.
Көзүнө алыстан троллейбус көрүндү. Ушу эле жетишпей жаткан. Ичинен жини келди. Жини келгени эми айтар кебин дагы кашайып айта албай калат. Поэзияны айтсабы же “Агай мен сизди сүйөм!” деп айтсабы? Эки анжы ойго чырмалды. Троллейбус жакындап келди.
— Бешинчи троллейбус экен… Бизге он биринчи барат… – деди философ.
— Бу барбайт!.. Барбайт… – Адэми ичинен кубанып кетти. Троллейбус булардыкы эмес экен. – Он бир барат…
Бу философ университеттин жанындагы “малосемейкада” жашайт. Булардын жатаканалары жакын. Адэминин жатаканасы Турусбекова көчөсүндө. Экөөнүн аралыгы алыс эмес. Адэми мээсинде шак эле “план” түзүп ийди. Биринчиси, бу философ өзүнүн үйүнүн жанына барганда Адэмиге “Менин үйүмө кирип кетпейсизби?” деп айтат, экинчиси, антип айтканга күчү жетпесе, Адэминин жакын турган жатаканага чейин узатып келет. Канткен күндө да эки планы тең Адэмиге жагып турат. Бирок он биринчи троллейбус келгенге дейре, сырттагы суукка карабай ырын окуп бере салайын деди. Ырды окуса, бу да, философ да а ырдын кимге арналганын айттырбай сезет чыгар. Философ эмеспи… Адэминин “фортунасы” ушинтип кыштын кычыраган суугунда жана турган болду.
— Агай, ырымды окуп берейин деп… сизге таптакыр жолугалбай калдым… Сиздин ишиңиз көп… – деди Адэми тартынымыш этип. – Окуп берейинби… троллейбустун келерине дагы көп бар… – деди Адэми иймене көз сүзүп. Сыртта чындап эле “поэзия окуй турган кыштын кыраан чилдеси”. – Окуп берейинби? – деди.
Убакыт өтсө болду дедиби, философ кургак гана титиреген эриндеринен сыгып чыккандай күңк этти.
— Окуңуз… – деди философ. –Үшүбөсөңүз…
— Окуйм… – Адэми бу сөздү күтпөгөндөй кол сумкесин аңтара баштады. Ырын каерге койгонуна ичи тызылдайт. Сумкесин бир аңтарып алды. Ал ыр дайыма эле дайын жерде турчу. Каерге салып жиберген? Ырын сумкесинин кошумча чөнтөгүнөн таап чыкты. – Мына азыр… мобу жарыкка келсеңиз… Жакын келсеңиз… — деди, сөңгөктөй катып турган философго. – Мага жакын келсеңиз…
Адэми философту өзүнө жакын келтирип, анын демин сезейин деди. Ыр окулуп бүткөндөн кийин, бу философ аны ээринден, ары кычыраган чилдеде бир өөп алам десе да, ичинен “каршылык көрсөтпөйм” деп турду. Философ ага жакын келсе да, анын деми Адэмиге сезилбей турду. Ал ырды окуп жатты… Өзгөчө берилүү менен, драм ийриминде ырды кандай көркөм окуш керек десе, так эле ошондой үзүлүп түшүп окуду…
Мен Сизди сүйүп калдым кантсем деги?..
Мен Сизди сүйүп калдым,
кантсем эми?.. — деп Адэми акыркы сапты окуду да, балбылдаган көздөрүн жандырып, ээгин бир аз өзүнөн бийгирээк бойлуу философко созду. Андан сөз күттү…
— Во, тигине “он биринчи” келатат, — деди философ. Анын маңдайы жарыла троллейбусту көрүп сүйүнүп кетти.
Тумшугун созуп, жооп күткөн Адэми муздай катып туруп калды.
Троллейбус келип токтоду. Салондо бир да жүргүнчү жок экен. Адэми философтун жанына көчүк басты. Экөө бир саамга унчукпай калды. Адэми оозунуп бирдемке айткандан карманды. Экөөнүн ортосу керең тынчтык. Адэми ырды бу философко эмес, кычырган чилдеге окуп бергендей абалда турду…
* * *
Университеттин аялдамасына келгенде троллейбустун эшиги “шарт” ачылды. Экөө түштү. Философ Адэмиден мурда түштү. Ага колун да берген жок. Экөө бири-бирин тиктешип калды. Философтун көзү соолуп, жансыз гана ирмелип турганын ушу азыр Адэми сезди. Бу көздөрдө сезимдин кыпыны да жок, кайдагы дейди ойлорго тунарып чыккан көздөй көрүндү ага.
Философтун кырдач мурду, араң ирмелген кашы, түксүз бети, бир аз бүкүрөйгөн турушу Адэминин сезимин дарактагы кардай күбүп жиберди. Адэми ушу саам ага ичиндеги быкшып, буулугуп келген ойлорун азыр айтып алгысы келди. Экөөнү эми эчтеке байланыштырбай турду. Кыштын суугундай калтырап турган сезими да мына-мына бу кычыроонго чыдабай тоңуп баратты…
Адэми колуна бүктөп-бүктөп, мыжыга кармап алган ырын бу философтун көзүнчө “бырт-бырт”, майда-майда жыртты. Колундагы муздак кардай жыртылган баракты артты көздөй ыргытты. Анын ырлары жерге кардай жаады. Философтон үн чыккан жок. Адэминин түпкүрүнөн ээ-жаа бербеген жапан күч удургуп, анын эриндерин калтыратып, ысык көз жашты карегине алып келди. Бу жаш энөө сезимдин жашы эле. Көр сезимдин жашы эле. Ал көзүнө уюлгуду. Үнү кысылып, деми ичкери тартылды…
— Сиз? – Суроолуу кадалды философ. – … менден өз ырыңыз тууралуу пикир уккуңуз келип турабы?..
Адэми уйгу-туйгу ойлорго тушалган башын “мм…” дегенсип билинер-билинбес ийкеди.
— Сиз Оскар Уайльдды окугансызбы? – деди философ.
“Жок”… дегендей башын чайкады Адэми.
— Окубасаңыз анда, анын минтип айтканы бар. – деди философ кабак алдына тигиле карап. — “Любовь вышла из моды, ее убили поэты. Они так много писали о ней, что все перестали им верить…” деп. А, сиз сүйүүнүн бар экенине ишенесизби? – суроолуу кадалды философ.
Адэми эмне деп айтаарын билбей селейип калды.
— Айта албайсыз… Анткени, сиз аны өз башыңыздан өткөрө элексиз… Сезим менен сүйүүнүн айрымасы эмнеде? Сезим арбайт, сүйүү азгырат… Экөөбүз бир троллейбустан түштүк, – деди философ. – Эми экөөбүздүн барар жагыбыз эки башка, мен быякка, сиз тыякка…
Ал артка карай, эч кеп сөзгө келбей, жалт бурулуп жөнөп берди.
Адэминин карегинен чыгайын деп турган көз жашы да азыр ушу саам музга айланды. Жүрөгүнө муз бычак сайылды. Бу адам анын көз жашына да татыктуу эместей сезилди ага.
Философ карды “кырт-кырт” басып, артына кылчайбай чоң-чоң арыштап баратты…
— Токтой туруңуз! – деди Адэми филосфтун артынан. — Токтой туруңуз!.. Философту карай кантип кыйкырып жибергенин да Адэми сезбей калды.
Философ тык токтоду. Адэми аны карай басып келди да, оттуу көздөрүн тикирейе такап, ачуу үстүнөн философтун бетине катуу чаап жиберди. Чаап жибергенин да туюк аңдайбай туруп, чаап жиберди Адэми. Философтун бети “тыз” дей түштү. Ал көз да ирмеп койгон жок. Ортодо ың-жыңсыз тынчтык өкүм сүрдү. Экөө дүйнө кыймылы токтоп калгандай бири-бирин тиктеп турду. Кимден эмне кеп чыгары билинбей, ортосунда уюган үнсүздүк турду.
— Сиздин мени сүйөрүңүздү курбу кызыңыз айткан мага, — деди философ демин ичине жутуп. – Бул мага сиздин татыктуу жообуңуз болду…
Адэми “жалт” бурулду да, философту теше тиктеп, көкүрөгүн тырмаган ачуу сөзүн айтты.
— “Обожаю мужчин за семьдесять. Они всегда предлагают любовь до гроба” деп ким айткан, билесизби? – деди Адэми.
— Эстей албай турам… – деди философ мурдуна илинге көз айнегин өйдө түртүп.
— Эсиңизден чыгып калса, эскертип коеюн… Оскар Уайльддын каарманы ушинтип айткан, — Басым кое сүйлөдү Адэми. — Экөөбүздүн барар жагыбыз эки башка, мен быякка, сиз тыякка…– деди Адэми…

One Reply to “Султан РАЕВ: Оскар Уайльд”

  1. Чынара Калыбекова. Актриса, акын - драматург. Кыргызстан.:

    Жакшы чыгарма. Мурун дагы окугам. Деген менен Султан мырза кара сөздүн устасы. Ийгилик сага Султан. Чыгармачылыктагы ийгиликтерди каалайм. Жакшы чыгарма жакшы тамактай! Сценарийди келиштирсе жасасаң бир драма пайда болгудай. Мен көрүп турам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *