БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Михаил Васильевич Ломоносов 1711-жылы 8-ноябрда Архангельск губерниясынын Денисовка кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Өтө эле кичинекей кезинде окуганды үйрөнгөн. Аны окутуш үчүн атасы уулу менен тоңдурулган балык ташыгандарга кошулуп 1730-жылы Москвага жөө келген.

1731-жылы славян-грек-латын академиясына кирген. Аны ал жерде өтө жөндөмдүү окуучу катары билишкен. Алты жылдан кийин Михаил тоо-кен ишин жана химияны үйрөнүү үчүн Германияга жиберилген. 1745-жылы ал химия боюнча биринчи орус академиги болгон. Илим жолунда тырышып эмгектенгендигинин натыйжасында Ломоносов ири илимпоздордун катарына кошулган. Ал эң эле ар тараптуу жана өтө шыктуу адам болгон. Бир француз тарыхчысы Россияда эки Ломоносов бар, анын бири химик, бири акын деп эсептеген. Ал бир эле Ломоносов болчу. Ал физик, сүрөтчү, астроном, металлург, географ, тарыхчы, агартуучу, табиятчы жана мамлекеттик ишмер да болгон. Ошондуктан аны энциклопедиялык билимдүү адам деп коюшат.

Ломоносовдун жасаган физикалык жана химиялык тажрыйбалары өтө тактыгы менен айырмаланган. Ал физикалык химияга, түс жөнүндөгү илимге негиз салган. Жердин түзүлүшүн аныктаган. Табияттын негизги закондорунун бири болгон заттын сакталуу законун ачкан. Жылдыздар менен планеталарга байкоо жүргүзүү үчүн телескоп жасаган. Ошол телескоптун жардамы менен 1761-жылы Чолпон планетасында атмосфера бар экендигин аныктаган. Астрономдор анын тажрыйбасын жүз жылдай мезгилден кийин гана кайталашып, чындыгына ишенишкен. Ломоносов Ааламдын чексиз экендигин далилдеген. Геодезияга да кызыккан. Ал бардык нерселер кыймылдуу майда бөлүкчөлөр – молекула менен атомдордон турарын, нерсени ысытканда алар тез,  муздатканда жай кыймылдаарын аныктаган.

Орус тилинин биринчи илимий грамматикасын жазган. Орус тилинин күчүн жана көркөмдүгүн өз ырларында көрсөткөн. Петербургдун четине Ломоносов фабрика куруп, анын рецепти боюнча ар кандай түстөгү айнектерди, мозаикалык сүрөттөрдү жаратышкан.

Ломоносов Россиядагы биринчи окуу жайын – Москвадагы мамлекеттик университетти ачууга көп күч жумшаган. Ал 1755-жылы ачылып, азыр дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири. 1940-жылы ал М.В.Ломоносовдун аты менен аталган. Ломоносов 10 тилди (орус, латын, немец, француз, грек, славян, англис, итальян, испан, поляк) билген. М.В.Ломоносов Петербургда 1765-жылы 4-апрелде каза болгон. Санкт-Петербургда Ломоносовдун музейи ачылган.

1956-жылдан баштап Россия Илимдер академиясы табигый жана коомдук иштер жагынан көрүнүктүү иштерди Ломоносов алтын медалы менен сыйлашат. Ломоносовдун ысмы менен Россиянын бир шаары, минерал (ломоносовит), Атлантика океанындагы экватордук агым, түндүк муз океанындагы суу астында жайгашкан кырка тоо, өзү туулган кыштак аталат.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *