Бурят жомогу

Качандар бир замандарда, кайсыдыр бир жерлерде чаар тери илбирс жашаптыр. Бир жолу ал ууга жөнөптүр да, токой четинен бир уйду көрүп аңдып калат. Мына даяр оокат, азыр ага бир ыргыйт да, ичин жарат, анан ушунча көп этке маарыйт.

Ушинтип камынып турса эле бадал арасынан бир торпок тана чыга келди. Анан ал ноопаз уйга жакындап жалооруп мөөрөй баштады.

Илбирстин ноопазга боору ооруду, ага минтип кайрылды:

— Менин сага ырайымым келип атат, жүр мени менен чогуу кет. Буерде жалгыз калсаң сени же карышкыр жейт, же аюу тынчытат.

Ноопаз илбирстин айтканына муюду. Артынан жүрдү. А түгүл чогуу жашап да калды. Илбирс кайда барса, ноопаз ошол жакка барат. Ноопаз өзүнө тоют камдаса, илбирс өзүнө эт камдайт. Түн кирери менен экөө бир туугандардай кучакташып уктап калат.

Ошентип алар аз жашадыбы, көп жашадыбы, акыры баягы ноопас келишкен көк өгүз болуп чыга келди.

Токойдогу башка жырткычтар буларга аябай суктанды. Экөөнө ким эле тең келсин, эч ким буларга каршы да чыга албайт, айткандары – айткан, дегендери – деген. Анан ушундай жашоону көрө алмак беле? Аларга суктангандардан ичи күйгөндөр чыгат. Башка жандыктар бул экөөнүн ынтымагын ыдыратсак дешип күйпөлөктөшөт.

— Токтогула, муну мен жасайм, менин гана колуман келет, – дейт бир жаныбар.

А бу кайсыл жаныбар экенин билесиңерби? Ооба, билесиңер, ошол куу, амалкөй түлкү да. Ал айтат:

— Силер менден эч нерсе сурабагыла? Мен өзүм ойлоп-ойлоп акыры мынабул башым менен өзүм таптым. Эми өзүм бүтүрөм. Иши кылып илбирс менен өгүздү ажыратып тынам!..

Бир күн өгүз оттогону чыкты. Түлкү шыйпаңдап, куйругун ары чайпап, бери чайпап ага жете келди. Ары-бери имерчиктеп, койкоңдоп жүрө берди. Көк өгүз нык тоюп, анын эмне эле айланчыктап калганын сураганча өзү ооз ачпады.

— Түлкү, эмне, менден бир нерсе керек беле?

— Ой, аке, мага Сизден эмне керек болмок эле?

— Мурда мага жакын келип мынтип айланчу эмес элең дейм да…

Түлкү эки жагын жалт-жалт карап, көздөрүн күлүңдөтүп, ичинен мулуңдап, акырын өгүздүн кулагына шыбырайт:

— Өгүз байке, мен Сизге бир сөз айтайын эле дейм. Тилимдин оозунда эле турат. Бирок… Бирок…

— Айта бер, айта бер!

— Кантип айтам, Сиз кантип түшүнөсүз?..

— Айта кой, эч ким укпайт!

— Кой, өгүз байке, айтпай эле коёюнчу, менин айтканым угулуп калса, оой, мага жаман болот!

Өгүз кандай сөз экенин билүүгө аябай эле куштарланып калат. Оттогонун токтотуп, түлкүнү ээрчип алат. Түлкү болсо кытмыр күлүп, калп коркуп, ырсалаңдайт. Акыры айтат:

— Менин айткан сөзүмдү сен оозуңдан чыгарбайм деп ант ичсең, анда айтайың, жок андай болбосо тим эле коёюн.

— Антымды берем, бир да бирөөгө сенин сөзүңдү оозумдан чыгарбайм!

— Андай болсо, – түлкү кулагына шыбырайт, – эртең таң менен сенин устатың илбирс сенин ичиңди жарат.

Өгүз чочуп кетет:

— Ой койчу, бул – ушак! Жалган!

— Ой, чын, мен жалган айтмак белем!

— Кантип эле? Мени ушунча өстүрүп, тарбиялап, анан кантип эле! Кантип эле!.. Сага ишенбейм!

Түлкү кытмырланды:

— Ишенесиңби, коёсуңбу, ал өзүңдүн ишиң. А айтып коюу менин милдетим. Илбирс сага жегени келатканда кандай абалда болушуң керектигин айтып коюшум керек, аке.

— Айтчы?

— Таң үрүл-бүрүлдө илбирс ойгонот да, сенин алдыңа келип керилип-чоюлат, курч тырмактарын чыгарат, башын жерге катып, бир таманы менен уялып, көзүн басат. Ошол кезде, ал секирет да, сенин кардыңды жара тартат, өгүз байке!

Ошентти да, түлкү көздөн кайым болду.

Көк өгүз көпкө ойлонду: «Кантип эле?» «Чын эле ошентип калсачы?» «А балким түлкү чындыкты айткандыр?..»

Түлкүнүн айтканын көкүрөгүнө түйүп, таңдын атышын күтмөк, чырым этип уктабай чыкмак болду. Эгер чын эле түлкү айткандай болуп келатса…

Ошондон кийин куу түлкү сырактап бир заматта илбирстин жанында болот.

— Эй, илбирс, мен эмне билгенди сен билдиңби?

— Жок! А сен эмне билдиң?!

— Эртең таңы менен сен тарбиялаган баягы арык торпок, эми тоюп алып, көк өгүз болуп, сенин өзүңө кол салганы жатат.

— Эмне?! Эмне?!

— Ошол. Кандай уксаң, андай ук, эртең өгүз сени челип өлтүрөт!

— Мен ишенбейм! Куу түлкү сен калп айтып атасың! Андай болушу мүмкүн эмес! Ал мени ушунчалык жакшы көрөт. Ал мага ушунчалык берилген. Мен аны тойгоздум. Башка жырткычтардан сактап жүрдүм. Боорума алдым. Анан кантип… Кой, кой, куу түлкү кой…

— Ишенбесең ишенбе, -түлкү сөзүн улантты, — ал өзүңдүн эркиң. Бирок эртең эрте өзүң байкап көр. Таң үрүл-бүрүлдө таң атканча уктай албай жаткан өгүз турат да, керилип, чоюлат, башын чайкайт. Бул деген анын азыр сени челип ыргытам дегени. Ошондо сен билесиң да, кечээги тукем ырасын айткан экен деп.

Илбирс тиштерин кычыратып, куйругу менен жер чапкылап:

— Көрөбүз, ким кимди биринчи жайлайт экен!..- деп чамынып атты.

Түлкү ишин бүтүрүп, кымыңдап жолго түштү. Сүйүнүп, кыялга чөмүлдү: «Менин оюм туура чыкты. Эртең кудай буйруса, же оозубуздан чыкканча көк өгүздүн сом этине тоёбуз, же чаар илбирстин майына тайгылып жыгылгыча карк болобуз. Ура, бир жылга жетер эт-майга тунам!»

Кеч киргенде жатар жайга биринчи салпактап өгүз келди. Анан кийин оор үшкүрүнүп илбирс да келип жатты. Жаткан менен экөө тең көзүн гана калп жумушат. Кайдагы уйку. Таң атканча кирпик ирмебей чыгышты. Бири бирин сырдуу карап коюшат. Үнсүз. Сөзсүз. Таң ире-шире ата баштады. Алгач адатынча өгүз козголду. Ордунан туруп күндөгүдөй эле керилип-чоюлуп, башын чайкап кирди.

Аны көрүп илбирс да ыкчам туруп, керилип, курч тырмактарын чыгарып, адатынча таманы менен бетин басты.

«Түлкү баарын туура айтыптыр» деп ойлоду өгүз.

» Түлкү мени алдаган эмес экен» деп ойлоду илбирс.

Өгүз өкүрдү. Илбирс ырылдады. Алар бири-бирине тап койду. Өгүз илбирсти мүйүзү менен челет. Илбирс өгүздү курч тырмактары менен аймап, тиштейт. Алар көпкө кармашкан дале жок, экөө тең жыгылды, экөө тең жан берди.

Түш ченде түлкү кечээги экөөнүн тең көрүнбөгөнүнөн улам не болгонун туйду. Алардын кайда жашагынын билет да, жетип барды. Барса, экөө тең тырайып өлүп жатат.

Муну көрдү да түлкү кыткылыктады: «Акмактар десе, мага ишеништи да, мына өлүп калышты. Азаматсың, түлкүбай, азаматсың!»

Анан ал өгүздүн этин бир тиштеп, илбирстин майын бир жулкуп курсагын кампайтууга отурду…

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

One Reply to “Илбирс жана ноопаз”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *