НОВЕЛЛА

Бу да эскерме эмес белем. Эми элесим кош сызык темир жолдо дүңгүрөгөн сан дөңгөлөк от арабам болуп, дагы эле сапар чегип, зымырай берем. Же ал элесим учкул учактай, дагы эле зуулай берем. Кыялымда кыйыр да кошо зымырайт, оюмда закым да мени коштой мелмилдеп агыла берет…
Дагы эле баягы – күндүзү дүр-дүйнө айланган, түнү от көлү жайнаган калдайган зор калаага кез келе берем. Тили буруу жаатында бу калааны мегаполис-борбор дейт. Элеттик кырчын өмүрүм ушу чен-ченемсиз зор калаага туш келген белем. Окуш үчүн байыр таап, сүрөтчүлүк көркөм өнөрдүн ургаалдуу жаатына туш болдум да, канча жыл үйрөнчүк болуп, чарпылып жүрөм. Көркөм көрүнүштүн купуя сырын билсем деп, жан-дилим менен каныксам деп, ары-бери урунуп жүргөн чагым эле.
Ким мага таяныч болор деп, кудайым дем бере көр деп, кудуретине тооп этип, түнү уйкудан безип жүрдүм… Кечээ эле тоо койнунан суурулуп, эл толкуп агылган, дуулдаган кымкуут калың жамаатка аралашканымды абайы албай, көзүм ымыр-чымыр болуп, күр дарыяга түшкөн чамындадай калкылдап кете берем. Ошентип, эки-үч жыл окуучулук вазыйпам, мени менен кошо чуркап, безилдеп, арып-ачып, жыгылып-туруп, көзүмдөн кайым болгондой чу койгон белем.
Дүркүрөгөн көчөдөн көчө кыдырып, «мезгил мерчеми деген ушу тура, көз ачып-жумгуча, кечээки күнүм куйрук карматпай кетти го» дейм. Ой токтотуп, тим отурушка чама-чаркым жетпес дейм. Кыл калем кармап, ар түркүн боёк менен кайсы көрүнүштү кантип сүрөткө тартаарды билип да билбей, жан алакетке түшө берем. Негедир мени бир жакшылык жышаан күтүп тургандай ой-боюм дүрбөгөндөн дүрбөйт. Улам дегдеп, ашыгам да, улам шашылам…
Дагы күн кечтеп, сүрөт окуу жайынан чуркап чыгам. Көчөдөн көчө кууп келе берем. Кээде жөө, кээде автобуска түшөм. Жатаканага жеткиче, зуулдаган калың кыймыл менен кошо жарышам. Калаанын от көлү жыбырап агылат. Жарк-журк эте жарык миң кубулуп чачырайт. Кызыл, көк шоола, көзүмө бачырап учкун тийгендей чарт-чурт жанат. Ак шоола чачыраган бийик-бийик терезелер мени шыкаалай карашат. Куду ак аскадай, асмандаган чокудай көрүнгөн ак сарай имараттар, ак мунара мекемелер узата-узата тизилип, алда кайда каалгып бараткансыйт.
Мына, дагы да түн кирип, калаа калкы жумуштан тараган кез болсо керек. Жамыраган калың жамаатка аралашып, мен эсколатор менен метрого кирип, электропоезд менен зуулап барып, эскалатор менен кайра көчөгө чыгам. Алда кайдан келип-кеткен жүргүнчүлөр менен түртүшө, сыгылыша, кысылыша, жөөлөшө кетип, бара турган багытымды көздөй жөңкүй берем. Электропоезддер, троллейбустар, автобустар жарыша уудуу болуп, бири келип, бири кетип, эл жайпай чыга келсе, бир жааты күргүчтөп туш-тушка чачырайт.
Күндөлүк сан-санатым ушу – жатаканага келерим менен керебетиме бой уруп, чалкамдан түшөм. Ошондо чарчап-чаалыкканымды бир билем. Чырм этип, куш уйку көзүмдү чырмап, бир аз көшүп кетсем керек. Оюма кылт эте калат: бүгүнкү кезметимби же келеси күнүмбү, баары бир, тирүүлүктө пендени тыбыратып койгон тура дечү ата-энем.
Жатаканыбыздын бир бурчунда сүрөт өнөрканабыз бар: Отура турган үстөл, жата турган эски керебетибиз да бар. Ким кам көргөнүн ким билсин – эски-уску жабуу менен жабылган. Ар бир сүрөткер-окуучу ушу жерден жай табат. Мен да ыңталуу дилгир элем. Ийниме илчү жанбаштыгымдан боёк, кыл калемдеримди үстөлгө кынаптап коём. жамбаштап жатып колумду жаагыма таяп, ойлоно кетсем керек. Кээде ээ-жаа бербей арсар ой-санаага термелем. Кирип-чыгып жаткан сүрөтчүлөргө да көңүл бурбайм. Алар да мен сымал үйрөнчүк талапкерлер.
Караңгылык уюп, канча убакыт өттү, билбей калам. Мончоктун көзүндөй электр жарыгы жылтырайт. Сүрөт тартууга такыр дарман жоктой, шалдырап отура берген окшойм. Бир маалда мен үргүлөп, көзүм илинип кеткен белем. Кулагым тунуп, зың-зың этип, мени эликтеп ээрчиткен бир элеске ээрчий кетем.
… Кайра жүрөм деп эки жагымды айлана карайм. Түн каракчысы карайып, асман толо сан жылдыз жымындайт. Аңгыча, түнкү сыдырым жел жортуп, чий арасы шуу-шуу этет. «Бу эмнеси дейм. Эми эле күркүрөгөн метродогу электропоездден түшпөдүм беле дейм. А эмне үчүн дуулдаган чоң көчөдөгү жайнаган машинелердин дүңү чыкпайт? Күркүрөгөн чоң өзөндүн мага тааныш доошу даана угулгансыйт. Мына, кызыктын кызыгы дейм… Бир маалда карасам, көк муздун тамчысындай толгон ай маңкайып, ала булутту аралай, ак буласын үзүп- үзүп, асмандай кайып баратат. Ак мөңгү чокулар ай шооласына чагылышып, тоолор тоңшуп, түңкү теребел бир сырдуу шоораттанат. «А мен неге кең өрөөндө түнү кайыгып ж үрөм дейм. Ары-бери айланама шоотуп карап, көз үйрө назар салам. Оң жагымданбы же сол жагымданбы, ким билсин, бу неге өр ылдый дуулдай үйөр жүргөнсүйт» дейм?..
Мен кайдан келип, доолдогон капчыгайдын түпөйүл добушуна кабылып, эмнегедир ой-боюм да алда-кайда созулгансыйт дейм? Мен далай аралаган мобу көк жашыл карагайлуу беттерди эми абай алгандай сезем. А мобу калың арча баскан жылга-жыбыттарды канча ирет аралап, көбүргөн, ышкынынан өйдө терип, эликче эрмебедим беле дейм…» Бир туруп абайласам, ай өйдөлөй кайып, кең өрөөндүн ичи сүттөй агарып көөлгүйт. Анан калса, шоодой-шоодой шоңшойгон одур-будур борчуктар арбайып, оболоп оркоюп,эми кулап кетчүдөй көрүнөт. Дагы ары-бери чарпылып карасам, өрөөн ичи, не жакынбы, не алыспы, билинбей, мен өзүмчө эле термелип, караан үзүп келаткансыйм. Мен антип-минтип, эс акылымды жыйгычакты, негедир агарып көрүнгөн даңгыр жолдун боюнда жападан жалгыз солдоюп туруп калган экем. Бу эмнеси деп таң калып коём. Аңгыча, тарса-тарс өтүп, өрөөндү өйдөлөй сүңгүп кетет. Капилеттен кара булут ай көзүмө илине түшөт. Айланам түнөрө калат.
Бир оокумда ойдо жок жерден чочуп кетем. Бир топ жамаат бабырап жаткандай сезилет. Атүгүл мага жакындап, кобур-собуру дуу-дуу этип, мага тийип, кайра качкандай болот. Мен кайрадан калаадагы карала калктын каңырыгын эшиткендей эстей кетем. Кайрадан кара булуттан ай жарк эте калат. Мен өр өйдөлөй басам. Ай да кошо чайпала баскандай сезилет. Аңгыча, мени аңкүдүк кылып, дүргөй түндө чочуткан бу эмне десем, бадалдуу мөл булактын буркан-шаркан т үшкөн шары тура. Жаркын ай да мөл булактын шарына малынып, таштан ташка серпилип, көбүрүп-жабырып, кулагыма тийет. Ак көбүк чачкан шоокумунан өрөөн жаңырат. «Табият өз күүсүнөн түк жанбайт белем. А балким, алыстан оошуп, беймаал келген чоочун пенде мен болбоюн? Же булак мени өгөйлөп, же мен булакты өгөйлөп жатамбы? Ай жарыгына салып, шоотуп карасам, бабыраган булактын ары жагында боз үйдүн карааны көрүнөт. Бир короо кой маарап, бышкырып, ит үргөндөй эш тутам. Булактын жаңырык доошу ой-боюмду аралап, кулагым каңырыштап, короо кайтарган кыз-келиндердин обону угулгансыйт: «Бекбекей-оой, бек катар-ой! Саксакай-оой, сак кайтар-ой!»…
«Калаада окууда жүргөн элем, – деп мен даңдароо окшоп, эки ача ойго тушугам. – Не себептен бу өрөөндө түнү элдиреп жүрөм?.. Же мени окуудан кууп жиберди беле дейм. Жүрөгүм апкаарып, көзүм ымыр-чымыр боло түшөт. Жок, жок дейм. Мен окуштагы оор сыноодон аман-эсен өтпөдүм беле деп өзүмдү-өзүм сооротом. Жылдык жыйынтыгым жакшы чыкпадыбы беле дейм. Баягыда, биз сүрөт окуубуздан эки-үчөөнү айдаганда, мен жакамды кармап, тобо деп, кудайдын кудурети колдоду го деп, жараткан мага жар боло көр деп өзүмчө тилек тилебедим беле…»
Сүрөтчүлүк өнөрдүн балакетин ойлоп, дагы да элеске азгырылып, ойго чумуп отурган окшойм. Туура тушумдагы кыйкаңдан топ үйүр жылкы үркүп, булак боюн аралай, жайыкка жабыла дүбүрөп чу коёт. Укуругун карууга илген жылкычы кайда дейм. «Айт! айт!» деген айбатуу үнү да угулбайт. Эки жагымдан эш тутар эч нерсе жоктой, элеңдеп туруп калган окшойм. Жайык ылдый жайпай бабыраган мөл булакты бойлой, эмнегедир мен өзүмчө кыйыгып бет алды баратканда, капыстан байыркы бир таш дөбөчөгө урунуп калсам болобу. Бүткөн боюм дүркүрөп, көзүмдөн от чагылып, кызыл нур, көк нур чачырагандай болуп, бир далайга селдейип карап калсам керек. Кайра чыйрала түшөм. Атайы жакындай басам. Таш дөбөдөн ары дагы бир таш дөбөчөлөрдүн төрү карарып көрүнгөнс үйт. Элес этип, тунжурап туруп калган окшойм. «Сүрөтчүнүн накта табылгасы ушу болор го, – деп кынтык ой көөнүмө кылт эте калды. – Арбактарды элес этсем, таш дөбөгө жан кирип, дүңгүрөп чыгат беле дейм…»
Ошо саам көзүм түшөт. Байкасам, таң куланөөк салган кез экен. Түн түрүлүп, өрөөн ичи кашкая буларык тартып, агара түшүптүр. Кулагым тунуп калган ө ңд ү ү. Д ү ңгүрөгөн өзөндүн доошун эшитпей, мен эми дымыган тунгуюкка туш болгондой, дым-дым боло калам. Ушу тоо этегинде эзелтен бери уюп уктап жаткан байыркы бабалардын унут калган каңырты эми кайра дүңүлдөгөн дүрбөлөңдөй дүң этип, жер алдынан силкинип чыккандай туюлат. Б үткөн боюм солкулдап, арбактардын айбатынан улам өз үмчө тушугуп, же кете албай, же токтоно албай, ээн талаа, эрме чөлдө жападан жалгыз кайыгып жүргөн жарым жан өңдөнөм. Кулагым чуулдап, дүр-дүр эткен ыргакты туюнам.
… Кыйырдан чалгын чалганбыз, оо,
Аркага кайгул салганбыз, оо,
Касташкан жоону талкалап, оо,
Ошо кылычтап, кырып, сайганбыз, оо…
Безилдеген мөл булактын жа ңырыгы комуздун кайрыгындай, дуу эткен ыраатын коштогондой угула берет. Атүгүл карт күүчүнүн каңырыгы түтөп, шейиттердин муңун муңдап чалгандай болот. Бу не деген бийик, асеми асыл касиет?! Өлсөң-тирилсе ң да бу ыйык ышкыбоз өнөргө эч бир кудуретиң жетпестир дейм. Аны кудай таала гана даарыганга таандык керети болор. Аны жөн эле тилеп да, сурап да, зордоп-карактап ала албайсы ң го дейм. Топ жылдыз мени карап-карап, жымың-жымы ң этип, саргая баштаган экен. Баягы Үркөр же алтын казык, же Тоотай мерген асман бети жайнаган сансыз шам чырагы, куду чо ң калаанын отундай, та ң атарда бүлбүлдөп өчө баштаптыр.
Бир оокумда асман маңдайы жарылып, чексиз аалам ке ңдиги эми өрөөн ичине жайылып түшкөндөй сезилет. Бирде өр ылдый урган желаргыны жетелей чуркаган, бирде мөл булактын ө ңгүл-дөңгүл кобур-собурун жула качкан, бирде өжөр өзөндүн аттай безилдеген баягы караан түндүн элкин шуулдагы эми тынчый калган экен. Тээ, алда кайда, адам көзү жетпес алыскы обо жайда, аалам түпкүрүнөн жарк эте калган куяштын кызыл өртү, бийик оболуу муз чокуларга күзгүдөй чагылышып, кызгылтым мунарыктай жаркырайт. Как талаада жалгыз калып, көзүмдөн кара учуп калдыбы дейм. Бир туруп тыңшасам, каңгыр-күңгүр добуш дагы кулагыма угулгансыйт.
… Кара көзүң жаштаба, оо,
Талаага сөөгүм таштаба, оо…
Элге-жерге кайтып бар, оо,
Керээзимди айтып бар, оо…
Бала чакта, очоктогу кууган чегедектин чарт эткен чогу мойнума тийип, калакай дегендей, кыр чокудан жарк эте калган куяштын учкуну көз үмө чагылат. Таш дөбөчөлөр да аалам айлампасына карап: «О, жарыктык! Шейиттердин арбагын түн бою эскерип, ары-бери чарпылып жүргөн мобу жалгыз жарым пендеге жараткан өзү жар болсун» – дегендей кыркаар тартып, дагы да күңгүрөнгөндөй болот. Эми к үн чыгып, таңга маал жымжырт тарткан өрөөндүн тынымын туюп, таш дөбөчөлөр да мени карап калгандай сезилет. Ал эми мен, байыркы кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган жалгыз эрээн-жоокер сымал, ары-бери таш дөбөчөлөрдү айлана басам. «Кызыл кыргында, баарыбыз шейит кеткен баатыр элек, эл эскерсин» – деп жарадар жалгыз жоокер, ушу өрөөндүн шагыл-ташын күндөп-т үндөп ташый берген экен да, кабыла баштатып, таш дөбөчөлөрд үн сабына сап кошуп, эрээндердин эстелигин курган белем.
Ал эми менин оюм уйгу-туйгу. Канткенде мен, ушу унут болгон байыркы бабалардын омоктуу доошун дүйнө дүрбөткөндөй баян эте алам? Фотоаппаратымды мойнума илип, таш дөбөчөлөрд ү жандай басып, улам-улам сүрөткө тарта берем. Канткенде мен, эмики замандын унутчаак ж үрөк заадасын баса алам дейм?..
Жанатан бери дуу-дуу этип жаткан кулагым, эми жымжырт тарткан өрөөнд үн жаркырай т үшкөн таңкы тынымын туя салат. Эр арыса да, ой-санаасы арыбайт белем. Ошо кыргындан аман калган жалгыз эрээн жоокердин элесин ээрчип, мен да кара болот кайсарды колума алып тургандай болом да, жалгыз эрээнди эш тутуп, таш дөбөчөлөрдү кыдырам. Бир маалда элес этсем жалгыз эрээн, кыйгактуу сыр найзасына таянып, шейит кеткен баатырларды жоктоп, өзөгү өрттөнүп өксүп, өк үргөн үн уккандай өлөм. Көз жашын көлдөтүп жалгыз жоокер тизелеп ашып-ташып, күйүп-түтөп алакан жайып, дуба окуп, жанымда отургандай сезем. Мен дагы жалгыз эрээн баатырга кошулуп, өзүмчө дуба окуп, сыңар тизелеп, арбактарга багыштап, кандай арман айтып, кандайча таазим этүүгө дес күчүм жетпестей сезем.
Бир туруп карасам, обо мелжиген эзелки тоо кырлары менен асмандагы жаркыраган куяш гана таш дөбөчөлөрдүн жанында эрбейип турган жалгыз караанды карап калгансыйт. Ал эми мен дагы эле жалгыз жоокер эрээндин жанында эш тутуп тургансыйм, а түгүл аны ээрчип алгансып, өзүмчө эле оомал-төкмөл болуп, эс эңгиренгидей элестете берем. А жоокер эрээн бирде төрт бүгүлүп, каңырыгы түтөп, өксүп-өксүп жиберет: «О-уу, кыраандарым… О, кыраандарым, оо… акыретте кездешебиз, оо…»
Ал эми мен аны ээрчип, эрбейген караан болуп, өз үмчө эле ашыпташып, таш дөбөчөлөрдү кошо айлана берем. Жалгыз жоокер бир таш дөбөчөдөн экинчи дөбөчөгө э ңилип, тизе бүгүп, маңдайын ташка жөлөп, тооп кылып, дагы да өксүп-өксүп жиберет: «О, кайрандарым… О, кыраандарым, оо… акыретке кеткиче, мен эскере берем… жаткан жери ңер жайлуу болсун, оо… акыретте кездешибиз, оо…» Жоокер эрээн шарт тура калып, кылычын кынына салып, найзасын каруусуна илип, шайдооттук менен аргымагына шап минип, таш дөбөчөлөрдү утурлай бастырып, ары-бери айланчыктап, токтоло калып, дагы да өксүп-өксүп, ээрге өбөктөй каңырыгы түтөй түшөт: «О, кыраандарым, оо… акыретте кездешебиз, оо… акыретте кездешебиз, оо…»
Дагы бир туруп карасам, баатыр жоокер аргымагын шарт теминип, караан үзүп баратып, кайра кайрыла калып, ээрге өбөктөп, дагы да өксүп жиберет: «О, кыраандарым, оо… Шейит кеткен берендерим, оо… О, акыретте кездешебиз, оо… акыретте кездешебиз, оо…» Мен да буйдала калам. Ары-бери карагыча, жоокер эрээн кыяматкайым болуп, эл-жерим кайдасы ң деп, узак жолго узап кеткен белем. Шейиттерди таш корумдап, обочо-обочо эстелик коюп, артуу-артуу бел-белестерди к үндөп-түндөп ашып, эл-жерине жетсе керек.
Кылыч кыйбас, найза өтпөс эрээндер эл четинде, жоо бетинде катташканын кайсашып, калайык калкын кыргындан сактап, бабалардын эрдигин улама улап, кыйыр кыдырып келе берген белем. Кан жолдо кошулушкан баатырлар, тоорулга чыгып, жоо жолун тосуп кайгуулга калып, кароол карап, кызыл карап, кызыл кыргын, кара сүрг үнгө түш үп, шейит кеткендирдин баянын, ошо жалгыз эрээн баяндап, муундан муунга улап келген белем…
Андан бери канча ирет опол тоо урап, канча ирет к үн тутулуп, өктөм өмүр өтпөд ү? Канча жолу жомокчулардын жомогу, муундан муунга өтүп, баатырлардын энчи эрезеси болбоду? Канча ирет кылымдан кылымга ушу таш дөбөчөлөр элдин эчакы эскермесин эскертип келбеди?..
Жылдан жыл айланып, эл-жеримди сагынып, аябай куса болуп, с үрөтч ү окуумдун дагы бир жылын жакшы аяктап, кайра айланып келген белем дейм. Ал эми байыркы таш дөбөчөлөр уктап да, ойгонуп да, ойлонуп да, мен келер замат, илгерки кызыл кыргын, кара с үргүн болуп, кан төгүлгөндө, жоону жоюп кылычташкан жалгыз эрээндей мени эгедер туткан чыгар. Жайкалган жашыл өрөөн үмө келген сайын, ичкери чо ң калаанын дү ңгүрөгөн капшабын эстен чыгарып, таш дөбөчөлөрдү кыдыра карай берем. Кээде тизе бүгүп, баш ийип, ишаарат кылып, бир ары кетем, да бирде бери кетем. Бирде отура калып, бирде тура калып, фотоаппаратым менен с үрөткө тарта берем. Жаным уйгу-туйгу болуп, жай таппайт. Оштонгон боюмду токтото албай, дүүлүккөн сар-санаамды жыя албай эзелки жалгыз эрээндин караанын дагы көргөндөй ээликтей келем. Ошо жоокердин сөөлөтүн таш дөбөчөлөрдөн такооч тапкандай болуп, шейиттердин бараандуу турпатын бүшүркөп туйгандай болом.
Бара-бара окчун отуруп, дептеримдин актай барагына ошо баатырдын бет-бейнесин шоотуп, калемим менен ары-бери чиймелеп, таш дөбөчөлөрдүн кыябына салып, аргымагын жетелеп, капага камыгып келаткан турпатын элестеткендей болом. Дагы да жер алдынан кубаттуу дүңгүр чалган доош кайрадан кулагыма угулгандай болуп, жүрөгүм ыргак туюп, кыраат айтчудай кү ңгүрөнө баштайм.
Каса тулпар ат минип, оо,
Кастарын тиккен жоо келсе, оо,
Азууга салып чайнарбыз, оо,
Каса курчтуу зулпукор,
Колдон түшпөй чарт уруп,
Карсылдаша жайларбыз, оо…
Олбурлуу огожо жалгыз эрээндин көзү шам чырактай жанып, таш дөбөчөлөрдүн сабында сүрдөнүп тургандай болот. Кабагы калы ң, кыл муруту сербейген кыраан шердин сүрүнөн таш жарылып, ай талаага чачылгандыр…
Шалдайып көпкө отура берем. Боёк эзип, кыл калемим менен кыялымдагы эрээндин келбетин сүрөт кылып тартууга негедир жүрөгүм даабайт. Айлам куруп, бүткөн боюм чымырап, колум калтырайт. Касиеттү ү жалгыз эрээндин анты урчудай шектүү шоок сезим ой-боюмду дүргүтөт. Көзүм караңгылап, алачакмак болуп, кыйнала берем. Кайрадан та ңатар да, кайрадан күн батар. Жаздан жаз, жайдан жай, к үздөн к үз келер да, жылдан жыл алмашып, өмүр өктөмү келе берер да, кете берер. Ал эми мен канткенде, байыркыда кан төгүшүп, жоо менен кырчалышып, эл-жерди сактап калган шейиттердин арбагына тайыныпташынып, таш дөбөчөлөрдү курган жалгыз эрээндин ыйык кеземетин с үрөттөй алар экем? Көрөсөн көрүнүшүн кыл калемим менен келиштире тартып, эгем талаа кудуретине эгедер боло аламбы, ким билет?
Карай берсе, көз жеткис, санаттай берсе, сөз жеткис деген бабалардын байыркы даңазасын, ургаалдуу эскермесин, кыл калем менен кынаптап тарта алар бекем? Ө ң үмдө да, т үш үмдө да, аруу тилегимди кудай кут кылсын дейм. Тээ, ичкери чо ң калаадан сүрөтчүлүк окуумду улантып, мен дагы бир жылдык сыноочу көпүрөсүнөн аман-эсен аттап өтүп, дагы да эл-жериме келип кетермин. Эми мен кан жолду ара басып, жаштай чагымдын жана бир келген кеземетин кур өткөрүп, аразат болбоюн деп чыйрала т үшөм. Дагы да мени бир жакшылык жышаан к үт үп жаткандай, эмнегедир жан-дилим дүрбөп, ашыккандан ашыга берем. Жараткан өз ү жар болуп, өмүрүмдөгү өз энчимден кечигип, такыр өкүттө калбайын деп, чарпыгандан чарпыла берем. Белсенип белди бууюн дейм. Ыкчам кыймылдап, алга карай тездей басып, байыркы жалгыз жоокер эрээндин элесин сүрөтчүлүк кудуретим жеткиче, өлсөм-тирилсем да көркөм көрүнүшүн тартайын дейм.
Эми кол баштыгымдагы сүрөтчүлүк көртирчилик буюм-тайымымды ийиниме илип, көздөн учкан кең өрөөндөгү таш дөбөчөлөрдү улам-улам кылчая карай берип, окуума дагы да шашылам. Ак жолум али ачык, али алыс дейм. Ата-бабам дем көр дейм…
1960-2010-ж.ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *