Алиаббас — 1957-жылы Нахичеван автономиялык областында туулган. Азербайжан мамлекеттик университетинин филологиялык факультетин бүтүргөн. Прозаик. Б и р н е ч е к и т е п т и н автору. «Йазы» адабий журналында иштейт.

АҢГЕМЕ

Байкуш кемпирдин бул ишемби күнү толук чычканды кармоо машакаты менен өттү десе болот. Кечке жуук көңүлү чөгүп, амалсыздыгы менен алсыздыгына көпкө кейип-кепчип жүрдү. Таң эртеде күндүн кулагы чыгар замат дароо керебеттин алдындагы тешикке капканын орнотуп, өзү шыпыргысын колго алды да чычканды жалпайта чабууга камданып турду. Ошентип, жекшемби күндүн түшүнө чейин саргара күтүп олтура берип, тажап да кетти. Акыры ордунан туруп, мурдагы күнү бир жерге коюп, унутуп калган жасалма тишин издеп кирди, ал карабаскыры кайда житип кетти экен?

Анысын кечке чейин издеди, муздаткычтын тоңдургучуна дейре, мискейлерин, күрүч салган кабын да, нан салгычты – оюна келген жердин баарын тинтип чыкты. Бир кезде таштандыга кошуп байкабай ыргытып жибергендирмин деген ой келе калып таштанды челекти да аңтарып жиберди, жок, тим эле жер алдына түшүп кеткендей. Ал мурда эле унутчаак болчу, бирок мынчалыкка жетчү эмес! Буюмун бир жерге коё салат да дароо унутуп калат. Ушинтип жүрүп бир күнү үйүнүн ачкычын да унутуп калбагай эле.

Ал жесир калган соң турмушум барабара өз нугуна түшүп кетет деп үмүт байлап жүрдү. Андай болбоду, жесирлик, бардыгынан да жалгыздык ушунчалык оор экен, акыры алда неге кусалык баса баштады. Жок, бул карылыктын эле белгиси, күйөөмдүн эч тиешеси жок деп өзүн өзү ишендиргиси да келди. Ал эркексымалды сүйгөн деле эмес – бир колу чолок, эки күндүн бирин жумуш-нөөмөтүндө өткөргөн немени аяй гана турган. Бир чатырдын алдында жашаганы үчүн көнүп да кеткен. Өзү да, күйөөсү да ортодогу махабатсыз суздукту бири-бирине билгизгиси келишчү эмес, элге да, ошондон улам алар көпчүлүккө ала жипти аттабаган ак жубайлар көрүнө турган…

Сырттан электричканын уңулдаганы угулуп, күүлдөп барып тормозу чыйкылдап, перронго токтогондой болду. Көп өтпөй ал кыска кыйкырды да дөңгөлөктөрү шакылдап, анан улам басаңдап, алыстай берди. Тээ мурда, электричкалар мөөнөтү менен өтө так жүрө турган, бекеттин жанында жашагандарга сааттын деле кереги жок болучу. Андан улам айрым бирөөлөр аларды «бактылуусуңар» деп коюшчу. Электричканын үнү угулбай калганда кемпир адатынча үстөлгө чыгып, терезенин өйдөкү көзүнөн Рустам келе жаткан жокпу деп көк шиберлүү гүлзарга көз бакты. Өзү кошуналардын кимиси болсо да эшик какса ачканды жек көрчү. Дымын чыгарбай күтүп, келгенинин канчалык жөнү бар дегендей үнсүз тыңшап тура берүчү. Капталдагы ашкананын терезесинен шыкаалап, эшиктин сыртындагы ким болду экенин текшерип туруп, тааныганда атайын эле каракүчкө:
– Эй, сен кимсиң? Жооп бер! – дей турган.
Сырттан:
– Сара эже, апам кечке дейре он сом карыз сурап жатат. Атам келери менен…
– Эмне-е? – үнүн жоонортуп атайылап кайра сурайт, – акчабы? Ме сага! – деп терезенин көзүнөн чыканагын чыгарат да, каткырып калат. – Каяктагы акча, чычым! Азыр кимде акча болсо дароо тоноп, тамга такашат! Азыр эле бирөө келгенинен берип койгом. Бир саат мурда келгениңде эмне. Азыр жок.
– Сара эже, аябай керек болуп жатат. Кечке чейин эле, жок дебеңиз, атам келери менен…
– «Келет, келет»… а келбей калсачы? Анда кантесиңер? Жанымды кой, чычым! Кенедей болуп алып мени алдагысы бар, какшаал!
Өзүнчө күңкүлдөп, тапкычтыгына маашырлана жымыят. Кардар кеткенчекти ушул тариздеги шакабасын улантат да, тигинин караан үзгөнүнө көзү жеткенден кийин бөлмөсүнө кирип, үнсүз үңкүйүп олтуруп калат. Ал жакында эле алтымыш беш жашка чыкты, бирок анын өңүнө карап туруп, сексенди да берүүгө болот. Балким, анын элден оолактоосунун себеби ушундадыр. Кай бирде ал айлап да көрүнбөй калат, андайда кошуналары аны өлүп калган жокпу деп шекший башташат. Жумушуна таң заарда кетип, үңкүйгөн үйүнө ийри-буйру көмүскө жолдор менен эч жанга көрүнбөй келип кирип кетет. Анан эле жайкысын, ижарага берген кампасындагы кишилер анын тоокканасынын жанындагы дарактын көлөкөсүндө олтурганын байкап калышчу. Калган убактысында таң заардан жатаарга чейин айнегине жараңка кеткен көз айнегин улам алып-кийип коюп, өзүнчө күңкүлдөп, бүтпөс оокаты менен алпурушуп үйүнөн чыкчу эмес.

Аны ушундай, «күлбөс кыз болуп төрөлгөн» деп коюшчу. Экинчи ирет күйөөгө чыкканда мүнөзү ачылып эле калгандай болгон, элге аралашып, кошуналарына кирип дегендей. Анын айтканына караганда бала төрөп аламын деп катуу ишенген, бирок ал үмүтү акталбай калды. Жылдар өтө берди, үнү жоон тартып, өңүнө бырыштар эрте түшүп, жөндөн-жөн эле колдору кылтылдап, көзүнүн күчү кетип, качан гана эне болуу тилеги таш капкан соң баягы түнттүгү, үйчүлдүгү аны кайра басты. Үй сатып алгандан кийин такыр эле бекинип алды. Кези келгенде: «Ар ким өз кепесинде олтурганынан өтөөрү жок» – деп калчу. Баштагысындай эле таң куланөөк салар менен туруп, ич көйнөкчөн чайын плитага коюп, үйүн жыйнап кирет. Чейрек сааттан кийин чайын демдеп, ичип, кийинип жатып чачын да тарап, колтугуна эски, көөнөрүп калган сумкасын кысып алат да эшигин бекитип, электричканын аялдамасына жөнөйт.

Төрттө иши тамам, беште үйүндө. Кошуналары ал көзгө көрүнбөс «кайыптын» качан келгенин түк көрүшчү эмес, иңирде – үйүнүн жарыгы жанып калганда гана а келген тура деп ойлоп коюшчу.
Саранын экинчи күйөөсү Мамедге чечилүүсү өтө чанда боло турган, качан жибип, көңүлү козголуп калганда гана айтчу. Жөндөп бир сөз сыгып айттыра албайсың. Анын дагы бир сөзү бар эле: жашоодо өлүмдөн башканы күтпөстүгү тууралуу.
– Көрүстөндөн өзүмө орун сатып алып койдум. Жайлуу бир бурч. Ажерге гүл, кооз бадалдарды да олтургузуп салдым, – деп аны тим эле көрүстөндөн жер сатып алгандан бөлөк бактысы жок сыяктуу айтчу.
Кээде күлкүлүү майда-барат жөнүндө айтып кетип эле кайрадан өзүнүн сүйүктүү ошол сөзүнө түшүп кетет. Жели чыкканда гана бир басылат. Кийинчерээк кемпирди кургак жөтөл кыйнап жүрдү, айрыкча түнкүсүн. Атүгүл кошуналары да анын катуу какырынып жатканын угушуптур. Күтүүсүздөн эле табы айнып, сундуюп жатып калат, кыймылдап да койбойт, көздөрүн жуумп, бир чекитти тиктеген бойдон үнсүз мелтиреп калат. Алын сурап келгендер бүттү, анын ажалы эми анык келиптир дешет, жок, алардын сырын билип койгонсуп жөөлүп, сүйлөнө баштайт.
– О, кудайым, сенин калыстыгың кана? Эмнеге жакшы кишилерди эрте алып кетесиң? Өлүмгө кыйып жибере турган толгон-токой кишилер бар! Жакшы, боорукерлер азап тартышат да, жамандар эч нерсе болбогондой жыргап жүрүшөт. – Анан жөндөн-жөн эле: – Бүттү, мындан нары башымды жылуу суу менен жуубаймын, – дейт.
Бир жолку башын жууганды дайыма эскере бере турган, өкүнө берчү, эмнеге экени түшүнүксүз. Башты жылуу суу менен жуу кечиримсиз жаңылыштыкпы – деп аргасыз ойлоп кетесиң. Чынында, бир кезде ал чачына өрдөп кеткен сиркелерди кылапаттап сыдырганды жакшы көрчү. Сааттап, эринбей олтуруп, машакаттуу иштен ырахат ала турган. Кичинесинде эле Сара сиңдисинин башын тизесине жаткырып алып, бит-сиркелерин издеп, таап алганда тырмагы менен бырсылдатып сыгып кирчү: «Мына, сага! Энчиңди ал!» Бул ышкысы ал карыганда да кайткан жок: «Атаңгөрү, баягы балакеттерди моокумум кана дагы бир барсылдатсам!» – деп калар эле.
Сынык айнектердин үстүнөн кычырата жылбышкансып, тормозун чайылдатып келип, перронго токтогон электричканын шалдырагы угулду. Ал үстөлдү коё коюп терезеге жабыша калып ээн гүлбакта келаткан Рустамды көрө койду (жээндеринин улуусу, отуздагы шылуун жана калпычы үч жума мурда эле келем дебеди беле), кубанганынан не кыларын билбей калдактап калды. Эшикке жетип барып илгичин ачып жибергиче болбой бөлмөдөн шарак эткен үндү уга салып, кайрадан артка умтулду: капканга чычкан түштү көрүнөт. Бир айдай мурда, мамед келгенде капкандын куру экенин көрүп Сара аябай капа болгон эле, ага күнөөлүүдөн бетер кечке күйөөсүн жеген болучу. Күнүгө эле анын жемелей бергени күйөөсүнүн жанына батып кетти. Бирок бу жолу ал ушундай майда-барат үчүн аялынын канын бузбайын – деди.
– Камынгын, – деди Мамед жумшак, – тиякка барып келели. Мен жакшы, кооз көчөттөрдү таптым.
– Кайда – тиякка?
– Билмексен болуп каласың да. Башка каякка бармак элек?
– А-а, – аялы түшүнө койду, – көрүстөнгөбү? Бул жакшы иш. Анан эле жыгылды, жанчылды, жапжаш, ана-мына дейсиң, – саамга унчукпай калды да, башы ордунда болсо куламак эмес.
Аялдын чынында эле көңүлү көтөрүлүп калды. Күйөөсү ага жагынмакка туз, ширеңке алганы дүкөнгө, тооктун жемине да барууга даяр экенин билдирди.
– Ага жетишебиз! Бирок таза туз табылбай калды деп жатышат. Ширеңкелер да жоголду, шаар боюнча бир кутусу он тыйындан колдо эле бар дешет. А биз газды өчүрбөй коюп, эптеп жолун табалы.
Кийинчерээк күйөөсүнүн мүрзөгө «кызыгып» калуусунун сырын түшүнбөдү, бирок менин тууралыгымды акыры түшүнгөн экен деген ойдо ичинен кушубак тартып калды. Мурда ал бул жөнүндө сөз болгондо кыйшалаңдап, ар кайсыл шылтоону айтып кутулуп кетчү, ал тургай шылдыңдап күлө турган. Ал үчүн адамдын кайда, кантип көмүлөрү эч маанисиз болучу.
– Өлсө өлөбүз… көмө турган бирөө чыгат да. Маркумду кандай болсо да жерге беришет да.
Мамед өз оюнда бекем турду, бирок эртеби-кечпи баары бир аялынын айтканындай болорун сезип турчу.
Бир ирет Сара табышмактуу:
– Сен мени менен абайлап сүйлөшсөңчү. Жиниме тийип албагын. Антпесең сага да, мага да жаман болот – деген.
Ал сөздөрүнүн сырын күйөөсү сурап да койгон жок. Акылы жетпедиби же жеттиби, белгисиз.
Үй – аялыныкы болучу. Биринчи күйөөсү менен ажырашканда ал бардык оокатын сатып жиберип, ушул үйдү сатып алган болучу. Ошондуктан эркек даяр оокатка келгени менен эчтемеге укугу жок болчу. Ошентип, ары-бери карагычакты ашык-кеми жок туура он жыл да өтүп кетти. Ошентсе да оюн бербеген катыны жини катуу келгенде:
– Байкашымча, сен үстүңдөгү чатырдан айрылып калайын деп турасың го? – деп эски ырын ырдай баштачу.
– Койсоңчу, менин Сарам андайга барбайт, – деп тиги көшөкөрлөнө жайкап кете турган.
– Ким билет, балким, барып да коёт, – Сара кекээрлеп сөзүн улантчу, – аяйм да сен байкушту.
Азыркы турмушта шаарда көрүстөндөн жай ээлеп коюунун канчалык оор, маанилүү экенин какшанып жатып акыры күйөөсүнө түшүндүрдү көрүнөт. Аларды да адамдар сыяктуу көмүшсүн да. Эмне, башкалардан кем бекен? Артында мүрзөсү, жер үстүндө изи калсын да. Балким, бул жерге келген бирөө-жарым эстешер. Эгерде чоң колдоочусу же кудуреттүү байланышы болсо бир жөн…
Саранын ушундай жай сырдашканын күйөөсү аны үйдүн кожоюну катары урматтап жатат – деп ойлочу. Демек, макул болуп, көрүстөндөн жай сатып алуу керек, арга жок. Кайдан акча табуу керек? Жай сатып алгандан тышкары өз ажалыңдан да өлүү керек эмеспи. Ал аз келгенсип Сара жакшыраак эстелик жасатууну да ойлонуп коюптур. Акыры, кеңешип-таңашып жатып жол да табышты – бөлмөлөрдү ижарага беришмей болушту. Ал үчүн чакан, эшиги бөлөк кампаны оңдоп-түзөп чыгышты. Ага күзгүсү бар эски шкафты, тегерек, чыйкылдаган столду, эки орундук, буржуйка мешин ташып кийирип, дубалды киши бойлук кылып арзан боёк менен сырдап салышты. Суукта кампанын таманынан ным өткөн менен күндүн көзү көрүнөр замат желдетип койсоң болду, жашоого жарайт. Эгерде шкафты ортого коюп койсоң эки тарабына эки керебет коюуга да мүмкүн. Албетте, хан сарай эмес дечи, бирок башка чатыр болуп берүүгө жарайт.
Эки ай алпурушкан соң баасын бычып, коңшуларга кулак кагыш кылып коюшту эле, ижарачылар дароо жетип келишти. Алгач, эки студент – агасы менен карындашы жашай баштады эле, анан эки курсташы кошулду. Алар тыкан, кичипейил, кечки сегизден кечигишчү эмес, тынч, жарыкты да көп жагышпайт, сууну да үнөмдөшчү, майрамдарда кожойкени гүл берип сыйлаша турган. Бир гана айыбы – акыны дайыма создуктуруп төлөшчү.
– Акчаны убагында бербегенден кийин бошоткула, балакайлар.
– Жок дегенде кыштан чыгып алалы. Сессиядан кийин…
– Айттым, бүттү – эки күн!
– Эх, Сара эже, таш боор экенсиз, – дешти да карызкорлор китеп, дептерлерин чемодандарына салыштырышты да, кете беришти.
Кечинде, күйөөсүнүн жемесине Сара актанып:
–Эч ким көчөдө тоңуп калган эмес, жатаарга бир жайды табышат да…
Сара менен күйөөсү эс алууга чыкпастан иштешти, бардыгынан баш тартышты, базарга барчу жолду да унутушту, зарыл акча топтошсо болгону. «Тамчыдан деңиз куралат» деген Сара өзүн да, Мамедди да жубатып, ар бир тыйынын ката берди. Ал тургай күйөөсүнүн чачын, сакалын да өзү алганга чейин жетти. Аны үстөлгө олтургузуп, ак чүпөрөгүн оройт да, ким бирөөгө бере бергидей ашык акчасы жоктугун айтып күңкүлдөп алат.
«Акча жыйнаганга» удаа эле эрди-катын акыркы жайына акча төлөп жалдай турган ортомчусу жок эле өзүлөрү жер издеп да жатышты. Шаардагы көрүстөндөрдү кыдырып чыкканга толук бир жума кетти, дарнагюлда, ясамалада болуп, кишлада гана каралбай калган мүрзөлөргө келип такалышты. Жайнаган кашаа, эстелик, мүрзө, кайчы-куйчу жалгыз аяк жолдорду карап туруп Мамед:
– Кызык, жер үстүндө кимиси көп? Тирүүлөрбү же өлгөндөрбү? – деди ойлуу, жакынкы мүрзөнүн тушундагы орундукка олтуруп атып, эстеликтердин жазууларына үңүлө карап. «Ибрагимов Фарман Шюкюр оглы. 05.05.1961 – 13.10.1980. Атаңдан, бир туугандарыңдан эстеликке» деген жазуунун жанында кара каш, кара көздүү, аскер кийимчен жигиттин сүрөтү. Андан нары кашаа кармалган төрт мүрзө. Алардын туулган жылдары ар башка, каза болгон күндөрү бир. Кара мармар ташта машинанын сүрөтү.
– Түшүнүктүү… машина түбүнө жеткен экен. Мына дагы бир байкуш, күйөөсү тигилердин жанындагы мүрзөгө жаңдады, – жапжаш кетиптир… «Алиева Гюляр Маммед гызы. 08.03.1964 – 13.04.1982. Сен түбөлүккө менин жүрөгүмдөсүң. Сүйгөнүңдөн».
Сара кашаасы жок жерге басып барды, анда жерге чөгүп кеткен эстелиги кыйшайып, чөп басып кетиптир.
– Кулиев Фархад, бир миң сегиз жүз токсон биринчи жыл – бир миң тогуз жүз элүү үч – деп, Сара жай окуп, үшкүрүнүп койду, – байкуштун эч кимиси калган эмес го. Анан ал капысынан эле жанданып, өзүнүн көрөгөчтүгүнө, ал тургай сүйүнүп да кетти. – Мен да ошону айтып атпаймынбы… Биз да ушундай болуп калбайлык!
Күйөөсү унчукпай башын ийкеди, ал кайгылуу үнсүздүк баскан, чоң көрүстөндү тегерете карап аткан. Кайда гана караба, типтик тизилген эстеликтер. Аларды бир кылым, миң жыл өтсө да эч ким тарката албайт, эс алгыла деп да айтпайт.
– Сен эмне дейсиң? – жымжырттыкты Сара бузуп жиберди, күйөөсүнүн көңүлү чөгүп кеткенин байкай койгон эле, мүрзөлөр таасир этсе керек, балким, алдындагы машакатка макулдук берип койгонуна өкүнүп жатса керек.
– Башым ооруп чыкты.
– Баш – баш менен, иш – иш менен. Кандай экен?
– Эмнени айтып атасың?
– Кантип эмне жөнүндө? Жай кандай деп атпаймынбы? Же башкасын издейлиби?
– Көрүстөндөй эле көрүстөн. Айырмасы жок. Өлгөн кишиге ысык да, суук да болбойт…
Кийинки жолу алар бул жерге бир жарым ай өткөн соң, жекшембиде келишти. Таң калышкандарын айтпа: кудум жер алдынан таштар өсүп чыккандай жайнап калыптыр, жаңы мүрзөлөр жолдон адаштырып койду. Керектүү жолду тапкычакты бир топко чейин наркы-терки ээрчишип жүрүштү.
– Таптым! – деп күйөөсү бир маалда кыйкырып жиберди.
– Сен болсоң четте дейсиң. Мына, көрдүңбү, биз азыр дал ортосунда турабыз, – Сара кудум жолго, азык-түлүк дүкөнү жакын үй тандап жаткансып сүйлөдү.
– Аа, кемпир, дүйнө ушундай жаралган турбайбы. Жер – ачка ажыдаар сыңары оозун ачып, миллиондогон жылдардан бери канчалаган адамдарды оп тартып, жутуп келет. Эч тойбойт.
… Дагы үч ай өтүп, баары даяр болуп калган: Алиева Гюзлярдын мүрзөсү менен өздөрүнүн «жерин» кашаа менен кошо тосуп, гүл тигип, болгону темир кашааны Мамеддин алтын түстүү краска менен боёп коюусу гана керек эле. Бир күнү аны да бүтүрүп, көрүстөндөн чыгып келатышканда Мамед:
– Эми бизге өлүш гана калды, – деп улутунуп койду, – өз колубуз менен акыркы жайыбызды да даярдап койдук.
– Калжыраба чал. Биз, баарыбыз, жарык жашоонун квартирантыбыз.
Саранын бул сөздөрүнөн күйөөсү аны биринчи жолу көрүп жаткансып таң кала карап алды, бирок унчуккан жок. Чынында эле андан так айтуу мүмкүн эмес эле…
Алгач Мамед каза болду. Тактап айтканда, электричканын алдында калып өлдү. Аны моргдон табышты. Сара аны тааный коюп эле кыйкырып коё берди:
– О шордуум! айтпадым беле, кудайдын макулуктарын өлтүрбөгүн деп, мышыкты сууга чөктүрбө, каргышка каласың дебедим беле! Мына эми! – деп жашып кетти. – Каргыш тийген поюзга анчалык эмне шаштың?!
Кемпир тоң болгону менен кайгырбай койгон жок. Канткен менен үйдө эркек бар болчу да, жашоодогу шериги, таянычы эмес беле. Аны күйүп-сүйбөгөнү менен мээрин берген, бейжай өлүмгө ичи ачышпай койгон жок.
Күйөөсүн үч күн күттү, балдарын көргөнү барып кармалып калды го деп ойлогон. Аларга телефон-автоматтан:
– Канчага чейин конок болот?! Мени да ойлоп койбойбу, балдары менен олтура бербей… – деп, жоопту күтпөстөн тутканы ыргытып жиберген.
Анан, «8-чакырым» бекетинен үч күн мурда электричка бир кишини тепсетип кетиптир дегенди угуп калып, дароо моргго телефон чалды да, күйөөсүн ошол жерден тапты.
Качан маркумду көмүү тууралуу сөз жүрүп, өлүктү Саранын үйүнөн алып чыгуу маселеси көтөрүлгөндө ал каршы болуп секирип кетти. Ал тургай сүйлөшүүгө келишкен күйөөсүнүн балдарын укпай кыйкырып, үйүнөн кууп чыкканга чейин барды. Айласы кеткен алар атасын өздөрү эптеп көмүштү.
Кемпир маркумдун сөөгүн жерге берүүгө барган жок, ошондон улам анын кай жерге коюлганын да тыңдап билбей калды. Ошол эле күнү ал сиңдисиникине кетип калды, кошуналары, туугандары үйүнө келип маркумду жоктоп, маземди алышпасын деди. Сиңдиси, жээндери алгач аста сүйлөп, жоготууга күйүнүшкөндөй көңүл жооткоткон сөздөрү акырын гана айтылып жатышты. Качан кичүүлөр кете баштаганда алар таэжесин кайраттуу болууга үндөгөн болушту. Көп өтпөй ал да жанданып, жүзүн күлкү чайып, ал тургай маркумду жөөлөп да кетти.
– Өлгөн өлдү, эмне айла кылмак элек. Эгер аны мурдагы күнү көмгөнүмдө бүгүн үч күн болмок экен. Ансыз деле азап тартып бүттүм, жетишет мага. – Анын чарчаганы чын болчу, канткен менен кайгы тартты, ар кимиси да баш оорутту. – Ага эмне, азаптан арылды… магачы?! Өлсөм мени эч ким карап койбой жатамын да, эстеп да коюшпас. – Саранын көздөрүнө жаш тегеренип кетти.
– Эмнеге эч ким карабай жатмак элең? Менчи? – Рустам кемпирди далысынан кучактап, силкилдетип, көңүлүн көтөрөйүн – деди.
– Тыңыраак болсоң эмне, минтип тилиң менен буудай куурубайт элең. Өлсөм кайда тентип жүрөөрүңдү ким билет.
– Сен мени жакшы билбейт турбайсыңбы! Акчам болгондо сага сонун эстелик жасатмакмын.
– Кайдагы эстелик?! Аны өзүңө калтыр! – Сара анын сөздөрүн жуутпады. – Менин мүрзөм жоголуп кетпесе болгону, – деген ал, жалгыз кабыр тууралуу айтып берип, менин үстүмө да ошондой коюлса деген тилегин айтты. – Эмнеге аны айтпай коймок элем, акчасын төлөп беремин да.
– Сен акчаңды төлө, калган ишти мага, жээниңе койгун.
Таэжеси эртең эле акчасын бермей болду, сөз жок. Ал кабырым кызыл таштан болсо деген тилегин кыйытты эле, эзели эрге тийбеген жээн кызы айнытып койду, ал бааланбайт деп. Мармар таштан жасатсамбы деп ой чаргытып көрдү да, андан жакшыраак туф ташына токтоду. Сара жээнине кайрылды:
– Сенден бөлөк кимге ишенмек элем. Кимим бар?
Кыйды жээни таэжесинин көңүлүн алмакка жайкап: эмнеге тиги дүйнөгө шашып жатасың, өлгөнгө али эрте, кудайга шүгүр, ден соолугуң чың, атүгүл күйөө жаңыртсаң да болот дегендей сөздөрдү саймедиреди.
Сара үйүнө келди да эки-үч күнү ойлонуп, жээни башымды айлантып жатат, сызга олтургузуп кетет деген бүтүм чыгарды. Ошондон улам кийинки жолугушуусунда чорт кесе айтты:
– Мени макоо санабагын! Сара таэжең билип койгун алдатпайт. Эгерде чынында эле айтып жатсаң, анда мени тиги… цех… кандай эле, карьер… байкап көрүп, өз ишимди өзүм бүтүрөмүн. Сага ишениш кыйын. Бир иш жасасаң, экинчисин унутасың. Мүрзөгө деген жерге да барып келүү керек эле, көптөн бери бара элекмин, гүлдөр соолуп калды бекен?
Эртеси таң эрте күйөөсүнүн кийимдерин – пальто, күрмө, туфли, көйнөктөрү дегендерин чогултуп, арзандатылып сатыла турган дүкөнгө өткөрдү, эски пальтосун болсо үйүнүн босогосуна төшөп салды…
– Биздин мышыгыбызды кара – өзү келиптир, жаны бекем экен.
– койчу?! Качан келиптир?
– Бир сааттай болуп калды. Келээр замат ишине киришип, бир чычканды мойсоп жиберди, – Сара мышыгын мактап, эми коё бербей турганын айтып жатып пачке чай алып чыгып, Мамедге: – тишиң басылдыбы, эмнеге кечиктиң, – деп кыйкырып сурады. Чыныңды айткын же айнып калдыңбы?
Саамга анын үнү чыкпай калды, газдын бышылдаганы угулду.
– Сүрөткө түшүп коёюн деп жатам, мурдагы сүрөтүм негедир жакпай жатат. Өзүмө окшобой, чалырдай көрүнүп калыпмын.
Анын ит кыялын жакшы билген Мамед тек гана:
– Өзүң бил. Мен бирдеме десем эле тескери ойлоп кетесиң, – деп койду.
Аңгычакты ашканадан калдыраган үн чыгып, бир нерсе жерге төгүлгөнсүдү.
– Сени ганабы оңбогур! Ийне салгычымды чачты! – деген Сара ордунан атып жөнөдү.
Көп өткөн жок, Сара чечекейи чеч боло баладай кудуңдай сүйүнүп кайра кирип келди:
– Таптым! Тишимди акыры таптым! Мына, кийме тишим! Колго тийдиңби!..
О, чиркин адам! Өлүмдү бир паста унутуп коёт тура…
Орусчалаган Сиявуш МАМЕДЗАДЕ, Шаиг ГУСЕЙНОВ
Кыргызчалаган Айдарбек САРМАНБЕТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *