(Сүрөтчү Жоомарт Кыдыралиевдин бейнесине сүртүмдөр)

«Чекишип – бекишүү»

Мен Жоомарттын чоң атасы Мааламбердини да, өз атасы Асаналыны да көрүп калдым. Бул өткөн 80-жылдардын экинчи жарымы эле.

Мааламберди карыя тээ отузунчу, контурдун каардуу жылдарында «тройка» тарабынан атууга өкүм кылынып, анан кош солдаттын айдоосунда баратып, ажалдын ач оозунан амал менен качып кутулуптур. Ал мындайча болуптур. Ээндетип барып атмакчы болушкан сары ооз балапан солдаттарга кайрылып, муңайым айтыптыр:

— Эми балдар силерде не жазык, ишиңерди так аткаргыла. Мен да өлүм алдында бир ишимди аткарып алайын – шашпай бир түздөнүп алганга уруксат кылгыла.

— А түздөн, түздөн ой бооруңча, акыркы тилегиң аткарылсын, — дешиптир боз балдар шакылыктап.

Анан, «ана турат, жок», «мына турат, жок», тигиндейрээк басып барып калдайган чапанын айкара жамынып отурган ал – күнөөкөр, тегеле бир орундан козголбойт дейт, кебелбейт дейт. Тигилер кыйкыра берип, жадагандан кийин барышса, бир түп чийге таягын сая коюп, чапанын кийгизе салып, алдэбак эле жылт коюп, изин суутуп кеткен экен кайран киши. Беркилер туш-тушка аткылашып, аркы терки чапкылашып, таппай, суй жыгылып кала беришиптир.

Чоң атасынын төшөгүн баса отурган Жоомарт ар бир жолу ошол окуяны эстеп, өзү менен кошо барган кишинин көзүнчө кайра-кайра айттырып, жарпы жазылып күлүп:

— Атам молодес! Ошондо «акыркы тилегин» жакшылап аткарбай койсо биз бүгүн отурат белек ушерде, — деп каткырып турар эле, алпейим.

Мааламберди карыя ошондо, болжолу, токсон ашык жашта эле. Эти качыңкы тартканы менен сөөк-саактуу, албеттүү, зор киши болчу. Өз атасы Асаналы да ошондой шадылуу, муруту калкайган, кишини тик качыра кайсап караган, көзү күйгөн, сүрдүү, олбурлуу жан эле. Кезинде жооптуу-жооптуу кызматтарда иштегендиктен кыйла өкүм да эле. Кийин эле улгайып калган чагында да айылдагы тентектерди, айрыкча райондон келе калып чокчоңдогон чоңдорду кандайча бат эле теске салып койгонун айылдаштары аңыз кылып айтканын өзүм көрүп, угуп калдым. Кыскасы, экөө тең элдик жомоктордон же эпостордон эми эле бул күнгө суурулуп түшүп калгандай кишилер болчу.

Буларды эстеп атканым, Жоомарт өзү айтып калар эле:

— Атаңгөрү, мен атамдарды тартпай апамды тартып саал бекене болуп калыпмын…

Бирок өзү ушинтип койгону менен бекенелиги деле билинчү эмес. Тескерисинче, ал шашпай, көкүрөгүн кере, кулачын жая, эки жагына теңселе берип, алпейим каткыра басып бара жатканында өзү да эпостун онжоңдогон каармандарына окшой түшчү. Кудум, «Көк Манастагы» –  сүрөттөрүн А.Осташев менен Л.Ильиналар тарткан.

— Жоомарт табиятында  монументалдуу эле, аталарын тартып…

Аны менен биринчи таанышканым кызык. 80-жылдардын ортосунда Нарындан (перифе-риядан!) Фрунзеге келип телерадиокомитетинде иштеп калдым. «Сүрөтчү жана Мезгил» деген телециклдерин даярдоо тапшырылды. Бой таштап, илгиртпей иштеп кеттим. Анткени, өзүм бала күндөн сүрөтчү болсом деп катуу ышкыланып жүрүп кийин бул жакка жолум түшпөй калган эле. Көкүрөгүм кусалуу эле. Ошол кездерде «алтымышынчылар» деп аталышкан, легендарлуу муун өкүлдөрү Белек, Жамбыл Жумабаев, Сүймөнкул Чокморов, Сабиджан Бакашев, Абдрай Осмонов, Алексей Каменский, Баатыр Жалиев, Сатар Айтиев, Мелис Акынбеков, Сапар Төрөбеков, Турсунбек Койчиев, Владимир Буторин ж.б. кантсе да өз жүзүн, жеке ыксасын таап калган; аларга удаа муун – Карабек Артыкбаев, Нарын Турпанов, Таалай Курманов, Азим Төрөбеков ж.б. кажынып изденишип, кызуу узанып жатышкан чак эле. Мезгил ошондой эле. Выставкомдун ар бир жыйыны, борбордук сүрөт музейиндеги жылды жыйынтык-таган ар бир күзгү көргөзмө республиканын маданий турмушундагы зор майрам, олуттуу окуя, жаңы-жаңы ысымдардын жадырап ачылышы эле (ал күжүгүү күндөргө өзүм күбө болуп калган үчүн жазып атам ушуларды). «Жаңы ысым» демекчи, улам демеп, улууларды кыстап бурдап шаштырган, жол талашып  катары улам арбыгандан арбып бара жаткан жаш муунга, ошондо, сүрөт музейинин да залдарынан орун жетишпей, кең Фрунзе  тарый түшчү.

Ошондой дүмөктүү чыгармачыл күндөрдө борбордук Ленин китепканасынын кең фойесинде Кыргыз Сүрөтчүлөр Союзунун жалаң жаштар канаты мүчөлөрүнүн чоң көргөзмөсү ачылды. Ушул көргөзмө-кийинки сүрөт өнөрүнө гана эмес киносуна да (М.Убукеев «Манас ааламы») белгилүү деңгээлде күчтүү таасир эткен, Айкөлдүн күүгүм жүзүн жөлөгөн атактуу «Саякбай» картинасы жана эпикалык зор чабыттуу «Тутулган күн» композициясы менен андагы жапжаш жигит Эмил Токталиевдин жүзүн ачты. Жылкычы Жакыповдун жылдызы алгач жанды. Асанкул Байгазиевдин өздүк мөөрү көзгө түштү. Эрик Салиев, Рефкат Бухарметов, Кадыр Орозматов, Юристанбек Шыгаев жана башкалардын кур дегенде бирден иштери коюлуп, алар авторунун жекеме жүзүн ачып көрсөтүүгө али жетишсиз турса да, баары бириге келип,  мезгилдин демин туйгуза, жаш кыргыз мууну формалык да, мазмуундук да жагынан жаңы секирик жасоо алдында турганын баамга ачык салды. Ырас эле, ушул секирик кийин даана ачаланды.

Жаштардын бир канаты – «Жаңы толкун» («Новая волна») урааны алдында искусстводогу жаңычыл улуттукту батыш модерн жолунда активдүү түзүүгө өттү; экинчи тарабы – элдин угуттуу нугуна чөмүлүп, издөөгө көчтү. Жоомарттын табияты башынан ушунун экинчисинде эле. «Башынан» дегеним, Жокең ал кезде өнөрдөгү өз чыйырын салып үлгүргөн, лидерлик сапаты кыйла айкын ачылып калган чагы экен. Андыктан ага дал ошол оомал-төкмөл мезгилдин дал ушул дуудамал жаштарын жетектөө озуйпасы жүктөлүптүр.

…Ошентип Ленин китепканасындагы ачылган жаштардын сүрөт көргөзмөсүн телеге тартып калдык. Дыкат даярдандым. Сүрөттөрдү тематикалык жактан да, композициялык жактан да ыңгайлап топтоштура, көрсөтүүнүн сюжеттик-драматургиялык кызыкчылыгынан чыга режиссер, сценарист болуп бир сааттык кеңири баяндын долбоорун түздүк. Жаштардын жетекчиси катары Жоомарт өзү да сүйлөп бермей болду. Тартып баштадык. Анан, мына, иш үстүндө «концерт» башталды. Тагырак айтканда, Жоомарт баштады. Адегенде «муну», анан «тигини» тарт дейт. Көргөзмөнүн идеясын, ирээтин бузуп саласыңар дейт. Тимеле буюрат. Мен, чоң сүйрөмө камераларыбыз менен залдын бул учунан тигил учуна жорголоп жүрө бере албастыгыбызды, аны кийин монтажда ирээттеп аларыбызды айтам. Болбойт, Өзүнүкүн бербейт, Кежир. Акый бүтпөйт. Бир убакта: «анда мен интервью бербейм» деп чыкты. Мен: «ага муктаж да эмесмин» дедим. «Сен биздин иштин эмнесин түшүнөсүң» дейт. «А сен биздин иштин эмнесин түшүнөсүң» дейм. Акыры: «эмесе, мен тарттырбаймын, мындай жооптуу көргөзмөнүн теледен ашы айран болуп чыгышына жол бербеймин!» деди өжөрлөнүп. А мен: «тоо кулап келатса да тартпай койбоймун!» дедим көжөлүп (ушунчага жеткенден кийин, менин эркимде болсо, «урдум» деп деле баса бермекмин, бирок көчмө телестанция – ПТС деген зор балээ армияны «отмен» кылып жиберишке эч мүмкүн эмес!). Ошентип нерв кыжылдап, мээ ыжылдап, Жоомарт андан, убакыт мындан кысып (ар бир саат – энергия  акча!) жаным төрт чарчы, иштей бердим.

Анан бир оокумда өзгөрдү, Жоомарт. Тетияктан канатын жая бакылдай басып келип, калп-чыны аралаш каткырып:

— Атаңгөрү, сен да өз беттегенин бербеген  көкжал экенсиң. Эр чекишпей бекишпейт деген. Мына колум, кел! — деди.

Мен да кол бербеске эрксиз элем. Иш үстү. Сундум. Анан анын интервьюсун да жаздык. Кийин көрсөтүүбүз кызыктуу чыкты, профессионал искусствонун ажытын ача анализге алып, жаштар өнөрүнүн өнүгүү тенденциясын белгилеп… Мен ошондо Жоомарттын бир сапатын байкадым – өзүнө катуу ишенген, аны берилип коргогон, бирок жүйөлүү иш болсо ага акыры муюп берген кеңдиги бар экен.

Ошентип экөөбүз алгач иш үстү катуу  «чекишип», анан ысык «бекишип» тааныштык.

Айтса, мындай «чекишип – бекишүүлөр» кийин да  эчен ирээт болду. Эчен ирээт кол сунуштук. Жердиги ак пейил, ак көңүл жан көңүлүнө кир албай даалдап жууп салчу. Аялы Эркайым айтып калчу: Жоомарт бирөөлөр менен кыйын болсо бир, бир жарым айга таттуу  жүрөт, анан эле чарпышып кетет, сен кантип тил табышып жүрөсүң?… Атасы да бир курдай мага ыбаа карап айтып калды: «Балам, бул бир доңуз да, «корк!» эткен эле доңуз. Ийигип турган жан экенсиң, бир күнү көңүлүңдү калтырып коебу деп корком». Атанын өз баласына  астейдил мээрими катылган бул сөзүндө терең чындык бар эле. Билбегенге Жоомарттын сырты «доңуз», билгенге ичи «деңиз» болчу. Ал ошол «деңиз» дүйнөсүн чалым сөздөн, чалгырт көздөн сактап, аяр баптап жашачу. «Деңизин» тунук тутчу. Керек учурда, кернээтке каршы, боюн качырып, толкун үрөйлөп буркан шаркан түшүп кетсе, керек учурда, өзү ишенгенге мемиреп жазылып, коргоосуз ачык, төшү жылаңач жатчу. Ошону туюп, иргеп, ылгап өткөрүп берип турган бир сезимтал туюм чыпка – көкүрөк күүсү,  абаны бар эле анын.

«Эсимде» эсимде

Ошол чарпышуудан кийин ынак болуп кеттик. Бат-бат жолугушабыз. Анын үстүнө менин айлыктуу жумушум, даярдаган темам – сүрөтчүлөрдүн жашоосу, турмушу; алардын өнөрканаларына бармай, анан музей, көргөзмө кыдырмай, Сүрөтчүлөр Союзундагы жаңылык-тар менен кабардар болуу. Көбүнчө Жоомартка барып калам, анткени, ошол туштары Сүймөнкул Чокморов агай оорусунан жөнүгө албай ооруканага бат-бат жатып, канын тез-тез алмаштырып, үйүндө болор эле. Сүкөң мастерскойун Жоомартка ишенип калтырыптыр. Ал – борбордо, ЦУМдун эле түбүндө. Музей экөөнүн арасы, чукул. Ошентип жумушу иштен эмес тыштан бүткөн мен көп учурда Жоомарт менен Сүймөнкулдун мастерскойунда чогуубуз. Бу чогуу болуунун дагы бир себеби бар эле. Жолукканда экөөбүз тең ырдайбыз. Тим эле озондойбуз, боздойбуз. Мен оолуккан отуз ичи, ал кыркка чыгалек кылыччан кези. Ал комуз чертип үн кошот, мен жөө ырдайм. Эл билбеген бир «Үкөйүм» бар, ошону созом. Бөралы деген карыядан үйрөнгөм, ал: чыныгы «Үкөй» ушул, Мусалар радиого кооздоп ырдап салышкан дечү. Жоомартка ушул жөнөкөй, табигый «Үкөй» жагат. Кайра-кайра создурат, тажабай угат, кыйкырат, кызуу коштоп турат, мен ансайын күчөп эргиймин.

Бир жолу ырдап болуп токтосом, дагы ула дейт. Бүтүп токтосом, дагы улай бер дейт. Байкасам, мурдагыдай мени тигилип тиктебей, алдындагы кагазына үңүлө калат. Кайра карайт, кайра үңүлөт.

Мен анын мени чиймелеп жатканын сезип калдым. Мейли, бир ойду, образды кармагандыр, ырдай бердим. Кийин, тараштык. Ал эмне чийгенин көрсөтпөдү, мен да сурабадым. Мындай нерсе аялуу да. Чыгармачылык өзү уяң, морт келет. Сааты чыга электе ачылып калса айрандай чочуп уюбай да калат. Ирип кетет.

Ошо бойдон ал көп окуянын эле бириндей унутулуп кетти. Жоомарт ошол туштары эмне иш кылып жүргөнүн деле билбедим. Анткени, сүрөтчүлөр жазылып жаткан жаңы иштеринин жүзүн көп учурда жаап коюшат. Көрсөтпөйт, уяң да. Болгону, баягыдай жолугабыз, жолуккан сайын боздойбуз, озондойбуз. Бир жолу ошентип отурганыбызда капыстан эле жарылып каткырып жиберди:

— Ой, ушинтип атканыбызда апам капыс кирип калса, ай байкушум ай, эмне эле мынча озондойт, жанына эмне мынча жапаа баткан, баламды ким мынча боздотуп койгон ыя, — деп өзү кошо боздоп жибербес беле… — деп ыкшып күлүп калды. Көзүнөн жаш да агып кетти. Кийин ойлосом, бул күлкүнүн эле жашы эмес экен…

Күндөрдүн бир күнүндө телефон чалып калды. Эртең мастерскойго келип кетчи, баягы көк шымыңды кийип кел деди. Көк джинсычан жүрүп калчумун, «аа, бир шым-натурщик керек болуп калса керек» деп ойлодум, айткан маалында бардым.

Төрдүн бетин бербей бүт ээлеген чоң картинаны жөлөп коюптур. Көк Теңиринин фонунда көк коргошундай зыл уютулган кош фигура – жигит, кыз. Алгач көргөндү аптыктырган зор полотно. Дел боло туруп калдым. Жоомарт күлмүңдөй карады: Тааныйсыңбы деди. Мен саал тааныш өңдү бүшүркөй карадым. Ийнимди куушурумуш эттим. А мунучу деди. Бир барак кагаз сунду. Муну тааныдым – өзүм экенмин. Баягыда ырдап атканыңда уурдап эскиздеп алган элем деди, — эми, шымың чыкпай атат, отуруп бер, бырыштарын келтирип алайын.

Ошентип акыркы сеанс көк шым менен бүттү. Боегу кургай элек бул эң жаңы ишине Жоомарт өзү да толкунданып абыдан эле ыраазы эле.

Ушундан көп өтпөй борбордук сүрөт музейинде октябрь майрамына карата жыл сайын уюштурулуучу салттуу көргөзмө ачылды. Залдын эң эле төрүнө өзүнүн зор аянты боюнча да, батырган кеңири мазмуну боюнча да башка иштер теңдешкис, Сүйүүгө Гимн – «Эсимде» илинди. Ошондогу бир көрүүчүнүн элестүү тили менен айтсам: «төрдөгү жалгыз картинанын жанында калгандары ылаачын тийген таандай туш тушта пытырап чачырап калышты». Саал күчөтө айтылгандыр, мүмкүн. Бирок бул ошол туштагы көргөзмөгө келген көпчүлүк элдин маанайы эле. Эмоциясын жашыра албай жалындай сыртка булгалап чыккан бул көрүүчү андагы жаш философ Үмүт Асанова эле. «Көрүүчүнүн китебине» жазып калтырган ойлору мобул:

Я плакала… Почему-то сжимало сердце и слезы сами собой лились из глаз?  Почему?

То ли пронзительное-пронзительное небо и где-то, где-то витающая чайка на высоте, то ли девушка, прислонившаяся словно к символу-образу сильного могущественного, надежного (в памяти ее так сохранившегося) мужчины и ее лицо, за нежностью и хрупкостью скрывающее страдание, то ли бренность всего этого перед бесконечным мирозданием, бесконечным универсуумом… Это самое первое впечатление: дрожь сердца, когда, проходя залы, вдруг, как вкопанный останавливаешься перед картиной «Эсимде» Ж.Кадралиева. Наверное, не ошибусь, более того, все более убеждаюсь, смотря и размышляя над ней да, это Шедевр!

Гамму философских мыслей порождает она.

Но, пожалуй, главный лейтмотив: спокойная, величавая, совершенная Гармония Природы и Человек, как воплощение одновременно и Гармонии, и Дисгармонии. Просто приходится бесконечно сожалеть о бедности и скудности языка перед столь мощной возможностью картинного живописания одновременно глобальной и человеческой философии, пробуждающей и чувства, и мысли.

Бесконечно, бесконечно благодарна!
Доцент кафедры мединститута Асанова У.А.
22-ноября 1987г.

Бир «Эсимдени» көрүш үчүн эле ошол туштары көргөзмөгө көп кишилер агылып келди. Өнөр ээлери эле эмес искусствого эч тиешесиз жай адамдар дагы. Анткени, ар биринин көкүрөгүндө өз «Эсимдеси» жаңырыктап жаткан…

«Эсимде» демекчи, картинанын аталышы тууралуу. Жоомарт адеп ушундай атаймын дегенде мен ага ынанбай турдум. Картинанын масштабы, мазмунуна ылайык кандайдыр жалпылама, философиялуу, символдуу аталыш зарылдай туюлду. Маселен, Семен Чуйковдун «Ааламга жанашканда» («Прикосновение к вечности») картинасы сыяк. Айттым. Бирок Жоомарт өз оюнда бек турду. «Эсимде»ден кайткан жок. Мунун себебин саал кийин түшүндүм. Бир жолу өзү айтып калды: мобул кызда мен бала кезден жакшы көргөн бардык кыздардын элеси бар. Алардын биринчиси – классташым Макен…

Мен ушунда гана Жоомарттын «Эсимде» аталыштан эмне үчүн эч кете албай, жалпыланган, символдонгон, тумандалган мазмуундарга кайыгысы келбей, ансыз да бул түбөлүктүү картинага турмуштук как конкретиканы гана ак, нак, так катырып, батырып, калтырып (түбөлүккө!) салгысы келгендигинин себебин түшүндүм. Бая озондоп, боздоп ырдап жаткандагы ыкшыган күлкү-көз жашынын соңунда бир муңкермек даам катылып калганын да эми боолгодум.

Кийин ал «Эсимденин» фотокөчүрмөсүн жасатып алып көңүлү сүйгөн адамдарга таратып жүрдү. Афтографын отурган эле жерден Осмонкулдай ыр менен төгүп шилтеп жиберчү, анын көркөмүнө да, уйкашына да эч көңүл бөлүп отурбайт, сезимин бош койчу. Ал – сөздөгү эмес, боектогу акын болчу. Мага да экспромт ыр тизе салды. Анда анча деле мааниге ээ эмес, эми Эсилдин да бир мурасына айланып калган ал ырын эскермеде келтирип коюу – тирүүлүк парз.

Чоюн!
Көрсө өмүрдө көкүрөк болот тура,
Топтолтура бөксөрбөгөн «Эсимделер», сагынуулар.
Көрсө өмүрдө көп убакта «эстөө» тура,
Эңсөөлөргө канбай калган ал бир кумар.

«Эсимде» – сеники бул, меники бул,
«Эсимде» – элдики го, элден келген.
«Эсимде» – өмүрдүкү бизге калган,
«Эсимде» – бир өмүргө жашап кеткен.

Эстеймин, эсимде го, Боогачынын «Үкөйлөрүн»,
Эстеймин куса болгон иш күндөрүм.
Эл үчүн куса толуп жүрөккө, көкүрөккө,
Эгиздей биз жүрөлү Чоюн дос түбөлүккө, — деп «Эсимденин» бир кездеги ээси Жоомарт досуңдан.

Теги, ушинтип олтуруп жүр сүрөттөгү элесиңдей. (7-январь, 88-ж.)

* * *

Ушу «Эсимдеге» байланыштуу да бир окуя. Сүрөтчүнүн мастерскойунда, бая айткан «өзү жакшы көргөн кыздардын» чакан портреттери, эскиздери  же, тек, учкай бир шилтемдери болор эле, ар жерде жыйылып, чачылып жаткан. Ошолордун ичинен бир ак жоолукчан бажырайган кыз биринчи көргөндө эле жүрөгүмдү ток тийгендей зырп эттирди. Болгону, кол башындай чакан портретче, муну бүткөн иш деп да айтууга болбойт, бир шилтеп, шаша-буша жазылган, анан ошол бойдон калтырып койгон, бүтпөй калган импровизация. Бирок анын ушул «бүтпөй калганында» айтылбай калган аркы чексиздиги бар эле. Кытайдын классикалык монохром живописи, «цаошу» каллиграфиясы ушундай, анда дайыма аягына дейре айтылбаган, атайын эле айтпаган, «ак кагаз» – «кара тушь» чегинде жигинде калемдин кыл талчалары аркылуу «этишип-өтүшүп» калган «образ» жана «мейкиндик» ортосундагы улуу Катыш кармалат. Мейкиндик, Боштуктун өзү активдүү Образга айланып калат мында.

Жоомарттын алиги шаша-буша, эрмей-сермей бир шилтеп салган портретчесинде ушул касиет (автордун эркинен тыш!) кармалып калыптыр. Анан да дал ошол мөрттөгү гана, бир ирмемдеги гана, баары бир жерге мүлдөм фокустала калган бир өзгөчө уяң мээрим бар эле – кыздагы; ошол мээримди карегине кыт (жок, «кут» десемби) чөгөрүп кармап кистиге илип калган бир аяр сезим бар эле – жигиттеги…

Мен ушул сүрөткө кыйла тигилдим, ойго термеле. Бул тууралуу сүйлөшкөн деле жокпуз. Анан башка иштерине алагдыландым. Кийинки барышымда Жоомарт бая «ак жоолук бажырайган кызды» бөлүп, дубалга өзүнчө илип коюптур. Көңүлүмө илингенин байкаган окшойт. Мен,  дагы тигилдим. Кийин ар бир барганымда «ак жоолук кыз» бизди дубалдан бажырая карап тосуп алып, узатып жүрдү. Бир курдай бая сүрөттү дагы карап отуруп, Жоомартка айттым:

— Ай, ушу кантсе да түштүктүн кызы-ыя, чынбы? — дедим.

Жоомарт мени саамга күлүмсүрөй тиктеп туруп:

— Чын, — деди, — сенин туюмуң укмуш! Бул – Эркайым. Жаш кези…

Ушунда мен «өх» деп ичимден саамга тына, эс ала түштүм. Анткени, бир курдай ушул кол башындай чала ишти сурап жибере жаздап барып токтогонмун: «имне, сүрөтчүнүн бүтпөй калган көп майда иштеринин бири экен, а балким, автору өзү деле буга анча маани бере бербестир…»

Сурабаганым, жакшы болуптур.

Эркайым – сүрөтчүнүн асыл жары эле. Кара-Суунун Кенжекул айылынын кызы. Түштүк кыздарына мүнөздүү уяң жароокерлиги, катылган назы бар. Сүрөтчү экөөнүн алгач таанышкандагы, табышкандагы кайталангыс аяр, уяң абалдары портретте ушунчалык чынчыл, изги кармалып калыптыр. А балким ушун үчүн сүрөтчү кийин ага кайрылып эч кол тийгизе албай койгондур. Сурабаганым жакшы болуптур. Аялуу нерсе суралбайт.

Кийин-кийин сүрөтчүнүн Борбордук Музейдин экинчи кабаты толо коюлган чыгармачылыгынын 30 жылдыгына арналган көргөзмөсүндө бая «кол башындай» ак жоолук кыз Эркайым эндүү чоң богетке салынып көрүнөө илинди. Чакан портрет богет мейкиндигинде калкып, ажары ачылып калыптыр. Ким билет, балким бирөөлөргө бул бир шилтенип аягына чыкпай калган чала-чарпыт иш сыяктуу да сезилгендир. А менин маңдайымда аягына дейре айтылбаган, эч качан айтылып да бүтпөй турган «Образ менен Мейкиндиктин», «Сүрөтчү менен Кыздын» (Жоомарт менен Эркайымдын!) ортосундагы аяр, эң аяр, аяр сыр турду. «Эсимде» картинасы ушул Сырга да (Тайна! Тайна!! Тайна!!!)  тунук чайынган эле.

«Эсимде» – Жоомарттын жаштык кумарынын баарын жыйнап туруп бир зор полотно аркылуу сыртка жанарлатып алып чыккан абаны; кырк жаштагы триумфу; чыгармачылыгындагы белгилүү бир этаптын жыйынтыкталышы эле.

Реалисттик өңүттөн символиканын өрүн карай батыл жылжып башатаган.

Арада тарых жаткан…

«Эсимде» коюлган көргөзмө адаттагыдан көпкө турду. Жылдын аягына чейин. Көрүүчүлөрдүн суусуну кангандай эле болду. Биз да картинаны экрандын талабына ылайык драматургиясын келиштире иштеп чыгып, эки камера менен алмак-салмак кабатталыштыра тартып, симфониялык оркестрдин аткаруусундагы Атайдын «Эсимдеси» менен жүрөктү эзе шөкөттөп туруп, муңкана сызылган-созулган лиробаянды  теледен элге сундук.

Сонунубуз бир сыйра тарап болгон күндөрдө Жоомарт сүрөттүн бая эскизин мага сунду:

Көп сүрөттөрүмдүн ичинде чачылып, жоголуп кетпесин, сенде жүрсүн. Анан: жалаң ак барак бетинде эскиздин күчү ачылбай калат, саал тон берип коюш керек деп көк акварель менен көгүлжүм өңдөп койду, Көк картинадагыдай. Алдына жазды:

Чоюн досум «Эсимдеге» ырдап жатат, а «Эсимде» картина кыргыз үчүн түбөлүктүү ыр да болуп, сүрөт болуп калды окшойт.

«Эсимде» сүрөткө түшкөнүңө рахмат досум, Чоюн. Ушинтип ырдап, ырды, намыс кошуп менин каныма эл ичинде эсен бол үй-бүлөң менен бакыт жолунда — деп автор:

Жоомарт К. 28-ноябрь, 1987-ж.

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ

(Уландысы бар)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *