АҢГЕМЕ

…Көрдүңүздөрбү, тигине, адатынча бүгүн да өрөөнгө кеткен жалгыз аяк жол менен Батма кыштакты көздөй келе жатат. Ат үстүндө сөөктөй катып, үн-сөздөн калган чүкөдөй кемпир… Ботом, чын эле эмне болгон Батмага? Өмүрүндө кабагын чытыбаган Батманы карагылачы!
Демейде Батма башкача эле го!.. Жол боюндагы саздын жээги оттуу боло турган. Аты дайыма өзү эле жолдон кайрылып чөптөн аймап кирчү. Батма «мейли байкуш» деп, атынын чалганына маашыр ала, шамал ыргаган чиелердин жапырылышын кунт коё карап, бир азга ойлончу. Шар суунун тынчыбаган шоокуму дайым Батманын эрмеги, жер үстүндө сансыз суу көп го, ошонун арасынан Батма бул өрөөндүн шоокумун жазбай таанучудай, суу боюна келгенде атын бура тартчу да, ичпесе да өжөрлөнүп сууну ортолой кечирип барып тура берүүчү, Карагер жок дегенде суунун шарын тумшугу менен жирей сүзүп, «ооз тийгенсип», жээктеги саргара элек чөптөрдү бурдап аймалачу.
А бүгүнчү? Жок, андай болбой калды. Батма бу сууга да токтогон жок. Аты да Батманын күйүтүн түшүндүбү, кечмеликке бурулбай, башын жерге салып, анда-санда бут таштайт.
Өмүрүндө Батма түйшүктү, болгондо да, такыр башкача кайгыны башынан биринчи өткөрүп жатты. Өзүнүн уулу, абышкасы каза болгондо да мынчалык чөккөн жок эле. Каардуу, ый-муңдуу күндөрдө, өз баласын узатканда эне бел байлаган. Анда мындай кайгырган эмес, «эл көргөндү көрөрмүн» деп чыйралган.
Батма адеп согуш башталган күндөрү айылга кат ташууну башка бир ылайыктуу кишиге өткөрүп берүүнү суранган. Эмне болсо да эгин оруп, машак терип, кемпирлердин катарында жүрсөмбү деп ойлогон. Анын үстүнө жүрөк бир коркунучтун, жаманчылыктын кабарын алдын ала сезгенсип, өзүн-өзү коргогон, оолактаган. Кыштакта ылайыктуу эч ким чыкпагандан кийин кайрадан: көнгөн жумуш эмеспи деп, моюн сунуп, жаман ою үчүн өзүн-өзү жемелеп, иштеп калган. Согуштун алгачкы күнүндө Батма согуш комиссариатынан келген кагаздарды ташып жүрдү. Адегенде кагаздын баары бирдей сезилчү. Кагаздар кубаныч, кайгы алып келерине Батманын иши жок эле. Кийин балдар согушка кетип, жумурай-журт алыстан тил катты, кичине болсо да эки ооз эле сөз чийилип уйпаланган кагазды самашты. Колго тийген катты өпкүлөшүп, чарчаган-чаалыккан уулдары ошол төрт бүктөм кагаздын арасынан боз ала болуп чыга калгансып, не кылсын ата-эне кургур, сагынган жүрөктөр кагаздан каниет алып, күдөрлөрүн үзбөй калышчу. О, ошондо Батма баарын түшүндү. Сагынычты да, коркунучту да, сүйүнүчтү да эне жүрөгү калетсиз билди.
Бөтөнчө алакандай кагазды алганда аялдар жашык эле. Ошондо Батманын күйбөгөн жери күл болуп, өзүнүн курбуларына өчөшө сүйлөөчү:
— Ай, аялдар, кат алганда кемшиңдегениңерди качан коёсуңар. Андан көрө бир эркектана чакыр. Угуп койгула, ой, силердин колуңарга кат бербейм.
Курбулары карагер атты жылоолоп бурчатышпайт. Батма тебелетсе-тебелетсин, асты уулунун катын берсе болду. Алыстагы уулун сагынган кандай экенин билген эне түтпөй кетеби, көптөн кийин эмнегедир жибип, айтор, берип коёт. Катты бала-бакырага окуткан аялдар уулдарынын жазгандарын укканда көз жаштарын сүртүнүшөт.
Ого бетер Батма атынын башын буруп сүйлөнө жолуна түшөт:
– Ок, жоругуңар жолдо калгырлар. Айтпадым беле, арам тамактар ушул үчүн силерге кат бербейм дейм. Эмнеге шолоктойсуңар? Деле өз башыбызга көрүнсүн, капыр. Карап эле тургула, экинчи кат берсем элеби? — Экинчи бирөөгө кат бергенге чейин ачуусу таркабай, сүйлөнгөнү сүйлөнгөн.— Бу катындар эмне мындайсыңар, бизге эле көз жашты берип коюптурбу? Бекер оштонбогула. Андан көрө, э, катыгүн… уулунун аманчылыгын тилебейби да, сүйүнбөйбү…
Өрөөн ичиндегилер Батманын үнүн угууга куштар, андан жагымдуу үн эч жерде жоктой. Кайсы убак болсо да Батманын заңкылдаган үнү көчөнүн башына жетип, айрыкча эркектери жок үйлөрдөн үйлөргө өтүп, жаңырып тургансыйт. Ал эми күйөөсүн күткөн аялдар күйөөлөрү сүйлөп жаткансып, алтымыш аттаган кемпирдин алыстан-алыстан дубай салам ала келгенсиген үнүнө бел байлашчу. Кемпирлер согушта эмне болуп жатканын Батма биле тургансып, жан-алын койбой терип-тепчип сурай беришчү. Ал да көп кармалбай, өзүнүн ичиндегисин жашырчу эмес:
– Эмнесин айтайын, жеңиш биздики жакта дейт. Жанагы керман өлөт көрүнөт. Жекеме-жеке чыкса биздин уулдар жаман немелерге алдыра койбос…
Айылда Батманын аты «ак жолтой». «Ак жолтой» деп эки сапар кат алгандан кийин Эгембердинин жесири биринчи койгон. Атты койгонунанбы же өзүнүн сырдашыбы, Батма кыштак ортосундагы Сонунбүбүнүкүнө күнүнө тийип өтөт.
Атчан адамга жеңдей өрөөндүн ичиндеги кыштак менен кан жолдун боюндагы салынган почтонун аралыгы чай кайнатым алыстыкта. Ошол кара жолдон бөлүнүп, коктудай чыккан бир кулак сууну жээктеп өргө кеткен чыйыр жол аркылуу Батма канча сапар каттады экен? Миң жолу, он миң жолу… деле өмүр бою басты дейли, баары бир муну эч ким билбейт. Жаде калса Батманын өзү да билбейт… Ошентсе да Батма бу жерден сансыз басат, милдеттүүдөй, тепкилеп… о, бу жерди аяп да басат.
Деле калса өрөөндү коркунучтан сактай турган ушул кемпир сыяктанчу. Ал эми айылдагылардын эч кимиси Батманын кабагынын түнөрүшүн, суук кабар алып келүүсүн ойлободу, каалабады…
Азыр ошол өрөөн ичи күтпөгөн биринчи суук кабарды баягы Батма, «ак жолтой» Батма алып келе жатпайбы. Болгонда да Эгембердинин жесири Сонунбүбүгө… Жалгыз баласын алыстан медер туткан жесирге… Ким билет, муну, мүмкүн, жаман кабардын акыркысы ушул эле дейсиңби. «Ок.— дейт өзүнөн-өзү чочуган Батма,— ансыз да аз бекен? Жетишет ко, мендей шүмшүккө…» Батма делөөрүп, өзүн мыжыккысы келет. Бар болгону почтодогу кичинекей кара келин менен сүйлөшкөнүн эстеп, күнөөнү ошого жабат, жүрөгүндө келинди аяса да, дагы эле ошону жек көргүсү, чачын жулгусу келет. Анда деле жүрөк дабасы канбас эле. Келин болбосо мобу кара сумкадагы шүмшүк кагазды эч ким алмак эмес. Анда жүзү жарык болбойт беле, каран түн.
Батма кара сумкадагы кагазды көп каттардын арасына, адам жүрөгүн сүйүнтчү каттардын арасына кошкусу келбеди. Аны дароо тапты да, уучуна бекем кысты. Ушул кагазды айрып, деле мындай жер үстүндөгү кагаздын баарын чогултуп, өрттөп жиберип туруп, башка эле кат жазып койгусу келди.
Дагы эле жанагы почточу келинди жемелеп, ичинен күбүрөнүп баратты…
Батма ак тамдын жанындагы зым карагайга атын байлап, кадимкидей почтонун ичине кирип барган.
– Кандай, келин балам? Бизди эмне менен кубантасың, айланайын?
Келиндин үрөйүн көргөн Батма селдее түштү. Келин үн катпай суз гана таңып койгон кагаздарды сунду.
– Эмне, балам, Апышыңдан кат жокпу?
– Бар энеке…
– А, жаман, анан эмне шылкыясың? Сендей учурда биз…
Келин дагы эле суз, көзүн жаш чайып, ээрдин калтырак басты, таноолору кыпчылып, Батмага суук кабарды мына… мына айта салчудай болуп баратты. Батманын көз алдына өзүнүн Сабыркулу кирпик ирмегенче тартыла калды. Кемпир уулунун элеси менен эми түбөлүк коштошконсуп бараткансыды… Батма «Аа» деп чаңырып барып, келинди басып жыгылчудай… Бир гана ортодо тактайдан туура коюлган тосмо жолтоо болуп, адамдын чынбы же калппы деген эки ача ою ач кыйкырыкты чыгарбай торгоп турду.
– Аның ким, кокуй…— деди кубаты кетип, шалдырап бараткан Батма.
– Эгембердинин баласы… каза болуптур, кагазы мобу…
«О каран түн. Не дейт бу кара жаак…» — Батма жакшы эле кыйкырды, бирок анын үнү эч кимге жетпей ичинен жол таап чыга албады. Ошол кыйкырык, аны муунтуп, өрттөп, алтымыш тамырын сыздатты.
Тымтырс. Терезеден гана жарыкка чыга албаган жетим көпөлөктүн үнү үй ичиндеги экөөнүн кайгысын кошуп турду. Батма жинди болгонсуп, калтырап, сүйрөлүп эшикти көздөй жөнөдү. Келин кара сумканы артынан кошо ала чыгып, ээрдин кашына илип койду, бат эле кайгыга алдырган кемпирди эптеп атказды.
— А, шордуу…
Мына эми ат үстүнөн кулап кетпей, бирок ээрге баштагыдай чыйрак эмес, серейе конгон Батма кыштакты көздөй келе жатат. Ооба, келе жатат бир караан, анткени менен жакын караганда жансыз сөлөкөт. Көз жашы салаа-салаа…
Жаргактай шалбырап, өңдөн өчкөн беттен ылдый жашы агып, эзрдин кашына тамат. Мурдун шор тартат бечара, анда-санда үшкүрүнөт. Өзү кайда бастырып бара жатканын билбейт. Кайда баратат Батма?
«Кайда баратамын?..— Кыштактын карааны көрүнө калганда Батма селтең эте,— жинди болуп калганмын го?» Кайдан-жайдандыр чуулдаган үндөр чыгып, Батманын кулагына миң түркүн болуп угулуп кирет. Кемпир жакшы эле чуулдакка моюн бербей, өжөрлөнүп коргонот:
«Мен кагазды эле алган жазыгымбы?.. Айланайындар, аягыла. Менде күнөө жок ко…»
Башка бир үн, болгондо да өтө укмуштуудай жагымсыз үн, Батмага жан алы калбай асылып, ага күнөө оодарат:
«Кагаздарды сен алып бара жатпайсыңбы. Кана алып барып көрчү, эл кандай тытаар экен. Эр экенсиң алып барып көрчү…»
Бардык адамдарда кээде ушундай кайгыруунун ичинде коштогон жаман ой, санаа боло каларын Батма билбеди.
Жардам сурагансып элеңдеп туш-тарапты карайт. Батманын жанагы жаман оюнан жүрөк гана арачалап болушкансыйт.
Жүрөк кургур безилдеп жатты:
«О, Батма, сенде жазык жок, кандуу майданды сен жасадың беле? Элден кем калбай, өз уулуңду жибергениң калп беле? Ал адамдарга түшкөн түйшүк, Батма. Башыңды көтөр, андан көрө атаганат, мындай кагаздар деле болбосо дебейсиңби?..»
Батма кыштакка жакындап калды. Шумдук, көзүнө коркунучтуу элестер көрүнгөндөн көзүн жуумп жиберди… Эгембердинин аялы жаман тамын жаңыртып, саксайган чачын жулуп буркурап, адам боору ооруй турган кейпи менен Батманын этегине жыгылды. Кучагын жайып, көзүнүн жашын көл кылып, Батмага жаман кабарды эмнеге угуздуң деп жалбарат. Чучукка жеткен үн менен боздойт. Аңгыча жалгыз эле Сонунбүбү эмес, сан көз Батманы тиктеп, ага кыштактын адамдарынын бардыгы жалынып жатты. О, тобо. Анан алар кары-жашы дебей түп көтөрө мобул алсыз, шордуу Батманы көздөй колдорун жайып, кат сурашып, бир жакшылык кабар барбы деп жабырап чуркашты…
Не күч таасир этти, ким билет, эне күчүбү же адамдарда ушундай кур намыс барбы, Батма атынын тизгинин жыйып тура калды. Жакшы эле өзүнө кайрат берип, келе жаткандар менен алышчудай жааланды. Бирок түмөн кол каптап, энени аптыктырды, сүрдөттү, коркутту… Атын кайра бурдурду. Батма атын теминди да сооруга камчы чапты. Мындай жорукту ээсинен күтпөгөн ат селт эте, этин жыйрып, мүдүрүлө-мүдүрүлө түшүп, кайрадан оңолуп адыраңдашты салды…
Батманын артынан жер солкулдаткан кайырчыдай колун созгон өрөөн ичиндеги эл, эми колдоруна таяк алып Батманы, суук кабар алып келе жаткан Батманы айылдан кууп бара жаткансыды. Көчө ылдый уюлгуган чаң калды…
Батма качып баратты… Курган эне качып баратты…
Батма ак тамга кандай жетип барганын сезген жок… Аттын дүбүртүн уккан почточу келин чуркап чыкты.
— Ме дейм…—Батма жанагы согуш комиссариатынан келген кагазды келинди көздөй ыргытты. Кээде жагымдуу, кээде жагымсыз… деле адам баласындагы күйүттү муңкантып, кооздоп айтып жаткан үн чыкты.— Мен мунуңузду бере албайм, кереги жок мага, Сонунбүбүгө. Кайра жиберип ийчи ушуну, балам… деле өрттөп жиберчи… айла-най-ын…
Жер кучактап жыгылды эне. Эки ыйык эне: Адам эне менен бүткүл адамзаттын Жер-энеси кучакташып жатышты. Адам эненин ысык көз жашы Жер-эненин тулку боюна сымаптай тарайт. Батма Жер-энени көз жаш менен эритип жиберүүчүдөй болот. Бир оокумда көз жаш да Жер-эненин жүрөгүнө жеттиби, теребел сумсайып жер да ичинен күңгүрөнүп ыйлагансыйт. Мээрман Жер-эне койнуна катып чоңойткон Адам-эненин мурунку шылдыңдарын, капарына албай жүргөн күнөөлөрүн кечирип, аттиң ага кайра да бир кайгылуу учурда жардамга келип, баладай бооруна кысып сооротуп турду.
Тегерекке эл чогулуп кетти. Эки энени туурап алар да жашык…
Батма көкүрөк толгон муңун чыгара, сай-сөөктү сыздатып, солкулдап ыйлап жатты.
Жашыган, боор ооруган үн чыкты:
— Мээнетиңди алайын эне… тур эми…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *