(Болгон иштин жомогу)

Токмоктун түштүк-чыгыш жагында кыргыз тоолорунун кыркасына кирген Талды-Булак деген Чолок капчыгай бар. Ырчы Ысмайыл экөөбүз кийинки жылдарда Бурана, Шамшы жактагы бир катар айылдарга бирге барып жүрүп, мына бүгүн, сөздөн сөз чыгып олтуруп ушул капчыгайдын баш жагына жеттик. Күздүн мээримдүү ачык күндөрүнүн бири болгондуктан машинабызды суунун жээгине, жашаңдап турган тегиз жерге токтотуп, Ысмайылдын каалоосу боюнча суунун баш жагын көздөй, бир кезде калың айылга конуш болгон жерлерди тике аралай бастык. Асман көпкөк, жер жылуу, анын үстүнө адырлардын, капталдардын саргыч тартып бышып кеткен чөптөрү ушул, көңүлдү көтөргөн жылуулукту дагы коюлтуп, көркүнө чыгарып тургандай. Анын үстүнө Талды-Булактын төр жагы чыгыш түштүк жакты бүтүн тосуп, дүңкүйүп, чын эле биз жакка тууралана карагандай болуп, бүткүл денеси карагай, арчага капталып, чокулары ак кар, көк муздан чатыр карманып, керилип, келберсип Туура-Кайың тоосу жатат.

Капталыбыздан ошол Туура-Кайың жактан агып чыккан көпкөк суу ар кайсы жерден ак көбүгүн үйрүлтүп, имерилтип, ак буладай чубалтып өзөн ылдый темир комуз күүсүн каккандай шоокумданып, шукшурулуп агып өткөнүнүн несин айтасыз? Жаратылыш ушундай бир көркөмдүк кучагын чалкалай жазып, адамзатка мээримин ченемсиз төгүп турган убактысында кекеч киши чечен, өмүрү кыңк этип бир ооз ыр ырдабаган киши ырчы болуп кеткидей.

Мындай убактыда Ысмайылды чымчылап, козгоп кереги жок, экөөбүздүн кырк жылга жакындап калган жолдоштук мамилебиз боюнча билемин, чоң ырчы, далайды көрүп, далайды билген акылдуу шайыр, сага тизгинин чойдурбай сөздү өзү эле баштайт. Анын мага айтып берген ар бир аңгемеси жанга кубат, көңүлгө гүлазык. Ысмайыл эрдин чормойтуп бир Туура-Кайың тоосун карап, бир Талды-Булак өзөнүн жарып агып, камыштын башы менен учкан куштай шуулдап жөнөп жаткан сууну карап алды да:
– О, чиркин, баягы шоруң каткан Мусакан ырчынын (обончунун) гүл өмүрү өткөн өзөндүн бирөө ушул эмеспи. Анын өз жайлоосу ушул өзөндүн чыгыш жагында Борду болчу. Бирок жазы-күзү Талды-Булакка көп келчү эле. Өзү орто бойлуу, кара көз, карасурдун өңдүүсү эле. Он эки жашында ырчы атанып ырдап чыккан экен. Ары обончу, ары акын, мындай телегейи тегиз келген өнөрпоз аз болор… Менин бала кезимде, кайран эме жыйырма тогуз жашында эле жайрап калбады беле? Сенин Мусакандын ырынан, обонунан кабарың барбы? Мусакандан башка кайсы обончу чыккан бул Чүй бетинде? – деп мени тиктей калды.
Мен Мусакан жөнүндө 30-жылдардан баштап угуп жургөнүмдү айтпастан, Ысмайылдын кабынын оозун дагы бир аз чечким келип жана менин сөзүмдү дагы улап кетсин деп:
Токмоктун башы Жаңы-Чек
Токтоно албай айттым кеп… – деген ырлар ошол Мусакандыкы эмеспи? – дедим.
– Ий, ий, мойсопутум, кабарың бар экен, – деп Ысмайылдын жаны жыргай түштү да, Мусакан жөнүндө томогосу жаңы алынган куштай болуп мойнун созуп буулуга сүйлөп сөзгө кирди:
Талды-Булак жөлөңкө,
Табытым тартпайт бөлөккө,
Табытым тартпайт деп жүрсөм
Тап кетирдиң жүрөккө…
Бөлөк дөбө Көк-Булак
Бөтөндөп көрдүм көп чырак.
Жалгыз өзүң башкача
Жаралгансың гүл бурак…
Мусакандын бул ырлары чын эле жүрөктөн атып чыккан кайнар булактай ырлар экендигине көңүлүм термелип: «Бали, бали, Ысмайыл сөзүңдү жөнөтө бер?» – деп өтүндүм. Ысмайыл дагы бир капкачанкы эстен кетпес шумдукту эстеп алгандай болуп:
– Атаңдын көрү десең. Бу дүйнөдө асмандагы кыраан да, жердеги чыгаан да арманда өткөнү болот экен. Кайран Мусакан өшөнтүп жашынан ажалга кабылып арманда өткөн. Тетиги суунун боюндагы кызыл ташты, кызыл таштын жанындагы дөмпөйгөн мүрзөнү көрдүңбү? Жүр, ошого баралы? – деп жол баштап, курсагын сылай алдыга жүрүп калды. Мен болсо: «Балким, Мусакан ошол жерге коюлган болду бекен?.. Андай болсо, асмандагы кыраандын да арманда өткөнү болот» – деп эмне үчүн айтканын ойлоп, айран-таң болуп келе бердим…
Белгилүү жерге жеткенде Ысмайыл тайтая тура калды да, ээрдин бир жаланып алып:
– Кана мойсопутум, сөз билбеген момунум, мен бир жомок айтам, ошону көзүңдү жумуп туруп уксаң, ошондо көз алдыңа бирдеме келер бекен?..
Экөөбүз тең ырсайып күлүп калдык. Ысмайыл сөздү баштаганда мен көздү чала-була жумган болдум да, экөөбүз эки таштын үстүнө катар олтурдук, мен Ысмайылдын жомогуна кулак төшөдүм…
* * *
…Бул жер Каркыранын тоосу. Кеч күз. Каркыранын бүткүл карагай менен чүмкөлгөн жапызыраак кырка тоосу күн чыгыш жагында турган Улабас тоосун карай баштанып, өзгөчө күн кечтей баштаганда көлөкөсүнө көлөкө кошулуп, чокусу те түштүк чыгыш жагында биринин үстүнө бири түрмөктөнүп жыйылган булуттардын астында жаткан ХанТеңири тоосуна теңелишип тургандай элестейт. Элик, аркар, дагы нечен түрдүү кайберен десеңиз, ушул Каркыранын калың карагай, арча менен денесин бекем туюктап алган ою-кырында. Дасыккан бүркүтчү, көзгө атар мерген десеңиз да ушул Каркыранын кырка тоосун каршы-терши аралап жүргөнү жүргөн. Биз жогор жакта баяндаган Талды-Булак өзөнүндө өнүп-өскөн балбан, эр жүрөк жигит Түмөнбек өзү балыгыр сарысынан келип жакшы эле дардайган эркек. Боюнун узундугун, күчүнүн канча экендигин айылдагы аялдар боз үй тиккенде ал түндүктү колу менен кармап берип тургандыгынан эле элестете бергиле. Түмөнбек түндүктү колу менен кармап турганда айылдагы келин-кезектин бойлуулары, жигиттердин бойлуулары ага жанаша келип уук сайышканга араң жарашчу экен.

Ошо дөө Түмөнбек көл башынын бугу уруусунун бардар жеринен кыз алып, бир чоң айылдын күйөө баласы болуп, өткөн жылдан бери көл башына үзбөй келүүчү болгон. Бүгүн эртең менен адетинче Каркыра тоосуна ууга чыккан. Бир катар кайнилери, кайсы бир жакын кайнагалары кошо келишкен. Каркыра тоосуна мурун да келген Түмөнбекке бул айлана өзүнүн Талды-Булак, Туура-Кайың капчыгайындай эле тааныш элестеп жана өзүнүн бирин-жарым жырткыч душманга алдырбас күч-кайратына ишенип, тоого чыгып алгандан кийин кээде жалгыздап да кете берчү болду. Мына ушул азыр да атын кайнилеринин бирөөнө кармата салып, кайберен кууганга кызыккан жана башканы коюп, эң бийиктеп, эң четтеп чыгып же бугу, же марал атууну ойлогон Түмөнбек улам кыялап өөдө чыга берип, өз жолдош-жоролорун адаштырып да кеткен. А, кайни-кайнагалары болсо, «Дөө күйөөнү кудай сактасынга» салып, анын аркасынан көп чукулдап ээрчишпей Каркыра тоосунун күн батыш жак четинде кала беришкен.
Мына, азыр күн кызыл күүгүмдөп калган кезинде, бугу менен маралга ана жетем, мына жетем менен олтуруп Каркыранын Улабас тоосу жак четине чыккан кезинде бир шумдукка жолукту. Түмөнбектин асынганы барденке мылтык, белинде байланган бычагы, оттук ташы бар…

Бир-эки жерден марал көрүп ок чыгарды эле, марал андан мурда жыт алып өз убактысында ойт берип кеткен белем, мерген жазып калды. Оңой менен атканынан жазбаган Түмөнбек маралдын өтө сактыгына ыза боло түштү. Ошол чакта күн кызылы дагы ылдыйлап жакын жерден карышкырдын улуганы угулду. «Баатырга да жан керек» дегендей, карышкырдын улушу кантсе да Түмөнбектин жүрөгүн аябай обкоолжутту. Кантсе да, чиркин жан таттуу го, Түмөнбек эми жан сактоо аракетинде болуп бир жоон арчанын башына ыргып чыкты. Ошол кезде бир дөбөт карышкыр жакындап келип дагы улуп жибербеспи… Аны далдап көрүп алган Түмөнбек ыргыта атты. Мына ошондо ок салган кизесин караса жанында эки эле огу калган экен.
Эртең менен Каркыранын батыш жак бетинен эчки атып, элик атып, аткандарын ээрчигендерге шыралга катарында берип, кыйла ок ошондо эле түтүнгө айланып кеткен тура. «Эч ким менин аркамдан издеп келбес бекен?» – деген ой Түмөнбектин башына келди.

Адеп бир карышкыр улуганда эле ээн жердин бөрүлөрү оңой оокат табылгандын белгиси деп ошол үн чыккан жакка жакындай башташкан экен, дагы жакын жерден карышкыр улуп, эки көк жалдын төбөсү көрүнө калды. Кантсе да сесин алайын деп Түмөнбек дагы бир ок чыгарды эле, алдыңкы карышкыр кулап түштү. Аркысы куйругун кыпчып четтей түшүп, арчанын башындагы Түмөнбектен көзүн айырбай чунайып карап дагы өңгүрөп, алда кайдан келип кек алып берчү бирөөнү чакыргандай узата каарлана бир улуп алды. Жер ээн, адам жалгыз болсо гана карышкыр улуурун жакшы билген мергендин эми жаны көзүнө көрүнө баштады.

Жалгыз огуна гана сыйынып, андан айла болбосо бычагы менен оттук ташынын да көмөгүн көрөөрүн эсине алды…
Ошол кезде кайдандыр атайы көздөгөндөй кайнагасынын белгилүү кара тайганы жетип келди. Каңшылап арчанын түбүнө токтолду. Күн кызылы өчөөрүнө аз эле калган болучу. Менин өтө кечиккенимен шектенишип кайнага-кайнилерим издеп келатышкан турбайбы деп Түмөнбек батыш жак тарабына акырын кылчайды эле, азырынча адам заты көрүнбөдү…
Балким, кара тайган мага окшоп адашып жүрүп бу да кара талашып мага окусунан кабылгандыр деген ойго да кетти Түмөнбек. Ошол кезде кайдан экени белгисиз, тоодон дарыя агып түшүп келе жаткандай шаркыраган, аркыраган добуш чыкты. Түмөнбек арчанын башынан айланасын караса, жакын жерде анчалык шоокум бергидей чоң суу деле жок. Мергенчи өз ичинен менин чочулай баштаганымдан жөн гана денем дүүлүгүп, кулагымдан чочуу белгиси катары чыгып жаткан чуручуу го, өмүрүмдө биринчи катуу коркушум дал ушул чыгар деп ойлоду. Бирок шуулдоо асман жактан чыгып, кулачын жайып күч алып келе жаткандай болду. Түмөнбек асманды да карап эчтеме көрө албады. Негедир кара тайган карышкыр жакты тиктеп бир нерсени аңдып калгандай.

Баягы улуган карышкыр каччудай болуп элеңдеп, өзүнө кетчү багыт издеген сыяктанды. Анын жанында келаткан канчык карышкыр да токтой калып, кайра аркасын көздөй кылчайды. Мына, ошол убактыда эмне үчүндүр Түмөнбекке жакын карагайлардын да баштары шуулдап бир катуу өткөн куюнга жапырыла түшкөндөй болду. Так ошондо куушурулган бир карайыңкы нерсе тике сайылчу найзадай учтанып барып баягы улуган карышкырга урган таштай тийгенде эле карышкырды бөдөнөдөй бөктөрүп асманга көтөрүп чыкты. Ошондо канаты калдайып жайылып, карышкырдын оозу менен боорун тырыштыра мыкчып тыбыратып туруп, те, тай чабым жерге асмандан таштап жиберди да, өзү акырын айланып келип канатын сызылтып төмөндөп бир дөбөгө каалгый түшүп конуп олтуруп, тумшугун жанып чаркылдап, төгөрөктүн төрт бурчун карай берди. Калдайган чоң бүркүттүн көрүнүшү жылкычынын жолум үйүнө окшоп кетти.

Күтпөгөн жерден чыга калган бул окуяга чексиз кубанган Түмөнбек жүрөгү элжиреп кетип, өзүн коргоочу асмандан айланып түшкөнүнө айран-таң калып: «Кайран асмандын жолборсу, жолборсум, ушундай адилеттигиң да бар» – деп кобурап алганын өзү за сезбей калды. Ойдон кыя менен кайнагасы Кайду чал, Түмөнбектин атын алып келе жатышкан эки кайниси аттарын желдире бастырышып, жаңы гана арчанын башынан жерге түшүп аткан Түмөнбекке жете келишти. Ошол кезде бүркүттүн карышкырды капшыра кармап алып учканын көргөн кара тайган капчыгайдан чыккан шамалдай удургуп барып канчык карышкырды алкымдап жыгылган экен. Ошол замат Түмөнбек кара тайганга чуркап жетип, карышкырды бычак менен бакалоорго сайып жиберди эле, тайган бошоно түшүп, эми менин ишим бүттү го дегендей ээлерин карап кылчактап тура калды.
Бардыгынын көңүлү дөңчөдө конуп олтурган бүркүттө болду. Бүркүт кезек-кезек канатын шалдыратып коюп: «Кыляак, кыляак» – деп үн салып, эки жагын каранууда. Көптү көргөн Кайду аксакал бүркүттү карап алды да:
– Балдар, ушул жапан бүркүт эмес, колдо багылып эле салынып жүргөн бүркүт. Мунун бизден чочуркабай шаңшып отурушунда кеп бар, – деп тери кол кабын Түмөнбекке карай сунду.
Кайнаганын ишенимин туура түшүнгөн Түмөнбек кол капты кийип бүркүттү карай басып жадырап:
– Кыйтуу, кыйтуу, асмандын шери, кыйтуу, кыйтуу! – деп колун созуп үн салды.
Бүркүт мойнун койкоңдотуп Түмөнбекти жалт-жалт карап алды да, бир аз баса түшүп, боюн күүлөп, канатын дагы калдайта жайып учуп келип дардайып күтүп турган Түмөнбектин сунган мээлейлүү колуна жалп этип коно кетсе болобу? Бүркүт өзүлөрүн карай учуп келе жатканда көзү курч кайнилери Түмөнбекке:
– Адам, боолуу бүркүт турбайбы, жезде.
Колго конгондон кийин бир бутунда күмүш билериги бар экенин көрүштү.
Кубанычы койнуна сыйбай кеткен Кайду аксакал:
– Ээ, балдар, бул бир канзааданын бүркүтү экен. Бүркүт кекчил, адамдай эле таарынчаак болот. Бул, ээсинен запкы көрүп же ошол ээсин ойрондоп туруп качып чыккан бүркүт. Адам колунан жем жеп үйрөнгөн жарыктык баары бир адам колунан кетпейт, – деди да бүркүттү дагы жакшылап карай баштады.
Бүркүт жакшы эле чоң, өзү сары, көзү айран көз, демек, ак көз экен.
– Ак көз турбайбы, – деп ийди Кайду аксакал.
– Ооба, ак көз, ак көз…
Бул сөз уламдан-улам кайталанып, бүркүт ошол эле жерден «Ак көз» атка конду. Бүркүттү жакшылап карап чыккан соң дагы Кайду аксакал сөздү улап:
– Бул жердин бүркүтү эмес, Какшаалдын кара тоосунун бүркүтү. Какшаал тоолору кара аскалуу – көбүнчө жылаңач, ысык келип, бүркүттөрү көбүнчө ушундай саргыч келет. Какшаалдын бектери, бай-төрөлөрү да өтө зулум, өтө мыкаачы келишет.
– Демек, кытай жеринен качып чыккан бүркүт турбайбы кайнага? – деп жиберди Түмөнбек.
– Ооба, күйөө бала, – деп сөз жөнөттү Кайду. – Бизге ооп келген кайран асмандын шери, күйөө бала, бул шер эми сага кут болсун!… Колуңа асмандын баатыры конду, башыңа арбак конду, эми сен жакшылап күтүп ал… Дагы айтарым: жакшы турмуш, жайлуу жерди жалаң эле адам каалайт бекен?.. Асмандагы кыраан, илбесин, тоодогу кайберен болуп бардыгы эле өзүнө жакшылык издейт. Бул жан-жаныбардын бардыгы өз башына келчү жамандыктан качат. Бизге билинбеген менен булардын өзүлөрүнчө тили бар, булар да сүйлөшөт. Муңдашат. Анан адамдын колуна келген соң адамдан жакшылык күтөт. Бул кыраан чиркин сенден жакшылык көрсө – эмгегиңди кайырат. Дагы айтарым, бул Ак көз кокусунан сага таарынып башка жакка учуп кетпегендей болсун. Бул жаныбар канаттуунун Алмамбети. Өз жеринен качып чыгып сыйынт издеп келип отурбайбы. Анын үстүнө бир карышкырды жерден бөктөрүп чыгып, асмандан жерге ыргытып, алдыңа тартуусун тарта келбедиби?..
– Ооба, ооба кайнага, тартуусун тарта келди. Ал эми жаман сөз оозуңуздан айлансын. Ал эмес мени карышкыр камалай баштаганда башымды балакеттен куткарбадыбы? Касиетиңден айланайын асмандан келген шеримдин жакшылыгын унутпай калайын! – деп безеленди.
Кайнилери эки карышкырды союп, терисин сыйрып жиберишти. Түмөнбекке Кайду аксакал арчанын бутагынан балдак жасап жиберип, күйөө бала бүркүтүн башынан сылап, ошол балдакка кондуруп, тайган карышкырдын этинен бурдап-бурдап алгандан кийин Кайду аксакал баштаган төрт атчан адам Каркыранын тоосунун Улабас жаккы четинен чубаша бастыра түшүшүп, Каркыранын талаасын көздөй эңкейип келе жатышты…
* * *
Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин кайындарына сыйлуу Түмөнбек, жолдош-жоросу менен Көл башынан шашпай чыгып жолго үч конуп, төртүнчү күн дегенде ушул Талды-Булак өзөнүнүн оозуна жетет. Ак көздү болсо жакшылап томого тартып, мыктап жасалган балдакка кондуруп, бөпөлөй багып, эркелетип, Чүй бооруна алып жетти. Түмөнбек Какшаалдан качып чыккан бүркүттү кармап келиптир деген сөз даңазага айланды.

Какшаалдын каркайган кара аскаларынын биринде туулуп-өскөн, көбүнчө ысыгы мээ кайнаткан адырда, катыра суугу жок кара тоолордо салынып жүргөн Ак көз кыраанга төр жагы чокусунан ак кар, көк муз кетпеген Ала-Тоо, этек жагы арпа, буудай, мөмө-чөмөлүү сары талаа келип жаңы жер, жаңы өзөн көрүнүп, бул жаңы дүйнөдөгү турмушка кыраан көз үйрөтүү да керек болду.
Ата-бабасы мүнүшкөр, саяпкер болуп келген Түмөнбек Ак көздү бир-эки ай өз убактысында томогосун шыпырып жем жегизип, айланага көзүн үйрөтүп, сылап багып жүрөт.

…Чүй бетине кар бир жаап, адырларга, белдерге түлкүнүн изи түшкөндө Түмөнбек Ак көздү колго кондуруп, тайганын ээрчитип адыр этектей бастырып чыкты. Көп узабай бир белестен куйругун булаңдатып түлкү кача бергенде томогосун шыпырып түлкү жакты көрсөттү эле Ак көз канатын күүлөгөн да, балдагынан козголгон да жок. Ошону менен бир түлкү кырдан ашып кылт коюп кете берди. Бир чай кайнам өткөндөн кийин дагы бир түлкү көрүндү эле томогосун шыпырып таманга какса, Ак көз дагы эле учкан жок. Башынан өкүм өскөн балбан жигит Түмөнбек ыза болуп, өзүн өзү токтото албай кетти бейм, бүркүттү камчы менен бир эки чаап жиберип таманга какты эле, бүркүт канатын шарк эттирип асманга учуп чыкты. Түмөнбек түлкүнү көздөй качырат деп ойлоп турганда асманга бийиктей түшүп кайра Түмөнбектин өзүн качырып сала берди.

Кыраан ээсине жакындап келгенде кандайдыр ойлоно калгандай болуп, уу тырмактарын жыйып, кымтый, таманын гана тосуп, ээсин чала-була апчый түшүп жерге коно калды. Түмөнбек атынан шашып түшө калган эле, эми бүркүттү чап колуна алды да, томогосун ката койду. Түмөнбек ага караганда Ак көз акылдуу кыраан экенине, кантсе да бул менин ээм деп аяганына бир жагынан ыраазы болсо, экинчи жагынан өзүнүн ачуусунун чукулдугуна, сабырынын жоктугуна ыза болду. Мага карышкыр кол салганда карышкырдын иче кардын жара тартып ыргытып таштап менин колума конду эле, мен болсо буга камчы тийгиздим го деп кейиди. Бүркүтүнөн кечирим сурагандай анын канатынан акырын сылап бутунан кармалап, тумшугунан сылап, тумшугунан өөп, бир аз олтурду. Бүркүтү да бир жолу: «Кляак» – деп шаңшып, «бая эле ушунтпөйсүңбү, мен али табыма келе элекмин» дегендей канатын жыйрып, үрпөйүп койду. Мен да сенин сырыңды түшүндүм дегендей, Түмөнбек бүркүтүн сылап-сыйпап балдагына кондуруп алды да атын жорголото бастырып, үйүн көздөй жүрүп кетти…
* * *
Арадан бир канча күн өттү. Түмөнбек эми Ак көздүн обону менен болду. Жемди убактысында жедирип, күндүз таза абага алып чыгып, сергитип, канатынан сылап, мойнунан сылап, боосун жаңылап тагып, дегинкисин тун баласындай эркелетип асырай баштады.
Ак көз да бул жердин абасына жытыккандай, ой-тоосуна көзү кангандай болуп, денеси да жаңы жерге үйрөнүп, баягыдан көбүрөөк шаңшып, канатын көбүрөөк шуудуратты. Томоголуу туруп деле алдыга көбүрөөк жүткүнүп, көбүрөөк умтулчу болду. Бүркүттүн кайрадан бир жаңы күчкө ээ болуп канат каккысы келгендиги Түмөнбектин көңүлүн аябай кубантты. Ичинен кымылдай баштаган бүркүтчү, жакын уучу кишилери менен кеңешип, ушул күндөрдүн биринде Туура-Кайың тоосуна ууга чыгууну көңүлүнө токуп койду.
Эртеси эле күн шашке болгондо эки-үч жолдош алып, тайганын ээрчитип калың түшкөн карды жирей бастырып, Туура-Кайың тоосун көздөй жөнөп калды.
Тоо этектей бара жатканда жолдошторунун бири калың чыккан карагай-арчалуу дөңсөөнү тиктейт:
– Тетигинде илбирс жүрөт бейм?
– Ой, ырас эле илбирс экен, илбирс экен. Тобокел дейлиби, ия? – деп жиберди Түмөнбек.
– Карышкыр алган Ак көз илбирсиңден коркмок беле? Көп болсо алалбай калар? Эмне болсо да бир кызыкка баталы? Ак көздүн кийинки убакта да жүнү тирүү, шаңшыганы да кайраттуу, – деп жиберди жолдошу.
Түмөнбек балдакты оңтойлото кармап, илбирс жүргөн жакты бет алып туруп, Ак көздүн томогосун шыпырып алды. Аркайган Ала-Тоо, кар жамынып дүңкүйгөн беттерди көргөн бүркүт канатын жайып умтулду. Түмөнбек бүркүтүнүн башынан бир сылап алды да таманга кагып жиберди…
Ак көз бүркүттүн алпы эмеспи, асмандын бир четин каптап учкандай болуп, улам айланып илбирс жакты карап, аны көргөндөй болуп көк жээктен тегеренип бийиктей берди.
– Илбирс балбанга баатыр бүркүт кол салат! – жолдошунун мындай кубаттоосун укса да Түмөнбек ичинен чочулап, «Азуулуу да оңой эмес, бөрүчү, бөрүчү бүркүт өлүүчү» деген сөз да бар деген санаага кетти.
Илбирс болсо арча-кайыңдын арасынан дапдайын көрүнүп, тоюту аябай кангандай, ааламда эч нерсени элес албагандай, он жерине ок тийсе да чым этпечүдөй күржүйүп акырын басып, узун муруттарын бутактардагы карга кичине сүйкөгүлөп коёт. Түмөнбек ичинен: – Бул дагы далайды көргөн канкор го? – деди. Ошол кезде Ак көз Туура-Кайың тоосунун бийиктигине көтөрүлүп, төбө жактан кипкичинекей болуп, бирок тырмактарын жайып, чеңгелине толгонду кадиксиз алчудай болуп, аны кошо узатып Туура-Кайыңдын илбирс жүргөн бетин көздөй бир өзөн борошо бороон келе жаткандай шуулдап, дуулдак дабыш угулду. Түмөнбек:
– О, жасаган, кесепет, кырсыгыңан өзүң сактай көр?!. Көзү жок баатырымдын чабытын оңунан чыгара көр?! – деп жолдоштору менен желе-жортуп илбирс жакка жөнөштү…
Алар илбирс жакка жакындаганча ал жердин карагай арчасынын баштары катуу бороонго жапырылып жамынган карларын силкинип, жылаңачтанып жибергендей элестеди.
– Кокуй, жетти! Балакетиңден сактай көр! Жасаган, кыраанымды аман коё көр?! – деп Түмөнбек бастырып атына камчы үстүнө камчы басты…
Жетип келишсе – Ак көз алда качан илбирстин жаагын капшыра мыкчый, илбирстин бир бутун арчага кошо мыжыга кармап тыбыратып басып турган экен. Илбирс дагы бардык өжөрлүгүн карматып, же өлдүм, же калдым дегендей, чала-була азуусун ырсайтып, бош буту менен бүркүттү тырмалап, кантсе да оңдоно түшүп кыраанга тиш салуу аракетинде болуп жатканда уу уулап жүрүп далай шумдукту башынан өткөргөн Түмөнбек үшөнчүгүндө узун бир темир шиши бар экен, темир шишти илбирске жетер замат бардык балбан күчүн жумшап, илбирстин кулагына сойлотуп жиберди эле, илбирс чала-була күңк эткен добуш чыгарып, алсыз ырылдаган болуп бардык кубатынан ажырагандай денеси шалк этип жатып калды.
– Баракелде, баракелде Ак көз… Асмандын арстаны менен жердин арстаны бир-бирине катуу душман келишет экен го. Ак көз балбан эбегейсиз күч жыйнап капкайдан качырып келбесе илбирсиң дале оңой жоо эмес турбайбы… – дешип бүркүтчүнүн жолдоштору чочуулары эми басылып, биротоло көз жумган илбирсти бир саамга тиктеп турушту.
Түмөнбек бүркүтүнүн арчанын бутагына, илбирстин тумшугуна карышып калган буттарын кылдаттык менен араң чыгарып, илбирс алып берген баатырын ормоё карап кайрадан колуна кондуруп, мойнунан, канатынан сылады. Кантсе да жанталашкан илбирс бир жак канатын чала-була чапчып кеткен экен, бүркүтүнүн канатын сылаганда канатынын эки-үч талы бир аз саңоор жүнү эки балбан кармашканда карала боло түшкөн кардын үстүнө түшүп калганын көрүштү. Түмөнбектин жолдоштору шымаланып бычактарын курчутушуп, илбирстин терисин сыйра башташты, илбирстин кызыл эт болгонун көргөн Ак көз «ушунун канынан бир чокубасам өчүм кайтпайт» дегендей болуп илбирстин сыйрылган этин көздөй умтулуп, канатын шалдыратып: «Кляак, кляак» – деп жиберди…

Ошол кышы Токмоктун үстү жаккы адырларынан Ак көз Түмөнбекке жүздөн ашуун түлкү алып берди. Бул бир жагынан Ак көздү жакшылап табына келтирип салган бүркүтчү-мергенчи Түмөнбектин атагын чыгарса, бир жагы оокат-тиричиликке деле алда канча кеңелтип салды. Ак көз кыраандын атагы жалаң гана бул тегеректеги кыргызга эмес, Жети-Суу казагына да жетти. Кабатталган кайыш боолуу, күмүш билериктүү Ак көзгө жакын жерден ээ болуп эч ким чыкпагандан кийин, мунун чын эле бир көңүлдөн кеткис, көкөйдөн чыккыс запкы көрүп, биротоло көңүлү калып, өзүнө эркин турмуш, кадырын билчү ээ издеп алыска, алда кайда алыска качып келгени эч күнөмсүз болду…
* * *
Мындан жетимиш, сексен жыл илгери Жети-Суу казагында, убакыт көп өтүп кеткендиктен Жети-Суунун кайсы өзөнүндө экендиги бизге белгисиз болуп калган, Кожантай деген аң уулоочу бүркүтчү болот. Өз убактысында Кожантай бүркүттү жакшы күтүп, жакшы салып, кайберен менен жырткычтардан көп олжо таап жүргөн адам экен. Ошол чакта кыргыз жагына да кулачын жайып, аздыр-көптүр байланышта болот. Кожантай аң уулаган тоодон бир шумдуктуу кара калтар көрөт. Бүркүтчүлөр түлкүнүн калтары, эң сулуусу кара болот деп айтышат. Калтарды а деп көргөн Кожантай ичинен кымылдап, жакшы эле этияттык менен өңө бастырып келип, бүркүтүнүн томогосун шыпырып, калтарды көргөзүп туруп бүркүтү тумшугун жанып талпынганда таманга кагып жиберет. Бүркүт асманга айланып, жакшылап күүлөнүп алып калтарды көздөй күркүрөп келатканда кара калтар таштын үстүнө эки аяктап чочоюп тура калып, эми жете берерде аркан бою асманга секирип кетип, бүркүт түлкү турган урчуктуу кара ташка катуу согулуп, былч дей түшүп оозунан кан агып жатып калат. Кыскасы, тоонун кара калтары улам бир бүркүт күүлдөп, чеңгелин жайып, кара бороон каптатып кирип келатканда таштын үстүнө чочоюп тура калып, анан аркан бою асманга секирип чыгып, буйтап кетип олтуруп, далай бүркүттү ташка согуп оозунан кан агызып өлтүрөт.

Казак бүркүтчүлөрү бул калтарга аябай кекенишип, кандай болсо да калтарды бүркүткө алдыруунун аракетинде болушат. Мына ошол кезде эки тууган элдин арасында тамыр-тааныш, куда-сөөк каттоочулар аркылуу Кожантай бүркүтчүгө Түмөнбек салып жүргөн Ак көз кыраандын кабары жетет. Кара калтардын ченемсиз мант берип, канча бүркүттү өлтүргөнүнө каны кайнап, бирок азырынча эч айласын таба албай турган Кожантай бүркүтчү Түмөнбекке агайын-тууганча салам айтып, Ак көзү менен бир келип мейман болуп кетсин деп, атайы бир адам жиберет…

…Кыргызга тууган эл, болгондо да тиричилик, турмушу жакын, тили жакын казактын белгилүү бүркүтчүсү Кожантай аксакалдын сыпайгерчилик менен чакырганын Түмөнбек укканда Ак көздүн кабары ошончолук алыска жеткенине кубанып, анча ойлонуп турбай эле жолго камынат. Кантсе да экинчи бир элге барып, кадырлуу мейман болуп жана бүркүтүнүн өнөрүн көрсөтүп бериш өтө бир жан кубанарлык иш эмеспи.

Казак менен кыргыздын атам замандан бери келаткан өнөкөтү боюнча экинчи элге мейманга чакырылганда жалгыз аттануу деген жок эмеспи. Ошондуктан Түмөнбек өзү менен үч бүркүтчү болуп, дагы эки ышкыбоз жигит кошулуп, бешөө: «Кожантайдын айылы кайдасың?» – деп сапарга чыгышат. Кожантай айылы бир конуп жетерлик жерде болгондуктан жолдо эрмектеп бирин-серин учураган айбанат жандыктарга бүркүт сала барышат… Кезек бир жолу Ак көзгө да келет. Казак жеринин тоо тарабына караганда талаа жагы кенен келгендиктен, ачык талаада шамал катуу согуп, кар жука жаткандыктан, бул жерлерде коён көп болот экен. Бир жерден коён булт деп качып жөнөгөндө Түмөнбек Ак көздүн томогосун шыпыра коёт. Ак көз жутунганда таманга кагып жиберет. Ак көз жакын эле жерден бараткан коёнду көздөй бир аз көтөрүлө түшүп тоодон түшкөн дарыядай аркырап качыра бергенде, коён бечара бүркүттүн эпкинине кулагы тунуп, чуркай албай буттары телтектей түшүп, алсыз көзүн бакырайтып, оозун ачып табышсыз араң гана дем алып жан берип, сырайып жатып калат. Көрсө, жүрөгү түшүп өлөт деген ушул экен. Өзү жеткенче жан берип, түбөлүккө көз жумган коёнду көрүп, Ак көз өлүккө тырмак батырбастан кайкып чыгып, арыраак барып бир таштын үстүнө коно калат. Бүркүттүн өлүккө кол салбаган акылдуулугу буларды таң калтырды.
– Бул жакшылыктын белгиси, жолубуз болот экен, – дейт Түмөнбектин жолдоштору.
– Качырган жоосу тырмак тие электе эле өлүп кетип жатса – Ак көздүн сапары оңунан чыкканы турган го, – дейт Түмөнбек өзү. Ошентип, мурункудан да көңүлдөрү эргий түшкөн бешөө Ак көздү балдакка кайра кондуруп алышып, казак Кожантай аксакалдын айылын бет алышып мурункудан да эпкиндете бастырып жөнөшөт…

Кожантай аксакал кара калтарды эчен бүркүтчүлөрү менен тооруса да үч жыл бою алдыралбай, кууса тайганы жетпей: «Бул түлкүнүн сырттаны бизге көргүлүктү көрсөттү» – деп катуу кейип, эми кыргыз бүркүтүнөн айла болор бекен же ал деле кара калтарга ташка соктуруп, оозунан кан агып жатып калар бекен деп арсар болуп турган убактысы экен. Түмөнбектер келгенде Кожантай кучагын жая кабыл алып, ал күнү сый-сыяпат көрсөтүп, меймандарын эс алдырды.
Эртеси күндүн мурду чачыраганда казак-кыргыз бүркүтчүлөрү биргелеше бастырышып, кара калтар жүрчү коктуга алыстан тооруп келишти. Бир коктудан, кунан чабым жерден куйругу чубалжыган оттоп жүргөн узун кара ит көрүндү.
– Кара калтар тээтетиги, шимшилеп жүргөн, – деп жаңсап көрсөтө берди Кожантай аксакал.
Түмөнбек бир жагынан калтардын караанын көргөнүнө кубанып, бир жагынан: «Атайын чакыртып келгенден кийин бүркүтүм мүрүсү менен ташка тийип, көп бүркүттүн бирөө болуп, бөөдө өлүм болбогой эле» – деп чочулап, «эмне болсо да тобокел» деп калтардын карааны көрүнгөн дөңчөдөн бүркүтүнүн томогосун шыпырып алды. Ак көз болсо эки канатын куушуруп гана далысын күйшөп тим болду. Дагы бир жакындай түшүп кайра томогосун шыпырып, балдагын жогорураак көтөрүп, кара калтар жакты көрсөттү эле, бул жолу канатын бир аз күүлөп, куйругун шалдыратып коюп, дагы олтура берди. Ансайын Түмөнбек кыпылдап: «Бул эмнеси» – деп ичинен бушайман боло баштап томогосун кайра катты. Кичине илгерирээк бастыра түшүп кара калтар жакшы эле тай чабым жерден көрүнө баштаганда томогосун шыпырды эле түлкүнү Ак көз көрүп, алдыга жутунуп, канатын кадимкидей бийик уччу кезегиндегидей күүлөдү эле: «Тобокел эми» – деп Түмөнбек таманга кагып жиберди. Ак көз кара калтарды көздөй эмес, тескери айланып учуп бийиктей баштады.
Казак агайындар таң калышып тиктей беришип:
– Жоругу башка бүркүт ко бул? – деп жиберишти.
Түмөнбек өзү да «Ак көз чын эле бизден качканы жатпасын?» – деп шек алды. Бирок андай болгон жок, бүркүт жакшы эле бийиктикке көтөрүлүп, кыргыйдай кичине болуп көрүнгөн кезинде канатын куушурултуп тикесинен сайылгандай болуп, кара калтарды көздөй качырып сала берди. Асмандан бир жеринен тешик чыгып, ошол жеринен чыккан шамал шуу-шуу этип тике ылдый куюлуп келаткандай болду.
Көп шумдукту көргөн кара калтар асман бетинен өзүнө душман келатканын алда качан туюп, бир таштын үстүнө чыгып эки буту менен типтик туруп, бүркүт эми жете берерде бир аркан бою секирип көккө чыгып түштү. Ак көз кайып чыгып, дагы айланып учуп, экинчи жолу капталынан качырып сала берди. Андай кол салуудан кутулууга да кара калтар даяр шум экен. Мурункусунан да бийик секирип бул жолу да алдырбады.
– Аа, Ак көз эки жолу жазып калды го? – деп Түмөнбектин жолдошторунун казак агайындарынын алдында бир аз назары сына түштү.
Казак бүркүтчүлөрү болсо Ак көздүн ташка согулбай бир кана качыруу менен токтолуп калбастан, калтарга уламдан-улам качырышын жакшылыкка жорушту. Ак көз мындай митаам калтардын далайын көргөн, ченеп качырып, өлчөп канат сермеген кыраан экен. Бекеринен «Ак көз» атыккан эмес экен дешип, аңыз кылышып, Ак көздүн кайтадан-кайта качырып сала беришин өтө кызыгуу менен карап турушту…
Душманы катуу тооруганын билген кара калтар Ак көз үчүнчү тооруп келатканда жана мурдагысынан жапызыраак учуп келатканда бардык күчүн жыйнап эки аркан бою бийик секирип: «Эми бүркүтүм, сени ташка жанчтым го?» – деди эле, Ак көз астынан келип балбан чеңгели менен кагып кетти да, кыргый бөдөнөнү мыкчыгандай мыкчып-мыкчып, калтардын канча жанталашканына, кармашканына бой бербей башы боорун тырыштыра кармап куйругун сүйрөлтүп барып, калтар канча туйласа да болбой бир жонго салбыратып алып түштү. Олчойгон дөө бүркүт түлкүнүн тумшугун мыкчыган бойдон үстүнө баса олтурду. Баятан бери: «Ак көз жазып калбагай эле, атайын чакырылып келип казак туугандарга уят болбогой элем» – деп таакаты кетип, чый-пыйы чыгып турган Түмөнбек эми эси ордуна келгендей болуп:
– О, жасаган, кудуретиң менен колдоп, менин ак жолуму ачканыңа миң бир эки кулдугум бар, жан адамга жазыгы жок бир пендемин, – деп буркурап, бүркүтүн көздөй чаап жөнөдү. Калтар али карышкан тишин кычыратып, жанталашып туйлап жаткан экен, Түмөнбек бычак менен колкого уруп алганда же үшкүргөнү, же акырын ышкырганы билинбей эле көзү жумулгандан жумулуп, солуктап, чоюлуп, «кыш-ш-ш» деп жатып калды. Эми кара калтардын терисинин кылдарынын сулуулугун айтпа, түктөрүнүн бермети жөн эле жылдыздын күкүмүндөй жылтылдайт.
Түмөнбектин жолдошторунун бирөө калтарды бүркүттүн тырмагынан ажыратып суналта таштаганда таңдана карап:
– Жарыктыктын узундугу эшиктен төргө жеткендей бар экен го? Айбанаттан мындай келишкен кооз нерсе чыгарбы?! – деп жиберди.
Кожантай баштаган казак бүркүтчүлөрү да жете келишип:
– Аа, Түмөнбек мырза, кыраандын алган олжосу кут болсун. Сенин Ак көзүң ташка согулуп оозунан кан агып өлгөн бардык бүркүттөрдүн өчүн алып берди. Па, чиркин, сенин бүркүтүң алгыр балбан гана эмес, айлалуу да экен. Кара калтар канчалык ташка согууга аракет этсе да, ташка боюн жолотпой кайкып чыгып кетти го. Сенин бүркүтүң адамдан да акылдуу экен. Бул сага бүткөн ырыс, Түмөнбек иним, – деп колунан кыса-кыса кармап, жаны калбай куттуктады… Андан кийин бүркүтчү казак-кыргыздар чогуусу менен барып Кожантай аксакалдын үйүнө конушту. Кожантай аксакал дасторконду кенен жайып, коюн союп, казак, кыргыздын жакшы ырасми боюнча шашпай олтуруп, ичирип, жегизип, чексиз ызааттады. Эртеси күн шашке болгондо меймандар чай ичип бүткөндөн кийин Кожантай дагы эле сөздү өзү баштады:
– Кыргыз-казак бир атанын эки уулундай жакын тууган элбиз. «Төскөйдө, малымыз, тосекте басымыз косылган» элбиз, казакчалап айтканда, – деди, – мындан кийин дагы бүркүт салып да, мейманчылап да келип тургула. Кыраан Ак көзгө да, кыраанды таптаган иним Түмөнбекке да чоң ыракмат. Эми сиздерге жеңеңердин азыраак ырымы бар экен, – деди. Ак маралдай керилген, али карылыкка моюн суна элек, ары бойлуу, ары келишимдүү Айнагүл жеңе жылмайып туруп бир таңылчакты чечти да:
– Түмөнбек кайниме биздин кожайын эшикке бир ат жетелетип келип койду. Калган кайнилерге казактын бирден чапаны, – деп төрт жигитке төрт чапан жаап жиберди. Кожантай күлүмсүрөп Түмөнбекке карап:
– Калтарыңарды ала кеткиле, кыргыз көрсүн, – дегенде, Түмөнбек ордунан ыргып тура калып:
– Жок, Кожантай ага, касиеттүү буюм касиеттүү үйдө калат. Айнагүл жеңебизге да кыргыз кайнилеринен бир белек калсын… – деп калтарды суналта кармап барып Айнагүл жеңенин астына туура тарта берип: – Айнагүл жеңе, биздин сапар карыды! – деди.
– Ак жолуңар ачылсын, келиндерге менден салам айткыла, кайнилерим! – деп Айнагүл бир күлмүң этти да, калтарды колуна чоң арзуу менен алып, тиреле жыйылган жүктүн үстүнө артылта таштап койду.
Карап отурган адамдарга бул жылуу чырай, ысык мамиле бир казак, бир кыргыз бүркүтчүлөрүнүн гана ортосундагы жекече мамилеге окшобой, канатташ олтурган боордош эки элдин ортосундагы эч качан кыйышпастыктын, эч качан айрылышпастыктын жаркыраган асыл жышаанасына окшоп кетти…
* * *
Түмөнбек жолдоштору менен Кожантай аксакалдын мейманы болушуп ат минип, чапан кийишип, чоң кубаныч менен келгенден кийин да арадан бир канча жыл өттү, Ак көз Чүй бетинин күңгөй, тескей тоолорунда салынып, көбүнчө түлкү аттууну тырмагынан чыгарган жок. Түмөнбектин өзү да жашы элүүгө жакындап калганда 1916-жылы көтөрүлүш чыгып калды. Оболу өзүнүн бай-манабынан, анан падышачылыктын зулумдугунан экилтик зомбулукка чыдабай, өз башына азаттык тилеп, атка минген эл баарын баш коштуруп, күчүн топтогон уюм жоктуктан жана чоң падышачылыктын өз каршысынын тымтыракайын чыгаруучу куралкүчүндөй курал күчү болбогондуктан азганакай кыргыз бат эле жеңилип, ар өзөнү ар башка болуп андаалап үркүп жөнөдү…
Чүй башынан үрккөндөрдүн бирөө биздин бүркүтчү Түмөнбек болду. Түмөнбек өзүнүн Ак көзүн жемге жакшылап тойгузуп туруп, текенин мойногунан жасаган боосун бутунан чечип маңдайынан сылап, канатын колу менен тарап коюп:
– Кош, Ак көз, бул тополоңдо өз башымды араң ала качып бараткан мен сени көтөрүп жүрө албайм. Менде акың болсо кеч… Сен асмандын сырттанысың, сага кылычтын мизи, мылтыктын огу жетпес… – деп кайра көз жашын жеңи менен аарчыгылап туруп, бүркүтүнүн тумшугунан өөпөөп алып, асманды көздөй шилтеп жиберип, өзү тополоңдой качкан элге шашыла кошулуп, Шамшынын ашуусун көздөй бет алды. Байкуш Ак көз, адамдын колунан жем жеп, бардык кайрат-күчүн адамга берген Ак көз жапызыраак учуп, Түмөнбек кошулуп тополоңдоп кетип бараткан элдин үстүнөн: «Кляак, кляак» – деп бир топко ээрчип, көмөкөйү менен «күрк-күрк» этип кандайдыр бир коштошуу сөз сүйлөгөнсүп, качкан эл токтобостон удургуп кетип бара жаткандыктан, ээлери үй-жайын, жайлоо-кыштоосун таштап кара жанын ала качып жөнөгөндүктөн ээндей түшкөн тоолордун асманында муңкана шаңшып, айланып кала берди…
* * *
Түмөнбек да миңдин бири болуп, башын ала качып, көпчүлүк менен сыгылышып, тыгылышып жатып Какшаал тоосуна жетти. Ал жердин кыргыздарына бир аз аралашып, эптеп оокат өткөрүп туруп калды. Кожоюну Багышбек деген оокаттуу киши бирин-экин уйгурлар менен байланышып, бир аз соода-сатыкка да кирише калат экен. Бир күнү мал сатуу үчүн Үч-Турпанга барышып, сооданы бүтүп, жол тартып келе жатышып, кожоюнунун айтуусу боюнча бөксө жайлоодо тоо арасына ылайык жапыс тамда турган Хакимжан деген уйгурдун үйүнө конушту. Хакимжан досторуна дасторконду кенен жайган, өзү сөзмөр, бир жайдары киши экен. Чай ичилип олтурганда Багышбектен Түмөнбектин кайдан келгенин, жөн-жайын сурады.
– Кыргызда Чүй деген жер болот. Ошол Чүйдөн экен, өз жеринде бүркүтчү-аңчы экен, – деди какшаалдык досу. «Бүркүтчү экен» дегенде Хакимжан бир оор дем алып, үшкүрүп жиберди. Хакимжан да жаш жигит кезинде бүркүт алдырчу. Хакимжандын бүркүтчүлүгүн билген Үч Турпанда турган улугу (өзү ичкич, нашаапоз) Хакимжанга бир кышта таап бересиң деп беш түлкү, үч илбирс терисин салык салат. Беш түлкүнү Хакимжан улугуна бат эле алып барып берет. Бирок бүркүткө үч илбирс алдыруу бул жерде өтө оор иш. Какшаал тоолорунда илбирс эң эле аз болот.
Улук илбирсти кечиктиргенине Хакимжанга кыжыры кайнап эки жигит менен бир күнү күн чыга жетип келет. Кытай төрө жакшы эле мас.
Келгенде эле:
– Менин илбирсим кайда? – деп бакырат.
– Бүркүтүм табына келбей жатат. Жакында табына келет. Ошондо илбирске чыгам, – дейт колун куушуруп Хакимжан.
Олчойгон сары бүркүттү көрө калган төрө оолуга түшүп тапанчасын сууруп алып:
– Мен аны табына келтирем!.. – деп аткылап кирет. Жүрөгү оозуна тыгыла түшкөн Хакимжан ошол убактыда төрөнүн тизесин кучактап жалбарып:
– Төрөм, немне айтсаң, хуп! Атымды сатып, уюмду сатып болсо да сизге бир жуманын ичинде үч илбирс терисин алып келейин? – деп ыйламсырайт.
Туурдагы бүркүт октун тарсылдаганынан чочулап, шаңшып, талпына баштайт. Хакимжандын тестиер уулу акырын барып: «Колго конуп үйрөнгөн бүркүт кайра келер?» – деп ойлоп, боосун чечип коё берет. Бүркүт шуулдап учуп жөнөгөндө мас төрөнүн тапанча огу жетпей, анын үстүнө далдап аталбай жатканын байкаган анын жигиттери кожоюнуна кошомат иретинде калкып асманга чыккан бүркүттү кош мылтык менен ата башташат. Кантсе да эки мылтыктын чуулдаган огу, асманга жайылып бурулдаган түтүнү мурун мындайды көрө элек, ээсине эрке бүркүттү аябай чочутат. Бир ок чала-була кыраанга тийип кала да таштайт. Ажал огу аркасынан чындап кууганын көргөн бүркүт күн батышты көздөй бет алып, бийиктегенден бийиктеп жөнөйт. Хан-Теңири тоосунун түндүк жагынан айланып, Текестин үстүнөн учат. Бир жагынан таптоодо туруп ачыгып калган кыраан өзүнө тоют да издейт. Канча күтсө да ошо бойдон ээсине кайрылып келбей калат.
– Бүркүтүмдүн аты «Сары палван» эле. «Сары палван» деп эркелетип чакырсам учуп келип колумдагы балдагыма конуп берчү эле, айрылганыма он беш жылча болду, – деп жашыйт Хакимжан. Күтпөгөн жерден Түмөнбек улутунуп, өткөн-кеткени эсине түшүп, ою капкайда кетет. Ачыгын айтсамбы деп да ойлойт. Бирок боосун чечип асманга коё бердим деп кантип айтам? Чүйдүн солто жак четинен бир аз дүргүгөнү болбосо качпай калды эле. Балким, ошолордун бирөө кармап алгандыр же азуулууга тырмак салса, азуулуу колдуу болгондур?..
Кыскасы, унчукпай эле коёюн деген ойго бекип:
– А, Ак көз… – деп гана күңк этип алды.
– Немене дедиңиз? Ак көз дедиңизби? Бүркүтүмдүн көзү ак эле? – деп, Хакимжан Түмөнбекти тиктей калат. Өз сөзүнөн өзү чочуган Түмөнбек эч кандай сырын ачпай, ичинен уйгу-туйгу болуп:
– Жок-жок, мен жөн эле… Ак көз деп кытай төрөсүнө ачуум келип, – деп, сөзүн башкага буруп олтуруп калат.
– Оо, досум, «Сары палван» барса, мынабу Кан-Тоону ашып, Ысык-Көлгө барды го? Же жогоруласа, Нарын, Ат-Башыны көздөй кетип, бир таасын бүркүтчүнүн колуна конду го? Чүй бул жерден көп алыс эмеспи? Чүйгө кайдан жетсин? – дейт какшаалдык кыргыз. Бүркүт жөнүндө сөз мына ошону менен бүтөт. Түмөнбек жер карап акырын үшкүрүп алат…
… Өмүр чиркин кай жерде болсо да жан аман болгондон кийин эптеп өтө берет тура. Какшаал тоонун кыргыздары, бирин-серин эле кытай улуктарынын зулумдугун үйрөнгөндөрү болбосо, көпчүлүгү качып барган кыргыздарга жакшы эле мамилесин көрсөтүп, бир нанын бөлө жешип, бир чайнек чайын бөлө ичишип, боор тартып эле жүрүштү. Түмөнбек мына ошондой Багышбек деген жакшы адамдын колуна туш келип, карды ачпай, ийини тоспой тың жүрдү. Багышбектин оокатына акылдуу да, карылуу да неме бардык ынтаасы менен көмөк көрсөттү…
Ошентип, Какшаал тоо кыргыздарынын колунда эки жылча баш калкалап туруп калган Түмөнбектер, падыша тактан кулап, кыргыз жерине совет бийлиги орноп, качкындар келсин деген жакшы кабар жете баштаганда, 1918-жылдын июнь-июль айларында калган агайын-тууган, бала-бакыра менен совет мамлекетинин чек арасына кирип келишти…
Ошол кезде Шамшынын ашуусун ашып, өз жайлоо-кыштоосуна келе жаткан адамдардын ортосундагы Түмөнбек бетинде кымындай да булут жок көпкөк асмандагы айланып учуп жүргөн үч-төрт бүркүттү серепчилеп карай берип:
– Адам ээй, карап койсоңор эй, тетигиниси Ак көз экен! – деди.
– Ой, Түмөнбек, кудайды бир карасаңчы, бүркүтчү деп койсо эле оозуңа келгенди оттой бересиңби?! – дегендерге моюн бербей, кайра күчөп кыйкырып, тебетейин асманга ыргытып:
– Ак көз! Ак көз! Кыйтуу! Кыйтуу! – деп бакыра берсе болобу… Ээн калган жерде жапызыраак учуп жүргөн бүркүттөргө адам үнү даана угулду окшойт жана чын эле бир бүркүт айланып учуп түшүп, бир кырчага үрпөйүп олтура калды. Ансайын ээлиге, асмандан түшкөн кыраанга эреркей түшкөн Түмөнбек тебетейин колго алып булгалай:
– Айланайын Ак көз! Ак көз!.. Бул менмин, мен сенин Түмөнбегиңмин?!.. Касиетиңден айланайын, жарыктыгым? – деп буркурап ыйлап жиберди.
– Ой, чын эле, чын эле, Ак көз белем? – деп делдее түшкөндөр да болду.
Бүркүт Түмөнбекти баркыраган үнүнөн, калдыраган мүнөзүнөн өзүнө белгилүү кебете-кепширинен кадимкидей бүшүркөп, анан чындап тааныды окшойт, калдайып канат жазып, акырын учуп келип Түмөнбектин колуна кармаган тебетейинин үстүнө конуп берсе болобу…
– Кайран кыраан. Биз сени айбанат деп жүрсөк, адамдан да акылдуу экенсиң! – деп Түмөнбектин жолдоштору жакаларын карманышты. А Түмөнбек болсо жаш баладай бышактап, бүркүттү канатынан сылап, картая, жүдөй түшкөн кыраанды тумшугунан өпкүлөп, көптөн бери көрүшө элек бир тууганы менен көрүшкөндөй сүйкүмдүү бир абалда болуп жатты…
* * *
… Арадан бир канча жыл зыргып өттү. Ак көз Түмөнбектин колунан далай учуп, дагы эле нечен жүздөгөн берметтүү түлкүлөрдү алып берди. Бирок бул кыраан Какшаалдагысы болуп, Чүй бетиндегиси болуп отуз жылдан ашык салынып, тырмагы мокоп, билеги бошоп, улгая баштаган кези эле. Түмөнбектин энеси Шааке байбиче бир күнү уулу менен жеке олтуруп:
– Уулум, – деди, – алда качан агарып кеткен саамай чачын байкоосуз сылап алып. – Ата-бабаңан бери куш салып, аң уулап келатасың. Силердин тукумдун оокаты да ушул болуп калды. Жапайы чиркиндердин да кызматын билиш керек. Балам, акың бүттү, мындан кийин Ак көздү карышкырга салба, илбирске салба, кокус кылып аласың…
Энесинин сөзүн Түмөнбек бир жагынан уюп, бир жагынан ичинен тунжурап, кайгырып олтуруп укту.
– Бул качаңкы Ак көз… «Бөрүчү, бөрүчү бүркүт өлүүчү» деген сөз бар. Ак көздүн эми бөрүдөн өлчү мезгили келип калды. Бул кыраан калкка кадырыңды көтөрдү, чеңгелиңди дүнүйөгө толтурду. Эми, адамга, ырыска шерик болуп келген бечара бир азуулуунун тырмагынан тытылып өлбөй өз ажалынан өлсүн, ээ уулум?… – деп таягы менен коломтонун жээгин акырын тыкылдатып койду.
Бул эненин өз уулуна сылык түрдө угузган эч бузулбас өкүмү эле. Түмөнбек энеси айткан сөзгө уюп олтуруп, бардыгына макулмун дегендей акырын башын ийкегилеп, оор салмактуу басып эшикке чыгып кетти…
Ошондон көп узабай бүркүт Түмөнбек канча таптап, томогосун шарт эттире тартса да учпай турган болуп алды. Ал эмес, туурдан да көтөрүлбөй, кээде туурдан жерге түшүп олтурчу болду. Жыйырма күнү жаш козу сойдуруп жем берсе: бир аз гана чокуган болуп, жемди да анча жебейт. Аны көргөн Шааке байбиче өз айланасындагыларга тамаша иретинде сөз таштап мындай деди:
– Карылык деген ушул. Кимге кылбаган карылык. Ушул кезде Ак көз экөөбүз картайдык. Бир мен кадырсыз, бир Ак көз кадырсыз…
«Мен кадырсыз» деген сөзү Түмөнбекке катуу тийди. Апам муну мага карата айтты го?.. Чалы өлгөнүнө көп болду эле, бир нерсеге капа го? – деп ойлонуп, кемпирдин оозунан эмне чыкса дың дебей орундоого тырышты.
Түмөнбек энесин өтө жакшы көрө турган. Ошон үчүн бул сөздөн кийин кабак-кашы менен тең айланып турчу болду. Дагы бир күнү Шааке байбиче «аа» деп бир улутунуп алып, уулуна кол булгап:
– Балам, мындан кийин Ак көзгө томого тартпа. Ал эмес боосун да бутунан чечип сал. Эми калган өмүрүндө дайым жарык дүнүйөнү каалаганындай көрсүн. Кайда олтуруп, кайда басса өзү билсин… – дегенди айтты…
Мына бүгүндөн баштап Ак көз томогодон да, байланчу боодон да кутулду. Жайдын жаңы башталган кези эле. Ак көз эшикте, кааласа таштын үстүнө чыгып олтурчу болду. Жантайма төшкө олтуруп, аялдар жүн тытса алардын жанына басып барат. Эгер түтүн чыккан жер болсо, оттун жанына келип кадимкидей тартынбай төшүн кактап олтурат. Кайсы бир ойноо балдар жанына келип канатынан кармалай баштаса, «ары тургула» дегени болсо керек, аларды акырын канаты менен чаап коёт. Ошентип, бир нече күн жайлоодо, Талды-Булактын башында, карыган, оорукчан болуп, оорусунан кутулуунун эч айласын билбеген, өмүр бою адам колун караган жалгыз кыраан тирүүлөрдүн катарында жатып-туруп жүрдү…

Бир күнү эртең менен боору менен жылганга окшоп жай гана басып баратып шалк жыгылып кетти. Көзүнүн агы айланып мойну созула түштү. Ошол бойдон Ак көз кыраан ордунан кайра турган жок…
…Ак көздүн көзү күн тоо аркасына көңтөрүлүп баратканда жумулган болчу. Кыраандын сөөгүн урматтоону Шааке байбиче өз колуна алды. Түмөнбек энесинин жанында бет аарчысы менен жашын сүртүп дүңкүйүп олтуруп калды эле:
– Жапан да болсо бизде акысы көп. Бир чоң кой союп, бул айылга кечинде тамак берелик. Ата-бабаң өткөн жерге кадимкидей көр казып касиеттеп сөөгүн жашыралы. Ошол жерге бир унутулбас белги коюлсун, Ак көз сага миң түлкү алып берген, касиеттүү кыраандын арбагына бир беш түлкүгө чыгым болсоң, күнөө болбос. Колуңдан келген кадыр-сыйың болсо кыраандан аяба, балам. Сенин далай намысыңа жарабады беле, картайып өлгөн байкуш… – деп эчкирип жибере жаздап, долонодой бекем кайраттуу кемпир дагы эле акыл токтотуп, кайра боюн жыйнап алды.

Түмөнбек энесинин оюн жете түшүнгөндөн кийин шарт туруп атына минди.
Шааке байбиче өлүктүн жытын бузбайт деп алдына жалбыз жулдуруп келип салдырып, бүркүттүн бутун, тумшугун, канатын тазалатып жуудуруп ак кепинге оротту. Талды-Булак суусунун күн чыгыш жээгине, дөңсөөрөөк жерге мүрзө каздырды. Өлүк бүгүн байбиченин кашына түнөдү. Тамакка чакырылган бул айылдын кемпир-чалы чоң койдун этин: «Ак көздүн кара ашы» – деп жешип, а түгүл кайран кыраандын арбагына бата окушуп, жылдыз толо үйлөрүнө тарашты…
Таң ата Түмөнбек бир боз буурага узундугу бир кишинин боюндай кызыл таш арттырып келди, аны өзү баш болуп көтөрүшүп, Ак көзгө казылган мүрзөнүн чыгыш капталына каалгадай кылып тирелтип орнотуп коюшту. Түмөнбек кечээ жакын инилерине айтып кеткен «кунан чабылат» деген кабар түнү менен тегеректеги айылга тарап, «кунаным күлүк» деген жигиттердин он беш, жыйырмасы шашке болгондо Түмөнбектин айылына жетишти.

А дегенде Ак көздүн сөөгүн ак кийизге ороп алып чыгышып, кадимкидей эле казанактуу көргө адам көмгөндөй каада менен суз турушуп, муңая көмүштү. Мүрзөсүн жакшылап кырдашып, Шааке байбиченин айтымы боюнча кыраандын мүрзөсүнүн үстүнө узун таяктай жыгач сайышып, башына кызыл чүпүрөк байлап коюшту.
Кунандар Талды-Булактын өзөнүнүн бери, Чүйдүн талаасы жаккы оозунан коё берилгендиктен чай кайнамга жетпей эле келип калды. Башы торпок, кой, козу, улак, эң аягы бир түлкү болуп, беш кунанга байге белгиленген экен, беш кунандын ээси алды да жолго түштү. Өзгөчө бешинчи байгени, түлкүнү алган жигит аябай сүйүндү.
– Бул ырым, бул Ак көз кыраан өзү алган түлкү. Мен дагы Ак көздөй бир кыраанга туш болгум бардыр? Бул мага жакшылыктын жышаанасы! – деп ачык эле айтып, сөзүнүн салмагы менен берки чоңураак байге алдым дегендердин маанайын басып жиберди…
Болжолдоп айтканда Ак көз («Сары палван») кыраан Какшаалдагы уйгурга, бул жердин кыргыз, казагына бийик учуп, арбын олжо таап берип жүрүп дүнүйөдөн армансыз болуп, жедеп карылыгы жеткенде көз жумганынан бери элүү жылдан ашык убакыт өтүп кеткен экен…
* * *
Ысмайыл сөзүнүн аягына чыккан соң өз көзүбүзгө өзүбүз ишенбегендей мүрзөнү кайрадан карадык. Бирок Талды-Булактын жээгинде, дөңсөөрөөк жерде тургандыктан али мүрзөлүк көрүнүшү кала берген. Кайран балбан бүркүтчү Түмөнбек койгон «балбан таш» деп аталган кызыл таш, салмагы өтө оор болгондуктан жерге аябай батып кетиптир, тебетейдей болуп чокусу гана чыгып турат.
Кызыл ташты башынан угуп-көрүп жүргөн киши билбесе, кабарын укпаган киши анча байкабай деле өтүп кеткендей… Сөздү кайра Ысмайыл алды:
– Бул жер ошол кезде төө кирип кетсе көрүнгүс калың камыш экен. Эми эл көбөйгөндө, мал көбөйгөндө мындай чолок капчыгайдагы караган, бута, бадалдар суюлуп кетет турбайбы. Ал Ак көз болсо бүркүттүн Кожомкулу болсо керек ко?! – деп сөзүн дагы улай баштады: – Мен ушул Талды-Булак өзөнүнө келгенде дайым эки ойлуу болом. Жашарын жашап, алчусун алып, чалчусун чалып өткөн Ак көздү («Сары палванды») кайрадан ойлоп, ага белгилерди көрүп кубанам. Ал эми жаштайында жайраган, аты унутулуп бара жаткан Мусаканды ойлосом, күйбөгөн жерим күл болуп, жаным кашая түшөт. Карабайсыңбы?..
Табытым тартпайт бөлөккө,
Табытым тартпайт деп жүрсөм
Тап кетирдиң жүрөккө!..
Бул эмне деген шумдук ыр? Ырчы деген, акын деген ушундай айтат да? Сен кандай дейсиң, ыя?.. – деп, томогосу жаңы эле шыпырылган бүркүттөй ормоң-ормоң этип алды. Мен дагы Ысмайылдын сөзүнүн маанисин ээрчип, бул сонун ыр саптарын турмуш күзгүсү катарында элестетип жай гана башымды ийкегиледим. Менин оюм Мусаканды эскерүү менен катар дагы бир башка жакка согулуп жатты. Асмандагы кыраанды жерге кыйтуулап түшүрүп, аны адамдын кызматына баш ийдирген жана ошол кыраан карылыгы жетип дүнүйөдөн кайтканда ушунчалык ызаат менен топуракка жашырып, көп замандарга унутулбас белги калтырган биздин эл кандай мээрбан, кандай сыйчыл эл деген кыялдануу мени мемиретти да турду… Ысмайыл сөз аягында дагы башын бир чулгуп алып:
– Ээ, кандай дейсиң, Мусакан жанагыдай шумдук ырдан өз убактысында эчен миң ооз ырдагандыр? Кайран неменики кагаз бетине түшпөй калды да… Анан, баса, Мусакан менен бирге ырдашып чыккан, кийин окуп инженер болуп кеткен, азыр аксакал билимдүүлөрдүн бири Молдакунов Самүдүн деген жолдошу бар. Адам ошол Мусакандын обонун кайсы бир музыканттар билгизбей жымырып алып жүрүшөт дейт. Күйгөндө мына ушундайга күйөсүң!..
– Аа, андай кара жемсөөлөр ар качан боло келген Ысмайыл, – дедим.
– Ал өтө эле оркоюп көрүнүп турган болсо бирөөлөр айтар…
Көрөр жерибизди көрүп, күзгү тоонун таза абасына сергип, Талды-Булактын көк кашка суусунан эңкейе калып кочуштап жутуп-жутуп алып, машинебизге түшүп, өзөн ылдый зымырап жүрүп олтурдук. Талды-Булак өзөнү түгөнүп, Чүйдүн талаасын эңкейе берген жерде бир бел бар экен. Ошол белге келгенде машинеден чыгып төр жакты карасак, капкайда калган кызыл таш менен бүркүттүн мүрзөсү кайрадан көз алдыбызга келгендей болду.
Ак көз («Сары палван») эң оболу уйгурдун бүркүтчүсүнүн кызматында жүрүп, кытай бийлигинин зулумдугунан качып чыккан кыраан, жанына тынч жерге, кадырын билген элге келип чаалыкпай учкан алгыр, бир чеңгели менен илбирсти мыкчып, бир чеңгели менен кубалашкан жылдыздай жылтылдаган кара калтарды мыкчып, чаңкайган асманга кайрадан көтөрүлүп чыгып келаткандай элестеди. Элесиң уламдан-улам көтөрүлө берсин асмандын жолборсу!..
1972-жыл, сентябрь,
1976-жыл, май-июнь.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *